Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Көз жоорутуп өз маңдайы менен же көзүнүн майын коротуп эмгектеңген ар бир ишин Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасаса, анын ошол ар бир иши ибадат болот. Бир курмаң болсо да өзүңдүкү болсун,өзүңө тиешелүү маңдай териң менен тапкан,өз эмгегиң болсун дейт. Эгер билсең бул аалам,андагы жашоо тиричилик,бүт баарысы  бирөөнүкү ал ким десең  Ал Аллах Таалам. Биз мусулман пендеси бирөөнүкүн эмес өзүбүзгө тишелүү нерселерге ээ боло алабыз,арам,зулумдукка тыю салынган.

Имам Газали:"
Бул дүйнө алтын, күмүш табактар коюлуп, ичине даамдуу, чүйгүн тамактар салынган дасторконго окшош. Акылдуу, жакшы конок ошол тамактан курсагына жараша жеп, анан үй ээсине ыраазычылык билдирет да туруп кетет. Акылсыз конок болсо курсагы тойгон соң жанагы алтын, күмүш идиштерди да сумкама сала кетем деп шерменде болот. "... Ошондуктан тапканыңды Аллахтан деп бил,канча болбосун адалдан болсун.

Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) жанын бир карылуу өтүп калат. Пайгамбарыбыз жанында олтурган куттуу сахабалар: -О, Аллахтын Элчиси! Аттиң, бул адам Аллахтын жолунда кызмат кылса, кандай соонун болоор эле ....-дешет. Анда Азирети Пайгамбарыбыз:
     - Эгер бул адам бала -чакасынын нанын таап келүү үчүн жолго чыккан болсо, анда ал Аллах жолунда болот. Эгер улгайып калган ата -энесин багуу үчүн жолго чыккан болсо, анда ал Аллах жолунда болот. Эгер ал өз курсагын тойгозуу үчүн жолго чыккан болсо дагы Аллахтын жолунда болот, (ат Таргиб ват Тархиб,2/524)-деп жооп берүү менен мына ушул жагдайлардын негизинде аткарылган ар бир иш ибадаттын даражасынчалык ыйык болоорун айткан..

Бир айта турган маселе көпчүлүк Аллах жолундамын,Аллах жолунда жүрөм,Аллах жолунда жүр дегенди туура эмес түшүнүүдө.

Аллах жолу деген деги эмне?
Аллах жолунда бул -биздин Аллах мыйзамына каршы келбеген ар бир иштербиз,амалдарыбыз болот. Демек Аллах жолу намаз окуу,орозо кармоо,зекет берүү,ажыга баруу дегендик менен чектелбейт экен. Биздин кылган иштербиз да эгер ал адалдан болсо Аллах жолундагы даражага жетет. Азирети Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) дагы бир куттуу хадисинде: "Эч ким өз маңдай тери менен тапкан ырыскыдан артык ырыскы жеген эмес. Аллахтын Элчиси Давуд алейхи салам да кол жоорутуп адал эмгеги менен өз ырыскысын тапкан! "(Бухарий)

«Адал эмгек астыңа ат алдырат,үсүтүңө тон жаптырат»..

Азыркы күндө канчалаган мекендештерибиз үй-бүлөө,ата -эне,бала -чака,багуу үчүн,үй -жай куруу,үйлөнүү үчүн дегиле жашообузду оңдоо, камсыз кылуу максатта чет жакаларда ырыскысын издеп, иштеп жүрүүшүдө. Аллах ыраазы болсун!  
Ар бир кылып жаткан ишиң, кадамың,канчалык кыйналып өз маңдай териң менен адалдан таап жаткан болсоңуз, сиз Аллах жолудасыз сообун канча экенин Аллах Өзү билет."Эшиктен арам кирсе,адал менен ыйман тешиктен чыгып кетет "дегендей арамдан табылган тамак,акча,кийим болсун берекеси жок болот,сизге болгондой сезилип жатса бир күн күлдөй учуп кетет. Анткени  арам мусулман пендесине катуу тыюу салынган күнөө иш бир күн зыяны жетээрин унутпоо керек.  «Адал  эмгек абийир таптырат,арам эмгек азабын тарттырат». Ошондуктан кайда жүрбөң,кайда болбоң тапканыңыз ,ичкениңиз, кийгениңиз адалдан болсун! "Өзүңдүн маңдай териң менен тапканың ширин болот "деген сөз бегеринен айтылган эмес.

