Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком терроризм. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Диндин атынан сүйлөгөн же дин тутунган инсандардын айрым бир туура эмес иштерин көргөн адамдарда дин тууралуу терс көз караштар жаралышы мүмкүн же болбосо жаңылыш иштерди жасаган андай адамдарды ээрчигендер динди жаңылыш түшүнүп, туура эмес жолдорго түшүп кетиши мүмкүн. Андыктан, мындай адамдарга карап динге мүнөздөмө берүү туура эмес. Динди таануунун эң ийги жолу – ошол диндин ыйык булактарын иликтөө болуп саналат.

Ислам дининин ыйык булагы Курани Карим болуп саналат. Куранда бийик адеп-ахлак, сүйүү, боорукерлик, мээримдүүлүк, кичипейилдик, толеранттуулук жана тынчтык деген түшүнүктөр өзгөчө орунда турат. Адамзатка зарыл болгон мындай асыл дөөлөттөрдү толугу менен турмушка ашырган мусулман абдан кичипейил, парасаттуу, сыпайы, адилеттүү жана ишенимдүү инсанга айланат. Чыныгы мусулман чөйрөсүнө сүйүү, бейпилдик, сый-урмат жана кубаныч тартуулайт.

ИСЛАМ – тынчтыктын дини

Терроризмге аныктама бере турган болсок: «кандайдыр бир саясий максаттарга жетүү үчүн коомго коркунуч жараткан иш-аракеттер негизинен терроризм болуп саналат». Башкача айтканда, террор көбүнесе тынч жашаган карапайым адамдарды жок кылууну жана коркутууну көздөйт. Мындай карамүртөздөр өздөрү сыяктуу ой жүгүртпөгөндөрдүн баарын «тигилер, душмандар» деп санашат. Коомго коркунуч жаратууну көздөгөн, динди жек көрсөткөн жана мусулманга жарашпаган кылмыштарды жасагандыгы үчүн терроризмдин Исламда кыпынчалык орду жок. Терроризмди адамзатка каршы кылмыш деп атоого болот.

Алла Таала Курани Каримди адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн түшүргөн. Жараткан Алла Өзүнүн ыйык китебинде момундарды адептүү жана мээримдүү болууга буюрган. Башта айтылгандай, Курани Карим адамдарды тынчтыкта жашоого, адилеттүү, боорукер, мээримдүү жана толеранттуу болууга чакырат. Дегеле «Ислам» деген сөз кыргыз тилинде «тынчтык» деген маанини билдирет. Ислам – Алла Тааланын чексиз мээримдүүлүгүн, боорукерлигин даңазалаган, адамзатка бейпилдикти, тынчтыкты жана коопсуздукту тартуулай турган улуу дин. Кайсы гана эл болбосун, Исламдын ахлактык баалуулуктарын толук кандуу жашаса, ал коомдо тынчтык, толеранттуулук, өз ара түшүнүшүү, кечиримдүүлүк, сүйүү, боорукерлик, камкордук жана сый-урмат өкүм сүрөт.

Алла Таала тынчтыкты Куранда камтылган адеп-ахлак аркылуу камсыз кылууга болорун бул аят аркылуу маалымдаган. Бакара сүрөсүнүн 208-аятында мындай деп айтылат:

«Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман».

Курандагы адеп-ахлак моделине карай турган болсок, мусулман адам өзүнүн диндеши болсун, башка диндегилер болсун, айтор, бардык адамдарга карата адилеттүү болууга, жакшы мамиле кылууга, алсыз, жардамга муктаж адамдарды коргоого, «жер жүзүндөгү бузукулуктун алдын алууга» милдеттүү. Коомдун тынчтыгын бузган жана коркунуч жараткан анархия менен террорду жоюу – «жер жүзүндөгү бузукулуктун алдын алуу» болуп саналат.

«Алла Таала бузукулукту жек көрөт» – деп айтылат Куранда (Бакара сүрөсү, 205-аят).

