Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком кыяматтын белгилери. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кабар берген Кыяматтын чоң белгилеринин бири — Яжуж жана Мажуж коомунун чыгуусу.

ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ КООМУ ДЕГЕН КИМ?

Бул коом азыркы учурда жер бетинде жашайт, бирок Аллах таала алардын турган жерин жашырып койгон. Ал коом жер бетинде бузукулук кылышкан себептүү аларды Зулкарнайн деген салих падыша аларды эки тоонун ортосуна тосмо менен камап койгон. Алардын кайсы жерде экенин Аллахтан башка эч ким билбейт. Акыр заманда Аллах таала каалаган бир учурда бул коом чыгып кайрадан бузукулук жайылта баштайт.

Аалымдар Яжуж жана Мажуж коому туурасында эки ой айтышкан.

1. Араб тилине тиешеси жок, бөлөк тилден келген сөз деп айтышат.

2. Араб тилинен: ысык от, шор суу, душман ж.б.у.с сөздөрдөн келип чыккан деп айтышат.

Куранда Яъжуж Маьжуж деп окулат, ошондуктан ушундай атайбыз деп кээ бир алымдар айтканы менен көпчүлүк алымдар Яжуж Мажуж деп айткан туурараак дешет.

ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ ЖӨНҮНДӨ КУРАН-СҮННӨТТӨ КЕЛГЕН ДАЛИЛДЕР

Аллах таала айты:

«Эки тоонун ортосуна жеткен кезде суйлөгөндү жакшы билбеген бир элди тапты. Алар айтышты: “Эй, Зулкарнайн! Чындыгында, Яжуж менен Мажуж бузукулук кылып жатышат, балким алар менен биздин ортобузга тосмо жасап бересиң? Биз сага чыгашаңды төлөп берели”. Ал айтты: “Менин Раббим мага андан да жакшы нерсе берген. Күч топтоп мага жардам бергиле, ортоңорго тосмо жасап берем. Мага темирдин кесиндилерин алып келгиле” – деди. Эки тоонун ортосуна толгон кезде “Көрүктөгүлө!” – деди. Ал кызып калганда: “Мага ээриген жез алып келгиле, мен үстүнө куяйын” – деди. Ошондон кийин ашып дагы өтө алышпады, теше да алышпады. Ал айтты: “Бул Раббимдин Мээрими”. Раббимдин убадасы келген кезде аны жер менен теңеп түздөп коёт. Раббимдин убадасы акыйкат”. (Кахф сүрөөсү, 93-98-аяттар)

Башка бир аятта айтты:

«Яжуж Мажуж (камалган жери) ачылып, бардык жагынан чыккан кезде акыйкат убада жакындайт. Ошондо каапырлардын көздөрү алайып: “Куруп эле кетели! Бул нерседен капылетте болгон экенбиз, заалым болгон экенбиз” – деп айтышат». (Анбия сүрөөсү, 96-97-аяттар)

Яжуж менен Мажужту Кыяматтын чоң белгилеринен деп келгенинин себеби, анткени бул аяттарда ачык-айкын айтылды. Эгер Яжуж жана Мажуж чыга турган болсо, анда ал Кыяматтын жакын эле калганынын белгиси.

Зайнаб бинту Жахш, радыяллаху анха, айтты:

“Бир күнү Пайгамбар, салллаллаху алайхи уа саллам, уйкудан жүзү кызарган абалда турду да, мындай деп айтты: «Лаа илааха иллаллах! Арабдарга кыйын болду! Жамандык жакындап келди. Бүгүн Яжуж менен Мажужтун тосмосу мына ушундай болуп ачылды» – деп бармагы менен сөмөйүн тоголок кылып бириктирип көрсөттү. Ошондо мен: “биздин арабызда салих адамдар болуп турса да биз кыйрап жок болобузбу?” – деп сурадым. Ал айтты: «Эгер бузукулук көбөйсө».* (Бухари, 6650)

ЯЖУЖ ЖАН МАЖУЖ КООМУНУН КЫЙРООСУ ЖАНА АЛАРДАН КИЙИНКИ ЖЫРГАЛЧЫЛЫК ЖАШОО

Яжуж жана Мажужтун жер бетинде зордук-зомбулугу жана бузукулугу жайылып, жадагалса жашылча-жемиштерди жана укум-тукумдарды да жок кылып жиберишкенден кийин, Иса пайгамбар жана анын жанындагылар Аллахка дуба кылышат. Себеби Яжуж жана Мажужтан келген балээге өздөрүнүн айласы жана күчү жетпегенден кийин Аллахтан жардам сурап дуба кылышат. Аллах алардын дубасын кабыл кылып. Аллах аларды жок кылыш үчүн болгону киченекей курттарды гана жөнөтүп койот. Алар биринин үстүнө бири чыгып, чегиртке кырылгындай эле кырылып калышат.

Жер бети алардын өлүктөрүнөн чыккан сасык жытка толуп калгандыктан адамдар үчүн жер бетинде жашаш мүмкүн болбой калганда Иса пайгамбар жана анын жанындагылар экинчи жолу Аллахка дуба кылышат.

