Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Детдомдогу кыздардын маегинен үзүндү.
Аябай ыйлатышты.

— Кыздар, сүрөт көрсөтөйүнбү силерге?
— Ии. Кана?
— Бул менин үй бүлөөм.
— Соонун сүрөт го. Өзүң тарттыңбы?
— Ооба. Өзүм тарттым.
— Ааиий, сенин атаң сулуу киши экен ээ?
— Ооба, менин атам сулуу киши болчуу. Атамдын ички дүйнөсү да сулуу болчу.
— А , ички дүйнө деген эмне?
— Ички дүйнө деген , бул, ички дүйнө.. Бүт баары жактары жакшыы кишилерди ички дүйнөсү сулуу киши экен дешет.
— Аа, менин атамдын дагы ички дүйнөсү сулуу. Анан атамды жыты да соонун болчу. Атам жумуштан келээри менен жыттап жыттап алат элем. Мен баарынан да ошол жытты сагындым.

— А , менин атам кандай киши болду экен? Өмүрүмдө ата жытын жыттап, ата мээримин көрбөй өсүп келем. Ата энем ажырашпай эле койсо балким биз дагы бактылуу үй бүлөө болсок керек эле.. Ата энелердин ажырашканы эле жаман. Бири бирин жакшы көрүшүп , сүйүшүп үйлөнгөндөн кийин , ажырашпай эле жашай берсе болот го..
— Эми , ажырашкандардын деле себеби болсо керек да. Анысын чоңдор өздөрү эле билбесе , биз кайдан билебиз?
Апам болсо, « Атаң аракты жакшы көрчүү эле.»: дейт. Жакшы көрсө эмне экен? Аракты бир эле менин атам эмес, элдин баары жакшы көрүп, ичип жатышпайбы? ! Ичсе деле, жанымда атам бар.. «Ата» деген сөз кандай жакшы..
Ата, атаке! Атоо.. Карачы , кандай сонун сөздөр.. .

Эх дүнүйө бирөөгө зар бирөөгө кор дүнүйө!
Ата -эне кадырын жетимден башка эч ким жакшы билбесе керек.
Алар үчүн бир гана "апа ","ата "деген сөздү айтуу канчалык бакыт экенин билсезиң гана ! Алар үчүн "кызым ","уулум " деп чакырган үнү канчалык маанилүү жана уккулуу!

Алар үчүн ата -эненин жыты,жүздөрүнөн күлмүңдөгөн чачырап турган мээрими, таттуу сөздөрү дегиеле күндө эртең менен "тур балам ","тур кызым "-деп таңды бирге тосуу кандай гана бактылуулук!

А ата -энеси жанында туруп, күндө "тур балам,тур кызым" -деп мээрим көздөр,жүздөр таңды биз менен тосуп баарын биз үчүн жасап,ичирип,кийинтип турса да аны биз сезбей келебиз! Биз үчүн эч нерсе эмес сыяктуу, "адам качан жакынын жоготгондо кадырына жетет "деген сөздөр бекеринен айтылган эмес.  Бар байлыкты канчасы корлоп жүрөт,кадыры турмак, көңүлун калтырып ,кол көтөргөн айбандар канча!

Эгер билсеңиз "Ата!","Апа! " кандай таттуу сөздөр, Аллахтан кийинки бизге дем -күч берген асыл инсандар! Оорусак "апа " дейбиз,жыгылсак "ата "дейбиз,ыйласак "апа "дейбиз,"адашсак "ата "дейбиз!

Сөйнөөрүбүз,таянарыбыз, жашообуздун нуру,дөөлөтү,жөлөгүбүз,бакытыбыз ата -энебиз экенин унутпайлы!   Ата Бейиш эшиги,Бейиш эненин таманында!

Ата -апалар  кээде жашоо сыноолоруна жеңилдик кылып ортотогу балдарга зыян жеткирбөө керек, өзүңөрдү ойлоп балдардын көз жашын агызбагыла!
Алар силерге муктаж,алардын келечек жашоолрундагы жаңы бүр алып келе жаткан максат,ойлорун,сындырып үмүтүн өчүрбөгүлө!

