Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Ал күн эч качан эсимден кетпейт. Сыртта жамгыр нөшөрлөп куюп турган. Оорукананын узун, ээн залы менен ак халатчан дарыгер мени көздөй басып келатты. Кудай ай, ошондогу убакыттын чоюлганын кантейин. Дарыгер кадам шилтеген сайын ак халатынын этеги жайбаракат желп этип, өзү менен кошо делпилдеп келет. Ал дарыгердин да ошол күнкү элеси түбөлүк эсимде калды. Чыдамым кетип калган экен. Бутум ооруп турганына карабай тура жүгүрдүм. Жок, мен дагы каалгып калдым окшойт. Убакыт чиркин! Кыймылдын баарын ылдамдаткан да, жайлаткан да убакыт экенин чучугума чейин сездим ошо күнү. Кулагым дүңгүрөп баратты. Үнүм кардыгып, оозуман дабыш чыкпайт. Алыстан эле кыйкырып баштадым. Бирок кыйкырыгым өзүмдүн кулагыма да жеткен жок. Дарыгер көптө араң жакындады мага. Кабагын ылдый салып ар бир тамгасын бирден айтып шыбырап турду. Ооба, мага ар бир тыбыш өзүнчө-өзүнчө келди. Акырын-акырын... «Б-и-з с-а-к-т-а-й а-л-б-а-й к-а-л-д-ы-к. К-а-й-р-а-т к-ы-л-ы-ң-ы-з». Мен түшүнгөн жокмун эмне дегенин. «Кабыл эмне болду? Ал жакшыбы?» деп сурай бердим. Ал мага башка эле бир нерсе тууралуу айтып жаткандай туюлду. Мен болсо «Кабылды айтыңызчы. Кабыл эмне болду?» деп эле чырылдай бердим...

Көрсө ошол күн жашоомдогу каргашанын башталган күнү экен. Тынымсыз чамынып жүрүп эми бир нерсеге жетинип калдык дегенде балдарым атасыз, очогубуз ээсиз калды. Опол тоом урап, заманам куурулуп турган ал күндөрдү негедир сырттан карап турган көрүүчүдөй өткөрүп жаттым. Ал тургай кээде балдарыма да таң кала карайм. Алардын атакелеп ыйлаганы, кызымдын эсин жоготуп жыгылганы бүтүндөй тасмадан өтүп жаткансыйт. Кошуна келиндер айланчыктап жүрүшөт. Туугандар келишиптир. Бирок, алардын баары тең эч бир максатсыз, туш келди басып жүргөндөй. Керек болсо сүйлөшкөндөрү да мааниси жок, байланышы жоктой сезилет. Акылыма эч нерсе чүргөлбөйт. Оюмда бир гана Кабыл. Ошол келсе эле баары ордуна келчүдөй сезилет. Ордуман туруп издеп жөнөйм. Кудум баягы экөөбүз баратып авария болчуда, кыйрап жаткан машинадан эптеп сүйрөлүп чыгып, аны издегендей темтелеңдеп издейм. Бири-бирине жабышып, эмнеси кимисиники экени билинбей калган эки машинаны тегерене басып, кайсы жеринен Кабылды сууруп чыгаарымды билбей чарк айланып жүргөндөй, тура калып издеп жөнөйм. Бирок, баягы эле кыжылдаган кошуна келиндер, туугандар кармап калышат. Жөнөтүшпөйт. Тургузушпайт. Өзүм да түшүнбөйм. «Булар эмне болуп калган?» дейм. Кыжырым келип кээде урушам. Бирок, алар мени укчудай түрү жок. Деги эле эч ким эч кимди укпай чурулдап атышат.

- Боз үй тигилдиби? – дейт бирөө.

- Машина келдиби? Базарга ким барат? – дейт дагы бири.