Аллах алардын дубаларын кабыл кылып канаттууларды жиберет. Алар Яжуж жана Мажуж коомунун өлүктөрүн деңизге алып барып ташташат. Андан кийин Яжуж жана Мажужтун калдыктарын жууп кетиш үчүн Аллах таала жамгыр жөнөтөт. Андан кийин Аллах таала жерге өз жер-жемиштерин өстүрүп, берекесин берүүгө буйрук берет”. Бардык нерседе береке, молчулук жана токчулук болот. Иса пайгамбар жана анын жанындагылар амандыкта жана байлыкта жашашат.

Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат:

«…Ошондон кийин алардын арасынан (Яжуж жана Мажужтан) бирөө найзасын асманга карап ыргытканда, аларга (Аллахтан) балээ жана сыноо катары найзасы канга боёлуп кайтып келет. Ошондо алар: «Биз асмандагыларды да өлтүрдүк» деп текеберленишет. Алар ушундай абалда турганда, Аллах аларга Нагаф (Миазы) деген курт жиберет. Ал курт аларды моюндарынан жеп, чегиртке кырылгандай кырылып бири-бирине минген абалда өлүп калышат. Алардын дымы чыкпай калганынан мусулмандар: «Кайсы эр өз жанын аябастан барып алардын эмне болгонун билип келет» – деп сурушат. Ошондо алардан (мусулмандардан) өлүмгө даяр болгон абалда бир киши (чептен) чыгып, алардын (Яжуж жана Мажужтун) өлүп калганын көрөт да мусулмандарга: «Сүйүнчү! Душманыңар кыйрады» – деп жар салып, адамдарды (чептеринен) чыгарат…» (Ибну Маажах, 3313)

Калмырза Абдыкадыров
☑ ИсламОнлайнKG

Запись ЯЖУЖ ЖАНА МАЖУЖ КООМУНУН ЧЫГУУСУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2lEJbdg
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Курани Каримде «Кахф» сүрөөсүндө Яжуж Мажуж жөнүндө айтылат булар да башка адамдар сыяктуу эле Азирети Нух (а.с.)дын урпактарынан болот. Жана өтө согушчан жана күчтүү болушат. Кошуна жашаган элдерге кол салып алардын үйлөрүн бузушуп кымбат – баалуу нерселерин тартып алып жана өздөрүн өлтүрүп салышат эле. Алардын жамандыгынан жана бузукулугунан жан сактоо максатында Зулкарнайн өтө бекем дубал тургузган эле. Бир хадисте келет кыяматка жакын Иса (а.с.) мусулмандарды алып Тур тоосуна чыгып кеткенде Алла Таала Яжуж Мажужду койо берет. Жана алар ушунчалык тез атырылып чыккандыктан, бийиктиктен ылдый карай кулаган сыяктуу болуп көрүнөт. Алардын эң алдындагы адамдар Бухайра Табрия көлүнөн өткөндө андагы бардык сууну ичип кургатып салышат. Ошондо Иса (а.с.) мусулмандар менен кошо ал кыйынчылыктан чыгарууну Алла тааладан дуба кылып сурашат. Алла Таала алардын дубасын кабыл кылат. Жана Яжуж Мажужга жалпы эпидемия болгон оруну пайда кылат. Жана аз эле убакыттын ичинде Яжуж Мажуждун бары кырылып калат.

Кыяматтын белгилеринин бири болгон Яжуж-Мажуж коомунун "Темир дубалга" камалган болжолдуу жери - Чаткалдагы тоонун чокусу. Google картасында да Dam of Yagog & Magog деп жазылып турат. Аллах озу сактасын.



Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Акырет (арабча ахрет — тиги дүйнө, а дүйнө)— диний түшүнүк боюнча өлгөн адам баруучу башка чыныгы дүйнө, адам өлгөндөн кийин жашоочу дүйнө.

Кыямат, кыямат-кайым — диний түшүнүк боюнча жер астын-үстүн аңтарылып, жашоо (тиричилик) бүтүп, акыр заман болуучу мезгил. Исламда кыямат учурунда дини башкалар, мусулмандардын күнөөгө баткандары тозокко түшүп, мусулмандардын «такыбалары» бейишке чыгат деп айтылат.

Акыр кыямат күн Жума күнү башталат. Бул күнү чындык жана адилет Сот жүрүшү үчүн баардык адамзат тирилет жана Жаратуучусунун алдында турушат. Албетте Аллах мыйзамсыздыкты жана адилетсиздикти сүйбөйт. Бул улуу күнү салих инсандар бейишке киришип, ал эми күнөөкөрлөр тозоктун алоолонгон жалынына отун болушат. Көпчүлүк адамдар бүгүнкү күндө Аллахка жана Анын элчисине (Мухаммад алейхис саламга) ыйман келтиришкенин жарыялап, Лаа илааха иллаллах Мухаммадур расуулуллах келмесин айтышат да – бирок Акыретке ишенишпейт. Бейишти жана тозокту жокко чыгарышкандыгынан улам «Бейиш да жерде, тозок да жерде» сымал сөздөрдү угууга болот. О, кайран пенде! Кылган иштерине жаза катары адамдарга тозок менен бейиш беленделип даяр, жана сен ушуга ишенмейинче ыйманың туура болбойт. Инсан бул жерде туруп бейиштин укмуштугун көрө албайт да, тозокто азап чеккен үндөрдү да уга албайт. Бирок анын бар экенине Курандын ачык айкын аяттары далил. Ал эми Ыйык Куранда кездешкен көп сандагы укмуштуу жана илимий аят-белгилер – бул китеп Кудайдан экенине далил жана анын бардык кабарлары ак чындык экенине күбө.