Балдарыбыз жылуу сөзгө, камкордукка,мээримге оролгон  мамилеге көбүрөөк муктаж... .

Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
"Бактыңыздын багыты!  Бизге катталыңыздар "...

Одноклассники: http://ok.ru/formulasy

Facebook: http://facebook.com/formulasy

Вконтакте : http://vk.com/formulasy

Instagram : http://instagram.com/formulasy

Блог : http://formulasy.blogspot.com/

Twitter : http://twitter.com/formulasy

Google+ : http://plus.google.com/+formulakg

 YouTube: http://www.youtube.com/formulakg

WhatApp :‪ +996 773 882 303
+996 773 460 482
+996 700 334 493

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


1) Кызымдын бутунда анары бар. Сөзсүз Анара деп айтуубуз жана ошол ысымды азан чакыртып коюшубуз керекпи? Өзүнүн аты Элина болчу. Анара деп чакырбасаң анары көбөйүп кетет дешет.
Жооп: Биз билгенден, анары бар адамдарды Анара, Анаркүл, Анарбек, Анарбай деп чакыруу, ошентип ат коюу милдеттүү эмес. Элина деп коюлган ат деле элине ыйман, акыйкат, адал эмгек, адилет кызмат көрсөтөт деген аруу тилек менен коюлса керек эле?!... Анар деген атты койбосо анары көбөйүп кетет деген эл оозундагы жөн эле сөз болуш керек го!? Антпесе, анары бар болгонуна карабай, андай ат албаган адамдар эмдигиче дене-боюн анар каптап кетпейт беле?..
Элинаны башка ысымга өзгөртүү, жаңыдан азан айттыруу зарыл эмес.
Эске салчу маселе: ысым өзгөргөн учурда, жаңыдан азан айттыруу тартиби жок. Азан ат коюлганы үчүн эмес, балким, бул ааламга келгени үчүн айтылат. Валлооху аьламу.

2) Шариатта бирөөнүн баласын эмизсе болобу? Жеңем баласын эмизип турчу деп таштап кете берет. Жолдошу руксат берсе, эмизе берсе болот дешет, ушул туурабы?
Жооп: Эгерде эмизе турган аялдын күйөөсү, тагыраак айтканда, сүттүн ээси уруксат берсе, эмизе берсе болот. Уруксат бербесе, эмизгенге да уруксат берилбейт. Сиз эмизген бала наристе сиз менен күйөөңүздүн кара чечекей баласындай эле мааниге ээ болуп калат да, сиздин балдарыңыз менен бир туугандык макамдай даражага, эмчектеш даражасына ээ болуп калышат. Эмчектештер бири-бирине үйлөнсө болбойт. Махрамият тартиптери сакталат.

3) Бирөө намаз окуп жатканда алдынан өтүп кетсе эмне болот?
Жооп: Күнөө болот. Эгерде намаз окуп жаткан адам ыңгайсыз жерди тандап алып окуган болсо, башкалар аргасыздан өтө турган болсо эки тарап тең күнөөкөр болот. Бир аз күтө турса намаз деле бүтөөр... Окуп жаткан адамды күткөндүн өзү да ибадат эмеспи... Пайгамбарыбыз алайхис салам “күт” дегенден кийин күткөн адам соопко ээ болот. Жашоодогу жаркын максатыбыз соопко ээ болуу болгондон кийин, күткөн жакшы...

4) Даават парзбы же сүннөтпү?
Жооп: Даават парз, садагасы! Куранда “Даават кыл!” деген чакырык, буйрук келет. Ким колунан эмне келсе, ага кандай жөндөмдүүлүк берилсе, ошол аркылуу дин жеткирүүгө аракеттенүүсү милдеттүү болот.
5) Хына менен колго, денеге сүрөт тартканга болобу?
Жооп: Аялзатына болот. Жандуунун сүрөтү эмес, гүл сыяктуу ар кандай оймолордун сүрөтүн хына менен тарттырса болот. А түгүл сооп дагы болот.
Эркектерге хына менен чач-сакалын боёсо болот, а бирок, денесине, колуна сүрөт тартырууга таптакыр болбойт. Арам.