Дагы бирөө болсо казан издеп жүрөт. Дагы бирөө килем, кийиз сурап атат. Такыр түшүнүксүз. Бир гана Кабылды эстеген киши жок. «Ушунча топураган адам эмнеге чогулду? Бирөө да Кабылды эстеп койбойт го булар» дейм. «Баягы эле көр оокат булардын ойлогону» дейм. Бирөө жүрөт шымаланып, «кой алып келдим. Жүрүгүлө сойо калалы» деп. «Койду эмнеге сойот?» деп койом. Бирок, аларга сүйлөгүм да келбейт. Бат эле кымгуут болуп кетет. Кайра эле Кабылымды издеп жөнөйм. Бат эле баягы оорукананын узун залы эсиме келет. Бат эле баягы авария болуп, автоунаалар балжа-булжа болуп жаткан жер көз алдыма тартылат. Анан эле Кабылды издеп жөнөйм. Кайра эле келиндер, туугандар жабылып калышат. Же мени тургузушпайт, же өздөрү издешпейт. Ошого туталанам. Урушам, ызаланам, ыйлайм...

Бир маалда боз үйгө кир деп киргизишти. Короого боз үй тигилип калыптыр. Бирок, ичи көөдөй караңгы, суук экен. Мынчалык түрү суук боз үй көргөн эмесмин. Зордоп эле киргизишти. Деги мага нокто катып алгандай эле ары-бери жетелеп жүрүшөт. Өз оюм менен эч нерсе кыла албай калдым. Кабыл ушул жерде деп айткандар да болду. Ошого да алаксып кирип келдим окшойт. Бирок, Кабылым мындай куту качкан, аңгыраган боз үйдүн ичинде эмне кылып отурмак эле. Тигинде балдары чырылдап отурат. «Барат эле да ошолорго» дейм.

«Көргөзбөй эле койгулачы. Такыр таанылгыс болуп калыптыр» деди бирөө арттан. Бирөө болсо «Мейли, көрсүн. Биротоло көксүнү сууйт» деди. Кимге эмнени көргөзө албай жатышканын билгеним жок. Бир маалда жетелеп келип капшыттагы килемди көтөрүп киргизишти. Сундуйган бирөө жаткан экен. Үстүндөгү жабууну ачып көргөзүштү. «Кабылың менен коштошуп кал, кургур» деди бирөө.

Карс-курс эле дейт түштү туш тарап. Машина аласалып, айнектер чачырап кетти. Бул жолу боз үй да кошо тоголонуп баратты. «Машинабызда боз үй бар беле?» деген ой мээме зып эте калды ошондо. «Кокуй кармагыла! Эсин жоготуп койду. Суу!» деген үндөр алыстан угулуп барып дымырап калды. Өзүм эле калгансыдым. Машина көпкө чейин тоголонуп баратты. Бирок кайда чимирилбесин боз үйдүн түндүгүнө окшогон кайчылаш жыгачтар көз алдыман кеткен жок. Анан эле Кабыл эсиме келет. Ал рул кармап бараткан. Мен жанында отургам. Машина токтосо издеп келейин дейм. Айнектен чыгып кеттиби дейм. Курун тагынбай койгонун эстеп туталанам. Азыр тарта койсомбу деп далбастайм. Бирок өзүмдү кармай албайм. Машина тоголонуп баратты. Эки жакты караганга дарманым жок. Бирдемени тырышып кармап алгам. Койо берсем эле машинадан чыгып кетчүдөй болом. Көз алдыман гана түндүк кетпейт. Кайда аласалсак деле түндүк кетпейт. Кээде кимдир бирөөлөрдүн чаң-чуң эткен үнү угула калат. «Колу карышып калды» деген үндөр жаңыра түшөт үзүл-кесил. Кимдин колу дейм. Кабылды карайм. Ал көрүнбөйт. Курун тартынбай койбоду беле деген ой кайра шып этип чүргөлө калат. Кайра эле курун тартайын дейм. Бирок колумду койо бергенден корком...