Аллах Таала айтты:

«Инсан: “Мен өлгөндөн соң кайра жакында тирилемби?” – деп сурайт. Инсан Биз андан мурда жаратканыбызды эстебейби? Ал такыр жок эмес беле?!» (Мариам 19:66-67) «Чындыгында, жердин какырап куурап калганын көрөсүң. Анан Биз ага жамгыр жаадырган мезгилде кулпуруп, көөп чыгышы да Аллахтын далилдеринен. Акыйкатта аны тирилткен – Аллах. Ал өлүктөрдү да ушунтип тирилтет. Анткени, Ал – баардык нерсеге Кудуреттүү» (Фуссылат 41:39)

Пайгамбарыбыз алейхис-салам айтты:

«… андан кийин Аллах асмандан суу жиберип, адамдар чөпкө окшоп өсүшөт. Адамдын сөөктөрү бүт чирийт, бирок бирөөнөн башкасы. Ал – чычаң сөөк»

Кыяматтын чоң белгилери:

1- Дажжал чыгат.
2- Хазрети Иса көктөн түшөт.
3- Дүнүйөнү түтүн каптайт.
4- Күн батыштан чыгат.
5- Кааба кулатылат.

Кыяматтын кичине белгилери:

1. Зинадан туулгандар көбөйөт.
2. Ичимдик көп ичилет.
3. Зекет берилбейт.
4. Аялынын сөзүн угуп, энеге каршы чыгышат.
5. Пайызчылык ашкере болот.
6. Билимдүү же аалым делгендерде кымындай да ыйман болбойт.
7. Күнөө кылууга үндөөлөр, чакырыктар көбөйөт.
8. Жакшылыкка тоскоолдук кылынат.
9. Кошуналар бири-бирин жамандайт.
10. Адам өлтүрүү көбөйөт.

Ислам окумуштуусу: Алманбет Осмон уулу.

The post Акырет жана Кыямат appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 22, 2015 at 07:38AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

⬅  Кыяматтын белгилери – 1  
⬅ Кыяматтын белгилери – 2
📌 ӨЗҮН ПАЙГАМБАР ДЕП АТАГАН ЖАЛГАНЧЫЛАРДЫН ЧЫГУУСУ.

Кыяматтын дагы бир белгиси – өзүн пайгамбармын деп атаган жалганчылардын чыгуусу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) алардын саны отузга жакын болорун айткан. Хадисте: “Өздөрүн Алланын элчисимин деп эсептеген отузга жакын жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт” – деп айтылган. (Имам Бухари).

Чындыгында, Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманынан баштап бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жалганчылар чыкты. Мындай жалганчылар Кыя-матка чейин чыга берет. Анткени, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу хутба кылып жатып: “Аллага касам, отуз жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт, алардын акыркысы кыйшык көздүү Дажжал болот” – деп айткан. (Имам Ахмад).

Ошондой эле Савбан (Алла андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Менин үммөтүмдүн кээ бирөөлөрү мушриктерден өтүп, эстеликтерге сыйынмайынча жана өздөрүн пайгамбар деп эсептеген отуз жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт. А мен болсо, пайгамбарлардын акыркысымын, менден кийин пайгамбар келбейт” – деп айткан. (Тирмизи, Абу Дауд).

Ал эми Хузайфа (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам- салаваты болсун): “Менин үммөтүмдөн жыйырма жети жалганчы чыгат, алардын төртөөсү аял. Чындыгында мен пайгамбарлардын акыркысымын, менден кийин пайгамбар чыкпайт” – деген. (Имам Ахмад, Табарани).

Тарыхта биздин убакка чейин жыйырма жети жалганчы чыккан. Алардын төртөөсү аялдар болгон. Булардын баары өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Булардан сырткары да көптөгөн жалганчылар чыккан жана чыга берет. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан отузга жакын жалганчынын артынан ээрчиген жана ага ишенген адамдары болот. Алар адамдардын арасында чоң бөлүнүп-жарылууну жана бузукулукту таратышат. Ал эми азыркы учурдагы “Мен өлүп тирилдим”, “Бейишти көрүп келдим, тозокту көрүп келдим”, “Түшүмдө аян келди” деген сыяктуу сөздөрдү айтып чыккан жалганчыларды эч ким ээрчибейт. Алар болгону өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгы үчүн жалган айтып чыккан, же жин- шайтандарга кул болуп калган “көзү ачыктар” эле. Алардын Пайгамбарыбыздын (Алла андан ыраазы болсун) “Отузга жакын жалганчы чыгат” – деген хадисине тиешеси жок.

