Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком сурак. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдар дын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө кудреттүү. Ал, Аллах пендени өзүнө ибаадат кылуу үчүн жараткан жана биз Ага ибаадат кылууга милдеттүүбүз.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдарга бул дүнүйөнүн убактылуу экен дигин эскертип, чыныгы жашоого азык камдоого чакырган.
Өз үммөтүнө бул дүйнөдө мусапырдай жашап өтүүнү осуят кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты Жаратуучум деп, Исламды диним деп, Мухаммад пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Пайгамбарым деп ыраазы болгон мусулмандарга арналат. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп эсептеп, бирок мусулмандык милдетин аткарбастан, жүрөгү таштай катып калган бир туугандарыма арналат. Ошондой эле, күн сайын бул жашоодон канчалаган адамдарды алып кетип жаткан өлүмдү көрүп туруп, ага даярданбаган, дүнүйөсүн кооздоп, акыретин эсинен чыгарып койгон, мүрзөлөрдү көрүп туруп, өлүмдөн коркпогон адамдарга да эскертүү болот деп ишенемин.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эртең сапарга чыгасың. Сапарың анча деле алыс эмес. Ашып кетсе беш же алты күн жүрөсүң. Бирок сапарың жакын, андан кайтууң бат болгонуна карабастан бул сапарга канча күн мурда даярдана баштайсың. Алгач, кийүүчү кийимдериңди, андан соң тамак-ашыңды жолго керектелүүчү буюм-теримдериңди, акырында чыгым кылуучу акчаңды даярдайсың. Ушунун баары сенин беш-алты күндүк сапарыңдын жеңил болуусу үчүн жасалат. Сапарга азыгы жок чыгуу, кемеси жок деңизге кирген менен барабар. Биздин бул дүйнөдөгү жашообуз, чыныгы жашоо болгон акырет сапарына даярданып алуу үчүн токтой калган аялдама сыяктуу. Ким акырет сапарына жакшы даярдык көрсө, сапары жеңил болот. Ким сапарына даярданбаса кыйынчылыкка дуушар болуусу анык.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу Умар ибни Абдуллахка (Аллах андан ыраазы болсун) карап:
– «Эй Абдуллах. Бул дүйнөдө чоочун жолоочудай болгун. Өзүңдү мүрзөдөгүлөрдүн биримин деп эсептегин» – деп осуят кылган. Чындыгында, бул дүйнөгө ким түркүк болуп калат?! Эч ким. Эч ким эч качан бул дүйнөдө түбөлүк калган эмес. Анткени, бул дүйнө акырет эшигине алып баруучу кичинекей гана өткөөл. Бул кичинекей өткөөлгө, алыс сапарга камданып, азык топтоп алуу үчүн гана келгенбиз. Бул мезгилде кандай амал жасап калсаң, эртең аны көрөсүң. Жибрийил (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир күнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанына келип:
– «Эй Мухаммад, бул дүйнөдө каалаганыңдай жаша, бир күнү баары бир өлөсүң. Каалаган амалдарыңды жаса, бир күнү анын сообун же азабын көрөсүң. Каалаганың менен дос болуп, жакшы көргүн, бир күнү андан ажырайсың. Ыймандуунун улуулугу, анын түнкү намаздарды көп окугандыгында. Ыймандын кадыры, башкалардан кажаатсыз болууда» – деп осуят кылды. Эмне үчүн хадисте өлүм тууралуу, бул дүйнөнүн кыскалыгы тууралуу айтылып келип, ага түнкү намазды кошуп койду? Анткени өлүм бүтүү эмес. Өлүм жоголуу эмес. Өлүм, бул башталуу. Өлүмдүн артында бул дүйнөдө жасаганыңа жооп берүүчү күн турат. Демек өлүмдү эстеген адам, ага даярданууну да унутпоосу керек. Түнкү намаз ибаадаттардын эң жакшысы, акырет үчүн пайдалуу азык. Түн ичинде окулган намаз кабырда нур болот.
Хасан Ал-Басрий (Аллах андан ыраазы болсун) кара-тору адам эле. Бирок анын жүзүнөн ар дайым нур чачырап тураар эле. Бир жолу адамдар андан эмне үчүн жүзүндө нур жаркырап тургандыгы жөнүндө сурашканда, ал:
– Түн ичинде Аллахка жалбарып ибаадат кылам, ошол себептен жүзүмө нур чыгат – деп жооп берет. Акырет үчүн азык камдоого шашылуу акылдуу адамдын иши. Өлүм эскертүүсүз келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Өлүмдү көбүрөөк эстегиле, ал эч кандай эскер түүсүз келет» – деп айткан. Өлүмдү эстебеген адам, эртең жөнөөчү сапарын унутуп койгон адам сыяктуу. Эч кандай даярдыгы жок сапарга жөнөгөн адамды элестетип көргүн. Аны машина күтүп турат же самолётко билети бар. Качан гана жөнөө убактысы келгенде, ал өтө шашылат. Бирок, эми даярданууга кеч болуп калды. Бул дүйнөнүн кызыгына азгырылып, акырети үчүн даярдык көрбөгөн адамга өлүм келгенде, даярданууга кеч болуп калат. Өлүмдү бир-эки мүнөт коё тур деп күттүрүп коё албайсың.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) күйөө баласы Алиге (Аллах андан ыраазы болсун) бир адам келип, бирөөдөн короо жай сатып алгандыгын, кийин аны кайрадан талашып алып албоосу үчүн, күбө болуп, бир кагаз жазып берүүсүн өтүнөт.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) ал адамдын дүнүйөгө аябай берилген адам экендигин байкайт. Кагазын алат да «Бир өлүүчү адам, экинчи өлүүчү адамдан короо-жай сатып алды. Ал короонун төрт тарабы бар. Анын биринчиси адам өлгөндө түгөнөт. Экинчиси, мүрзөгө киргенде түгөнөт. Үчүнчүсү, Аллахтын алдында эсеп-кысап бергенде түгөнөт. Ал эми төртүнчүсү, же бейиш же тозок менен аяктайт» деп жазып берет. Тиги адам жакшы түшүнө албай, мен сенден күбөлүк кат жазып бер десем, сен өлүм жөнүндө жазыпсың деп таң алат. Ошондо Али: (Аллах андан ыраазы болсун) «дүнүйөгө көп берилбегин. Бул дүнүйө түбөлүктүү эмес. Эртели кеч жөнөөчү сапарыңды унутпа» деп насаат айтат.
