Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком April 09. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Коркуратма чегүү соңку жылдары Кыргызстанда да популярдуу өнөкөткө айланды. Ал ден соолукка зыяндуу экенин АКШдагы Цинциннати университетинин (University of Cincinnati) профессору Жозеф Карусо (Joseph Caruso) жетектеген илимий топтун изилдөөсү көрсөттү.

Коркуратманы же кальянды суу түтүк аркылуу чегүү жүздөгөн жылдар мурда Түштүк Чыгыш Азияда башталып, анан Жакынкы Чыгышка жайылган. Ал бүгүн бүтүндөй дүйнөгө тараган. Асыресе коркуратманын түтүгүнө толтурулчу тамекини ага аралаштырылган глицерин жана гүл кайнаган сууга бууланып, жыттуу кылат.

Демейде коркуратманын түтүгүндөгү жыты буруксуган тамеки атайын даярдалган брикет көмүр менен күйгүзүлөт. Мындай көмүрдө организмди ууландырчу кадмий, күчала (мышьяк) сыяктуу оор металлдар жана башка зыяндуу заттар болушу ыктымал.

Коркуратма чегүү соңку жылдары Кыргызстанда да популярдуу өнөкөткө айланды. Ал ден соолукка зыяндуу экенин АКШдагы Цинциннати университетинин (University of Cincinnati) профессору Жозеф Карусо (Joseph Caruso) жетектеген илимий топтун изилдөөсү көрсөттү.

Коркуратманы же кальянды суу түтүк аркылуу чегүү жүздөгөн жылдар мурда Түштүк Чыгыш Азияда башталып, анан Жакынкы Чыгышка жайылган. Ал бүгүн бүтүндөй дүйнөгө тараган. Асыресе коркуратманын түтүгүнө толтурулчу тамекини ага аралаштырылган глицерин жана гүл кайнаган сууга бууланып, жыттуу кылат.

Демейде коркуратманын түтүгүндөгү жыты буруксуган тамеки атайын даярдалган брикет көмүр менен күйгүзүлөт. Мындай көмүрдө организмди ууландырчу кадмий, күчала (мышьяк) сыяктуу оор металлдар жана башка зыяндуу заттар болушу ыктымал.

Египет.

Египет.

Райан Саадави (Ryan Saadawi) жүргүзгөн изилдөө пресстелип жасалган брикеттерге караганда чок катары бүгүн кеңири колдонулган электр дисктер же электр чоктор алда канча зыяндуу экенин айгинеледи. Тактап айтканда, уулуу заты аз жыгачтын көмүрү 24 сааттан кийин өпкөнүн клеткасынын 10% өлтүргөн. Уулуу көмүр өпкөнүн клеткасынын 25 %, ал эми электр чок өпкө клеткасынын 80% иштен чыгарган.

“Коркуратма өпкөнүн газдар алмашчу клеткаларын кыйратат. Натыйжада бронхит жана дем алуу жолдорунун сезгенүүсү пайда болот,” -дейт доцент Майкл Борчерс (Michael Borchers). Илимпоздун айтышынча, коркуратманын түтүгү чылымдын кагазындай туруктуу абалда турбайт. Себеби кээ бирөөлөр түтүктөн түтүндү көп сорсо, башка бирөөлөр аз сорот.

“Чылымчылар “бир чегим топтолуп уу болот” дешет. Эгер 20 мүнөт бою коркуратманын канжасын оозуңуздан албай олтурсаңыз бир сигарет чеккендей болосуз. Бирок канжаны көп жолу терең -терең сорсоңуз, үч сигаретаны түгөткөнгө тете болот”, – дейт Майкл Борчерс.

Нью-Йорк университетинин Маңзаттардын жана ВИЧ-инфекциясынын проблемаларын изилдөө борборунун (New York University’s Center for Drug Use and HIV Research) 2014-жылкы изилдөөсү боюнча, америкалык окуучулардын дээрлик ар бир бешинчиси коркуратма чеккен.

АКШнын Азык-түлүк жана даары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча агенттиги 2016-жылдан тартып, коркуратма чегүүнү көзөмөлгө алган.

(Булагы: http://ift.tt/1lUsYhf, http://ift.tt/2e2iTlB)

Амирбек Азам уулу, “Азаттык”

Запись Кальян өпкөнү кыйратат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Балачакта – убакыт бар, кубат бар, акча жок;
Жаштыкта – кубат бар, акча бар, убакыт жок.
Карылыкта – убакыт бар, акча бар, кубат жок.

