ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАРДЫН КЫРЫЛУУСУ
Өлүмдүн көп болуусу да – Кыяматтын жакындап калганын билдирет. Ауф бин Малик айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандарга өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты” – деп айткан. (Имам Бухарий).
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Чума оорусун малдын шарп ооруусуна салыштыруусунун себеби, мал шарп болгондо анын оозунан же туяктарынан суу куюлат да, дароо жан берет. Чума оорусунда да денеге чыккан жарадан суу агып, адам бат эле кайтыш болот.
Кээ бир аалымдар, бул кырылуу Палестинада Кудус мечитине жакын жайгашкан Аьмваас аймагында болуп өткөн чума ооруусу деп айтышат. Бул оору Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Кудус мечитин алган жылдан кийин (18-х, 639-ж) пайда болуп, Шам (Сирия) жергесине чейин тараган. Оорунун айынан 25 000 мусулман каза болгон. Алардын арасында Муьаз бин Жабал, Абу Убайда, Шархабийл бин Хасна, Фазл бин Аббас ж.б. (Аллах алардан ыраазы болсун) сахабалар да бар эле.
АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАРДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ
Бүгүнкү күндөрү уламдан- улам пайда болуп, адамдарды бузуп, туура жолдон адашуусуна себеп болуучу каражаттар – Кыяматтын белгиси.
Биринчи – арам кылынган нерселерди көрүү. Газета-журналдар, телевидение, интернет, уюлдук телефон ж.б.у.с. аркылуу адамдардын ой-пикирин бузуу кеңири таралууда. Кароого болбой турган кинолорду, сүрөттөрдү азыр ар кайсы жерден көрүүгө болот. Эң алыскы тоолуу аймактарда, боз үйдүн ичине чейин мындай бузукулуктар ээлеп алган. Жылаңач аялдардын сүрөтүн бардык жарнамалардан, балдардын оюнчуктарынан, кол баштыктардан, окуу куралдарынан, идиш-аяктардан, тамак-аштардан, кийим-кечелерден, кыскасы бардык буюм-теримдерден көрүүгө болот.
Экинчи – арам жол менен тамак табуу. Уурулук, зордук-зомбулук, каракчылык, паракорлук, сүткордук, таразадан алдоо, соодадан алдоо ж.б.у.с. баары – Кыяматтын белгиси. Ошондой эле арам тамактардын жайылуусу б.а. чочконун эти, арак, Аллахтын аты аталбастан союлган малдын эти, арам өлүп калган малдын эти ж.б.у.с. күнүбүздө кулачын керип бара жатат. Бузукулуктун абдан көбөйгөнүнөн улам такыба адамдар да андан качып кутула албай калат. Жеген тамагыңдын адал же арам экенинен күмөн санап каласың. Аллахтын жолунан чыкпай жүргөн адамдар колуна чок кармаган сыяктуу болуп жүрүшөт. Бузукулуктар биринин артынан бири пайда болуп, улам кийинки чыкканы мурункусунан күчтүүрөөк боло берет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Жакшы амалдарды жасоо менен түн караңгылыгындай каптаган бузукулукту тоскула. Бир күн келет, эртең менен мусулман болуп чыккан адам кечинде каапыр болуп келет. Кечинде мусулман болуп турган адам, эртең менен каапыр болуп калат. Адамдар динин дүнүйө үчүн сатып жиберишет” – деп айткан. (Имам Муслим). Хадисте бузукулуктун абдан күчтүү болгондугунан улам, адамдар бат азгырылып, ыйманын сактай албай калуусу жөнүндө айтылган.
СПУТНИКТИК КАНАЛДАРДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ
Азыркы учурда спутниктин каналдардын саны 13 000 ге жакындап калды. Алардын дээрлик көпчүлүгү бузукулукту таркатышат. Жогоруда айтылган хадистеги “Түн караңгылыгындай каптап кирген бузукулуктун” бири дал ушул каналдар. Хузайфа бин Яман (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Силерге асмандан ушундай жамандыктар келет, андан талаадагы чатыр да кутула албайт”. (Ибн Абу Шайба). Арабдарда “Ассамаа” деген сөз асман маанисинде гана эмес, “өйдө” деген маанини да билдирет. Жогорудагы асмандан жамандыктар дегендин мааниси – өйдөдөн б.а. спутниктер аркылуу келе турган жамандыктарга айтылган. Азыр эң алыскы тоодо жайгашкан боз үйдүн жанынан да спутник антенасын көрүүгө болот.
Уландысы бар…
http://ift.tt/1GQdsJW
The post 🔥 Кыямат алааматтары – 2 appeared first on FORMULA.KG.
October 20, 2015 at 08:58AM
Отправить комментарий