📌ӨЗҮН ПАЙГАМБАР ДЕП ЖАРЫЯЛАГАН КЭЭ БИР ЖАЛГАНЧЫЛАР:
  1. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жашоосу аяктап калган мезгилде, Йемендик ал-Асвад Аьнсий аттуу адам өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Ал өзү мусулман болгон. Анан динден кайтып кетет. Бул – пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманындагы биринчи динден кайтуу эле. Ал түн ичинде өзүнө асмандан вахий келгендигин айтып, айланасына адамдарды топтой баштайт жана Йеменде үч-төрт ай өкүмүн жүргүзүп турат. Пайгамбарыбыз Йемендин мусулмандарына кат жөнөтүп, аларды жалганчыны жок кылууга чакырат. Катты туура кабыл алган мусулмандар аны өлтүрүшөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин Йеменде кайрадан Ислам күчүнө кирип, адамдар дин менен жашай башташат.
  2. Толиха бин Хувайлид ал-Асадий. Бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Мусулмандар аны менен бир канча жолу согушушкан. Акырында ал кайрадан динди кабыл алып, мусулман болгон.
  3. Мусайламатул-каззаб. “Мусайлама жалганчы” деген ат менен белгилүү болгон бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Ал, түн ичинде өзүнө вахий келе баштаганын айтып чыккан. Абу Бакр Сыддык (Алла андан ыраазы болсун) ага каршы аскерлерин жөнөтөт. Аскерди Халид бин Валид, Икрима бин Абу Жахил жана Шархабил бин Хасана (Алла алардан ыраазы болсун) баштап барат. Мусайлама аларга каршы кырк миң аскер менен тосуп чыгат. Айыгышкан катуу согушта Мусайлама өлтүрүлгөн. Аны Ухуд согушунда Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөн Вахш бин Харб өлтүрөт. Вахш бин Харб Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөндөн кийин, пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) чакыруусу менен динди кабыл кылган болчу. Ал Хамазаны өлтүргөн күнөөсүн жууш үчүн атайын Мусайламанын артынан түшүп, акыры аны өлтүрөт. Му-сайлама өлүрүлгөндөн кийин Ислам дини кайрадан өркүндөй баштаган.
  4. Сажаах бинт Ал-хаарис ат- Таглибия. Бул аял араб христиандарынан болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өткөн соң, өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Айланасына көптөгөн адамдарды топтоп, айланасындагы урууларды басып алган. Ал жүрүп отуруп Ямамага чейин жетет. Ошол жерде Мусайламага жолугуп, ага турмушка чыгат. Мусайлама өлтүрүлгөндөн кийин өз жери Таглабага кайтып кетет. Кийин Исламды кабыл алган. Өмүр аягында Басрага көчүп барып, ошол жерде каза болгон.
  5. Мухтар бин Абу Убайд ас- Сакафи. Бул адам таабиьиндердин заманында чыккан. Шийиттердин арасынан чыккан бул жалганчы, өзүнө Жибрийил периште түшкөндүгүн айтып чыккан. Мусьаб бин Зубайр ага каршы бир канча жолу согушуп, акырында Мухтарды өлтүргөн.
  6. Харис бин Саьид. Димашкодон (Дамаск) чыккан бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Халифа Абдул Малик бин Марван анын жалганчылыгы тууралу билип, ага аскерлерди жөнөтөт. Харис изин жашырып, жашынып калат. Аскерлер аны таап Халифага алып келишет. Халифа бир топ илимдүү адамдарды ага киргизип, аны Исламга кайтарууга аракет кылат. Бирок, Харис тооба кылуудан баш тарат жана өлтүрүлөт.
  7. МирзоГуламАхмадКадиани. ОнтогузунчукылымдаИндияданчыкканбулжалганчыдаөзүнпайгамбардепжарыякылган. Алөзайланасынатоптогонадамдарга “акыркыпайгамбар” экендигинайткан. Өзүнүнпайгамбарлыгындалилдөөгөдалаалаткылганбирканчакитептердижазган. Ошол замандагы Ислам дининин душмандары аны динге каршы курал катары колдонуп, ага материалдык жардамдарын көрсөтүп турушкан. Натыйжада, анын жолун жолдогондор көбөйүп, азыркы учурга чейин “Ахмадия”, “Кадиания” деген агымдар жашап келет. Ал эми бир китебинде “Менин үйүмө чума оорусу кирбейт” деп жазган Ахмад Кадиани дал ушул оору менен ооруп, ажаткана ичинде жан берген.

🔄 Уландысы бар…

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 3   appeared first on FORMULA.KG.


October 21, 2015 at 02:52PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

⬅  Кыямат алааматтары – 1

😷 ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАР­ДЫН КЫРЫЛУУСУ

Өлүмдүн көп болуусу да – Кыяматтын жакындап калганын билдирет. Ауф бин Малик айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандар­га өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөө­гө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын кө­бөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер ме­нен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты” – деп айткан. (Имам Бухарий).

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол­сун) Чума оорусун малдын шарп ооруусуна салыштыруусунун се­беби, мал шарп болгондо анын оозунан же туяктарынан суу кую­лат да, дароо жан берет. Чума оорусунда да денеге чыккан жа­радан суу агып, адам бат эле кай­тыш болот.