6) Москвада мусулман эместерден кредит алса болобу?
Жооп: Даруль харбтагы харбийден ошол жердеги мусулман адам кредит алса болот. Москва дааруль харб болот, андыктан ошол жердик мусулман эместен, ошол жерде жашап жаткан мусулман пендеси, эгер муктаждык болуп калса - төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жете турган болсо, алардан кредит алса болот.

7) Козу карын жесе болобу?
Жооп: Болот. Уулуу козу карын жеген арам. Эскирип оорулуу кылып коё турганы болсо да арам. Ал эми шектүү болуп калганын жеген макрух. Жакшысын жакшылап жей бересиз.

8) Орозодо ийне сайдырса болобу? Ооз ачылбайбы?
Жооп: Орозодо ийне сайдыруу орозону бузбайт. Анткени ийне аркылуу кирип жаткан суюктук, адаттагы азык кирүүчү жол (ооз, мурун, кулак, арткы аврет) менен эмес, андан башка жер аркылуу кирип жатат. Ошондой эле кирип барган жери да адаттагы азык кирүүчү жай (кекиртек, ашказан, ичегилер) эмес, этибарга алына турган көңдөй болбогондуктан, ийне менен берилген дарыга ооз ачылбайт.
Ийне сайса орозо бузбайт деген аалымдардын көч башында Мухаммад Саьиид Рамазан Буутий турат.
Кээ бир аалымдар курамында “глюкоза” болсо ооз ачылып калат дешет. А бирок, ага маани берүүнүн кажети жок.

9) Эжем 50 жашта. Жездем менен ажырашканына 5 жыл болуп калды. Башкага турмушка чыгайын десе, талак бербей жатыптыр. Эжемдин улуу баласы «Башкага турмушка чыкпайсыз» деп жатат. Эмне кылса болот?
Жооп: Алардын ички маселеси экен. Күйөөсү менен жарашсын. Жарашууга такыр болбосо, анда сотко берип, же аксакалдарды салып ажырашсын. Беш жылдан берки өмүрү күл болуп кетиптир, ага ким жооп берет. Күйөөсү да акылы жакшы эмес адам экен, же өзү жашабаса, же өзгөнү жашатпаса, Алланын каарына кала турган пенде экен. Кудайым сактасын.
Чоң баласы да атасын жазбай тартыптыр. Андай эле кызганчаак экен, атасы менен апасын эптеп жолун таап ажыраштырсын. Апасынын курсагын эптеп тойгузганы менен, анын көңүлүн кантип тойгузат.
Апалары жесир калган, же тирүүлөй жесир калган балдар, апаларын курулай эле кызгана бергендери жакшы эмес. Эгер жакшы, мусулман, такыба пенде чыкса, уруксат бергендери жакшы болот. Жалгыздык Аллага эле жарашат.

10) Жолдошум Кувейтте иштейт. Умрага, ажыга көп барат. Мени да ажыга алып бар десем күнөө болбойбу? Же махрдын ордуна ажыга алып барып кел дегеним дуруспу?
Жооп: Жолдошуңуз менен сүйлөшүңүз. Кандай чечсеңер да жакшылыкка болот. Кеңешип кескен бармак оорубайт деп айтылат.

11) Каш терсе болбойт дегениңизди уккамын. Бирок жолдошум сулууларды көргөндө өзүн жоготуп коёт. Жолдошумдун башкага көз артпоосу үчүн терсем болобу? Тергенде башкача болуп калам.
Жооп: Сулуулук салонуна барсаңыз, азыр кашыңызды тербей туруп сулууга айлантып коё турган кереметтер бар. Анын үстүнө азыркы моданын кыйындары «Кашты тербей туруп сулуу болуу мода» деп айтып жатышкан имиш. Кашты терген күнөө болот.

12) Эртең менен намазга такыр тура албай жатам. 4 маал гана намаз окуп келем. Бул кандай болот?
Жооп: Багымдаттын казасын оку, жок дегенде. Ниет кылсаң турасың, ниет жок болсо ошентип өксүй берет.

