КАЙНЕНЕ МЕНЕН КЕЛИНДИН
ОРТОСУНДАГЫ МАМИЛЕ …
Тээ бозоргон мунарыкты карап үлбүрөгөн жаш келин ойлуу отурду. Ичинен эзген санаа аны күндүзү эле эмес, түнкүсүн да кыйнай турган болду. Сүйүктүү жары менен эми баш кошуп, бактылуу түтүн булата баштаганда мурда үч уктаса түшүнө кирбеген балээ башталды. Карыган кайнене менен жашоо мынчалык түйшүктүү болоорун ким билиптир.
Кантип кутулаарын билбей кыйналып турду келин. «Жетишет, бүтүрөм бүгүн» – деди келин. «Уулу да, өзү да билбей турган кылып бүтүрөм…» Ошону менен, көптөн бери бир чечимге келе албай жүргөн неме, шыр кыймылдап ыраматылык атасынын табыпдосуна жөнөдү.
Жалаң чөп-чар менен түркүн ооруларга шыпаа берген аяш атасына өз атасындай ишенчү. Көптү көргөн кыраакы карыяга кошчусун кошуп туруп, ыйлай-сыктай арманын айтты да, акыры түйшүгү түгөнбөгөн кемпирди өлтүрүп тыныш үчүн уу сурап келгенин билгизди. Акылман табып көпкө ойлонуп алган соң:
– Кызым, мобу дарыны күнүгө үч маал кайненеңе тамакка кошуп берип тур. Бул уу акырындап денесине тарап отуруп, үч айда эмне болуп өлгөнүн эч ким билбей калат. Башкалар шекшип калбаш үчүн сен кайненеңе болушунча жакшы мамиле кыл – деп кеңешин айтып дарысын берди. Кубанычы койнуна батпай, кудуңдаган келин, аяш атанын кеңешин аткарууга дароо киришти. Кемпирге адаттагыдан тыш жылуу мамиле кылып, уу кошулган тамагын өксүтпөй берип жатты.
Күнүгө даярдалган чүйгүн тамак, жылуу мамилеге кемпирдин да дили агарып, бара- бара келинине өз кызындай мамилеге өттү. Арадан айлар өттү. Эми келинди кайра санаа басты. «Бул уу үч айда өлтүрөт» деген эле аяш атасы. Өз энесиндей жакынына айланган мээримдүү кайнененин өлөөрүнө бир айга жетпеген убакыт калган экен.
«Кантип бардым ушундайга? Эми кантем?» – деп сыздай турган болду келин күнү-түнү. Акыры чыдабай учуп күйүп кайра жетти дарыгер атасына. Жетти да боздоп ыйлап турду:
– Энекемди, баягы өлтүргүм келген энекемди сактаңыз. Суранам, айласын табыңыз, – деп
буркурап жатты келин.
Көзүнөн көлдөп жаш аккан немени карап алып дарыгер мыйыгынан
күлүп туруп: – Айыккан экенсиң кызым. Кудай буюрса, айыккан экенсиң. Чыныгы оору сенин оюңда эле. Сен энеңе жакшы мамиле кылып жатып ал ооруңдан айыктың. Энеңе берген уу болсо, чынында күч-кубат бере турган пайдалуу дары
чөптөр гана болчу, – деди.
The post Дартыңдын дабасы өзүңдө appeared first on FORMULA.KG.
October 09, 2015 at 04:06AM
Отправить комментарий