Кээ бир аалымдар, бул кы­рылуу Палестинада Кудус мечи­тине жакын жайгашкан Аьмваас аймагында болуп өткөн чума ооруусу деп айтышат. Бул оору Умар (Аллах андан ыраазы бол­сун) Кудус мечитин алган жылдан кийин (18-х, 639-ж) пайда болуп, Шам (Сирия) жергесине чейин тараган. Оорунун айынан 25 000 мусулман каза болгон. Алардын арасында Муьаз бин Жабал, Абу Убайда, Шархабийл бин Хасна, Фазл бин Аббас ж.б. (Аллах алар­дан ыраазы болсун) сахабалар да бар эле.

👠 АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Бүгүнкү күндөрү уламдан- улам пайда болуп, адамдарды бузуп, туура жолдон адашуусуна себеп болуучу каражаттар – Кыя­маттын белгиси.

Биринчи – арам кылынган нерселерди көрүү. Газета-жур­налдар, телевидение, интернет, уюлдук телефон ж.б.у.с. аркылуу адамдардын ой-пикирин бузуу кеңири таралууда. Кароого бол­бой турган кинолорду, сүрөттөр­дү азыр ар кайсы жерден көрүүгө болот. Эң алыскы тоолуу аймак­тарда, боз үйдүн ичине чейин мындай бузукулуктар ээлеп ал­ган. Жылаңач аялдардын сүрөтүн бардык жарнамалардан, балдар­дын оюнчуктарынан, кол баш­тыктардан, окуу куралдарынан, идиш-аяктардан, тамак-аштар­дан, кийим-кечелерден, кыскасы бардык буюм-теримдерден кө­рүүгө болот.

Экинчи – арам жол менен та­мак табуу. Уурулук, зордук-зом­булук, каракчылык, паракорлук, сүткордук, таразадан алдоо, соо­дадан алдоо ж.б.у.с. баары – Кыя­маттын белгиси. Ошондой эле арам тамактардын жайылуусу б.а. чочконун эти, арак, Аллахтын аты аталбастан союлган малдын эти, арам өлүп калган малдын эти ж.б.у.с. күнүбүздө кулачын керип бара жатат. Бузукулуктун абдан көбөйгөнүнөн улам такыба адам­дар да андан качып кутула албай калат. Жеген тамагыңдын адал же арам экенинен күмөн санап кала­сың. Аллахтын жолунан чыкпай жүргөн адамдар колуна чок карма­ган сыяктуу болуп жүрүшөт. Бузу­кулуктар биринин артынан бири пайда болуп, улам кийинки чык­каны мурункусунан күчтүүрөөк боло берет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Жакшы амалдарды жасоо менен түн караңгылыгындай каптаган бузукулукту тоскула. Бир күн ке­лет, эртең менен мусулман болуп чыккан адам кечинде каапыр бо­луп келет. Кечинде мусулман бо­луп турган адам, эртең менен каа­пыр болуп калат. Адамдар динин дүнүйө үчүн сатып жиберишет” – деп айткан. (Имам Муслим). Ха­дисте бузукулуктун абдан күчтүү болгондугунан улам, адамдар бат азгырылып, ыйманын сактай ал­бай калуусу жөнүндө айтылган.

📡 СПУТНИКТИК КАНАЛДАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Азыркы учурда спутниктин каналдардын саны 13 000 ге жа­кындап калды. Алардын дээрлик көпчүлүгү бузукулукту таркаты­шат. Жогоруда айтылган хадис­теги “Түн караңгылыгындай кап­тап кирген бузукулуктун” бири дал ушул каналдар. Хузайфа бин Яман (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: “Силерге асмандан ушундай жамандыктар келет, ан­дан талаадагы чатыр да кутула албайт”. (Ибн Абу Шайба). Араб­дарда “Ассамаа” деген сөз асман маанисинде гана эмес, “өйдө” де­ген маанини да билдирет. Жого­рудагы асмандан жамандыктар дегендин мааниси – өйдөдөн б.а. спутниктер аркылуу келе турган жамандыктарга айтылган. Азыр эң алыскы тоодо жайгашкан боз үйдүн жанынан да спутник анте­насын көрүүгө болот.

🔄 Уландысы бар…

🔎 http://ift.tt/1GQdsJW

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 2 appeared first on FORMULA.KG.


October 20, 2015 at 08:58AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

📌 2. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АГА АЛЛАХТЫН САЛАМ-САЛА­ВАТЫ БОЛСУН) БУЛ ЖАШООДОН ӨТҮҮСҮ

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Аллах­тын салам-салаваты болсун) бул дүй­нөдөн өтүүсү – Кыяматтын жакын кал­гандыгын билдирет. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Табук согушунда мен пайгамбары­бызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) барсам, ал тери чатырдын ичинде отурган экен. Анан ал мага ка­рап: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айтты». (Имам Бухарий).

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун) дүй­нөдөн өтүүсү Кыяматтын жакындап калганын айгинелеген негизи белги­лердин бири. Анткени, пайгамбары­быз акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. Демек, акыркы пайгамбардын келүүсү жана кайтыш болуусу Кыямат жакын калганын бил­дирип турат.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйшөмбү күнү бул жашоого келген эле, дал ушул күнү бул жашоодон кетти. Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү мусулмандар үчүн абдан чоң жоготуу болду. Асмандан кабардын түшүүсү токтоду. Эң алгачкы бузукулуктар пай­да боло баштады. Кээ бир арабдардын динден кайтып кетүүсү башталды.

