Жашоо кадимкидей эле өз нугунда, сиз да анын бир бөлугундө өзүңүздүн күнүмдүк турмушуңуз менен алек болуп күндөр сызылып өтүп келет. Ушундай бир суроолорго туш болосуз: Жашоодон максатыңыз эмне? Сиз үчүн жашоонун маңызы эмне? Көпчүлүктүн берген жообу да, дал ушул сыяктуу: Жашоодон максатым, билим алуу, келечектеги максаттарыма умтулуу, элдин керегине жараган инсан болуу, улуурак болсо, бала-чакамын бактысын көрүү. Жашоомун маңызы болсо үй-бүлөө куруу, бала-чакалуу болуу, туяк калтыруу, алар менен бактылуу өмүр сүрүү. Албетте, булар жашап жаткан учурдагы максаттарыбыз, каалоолорубуз. Бирок бул дүйнөгө жаратылуудан максат эмне?
Дагы бир жолу, башынан ойлоп көрүңүзчү! Мен ким элем, кайдан келдим, эмнеге келдим жана кайда барам?-деп. Чын эле, жогоруда айтылган максаттарбы сиздин бул дүйнөгө жаратылуу себебиңиз? Башында берилген суроонун “кополураак” түрү менен мен 2-курсумда кездешкем. Бир мугалимибиз аудиториядагы студенттерден “Эмнеге жашап жатасыңар?” – деп сураган. Негизинен, ушул сыяктуу жооптор болгон: “Кудай жаратып койгон соң жашайбыз да.” Ушундай да философиялык суроо болобу деп жиндеп да койгонбуз. Кийин түшүндүм, көрсө, бул ар бирибиз ушул дүйнөдө жашап жатып өзүбүзгө беришибиз керек болгон биринчи суроо экен. Азыр да аллахтын бар экенине ишенип, намаз окуш керек экенин билип, бирок башка нерселерге маани бербей жүргөн достор, ага-инилер, эже-синдилерибиз бар чыгаар.
Бул жашоодо жашап жаткандагы максаттарыбызды айтып өттүк. Билим алуу, өзүн өнүктүрүү сыяктуу. Бул сөз да бекеринен айтылбаса керек. “ Бүгүн өлүп калчудай ибадат кыл, эч качан өлбөчүдөй эмгек.” Бул жерде умтулуунун, изденүүнүн, аракет кылуунун маанилүүлүгү айтылууда. Бирок биз буларды бул дүйнөгө келүүдөгү негизги максатыбыз дей албайбыз. Анда аллахтын биз инсандарды жаратуудагы максаты эмне?
Биринчиси: Аллах өзүн, кулдарына таанытуу максаты. Биздин аллахты таануубуз. Анын заты белгисиз болсо биз аллахты кантип тааныйбыз? Биз аллахты өзүбүз көрүп турган нерселер аркылуу тааный алабыз. Мисалы: Бир жасалган нерсе болсо, аны жасаган бирөө бар. Эч бир нерсе өзүнөн өзү пайда боло калбайт. Өзүбүздүн жашоодон эле бир мисал: Аялдар көз жарган соң балдарын эмизет. Сүт бала төрөлгөндөн кийин гана пайда болот. Жаңы төрөлгөн ымыркай эне сүтүнө жана бирөөнүн кароосуна канчалык муктаж. А апа болгон бирөө, мурда өзүндө болбогон, элестете да албаган энелик мээрим деген сапатка ээ болот. Сиздин оюнузча ал сезим кандай жаралды жана баланын эң биринчи муктаждыгы болгон сүт энеде кандайча пайда болду? Түшүнүктүүрөөк болуусу үчүн турмуштан алынган дагы бир мисал: Бир наристе аз салмактуу төрөлөт. Бирок врачтардын айтымына караганда, ошол аз салмактуу баланын апасынын суту менен салмагы нормалдуу баланын апасынын сүтүнүн курамы эки башка. Биринчи эненин сүтү атайын салмакты жогорулатуучу азыктарга ээ. Бул болгон бир окуя. Бул нерсе аллахты тааныбагандар ( бизди аллах жаратты, ага ишенебиз – деш менен эле чектелген, “тилде” мусулмандар) үчүн биялогиялык гана кандайдыр бир көрүнүш. Ал эми аллахты тааныган бирөө үчүн, бул ап-ачык көрүнүп турган, энелерде миллиондо бири гана болгон, аллахтын мээрими! Ушул сыяктуу мисалдар келтирилгенде, биялогия, химия, физикалык кубулуш- деп илим менен түшүндүрүп киришет. Ал илимдерди аллахтын чыныгы кулдары да билишет. Бирок алар, бул илимдердин эң эле башында турган, ушул илимдерди жараткан, аллахтын илимин таанышат. Ойлонуп көрсөк, биялогия химиядан ары өтө албагандар канчалык кыска ойлошоорун аңдап билебиз. Көл жээгинде, күндүн батып баратканын карап олтуруп кооздугуна суктанасыз, кандай гана керемет көрүнүш дейсиз, бирок ошол кооздуктун жаратуучусун, ошол кооздукту көрө билүүңүз үчүн кичинекей этти көрө турган бир касиетке ээ кылып койгон жаратуучуңузду эстебесеңиз, тааныбасаңыз кандай өкүнүчтүү!
