Абдишүкүр ажы Нарматов
Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим. Мээримдүү жа на ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдар дын жаратуучусу Аллах Таалага мактоо айтабыз. Андан жардам сурайбыз, кетирген күнөөлөрүбүздү кечирүүсүн суранабыз. Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан коргоо тилейбиз.
Аллахым, биз менен арамды, чыгыш менен батыштай алыс кыл жана адал жашоонун үстүндө өмүр сүрүүнү насип кыл.
Аллахым, бизге туураны туура көрсөтүп, туура жолуңда алып жүр. Катааны катаа көрсөтүп, адашуудан өзүң сакта.
Аллахым, ар бирибизди пайдасыз илимден сакта. Өзүңдөн коркпогон жүрөктөн сакта. Кабыл кылынбаган дубадан сакта. Өзүңө көтөрүлбөгөн амалдан сакта.
Күбөлүк берем Ал, Аллах жалгыз, Анын шериги жок, Ал бардык нерсеге күчү жетүүчү, Кудреттүү. Ал, Аллах адамзатты жоктон бар кылган жана аны жок кылып кайра тирилтүүгө кудреттүү. Ал, Аллах пендени өзүнө ибаадат кылуу үчүн жараткан жана биз Ага ибаадат кылууга милдеттүүбүз.
Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын элчиси жана кулу. Ал, Пайгамбар адамдарга бул дүнүйөнүн убактылуу экен дигин эскертип, чыныгы жашоого азык камдоого чакырган.
Өз үммөтүнө бул дүйнөдө мусапырдай жашап өтүүнү осуят кылган улуу Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Бүгүнкү сабагыбыз, Аллахты Жаратуучум деп, Исламды диним деп, Мухаммад пайгамбарды (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Пайгамбарым деп ыраазы болгон мусулмандарга арналат. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп эсептеп, бирок мусулмандык милдетин аткарбастан, жүрөгү таштай катып калган бир туугандарыма арналат. Ошондой эле, күн сайын бул жашоодон канчалаган адамдарды алып кетип жаткан өлүмдү көрүп туруп, ага даярданбаган, дүнүйөсүн кооздоп, акыретин эсинен чыгарып койгон, мүрзөлөрдү көрүп туруп, өлүмдөн коркпогон адамдарга да эскертүү болот деп ишенемин.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Эртең сапарга чыгасың. Сапарың анча деле алыс эмес. Ашып кетсе беш же алты күн жүрөсүң. Бирок сапарың жакын, андан кайтууң бат болгонуна карабастан бул сапарга канча күн мурда даярдана баштайсың. Алгач, кийүүчү кийимдериңди, андан соң тамак-ашыңды жолго керектелүүчү буюм-теримдериңди, акырында чыгым кылуучу акчаңды даярдайсың. Ушунун баары сенин беш-алты күндүк сапарыңдын жеңил болуусу үчүн жасалат. Сапарга азыгы жок чыгуу, кемеси жок деңизге кирген менен барабар. Биздин бул дүйнөдөгү жашообуз, чыныгы жашоо болгон акырет сапарына даярданып алуу үчүн токтой калган аялдама сыяктуу. Ким акырет сапарына жакшы даярдык көрсө, сапары жеңил болот. Ким сапарына даярданбаса кыйынчылыкка дуушар болуусу анык.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу Умар ибни Абдуллахка (Аллах андан ыраазы болсун) карап:
– «Эй Абдуллах. Бул дүйнөдө чоочун жолоочудай болгун. Өзүңдү мүрзөдөгүлөрдүн биримин деп эсептегин» – деп осуят кылган. Чындыгында, бул дүйнөгө ким түркүк болуп калат?! Эч ким. Эч ким эч качан бул дүйнөдө түбөлүк калган эмес. Анткени, бул дүйнө акырет эшигине алып баруучу кичинекей гана өткөөл. Бул кичинекей өткөөлгө, алыс сапарга камданып, азык топтоп алуу үчүн гана келгенбиз. Бул мезгилде кандай амал жасап калсаң, эртең аны көрөсүң. Жибрийил (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир күнү Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жанына келип:
– «Эй Мухаммад, бул дүйнөдө каалаганыңдай жаша, бир күнү баары бир өлөсүң. Каалаган амалдарыңды жаса, бир күнү анын сообун же азабын көрөсүң. Каалаганың менен дос болуп, жакшы көргүн, бир күнү андан ажырайсың. Ыймандуунун улуулугу, анын түнкү намаздарды көп окугандыгында. Ыймандын кадыры, башкалардан кажаатсыз болууда» – деп осуят кылды. Эмне үчүн хадисте өлүм тууралуу, бул дүйнөнүн кыскалыгы тууралуу айтылып келип, ага түнкү намазды кошуп койду? Анткени өлүм бүтүү эмес. Өлүм жоголуу эмес. Өлүм, бул башталуу. Өлүмдүн артында бул дүйнөдө жасаганыңа жооп берүүчү күн турат. Демек өлүмдү эстеген адам, ага даярданууну да унутпоосу керек. Түнкү намаз ибаадаттардын эң жакшысы, акырет үчүн пайдалуу азык. Түн ичинде окулган намаз кабырда нур болот.
