Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком 2017 at 09:53AM. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Туугандар менен карым-катнашта болуу бул дүйнөдө ырыскынын кенен, өмүрдүн узун болуусуна, ал эми Акыретте Алла Тааланын ыраазылыгына жетүүгө себеп болот. Бул туурасында Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун):
«Кимде-ким, ырыскысы кенен, өмүрү узун болуусун кааласа, жакындары менен туугандык байланышын үзбөсүн»! – деп айткан. (Бухари: 5986. Муслим: 2557).📚

🤝Жакын туугандар ата-тектеги туугандар жана кайын-журт себептүү түзүлгөн туугандар.

🏻Мусулмандын жакын туугандарына карата болгон милдеттери төмөнкүлөр:

📌1. Алар менен жакшы мамиледе болуп мээримин төгүү.

📌2. Алардын алсыздарына жардам берип, жакшылык кы-луу.

📌3. Кедейлерине материалдык жардам көрсөтүп туруу.

📌4. Орууларынан кабар алып, оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.

📌5. Алар менен болгон мамилени үзүүдөн сактануу (эгерде алар мамилени үзүп коюшса да). Анткени туугандык мамилени үзүү пенденин бейишке кирбей калуусуна себеп болот.
Бул туурасында пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават-са-ламдары болсун) минтип айт-кан:
«Тууганчылыктан кол үзгөн адам бейишке кир-бейт». (Бухари: 5984. Муслим: 2556).📚

📌6. Эгерде кошуна болсо, туугандык жана кошуналык милдетти аткаруу керек.
Ыйык Куранда Алла Таала минтип айткан:
«Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата – энеңерге, тууган-урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшы мамиле кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).📘

Ошондуктан башкаларга караганда жакын туугандарга садака берүү жогору турат.
Алла Таала айткан: «(Оо, Мухаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат.
“Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылсаңар, Алла Таала баарын көрүп, билип турат». (Бакара сүрөсү, 215-аят).📘

🔗Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салава-ты болсун) кайсы бир адамдар тууралуу айтып жатып:
“Алардын үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана момундардын жакшылары. Бирок, алар менен туугандыгыбыз бар. Ошондуктан алар менен туугандык байланышта болом» – деп айткан. (Бухари: 5990, Муслим: 215)…📚

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Туугандар менен болгон адеп впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Таамай айтылган таасирлүү сөз- дартка даба, илдетке шыпаа сымал. Мүңкүрөп көңүлүң чөгүп турса, кылт этип акылыңа бир акылмандын айтканы келе калса, албетте, туңгуюкта бүлбүл жанган билик сындуу шооласы жол көрсөтөт. Анда эмесе акылмандардын айтканына кулак төшөйлү.