«Адал эмгек элге жеткирет, арам эмгек элден кетирет».

Аллах кааласа аз болсо да адалдан тапканыңа шүкүр кылып жашасаң, бир күн султан кылат,арамдан тапканың Аллах кааласа бир күн жер менен жексен кылат.

Насиба Абдуллаева.
‍‍‍"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Курани Каримде «Кахф» сүрөөсүндө Яжуж Мажуж жөнүндө айтылат булар да башка адамдар сыяктуу эле Азирети Нух (а.с.)дын урпактарынан болот. Жана өтө согушчан жана күчтүү болушат. Кошуна жашаган элдерге кол салып алардын үйлөрүн бузушуп кымбат – баалуу нерселерин тартып алып жана өздөрүн өлтүрүп салышат эле. Алардын жамандыгынан жана бузукулугунан жан сактоо максатында Зулкарнайн өтө бекем дубал тургузган эле. Бир хадисте келет кыяматка жакын Иса (а.с.) мусулмандарды алып Тур тоосуна чыгып кеткенде Алла Таала Яжуж Мажужду койо берет. Жана алар ушунчалык тез атырылып чыккандыктан, бийиктиктен ылдый карай кулаган сыяктуу болуп көрүнөт. Алардын эң алдындагы адамдар Бухайра Табрия көлүнөн өткөндө андагы бардык сууну ичип кургатып салышат. Ошондо Иса (а.с.) мусулмандар менен кошо ал кыйынчылыктан чыгарууну Алла тааладан дуба кылып сурашат. Алла Таала алардын дубасын кабыл кылат. Жана Яжуж Мажужга жалпы эпидемия болгон оруну пайда кылат. Жана аз эле убакыттын ичинде Яжуж Мажуждун бары кырылып калат.

Кыяматтын белгилеринин бири болгон Яжуж-Мажуж коомунун "Темир дубалга" камалган болжолдуу жери - Чаткалдагы тоонун чокусу. Google картасында да Dam of Yagog & Magog деп жазылып турат. Аллах озу сактасын.



Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохийм!

  ”ОРОЗОНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ 2.”

  Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) орозо айына озгочо конул бурган. Шаъбан айынын акырында атайын орозо жонундо айтып кетти жана адамдарды рамазан айынын кундорун бейкапарчылыкты откорбоосун эскертти. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) ошол созундо орозо айынын артыкчылыгын айтып, бир канча иштерге озгочо конул бурдурду.

  Эн биринчиси,Кадыр кечеси жонундо. Чындыгында Кадыр кечеси озгочо мааниге ээ. Бул тууралуу кененирээк кийинки сабактарыбызда улантабыз.
Сон айтты : ”Аллах Таала бул айдагы орозону фарз кылды жана тундогу кылынуучу ибаадаттарды (Таравих намазын) суннот кылды”.
   Албетте ким орозо айында сапарга чыкканлыктан же башка себеитерден улам Тарафих намазын окуу кыйын болсо, анда Куран кем болуп калбаштыгы учун, ал адегенде бир канча кундо аны угуп алсын. Сон кайсыл жерде мумкунчулук болсо, Таравих намазын окусун. Мына ошондо Куранды аяктоого да жетишет жана озунун иштерине да зыян келбейт.

  Пайгамбарыбыз (салллооху алейхи уа саллам) хадисте орозо менен Таравих намазын айткандан кийин, жалпы эле фарз жана нафил конул бурууну эскертти. Бул айдагы бир нафилдин сообуна барабар.      

 

  Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) орозо айына озгочо конул бурган. Шаъбан айынын акырында атайын орозо жонундо айтып кетти жана адамдарды рамазан айынын кундорун бейкапарчылыкты откорбоосун эскертти. Андан кийин, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) ошол созундо орозо айынын артыкчылыгын айтып, бир канча иштерге озгочо конул бурдурду.