✂ 3. АЙДЫН ТЕҢ ОРТОСУНАН ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮСҮ

Аллах Таала Куранда минтип айтат: «Кыямат жакындады жана Ай (экиге) бөлүндү. Алар (Курайш каа­пырлары) моожизаны көрүп турушса да, (чындыктан) жүз үйрүп: «Бул – ар дайым болуучу сыйкыр» – дей баш­ташты». (Камар, 1-2-аяттар).

Алхаафиз бин Касирдин ай­туусунда, бул окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында болгон. Бул туурасында бир канча туура хадистерде айтылган. Баардык аалымдар бул окуянын пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) заманында болгон­дугун жана ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бе­рилген моожиза экендигин айтышкан.

Анас (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: «Меккелик каапырлар пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кандайдыр бир белги көрсөтүүнү талап кылыш­ты. Ошондо ал аларга айды экиге бө­лүп көрсөттү». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж.б).

Абдуллах бин Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Биз Ми­нада пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен турган учурда, ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү тоонун артына, экинчиси алды жагына келип калды. Ошол учурда пайгамба­рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге: «Күбө болгула» – деп айтты». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж. б.).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраа­зы болсун) айтат: «Мушриктер чогу­луп пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келишти да: «Эгерде сен чынчыл болсоң, анда айды экиге бөлүп бер, бир бөлүгү Абу Кубайс тарапка, экинчиси Койикоьан тарапка болсун» – дешти. Бул түнү ай он төртүнө карап, толуп турган эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са­лам-салаваты болсун) Аллахка кайры­лып, алардын сураганын дуба кылды. Ошондо ай экиге бөлүндү, бир бөлү­гү Абу Кубайс тоосу тарапка, экинчи­си Койикоьан тоосу тарапка ажырап калды. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жа­нындагыларга карап: «Күбө болгула» – деди». (Абу Наьийм).

🏰 4. КУДУС МЕЧИТИНИН МУ­СУЛМАНДАРДЫН КОЛУНА ӨТҮҮСҮ

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнө­дөн өткөн мезгилде «Кудус мечити» Рум христиандарынын кол алдында болчу. Ал мезгилде Рум империясы эң күчтүү державалардын бири болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) «Кудус мечитинин» мусулмандардын колуна өтүүсүн сү­йүнчүлөп, аны Кыяматтын жакында­ганынын белгиси катары айткан. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы бол­сун) айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айткан. (Имам Бухарий).

Тарыхта Кудус мечити эки жолу мусулмандардын колуна өткөн. Би­ринчи, Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында (16-хижра, 637-ж) мусулмандардын колуна өтүп, ал жерди каапырлардан тазалап, ме­чит салышкан.

Экинчи жолу Салахиддин Айюби тарабынан (583-хижра, 1187-ж) мусул­мандардын колуна өткөн.

Кыяматка чейин Кудус мечити мусулмандардын колуна дагы өтөт. Бул мечиттин айланасында болгон уруштар туурасында кийин кенени­рээк айтылат.

🔄 Уландысы бар…
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

🔎 http://ift.tt/1LZsQoH

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 1 appeared first on FORMULA.KG.


October 19, 2015 at 04:58PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Акыркы күндөрү бир гана мусул­ман журтчулугу эмес, жалпы дүйнө жүзүндө “Акыр заман” болору туу­ралуу ар түрдүү сөздөр айтылып келүүдө. Ал эмес кээ бирөөлөр анын убактысын так белгилеп, “ушул жылы, ушул күндө” болот деп да ай­тып чыгышты. Ооба, Кыямат ка­йымдын башталуусу Аллахтан баш­ка эч кимге белгилүү эмес. Ар түрдүү жалганчылардын сөзүнө ишенүүнүн зарылдыгы да жок. Ошондой болсо да, ар тараптан айтылган сөздөр эл арасында ар кандай ой-пикирлерди жаратпай койбойт экен. Жалган­чыларга ишенип, ишин таштап, жер астына кирип, Кыямат кайымдан “аман” калууну көздөгөндөр да чы­гууда. Ошондой эле, мусулман коом­чулугунун арасында да, кыяматтын башталуусу тууралу ар түрдүү ой- пикирлер көбөйүүдө. Мына ушундай көйгөйлөрдү эске алып, элибизге туура түшүнүк берет деген ишеним менен, гезитибизге Кыяматтын бел­гилери тууралу маалымат берүүнү туура таптык. Кыяматтын белги­лери тууралуу маалымат алуудан алдын, биз төмөнкүлөргө көңүл бу­руубуз зарыл:

