Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты. Али (Аллах андан ыраазы болсун) колу менен сакалын кармап: “Оо, дүнүйө, менден башканы алда! Менин жолумдан эч качан тосуп чыкпагын! Мен сага үч талак берип ажырашканмын, эми сени кайра албаймын! Оо, дүнүйө, сенин өмүрүң кыска, оо, Али, сенин болсо азыгың өтө аз” деп айтат эле.
Урматтуу мусулман бир тууганым! Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Акылдуу адам, өзүнө эсеп берет, өлүмдөн кийинки күнүнө даярданат, алсыз адам өз нафсисине кул болот, эч кандай амалы жок, бирок Аллахтан үмүт кылат”. Акылдуу адам өзүнүн эмне иш кылып жатканына кунүнө, жумасына, же айына бир жолу эсеп берет. Өзүнө убакыт бөлөт. Тажрыйбалуу соодагерлер күн сайын соодасынын эсебин алып турат. Канча киреше түштү? Канча чыгаша чыкты? Соодасы алга жылып жатабы, же артка кетип жатабы? Мына ушундай эсеп-кысаптын күчтүүлүгү менен ал ийгиликке жетишет. Эгерде соодасында эсепкысап кылбаса, киреше-чыгашасын билбесе, анда ал аз убакыттын ичинде зыянга учурайт, карызга батат. Адамдын өмүрү да ушул сыяктуу. Ар бир саатыңа, ар бир мүнөтүңө эсеп берип турбасаң, өмүрдүн кайда кеткенин билбей кала турган күн келет. Маймун бин Михрон деген аалым айтат: “Пенде, кызматчысынан эсеп алган сыяктуу өзүнөн да эсеп алмайынча, такыбалардын катарына кошула албайт”. Буга чейин эмне кылдым? Бүгүн эмне кылып жатам? Эртең эмне кылуум керек? Мына ушундай суроолор ар бирибизге берилүүгө тийиш. Анткени, бул дүйнө кыска, канча көп жашаба, бары бир дүйнөнүн аягына жетесиң. Үйлөрүбүздү канчалык бийик салбайлы, баары бир жердин алдына кирип жата турган убакыт келет. Язид күн сайын өзүнө эсеп берип, ыйлайт эле: “Абалың кыйын сенин Язид, сен өлсөң сен үчүн ким намаз окуйт, сен өлсөн, сен үчүн ким орозо кармайт?”
Урматтуу мусулман бир тууганым! Биз дагы өзүбүздүн жасаган амалдарыбызга карайлы. Аллахтын алдына көтөрүп барууга жарай турган кандай амалдарыбыз бар? Азыркы биздин абалыбыз, чындыгында, аянычтуу. Азыр мусулмандар ар түрдүү болуп калды. “Сезонный” мусулмандар бар. Качан Рамазан айы келсе, орозо кармашат, Тарави намаздарына келишет, садака беришет. Рамазан чыккандан кийин баягы таз кейпин кийип калышат. “Заочный” мусулмандар бар. Жума намазына келишет. Жума ичиндеги 34 намазды каза кылып, 35-намазга гана келишет. Айт намазына келишет. Бир жылдык намаздын баары каза. Ооба, албетте бул намаздарга келүү жакшы. Бирок, беш убак намазды да окууга аракет кылуу керек. Жогорудагы сөздөр бул намаздарга келбей кой деген сөз эмес. Аллах баарбызды туура жолго баштасын. Андан да жаманы, такыр мусулманчылык менен иши жок мусулмандар бар. Эртели-кеч арактын досу, күнөөнүн үстүндө жашашат. Өтүп кеткен ата-энесине арнап Ихлас сурөсүн окуй албайт, дуба кылганга жарабайт.
Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллахтын азабынан коркуп, акыркы жолу качан ыйладың!? Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эки түрдүү көз бар. Аларды тозок күйгүзө албайт, алар: Аллахтын азабынан коркуп ыйлаган көздөр жана динин коргоо үчүн уктабастан таң атырган көздөр”. Бир даанышман айтат: “Дүнүйө сааттардан турат, ошол сааттарды Аллахка ибадат кылуу менен өткөр”. Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен бара жатып сасып калган койдун тарпын көрдү. Ошол жерде да пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан сурады: “Ушул койдун тарпы ээси үчүн баалубу? Сахабалар бир ооздон жооп беришти: “Жок, эгер мунун баасы болсо, бул жерге ыргытып жибермек эмес”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Аллахка касам ичип айтамын. Аллах үчүн дүнүйөнүн баасы мына ушул тарптан да баасыз. Эгер дүнүйөнүн чымындын канатындай баасы болгондо, анда Аллах каапырларга эч нерсе бермек эмес”. Дүнүйө, байлыкты Аллах каалаган адамына бере берет. Ким ага алданса, жашоосу текке кетет. Бир падышадан жан-жөкөрлөрү сарашат: “Оо, улуу урматтуу падышам, сиздин канча досуңуз бар? Падыша жооп берет: Мен досторумдун санын билбеймин. Азыр менин бийлигим, байлыгым бар, элдин баары менин досум. Качан гана менден байлык-бийлик кеткенде, ким менин досум экенин айтып берем”. Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) Шамга (Сирияга) барып, ал жердеги адамдарга кайрылат: “Оо, менин шамдык туугандарым! Бир тууганыңардын насаатын уккула! Мен силерди көрүп турам. Силер өзүңөр жашабай турган үйлөрдү эмне үчүн куруп жатасыңар, өзүңөр жебеген нерсени эмне үчүн жыйып жатасыңар…?” Адам баласы ар дайым: “Малым, байлыгым, …” – деп айтат, Аллах болсо: “Оо, адам баласы! Сен жеп, анан ал кылганың сеники, сен кийип, анан жырттканың сеники, сен садака кылып сактап койгонуң – сеники, башкасы сеники эмес” – деп айтат. Аллах Таала Куранда минтип айтат: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба адамдар үчүн акырет жакшы жана силерге ал жерде данектин чел кабыгындай да зулум кылынбайт”. (Ниса, 77аят).
Урматтуу мусулман бир тууганым! Убакыт өтө берет. Жыл, болгону он эки айдан турат. Ай, болгону отуз күндөн турат. Күн, болгону жыйырма төрт сааттан турат. Саат болсо алтымыш мүнөттөн турат. Убакытты эч качан узун деп ойлобо. Кээ бир адамдар айткандай убакыт “алтын” эмес. Убакыт бул кайсы бир материалдык нерсе менен өлчөнбөйт. Убакыт – бул, өмүр. Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.
Абдишукур ажы Нарматов,
The post Аллахтын алдындагы сурак appeared first on FORMULA.KG.
October 19, 2015 at 11:35AM
Отправить комментарий