Бузукулуктун эң жаманы – күнөөсүз адамды өлтүрүү. Бул жаатта Алла Таала мындай деген:

«…Ким жөн жерден адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете» (Маида сүрөсү, 32-аят).

Аяттан маалым болгондой, бир адамды өлтүрүү бардык адамдарды өлтүргөнчөлүк күнөө жана кылмыш. Мындайча айтканда, Ислам дининде террористтердин кылмыштары эң чоң күнөө болуп саналат. Адам өлтүргөн кылмышкерлер бул дүйнөдө мамлекеттик мыйзамдардан, укуктан жана сот адилеттүүлүгүнөн качып кутулуп кетем деп ойлошот, а бирок, акыретте Жараткандын жазасынан эч ким кутула албайт. Акыретте сурак болоруна, Алланын адилеттүүлүгүнө ишенген мусулман пенде Исламда тыюу салынган күнөөлөрдөн жаа боюу качышат. Ал эми заалым террористтерге акыретте тийиштүү жаза берилери кашкайган чындык:

«Аныгында, жер үстүндө укуксуз түрдө зулумдук кылып, адамдарга зулумдук кылгандар жемеге татыктуу. Бул үчүн аларга (жан чыдагыс) оорутуучу азап (бар)» (Шуура сүрөсү, 42-аят).

Алла Таала бузуку иштерди жана аны жасагандарды жек көрөт

Алла Таала пенделерге жаман, күнөө, кылмыш иштерден оолак болууга буйруп, заалымдыкка, зомбулукка, адам өлтүрүүгө, кан төгүүгө тыюу салган. Мына ушул буйруктарды аткарбаган адамдар Куранда «шайтандын изи менен баскандар» деп сыпатталган. Ушул жааттагы аяттардын айрымдарын белгилей кетели:

«Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Алла бириктирүүгө буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндө бузукулук кылгандар – мына ушуларга наалат. Алар үчүн – жаман жай (даярдалган)» (Раад сүрөсү 25-аят).


«Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузукулук кылбагыла!»(Бакара сүрөсү, 60-аят).


«Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага[1] коркунуч, үмүт менен кайрылгыла[2].  Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланын  ырайымы жакын. (Аараф сүрөсү, 56-аят).


“Бузукулук кылгандардын ишин Алла Таала эч качан оңдобойт (сөзсүз жазалайт)” (Юнус сүрөсү, 81-аят).

Алла Таала жакшылык кылууну буюрган

Мусулман – Алла Тааланын буйруктарын аткарган, Куранда белгиленген адеп-ахлакты кулк-мүнөзүнө сиңирүүгө аракет жасаган, чөйрөсүнө пайда келтирген жана чөйрөсүндөгүлөрдүн сүйүүсүнө, ишенимине татыктуу болгон адам. Мындай асыл сапаттын ээси адамдарга жакшылык кылууну, элге ар тараптуу пайда келтирүүнү каалайт.

«Алланын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна жетүүгө умтул жана бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа[3]. Алла сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Алла бузукуларды сүйбөйт» (Касас сүрөсү, 77-аят).

 


«Аллага табынгыла жана Ага эч кимди шерик[4] кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган   коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга[5] жакшылык кылгыла!  Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт» (Ниса сүрөсү, 36-аят).


«..Жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу!»(Маида сүрөсү, 2-аят).

Мусулман пенденин эң башкы максаты – Алла Тааланын ыраазылыгын табуу, Анын ырайымына татыктуу болуу. Ошол себептен, үч күндүк бул жалганда Жараткан ыраазы боло тургандай Куранга амал кылуу, Анын ыраазылыгына жеткире турган нары сооптуу, нары пайдалуу иштерди жасоосу керек. Эң башта Алла Таала тыюу салган иштерден оолак болуу, Ал буйруган ибадаттарды аткаруу зарыл. Башкача айтканда, “мусулман” деген сөзгө ылайыктуу болууга жан үрөп,  Алла Таалага толук моюн сунуу керек.