  Эн биринчиси,Кадыр кечеси жонундо. Чындыгында Кадыр кечеси озгочо мааниге ээ. Бул тууралуу кененирээк кийинки сабактарыбызда улантабыз.
Сон айтты : ”Аллах Таала бул айдагы орозону фарз кылды жана тундогу кылынуучу ибаадаттарды (Таравих намазын) суннот кылды”.
   Албетте ким орозо айында сапарга чыккандыктан же башка себеитерден улам Таравих намазын окуу кыйын болсо, анда Куран кем болуп калбаштыгы учун, ал адегенде бир канча кундо аны угуп алсын. Сон кайсыл жерде мумкунчулук болсо, Таравих намазын окусун. Мына ошондо Куранды аяктоого да жетишет жана озунун иштерине да зыян келбейт.

  Пайгамбарыбыз (салллооху алейхи уа саллам) хадисте орозо менен Таравих намазын айткандан кийин, жалпы эле фарз жана нафил конул бурууну эскертти. Бул айдагы бир нафилдин сообу, башка айлардагы фарздын сообуна барабар. Ал эми бул айдагы бир фарздын сообу, башка айлардыгыы жетимиш фарзга барабар.
Уландысы бар...

  ”Фазаил 'амал” китебинен алынды.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Одноклассники: http://ok.ru/formulasy

Facebook: http://facebook.com/formulasy

Вконтакте : http://vk.com/formulasy

Instagram : http://instagram.com/formulasy

Блог : http://formulasy.blogspot.com/

Twitter : http://twitter.com/formulasy

Google+ : http://plus.google.com/+formulakg

YouTube: http://www.youtube.com/formulakg

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Суроо: Рамазан күнү орозону бузуп, кафарат талап кылган жагдайлар кайсылар?

ЖООП

Булар: 1- Билип туруп жеп-ичүү. 2- Жыныстык катнашта болуу. 3 – Рамазанда каза талап кылчу бир нерсе кылып орозосу бузулган адамдын ошол эле Рамазандын башка күнү ушул нерсени "баары бир кафарат талап кылбайт деп» атайылап кайрадан кылса. 4- Тамеки тартуу. 5- Гыйбат, сүрмө сүртүү жана кан алдыруу сыяктуу орозону бузбай тургандыгы жакшы билинген нерседен кийин орозом бузулду деп ойлоп жеп-ичүү.

Суроо: Орозонун кафараты барбы?

ЖООП

Албетте, бар. Түндөн ниет кылган орозосун атайылап бузууга кафарат керек экендиги дин китептеринин бардыгында бар. Кутуб-и ситта аттуу белгилүү алты хадис китебинен Бухари, Муслим, Абу Давуд, Тирмизи жана Несаиде бар. Эң баалуу болгон бул беш хадис китебине ишенбеген адам эгер миссионер болбосо жахил же болбосо кыянат адам. Хазрети Абу Хурайра рываят кылган хадиси шариф мындай:

"Бир адам Пайгамбарыбызга келип: "Курудум, йа Расулаллах”, - деди. Пайгамбарыбыз эмне болгондугун сурады. Ал болсо Рамазан орозосун атайылап бузгандыгын айтты. Пайгамбарыбыз бир кулду азат кылуусун билдирди. Кулу жок экендигин айтканда аралыксыз эки ай орозо кармоосун буйрук кылды. Муну дагы кыла албай тургандыгын билдиргенде кедей адамды тойгузуусун билдирди.”

Ислам аалымдары дагы түндөн ниеттүү орозосун бир себепсиз, үзүрсүз атайылап бузган адамдын кафарат катары эгер бар болсо бир кулун азат кылуусун, болбосо арты-артынан 60 күн орозо кармоосун, орозо дагы кармай албаса 60 кедейди тойгузуусу керек экендигин билдиришкен. (Радд-ул Мухтар)

Пайгамбарыбыз "алейхиссалам” билдирген өкүмдү кылбаган адам Аллаху тааланын буйругун кабыл кылбаган болот. Себеби, Курани каримде мындай мааниде буюрулган:

"Расулга моюн сунган Аллахка моюн сунган болот.” [Ниса 80]

Суроо: Орозо кафараты кандай кармалат?