Хасан Ал-Басрий (Аллах андан ыраазы болсун) кара-тору адам эле. Бирок анын жүзүнөн ар дайым нур чачырап тураар эле. Бир жолу адамдар андан эмне үчүн жүзүндө нур жаркырап тургандыгы жөнүндө сурашканда, ал:
– Түн ичинде Аллахка жалбарып ибаадат кылам, ошол себептен жүзүмө нур чыгат – деп жооп берет. Акырет үчүн азык камдоого шашылуу акылдуу адамдын иши. Өлүм эскертүүсүз келет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисинде:
– «Өлүмдү көбүрөөк эстегиле, ал эч кандай эскер түүсүз келет» – деп айткан. Өлүмдү эстебеген адам, эртең жөнөөчү сапарын унутуп койгон адам сыяктуу. Эч кандай даярдыгы жок сапарга жөнөгөн адамды элестетип көргүн. Аны машина күтүп турат же самолётко билети бар. Качан гана жөнөө убактысы келгенде, ал өтө шашылат. Бирок, эми даярданууга кеч болуп калды. Бул дүйнөнүн кызыгына азгырылып, акырети үчүн даярдык көрбөгөн адамга өлүм келгенде, даярданууга кеч болуп калат. Өлүмдү бир-эки мүнөт коё тур деп күттүрүп коё албайсың.
Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) күйөө баласы Алиге (Аллах андан ыраазы болсун) бир адам келип, бирөөдөн короо жай сатып алгандыгын, кийин аны кайрадан талашып алып албоосу үчүн, күбө болуп, бир кагаз жазып берүүсүн өтүнөт.
Али (Аллах андан ыраазы болсун) ал адамдын дүнүйөгө аябай берилген адам экендигин байкайт. Кагазын алат да «Бир өлүүчү адам, экинчи өлүүчү адамдан короо-жай сатып алды. Ал короонун төрт тарабы бар. Анын биринчиси адам өлгөндө түгөнөт. Экинчиси, мүрзөгө киргенде түгөнөт. Үчүнчүсү, Аллахтын алдында эсеп-кысап бергенде түгөнөт. Ал эми төртүнчүсү, же бейиш же тозок менен аяктайт» деп жазып берет. Тиги адам жакшы түшүнө албай, мен сенден күбөлүк кат жазып бер десем, сен өлүм жөнүндө жазыпсың деп таң алат. Ошондо Али: (Аллах андан ыраазы болсун) «дүнүйөгө көп берилбегин. Бул дүнүйө түбөлүктүү эмес. Эртели кеч жөнөөчү сапарыңды унутпа» деп насаат айтат.
Падыша Харун Рашиддин бир вазири бар эле. Анын милдети падышага насаат айтып, акыретти эстетип туруу болчу. Бир күнү падыша вазирин чакырып, мага насаат айткын дейт. Вазир падышага кайрылып мындай дейт:
– урматтуу падышам, эгер сиз катуу ооруп калсаңыз жана бул оорунун дарысы бир чөйчөк суу болсо, бирок ал суунун баасы өтө кымбат болсо, эмне кылат элеңиз? – дейт. Падыша бир топко ойлонуп:
– мен аны колумдагы мүлктүн жарымын берип болсо да сатып алмакмын – дейт. Ошондо вазири кайрадан:
– Ал эми ошол сууну ичкенден кийин аны кайра чыгара албай кыйналсаңыз эмне кылат элеңиз – деп сурайт. Падыша дагы көпкө ойлонуп туруп:
– дүнүйөмдүн калганын берип болсо да дарыланмакмын – деп жооп берет. Анда вазир:
– урматтуу падышам, сиздин падышалык мүлкүңүз Аллахтын берген ден-соолук нээматынын алдында эки чөйчөк суучалык кадыры жок болгон соң, демек өлүмдү көбүрөөк эстеп жүрүңүз – деп насаат кылган экен.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Сапарга чыгуудагы максатын билбеген адам, ал сапарга даярдык көрө албайт. Бул жашоодогу мак сатын билбеген адам, акыретине даярдана албайт. Бул жашоого Аллахтын сыноосунан өтүү үчүн, Анын буйруктарын аткаруу үчүн келгенбиз. Аллах Таала Кураанда: «Жиндерди жана адамдарды өзүмө ибаадат кылуу үчүн гана жараттым. Мен алардан ырыскы да жана алар мени азыктандыруусун да каалабаймын. Чындыгында Аллах ырыскы берүүчү жана Ал, Күч-кубаттын ээси» деп айткан. Ошондой эле, экинчи бир аятта: «Оо, ыйман келтиргендер! Руку жана сежде кылып Эгеңерге сыйынгыла жана (адамдарга, туугандарыңарга) жакшылык кылгыла. Балким, (тозоктон) кутулаарсыңар» деп айткан. Пенденин милдети