13) Намазда ойлобогон ойдун баарын ойлоймун. Бул нерсенин дубасы барбы?
Жооп: Эмне тилек тилесең, ошонун баарын кыргызча айтсаң эле, ошонун дубасын таап айтканың болот. Намаздын башында намаздын улуулугун, маанилүүлүгүн эске салып, ниетти туураласаң, жеңилирээк болууга себеп болот.

14) Ооз бекиткенден кийин тиш жуусак кандай болот?
Жооп: Ооз бекитип тиш жууса деле болот. Бирок, ооз бекитүүдөн мурда тиш жууп алган жакшыраак. Анткени тиш пастанын даамы бар болгондуктан, ал оозго кирип кетүү коркунучу болуп, ошол коркунучтун айынан макрух болуу мүмкүнчүлүгү туулат. Ооздогу жаман жытты кетирүү максатында мисвак бутагын тиш тазалоого колдонсоңуз жакшы болуп, сүннөткө ээ болосуз. Бирок, зарылчылык туулса, кекиртекке киргизбей туруп жуусаңыз, этиеттик шарты менен дурус болот.

15) Үй-бүлөдө аял киши күйөөсү менен иши жок болсо, калпты айтса, тапканын пайдасыз нерселерге чачса ажыраштырууга болобу?
Жооп: Аял киши үйдө болуп, үйдүн кутун сактоого аракеттенүүсү абзел. Күйөөсүн тоготпогон аялга осуят айтылуусу кажет. Жолдошунун абийирин чачууга жол койгон учурда, ажырашууну ойлонууга мүмкүнчүлүк табылуусу мүмкүн. Ал эми аял киши өзү тапканын пайдасыз нерселерге жумшаса, ал нерсе үчүн ажырашууга же ажыраштырууга аракет кылуу туура эмес. Калп айткан үчүн да ажыраштырууга жол берилбегени туура болот. Эркек кайраттуу болсо аял уяттуу болот. Аялдын муктаждыгын канааттандырып, анын көңүлүн көтөрө билсе, аялзаты көчөгө да чыкпай, кошумча тыйын да таппайт, тыйын таппагандан кийин аны пайдасыз жолго чачпайт. Чачпагандан кийин актануу үчүн калп да айтпайт. Ошентип баары жөнгө келет. Үй-бүлөдө дин жок болсо, балакеттин баары башталат. Бактылуулук ошентип ташталат.

16) Намаз окубайм. Начар баламын. Кыздарга көз арта берем. Досторумдун аялдары көз кысса, алардан калбай өзүнө жараша мамиле кылып коё берем. Өзүм сулуу деле жан эмесмин. Темир кызыткан жерде иштейм. Ал жердеги кызыган отту көрүп тозоктон корком. Мен да жакшы амал кылып, бейишке чыккым келет. Кеңешиңизди чыдамсыздык менен күтөм устаз.
Жооп: Сага ошол кыздар, келиндер көз кысканда эжең менен карындашыңды, энең менен таэжеңди, кызың менен келинчегиңди элестет. Ошолорго башкалар көз кысканын ойлон. Сендеги бар абалдан ойгон. Ошондо болосуң сен жаман иштерге тойгон. Такыр болбосо өзүң кызыткан отко чыпалагыңды тийгизе кой жарым секундка... Маселе чечилет. Такыр болбосо, ошол отко боюңду ташта. Тозокко күйгөндөн көрө ушул отко күйсөң күйүтүң жеңилирээк болот. Күнөөдөн качып күйгөнүң үчүн күнөөдөн арыларсың, Жусуп алайхис саламдын сүннөтүнө бой сунган болуп, бейиштик орунга кабыларсың. Ошент, берекем!

17) Атам жок, апам, 2 иним бар. Турмушка чыккыча үй-бүлөнү мен камсыздап келдим. Мен кеткенден кийин апамдар аябай кыйналды. Кээде үйдөн азык-түлүк жиберип турчумун. Күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп: Эгерде сиз жумушта иштеп, өзүңүз тыйын тапсаңыз, каалаганча жардам бере аласыз. А эгер иштебеген болсоңуз, анда, жолдошуңуздун уруксаты менен гана жардам бере аласыз. Үйдө даярдалып, үй-бүлөңүз жегенден арткан тамактан каалашыңызча анын уруксаты жок берсеңиз боло берет.
Эгерде, апаңыз жана инилериңиз жаш болгону үчүн сиздин жардамга чындап муктаж болсо, анда күйөөңүз сиздин атыңыздан аларга жардам берүүгө тийиш болот. Жолдошуңуздун каражаты тартыш болсо, же аларга жардам берүүнү каалабаса, анда сиздин иштөөңүзгө уруксат берүүгө милдеттүү болот.

