2. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АГА АЛЛАХТЫН САЛАМ-САЛАВАТЫ БОЛСУН) БУЛ ЖАШООДОН ӨТҮҮСҮ
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү – Кыяматтын жакын калгандыгын билдирет. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Табук согушунда мен пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) барсам, ал тери чатырдын ичинде отурган экен. Анан ал мага карап: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандарга өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айтты». (Имам Бухарий).
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өтүүсү Кыяматтын жакындап калганын айгинелеген негизи белгилердин бири. Анткени, пайгамбарыбыз акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. Демек, акыркы пайгамбардын келүүсү жана кайтыш болуусу Кыямат жакын калганын билдирип турат.
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйшөмбү күнү бул жашоого келген эле, дал ушул күнү бул жашоодон кетти. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү мусулмандар үчүн абдан чоң жоготуу болду. Асмандан кабардын түшүүсү токтоду. Эң алгачкы бузукулуктар пайда боло баштады. Кээ бир арабдардын динден кайтып кетүүсү башталды.
✂ 3. АЙДЫН ТЕҢ ОРТОСУНАН ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮСҮ
Аллах Таала Куранда минтип айтат: «Кыямат жакындады жана Ай (экиге) бөлүндү. Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турушса да, (чындыктан) жүз үйрүп: «Бул – ар дайым болуучу сыйкыр» – дей башташты». (Камар, 1-2-аяттар).
Алхаафиз бин Касирдин айтуусунда, бул окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында болгон. Бул туурасында бир канча туура хадистерде айтылган. Баардык аалымдар бул окуянын пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) заманында болгондугун жана ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) берилген моожиза экендигин айтышкан.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Меккелик каапырлар пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кандайдыр бир белги көрсөтүүнү талап кылышты. Ошондо ал аларга айды экиге бөлүп көрсөттү». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж.б).
Абдуллах бин Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Биз Минада пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен турган учурда, ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү тоонун артына, экинчиси алды жагына келип калды. Ошол учурда пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге: «Күбө болгула» – деп айтты». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж. б.).
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Мушриктер чогулуп пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келишти да: «Эгерде сен чынчыл болсоң, анда айды экиге бөлүп бер, бир бөлүгү Абу Кубайс тарапка, экинчиси Койикоьан тарапка болсун» – дешти. Бул түнү ай он төртүнө карап, толуп турган эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахка кайрылып, алардын сураганын дуба кылды. Ошондо ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү Абу Кубайс тоосу тарапка, экинчиси Койикоьан тоосу тарапка ажырап калды. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанындагыларга карап: «Күбө болгула» – деди». (Абу Наьийм).
4. КУДУС МЕЧИТИНИН МУСУЛМАНДАРДЫН КОЛУНА ӨТҮҮСҮ
Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнөдөн өткөн мезгилде «Кудус мечити» Рум христиандарынын кол алдында болчу. Ал мезгилде Рум империясы эң күчтүү державалардын бири болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) «Кудус мечитинин» мусулмандардын колуна өтүүсүн сүйүнчүлөп, аны Кыяматтын жакындаганынын белгиси катары айткан. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандарга өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айткан. (Имам Бухарий).
Тарыхта Кудус мечити эки жолу мусулмандардын колуна өткөн. Биринчи, Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында (16-хижра, 637-ж) мусулмандардын колуна өтүп, ал жерди каапырлардан тазалап, мечит салышкан.
Экинчи жолу Салахиддин Айюби тарабынан (583-хижра, 1187-ж) мусулмандардын колуна өткөн.
Кыяматка чейин Кудус мечити мусулмандардын колуна дагы өтөт. Бул мечиттин айланасында болгон уруштар туурасында кийин кененирээк айтылат.
Уландысы бар…
«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
http://ift.tt/1LZsQoH
The post 🔥 Кыямат алааматтары – 1 appeared first on FORMULA.KG.
October 19, 2015 at 04:58PM
Отправить комментарий