Падыша Харун Рашиддин бир вазири бар эле. Анын милдети падышага насаат айтып, акыретти эстетип туруу болчу. Бир күнү падыша вазирин чакырып, мага насаат айткын дейт. Вазир падышага кайрылып мындай дейт:
– урматтуу падышам, эгер сиз катуу ооруп калсаңыз жана бул оорунун дарысы бир чөйчөк суу болсо, бирок ал суунун баасы өтө кымбат болсо, эмне кылат элеңиз? – дейт. Падыша бир топко ойлонуп:
– мен аны колумдагы мүлктүн жарымын берип болсо да сатып алмакмын – дейт. Ошондо вазири кайрадан:
– Ал эми ошол сууну ичкенден кийин аны кайра чыгара албай кыйналсаңыз эмне кылат элеңиз – деп сурайт. Падыша дагы көпкө ойлонуп туруп:
– дүнүйөмдүн калганын берип болсо да дарыланмакмын – деп жооп берет. Анда вазир:
– урматтуу падышам, сиздин падышалык мүлкүңүз Аллахтын берген ден-соолук нээматынын алдында эки чөйчөк суучалык кадыры жок болгон соң, демек өлүмдү көбүрөөк эстеп жүрүңүз – деп насаат кылган экен.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Сапарга чыгуудагы максатын билбеген адам, ал сапарга даярдык көрө албайт. Бул жашоодогу мак сатын билбеген адам, акыретине даярдана албайт. Бул жашоого Аллахтын сыноосунан өтүү үчүн, Анын буйруктарын аткаруу үчүн келгенбиз. Аллах Таала Кураанда: «Жиндерди жана адамдарды өзүмө ибаадат кылуу үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чындыгында Аллах ырыскы берүүчү жана Ал, Күч-кубаттын ээси» деп айткан. Ошондой эле, экинчи бир аятта: «Оо, ыйман келтиргендер! Руку жана сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким, (тозоктон) кутулаарсыңар» деп айткан. Пенденин милдети Аллахка руку сежде кылып сыйынуу менен бирге башкаларга жакшы мамиле кылуу. Адамдын бул дүйнөгө жаратылуусунун мындан башка максаты жок. Аллах Таала хадиси кудусийде: «Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө менин менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин. Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» дейт. Демек, ибаадат кылуу жума күнү мечитке келип коюу же айт намазын окуп коюу эмес экен. Аллахка өмүр бою, күнүтүнү ибаадат кылуу керек. Анткени, өмүр өтө кыска жана өлүм эскертпестен келет. Сахабалардан кийинки доордо жашаган Мухаммад ибни Каьбий аттуу өтө бай адам болгон. Ал адам ооруп төшөккө жатып калганда, достору келип ага келме айтышып, балдары үчүн эмнени мурас кылып калтырганын сурашат. Алардын суроосуна: Жыйган байлыгымдын баарын акыретим үчүн жөнөтүп жибердим. Ал эми балдарыма Аллахты гана калтырдым. Эгер мен балдарыма мал-дүнүйө калтырсам, күндөрдүн биринде ал баары бир түгөнөт. Ал эми алар такыбаа болушса, Аллах ойго келбеген жерден ырыскы берет. Ал эми Аллахтын казынасы эч качан түгөнбөйт – деп жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм периштеси эшигиңди кагып кирип келгенче акырет үчүн азык камдап ал. Өлүм периштеси келген соң аны кайтара албайсың, андан качып да кете албайсың. Болгону өкүнүч менен гана кете бересиң. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жакын сахабаларынын бири, эң көп хадисти бизге жеткирген Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт. Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал: мени бул жашоо дон кетип жатканы үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алыстыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп жооп берет. Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу сахаба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жатат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир минутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек. Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың.
Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың.
Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың.
Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың.
Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың.
Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп, ага жооп берүүгө да даярдык көр.