18) Менин ашказанымда жара бардыгына байланыштуу бат-бат аз-аздан тамактануу керек. Жакында орозо башталат, орозо кармабай койсом күнөөкөр болбоймунбу?
Жооп: Дарыгериңиз менен кеңешиңиз. Анын жообу менин жообум болот.
19) Мен куу, жалганчы, ширин тилдүү кайненем менен жашаганга мажбурмун. Намаздарыма, жоолугума тоскоолдук кылат. Чыдайм деп жүрүп ден-соолуктан айрылганы калдым. Эмне кылам, устаз?
Жооп: Бой көтөргөндөргө бой көтөрүү садага. Сен дагы ширин тил бол. Уруп жатпагандан кийин анын кылык-жоруктарына маани бербе. Кулактын сыртынан кетир. Акылы аз адам сүйлөп жаткандай эле кабылда. Ошентсең баарына жакшы болгону турат.

Атактуу аалым Чубак ажы Жалиловго суроолоруңуздарды SMS же Whatsapp аркылуу 0773-61-54-87 номуруна жибериңиздер!



Эскертүү: аталган номур Чубак ажыныкы эмес!

http://saresep.kg/
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Таравих намазы Рамазан айында гана куптан намазынан кийин витр намазынын алдында окулуучу 20 рекет муаккад сүннөт намаз болуп эсептелет. Таравих намазы эркек, аял окууга тийиш болгон сүннөт амал. Таравих намазын жамаат менен окуу сүннөт. Таравих намазын жеке өз алдынча окуса да болот. Бирок жамаат менен окуу абзел.
Азирети пайгамбарыбыз САВ: “Кимде ким бекем ишеним жана сообун Аллахтан үмүт кылуу менен окуса, ага чейинки күнөөлөрү кечирилет” (Муслим, Салатул-Мусафирин 174) – деп таравихтин сооптуулугун баса белгилөө менен таравихти окууга чакырган.

Таравих намазы жыйырма рекет. Ар бир төрт рекет намаздан кийин бир саамга тыныгып бой жазылганы үчүн "Таравих" деп аталган. "Таравих" - тыныгуу, эс алуу, бой жазуу деген мааниде. Бир жолку таравих намазында беш тыныгуу бар. Тыныгуу учурунда Алла Тааланы зикир кылуу, тасбих айтуу же Пайгамбарыбызга салават айтуу мустахап болуп эсептелет.

Таравих намазына: “Алланын ыраазылыгы үчүн таравих намазын окууга ниет кылдым, уюдум ушул имамга, халисан лиллахи таала Аллааху Акбар” – деп ниет кылынат.

 Таравих намазынын ар бир төрт рекетинен кийин тасбих айтып отуруу сүннөт. Олтурган кезде тасбих же тахлил айтып олтуруу мустахаб:

 “Субхаана зилмулки валмалакуут, субхаана зил иззати валазамати валь кудрати, валь кибирийаи валь жабаруут, субханал маликил хаййиллазий лаа ямуут, суббухуун, куддуусур-роббуна, ва роббул малааикати вар-руух. Лаа иллаха иллалааху настагфируллах, нас-алукал жанната ва наьуузубика минаннаар”.

Таравих намазында Фатиха сүрөсүнөн кийин имам бир кыска сүрө окуса жетиштүү болот. Же болбосо Курандын башынан баштап Рамазан бүткөнчө аягына чейин окуса өтө чоң сооп, сүннөт амал болот. Имам таравих намазын үн чыгарып окуйт. Таравих намазын окуп бүткөндөн кийин бул дуба окулат:

“Аллохума солли алаа Мухаммаддив-ва алаа, аали Мухаммад. Аллохума заййинаа бизийнатил иимаани, ва шаррифна, ва акримна фи шахри Рамазана, варзукнаал жанната вал гуфрана ва такаббал миннаа тараавиихана яа Субхан, вастажиб дуа-анаа яа Ханнаану, би фазлика важуудика яа Маннану, бирохматика йаа Архамар рохимиин”.