  1. Кыяматтын белгилерине да­лилди Курандан жана хадистен гана келтирүү керек. Себеби, бул экөөсү кайып нерселер тууралуу маалы­мат берүүчү булак болуп эсепте­лет. Аллах Таала Куранда минтип айткан: “Айт: “Асмандардагы жана жердеги кайыпты эч ким билбейт. Бир гана Аллах билет..”. (Намл, 65- аят). Ошондой эле дагы бир аятта: “Кайыпты билүүчү (Аллах) Ал Өз ка­йыбын эч кимге билдирбейт. Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет” – деп айтылган. (Жин, 26-27-аяттар). Ал эми мурдагы ки­тептерде айтылган, же кимдир-би­рөөлөрдүн түшүнө кирди деп айтыл­ган, же эч кандай далили жок эле ай­тылып калган белгилерге ишенүүгө жана аны башкаларга жайылтууга болбойт.
  2. Кыяматтын белгилери туура­луу айтылган хадистер мейли пай­гамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) тарабынан бол­сун, же сахабалар тарабынан болсун туура, шексиз хадис болуусу керек.
  3. Кыяматтын белгилери туура­луу айтуучу же жазуучу адам, аны ачыкка чыгаруудан алдын, илимдүү адамдардын текшерүүсүнөн өткө­рүүсү зарыл.
  4. Кыяматтын белгилери туу­ралуу айтуудан же жазуудан алдын, алар тууралуу кеңири маалымат алуу керек. Анткени, өзүң жакшы билбеген нерсени башкаларга жет­кире албайсың. Али (Аллах андан ыраазы болсун) айткан: “Адамдарга өзүңөр билген нерсени гана айткыла. Кокустан Аллахка жана Анын элчи­сине жалганчы болуп калбагыла”. (Имам Бухарий). Ал эми Ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) мин­тип айткан: “Адамдардын акылына толук жеткире албаган сөзүң – кээ бирөөлөрдү азгырып кетүүсү мүм­күн”. (Имам Муслим).
  5. Кыяматтын белгилеринде, ай­рыкча чоң белгилеринде айтылган Дажжал, имам Махди сыяктуулар­ды өз акылы менен “Мына ушул адам ошол” деп кимдир бирөөгө айтууга болбойт. Мисалы: “Асраарус-саат” аттуу китепте, автор Ирандын жол башчысы Мухаммад Хаати­мийди Дажжал деп айтса (автор Фахд Саалим), “Алмасихуд-Дажжал” аттуу китепте, Сагдам Хусейндин Имам Махди экендиги айтылган. (Ав­тор Саьид Аюб). Мына ушул сыяктуу жеке пикирлер, адамдардын Кыя­маттын белгилерине болгон ише­нимин алсыздатып, адашууга алып баруусу мүмкүн.

Кыяматын белгилери болуу убактысына карай үчкө бөлүнөт:

– Толук болуп өткөн белгилер. Мисалы: Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбар болуп келүүсү, анын өлү­мү, айдын экиге бөлүнүүсү ж.б.

– Азыркы учурда болуп жана ула­нып жаткан белгилер. Мисалы: ба­зарлардын көбөйүүсү, өлүмдүн көбө­йүүсү, жазуунун көбөйүүсү ж.б.

– Таптакыр боло элек белгилер. Мисалы: Дажжалдын чыгуусу, жа­ныбардын чыгуусу ж.б.

Ал эми өзүнүн таасири жана маанилүүлүгүнө карай экиге бөлү­нөт:

– Кыяматтын кичине белгилери

– Кыяматтын чоң белгилери

Кыяматтын кичине белгилери болуп бүткөн соң, анын чоң белгилери биринин арынан бири уланып келет. Ал эми Кыяматтын чоң белгиле­ринин аягы Кыяматтын кайым бо­луусу менен бүтөт. Чоң белгилердин саны он. Алар: түтүн, Дажжал, жа­ныбар (Даабба), күндүн батыштан чыгуусу, Иса пайгамбардын түшүүсү, Яжуж-Мажуждун чыгуусу, батыш­та, чыгышта жана араб аралында болуучу жер жутуу, адамдарды Мах­шарга айдап баруучу оттун чыгуусу.

Урматтуу окурман! Мындан ары гезитибиздин “Кыямат качан болот?” аттуу рубрикасынан Кыя­маттын белгилери тууралуу толук маалымат берүүгө аракет кылабыз. Биз берген маалыматтарга туура түшүнүп, жашоодо анын пайдасын көрө аласыздар деп ишенебиз.

  1. 1. Пайгамбарыбыз Мухаммад­дын (Ага Аллахтын салам-салава­ты болсун) пайгамбар болуп ке­лүүсү

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн пай­гамбар болуп келүүсү Кыяматтын жакындагандыгынын белгиси экен­дигин айткан. Бул – Кыяматтын ки­чине белгилеринин эң биринчиси. Сахл бин Саьд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сөөмөй жана ортонку манжасын көрсөтүп: “Мени менен Кыяматтын аралыгы ушунчалык” – деп айтып жатканын уктум. (Имам Бухарий, Имам Муслим).

Экинчи айтымда, Пайгамбары­быз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Мен Кыяматтын алдында жөнөтүлдүм” – деп айткан. (Хааким).

Аллах Таала адам баласын жа­раткандан кийин, аларды жөн гана таштап койбостон, аларга туура жол көрсөтүүчү пайгамбарларды жөнө­түп турган. Алар ар кайсы заманда, ар кайсы коомдорго жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Тарыхтагы) баардык үммөттөр арасында Эскер­түүчү (пайгамбар) болгон” (Фатир, 24-аят), жана “(Кыяматта) адамдар­дын колунда Аллахка каршы далил болуп калбоосу үчүн жакшы кабар­ды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү пайгамбарларды жөнөттүк” – деген сыяктуу көптөгөн аяттарды түшүр­гөн. (Ниса, 165-аят).