Көптө араң токтоду машина. Бирок, негедир көп кишинин арасына токтоду. Жалаң аялдар экен. Кантип ушул жерге токтогонун түшүнбөйм. Булардын баары кайдан чыга калды? Маңдайымда боз үйдүн чамгарагы турат. Жанатан көз алдыма тартылып аткан түндүк дале маңдайымда турганын көрүп таңыркайм. Аялдар болсо өздөрүнчө күрү-гүү. Шыпшынып жүрөт кээ бири. Кээ бири бышактап ыйлап алган. «Дары иччи. Суу иччи» деп өнтөлөшөт. Бергенин ичип койдум. Тур дегенин угуп турам, отур деген жерине отурам. Көөдөй караңгы боз үйдүн ичинде капшытты карап отурдук. Жанымда эки аял бар. Бирөө тынбай уңулдап ыйлап атат. Жаным жер тарта баштады. Шылкылдап көзүм илинип бараткансыйм. «Кабыл келгиче уктабайын» деп койом кайра. Бирок болбойт. Арттан бирөөнүн «Ушунча дары бердик эми уктап кетер» дегени кулагыма илинди. «Кимди уктатып атышат?» дедим. Анан мемиреп кеткенсидим. Бирок түнү бою аварияга кабылып, Кабылды издеп чыктым. Улам эле зуулдаган бойдон келип алдыбыздан чыга калган машинага урунабыз. Анан ызы-чуу башталат. Тарса-турс болот да, машина айланып жөнөйт. Анан машинадан суурулуп чыгып Кабылды издейм...

Бир маалда бирөө оозума суу кармап турган экен. «Ме гой мобуну ичип алчы» деп жатыптыр суу кармаган аял. «Түнү менен жөөлүп чыкты, бечара» дейт нары жактан бирөө. Башым жарылчудай заңгырап ооруйт. Суу ууртайын дедим эле жүрөгүм айланып туруп алды. Суу куюп келип бетимди жуушту. Ушул тапта сырттан бирөөнүн күбүрөгөн үнү угулду.

- Жеңем турдубу? Кишилер келе баштады. Тезирек мал сойбосок болбойт, - деди бирөө.

- Тиги аталаш агасы бар эмеспи. Ал эмне дейт? - деди нары жактан.

- Ал деле ылайыктуу малым жок деп койду.

- О кокуй! Анда эмне кылат элек? Малы жок болсо өзүн сойосуңарбы?!

- Омей! Кызык немесиз го! Союш керек да бирдеме. Ошо да болмок беле? Эл эмне дейт?!

Ушул жерден эсиме келип, бул жалган улана берээрин, тезирээк эсиме келбесем болбой турганын сезе баштадым. Бирок, босогодон бопбоз болуп алы кетип, көзү тоодой шишиген кызым киргенде заманам кайра куурулуп, акыл-эсим кайра алай-дүлөй болуп кетти. Бечара кызым кирип эле «атакелеп» ыйлап келип алдыма кулады. Аялдар кайра чуру-чуу түшүп калды. Ошону менен кайра эле баягы авария, кайра эле баягы Кабылды издемей башталды. Колум дагы тырышып калыптыр. Курун тагайын дейм, колумду бошоткондон корком...

Бир топто тынчыды алай-дүлөй. Эсимди жоготуп, кайра эсиме келип атканымды эми байкадым. Болбосо жанатан бери окуялар бир заматта өзгөрүп кетип атканын түшүнбөй аткан болчумун. Көрсө эсимди жоготуп жаткан турбаймбы. Аялдардын жөлөк-таягы менен эптеп сыртка чыктым. Сыртта толтура киши жүрөт. Короодо боз үй тигилип турат. Тигинде кишилер мал союп атат. Кайсы малды, кайдан табышканы белгисиз. Жанында Кабылдын айылдаш кошуналары, тууган-уругу жүрөт. Илгеркисинче баркылдап сүйлөгөндөрү да бар.

- Оо, эки эли чыкты. Жакшы байтал экен. 20дай чучук чыгат буюрса, - деп күпүлдөп атат көрпө тебетей кийгени.

- 20 чучук жөн эле чыгат. Жаныш байке кыйын экен. Таап келе калганын карабайсыңбы. Жазында мындай семиз жылкы оңой менен табылбайт да, - деди жанында турган жашырак жигит.

- Кайдан тааптыр муну?

- Кабылдын уазы бар эмес беле. Ошону күрөөгө коюп акча алып келишти.

- Аа, мейли эми. Байкуш, көзү тирүүсүндө ошол уазы менен тирилик кылчу эле, эми көзү өткөндө да ишке жараган тура.