• Биздин убакта адамдар өзүн актоо үчүн түркүн сөздөрдү ойлоп таба алышат. Бирок, жөнөкөй эле ” Кечир, мен адашкан экенмин ” – деген сөздү айтуу алда канча татаал.
• Кээде жалгыз болгон да жакшы. Себеби, эч ким сенин көңүлүңдү оорута албайт.
• Мен досторду пикир келишпестиктин айынан жоготушат деп ойлогом, а алар убакыттын өтүшү менен өздөрү эле кайдадыр жуурулушуп кетишет тура.
• Адамдын баарына жакшылык кылууга мүмкүнчүлүгү жок, бирок анда эч кимге жамандык кылбоо мүмкүнчүлүгү бар.
• Сүйүү – бул эки тараптуу сезим. Эгер бирөөсү гана сүйсө, анда бул – ооруу.
• Таарынычтар кетет. А ишенимдер кайтпайт.
• Эгер адам оорууну сезсе, демек ал – тирүү. А эгер адам башка бирөөнүн ооруусун сезсе, демек ал – АДАМ!
• Достук – бул бриллиант сымал. Өтө сейрек кездешет, кымбат турат, а жасалмалары абдан көп.
• Эч качан жалаа менен мактоого өзгөчө маани бербе. Ич күйгөндөн жалаа жапса, боор ооругандан мактап коюшу мүмкүн.
• Махабат согуш сыяктуу. Башталышы оңой, бүтүшү кыйын, зыяны узак жылдар сакталат.
• Кызыңа башка бирөө жакшы мамиле жасашын кааласаң, анда аялыңа да жакшы мамиле жаса. Ал да бирөөнүн кызы.
• Эч качан өзүңдү төмөн ойлобо. Сенден даражасы жогору адамдардын да, бир кемчилиги болот.
• Эгер чөгө турган болсоң, бир гана бакыттын деңизине чөк!
• Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан жакшы.
• Бийикке чыгып баратканыңда, жолуңдан кездешкен адамдарды таарынтпа. Анткени, ылдый кулап жатканыңда, кайра эле алар менен кезигесиң.
• Сырткы кебетеңе карап баа бергендер, демек алар тереңдик эмне экенин түшүнүшпөгөндөр.
• Каталардан качыш үчүн, тажрыйба керек. Бирок, тажрыйба болуш үчүн, адашуу керек.
• Өзүнүн жеке жашоосу жок адамдар, бирөөнүн жеке жашоосуна кызыгышат.
• Жоготуп алган кезиң — жоготуу эмес, жоготуп алганыңа өкүнгөн кезиң — чыныгы жоготуу болот.
• Мамилелер дүрбү сыяктуу. Кимдир бирөөнү алыстатса, кимдир бирөөнү жакындатат.
• Бакыттын эң жөнөкөй сыры — эч качан ден соолугуңду, аялыңды, маянаңды бирөөнүкү менен салыштырба.
• Жакшы адамды таануу оңой эле:
Анын жүрөгүндө кайгы, а жүзүндө күлкү.
• Сен көрүп турган нерсе, сенин кандай караганыңдан көз каранды.
• Таарыныч ташка окшош. Аны өзүңө чогултпа. Болбосо, анын оор салмагын көтөралбай жыгылып каласың.
• Адамдар алсыз болгону үчүн ыйлашпайт, а себеби, алар көп убакыттар бою күчтүү болуп келгени үчүн ыйлашат.
• Кээде, бир адамдын кылган жамандыгын кечиргенче, аны унутуп койгон жеңилирээк.
• Жашоодо өзүң менен өзүң болуп, өз жолуңду тап. Кимдир бирөөлөргө жагалданыш үчүн келген эмеспиз.
• Муну эсиңен эч качан чыгарба! Эч качан кокустук деген болбойт!
• Жаныңда эч ким жок калса, демек өзүң менен таанышууга убакыттын келгени.
• Жасабадым деп өкүнгөнчө, жасап туруп өкүнгөн жакшыраак.
• Ар адам билгенин гана сүйлөгөндө, дүйнөдө кандай сонун тынчтык болмок.
• Адамдарды жакшы тааный баштагандан бери, айбанаттардан дос күтө баштадым.
• Сенин жакшы экениңди билип туруп жаман көргөн адам , өлүм босогосунда сени көргүсү келет.

Запись Улуулардан калган сөз… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Бул дүйнө жашоосун мен үчүн эч түгөнбөгөн кызыктарга бай,жашоого бир келгенден кийин оюн -күлкү менен жыргап өткөзүү,бир жараласың баарын көрүп калыш керек деп жеңил ойлогон жаш жигит болчуумун.
Ал күнү жума күнү эле,досторум менен деңиз жээгинде олтурчуубуз. Бир кезде “Хайя алас солаах,хайя алал фалаах! “-деген үндү угуп калдым. Жашоомдун ушул күнүнө чейин канча жолу азан үнүн уккан болсом да,бир жолу болсо да “хайя алал солаах “сөзүнүн маанисине көңүл бурган эмес экенмин. Шайтан жүрөгүмдү ушунчалык караңгылыкка бөлөп салган экен,азан сөздөрү мен түшүнбөй турган сөздөргө айланган экен. Айланабыздагы адамдар жайнамаздарын даярдап ,намаз окууга камданып жатышты. Биз болсо сууга түшүү үчүн керектүү буюумдарды,аба кислотасын жеткизе турган асбаптарды даярдоо менен обара болдук.
Акыры деңизге түшүү үчүн атайын кийимдерди кийип ,деңизге түштүк. Жээктен анча узактап,деңиз ортосуна барып калдык. Ар кимибиз ар тарапка бөлүнүп сайкаттай баштадык. Баары жайында, мына кандай гана кооздук,жер бети өзүнчө дүйнө болсо,деңиз ичи да өзүнчө бир укмуш ажайып дүйнө!
Күтүлбөгөндө оозго суу кирүүсүн тосуп турган,түтүкчө аркылуу аба кислотасын алыш артымдагы резина каучугу аба алып жаткан учурумда жарылып кетти. Шор суу тамчылары агып дем ала турган жолун бекитип салды. Өлүшүмдүн жакындаганын сезе баштадым,мага аба! Аба гана керек эле! Кыжалатка түшө баштадым,деңиз караңгы жана тыптынч эле. А досторум менден анча алыста болчуу,чындыгында абал өтө оор экенин аңдай баштадым. Мен өлүп жатам,шум ажалдын айтпай келгенин карачы,абалым оорлошуп жатты. Шор суу ооз мурдумдан кирип кыйнала баштадым.

Жашоомдун ар бир өткөн тасмасы көз алдымдан өтө баштады,биринчи эле эсимди жоготкондо өзүмдү канчалык күчсүз,канчалык алсыз жан экенимди сезе баштадым. Аллах Таала бир нече тамчы шор сууга эрк бериши менен,мага Өзүнүн канчалык күчтүү Жаббар Зат экенин көрөстүп койду.

