Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком мусулман аялдар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

О, Эркектер! Аялдарыңарды ыйлатпагыла! Анткени, аялдын төккөн ар бир тамчы көз жашы Алла Тааланын астында эсептелип турат.
Аял бутуңдан жаратылган эмес, анын укугун тепсеп кордооң үчүн. Башыңдан жаратылган эмес, ага үстөмдүк кылууң үчүн. Аял жүрөгүңө жакын кабыргадан жаратылган, аны жакшы көрүүң үчүн.
Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.
Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып;
– “Эмне кылып жатасын?” – деп сурайт.
-Аялы: “Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле”- деп жооп берет.
Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.
Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу чыныгы эркектердин сыпаты.
Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васаллам айтты: “Аялдарды сыйлуу адам гана сыйлайт, наалатка калган адамдар гана кордойт”.
Абдишүкүр ажы Нарматов.

December 23, 2015 at 01:31PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш



Кечээ, Америкада окуп-иштеп жүргөн кыздарыбыз Хадис Академиясына кошумчабыз деп 1130 (бир миң бир жүз отуз) доллар жөнөтүшүптүр. Алла ыраазы болсун! Урматтуу карындаштар, апалар, эжелерибиз! Биз динибизди билбей, түшүнбөй, алсыз болуп, силерди бага албадык. Ошон үчүн дүйнөнүн баардык жеринде иштеп жүргөн АЯЛЗАТТАРЫБЫЗДАН мен жалпы мусулман-кыргыз эркектеринин атынан кечирим сурайм! Бул күндөр да өтөт, бул күндөр да кетет!.. Биз динибизди окуп, үйрөнүп мусулманчылык милдетибиз мойнубузга келгенде, милдетибизди түшүнгөндө силер алыс жерлерде антип жүрбөстөн бала төрөп, бала жыттап, үйдө тамак даярдап Айша энебиздин, Хадича энебиздин… Алла Таала ыраазы болсун баарыңыздардан! Алар акча жөнөтүштү…ошол акчаны алып жатканда, билесиңерби, мен өзүмдү аябай кор сездим! Анткени, ошол жерде кыздарыбыз махрамы бар жүрүшөт, махрамы жок жүрүшөт… АЯЛЗАТЫ.. Мен үчүн өтө сүйүнүч болду, бирок, мен өзүмдү өтө жаман абалда сездим… Кудай Таалам баарыңарды жакшылыкка жеткирсин, баарыңардын тилектериңерди берсин, баарыңардын багыңарды Кудай Таалам өзү айткан болсун! Ааминь

December 22, 2015 at 09:49AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


December 13, 2015 at 06:22PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

📌 Коом энелерге жараша калыптанып өзгөргөндүгү маалым. Эркек киши үй- бүлөсүн багыш үчүн аялынын колдоосу, жөлөгү менен киреше табат. Күнүмдүк турмуштун запкысынан чарчап чаалыгып үйүнө кайтканда, аларды кулуп-жайнап тосуп алган, кайгы-капасына тең ортоктош болгон сүйүктүү жарлар бактылуу да, барктуу.

❤ Азирети Пайгамбарыбыздын да жөлөгү бар эле. Ал Азирети Хадижа эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз адамдар тарабынан куугунтукталып, жалган жалааларга, кордуктарга дуушар болуп, кайгырып үйүнө кайткан күндөрдө Хадижа ага арка-жөлөк болоор эле (Ибни Хишам, ас-Сиро, I, 259). Азирети Хадижа Пайгамбарыбыздын Исламды жаюу ишиндеги ишенимдүү кеңешчиси, кайгы-муңун тең бөлүшкөн сүйүктүү жары болгон.