Мусулман пенде эч убакта чөйрөсүндөгү жагымсыз иштерге кайдыгер карабайт. «Мени чакпаган жылан миң жашасын» – деген түркөй принцип мусулманга такыр жарашпайт. Анткени мусулман Жараткан көрсөткөн жолдун жолоочусу, Ага моюн сунуучу жана бардык жакшылыктардын жактоочусу. Ошондой эле, мусулман пенде күнөө иштердин, заалымдыктын, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу үчүн чөйрөсүндөгү адамдарга Исламдын асыл баалуулуктарын жана Ислам дини террордун бардык түрүнө каршы экенин толук жеткирүүгө милдеттүү.

Запись ИСЛАМДА ТЕРРОРДУН ОРДУ ЖОК впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Террор, бир гана 2015-жылы 67 өлкөдө 32 миң 685 кишинин өлүмүнө себепчи болду.

2000-жылдардын башынан баштап жайгашкан орду жана жыйынтыктары жагынан глобалдашкан террор, ушул күндөн баштап акыркы 15 жылдын эң жогорку чегине жетти.

Андан мурдагы жылга салыштырмалуу 80 пайыз өскөн террордук кол салуулардын эң көп уланган 5 өлкөсү Ирак, Нигерия, Ооганстан, Пакистан жана Сирия болду.

Бир гана Нигерияда террордун айынан каза тапкандардын саны ушул убакка дейре эч бир өлкөдө болуп көрбөгөндөй өстү. Бир жылда террордун себебинен 7 миң 512 кишинин өмүрү кыйылды. Бул болсо андан мурдагы жылга салыштырмалуу 300 эсе көп дегенди берет.

Өткөн жылда дагы 6 өлкө террор чырмоогуна кошулду. Алар;Сомали, Украина, Йемен, Борбордук Африка Республуикасы, Түштүк Судан жана Камерун.

Анын үстүнө Австрия, Бельгия, Франция, Түркия сыяктуу эле ОЕСD өлкөлөрү да террордук кол салууларга дуушар болушту.

Батышта миңден 5 пайызы гана болгон террордук кол салуулардын бутасында эми жарандар да бар. Жарандар каза болгон террордук кол салуулар 2015-жылы, 2013-жыл жана 2014-жылга салыштырмалуу 172 пайызга өстү. Б.а. террордон каза тапкандардын 80 пайызы жарандардан турат.
TRT
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

22-декабрь. Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын соттору төмөнкү экстремисттик жана террористтик уюмдардын мамлекеттин аймагында иш алып баруусуна тыюу салган.
1.»Аль-Каида» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
2. «Талибан Кыймылы» — 2006-жылдын 15-сентябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
3. «Чыгыш Түркстандагы Ислам кыймылы» – 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
4. «Курдск элдик конгресси» («Конгра-Гель») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
5. » Чыгыш Түркстанды бошотуу уюшум» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
6. «Хизб ут-Тахрир-аль-Ислами» — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
7. «Группа джихада» («Исламс джихадынын союзу») — 2008-жылдын 11-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
8. «Түркестандын ислам партиясы» (Өзбекстандын ислам кыймылы) — 2003-жылдын 20-августунда Жогорку соттун токтомунун негизинде тыюу салынган.
9. «Чиркөө бирикмеси» 2012-жылдын 22-февралында Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
10. «Жайшуль Махди» — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
11. «Джундь-аль Халифат» (Джунд-аль Халифат) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
12. «Ансаруллох» (Ансарул Аллах) — 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
13. «Ат-Такфир Валь-Хиджра» (Ат-Такфир вал-Хиджра) 2012-жылдын 24-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
14. «Акромия» — 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде тыюу салынган.
15. А. Тихомировдун үгүт материалдары жана үгүт ишмердиги – 2014-жылдын 14-мартында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
16. «Ислам мамлекети» — 2015-жылдын 13-февралында Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
17. «Джабхат ан-Нусра» — 2015-жылдын 23-июнунда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен тыюу салынган.
18. «Катибат аль-Имам аль-Бухари» (Батальон Имама Бухари) – 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.
19. «Жаннат Ошиклари» — 2015-жылдын 13-майында Ош шаардык сотунун чечими менен тыюу салынган.

