Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

��بسم الله الرحمن الرحيم
✨Аллахтын кереметтүү ысым -сыпаттары (3 бөлүк) .

��Эгерде сиз күнөөлөрүңүз кечирилишин кааласаңыз.

✨15. Йа -Гаффару.

«Кечиримдүү;  Ал Кечиримдүү Жалгыз Зат.
Ал ким Ага чын дили менен тооба кылып, кечирим сурап кайрылса, аны сөзсүз кечирем деп убада берген. Ким ушул Аллахтын кереметтүү ысымын жума намазынан кийин 100жолу окуса,аны Аллах Таала кечирет. Ошондой эле кечирим үчүн дагы ушул ысымды көп кайталоо талап кылынат. Ал эми кимле -ким күн сайын аср намазыдан кийин "Йа -Гаффару ,игфирли "деп окуп жүрсө, аны Аллах Таала кечирилгендердин катарына кошот».

��Эгерде сиз Аллахка болгон сүйүүңүз жүрөгүңүзгө сиңүүсүн кааласаңыз.

✨16.Йа -Каххару.

«Үстөмдүк кылуучу.
Ким маериализимге жакын болсо (б.а. дүйнө-мүлктү катуу сүйсө) ,ал Аллахтын ушул кереметтүү ысмын көп кайталап жүрсүн. Ошондо Аллахка болгон сүйүү анын жүрөгүнө сиңет. Ошдой,бул касиеттүү ысым - сыпат күнөө кылып коюудан да сактайт».

��Эгерде сиз жакырчылыктан чыга албай жатсаңыз же өзүңүздү-өзүңүз камсыз кыла албай жатсаңыз.

✨17. Йа -Вахаббу.

«Тартуу кылуучу.
Жакшылыктын баары Ага гана таандык. Жакырчылык азабын тартып жүргөн адам Аллахтын бул кереметтүү ысымын көп жолу кайталасын же зухаа намазынын акыркы саждасында 40 жолу окусун. Ошондо ал адам өзүнөн жакырыкты Аллах кандай жок кылганына таң калат,ин ша Аллах. Кандайдыр бир дубанын (суранычтын) аткарылышы үчүн Аллахтын бул кереметтүү ысымын дубадан кийин 7 жолу кайталоо заарыл же үйдүн же мечиттин короосунда 3 жолу сажда кылып,андан кийин колун дубага көтөргөн сыяктуу.көтөрүп Аллахтын ушул кереметтүү ысымын 100 жолу окуу керек. Ин ша Аллах, бул дуба сөзсүз кабыл болот. Муктажган болгон адам же туткунга түшкөн киши же өзүн -өзү камсыз кыла албаган адам Аллахтын ушул кереметтүү ысымын 3 же 7 түн ичинде түн жарымында эки рекет (тахажуд)напил намазын окугандан кийин 100 жолу окусун. Ошондо Аллах Таала аны жакшылыкка.бөлөйт же ага өзүн толук камсыз кылууга шарт түзүп берет же туткундан чыгарат ин ша Аллах! ».

�� Эгерде үйүңүзгө ырыскы эшиктери ачуулусун кааласаңыз.

✨18. Йа -Раззаку.

«Ырыскы берүүчү жана ырыскынын ар бир жандууга өзүнүн керектелүүчү.өлчөмдө так,жана даана бөлүп берүүчү;
Кимде -ким багымдаат намазына чейин ушул ысымды үйдүн ар бир бурчуна 10 жолудан окуп дем салса,ал үйгө Аллах Таала ырыскы -берекенин эшиктерин ачат. Аллахтын ушул кереметтүү ысымын көп жолу кайталап жүргөн адам ар дайым бардарчылыкта өмүр кечирет,ин ша Аллах ».

��Эгерде ыйман нуру жүрөгүңүзгө толуусун кааласаңыз.

✨19. Йа -Фаттаху.

