Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком бузукулук. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сонку учурдагы аборттордун көбөйүшү, бойдон алдырып ымыркайларды таштап кеткен мисалдар, мыйзамсыз төрөлгөн балдардын арбышы – ушунун баары Батышты туурагысы келген, ошолордун изи менен баскысы келген умтулуунун, көптөрү чаңкап жүргөн “эркиндиктин” жемиши.

Ачык-чачык кийинген, аял коомдогу чыныгы ордун билбеген, гендердик теңчилик деген беткапты жамынган  биздин заманда зынакорлук кылуу анчалык делей кыйын эмес, оңой болгону менен, кийинки кезде күпкүндүзү эле зордуктап кеткен мисалдарды  көп уга баштадык. Кызык,..күнөөгө батуунун жеңил, опоңой жолу да эркектердин табигый муктаждыгын, жапайы инстинктин канааттандырбай калгандай денгээлге жетип калган окшойт…Бул балакеттердин баары Аллахтын дининен алыстаганыбыз үчүн кулачын улам жайып баратат.

Аял-эркекти аралаштыра жашаган система жана анын кесепеттери.

Мектептерде, университеттерде жана ар кыл офистик жумуштарда аял жана эркектер чогуу-чаран иштешип, бир бири менен “достой” жүрүшкөн  кадыресе көрүнүш акыры барып  бузукучулуктар менен күнөөлөрдүн  жайылышына, жарандык никелердин , эч кандай күбөсүз эле чогуу жашап алышкан баш кошуулардын көбөйүшүнө алып келди. Шарияттык  мийзам менен алганда, өзүн өзү эле күйөөгө берип алган аял ойноштук, бейбапаалык кылганге тете болоорун эске алган жан жок.  Анан да, эки бир туугандын балдары, күйөөсүнүн досу же кошунасы  аял үйдө жалгыз кезде мейманчылап кирип барышып, акырында өөп-жытташып, бузукулукка кирип кетишкен мисалдар эч таң калбай турган кадыреселикке айланып  барат.  Аял менен эркек биргеликте  ээн калганда, алардын үчүнчү шериги шайтан болоорун капарына алган киши аз. Элес албаганыбыз менен, ар кандай уят-сыйытсыз тасмаларды, жарым жылаңачтанган, өбүшкөн, шынаарлашкан актерлор менен актрисалардын  мамилелерин массалык маалымат каражаттарынан күндүр-түндүр ачыктан ачык эле жарнамалап, “ар адам эмнени кылгысы келсе өз эрки” деген маанини  аң сезимге сиңдирүүнүн, таңуулоонун кесепетинен коомубузда күнөөгө чакырган иштер, анын катарына ойноштукка, көңүлдөштүккө түрткөн жагдайлар көбөйдү десек аша чапкан болбос элек.  Журналдарда  чала жылаңачтанган кыздардын  атайылап азгырыктуу позада түшкөн сүрөттөрү , ал журналдарды сатып алып кадимкидей окуу, ошону өөн көрбөө адатка айланып, адамдар андай мүнөздөгү журналдарды нормалдуу эле нерсе  катары кабылдоого өтүштү.

Мухаммед (САВ) пайгамбар айткан:

“ Кайсы бир коомдо уят-сыйытсыздык, адеп-ахлактан тайган бузукулук, зынакорлук күчөп, ал нерселер коом үчүн кадыреселикке айланса, анда ал чөйрөдө мурда-кийин ата-бабаларына  белгисиз  жугуштуу ооруларга тушугушат”. (Имам ибн Мажах, Имам Хакимдер айтышкан)

Андыктан сонку кезде  мурда белгисиз оорулардын жаңы түрлөрү пайда болуп,  азыркы замандын эн апаат оорусу делинген СПИД сыяктуу илдеттин чыгуусуна анчалык таң калуунун кереги жок. Бир нерсени ишенимдүү айтууга болот,  адамдар Аллах чийген жолдон четке чыкты дегиче уламдан улам ооруулардан жаңы түрлөрү  пайда  болуп адамзатка азап алып келе  берет.

Зынаакорлук деген эмне?

Зынаакорлук – никеси болбой  туруп аял менен эркектин жыныстык катнашка баруусу. Диний аалымдардын жалпы макулдашкан бирдиктүү пикиринде, зына кылуу эң чон  күнөөлөрдүн бири. Ааламдардын Эгеси Аллах айтат (мааниси): 

“Зынакорлук кылбагыла,..
(Аль Исра сүрөсү, 32-аят).