http://www.vb.kg


December 25, 2015 at 11:23PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Терроризм – бул, саясий жана экономикалык максаттарга мыйзамсыз жолдор менен жетүүгө аракет жасоо. Терроризмдин негизги максаты – кандайдыр бир чакырыкка же болбосо саясий келишпөөчүлүккө коомдун көңүлүн буруу, башкача айтканда, саясий бийликке таасир көрсөтүү жана коомду коркутуу. Учурда, терроризмдин стратегиясы өнүккөн доорго жана социо-экономикалык түзүлүшкө жараша бир топ өнүгүп, улам барган сайын кеңири аймакты камтууга умтулууда.
Дүйнөнүн бүгүнкү күндөгү бет алган багыты экономикалык жана саясий кызыкчылыктарды тирештирип, таасир талаштырып турат. Ошондон улам, «бөлүп ал да башкара бер» же болбосо «өзүңдүн кызыкчылыгыңа зыяны тийбегидей төмөн деңгээлде карма» деген позицияны карманган айрым блоктордун же болбосо ири державалардын диний, этникалык, рассалык багыттагы ар түрдүү маселелерди, социо-экономикалык жакырчылыкты терроризмге жем катары пайдаланганын көрүүгө болот. Мындай нерсе абалды табийгый жана жасалма жол менен чыңалтып, терроризмдин жаралуусуна себеп жаратат.

Террордун себептери:

Терроризмдин пайда болуусунун бир нече себептери бар. Дүйнө өлкөлөрүнө көз жүгүртө турган болсок, терроризмге төмөнкүдөй себептер шыкак болгонун баамдайбыз:
1.Жакырчылык жана теңсиздик;
2.Сабатсыздык жана караңгылык;
3.Чөйрөнүн терс таасири;
4.Өкмөттүн күчсүздүгү, бийликтин укугунун чектелүү болушу;
5.Бийликтеги кызыкчылык;
6.Үй-бүлөдөгү жана билим берүү тармагындагы тарбиянын жетишсиздиги;
7.Сырткы таасирлер.

Терроризмдин каржылык булактары:

Терроризм өзүнүн финансылык муктаждыгын көбүнесе мыйзамсыз иш аракеттерди жасоо жана сырткы колдоолор аркылуу камсыздайт.
1.Сырткы жардамдар;
2.Нарко бизнес;
3.Адам сатуу жана контрабандалык аракеттер;
4.Салык салуу;
5.Ири өлчөмдөгү каракчылык;
6.Милдеттүү түрдөгү жана өз каалоосу менен көрсөтүлгөн жардамдар.
Терроризмдин түрлөрү

1.Мамлекеттик террор

Өзүнүн үстөмдүк кылган саясий режимин сактап калуу же болбосо улантуу максатында түздөн түз же атайын бир топторду пайдалануу менен укуктук ченемдерден тышкары өз жарандарын коркутуу, кыйноо, атуу, саясий атаандаштарынын көзүн тазалатуу сыяктуу оор кылмыштар «мамлекеттик террор» деп аталат.
Бир мамлекет башка бир мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарын өзүнө каратуу же андан көбүрөөк пайдалануу үчүн эч себепсиз согуш ачса дүйнөнүн сынына кабылары турган иш. Ошол себептен, түздөн-түз эл аралык терроризмди пайдаланышы мүмкүн. Бул ишти өзүнүн расмий мекемеси же расмий кызмат адамдары аркылуу ишке ашырса, анда бул аракет «мамлекеттик терроризм» деп аталат.
Кээде мамлекет түздөн-түз террористтик аракеттерди жасабашы мүмкүн. Бирок, расмий кызыкчылыгына жетүү үчүн террористтик топторго акча, билим, курал, жардыруучу заттар, жашыруун маалымат, жашырынууга жай, байланыш каражаттары, паспорт, документ жана башка логистикалык колдоолорду бериши мүмкүн. Мындан сырткары, мамлекет өзүнүн алсыздыгынан же орток кызыкчылыктарынан улам өлкө ичиндеги террористтик топторго кайдыгер мамиле кылып, көз жумуп коюшу мүмкүн.
Дүйнөлүк тарыхта мамлекеттик терроризмдин мындан башка дагы түрлөрү бар. Бирок, мындай аракеттердин анык жүзү же чындык тарабы көбүнесе көмүскөдө калып, мамлекет кандай кааласа, массалык маалымат каражаттарынан (ММК) ошондой маалымат берилет.