«Жеңүүчү. Ал жашыруун сырларды.ачыкка чыгарат,кыйынчылыкты жеңилдетет жана алыстатат. Ал ыймандуулардын жүрөгүн Өзүн таанытуу.жана Ага болгон сүйүү үчүн ачып койот. Баамдат намазынан кийин Аллахтын ушул кереметтүү ысымын колун көкүрөгүнө коюп 70 жолу окуган адамдын жүрөгү ыйман нуру толтурулат. Аллахтын бул кереметтүү ысымын көп жолу кайталап жүргөн адамга нур жана жеңиш берилет».

��Эгерде сиз жүрөгүңүзгө илимдин, акылмандыктын эшиктери ачылуусун кааласаңыз.

✨20. Йа -''Алииму.

«Баарын Билүүчү;  Ага эң майда амалдарда да,жашыруун сырлар да,купуя ой -кыялдар да,ички ниеттер да белгилүү; Ал эч кандай кошумча маалыматка эмес,тескерисинче,бардык илимдер Андан келет. Ага кичинекей нерсе да жашыруун эмес. Ал эмне болгонун,эмне болоорун,баарын билип турат жана билүү болбогон нерселерден да кабардар. Кимде -ким Аллахтын бул кереметүү бул ысымын көп жолу кайталап жүрсө, ага Аллах Таала илимдин, акылмандыктын эшиктерин ачат жана анын жүрөгүн нур менен толтурат,ин ша Аллах. Өзгөчө Аллахтын бул кереметтүү ысмын күн сайын кечинде кайталап турууга кеңеш берилет ».

Уландысы бар ...

☝��Эскертүү! Мусулман бир тууганым жогорудагы дубалар кабыл болуусу үчүн шарттары бар.

1  Толук усулман болуусу.

2. Ишеним менен үмүт кылып сөзсүз болоот деген ой жүрөктө болуш керек.

3. Харамдан, күнөөлөрдөн алыс болуу ,ичкени, жегени, кийгени адал болуу керек.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

ЖУМА НАМАЗЫНЫНЖУМА НАМАЗЫНЫН АЛДЫНДА (АТАЙЫН) ГУСУЛ ДААРАТ АЛУУНУН, МИСК СЕБИНҮҮНҮН, МЕЧИТКЕ ЭРТЕРЭЭК КЕЛҮҮНҮН, ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХКА КАЙСЫЛ ДУБАЛАР МЕНЕН КАЙРЫЛЫП, ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) КАНДАЙ САЛАВАТ-САЛАМДАРДЫ ЖОЛДОШУБУЗДУН ЗАРЫЛДЫГЫ, АЛ КҮНҮ КАЙСЫЛ УБАКТАГЫ ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛОРУ ЖАНА ЖУМА КҮНҮ АЛЛАХТЫ КӨБҮРӨӨК ЗИКР КЫЛУУ КЕРЕКТИГИ ТУУРАЛУУ