Мындан тышкары да, Аллах айтат (мааниси):

«Алар –Аллахка кошуп башка кудайларды табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр  жана аягы суюктук кылбагандар . Кимде ким муну жасаса , ал жазага тартылат.   ( «Аль-Фуркан» сүрөсү, 68-аят)

«Аягы суюк аял менен аягы суюк эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер , анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун).
(«АН-НУР», 2-аят)

Зынакорлук күнөөсүнүн оордугу.

Зына кылуу эн бир чоң, эң бир ыплас күнөөлөрдүн бири катары эсептелинип, мындай күнөөнү жасаган адам үчүн да, зынакорлук көбөйгөн коом үчүн да бул жосунсуз жоруктун кесепети өтө коркунучтуу.

«Алар –Аллахка кошуп башка кудайларды табынбагандар, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган тирүү жанды укуксуз өлтүрбөгөндөр  жана аягы суюктук кылбагандар . Кимде ким муну жасаса , ал жазага тартылат.   ( «Аль-Фуркан» сүрөсү, 68-аят)

Аллах  зынаакорлукту – адам өлтүрүү, Жаратканга шерик кошуу сыяктуу чоң күнөөлөрдүн катарындагы күнөө деп белгилейт.  Ал эми айрым дин аалымдары зына ишин Аллага шерик кошкон-ширктен кийинки эле турган чоң күнөө деп аташкан. Мына ошондуктан, исламда зынакорлуктун өзүн гана айыптабастан, ошол жорукка алып барчу жолдордун баарына тыюу салынган: махрамсыз (аял кишинин эркек туугандары: ата,чоң ата, ага-ини, уулу) аял эркек менен жалгыз калбоого, эркек менен саякатка чыгууга жана эркек менен жөн гана сүйлөшүп, ар кайсыдан кеп салып олтурууга болбойт деген тыюу ислам дининде өтө маанилүү.

Ибн Аббас Мухаммед (САВ) пайгамдардын мынтип айтканын эскерет:

“Эркек киши бейтааныш аялдын жанында махрамы (жакын тууганы) болмоюн аны менен эч убакта жалгыз калбашы керек”. (Аль Бухари жана Муслим)

Аллахтын Элчиси Мухаммед (САВ) пайгамбардын төмөнкүдөй айтканы да бар:

“ Аял  киши алыс сапарга ( жөө жүргөндө ) үч күндөн ашык жолго махрамы (туугандар)  менен гана сапар кылсын”. (Муслим)

Зынаанын айынан көп учурда үй бүлөлөрдүн түркүгү урап, бул балээнин кесепетинен ар кыл жугуштуу оорулар күчөп, никесиз туулган балдардын саны арбып жатат. Мына ушунда көрүнүштүн баары коомго терс таасирин тийгизүүдө.

Зынаакорулук күнөөсүнүн ар кыл денгээлдери.

Зынага  баруунун баардык эле түрү негизи күнөө катары саналат, бирок зынанын жасалган кырдаал, шарттарына жараша, ал күнөөнүн оордугу боюнча да бир катар түргө бөлүнөт. Бейтааныш аялга караганда, туугандыгы бар аял (балким анын күйөөсү бар) менен зынага баруу өтө оор күнөө катары эсептелинет. Кошунанын аялы менен зынакорлук кылуу  да чоң күнөөлөргө кирет.

Күндөрдүн бир күнүндө Мухаммед (САВ) пайгамбар өзүнүн сахабаларына (радыяллааху анху) кайрылып: “ Зина тууралуу эмне дейсиңер?- деп сурайт. Сахабалар бир ооздон : “ Алла Таала жана анын Элчиси арам кылган,тыйган чоң күнөө.Ал кыяматка чейин арам бойдон кала берет,”- деп жооп беришти. Ошондо Пайгамбарыбыз  (с.а.в.) минтип айтты:

“Жакшылап угуп алгыла! Кошунанын аялы менен зынага баруу – башка он аял менен зына кылгандан да оор күнөө. (Имам Ахмад).