✍Чык -чык деген саатын жебеси токтобой жүрүп турат качан гана кубаты түгөп (батерейи) иштен чыкса токтоп калат. Адамзаттын ар бир күнүн белгилеп ,тактап  чыкылдаган минуттар, секунттар менен изденип жашап келебиз. Чыкылдаган саат жебеси тотосо жаңы кубат берүүчүнү салып кайра иштетип коёбуз,а адамзаттын алтындай болгон “өмүр саатынын” жебеси токтосо эч качан жаңылганга болбойт. Ал саат түбөлүк токтоочу саат. Чыкылдаган саатын жебеси кимдер үчүн аябай кыска,тардыр,кимдер үчүн токтоп калган жайынан жылбаган таң атса кечдин кирши кыйындыр.  «Өмүр кадырын өлүм келгенче билгин »дегендей биз инсандар жашообуздун көөпчүлүк мөөнөттөрүн пайдасыз нерселерге сарптап коёт экенбиз. Жашообузда биз издесек эч таппаган, ааламды кезип издесек да жолукбаган: « ден-соолукту ,өмүрүбүздү,артка  карасак кайтаралбаган  убактыбызды »таап ала албайт экенбиз.

☀«Келчеке термелип, кыялданып карагым келбейт, анткени ал күндөрдүн келүүсү белгисиз. Кайрылып артка карап ойго чөмүлгүм келбейт, анткени ал күндөр өкүнүч. Ар бир күнүм менен жашаймын, ар бир таңдын атышы, батышы кимдер үчүн маанисиз, күнүмдүк жашоодур, а мен үчүн Жараткандын белеги! Жашоодо ар бир күнүң менен жаша,ар күн жаңылык,ийнилик үчүн аракет кылып жаша. » -деген экен бир инсан.
«Өмүрдүн узундугу баалуу эмес,убакытты туура пайдалануу балуу », эң ысырапкерчилик бул -убаакытты ысырап кылуу.

🤔 «Атаганат, убактым бир аз көбүрөөк болгондо…» ушинтип өкүнгөн учурларыңар көп болобу? Сааттын жебеси бардык жерде бирдей айланат. Күчтүүлөрдүн, мансаптуулардын убактысы карапайым, жакыр адамдардыкынан көбүрөөк болбойт. Ошондой эле байы да, кедейи да убакытты топтоп коё албайт. Убакыт — зымырап учкан куш, аны артка кайрый албайсың. Андыктан убакытты туура пайдалануу акылдуулукка жатат.

🕰Айрым миллионерлердин “мен убакытты туура пайдаландым, ошол үчүн аз убакыттын ичинде чоң-чоң ийгиликтерди багынттым”, “мен убакытка эмес, убакыт мага кул болду” дегендерин билебиз. Убакытты үнөмдөө менен бир канча ишти бүтүрүп, ошол эле учурда ийгилик жаратуу баарыбыздын кыялыбыз болсо керек. Бирок ишке ашыруу баарыбызга кыйын. Кыялыбызга жетүү үчүн бизге бир канча жөнөкөй эрежелерди аткарууга туура келет.

Мындай учурда убакытты жоготкон болосуз:
✅– Берилген тапшырманы акыркы мүнөткө калтыруу. Кээ бир адамдар берилген тапшырманы убагында аткарбай акыркы мүнөткө калтыра беришет. Мындай адамдар ишти акыркы мүнөттөргө калтырганда гана илхом келип жакшы иштерин айтышат. Бирок бул жакшы эмес. Аткарган иши туура эмес болуп калса анда ал кетирген катасын оңдоого мүмкүнчүлүк таба албай калат. Кошумчалай кетсек кийинкиге калган жумуштар эч убакта тез бүтпөйт, тескерисинче көп убакытты талап кылат. Андыктан көп энергияны талап кылган оор жумуштарды биринчи аткарыш керек.

✅– Учурда ар бир экинчи адамдын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Убакыттын көбүн мына ушул аалам төрдөгү досторуңуз жана алардын пайдасыз сөздөрү алат. Социалдык түйүндөрдө өз сүрөтүн койбой башка адамдын сүрөттөрү менен кирген адамдарга көңүл буруп, аны угуунун кереги жок. Андыктан мындайларга көңүл буруп убакыт бөлбөгөнүңүз жакшы.