Диндеги эң такыба деген атка конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун)
– «Эртең менен күн чыкканда адамдарга: эй адам баласы, мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айткан.

Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах Таала баарыбызга насип кылсын. Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечиргин. Улуу Жума күнүндө кылган дубаларыбызды кабыл кыл. Адашып туура эмес жолдо жүргөн пенделериңди туура жолго баштагын. үлгү Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азыгы жок барып калуудан сакта. Асслааму алайкум ва рахматулЛохи ва баракатух!

Запись АЗЫГЫ ЖОК САПАРГА ЧЫКПАЙТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу мусулман бир туугандар, агалар, достор.

Аллах Таалам кезектеги бир ааз болсо да ыйман сөздөрүн бири бирбизге эскертүүнү насип этиптир.. Диндин себебинен күндө жакшы сөздөрдү угабыз..

Диндин себебинен, ыймандын себебинен адам баласы бактылуу боло алат. Дин болбогондо ушул учур кайдан болсун? Сиздер тааныбайсыздар, биз сиздерди..

Бирок жүрөктөрдө де жүрөктүн тереңинде бир туугандык сезимдер бар. Диндин себебинен бири-бирибиз менен ыйман сөздөрүн сүйлөшүп жатабыз. Дин сиз менен бизди байланыштырып, бири-бирибизди бириктирип жатат. Дин болбосо, сылыктык болбосо, чынчылдык болбосо, кичи пейилдик болбосо, жөнөкөйлүк болбосо, адилеттүүлүк болбосо, кечиримдүүлүк болбосо адамгерчилик болбосо өзүбүз биринчи бузулуп, бүт үммөт бузулуп, бүт аалам бузулмак…

Дин бизге жөнөкөй бол, сылык бол, сылык сүйлө, чынчыл бол, кечиримдүү бол, кичи пейил бол, адилеттүү бол, сабырдуу бол деп насаат айтып жатпайбы .. Эгер дин болбогондо, ыйман болбогондо адам баласы азыр ушунчалык бузулат эле дин келе электеги Мекке Мединанын эли бузулгандай. Мекке Медина дин келгенден кийин ыйман ал коомду канча өзгөрттү ээ..

Бүт үммөткө жол башчы болушту. Бул дин менен ким жашаса заалымдын балдарынан аалымдар чыгат .. Ким таштаса аалымдын балдарынан заалым чыгат . Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт . Дин ал адамды гүлдөтөт. Биз ойлойбуз ушул таанымал адам эле, дин менен жашап динди гүлдөттү деп..

Дин ыйман эч нерсеге муктаж эмес, гүлдөтүүгө да муктаж эмес толлук. Ал адам дин менен жашаганы үчүн дин анын даражасын бийик кылды. Караңыздар, ааламга таанымал аалымдар бар. Эгерде дин болбогондо аларды эч ким таанымак эмес, дин болгону үчүн, бир ааз ыйман менен жашаганы үчүн Аллаах алардын даражасын көтөрүп койгон, алар динди эмес Дин аларды гүлдөткөн. Түшүнүктүү болуп жатабы? Ар бир адамды – ыйман бактылуукылат . Бактылуулук бир гана кооз үй эмес. Бактылуулукбир гана кооз унаа эмес. Бактылуулук узак жашоодо дагы эмес . Бактылуулук сулуукелишкен эки жаштын нике менен жашоосунда дагы эмес .. Бактылуулук акча, мал – мүлктө дагы эмес. Бала-чака, үй -жайда дагы эмес .. Бул нерсенин баары болгону неъмат .

Аллахтын берген жакшылыгы. Чыныгы бактылуулук бул Жаратканды таануу. Чыгыгы бактылуулук баардык амалдарды Аллах үчүн аткаруу .. Кээде Аллах үчүн эмес пенделер үчүн жылмаюуга туура келет . Ресторан, кафеге кирсең официант жылмайып келет, бактылуулуктун сүрөтүн көрсөтүүгө аракет кылат . Анткени аны кожоюн талап кылат. Кээде адамдарды жалгандан эле, же жашообуздан алып күлдүрүүгөаракет кылган тамашачылар бар .. Бактылуулук тартуулайбыз деп ойлошот . Анткени биз күлгөн адамды гана бактылуулукдеп түшүнүп, ыйлаган адамды бактысыз экен деп түшүнүп калганбыз. Менин айтайын дегеним урматтуу мусулман бир туугандарым сиздин бул дүйнөдө тирүү жүргөнүңүз бир бактылуулук . Сиздин бар экениңиз бир бактылуулук. Ыйман менен Аллахты таанып жашоо, Пайгамбарды таанып жашоо, өкүмдөрүнө амал кылып жашоонун аты чыныгы бактылуулук! Шайтан сизге пикир салат. Эгер намаз окусаң бети-башыңды жаап, сакал коюп узуун кийинишиң керек … Толгон токой васваса азгыруулары. Замандан артта каласың дейт .

Туурабы туура эмеспи ? Биз дин менен жашабайбыз. Биз демократияны тандап аялдардын укугун эркектики менен бирдей кылабыз. Эркектер кылган укукту бизда кылууга акыбыз бар, көчөдө жүрүүгө да акыбыз бар деп чыгышты. Ооба ал кез дагы келди. Эркектин укугу менен аялдардын укуктары бирдей болду. Динде аялын арабага олтургузуп кышында жылуу, жайында салкын араба менен, жамгыр суукка карабастан аялына кам көрөт эле. Аялы ага ыраазы болуп жашаган. Бүгүн динди таштап туруп эркек аял укугун бирдей кылып, аялдар иштеп жүрөт . Аялдар машине айдап жүрөт .. Жана эркектер арабага чыгып аялдар арабаны тартып калды, мына эркек аялдын укугунун теңдигинин акыбети ! Биз эми капа болбойлу ! Ошондуктан туугандар Аллах Таалам эркектердин мойнуна эмнелерди жүктөгөн болсо ага амал кылсак, аялдарга эмнелерди жүктөсө амал кылсак жашоодо жеңилчилик болот . Дүйнө 21 чи эмес 22 кылымдын даражасында бүгүнкү күндө өнүксө да Дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Дин эч качан артта калбайт, бүт аалам айда жашаса дагы дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Эң үлкөн жазуучулар, дүйнөнү калеми менен багындырган атактуулар том-том китеп басып чыгарса дагы бир бетинин бир сүйлөмүндө “энеге жакшылык кыл!” деген сөздү таппайсыз.. Эң күчтүү корольдуктар жазып чыккан мыйзамдардын биринде да “Жылмай, атаны нааразы кылба” дегенди таба албайсыз, туурабы туура эмеспи ? Каанча китеп, каанча гезит окубайлы жетимдин башын сыла деген сөздү кезиктирбейбиз. А дин аны бизге үйрөтүп жатпайбы..

Намаздарыбыз каза болуп жатат эч кайгыруу жокко жүрөктө.. 1000 сом чөнтөктөн түшүп калсынчы, 2000 рубль түшүп калсынчы жүрөктөр антарылып демиң кысылып териң куюлуп кетет . Намазыбыз каза болсо 100 сом жоготкончо да кайгырбайбыз, капа болуп өкүнбөйбүз ! 10 сом садака берүү ушунчалык кыйын өзүмө керек деп бекитебиз..)))

Анткени сиз биз дүйнө үчүн өтө көп мээнет кылдык машыктык . Бул дүйнө убактылуу гана.. Дүйнө убактылуу гана – деген создү укпасак деле ар бирибизге маалым . Төрөлгөндөр өлүп жатат, чыккан күн батып жатат, өскөн бак-дарактар чирип жоголуп баратканы дүйнөнүн дагы убактысы бүтөөрү чын экенинин далили. Беш убак намазды өз убагында окуу каанча кыйын ээ. Садака берүү, зекет берүү, сага жамандык жасагандарды кечирип салуу каанча кыйын))) Баарыбызда текебердик бар, напсини жеңүү эң кыйын иш, мына ушул чыныгы жихад ! Жихад ушул туугандар .. Каанча ыйман сөзүн уксак деле ыймандуу болууга аракет жасабагандарды көрүп таң каласың. Анткени, кабыр акыйкат болуп турса, махшар айныгыс чындык, бейиш тозок хак болуп турганын билип туруп дүйнө менен жашоодобуз.. Анын артынан чуркап баратабыз.. Кээде кыямат тезирээк эле болсо бекен – деп тилегиң келет. Ыймансыз болсун ыймандуу болсун, еврей болсун атеист болсун баардык адамдын балдары Аллах Тааланын астында коркконунан бүжүрөйүп калганын көрөт элең. Ыймандуулар бир тууган – деген аятты кабыл алгыбыз келбейт . Мусулман болуп туруп улутка бөлүнүү сезими пайда болду.

Ким улуттарга бөлүнсө ал бизден эмес ..

Мейли бул дүйнөдө ар бир мамлекеттин картасы ар башка көрүнүштөдүр . Бирок жердин астында ар бир адамдын картасы, жаткан кабыры окшош туура эмес болсо айтыңыздар ?

☆ Мен кичинекей кезимде көп адамдын сааты жок эле бирок көп нерселерге жетишкенин көрөт элем. Азыр баарынын сааты бар бирок убактысы жок.

☆ Мен эч нерсеге жетишпей жатамын деп кайгырба. Анткени баардык улуу инсандардын бир күндүк убактысы да сеникиндей 24 сааттан ашкан эмес.

☆ Аллах Таала сага ушунча жыл өмүр берди сен бир секундда “Аллах улуу” деген сөздү айта албайсыңбы ?

☆ Бүгүн акыркы күнүбүздүр балким ….

Келгиле достор акыретибиз үчүн убакыт ажыратайлы, жашообузду ыйман менен жашап өткөрөйлү.

Аллах Таалам өзүң бизге жетиштүүсүң, шайтандын, напсинин, душмандарыбыздын жамандыгынан бизди сактагын. Күнөөлөрүбүздү кечирип, сүйүктүү кулдарыңдын арасына бизди да кошкун ..

Эскертүү бизден жыйынтык сизден береке Алладан!

Али Маматов атайын formula.kg сайты үчүн
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт. Дин ал адамды гүлдөтөт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты..

Сурак күнү болушу жөнүндө адамдар ар кандай пикирде болушуп үч топко бөлүнүштү:

бирөөлөрү сурак болбойт, адам өлдүбү ал үчүн баары бүттү дешет;

Экинчи топ сурак күнү болушуна толук ишенишет;

үчүнчү топ арсар, сурак күн болот же болбойт деп күмөн менен жашашат.

Сурак күнүнүн болушуна кыпындай да күмөндө болбоңуздар. Ал күн сөзсүз келет. Баарыбыз бирибиз да калбай өлүп кайра тирилгенден кийин топтолуп Алланын алдына барып Анын суроолоруна жооп беребиз. Алла Өзү Куранда айткан: «Биз аны бир тамчы суудан жаратканыбызды инсан көрбөдүбү? Ошентсе да ал ачык жаңжалчы. Ал өз жаралышын унутуп Бизге: «Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?» – деп мисал келтирет. « Аны алгач жараткандай эле (кайра) тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү»-дегин. (Ясин, 77-аят). Өлгөндөн кийин кайра тирилүүнүн чындык экенин далилдөө үчүн түшкөн бул аяттардын себеби төмөнкүдөй: күндөрдүн биринде меккелик Убай бин Халаф аттуу араб Алланын пайгамбарына (с.а.в.) келди да колундагы сөөктүн күлүн пайгамбардын (с.а.в.) алдына таштап мындай деди: «Ушул күлгө айланган сөөктү Алла кайра тирилтишине чындап эле ишенесиңби?!» Ага пайгамбарыбыз жооп берди: «Билип койгун, Алла бул сөөктү да жана Ал зат сенин сөөктөрүңдү да кайра тирилтет. Ааламдын кожоюну болгон Алла адамдын балдарын бир тамчы суудан жаратканын байкуш араб билген жокпу? Алла аны да бир тамчы суудан жараткандай эле, анын күлгө айланган сөөктөрүн кайра тирилтүүгө Кудуреттүү! Байкуш араб, Алла аны эмнеден жаратканын унутту! Чирип күлгө айланган сөөктөрдү ким тирилте алат, – деп талашууда. Аларды ким биринчи жараткан болсо, Ал аларды кайра тирилтет. Ал Алла – Кудуреттүү жана бардыгын Билүүчү.

Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул – акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул – убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.

 

Запись АЛЛАХКА КАЙТУУЧУ КҮНДӨН КОРККУЛА впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмиллаахир-рохманир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөө лөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.

Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.

Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.

Аллахым, өлүм кекиртекке келген мезгилде, ыйманыбыз менен жаныбызды алып, кабыр азабынан өзүң сакта.

Күбөлүк берем Ал Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты топурактан жараткан, кайрадан топуракка айландырат жана кыяматта кайра тирилтет. Ал, Аллах ыймандуу пенделери үчүн кабырды бейиш бакчасына айландырат. Ал эми ыймансыз каапырлар үчүн кабырды тозоктун жалынына толтурат.

Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүн кабыр азабынан сактанууга чакырган. Өзүн жана үммөтүн кабыр азабынан сактагын деп Аллахка жалбарып дуба кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Кабыр, акырет орундарынын эң биринчиси. Ал же бейиштин бакчасы, же тозоктун өрөөнү» – деген. Баардык жандуулар өлүм даамын татат. Ыйык Кураанда Аллах Таала: «Ар бир жандуу өлүм даамын татуучу» – деген. Өзүнүн эң сүйүктүү пендеси болгон Пайгамбарыбызга кайрылып: «Чындыгында сен дагы, алар дагы өлүүчү» – деп айткан. Өлүм, бул эч эскертүүсүз жана кезексиз келүүчү нерсе. Мына ушул эскертүүсүз келген өлүмдүн артында ар бирибизди кабыр күтүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Кабыр, бул акырет орундарынын эң биринчиси. Кабырга бирөөнү ээрчитип алып кире албайсың. Кабырга чырак же свет коюп коё албайсың. Өмүр бою жыйган мал-мүлкүңдөн, байлыгыңдан бир тыйынды катып кете албайсың. Болгону эки ором кепин менен оролосуң да кетесиң. Кепиндин чөнтөгү болбойт. Өлүмдүн акыйкаты да, коркунучу да, кайгысы да мына ушунда. Жаныңдан миң сом акчаңды түшүрүп койсоң, канча кыжалат болосуң. Аны издеп канча убара болосуң. Бирок бул арзыбаган акча бүгүн болбосо эртең кайра табылат. Ал эми өлүм келгенде, өмүр боюу тырмышып жүрүп тапканыңдын баары калат. Мал-дүйнө эмес, өмүрлүк жарың, сүйүктүү балаң, сүймөнчүк кызың, баары калат. Бул өтө чоң өкүнүч. Бирок, андан да өткөн өкүнүч, эми ошол мал-дүйнөң, үй-бүлөөң үчүн Аллахтын алдында жооп бересиң. Кабырдагы эң биринчи түндү элестетип көргүн. Түндүн караңгылыгы, кабырдын караңгылыгы, а сен болсо жалгызсың. Усман (Аллах андан ыраазы болсун) кабыр жөнүндө угаар замат көз жашын агызып ыйлайт эле. Сахабалар: эй Усман, тозок жөнүндө уксаң ыйлабайсың, бейиш жөнүндө уксаң ыйлабайсың, кабыр жөнүндө угаар замат ыйлайсың мунун кандай себеби бар деп сурашканда: үлгү– Мен эгер бейиште болсом адамдар менен бирге болом. Эгер тозокто болсом дагы адамдар менен бирге болом. Ал эми кабырда менин жанымда эч ким болбойт. Мен ошол үчүн ыйлаймын – деп жооп берет. Бүгүн биз өз ишеничибиз менен таяныпсөйөнүп алган байлык, бийлик, күч-кубат баары бизден бөлүнөт. Аллах Таала Кураанда: «Силер бизге жалгыз-жалгыздан, алгач ирет жараткан сымал болуп келесиңер. Биз силерге бергендердин баарын артка калтырасыңар. Силер кулчулугуңарда (Аллахка) шерик кылып алган колдоочуңарды силер менен бирге көрбөйбүз. Силердин араңардагы байланыштар үзүлгөн жана силер ойлоп жүргөн нерселер силерден жок болгон» – деген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Бүгүн, рухуң, этиң, сөөгүң, мал-мүлкүң, жасаган амалдарың бар. Эртең ажал жетип жан берип, кабырга киргениңде, рухуң Аллахка барат, этиңди курт жейт, сөөгүң топуракта калат, малмүлкүң мураска кетет, жасаган соопторуң кылган күнөөлөрүң менен жуулат. Кабыр акыреттин эшиги. Пенде үчүн эң биринчи суроо кабырдан башталат. Жаратканың ким? Диниң кайсы? Пайгамбарың ким? Болгону үч суроо. Үч жеңил суроо. Бирок кимге Аллах Таала жеңил кылса ошол үчүн жеңил. Кимдин жүрөгүнүн Аллах Таала орун алса ошол үчүн жеңил. Кимдин жашоосу дин болсо, дин үчүн өмүрүн арнаса, ошол үчүн жеңил. Ким Пайгамбарды сүйсө, анын сүннөтү менен жашаса, ошол үчүн жеңил. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уулу Ибрахимди жерге жашырып жатып:

– «Эй, Ибрахим, азыр сенден жаратуучуң ким деп сурашса, Жаратуучум Аллах Таала деп жооп бергин. Диниң кайсы деп сурашса, диним Ислам деп жооп бергин. Пайгамбарың ким деп сурашса, Пайгамбарым менин атам Мухаммад деп жооп бергин» – деп көзүнөн жашы агып осуят айтат. Ошондо Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанында турган Умар (Аллах андан ыраазы болсун) буркурап ыйлап жиберет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Эй, Умар, сени эмне ыйлатты» – деп сураганда:

– Эгер Аллахтын эң сүйүктүү пендеси Мухаммадын уулу Ибрахимге ушундай суроолор боло турган болсо, анда Хаттабтын уулу Умардын абалы кандай болоорун элестете албай жатам – деп жооп берет. Карап көрүңүз урматтуу бир тууганым. Аллахтын сүйүктүү Пайгамбарынын уулу үчүн сурак болсо, эң улуу сахабалардын бири Умар кабыр сурагынан коркуп ыйлап жатса, биздин абалыбыз кандай болот. Өмүрүндө бир жолу Аллахты эстебегендер кантип жооп берет? Өмүрүндө бешенесин бир жолу жерге тийгизип сежде кылбагандар кантип жооп берет? Өмүрүндө бир күн орозо кармап, Аллахты ыраазы кылбагандар кантип жооп берет? Аллахтын берген өмүрүн арак ичүү, зина, уурулук ж.б. күнөөлөр менен өткөрүп, Аллах, дин, Пайгамбар деген түшүнүгү жок байкуштар кантип жооп берет.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба.

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лоохи ва баракатуху.

Запись КАБЫР БЕЙИШТИН БАКЧАСЫ ЖЕ ТОЗОКТУН ЧУҢКУРУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам баласы кабырда курсагынан жана жыныстык мүчөлөрүнөн чирип баштайт.

Субханаллах! Курсак менен жыныстык мүчөлөрдөн! Бул органдар адам баласы бул дүйнөдө аябай сактоосу керек болгон органдар болуп саналат.

Адам кабырда биринчи күнү мына ушул эң керектүү эки мүчөсүнөн ажырайт. Андан кийин адамдын денесинин өңү жашыл өңгө өзгөрөт.

Экинчи күнү боор,көк боор, өпкө жана ичегилер чирип баштайт.

Өлүк үчүнчү күнү сасык жыт чыгара баштайт.

Жетинчи күнү жүзүндө шишиктер пайда боло баштайт, көздөрү, тили жана беттери шишип баштайт. Мүчөлөрдүн, карындын, көк боордун ич көңдөйүнөн чиригендигинен он күндөн кийин дене өтө шишиген абалга келет. Эки жумадан кийин чачтары түшө баштайт. 15 күндөн кийин көк (өлүк) чымындары өлүктүн жытын беш киллометр аралыктан сезишет да денени толугу менен курттар ороп алышат. Алты айдан кийин денеден эч нерсе калбайт. Бир гана этсиз сөөк (скелет) калат. 25 жылдан кийин бул түзүлүш (скелет) топуракка айланып кетет. Бул топурактын арасында куймулчак деп аталган бир сөөк калат. “Ошентип кыямат күнү адам баласы дал ушул куймулчактан кайрадан өз калыбына келтирилет….”

Кабыр күндө адам баласын беш жолу өзүнө чакырып, мындай дейт: “Мен жалгыздык үйүмүн, андыктан Куран окууну өзүңө жолдош кыл! Мен караңгылык үйүмүн, мени түнкү ибаадаттар менен жарыт! Мен чаң-топурактын үйүмүн, андыктан жакшы амалдардан өзүңө керебет кургун! Мен жылан чаяндын үйүмүн, андыктан уунун күчүн жоготуучу каражат Алланын аты “Бисмиилла” менен кел. Мен Мункар менен Накирдин үйүмүн, андыктан “Лаа илааха иллАллах!” келимесин көбүрөөк айт!”

Кыямат күнү сени кылган амалдарың үчүн сурака алып жатканын бир элестетип көр. Сен бул дүйнөдө өтө көп күнөө кылдың, сен ушундай абалдасың сага эч ким суктанбайт жана сен өзүңө мен тозоко эле түшөмүн деп айтасың. Элестеттиңби? Анда сен эмне жөнүндө кыялданасың? Албетте сен мени жер жутуп эле алса экен дейсиң, туурабы? Эми ушул эле учурда тоодой жакшы иштер келгенин элестет. Билесиңби алар кайдан келет? Ал жакшы амалдар сенин беш мүнөттүк убактыңды бөлүп, бир күндө же бир жумада же болбосом андан да азыраак убакыт эмгек кылып айтып койгон сөздөрүң. Бирок билгин канчалык көп эмгек сарптасаң ошончолук сенин куткаруучу тоодой амалдарың ошончо көп болот. Элестеттиңби? Бул беш мүнөт убактыңды алган сөздөр: Субхана-Ллахи ва бихамдихи, Субхана-Ллахиль-‘азым (Аллах кемчиликтерден таза жана бардык мактоолор Ага гана, Улуу Аллах кемчиликтерден таза) айттыңбы? Сен азыр кандай соопторго ээ болгонуңду билесиңби? Билгин, сен азыр өзүңдүн жакшы амалдар идишинди салмактуу кылдың, жана дагы билгин, сен канчалык көп айтсаң ошончолук сенин идишиң салмактуу болот. Пайгамбарыбыз (сав) айтты: Эки сөз бар, Мээримдүүгө жагымдуу, тилге жеңил таразада оор: Субхана-Ллахи ва бихамдихи, Субхана-Ллахиль-‘азым (Аллах кемчиликтерден таза жана бардык мактоолор Ага гана, Улуу Аллах кемчиликтерден таза).
Сенин сооп иштериң тартылчу амал таразаң дагы да оор болуусун каалайсыңбы? Бул кабарды башкаларга жеткирип, бөлүшкүн. Көңүл кош мамиле кылба! Анткени ушул пайдалуу маалыматты башкаларга эскертүү катарында жеткирип койгонуң себептүү Кыямат күнү балким сооп амалдарыңды өзүң күткөндөн да салмактуурак жолуктурасың. Ушул кылган жакшылыгың үчүн бир адам болсо да пайда алып калса сага сооп жазыла берет.

Пайгамбарыбыз (сав) айтты:

“Чындыгында Бейиш элдери Бейишке киргенде бул дүйнөдө жакшы амалдарда бирге болгон досторун таппай, “Оо Жараткан биздин биз менен бирге ибадат кылып, орозо кармап жүргөн досторубуз бар эле бирок биз аларды көрө албай турабыз”. Ошондо Алла Таала аларга: “Тозокко баргыла да андагы жүрөгүндө кыпындай да болсо ыйманы барларды алып келгиле дейт”.

Хасан аль-Басрий (Аллах аны Өз мээримине алсын) мындай деген:

“Ыймандуулардан өзүңөргө көбүрөөк дос алгыла, анткени чындыгында алар Кыямат күнү силерге жактоочулук кылышат”.

Ибн Каййим (Аллах аны Өз мээримине алсын) мындай деген:

“Эгерде силер мени Бейиште өз араңарда таппасаңар, анда мен жөнүндө сураштарап, мындай дегиле: Оо Жараткан баланча деген бир кулуң Сен жөнүндө эскертчү эле…”

Андан кийин Ибн Каййим (Аллах аны Өз мээримине алсын) ыйлап жиберди. Силерден суранарым эгерде мени Бейиште өз араңарда таппасаңар мен жөнүндө сураштыргыла. Мүмкүн мен да силерди Аллахка эскерип калармын. Аллах кемчиликтерден аруу жана Улуу.

 Оо Аллах! Биз Сенден Сага ибаадат кылууга үгүт кылып, Сен жөнүндө эскерте турган ыймандуулар менен достоштурууңду суранабыз.

Амин! Амин! Амин!

Запись Адам баласы кабырда курсагынан жана жыныстык мүчөлөрүнөн чирип баштайт. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты. Али (Аллах андан ыраазы болсун) колу менен сакалын кармап: “Оо, дүнүйө, менден башканы алда! Менин жолумдан эч качан тосуп чыкпагын! Мен сага үч талак берип ажырашканмын, эми сени кайра албаймын! Оо, дүнүйө, сенин өмүрүң кыска, оо, Али, сенин болсо азыгың өтө аз” деп айтат эле.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Акылдуу адам, өзүнө эсеп берет, өлүмдөн кийинки күнүнө даярданат, алсыз адам өз нафсисине кул болот, эч кандай амалы жок, бирок Аллахтан үмүт кылат”. Акылдуу адам өзүнүн эмне иш кылып жатканына кунүнө, жумасына, же айына бир жолу эсеп берет. Өзүнө убакыт бөлөт. Тажрыйбалуу соодагерлер күн сайын соодасынын эсебин алып турат. Канча киреше түштү? Канча чыгаша чыкты? Соодасы алга жылып жатабы, же артка кетип жатабы? Мына ушундай эсеп-кысаптын күчтүүлүгү менен ал ийгиликке жетишет. Эгерде соодасында эсепкысап кылбаса, киреше-чыгашасын билбесе, анда ал аз убакыттын ичинде зыянга учурайт, карызга батат. Адамдын өмүрү да ушул сыяктуу. Ар бир саатыңа, ар бир мүнөтүңө эсеп берип турбасаң, өмүрдүн кайда кеткенин билбей кала турган күн келет. Маймун бин Михрон деген аалым айтат: “Пенде, кызматчысынан эсеп алган сыяктуу өзүнөн да эсеп алмайынча, такыбалардын катарына кошула албайт”. Буга чейин эмне кылдым? Бүгүн эмне кылып жатам? Эртең эмне кылуум керек? Мына ушундай суроолор ар бирибизге берилүүгө тийиш. Анткени, бул дүйнө кыска, канча көп жашаба, бары бир дүйнөнүн аягына жетесиң. Үйлөрүбүздү канчалык бийик салбайлы, баары бир жердин алдына кирип жата турган убакыт келет. Язид күн сайын өзүнө эсеп берип, ыйлайт эле: “Абалың кыйын сенин Язид, сен өлсөң сен үчүн ким намаз окуйт, сен өлсөн, сен үчүн ким орозо кармайт?”

Урматтуу мусулман бир тууганым! Биз дагы өзүбүздүн жасаган амалдарыбызга карайлы. Аллахтын алдына көтөрүп барууга жарай турган кандай амалдарыбыз бар? Азыркы биздин абалыбыз, чындыгында, аянычтуу. Азыр мусулмандар ар түрдүү болуп калды. “Сезонный” мусулмандар бар. Качан Рамазан айы келсе, орозо кармашат, Тарави намаздарына келишет, садака беришет. Рамазан чыккандан кийин баягы таз кейпин кийип калышат. “Заочный” мусулмандар бар. Жума намазына келишет. Жума ичиндеги 34 намазды каза кылып, 35-намазга гана келишет. Айт намазына келишет. Бир жылдык намаздын баары каза. Ооба, албетте бул намаздарга келүү жакшы. Бирок, беш убак намазды да окууга аракет кылуу керек. Жогорудагы сөздөр бул намаздарга келбей кой деген сөз эмес. Аллах баарбызды туура жолго баштасын. Андан да жаманы, такыр мусулманчылык менен иши жок мусулмандар бар. Эртели-кеч арактын досу, күнөөнүн үстүндө жашашат. Өтүп кеткен ата-энесине арнап Ихлас сурөсүн окуй албайт, дуба кылганга жарабайт.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллахтын азабынан коркуп, акыркы жолу качан ыйладың!? Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эки түрдүү көз бар. Аларды тозок күйгүзө албайт, алар: Аллахтын азабынан коркуп ыйлаган көздөр жана динин коргоо үчүн уктабастан таң атырган көздөр”. Бир даанышман айтат: “Дүнүйө сааттардан турат, ошол сааттарды Аллахка ибадат кылуу менен өткөр”. Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен бара жатып сасып калган койдун тарпын көрдү. Ошол жерде да пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан сурады: “Ушул койдун тарпы ээси үчүн баалубу? Сахабалар бир ооздон жооп беришти: “Жок, эгер мунун баасы болсо, бул жерге ыргытып жибермек эмес”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Аллахка касам ичип айтамын. Аллах үчүн дүнүйөнүн баасы мына ушул тарптан да баасыз. Эгер дүнүйөнүн чымындын канатындай баасы болгондо, анда Аллах каапырларга эч нерсе бермек эмес”. Дүнүйө, байлыкты Аллах каалаган адамына бере берет. Ким ага алданса, жашоосу текке кетет. Бир падышадан жан-жөкөрлөрү сарашат: “Оо, улуу урматтуу падышам, сиздин канча досуңуз бар? Падыша жооп берет: Мен досторумдун санын билбеймин. Азыр менин бийлигим, байлыгым бар, элдин баары менин досум. Качан гана менден байлык-бийлик кеткенде, ким менин досум экенин айтып берем”. Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) Шамга (Сирияга) барып, ал жердеги адамдарга кайрылат: “Оо, менин шамдык туугандарым! Бир тууганыңардын насаатын уккула! Мен силерди көрүп турам. Силер өзүңөр жашабай турган үйлөрдү эмне үчүн куруп жатасыңар, өзүңөр жебеген нерсени эмне үчүн жыйып жатасыңар…?” Адам баласы ар дайым: “Малым, байлыгым, …” – деп айтат, Аллах болсо: “Оо, адам баласы! Сен жеп, анан ал кылганың сеники, сен кийип, анан жырттканың сеники, сен садака кылып сактап койгонуң – сеники, башкасы сеники эмес” – деп айтат. Аллах Таала Куранда минтип айтат: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба адамдар үчүн акырет жакшы жана силерге ал жерде данектин чел кабыгындай да зулум кылынбайт”. (Ниса, 77аят).

Урматтуу мусулман бир тууганым! Убакыт өтө берет. Жыл, болгону он эки айдан турат. Ай, болгону отуз күндөн турат. Күн, болгону жыйырма төрт сааттан турат. Саат болсо алтымыш мүнөттөн турат. Убакытты эч качан узун деп ойлобо. Кээ бир адамдар айткандай убакыт “алтын” эмес. Убакыт бул кайсы бир материалдык нерсе менен өлчөнбөйт. Убакыт – бул, өмүр. Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.

Абдишукур ажы Нарматов, 

The post Аллахтын алдындагы сурак appeared first on FORMULA.KG.


October 19, 2015 at 11:35AM
Технологии Blogger.