Имам Ибн Хаджар аль-Хайтами  мынтип айтыптыр:  Зынакорлуктун ар кыл денгээли бар экени белгилүү. Мисалы, бейтааныш , күйөөгө чыга элек аял менен болгон зынакорлук чоң күнөө делинсе, күйөөгө чыккан бейтааныш аял менен болгон зынаа андан да чоң күнөө. Жогорудагы күнөөлөрдөн да чоң күнөө – туугандыгы жагынан жакын болгон аял менен болгон зынаачылык.  Мындан тышкары, күйөөгө чыга элек кыздын зынаакорлугуна караганда, мурда күйөөгө чыгып ажырашкан аялдын зынаа кылышына өтө катаал жаза каралган. Турмушту анча түшүнө элек жаш адамга караганда, жашоонун ачуу-таттуусун көрүп калган, акылы тетик  жашамал адамдын зынаага баткан күнөөсү үчүн оор жаза бар. Кулга, билимсиз адамга салыштырмалуу, колу-жолу бош, эркин жана билимдүү кишинин зынаакорлугу кыйла катуу жазаланат.

Зынаакорлук үчүн жаза.

Дин аалымдарынын  өз ара бирдиктүү кеңешүүсү менен  – күйөөгө чыга элек аялдар жана үйлөнө элек эркектер зынаага батышса аларга сөзсүз түрдө 100 балак уруп жаза берилиши керек. Түрмөгө камоо боюнча пикирде аалымдардын бир даары макул десе, кээ бирлери башкача пикир айтышып, айрымдар жазанын бул түрү сөзсүз түрдө болушу керек деген ойдо. Аалымдардын пикиринде, зынаа жасаган эркек түрмөгө камалышы керек, а зынаага барган аял үй камагында кармалууга тийиш.

«Аягы суюк аял менен аягы суюк эркектин ар бирине жүз балак ургула. Эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер , анда аларга жумшактык кылбагыла. Албетте экөөсүнүн жазасына момундардын бир тобу күбө болсун (көрүп турсун). («АН-НУР», 2-аят)

Кимде ким никелүү аялы, күйөөсү бар туруп же ажырашып башы бош жүргөндө  зынаачылык кылса ал таш менен урулуп өлтүрүлүүсү кажет делинет. Бирок мындай жазалоо, шарият талаптары менен так, даана далилденип, зынаа болгону аныкталганда гана ишке ашырылат.

Абу Хурейра жана Халид аль-Джухани (Алардан Аллах раазы болсун) төмөнкүдөй риваят кылышат, бир күнү Мухаммед (САВ) пайгамбарга көчмөн арабдар (бедуин) келишип, арасынан бирөө: “О Аллахтын элчиси!  Аллахтын аты менен сага жалбарабыз, ыйык Курандын шарты менен бизге өкүм чыгарып бер!”-дейт. Экинчи бедуин динден бир аз кабары бар окшобойбу, ал: “Ооба, Аллахтын жазууларынын негизинде бизге бир нерсени түшүндүрүп бер, бир сөздү айтууга уруксаатпы?”-деп сураганда,  Мухаммед (САВ) пайгамбар: “Айткын”,-дейт. Бедуин айтат: “Менин уулум бул кишиде кызмат кылчу, анан анын аялы менен уулум зынаачылык кылып коет. Эми менин уулумду таш менен уруп жазалап өлтүрүү керектигин айтып жатышат. А мен бул кишиге уулумдун күнөөсүнүн жаза акысы үчүн жүз кой жана бир жаш күң бергемин. Андан кийин билерман адамдардан сурап көрсөм, алар уулума жүз балак урулуп, айылдан чыгарылып түрмөгө бир жыл камалышы зарылдыгын, ал эми бул кишинин аялын болсо – өлүп калганга чейин таш менен уруу керектигин айтышты”.   Аны уккан Алланын Элчиси (Ага Алланын тынчтыгы жана мээрими болсун):

Менин жаным алаканында турган Алланын аты менен ант берем, Алланын жазууларынын негизинде өкүм чыгараарым анык! Жаш күң жана койлор өзүңө кайтарылууга тийиш, а уулуңа жүз балак урулуп, айылдан тышкары чыгарылып бир жыл түрмөгө камалышы кажет. А сен Унейс, тиги аялга бар, ал аял зынаага барганын моюнга алса, таш менен уруп өлтүргүлө” (Имам Аль-Бухарий жана Муслим)

Зынаакорлукка  далилдер.