📎 Ошондой эне балдарына эң мыкты тарбиялаган үлгүлүү эне эле. Ал балдарына үй-бүлө куруунун сырларын, адамдар менен болгон мамиленин эрежелерин үйрөтө турган.
Авф бин Махламдин зайыбы Умама бинти Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:

❗“Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:

1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне апкелсе апкелсин, бардыгын сүйүнүү менен кабыл алышың керек.
2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып “жасаба” деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ийишиң керек.
3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби, алар күйөөңдү жийиркентип сенден көңүлүнүн суушуна апкелет.
5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
7. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегинде сакта, ысырап кылба.
8. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
9. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
10. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал. Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба!”

✏ Бул үлгүлүү эненин бекем үй-бүлө куруунун маанилүү эрежелери. Береги кеңештер боюнча түптөлгөн үй-бүлө бекем боло алат. Ошондуктан бабаларыбыз улам кийинки муундарды тарбиялоодо бул эрежелерди эске алган. Уулун үйлөндүргөн энелердин да аларга берчү баалуу кеңеш-насааттары бар. Баланы ыймандуулуктун тарбиясы менен өстүрүү керек. Аларга сабырдуулукту, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, ыраскөйлүктү, ыйбаалуулукту үйрөтүү зарыл. Уулунун бейпил турмуш куруусун каалаган акылман эненин төмөндөгү икаясы кандай гана мазмундуу:

🕐 Тамакты чүйгүндөп даамдуу жасагандыгы менен атагы чыккан эне кечки тамакка жаңы үйлөнгөн уулун жубайы менен чакырат. Ошол себептүү эртеден бери ашканада тамак жасап жаткан болчу. Кечки тамакка эски досу да чакырылган эле. Көптөн күткөн меймандар да келип, дасторконду тегерете отуруп калганда укмуштуу нерсеге туш болушту. Эне кемпирдин жасаган бүгүнкү тамагы соргоктун да табитин качыра тургандай начар эле. Картошкалары күйүк, эти болсо дээрлик бышпай калган. Уулу, келини жана досу кемпирге муну сездирбеш үчүн колдорунан келишинче аракет жасашса да, тамак учурунда эч кимисинин табити чаппаганы билинип турду. Ошентип тамакты жеп отурушту. Уулу келини менен энесинин колунан өөп үйлөрүнө жөнөштү. Досу кемпир курбусуна кайрылып:

“Сенин мыкты ашчы экениңди беш колумдай билем. Айтсаң, эмне үчүн бүгүнкү тамагыңды минтип койдуң? Менимче, сен же ооруп жатасың, же мунун бир сыры бар” – деди. Анда ал жылмайып:
“Жок, ооруган деле жокмун. Атайылап жасадым. Мындан кийин уулум апасынын тамактары менен аялынын тамактарын салыштырып, эч качан аялынын көңүлүн сындырбайт” деген экен.
Мына акылмандыктын, кыраакылыктын үлгүсү. Уулунун жакшылыгын ойлогон эне гана ушундай мамиле жасай алат. Баалуу кеңеш берип жатканын ойлоп:”Кулак сал, уулум, аялдардын көңүлүнө карап такыр мамиле кылба. Аял дегенди башынан эле тарбиялап албасаң, кийин башыңа чыгып алат”- деген сөздөр менен жубайына карата серт жана катуу мамиле жасоого үндөбөйт.
Улуу Алла Таала эл-жерибизге, мамлекетибизге жана бүткүл адамзатка тынчтык, ынтымак, ыймандуулук насип кылсын.

📌 Эненин дубасы:

Хаким Тирмизи жаш кезинде илим алууну абдан самачу. Күндөрдүн биринде Тирмизиге эки досу келип илим алмакка алыска сапарга чыга тургандыктарын билдирип, аны да чакырышат. Тирмизи бир жагынан кубанып, бир жагынан ойлонуп калат.

Ошол эле күнү кечинде маселени энесине билдирет. Энеси ойлуу тартып уулуна мындай дейт:
– Уулум! Мен ал-күчтөн тайдым. Мага сенден башка жардам бере турган эч кимим жок. Өзүңө да маалым, бир жагынан оорукчанмын. Мени жалгыз кимге таштайсың?