Эң акыркы таравихте бул дубаны окуса болот: «Субхаанал ханнаанил маннаани. Субхаанал малиикид даййаани. Ал мавсууфу бил ихсаан вал маърууфу бил гуфроони, алвадааъ алвадааъ йаа шахро рамазана, алфироок алфироок йаа шахрот тараавийхи ваттасаабийхи ва хатмил кураани, хааза шахруун аввалуху рахматун ва авсатуху магфиратун ва аахируху иткумминан нийроони. Лаа илаха иллаллоху настахфируллоху насалукал жанната ва наъузу бика минаннаар.»

Таравих намазынын рекеттеринин саны Азирети Умардын халифалык доорунда Набави мечитинде окулган таравих намазынын 20 ирекеттик таризине таянат. Пайгамбарыбыздан кийинки алгачкы төрт халифанын учурунда бул намаз 20 ирекеттен окулган. Кийинки мусулмандар да ушул боюнча окуганды четке кагышкан эмес. Пайгамбарыбыз мындай деген: "Менден кийин, менин сүннөтүмдөн жана туура багыттагы халифалардын сүннөтүнөн ажырабагыла". (Абу Дауд, Суннат-5; Тирмизий, Илим-16; Ибн Маажа, Мукаддима-6; Ахмад бин Ханбал, 4/126-127; Даримий, Мукаддима-16).

Таравих куптан намазынан кийин окулат. Куптандан мурун окулса, аны кайра окуу керек.

Таравих намазын жалгыз киши да окуса болот. Ар бир экинчи ирекетте салам берүү дурус. Ошондой эле ар бир төрт ирекетте же 10 же 20 ирекетте бир салам берип окуса да болот. Бирок, он же жыйырма рекетте салам берип окуу макрух болуп эсептелет.

Таравих намазында кыраатты узун окуу абзел. Ошону менен бирге жамааттын абалына жараша аракет кылууну да эстен чыгарбоо керек. Намазды эрте бүтүрүү үчүн ылдам окуу

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чубак ажы орозо кармоонун эрежелерин түшүндүрүп берди

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналарын белгиледи.

Орозо кармоо жөн гана тамакты чектөө эмес, башкаларды капа кылуудан, арам оокаттан, жаман сөздөрдөн тазалануу болуп саналат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов билдирди. 

Анын айтымында, Орозо кармоо ар бир дени сак, акылы жайында аял-эркекке парз болуп саналат. 


"Орозодон боюнда бар аялдар, этек кири келип жаткан кыз-келиндер, эмчек эмизген энелер, оорукчан адамдар, сапардагылар бошотулат. Булар кийин маселеси чечилген соң орозолорун толуктап кармашы керек", — деди Чубак ажы.

Ал Орозо таң аткандан күн батканга чейин кармаларын, муфтият тарабынан чыгарылган календарь менен орозо кармаса туура болорун кошумчалады. 

"Ооз чайкаганда орозо бузулбайт. Болгону жутуп жибербеш керек. Тамеки тартканда орозо бузулат. Сууга чайынууга, бассейнге түшсө болот. Болгону оозго же мурунга суу кирип кетпеши керек", — деди аалым.

Чубак ажы орозонун пайдасы өтө көп экенин айтып, ден-соолукка да пайдалуу экенин кошумчалады. 

"Орозо кармоо жөн гана тамакты чектөө эмес, башкаларды капа кылуудан, арам оокаттан, жаман сөздөрдөн арылуу. Жан дүйнөнү жаңыртуу", — деди Чубак ажы.

Эскерте кетсек, быйыл орозо болжол менен 6-июнда башталат. 

Ал эми Рамазан айынын 27-түнү, башкача айтканда 2-июлда Кадыр түн болот. Орозо айт майрамы 6-июлга дал келет. Мусулмандардын маанилүү делген майрамы Курман айт 12-сентябрда белгиленет. 

Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, июндун башында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт. 


Технологии Blogger.