Зынаакорлук кылган адам ал жоругун өзү моюнуна алса  же зынаа кылганын төрт киши тастыктаса мына ошол –далил болот. Төрт киши аял менен эркектин интимдик абалда жатышканына күбө болуусу толук далил эмес, укук адистеринин тили менен айтканда, төрт күбө   “ключ кулпуга салынганын” так, даана көрүшкөндө гана зынаа деп эсептелинет.  А эгер, алардын айтканында далил жок болуп кала турган болсо, күнөөлөгөн тарап өздөрү жазаланат: мисалы, зынаакорлукка күбөлөрдүн саны төртөө эмес, үчөө болуп калса же алар интимдик акт болгонун көзү менен көрбөсө  бул далилге жатпайт.

Тообо кылуу.

Эгерде эркек же аял  зынаакорлук кылып (мында Аллах баарыбызды сактасын) күнөөгө баткан болсо, ал кылмышын адамдардан жашырып. Аллахтын астында  күнөө кылганына чындап  өкүнүп, тообо кылып, андай жорукка экинчи барбоого  касам ичкени  кыйла туурараак. Акыйкатта, Аллах – Баарын көрүүчү, Кечирүүчү.

Автор: Расул абу Асад, Islamlife

Запись Зынаакорлук – чоң күнөө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

⬅  Кыямат алааматтары – 1

😷 ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАР­ДЫН КЫРЫЛУУСУ

Өлүмдүн көп болуусу да – Кыяматтын жакындап калганын билдирет. Ауф бин Малик айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандар­га өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөө­гө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын кө­бөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер ме­нен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты” – деп айткан. (Имам Бухарий).

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол­сун) Чума оорусун малдын шарп ооруусуна салыштыруусунун се­беби, мал шарп болгондо анын оозунан же туяктарынан суу кую­лат да, дароо жан берет. Чума оорусунда да денеге чыккан жа­радан суу агып, адам бат эле кай­тыш болот.

Кээ бир аалымдар, бул кы­рылуу Палестинада Кудус мечи­тине жакын жайгашкан Аьмваас аймагында болуп өткөн чума ооруусу деп айтышат. Бул оору Умар (Аллах андан ыраазы бол­сун) Кудус мечитин алган жылдан кийин (18-х, 639-ж) пайда болуп, Шам (Сирия) жергесине чейин тараган. Оорунун айынан 25 000 мусулман каза болгон. Алардын арасында Муьаз бин Жабал, Абу Убайда, Шархабийл бин Хасна, Фазл бин Аббас ж.б. (Аллах алар­дан ыраазы болсун) сахабалар да бар эле.

👠 АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Бүгүнкү күндөрү уламдан- улам пайда болуп, адамдарды бузуп, туура жолдон адашуусуна себеп болуучу каражаттар – Кыя­маттын белгиси.

Биринчи – арам кылынган нерселерди көрүү. Газета-жур­налдар, телевидение, интернет, уюлдук телефон ж.б.у.с. аркылуу адамдардын ой-пикирин бузуу кеңири таралууда. Кароого бол­бой турган кинолорду, сүрөттөр­дү азыр ар кайсы жерден көрүүгө болот. Эң алыскы тоолуу аймак­тарда, боз үйдүн ичине чейин мындай бузукулуктар ээлеп ал­ган. Жылаңач аялдардын сүрөтүн бардык жарнамалардан, балдар­дын оюнчуктарынан, кол баш­тыктардан, окуу куралдарынан, идиш-аяктардан, тамак-аштар­дан, кийим-кечелерден, кыскасы бардык буюм-теримдерден кө­рүүгө болот.

Экинчи – арам жол менен та­мак табуу. Уурулук, зордук-зом­булук, каракчылык, паракорлук, сүткордук, таразадан алдоо, соо­дадан алдоо ж.б.у.с. баары – Кыя­маттын белгиси. Ошондой эле арам тамактардын жайылуусу б.а. чочконун эти, арак, Аллахтын аты аталбастан союлган малдын эти, арам өлүп калган малдын эти ж.б.у.с. күнүбүздө кулачын керип бара жатат. Бузукулуктун абдан көбөйгөнүнөн улам такыба адам­дар да андан качып кутула албай калат. Жеген тамагыңдын адал же арам экенинен күмөн санап кала­сың. Аллахтын жолунан чыкпай жүргөн адамдар колуна чок карма­ган сыяктуу болуп жүрүшөт. Бузу­кулуктар биринин артынан бири пайда болуп, улам кийинки чык­каны мурункусунан күчтүүрөөк боло берет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Жакшы амалдарды жасоо менен түн караңгылыгындай каптаган бузукулукту тоскула. Бир күн ке­лет, эртең менен мусулман болуп чыккан адам кечинде каапыр бо­луп келет. Кечинде мусулман бо­луп турган адам, эртең менен каа­пыр болуп калат. Адамдар динин дүнүйө үчүн сатып жиберишет” – деп айткан. (Имам Муслим). Ха­дисте бузукулуктун абдан күчтүү болгондугунан улам, адамдар бат азгырылып, ыйманын сактай ал­бай калуусу жөнүндө айтылган.