Аллахтан башка эч ким жардам бербесин,сактай турган Ал гана экенинине чын ыкластан ишенимдин. Тезинен аракет кылып суудан чыгууга урунуп көрдүм,бирок мен өтө терең чуңкурда элем. Менин өлүмдөн башка көйгөйүм жок болчуу,эми Аллах менен кандай жолугам деген ойлор менен алышып жаттым. Менден кылган амалдарым тууралуу сураган учурда эмне деп жооп берем?! Мейли аларды эсепке албай турайын, бирок намазымчы? Аны да окубай таштап койгонмун?! Шахаадат келмелерин эстедим ,өмүрүмдүн акыркы минут -секунттары эч болбосо аягы ушул келме менен бүтүшүн кааладым. Эми гана “Ашх”-дегеним менен тамагым буула баштады,кандайдыр көрүнбөгөн кол менен бирөө моюнумду бууп,сүйлөштөн тосуп жаткандай туйулду. Бар күчүм менен аракет кылдым: “Ашх…ашх…ашх.. “бирок ушу үч тамгадан ары өтө албадым. Жүрөгүм менен чыркырап,бакыра баштадым:

“Роббым! Мени кайтар. Роббым, мени кайтар! Бир мүнөткө болсо да,бир көз ирмемге болсо да кайтар көр! Бирок эххх! Эч нерсени сезбей өзүмдү жогото баштадым. Айланамды караңгылык,коркунуч каптап калган эле. Бирок бүт ааламдын Роббиси болгон Аллах рахматы өтө кең Мээрими чексиз Заттыр.

Күтүлбөгөндө өпкөмө кайра дем кире баштады. Көз алдымда бир киши аба түтүкчөсүн тутуп турганын көрдүм. Биз деңиздин ортосундабыз, ал киши менин жашап калышым үчүн аябай аракет кылып жатты. Анын жүзүндөгү жылуу жылмайусун көрүп,эми түшүнө баштадым акыбалым жакшыланып жатканын. Чын ыклас менен жүрөгүм,тилим,жаным менен:

“Ашхаду ал ла илааха иллАллах,Ашхаду анна Мухаммадан Расулуллох!”- Алахка чексиз шүкүрлөр болсун деп жаттым. Суудан Аллахтын ырайымы,кечирими менен эсен -аман чыкканымда,мен башка бир инсанга айланган элем. Жашоого болгон көз карашым өзгөрө баштады. Күндөр өткөн сайын мен Аллахка дагы да жакын боло баштадым. Жашоомдо канчалык бактылуу,жан дүйнөм тынч,өзүнчө ыракат алып жашап жатканымдын сырын аңдадым. Аллах Тааланын: ” Силер ибадат кылуу үчүн жаратылгансыңар “деген сөзүн эстедим. Кандайгана чындык хак сөздөр! Биз жөндөн -жөн жарытылбаганбыз!

Күндөр өтүп ошо болуп өткөн окуяны эстеп ,деңизге бардым. Атайын деңизге түшүү үчүн кийиле турган кийимдерди кийип,сууга түштүм. Бир өзүм ошо деңиз ортосунда болгон жайга бардым,ошол жерде Жаратканга сажда кылдым. Өмүрүмдө ушу сажда сыяктуу сажда кылганымды эстей албаймын. Мына ушу жайда менден мурда башка бирөө сажда кылган деп да ойлобоймун. Качандыр бир күн ушул деңиз мекени,кыямат күнү күбөлүк берсе го,деңиз ортосунда кылган саждам себептүү,Аллах Таала мага ырайым,рахматын кылып,Өзүнүн Бейишинен насип кылса эле,Аллахым дубаларымды кабыл кыл Амиин!

🏻Ушул окуя ар бирибизге сабак болсун бир тууганым! Кандай гана убакыт, саат,мүнөттөр болбосун өлүм деген шум ажал айттырбай келген учурун эсиңизге туйуп алыңыз,ал учур ар кимге эле кайтуу мүмкүнчүлүгү бериле бербейт,ал кезде аттиң деп калуучулардан болуп калбайлы! Ал сапар түбөлүк жыргалчылык же түбөлүк азапка бара турган учур болот.

Ал ачуу акыйкаттан эч ким качып кутулган эмес,сиз жашап жаткан экенсиз ар бир күнүңүздү текке кетирбей ибадат кылып калыңыз! Ал учур келгенче сизде мүмкүнчүлүк бар. Аллах Таалам баарыбызды жүрөгүбүздө ыйманыбыз,намазыбыз,кураныбыз,тилибизде келмебиз менен өтүүнү насип кылсын!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════

Запись 💧 Деңиз түбүндө Аллага сажда кылган жигит впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.