- Андан көрө ошонун акчасы жетиптирби?

- Кайдан жетсин? Үстүнө акча кошо турдум дейт. Кийин алаармын деди.

- Аа, ошентсин эми. Тууган дегендин ушундайда пайдасы тийбегенде качан тийет эле. Карызга берсе кийин ай бар, жыл бар, өндүрүп алаар.

- Ээх, бечаралар ансыз да ижарага алган бусиги менен кырсыкка кабылып турду эле, эми колундагы болгон быдырын ломбардка берип мал сойдуңарбы э?

- Омей, кызыксың го. Анан эмне кылат элек? Же сен таап бересиңби малды?!

- Жок эй. Мен кайдан таап берет элем?

- Ии анда унчукпай отур. Бул илгертен келаткан салт. Өлгөндө киши келет, мал союлат. Тууган-туушкан, куда-сөөк келет топо салганы. Анан алар эмне деп барат? Салт билбеген немелер дебейби?

Жүзүмдү чайып атканда алар ушунтип кобурашып атышты. Бирок, көп деле маани бергеним жок. Кабылым жок болуп турган соң, эми мага баары бир эмеспи. Уазикке кейийт белем. Кызымдан гана коркуп калдым. Байкушум жашабай жатып атасынан ажырады.

- Жоодар кайда? – дедим жанымда турган аялдан.

- Тигил үйдө го, - деп алаңдай жооп кайтарышты. Байкушум, али бала эмеспи. Ал кантти экен дегенди ойлогондо заманам дагы куурулуп, көзүм караңгылашып кетти. Бирок, бул жолу эптеп өзүмдү кармап калдым. Жанымдагы аял да сезе койгондой, эжекелеп жөлөй калып, жүзүмдү муздак суу менен сүртүп жиберди. Башым гана зыңылдай берди. Эптеп ордуман туруп, боз үйгө жөнөдүм. Сол тарабым бүтүндөй какшап ооруп турганын ошондо гана байкадым. Аварияда катуу урунсам керек...

(Уландысы бар)
Автор: Н. АСАНБАЕВ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш



  • 🌱Мен эч нерсе билбесимди эң жакшы билем" деп Сократ билип туруп эле айтып койгон.
  • 🌱Дүйнөдө өтө урматталып эң көп коюлган ысым ал - Мухаммед.
  • 🌱Алясканын желегин 13 жаштагы өспүрүм түзгөн.
  • 🌱Ватикан - 1983-жылы тарыхта бир да төрөлүүлөр катталбаган өлкө.
  • 🌱Италияда куурчактардын саны, Канададагы элдердин санынан көп.
  • 🌱Эң көп китеп жазган кыргыздын Эл акыны Муса Жангазиев болгон. Ал 73 китептин автору.
  • 🌱Монаконун улуттук оркестри, анын армиясынан көп.
  • 🌱Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (Шекербек) дальтонизм дарты менен ооругандыктан кызыл жана жашыл түстөрдү жакшы ажырата албайт.
  • 🌱Көпөлөктөр даамды буттары менен татышат.
  • 🌱Кумурска айнектен жаратылган жана эки ашказаны бар. Биринчисине өзү жеген, ал эми экинчисине үйүнө алып барчу тамагы түшөт.
  • 🌱Тамеки чеккен эркектин аялы, өмүр бою күйөөсүнүн чыныгы жыттын сезбей жүрүп өтөт.
  • 🌱Өздөрүнүн эне тилин ысырап кылбай, бири бири менен орусча сүйлөшкөн дүйнөдө кыргыз деген акылман эл бар.


Жеңишбек Жумакадыр.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

��Эгерде сиз ыкласыңыз күчтүү болуусун каасасаңыз.

✨30. Йа-'Адлу
(Куран. 6:92,6:115)
«Адилеттуу.
Ал Озуно адилетсиздик кылууга тыюу салып, башкаларга да адилетсиздикти арам кылат. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын бейшембиден жумага откон туну же жума куну 20 сындырым (кусок) нанга (шафран же кол менен) жазып жесе,ага Аллахтын бардык макулуктары кызмат кылып калышат. Эгерде бул ысымды жума кунго караган туну 20 жолу кайталаса,андан ал анын ыклаксынын жогорулашына жана досторунун ишенимдуу болушуна жардамы тийет.»