2.Этникалык, улутчулдук террор

Белгилүү бир этникалык топтордун мамлекеттик мыйзамда көрсөтүлгөндөн ашыкча укуктарды талап кылып, же адилетсиздикти токтотууну шылтоо кылып, же мамлекеттик саясатка каршы чыгып, бийликти тааныбай, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип, өз алдынча мамлекет куруу максатында жасалган катаал, ырайымсыз аракеттери «этникалык терроризм» деп аталат. «Этникалык терроризм» статусу ыйгарылган террордук окуялар 1900-жылдын экинчи жарымынан баштап дүйнөгө өтө тездик менен тараган. Бул жерде статистикалык көрсөткүч да маанилүү роль ойнойт. Алсак, этникалык топтун 3000 адамынын үч пайызы гана куралдуу кагылышууну же катаал жол менен күрөшүүнү талап кылып жаткан болсо гана алардын аракети террор деп эсептелет.

3.Диний, радикалдык террор

Дүйнөдөгү эч кайсы дин терроризмди жана ырайымсыз кыйноолорду жактабайт. Тилекке каршы, күнүмдүк турмуштун тилинде, илимий тилде же болбосо ММКнын тилинде «диний терроризм» деген сөз атайын термин катары колдонулуп, айрыкча бул сөздүн Ислам динине таңууланып жатышы өкүндүрбөй койбойт. Ачыгын айтканда, учурда дин бүт дүйнөдө саясий, идеологиялык же болбосо башка кызыкчылыктар үчүн пайдаланылып жатат. Илимий өңүттөн караганда диний терроризм төмөнкү 4 себептен улам пайда болууда:
  1. Бийлик тарабынан шыкакталган диний террор. Бул айрым бир адамдардын, топтордун, мамлекеттин же мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоодо же болбосо жаңы кызыкчылыктардан улам чыккан чыр-чатактарга башкача түс берүү үчүн атайылап уюштурулган кутум. Экинчи түрү – этникалык, диний же улуттук кызыкчылыкты колдонуп ашкере адилетсиздик жана ырайымсыздык кылуу. Тарыхтагы кресттүүлөрдүн жүрүшү мунун эң айкын мисалы болуп саналат;
  2. Диний башкаруу тарабынан көрсөтүлгөн катаал мамиле;
  3. Мазхабдардын ортосундагы келишпөөчүлүктөн улам чыккан чыр-чатактар;
  4. Саясий кызыкчылык үчүн чоң державалардын динди пайдалануусу.
Этникалык, улутчулдук террордон динге таңууланган террордун айырмасы – аны аткаруучу адамдагы агрессивдүүлүк, берилгендик жана өч алуу сезими. Ошондой эле, диний сабатсыздыктан улам «ушуларды жардырсаң, ушуну өлтүрсөң түз эле бейишке барасың» деген сөздөргө алданып калышы. Мындай ыкманы тарыхта кресттүүлөрдүн жүрүшүндө чиркөөлөр колдонгон болсо, тилекке каршы, бүгүн сабатсыз мусулмандарга карата колдонулуп жатат.