Энесинин бул сөздөрү Тирмизинин сай сөөгүн сыздатты. Бир тараптан илим алууга болгон ышкысы, бир тараптан эненин акысы аны кыйын абалга алып келди. Терең ойго батып, акыры эненин акысы илим алуудан жогору экендигин баамдап, илим алуудан баш тартты. Жагдайды досторуна туура түшүндүрүп, алар менен илим алууга бара албай калгандыгын билдирди.

Ошентип достору шаардан чыгып алыска сапар тартып кетишти. Тирмизи алардан бөлүнүп илимден кур калгандыгы үчүн аябай кыжалат болуп жүрдү. Арадан көп убакыт өтсө да, илим алуу ышкысы күн өткөн сайын күч ала берди. Өзү жалгыз калган убактарда өзүнчө буулугуп көпкө ыйлачу. Муну байкаган энеси:
«Алла таала «иншаалла»(Кудай кааласа) сени бул арзууңа жеткирээр» деп дуба кылып жүрдү.
✏ Күндөрдүн биринде Тирмизи мүрзөнүн жакасына барып ыйлап, бугун чыгарып өзүнө-өзү:
«Мен эмне боломун? Досторум илим үйрөнүү үчүн кетишти. Менчи? Илимсиз калдым» деп сүйлөнүп жаткан эле. Бир маалда жүзүнөн нур тамган бейтааныш карыя пайда болуп:
– Уулум! Эмне ыйлап жатасың? Сага эмне болду? – дейт.

Хаким Тирмизи алгач апкаарып калат. Анан баш-аягын жыйнап болгон окуянын баарын башынан аягына чейин айтып берет.
Анда береги карыя:
– Аз убакыттын ичинде тигил эки досуң алган илимден да көп илим алууң үчүн, ар күнү келип сага сабак беришимди каалайсыңбы? – дейт ууртунан жылмайып.

📌 Хаким Тирмизи кубанчы койнуна батпай:
– Албетте, каалаймын, – деп жооп берет.
Ошентип нур жүздүү бейтааныш адам ар күнү келип сабак бере баштайт. Тирмизи үч жыл бою сабак алат. Ал бул бейтааныш карыянын ким экендигин үч жылдан кийин гана билген. Ал карыя азирети Кыдыр (а.с.) болгон экен.
Бул багытта Тирмизи:
«Жараткандын мага буюрган мындай чоң жакшылыгына энемдин ыраазычылыгы жана анын ак дубасы менен жеттим!» деген.

👪 “БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

🔎 http://ift.tt/1NhBJxf

The post 👍 Үлгүлүү энелер appeared first on FORMULA.KG.


October 17, 2015 at 11:47PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Му­хаммад пайгамбарыбызга салам-ду­балар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, бу­лардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үй­дүн түркүгү аял заты. Ошондуктан улуу сөздө “Эне – бул, мектеп” деп айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыйман­дуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А баш­калар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даа­мына келтире албайсың” деп айты­лат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учур­дан баштап берүү зарыл? Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каала­ган эне тарбияны бала төрөлө элек­те баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

  1. Эне көбүрөөк Куран окуш ке­рек. Эгер окуй албаса окулган Ку­ранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акыл­дуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.
  2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Иба­дат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсакта­гы бала да эс алып, жакшы жетилет.
  3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Не­гизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жа­шаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.
  4. Болочок ата менен эненин ор­тосунда бири-бирине мээрим төгү­лүп туруусу керек. Айрыкча эне баш­калардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.
  5. Эне таза эмес (арам) тамактар­дан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону ме­нен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийги­зет.
  6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.
  7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү ай­тып туруусу зарыл.

Мына ушул сыяктуу жакшы иш­тер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кы­луу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Бала төрөлгөнгө чейин бо­лочок эне өзүн кандай алып жү­рүү керектиги тууралуу айтылып өттү. Эми бала төрөлгөндөн ки­йин ата-эне кандай иштерди атка­руусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.