📡 СПУТНИКТИК КАНАЛДАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Азыркы учурда спутниктин каналдардын саны 13 000 ге жа­кындап калды. Алардын дээрлик көпчүлүгү бузукулукту таркаты­шат. Жогоруда айтылган хадис­теги “Түн караңгылыгындай кап­тап кирген бузукулуктун” бири дал ушул каналдар. Хузайфа бин Яман (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: “Силерге асмандан ушундай жамандыктар келет, ан­дан талаадагы чатыр да кутула албайт”. (Ибн Абу Шайба). Араб­дарда “Ассамаа” деген сөз асман маанисинде гана эмес, “өйдө” де­ген маанини да билдирет. Жого­рудагы асмандан жамандыктар дегендин мааниси – өйдөдөн б.а. спутниктер аркылуу келе турган жамандыктарга айтылган. Азыр эң алыскы тоодо жайгашкан боз үйдүн жанынан да спутник анте­насын көрүүгө болот.

🔄 Уландысы бар…

🔎 http://ift.tt/1GQdsJW

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 2 appeared first on FORMULA.KG.


October 20, 2015 at 08:58AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыз кызгалдак өтө мээримдүү, кызматтуу,назик,намыстуу,боорукер,сүйкүмдүү, сезимтал асыл зат болгон Аял заты болот. Кыз деген турмушту гүлдөтө турган үйдүн куту болгон Ата энении жардамчысы, кайын эненин, кайын атанын кызматчысы, үй бүлөөнүн берекеси,күйөөсүнүн жан шериги,балдарынын сүйүктүү апасы болот.

Ушундай ардактуу,ыйык,улуук,асыл зат кыздарыбыздын кордолгону, зордолгону жөнүндө сөз.кылмакчымын!

Пайгамбарыбыз ﷺ митип айтты:

“Кыздар өтө мээримдүү, кызмат кылуучу берекелүү болушат. Кимде үйүндө бир кызы болсо Аллах Таалам анын атасы үчүн тозок отун парда кылат. Ал эми кимде эки кызы болсо ал экөөнүн берекесинен Ата Энеси Бейишке кирет!” -деди…

А бирок биз ушундай сыйлыктын, берекенин ээси болгон кыздарыбыздыөз ордунда чоңойтуп кыз ордунда көрүп жатабызбы?

Жок албетте азыркы биздин заманга көз чаптырып көрсөк кыздарыбыз кордолгон,бузулган,зордолгон  болуп көбөйүдөө. Бул көрүнүшкө ким күнөөлүү??

Чынында ким күнөөлүү деп ойлойсуздар? Кыздардын өзүбү? Же Ата энеби?  Же заманбы?  Же балдарбы?

Бирок  бул жерде элибизде мындай кеп бар кызга үйдөн тыюу деген бар. Ошондуктан бул жерде күнөөлүү биздин алсыз болгон эркектер,

Алсыз болгон аталар, Алсыз болгон байкелер, Алсыз болгон агалар болуп жатат.

Эмне үчүн деп айтууңар мүмкүн?  Анткени кыздардын бузулуусу кайсыл жактарда?  Эмне себептен андай ишке барып жататар? Алардын кордолушуна,зордолушуна,бузулуусуна шаарга барып иштөө,эркек үйдө калып кыз келиндер базар шаарга барып иштөөсүү,атасы,агасы үйдө кызы шаарда иштеп ушулардын баары турмуштун айынан, тириликтин айынан , жокчулуктун айынан болуп жатпайбы….

Пайгамбарыбыз ﷺ:

“Аялзатын көздүн карегиндей, жаман көздөрдөн, жаман ойлордон сактагыла,аларды үйдүн гана миледитин жүктөгүлө” деп бекеринен айткан эмес.

Эгерде ошол кыздарыбыз үйдө олтуруп эркектер турмуш тириликтин милдетин өздөрү камсыз кылганда мындай окуялар аз болот беле.