��Эгерде сиз эсепсиз ырыскыны кааласаңыз .

  ✨31 Йа-Лаатифу
(Куран: 6:103,22:63,31:16,64: 14)
«Озунун кулдарына жакшы мамиле кылуучу,алардын жашоосун женилдетуучу, аларды Сактоочу,аларга Мээримдуу мамиле кылуучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын 133 жолу кайталаса,аны Аллах Таала тугонбос ырыскы менен сыйлайт жана ошол адамдын пландары эч бир кыйынчылыксыз аткарылат. Ал эми кедейликтен, оорудан, жалгыздыктан жана сарандыктан кутулуу учун пайгамбарыбыз Мухаммад( салоллоху алейхи ва вассалам) корсоткон тартипте даарат алып 2 рекет кошумча-напил намаз окуп,андан кийин Аллахтын бул кереметтуу ысымын 100 жолу кайталоо лазым.»

��Эгерде сиз пайдасыз адаттардан кутулууну кааласаңыз.

✨32. Йа-Хобииру
(Куран. 6:18,17:30,34:1,35:14, 49:13,59:18,63:11)
«Ачык-айкын нерселерди да,жашыруун- кайып сырларды да Билуучу.
Ал Зат эмне болгонун,эмне болоорун билип турат. Кимде ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын торт кун коп жолудан кайталаса,ага Аллах Таала кайып сырларды тушунуу касиет берет . Пайдасыз адаттардан жана ач коздуктон арылуу учун Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталоо кажет.»

��Эгерде сиз берекенин келүүсүн кааласаңыз.

✨33. Йа-Халииму
(Куран. 2:225,2:235,17:44,22: 59,35:41,64:17)
«Ал Зат куноолордон тазалап,азаптан куткаруучу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кагазга жазып,сууга малып,ошол сууну бир нерсеге чачып койсо,ошол нерседе кут жана береке болот. Ал эми бул ысымды кагазга жазып туруп,себилген эгиндин арасына катып койсо,анда ошол эгинге Аллах Таала береке берет жана коргойт. Эгерде Аллахтын бул ысымын бир кагазга жазып,айдалган жердеги эгиндин бир четине катып койсо,анда тушум зыяндуу нерселерден сакталат, ин шаа Аллах»

��Эгерде сиз Аллахтын сыйына ээ болом десеңиз.

✨34.Йа-'Азииму
(Куран. 2:105,2:225,42:4,56:96)
«Мартабалуу.
Кимде ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кайталаса,Аллах аны урмат жана ардак менен сыйлайт,ин шаа Аллах.»

��Эгерде сиз баш ооруу,суук тийүүлөрдөн алыс болууну кааласаңыз.

✨35.Йа-Гофууру
(Куран. 2:173,8:69,16:110,35: 38,41:32,60:7)
«Ото Кечиримдуу.
Ал Озунун кулдарынын куноолорун кечирет. Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын ар дайым кайталап журсо,ал баш оорудан,суук тийуудон аман болот жана андан кайгы-капалар кетет,ин шаа Аллах. Мындан сырткары,Аллах Таала ал адамды перзент жана байлык менен сыйлайт. Ким "Йа Робби Игфирли" деп чын дилинен айтса,Аллах анын куноолорун кечирет.»

��Эгерде сиз жүрөгүңүзгө кыйынчылык түшсө.

✨36. Йа-Шакууру
(Куран. 35:30,35:34,42:23,64: 17)
«Чон сыйлыкка жеткируучу.
Аллахтын ушул кереметтуу ысымын кун сайын 41 жолудан окуп жургон адамдын руханий,физикалык жана каржылык кыйынчылыктары алынып салынат. Журокко бир кыйынчылык тушкондо Аллахтын бул кереметтуу ысымын 41 жолу кайталап,сууга дем салып туруп,ошол сууга жунуш керек. Ошондо Аллах Таала ошол ситуацияны женилдетет да бул ысымды окуган адам озун озу башкара ала турган болот.»

��Эгерде сиз ыйманыңыз бекем болуусун кааласаңыз

✨37. Йа- 'Алийю
(Куран. 2:255,4:34,31:30,42:4, 42:51,87:1)
«Улуу.
Ким Аллахтын бул кереметтуу ысымын кун сайын окуп журсо,аны жазып алып,ар дайып озу менен кошо сактаса,Аллах Талаа анын даражасын жогору кылат,байлыгын кобойтот жана бардык каалоо- тилектерин ишке ашырат. А бул ысымды коп жолу окуп жургон адамдын ыйманы бекемделет жана(Аллах тарабынан) ойлогон максаттарына жеткирилет. »

��Эгерде түшүнбөстуктөн жумуштан айдалып калсаңыз.

✨38. Йа- Кабииру
(Куран. 13:9,22:62,31:30,34:23. 40:12)
«Улук,Бийик,Андан башка эч бир улуу нерсе жок. Анын эч бир тендеши жок.
Кимди жумушунан кууп салган болсо,ал 7 кун орозо кармасын жана орозонун ар бир кунундо Аллахтын бул кереметтуу ысымын 1000 жолудан кайталасын. Ошондо ин шаа Аллах,бул адамды ардак менен кайра жумушуна коюшат . Ал эми урмат - сый учун кун сайын 100 жолудан окуу кажет.»

��Эгерде сиз жамандыктардан алыс болуусун кааласаңыз.

✨39. Йа- Хафиизу
(Куран. 11:57,34:21,42:6)
«Макулуктардын баарын сактоочу.
Анын колдоосу тугонгус да,туболук дагы. Ким Аллахтын бул бул кереметтуу ысымын ар дайым жана кун сайын кайталап журсо,Аллах Таала аны жоготуулардан, дамандыктардан жана коркунучтардан сактайт. Кедейликтен алыс болгусу келген киши Аллахтын бул ысымын кун сайын 16 жолудан кайталап жургону дурус.»

��Эгерде сизди балаңыз укпай жаткан болсо.

✨40.Йа- Мукииту
(Куран.4:85.)
«Жардам беруучу,жашоого зарыл болгон бардык нерселерди Болуштуруучу, алардын санын Аныктоочу жана Оз макулуктарына жеткируучу.
Аллахтын бул кереметтуу ысымын 7жолу кайталап туруп,сууга дес салып ичсе,анын баардык каалоолору аткарылат. Аллахтын бул кереметтуу ысымын коп жолу кайталап,сууга дем салып,андан кийин ошол сууну тили заар -тентек балага ичирсе,ал жакшы жакка озгорот,ин шаа Аллах»

Уландысы бар..
http://formulasy.blogspot.com/2016/04/

"БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Японияда болгон жер титирөөдөн улам куткаруучулар үй астында калган аялдын  денесин табышты. Аял сажда кылган сымал, жан берген эле. Куткаруучулар аялдын жанына жакын келип, жанында кимдир бирөө бар экенин сезишти. "Бала, бала бар экен" деп, кыйкырды кимдир бирөөсү.

Куткаруучулар чуркап келишти. Алар таң калышты. Аялдын жансыз денесинин алдында кичине төшөкчөгө оролгон үч айлык наристе, эч нерседен кабарсыз жатаар эле. Боорукер эне, үйдүн кулап атканын көрүп, наристесин далысы менен тосуп калган экен.

Куткаруучулардын бири наристени колуна алганда, ал эч нерседен кабарсыз уктаар эле.Тез арада жетип келген врачтар баланы кароо үчүн, төшөкчөсүн ачканда, телефонго көздөрү түштү. Телефондун экранында жазылган жазууларды окуган ар бир адам, ыйлап жибере турган сөз жазылган эле.

Телефондун экранында мындай жазуулар бар эле:
ЭГЕР ТИРҮҮ КАЛСАҢ, ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА: "МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ БАЛАМ"!!!
ОО АЛЛАХ, ДҮЙНӨДӨ ТЫНЧТЫК БЕР, ЭНЕНИ БАЛАДАН, БАЛАНЫ ЭНЕДЕН АЙРЫБА...
Технологии Blogger.