  1. Исламда бала төрөлгөн­дөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калган­да азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байла­нышы жок. Болгону азан чакыр­гандан кийин балага ат коюлган­дыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн ба­ланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жан­дын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.
  2. Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-тур­мушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакы­рылат. Ошондуктан балага ат кой­гон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттар­ды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ысымдардын жакшы­сы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдар­дын жакшысы – Абдулла, Абду­рахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулак­ка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мын­дай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Каапыр, динсиз адамдардын ысымы, же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.
  3. Ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтын­ды, же анын баасын садака кы­луу керек. Бул садака баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген ай­тымдар бар.
  4. Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жен­тек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт, же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.
  5. Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтур­гузуу керек.
  6. Эне баланы эки жыл эми­зүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эм­ген эмес. Ошондуктан эне өз мээ­римин балага сүт аркылуу өткө­рүүсү керек.
  7. Баланы эки жыл эмизген учурда эне жөн гана баланын курсагын тойгузуп жатам деп эсептесе жаңылышкан болот. Эне баланы эмизүү менен анын курсагын гана тойгуз­байт, ага рухий азык берип тарбиялайт. Анткени, эне­нин жүрөгүндө эмне болсо, сүт аркылуу бала ошону ка­был алат. Ошондуктан, бала эмизген учурда эне баласына болгон чексиз мээримин тө­гүп туруусу зарыл. Мындан сырткары бала эмизип жаткан учурда эне жаман ойлордон өзүн алыс кармоого тийиш. Бала эмизип жаткан учурда Куран аяттарын, зикир, тас­бих сөздөрүн кайталап олту­руу пайдалуу.
  8. Тили жаңыдан чыгып жаткан балага “Келме” ай­тууну үйрөтө берүү керек. Баланын тили келме айтуу менен чыкса, келечекте анын дин менен жашоосу жеңил болот, ин шаллаах.
  9. Ал эми тили чыгып, сүй­лөп калгандан кийин ага же­ңил жана зарыл дубаларды үйрөтө баштоо керек.
  10. Бала 4-5 жашка келип калгандан баштап, баардык иштердин (тамактануунун, уктоонун, салам берүүнүн, ажат өтөөнүн ж.б.у.с.) адепте­рин үйрөтө баштоо керек.
  11. Жети жашка толгондо бала менен кыздын төшөгүн ажыратып өз-өзүнчө жаткы­руу зарыл.
  12. Жети жаштан баштап на­маз окууну үйрөтүү керек, он жашка толгончо намазды то­лук үйрөнүп бүтүүсү жакшы.
  13. Баланы берешендикке үйрөтүү үчүн башкаларга жардам берген учурда бала аркылуу же, анын көзүнчө бе­рүү жакшы.
  14. Чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн ар түрдүү жумуштарга жумшап туруу керек.
  15. Балага жалкоолуктун, көп уктоонун зыянын эскер­тип туруу керек.
  16. Бала көтөрүмдүү болуш үчүн көп эркелетпей, кез-кез­де катуу айтып урушуп туруу да зарыл.

Токон Жээнмырзаева, ар­дактуу эс алууда

The post Болочок энеге болумдуу насаат appeared first on FORMULA.KG.


October 13, 2015 at 09:01PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмиллахир-рахманир-рахиим

– Ислам шариятында аврат деп эсептелинген дененин бөлүктөрүн жаап жүрүү милдеттүү парз катары таанылат.

– Аялзатынын жүзү жана эки колунан (манжаларынын учтарынан баштап, билек муундарына чейинки аралык) башка денесинин бүтүндөй бардыгы аврат деп саналат.

– Кийимдин милдеттүү болгон шарттары:

  1. Кийилген кийимдин туруш-турпатынын өзү жасалга (зыйнат) болбоосу;
  2. Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу;
  3. Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай турган деңгээлдеги кенен болуусу;
  4. Адамдардын көңүлүн өзүнө тарта турган атырлар жана жыпар жыттардын сүйкөлбөгөнү;
  5. Эркектердин жана пасык (шарият жолунда түз жүрбөгөн) аялдардын кийимдерине окшош болбоосу;
  6. Шухрат (башкалардан өтө айырмаланган жана обочолонгон) кийим болбоосу;
  7. Дененин жүз жана эки колдон башка мүчөлөрүнүн баарын жапкан болуусу.

– Аялдын кийими ар кандай түстө болгондугу талапка жооп берет. Бирок, күңүрт жана токтоо түстөгү кийимдерге артыкчылык берилет.

– Никаб, же болбосо жүздү жаап жүрүү маселеси милдеттүү парздардын катарына кошулбайт.

Чубак ажы Жалилов

The post Исламдагы аялдардын кийими appeared first on FORMULA.KG.


September 17, 2015 at 06:40PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыз кызгалдак өтө мээримдүү, кызматтуу,назик,намыстуу,боорукер,сүйкүмдүү, сезимтал асыл зат болгон Аял заты болот. Кыз деген турмушту гүлдөтө турган үйдүн куту болгон Ата энении жардамчысы, кайын эненин, кайын атанын кызматчысы, үй бүлөөнүн берекеси,күйөөсүнүн жан шериги,балдарынын сүйүктүү апасы болот.

Ушундай ардактуу,ыйык,улуук,асыл зат кыздарыбыздын кордолгону, зордолгону жөнүндө сөз.кылмакчымын!

Пайгамбарыбыз ﷺ митип айтты:

“Кыздар өтө мээримдүү, кызмат кылуучу берекелүү болушат. Кимде үйүндө бир кызы болсо Аллах Таалам анын атасы үчүн тозок отун парда кылат. Ал эми кимде эки кызы болсо ал экөөнүн берекесинен Ата Энеси Бейишке кирет!” -деди…

А бирок биз ушундай сыйлыктын, берекенин ээси болгон кыздарыбыздыөз ордунда чоңойтуп кыз ордунда көрүп жатабызбы?

Жок албетте азыркы биздин заманга көз чаптырып көрсөк кыздарыбыз кордолгон,бузулган,зордолгон  болуп көбөйүдөө. Бул көрүнүшкө ким күнөөлүү??

Чынында ким күнөөлүү деп ойлойсуздар? Кыздардын өзүбү? Же Ата энеби?  Же заманбы?  Же балдарбы?

Бирок  бул жерде элибизде мындай кеп бар кызга үйдөн тыюу деген бар. Ошондуктан бул жерде күнөөлүү биздин алсыз болгон эркектер,

Алсыз болгон аталар, Алсыз болгон байкелер, Алсыз болгон агалар болуп жатат.

Эмне үчүн деп айтууңар мүмкүн?  Анткени кыздардын бузулуусу кайсыл жактарда?  Эмне себептен андай ишке барып жататар? Алардын кордолушуна,зордолушуна,бузулуусуна шаарга барып иштөө,эркек үйдө калып кыз келиндер базар шаарга барып иштөөсүү,атасы,агасы үйдө кызы шаарда иштеп ушулардын баары турмуштун айынан, тириликтин айынан , жокчулуктун айынан болуп жатпайбы….

Пайгамбарыбыз ﷺ:

“Аялзатын көздүн карегиндей, жаман көздөрдөн, жаман ойлордон сактагыла,аларды үйдүн гана миледитин жүктөгүлө” деп бекеринен айткан эмес.

Эгерде ошол кыздарыбыз үйдө олтуруп эркектер турмуш тириликтин милдетин өздөрү камсыз кылганда мындай окуялар аз болот беле.

Кыздарды аппак күнөөлүү эмес деген жокмун, туура кыздын өзүнөнда болот бирок алар эч жака чыкпай үй иши менен алек болгон до үйдөн тыюу болгондо мындай өкүнүчтүү иштер аз болмок ….

Бирок биздин жашообуз ушуга мажбур болуп калууда ата орукчан же агасы ишке жарбаган болуп.  Макуул кыздарды деле шаарга жөнөтөлүү ишениктуу туугандар менен,агасы,же байкеси,эжеси менен дегендей Ошондо бир аз болсода мындай окуялардын алдын алган болот элек…

Кыздарыбыздын бузулушуна,кордолушуна,зордолушуна кимдер күнөөлүү бузулган эркектер күнөөлүү.

Ушул тууралу бир рекет баланын башынан өткөн окуя тууралуу кыскача айтып өтсөм ..

Рекет жигит окуясын мындай баштады: Биз шаарда мен деген рекетерден,адамдарга, кыздарга зомбуклук зынаакорук көрсөтүп жыргап жашап жүрчүүбүз. Ошол күндөрдүн биринде достор менен олтурганбыз баары бирден кайсы кызды башын айлантканын максатына жетип таштап койгону тууралу сөз кылып биринен бири өтүп мактанып жатты. Бир досум айтып калды:

-Мен силерге карганда кыздарды таза колдоном деп айтты.  Силерге окшоп ар күнү ар кызга барбай бир кызды бир ай сүйөм күйөм деп алдап максатыма жеткенде таштап салам.  Азыр да бир байкуш келин бир баласы бар аны менен жыргап ичип маскылып үйүнө алпарып салдым.  Анын түсү каратору көздөрү капкара мынчанчы райондо, көчөдө,үйүнүн номерине чейин айтып жатты. Жакшылап кулак салсам ал менин досум менин карындашымды айтып жатты. Эмне кылаарымды билбей ошол жерде өлгүм келди. Бир нерсе дейин десем мен да мактанып койгом, мен да бирөөнүн Карындашын бузганмын. Эч нерсе дебестен башым ооруп жатат дем алайын деп кетип калдым.

Биринчи карындашымдын үйүнө бардым чынында ошондой болуп чыкты мас жатканын көрдүм.  Өлтуруп салгым келди эч айла таппай анан шайтан бир ой келтирди. Газды ачып эшик терезелерди жаап бэчара газды ачып билбей уктап өлүп калыптыр деп ойлошсундар деп эшиктип жаап чыгып кеттим.

Бирок тепкичтен тушуп кете жатып токтоп калдым кете албадым бир тууганымдын жанын кыялбадым.

Кайра артыма кайтып барып эшик терезелерди ачып бээкапар уктап жаткан  карындашымды кучактап ыйлап жаттым.  Эмне үчүн менин карындашым? Эмне үчүн мунун да жашоого акысы бар го ,деп өзүмдүн кылгандарым жөнүндө ойлонуп тообо кылдым. Эртеси жума намазга барып булганган  жан дүйнөмдү тазыртып намаз окуп Аллахтан кечирим сурап Мындан кийин мындай иштерге баарбашыма сөз берип тообо кылып жаттым “-деп сөзүн аяктады …

Мына бурадарлар зынакордук кандай жаман иш чоң күнөө.  Аллах зына кылагандарды жакындары аркылуу жазалап койот.

Кыз кызгалдак көп экен деп аралаба,

Аралап бүт баарыны жаралаба,

Үзүлгөн гүлдү тепсеп  жерге таштап,

Кор кылып кыз атыны каралаба.

Кыз деген гүл сыяктуу назик болот,

Үзүлгөн соң ал эч качан ачыла албайт.

Кыз деген эгер билсең сенин Энең,

Кыз деген эгер билсең сенин Эжең.

Кыз деген эгер билсең сенин карындашың,

Кыз деген эгер билсең койнуңдагы жарың.!

Ушуларды каалайт белең жакындарыңа ? Эч качан каалабайсың кыздарды кордоодо, зордоодо,бузууда өз жакындарың тууралу ойлон!   ошон учун кыздарыбыздын этият кылаалы туугандар!

Насиба Абдуллаева,

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

The post КЫЗДЫ КОРДОБО! appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


September 07, 2015 at 07:16PM
Технологии Blogger.