✅– Убакытты жоготуунун дагы бир ­­түрү­ – ­бир ишти аягына чыкпай экинчи ишти баштоо. Экинчи ишти бүтүп, кайра биринчи таштап кеткен ишти аткаруу үчүн кайра башынан ага көнүп, ык алуу зарыл. Андык­тан бир ишти баштагандан кийин ал ишти аягына чыгып, андан соң экинчи ишти улантуу керек.

✅– Кол жетпеген максаттарга убакыт кетирүүнүн кереги жок. Алдыга койгон максаттарыңыз кыйынчылык менен жете турган болсо да чындыкка дал келсин. Асмандагы айды алат элем деп максат коюп, ал максатка жетүү үчүн убактыңыздын баарын текке кетирүүнүн кереги жок.
Ден-соолугун чын,жаның аманбы анда сен күчтүү адамсың, адамдан өткөн эмгечил жок,ал кааласа таштан гүл чыгарат, кандай кыйынчылык болсо  да багынта алат.

🔵«Бекер олтурганча бекер иште»,«Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач».  Убакытты текке кетирүүчүлөр,жашоодон уттургандар айрыкча бекерчи, жалкоо,ушакчы инсандар,аларды көрсөң эскерт,укпаса жакын жолобо.  Бекерчилик.жашыруун өлүм сыяктуу, бир таблетка ичип өзүн өлтүрүү сыяктуу.
Ырахат алып жата берүү караңгылык,бекерчилик профессианалдуу ууру,ошондуктан акылың ушундай нерселер менен күрөшө турган акыл болуусу керек.
Анда эмне кылуу керек?  Ордуңдан тур да намаз оку,китеп кара, тасхбих айт,изден,жаз,иш канаңды иретте,бекерчиликти жок кылып пайдалуу ишти жаса.
Бекерчиликти жумуш бычагы менен кесип сал,анткени дүйнөдөгү эң чоң илимдүү докторлор да бактылуулуктун 50% пайдалуу нерсе менен алек болуу деп табышкан.

⭐Умар ибнул Хаттаб (р.а) түнү күнү тынбай жумуш кылып.аз уктайт экен. Анын үй -бүлөөсү Умарга:
«Эмнеге эс албайсыз? »деп сураганда,Умар аларга: «Кечинде эс алсам анда (Аллахтын алдында) жанымды куткара албай калам, эгер күндүзү эс алсам анда үй -бүлөөм калып кетет»-деп жооп берет.
Убакыт баалулуугу чарасыз мөнөттөрдө билинет,ал өлүм кекиртекке келген кез,кандайдыр кырсыктан, же айыкпас оорудан жашоосуна саналуу мөөнөттөр калган убакыт,артка да алдыга да миң кааласа да кайтпас ,ал үчүн ар бир аткан таң ,күндүн чыгышы, батышы убакыттын алтындай, табылгыс баалуу экенин кабар берет,өкүнүчтүүсү баары кеч болгон учур…..

А сенде мындай тагдыр сыноосу,жарга такалган  көрүнүш жокбу?! Жаратканга шүгүр кыл!  Ошондуктан кел бир тууганым! сен мугалим бол,врач,бол,бизнесмен бол,кайсы гана кесиптин ээси бол,жөнөкөй бол мусулманбыз,ар бир аткан таңыбызды жашоонун белеги деп бил ,сен үчүн керек кадырлуу инсандарга,үй -бүлөө,ата -эне,тууган,дос,башкаларга,Жаратканыңа,ишиңе  убактыңды бөлүп ал! Убактыбызды ишибизди да динибизди да бирге кылып Жаратканга шүгүр кылып жашагандардан бололуу. Убакыт сени эмес, сен убакыттын жолун кескин. Жашоодо уттургандардан эмес, жеңегендерден болуп жаша!
Убактылуу жашоодо убыкытты текке  кетирбей ,жашооңдо ушундай жакшы иштерди,амалдарды кылгын акыретиң да азык болсун!

👤Насиба Абдуллаева.
👨👩👧👦”Бактылуулук Формуласы”

Запись ⏰Убакыт кылыч сыяктуу – сен аны кеспесең, ал сени кесет … впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.