Кыздарды аппак күнөөлүү эмес деген жокмун, туура кыздын өзүнөнда болот бирок алар эч жака чыкпай үй иши менен алек болгон до үйдөн тыюу болгондо мындай өкүнүчтүү иштер аз болмок ….

Бирок биздин жашообуз ушуга мажбур болуп калууда ата орукчан же агасы ишке жарбаган болуп.  Макуул кыздарды деле шаарга жөнөтөлүү ишениктуу туугандар менен,агасы,же байкеси,эжеси менен дегендей Ошондо бир аз болсода мындай окуялардын алдын алган болот элек…

Кыздарыбыздын бузулушуна,кордолушуна,зордолушуна кимдер күнөөлүү бузулган эркектер күнөөлүү.

Ушул тууралу бир рекет баланын башынан өткөн окуя тууралуу кыскача айтып өтсөм ..

Рекет жигит окуясын мындай баштады: Биз шаарда мен деген рекетерден,адамдарга, кыздарга зомбуклук зынаакорук көрсөтүп жыргап жашап жүрчүүбүз. Ошол күндөрдүн биринде достор менен олтурганбыз баары бирден кайсы кызды башын айлантканын максатына жетип таштап койгону тууралу сөз кылып биринен бири өтүп мактанып жатты. Бир досум айтып калды:

-Мен силерге карганда кыздарды таза колдоном деп айтты.  Силерге окшоп ар күнү ар кызга барбай бир кызды бир ай сүйөм күйөм деп алдап максатыма жеткенде таштап салам.  Азыр да бир байкуш келин бир баласы бар аны менен жыргап ичип маскылып үйүнө алпарып салдым.  Анын түсү каратору көздөрү капкара мынчанчы райондо, көчөдө,үйүнүн номерине чейин айтып жатты. Жакшылап кулак салсам ал менин досум менин карындашымды айтып жатты. Эмне кылаарымды билбей ошол жерде өлгүм келди. Бир нерсе дейин десем мен да мактанып койгом, мен да бирөөнүн Карындашын бузганмын. Эч нерсе дебестен башым ооруп жатат дем алайын деп кетип калдым.

Биринчи карындашымдын үйүнө бардым чынында ошондой болуп чыкты мас жатканын көрдүм.  Өлтуруп салгым келди эч айла таппай анан шайтан бир ой келтирди. Газды ачып эшик терезелерди жаап бэчара газды ачып билбей уктап өлүп калыптыр деп ойлошсундар деп эшиктип жаап чыгып кеттим.

Бирок тепкичтен тушуп кете жатып токтоп калдым кете албадым бир тууганымдын жанын кыялбадым.

Кайра артыма кайтып барып эшик терезелерди ачып бээкапар уктап жаткан  карындашымды кучактап ыйлап жаттым.  Эмне үчүн менин карындашым? Эмне үчүн мунун да жашоого акысы бар го ,деп өзүмдүн кылгандарым жөнүндө ойлонуп тообо кылдым. Эртеси жума намазга барып булганган  жан дүйнөмдү тазыртып намаз окуп Аллахтан кечирим сурап Мындан кийин мындай иштерге баарбашыма сөз берип тообо кылып жаттым “-деп сөзүн аяктады …

Мына бурадарлар зынакордук кандай жаман иш чоң күнөө.  Аллах зына кылагандарды жакындары аркылуу жазалап койот.

Кыз кызгалдак көп экен деп аралаба,

Аралап бүт баарыны жаралаба,

Үзүлгөн гүлдү тепсеп  жерге таштап,

Кор кылып кыз атыны каралаба.

Кыз деген гүл сыяктуу назик болот,

Үзүлгөн соң ал эч качан ачыла албайт.

Кыз деген эгер билсең сенин Энең,

Кыз деген эгер билсең сенин Эжең.

Кыз деген эгер билсең сенин карындашың,

Кыз деген эгер билсең койнуңдагы жарың.!

Ушуларды каалайт белең жакындарыңа ? Эч качан каалабайсың кыздарды кордоодо, зордоодо,бузууда өз жакындарың тууралу ойлон!   ошон учун кыздарыбыздын этият кылаалы туугандар!

Насиба Абдуллаева,

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

The post КЫЗДЫ КОРДОБО! appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 07, 2015 at 07:16PM
Технологии Blogger.