Аллахка руку сежде кылып сыйынуу менен бирге башкаларга жакшы мамиле кылуу. Адамдын бул дүйнөгө жаратылуусунун мындан башка максаты жок. Аллах Таала хадиси кудусийде: «Эй адам баласы, мен жалгыздыгымдан сени жолдош болсун деп жараткан эмесмин. Мен аздыгымдан сени көп болсун деп жараткан эмесмин. Кайсы бир амалды аткара албай калсам жардам берет деп жараткан эмесмин. Кимдир бирөөгө менин менен бирге пайда же зыян берет деп да жараткан эмесмин. Мен сени күнү-түнү мага ибаадат кылууң үчүн жаратканмын» дейт. Демек, ибаадат кылуу жума күнү мечитке келип коюу же айт намазын окуп коюу эмес экен. Аллахка өмүр бою, күнүтүнү ибаадат кылуу керек. Анткени, өмүр өтө кыска жана өлүм эскертпестен келет. Сахабалардан кийинки доордо жашаган Мухаммад ибни Каьбий аттуу өтө бай адам болгон. Ал адам ооруп төшөккө жатып калганда, достору келип ага келме айтышып, балдары үчүн эмнени мурас кылып калтырганын сурашат. Алардын суроосуна: Жыйган байлыгымдын баарын акыретим үчүн жөнөтүп жибердим. Ал эми балдарыма Аллахты гана калтырдым. Эгер мен балдарыма мал-дүнүйө калтырсам, күндөрдүн биринде ал баары бир түгөнөт. Ал эми алар такыбаа болушса, Аллах ойго келбеген жерден ырыскы берет. Ал эми Аллахтын казынасы эч качан түгөнбөйт – деп жооп берет.
Урматтуу мусулман бир тууганым!
Өлүм периштеси эшигиңди кагып кирип келгенче акырет үчүн азык камдап ал. Өлүм периштеси келген соң аны кайтара албайсың, андан качып да кете албайсың. Болгону өкүнүч менен гана кете бересиң. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жакын сахабаларынын бири, эң көп хадисти бизге жеткирген Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) өлүм төшөгүндө жаткан мезгилде көз жашын агызып ыйлайт. Анын ыйлаганына таң калышкан адамдар, эмне үчүн ыйлап жатканын сурашканда, ал: мени бул жашоо дон кетип жатканы үчүн ыйлап жатат деп ойлойсуңарбы? Жок, мен сапардын алыстыгын көрүп, азыгымдын аздыгын эстеп ыйлап жатам – деп жооп берет. Ар бир пенденин башына бул күн келет. Улуу сахаба ушинтип өкүнүп ыйласа, эч нерсе менен иши жок кайдыгер жашоо өткөзгөн пенделердин абалы кандай болот. Күн өтүп жатат. Күн өткөн сайын өмүр азайып сапарга чыкчу күн жакындап келе жатат. Ар бир күнүбүздү, ар бир саатыбызды, ар бир минутабызды акырет азыгы үчүн жумшоого аракетенүүбүз керек. Аллахтын алдына барган кезде беш нерсеге жооп бермейинче бир кадам да алдыга жыла албайсың.
Биринчи: Аллах берген аздыр-көптүр өмүрдү кайда жумшадың.
Экинчи: Аллах берген күч-кубаттуу жаштыгыңды кандай пайдаландың.
Үчүнчү: мал дүнүйөңдү кандай жол менен таптың.
Төртүнчү: ошол тапкан мал-дүнүйөңдү кандай иштерге сарптадың.
Бешинчи: Билген илимиңе кандай амал кылдың. Мына ушул беш нерсени эстеп, ага жооп берүүгө да даярдык көр.
Диндеги эң такыба деген атка конгон Хасан Ал-басрий: (Аллах андан ыраазы болсун)
– «Эртең менен күн чыкканда адамдарга: эй адам баласы, мен жаңы күнмүн, менден пайдаланып кал. Мен бүгүн кетсем кыяматка чейин кайра келбеймин деп кайрылат» – деп айткан.
Ар бир агарып аткан таңдан кызарып күн батканга чейин акырет үчүн азык камдап сооптуу амалдарды жасоону Аллах Таала баарыбызга насип кылсын. Аллахым ар бирибиздин билип-билбестен жасаган күнөөлөрүбүздү кечиргин. Улуу Жума күнүндө кылган дубаларыбызды кабыл кыл. Адашып туура эмес жолдо жүргөн пенделериңди туура жолго баштагын. үлгү Аллахым, өзүңдүн алдыңа сооп капчыктарыбыз бош, азыгы жок барып калуудан сакта. Асслааму алайкум ва рахматулЛохи ва баракатух!
Запись АЗЫГЫ ЖОК САПАРГА ЧЫКПАЙТ впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий