Жашы сексенден өтүп калган абышка сылтый басып үйүнө келе жатты. Өмүрүн Жаратканга ибадат кылуу менен өткөрүп келе жатканына карабай, акыретин ойлоп көп тынчсызданат. Аллахтын алдына барганда жүзүм жер карап калбаса болду деп, баса-турса оозунан зикирин түшүрбөйт. Азыр да мечиттен бери көздөй бир канча жол басып үйүнө жеткенче: “Аллахым, мендей күнөөкөр пендеңе бейишиңдин эшигин ачык кыла көр” деп күбүрөнүп келди. Үйүнө келсе, кемпири кашайып дарбазаны илип алыптыр. Абышка дарбазаны алсыз колу менен каккылай баштады. Бир жолу какты. Анан дагы бир жолу. Үчүнчү жолу колун көтөрүп бара жатып, дарбазага сүйөнө калды да жылмышып жерге жыгылып калды.
Самоорго чайын коюп, абышкасын күтүп олтурган кемпир чыдамсыздана баштады. Карангүн, эрте эле келчү эле, дагы бирөө менен баарлаша калды го көчөдө. Бир аз олтурган кемпир, чыдабай сырка чыкты. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, дарбазанын алдында абышкасы жатыптыр топуракка пурланып. Кемпир чочуп кыйкырып жиберди, анан өзүн алдырбай абышкасынын тамырын кармай калды. Кудайга шүгүр, тирүү экен, тамыры согуп жатат. Үйүнө чуркап, бир кесеге суу алып чыгып, чачты абышкасынын бетине. Абышка уйкудан ойгонгонсуп чочуп турду. Кемпир безилдеп жиберди:
– Кашайып дарбазаны иле калган турбаймынбы, көпкө күтүп кагансың го карангүн.
Абышка оор үшкүрүп алды:
– Жок, кемпир, кеп анда эмес. Эшикти кагып жатып: “Бул го өз үйүм, эртең Аллахтын алдында бейиш эшиги ушундай жабык болсо эмне кылам” деп ойлой калбадымбы, андан аркысын өзүм да билбейм…
The post Жабык дарбаза appeared first on FORMULA.KG.
October 07, 2015 at 02:48PM
Отправить комментарий