Имам Нававинин «Момундардын бакчасы» китебинен
Аллах Таала мындай деген:
“(Жума) намазы (окулуп) бүткөн соң, жер бетине таралып, Аллахтын ырайым-ырыскыларын издегиле жана ийгиликке жетүү үчүн Аллахты көп-көп зикр кылгыла!” (“Жума”: 10 аят).
1147. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Күн (чыгыштан) чыккан күндөрдүн эң мыктысы — Жума, Адам ата ушул күнү жаратылган, ошол күнү ал Бейишке киргизилген жана ошол эле (жума) күнү ал Бейиштен чыгарылган”. (Муслим).
1148. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Ким талаптагыдай даарат алып, анан жума намазына келсе, (хутбаны) унчукпастан укса, анын мурдагы жана (эки) жуманын ортосундагы, ошондой эле (ага кошумча) дагы үч күндүн (ичинде жасаган майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми майда таштарды термелеп (ойноп) олтургандар — пайдасыз амал менен алектенишүүдө”. (Муслим).
1149. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Беш маал намаздар, жума намаздары жана Рамазан айы өздөрүнүн араларындагы күнөөлөрдү жууп кетишет, эгер ал арада оор күнөөлөр жасалбаган болсо”. (Муслим).
1150. Абу Хурайра жана Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) өзүнүн жыгачтан жасалган минбарында турган Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлашат:
“Ант болсун, же адамдар жума намазын каза кылганды токтотушат, же Аллах алардын журөкгөрүн мөөрлөп салат да, ошондон кийин алар сөзсүз (динге) кайдыгерлердин катарына кирип калышат!”
(Муслим).
1151. Ибн Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде силерден кимдир бирөө жума намазына келүүнү чечкен болсо, ал гусул даарат алып келсин!” (ал- Бухари; Муслим).
1152. Абу Саид ал-Худри (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Балагатка жеткен ар бир адам жума күнү гусул даарат алууга милдеттүү!” (ал-Бухари; Муслим).
Бул жерде “милдеттүү” деп “фарз же важиб” айтылган жери жок, тек гана ал аткаруу абдан зарыл болгон пазилети мыкты сүннөт экени кабардалууда . Мисалы, бул — кайсыл бир адамдын өзүнүн диндеш тууганына (Аллахтын ысмы менен) ант ичип: “Сенин акыңды берүү — мен үчүн фарз” дегенчелик катуу милдет эмес.
1153. Самура (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү кичи (вуду) даарат алса — ал жакшы, ал эми кимдир бирөө гусул даарат алса — ал андан да мыкты!” (Бул хадисти Абу Дауд менен аны “жакшы хадис” деп атаган ат-Тирмизи келтиришет).
1154. Салман ал-Фариси (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде адам жума күнү колунан келишинче гусул (даарат) алып, үйүндө бар мисктен чачтарына (же: денесине) сүртсө, анан жума намазына жөнөп (келген соң, мечитте) олтургандарды түрткүлөбөсө, (Аллах тарабынан) буюрулган (“масжид акы)” намазын окуса, анан имам сүйлөгөн кезде унчукпай олтурса, анда, анын мурдагы жумадан ушул жумага чейинки (майда) күнөөлөрү кечирилет!” (ал-Бухари).
1155. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Жума күнү, “жунуб” болгондон кийин алынган гусул сыяктуу эле гусул (даарат) алып, анан биринчи саатта мечитке келген адам төөнү курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам уйду курмандык чалган адам сыяктуу, андан кийинки саатта келген (адам) мүйүздүү койду курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта мечитке келген адам тоокту курмандык чалган (адам) сыяктуу, андан кийинки саатта келген адам тоөктун жумурткасын курмандык чалган (адам) сыяктуу (соопко ээ болот), ал эми имам (минбарга) чыккан кезде периштелер да (сооп жазууну токтотушуп) зикрди угуу үчүн (минбар жакка) келишет”. (ал-Бухари; Муслим).
1156. Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) жума күнүнүн пазилети тууралуу Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Исламды карманган жана Аллахка такай дуба кылып жүргөн пенде жума күнүнүн ичинде (Аллахтан) эмнени сураса, Аллах ошону бере турган бир (саамдык куттуу) убакыт бар” — деген Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) ал убакыттын (абдан) кыска экендигин билдирген ишарат жасады”. (ал- Бухари; Муслим).
1157. Абу Бурда бин Абу Муса ал-Ашаринин (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“Абдуллах бин Умар (алардан Аллах ыраазы болсун) менден минтип сурады: “Жуманын ошол (дуба кабыл болуучу) убактысы тууралуу сенин атаңа Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) бир нерсе дегенин сенин укканың барбы?” Мен айттым: “Ооба, мен анын минтип айтканын укканым бар: “Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун): “Ал (кыска) убакыт имам (минбарга) олтургандан баштап, намаздарды окуп бүткөнгө чейин” — дегенин уккан элем”. (Муслим).
1158. Аус бин Аус (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) мындай дегенин кабарлайт:
“Чындыгында, жума — силердин эң мыкты күндөрүңөрдүн бири. Ошондуктан бул күнү мага (көп-көп) салам-салаваттарды жолдогула. Анткени, чындыгында, силердин салават-саламдарыңар тууралуу мага (периштелер сөзсүз) кабарлашат!” (Бул хадисти Абу Дауд ишенимдүү иснад менен келтирет)
http://formulasy.blogspot.com/2016/

Технологии Blogger.