Билл Гейтсди тааныбасаңыз уят да, жаратуучуңузду тааныбасаңыз уят эмеспи???
Экинчиси: Өзүнө ибадат кылдыруу. Бул- намаз окуу. Намаз-бул субханаллах деп аллахка таазим, алхамдулиллах деп аллахка шугур, аллаху акбар деп аллахка такбир айтуу. Кыскача түшүндүрө турган болсок: Аллахтын кемчиликсиз экендигин, улуулугун данктап жана анын бизге берген нээматтары үчүн ыраазычылык, шугур келтирип, аны жүрөгүбүз менен сезип, тилибиз аркылуу айтып жана кыймыл аракетибиз аркылуу көрсөтүү. Намаз баш аяк ушул: субханаллах, алхамдулиллах, аллаху акбар менен коштолот. Демек жашоого жаралуу себебибиздин экинчиси бул намаз окуу. Намаз мусулманмын деген бирөөнүн жашоосунда болбосо болбой турган нерсе.
Үчүнчүсү: Шүгүр келтирүү, ыраазыяылык билдирүү. Жогоруда, намаздын маанисин айтып жатып да айтканыбыз сыяктуу, шүгүр намаз окуу менен ишке ашат. Намаз окубай эле жүрөгүм менен шүгүр келтиргеним эле жетиштүү десеңиз, абдан жаңылышасыз!
Адам жашоосунда ар бир нерсени карап туруп, шүгүр келтирсе болот. Чалынып жыгылсам да, аллахка шүгүр, чалынып кеткен бутум бар. Менин колум сынык болсо, колу жоктор бар. Менин үйүм эски болсо, үйү жоктор бар жана башка ушул сыяктуу, ар бир мүнөт, секунд сайын жүрөгүбүз шүгүр деп аллахка ыраазы болуп турса да жарашчудай көрүнүштөр бар.
Демек бир туугандар, илим алуу, жакшы адам болуу, бирөөлөргө жакшылык кылуу, максаттарга умтулуу булар өтө керек болсо да бирок кийинки иш-аракеттер экен. Эң алгач биз, бизди жоктон бар кылган, бизди эч убакта унутпаган аллахыбызды таануубуз, анын буюрган намаз, зекет сыяктуу буйруктарын аткаруубуз керек! Жашоодон, жаралуудан максатыбызды билбей күнүмдүк, 60-70 жылдык өмүрүбүз үчүн күрөшүп, алпуурушуп өтүп кетүүчүлөрдөн болбойлу!
Балким бул макала сиздин бираз болсо да күнүмдүк иштериңизден бошоп, бираз да болсо ойлонууңузга түрткү болоор. Андай болсо менин бул ишти жазуудагы максатым ишке ашкан болмок. Кемчилик, катачылыктар кеткен болсо кечирим сурайм! Кемчиликсиз бул, жалгыз Аллах!!!
Перизат Мусабек кызы,
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”
www.formula.kg
The post Бул дүйнөдө эмнеге жашап жатасыз? appeared first on FORMULA.KG.
October 08, 2015 at 09:46AM
Отправить комментарий