ЖООП

Орозо кафараты үчүн арты-артынан 60 күн орозо кармайт. 60 күндөн кийин кармабаган ар күн үчүн бир күндөн кошумча орозо кармайт. Бир нече Рамазанда кафараты бар болгон же бир Рамазанда 2 күн кафараты бар адам биринчи кафаратты кылбаган болсо экөө үчүн тең бир кафарат кылат. Биринчи кафаратты кылган болсо экинчи кафаратты дагы өзүнчө кылат.

Кафарат орозосу жолчулук сыяктуу бир себеп менен же Айт күндөрүнө туш келүү себеби менен бузула турган болсо же Рамазанга дал келип калса жаңыдан 60 күн кармоо керек. Айт күндөрү бузбаса кайра эле жаңыдан баштоосу керек. Хайз жана нифас себеби менен бузганда жаңыдан баштабайт. Тазаланган кезде калган күндөрдү толуктайт.

Рамазанда себепсиз орозо кармабоо - харам, өтө чоң күнөө. Алгач кармалбаган орозо үчүн тообо кылынат. Кийин күнүнө күн, б.а., канча күн кармалбаган болсо ошончолук күн каза орозосу кармалат. Бир адам Рамазан айында 30 күн орозо кармай албаса, кармай албаган күндөрдүн санынчалык каза орозосун кармайт. Бул орозолорго кафарат керек эмес. Кафарат – бул орозо кармабоонун эмес, орозосун атайылап бузуунун жазасы. Өтө картайып, өлгөнгө чейин Рамазан орозосун же каза орозолорун кармай албай турганчалык карылыктан улам же сакайып кетүүсүнөн үмүт үзүлгөн оорулуу адам жашыруун жеп-ичет! Хадиси шарифте:

"Орозо кармай албай турганчалык карыган же сакайуусунан үмүт үзүлгөн оорулуу адам фидйа берет”, - деп айтылган. Өтө карыган болуп, орозо кармай албаган адам бай болсо ар күнкү орозо үчүн фидйа берет. Кедей болгон адам фидйа бербейт, дуба кылат.

Фидйа катары ар күн үчүн бир фытра өлчөмүндө ун, хурма же жүзүм мейизи берилет. Мисалы, 30 күн орозо үчүн 53 кг ун же 105 кг хурма же жүзүм мейизин берүүсү жеткиликтүү. Же болбосо, ушунчалык ундун баасынчалык алтын же күмүш акча кармала албай калган отуз күн орозонун фидйасы катары бир же бир канча кедейге Рамазан айынын башында же акырында берүүгө болот. Кедей алган фидйаны өзү колдонгондой эле башка бирине да бере алат. Фидйа бергенден кийин орозо кармай ала тургандай абалга келген адам кармай албаган орозолорунун казасын өтөйт. (Нехр-ул-фаик)

Оору, карылык сыяктуу үзүрдөн улам Рамазан орозосун кармай албаган бай адамдын бул абалы өлгөнгө чейин уланса кедейлерге тамак берилүүсүн осуят кылат. Велиси (осуятты орундачу адам) анын кармай албаган ар бир орозосу үчүн кедейге бир фытра же анын кунун берет. (Бедайи)

Суроо: Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам кантет?

ЖООП

Дайыма оорулуу болуп же өтө карып, кафарат орозосун кармай албаган адам 60 кедейди эртең менен-кечинде же түштө-кечинде кылып бир күндө эки жолу тойгузат. Бардыгынын ошол эле күндө жеши шарт эмес. Бир кедейди ар күн эки жолу тойгузуу менен 60 күн же болбосо күн сайын бир жолу тойгузуу менен 120 күн жегизсе да болот. Же болбосо 60 кедейдин ар бирине бир фытра өлчөмүндө фытра катары берилчү продуктылардан бирин берет. Же болбосо булардын баасынчалык нан, башка товар же алтын берсе да жаиз. Өзүн тойгузуш үчүн кедейге кагаз акча да берүүгө болот. Фытра өлчөмүндө продукты же товар бир кедейге 60 күн бою берилет. 60 күндүгү бир кедейге бир күндө толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот. Буга көңүл буруу керек. Мисалы, эртең менен кечинде 2 нан жесе күн сайын 2 нан бериш керек. 120 нан бир бергенде толугу менен берилсе бир күндүк берилген болот.

Технологии Blogger.