4.Кибер террор

1990-жылдарда интернеттик технологиянын өтө ылдам өнүгүүсүнүн натыйжасында «кибер террор» деген сөз пайда болгон. АКШнын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жарыяланган рапортто: «Эртеңкинин террористи клавиатуранын бир тушун басуу менен чоң бомбаны жаргандан да  олуттуу зыяндарды жаратышы мүмкүн» деп айтылат.
Террордун бул түрү интернетке байланышкан компьютер аркылуу банк эсептериндеги акчаны башка жакка которуп алуу, системадагы жашыруун маалыматтарды уурдап алуу, жана албетте бомбаны компьютер менен башкарып талкалоо өңдүү коркунучтуу зыяндарды келтирет.

5.Деңиз каракчылыгы жана зыянкечтиги

Деңиздеги террордун негизги себептеринин бири карактоого дуушар болгон мамлекетти же уюмду экономикалык жактан алсыратуу болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө жүктөр көбүнчө деңиз жолу менен ташылат. Ошол себептен, атаандаштыктан же кызыкчылыктардан улам көп мамлекеттер террордун бул түрүнөн жапа чегип келишет.

Сөз соңу

Терроризмдин тийиштүү маселеге жана анын баалуулугуна жараша түрдүү аныктамалары бар. Террор – коркутуу аракети. Террор – психологиялык согуштагы таасир этүү аракети. Терроризм – коомдорго багыт берүүчүлөрдүн таасирлүү куралы. Терроризм – психологиялык согуштун бир ыкмасы катары элдердин, коомдордун аң-сезимин бурмалап, жүрөгүнүн үшүн алып, андан соң каалаган багытка жетелөөнү максат кылат. Терроризм – коркутуу, жек көрүү, өч алуу сезимдерин дүйнөгө жаюу менен катар көшөгө артындагы көп акыйкаттардын үстүн жаап жашырып келген, жана ал багытталган тараптын гана эмес, аны өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткан тарап үчүн да өтө кооптуу жана коркунучтуу болгон илдет.
Акылбек Халбеков

December 17, 2015 at 07:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Азирети муфий Максатбек ажы Токтомушев жаштарга экстремизм жана терроризм туурасында айткан насааты.


December 12, 2015 at 03:15PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Терроризмдин Исламга тиешеси жок!

Устаз Абдишукур ажы Нарматов

The post Абдишукур ажы Нарматов: «Терроризмдин Исламга тиешеси жок!» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 10:18AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Францияда чукул кырдаал үч айга чейин узартылды. Бул чаралар дүйнө элин дурбөлөңгө салган Париждеги окуялардан кийин киргизилди. Эскерте кетсем, 13- ноябрда Франция борборунда бир катар теракттардын кесепетинен жүздөгөн адам набыт болгон. Бул окуяларды ИМ тобу мойнуна алды. Алар бул операция бороондун башталышы гана деп жар салышты.

Париждеги кырдаал 15-16-ноябрда Түркияда өткөн G20 саммитинин күн тартибин дагы өзгөрттү. Америка прессасы ошол эле күндөрү “Парижге болгон чабуул коркунучтун глобалдуулугун көрсөтүп турат, экстремисттик зомбулук жаңы бир деңгээлге жетти ” деп жазып чыкты. Акыркы окуялар – буга чейин Европа мамлекеттери тарабынан кодуланып келген Орусия менен да эсептешүүгө түрткү берерин серепчилер айтышууда. Анткени, пикирлерге таянсак, Сириядагы тынчтыкка карай жол Москва аркылуу гана өтөрүн Европа өлкөлөрү моюнга алышты.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жумада Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Мамлекет бышчысы-дүйнөдөгү акыркы окуялар биздин өлкөдө да терроризм менен күрөшүүнүн эффективдүүлүгүн көтөрүү үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алуу, террордук топторго жана алар менен байланышы бар уюмдарга бөгөт коюу зарылдыгын көрсөткөнүн белгилеп, “мамлекет өлкөнүн жана өлкө жарандарынын коопсуздугун сакташы керек жана сактайт”,- деди.

http://ktrk.kg/

The post “Ислам мамлекетин” ким токтотот? appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 23, 2015 at 05:45PM
Технологии Blogger.