Ошондой эле Куран жана хадисте айтылбаган да пайгамбарлар бол­гон. Анткени, баардык пайгамбар­лардын кабары бизге айтылган эмес. Аллах Таала Куранда: “Биз сага (оо, Мухаммад) баян кылып берген жана баян кылып бербеген да пай­гамбарлар бар” – деп айткан. (Ниса, 164-аят).

Биринчи пайгамбар – Адам (Ага Аллахтын саламы болсун), бирин­чи элчи – Нух (Ага Аллахтын сала­мы болсун). Ал эми эң акыркы пай­гамбар жана элчи Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-са­лаваты болсун). Пайгамбарыбыз­дын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эң акыркы пайгамбар экен­диги тууралуу Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден эч бир эркек­тин атасы эмес. Ал – Аллахтын элчи­си жана пайгамбарлардын акыркы­сы” – деп айткан. (Ахзаб, 40-аят).

Адам атадан бери келген пай­гамбарлардын көптөгөн окшош­туктары болгон. Ошондой эле Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мурдагы пайгамбарлардан айырмаланган өз­гөчөлүктөрү болгон:

  1. Ал – баардык адамдарга пай­гамбар болуп жиберилген. Аллах Таала Куранда: “(Оо, Мухаммад, сен адамдарга): “Эй, адамдар! Мен си­лердин баарыңар үчүн Аллахтын элчисимин. Асмандар менен жердин кожоюндугу – Аллахка таандык. Ан­дан башка кудай жок. Ал – тирилтет жана өлтүрөт. Аллахка жана Аллах­тын сөзүнө ишенгиле, жиберилген сабатсыз элчисине ишенип, аны ээр­чигиле. Балким туура жолду табаар­сыңар – дегин” – деп айткан. (Аьраф, 158-аят).
  2. Ал – бүткүл ааламды ырахмат кылуучу пайгамбар болуп жиберил­ген. Аллах Таала Куранда: “Биз сени бүткүл ааламдарга мээрим катары жөнөттүк” – деп айткан. (Анбия, 107- аят).
  3. Ал – пайгамбарлардын акыркы­сы. Аллах Таала Куранда: “Мухаммад силерден кайсы бир эркектин атасы эмес, бирок Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын мөөрү” – деп айт­кан. (Ахзаб, 40-аят).
  4. Ал – адамдар менен бирге эле жиндерге да пайгамбар катары жи­берилген. Аллах Таала Куранда жин­дердин: “Оо, коомубуз! Аллахтын чакыруучусуна жооп бергиле” деген сөзүн айткан. (Ахкаф, 31-аят). Ошон­дой эле: “Айткын (оо, Мухаммад) “Мага кабар берилди. Жиндердин бир тобу китептин окулганын угуп алышып, минтип айтышты: “Биз чындыгында кереметтүү Куранды уктук” – деп айткан. (Жин, 1-аят).
  5. Анын кулк-мүнөзү өтө жо­гору болгон. Аллах Таала Куранда Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сыпаттап: “Сен – улуу кулк-мүнөздүн ээсисиң” – деп айткан. (Калам, 4-аят).
  6. Ал кимге кечирим тилесе, Ал­лах Таала аны кабыл кылган. Аллах Таала Куранда: “Эгерде алар өздө­рүнө адилетсиздик кылышса сага келишет да, Аллахтан кечирим сура­шат, алар үчүн Аллахтын элчиси да кечирим сураганда, алар Аллахтын Тообаларды Кабыл Кылуучу, Мээ­римдүү экендигин табышар эле” – деп айткан. (Ниса, 64-аят).
  7. Ага жана анын үммөтүнө олжо адал болду. Аллах Таала Куранда: “Олжо түрүндө алган адал, таза нер­селерди жегиле жана Аллахтан корк­кула» – деп айткан. (Анфал, 69-аят).
  8. Ал асманга көтөрүлүү даража­сына ээ болду. Бул жөнүндө Аллах Таала Куранда: «Харам мечитинен белгилерибизди ага көрсөтүү үчүн айланасын Биз берекелүү кылган Аксаа мечитине пендесин сейил кылдырган (Затка) аруулук болсун!» – деп айткан. (Исра, 1-аят).
  9. Анын үммөтү эң жакшы үммөт болду. Аллах Таала Куранда: «Аллах­ка ыйман келтирген, жакшылык­ка чакырып, жамандыктан тыйган, адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар» – деп айткан. (Аалу Имран, 110-аят).
  10. Ага Бейиштен Кавсар суу­су берилген. Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, Биз сага «Кавсарды» тартуу кылдык» – деп айткан. (Кав­сар, 1-аят).
  11. Ал колдоочу (шапаат кы­луучу) даражага ээ болду.

Ал эми пайгамбарыбыздын эң негизги өзгөчөлүгү – анын акыр­кы пайгамбар болгондугунда. Пай­гамбарыбыз акыркы замандын пай­гамбары. Аны менен Кыяматтын ор­тосунда башка пайгамбар болбойт.

The post Кыямат качан болот? appeared first on FORMULA.KG.


October 03, 2015 at 09:10AM
Технологии Blogger.