Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн, 28-апрелде КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү жана ОшМУнун теология факультети тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылына карата Ош мамлекеттик университетинде «Кыргызстандын тарыхында жана маданиятында Исламдын орду» деген темадагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Абдирашит Исаков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Теология факультетинин деканы Самаган Мырзаибраимов жана түштүк аймактагы казылар, дин кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери жана студенттер катышышты.

Конференцияда “Кыргыздын рухий маданиятында Исламдын орду”, “Жусуп Баласагындын Кут алчубилим” аташындагы эмгегиндеги диний баалуулуктар, “Али бин Осман Оший жана анын эмгектери”, “Ханафий мазхабынын Кыргызстан аймагындагы жайылуусу” жана “Манас эпосундагы Ислам дининин чагылдырылышы боюнча баяндамалар жасалды.
Уюштуруучулардын бири Исакбай Мурзабековдун айтымында аталган конференциянын негизги максаты тарых жана маданият жылына карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясына ылайык салттуу Исламдын Кыргызстандын тарыхындагы жана маданиятындагы ордун изилдөө болуп саналат деп билдирди. Мындан сырткары ал Кыргызстандын эзелтен берки тарыхында кандай гана бийликтик башкаруу системасы калыптанганына карабай ата-бабаларыбыз Исламдын түпкү баалуулуктарын сактап келгендигин кошумчалады.
Эскерте кетсек, жыйын соңунда конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, конференцияда жасалган докладдар жана сунуш-пикирлерди эске алуу менен атайын китепче чыгаруу белгиленди.





















Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

   Аллахтын кереметтүү ысым -сыпаттары тууралуу сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллооху алейхи вассалам)мындай көптөгөн хадистерди калтырган:

«Ким Аллахтын 99 ысмын жатка билип,тез -тез кайталап жүрсө, ал сөзсүз Бейишке кирет ».

«Темирдин даты,ал жерге сүрүлгөндө кандай тазаланса, Аллахтын ысымдарын кайталоо да биздин жүрөгүбүздү бардык жамандыктардан дал  ошондой тазалайт». (Куттуу хадистерден)

Уландысы..

��Эгерде сиз ар кандай балээлерден кутулууну кааласаңыз.

✨7. Йа -Му 'мину.

«Коопсуздук тартылоочу.
Ким Аллахтан корккон абалда Аллахтын ушул кереметтүү ысымын 630 жолу кайталаса,Аллах баардык кыйынчылыктардан сактайт. Ошондой эле ар кандай балээлерден сактануу үчүн ушул ысымды өзүнүн каалоосуна жараша айтса болот».

��Эгерде жан дүйнөңүз таза болсун десеңиз, даанышмандыкты кааласаңыз.

✨8. Йа -Мухаймину.

«Коргоочу,Сактоочу;
Ал Өзү жараткан.бардык макулуктарга ырыскы, жашоо берип,Өзүнүн буйругу менен башкарып турган Зат. Ким гусул даарат алып бүткөн соң эки рекет намаз окуп, Аллахтан ушул кереметтүү.ысымын 100 жолу  ыклас жана берүүлү менен окуса, аны Аллах Таала диний жана физикалык жактан таза кылат.  Ушул ысымды 115 жолу кайталаган адамды Аллах кайып сырлардын айрымдары менен тааныштырат ».

��Эгерде сиз Аллах Тааланын жакшылыктарына ээ болом десеңиз.

✨9. Йа -Азиизу.

«Мартабалуу,Кудуреттүү,Жеңилбес;
Ийгилик бир гана Анын колунда. Ким 40 күн катары.менен 40жолудан Аллахтын ушул кереметтүү ысымын окуса,аны Аллах Таала көзкарандысыз жана жакшылык.менен сыйлайт. Күн сайын эртең мененки намаздан кийин 40 жолудан кайталоочу адам эч кимге эч нерсеге муктаж болбойт.жана анын эч кандай кемчилиги болбойт».

��Эгерде сиз кандайдыр бир кысым көрсөтүү,кысымдардан оолак болом десеңиз.

✨10. Йа -Жаббару.

«Кудуреттүү,бардык макулуктарды.Өзүнө баш ийүүги мажбур кылуучу Зат.
Кимде -ким Аллахтын ушул кереметтүү ысымын эртең менен жана кечинде такай 226 жолудан окуп жүрсө,ал ар кандай кысымчылык кылуучулардан.,кысымдардан аман болот ин ша Аллах. Ушул ысымды ар дайым кайталап жүргөн адам эз эркине каршы эч нерсе кылбайт,бардык каталыктардан кыйынчылыктардан куткарылат».

�� Эгерде сиз сый -урматтуу,кадыр -барктуу болууну,маселелериңиз чечүүлүсүн кааласаңыз,

✨11. Йа -Мутакаббиру.

«Эң Улук,бардык макулуктардан Улук Зат.
Улуу Чындыктын.Жалгыз Ээси. Аллахтын бул кереметтүү ысымын.ар дайым кайталап жүргөн адам,сый -урмат жана кадыр -барк менен сыйланат. Эгер бул ысымды кандайдыр бир маселени чечээрден мурун көп жолу кайталаа окуп алса, анда ал мамселе чечилет ин ша Аллах. А эгерде ушул ысымды аялы менен кошулаардан мурда окуса,анда такыба бала төрөлөт».

��Эгерде сиздин пайдаңыз үчүн дайым дуба кылуучу периште болуусун каалаасаңыз.

✨12. Йа -Хоолику.

«Жаратуучу.
Ал бардык.нерсени.башка.бир нерседен көрбөстөн.туруп.,мисал -өрнөксүз жаратат жана тагдырларын аныктайт. Ким Аллахтын бул кереметүү.ысмын 7 күн.катары менен.күн сайын 100 жолудан окуса,аны Аллах Таала бардык коркунучтардан сактайт. А ким Аллахтын кереметтүү ысымын түнкү сааттарда калтырбастан окууну өзүнө адат кылса,анда Аллах ошол адам пайдасы үчүн Аллахка ар дайым дуба кылган бир периштени жаратып койот».

��Эгерде сиз балалуу болбой жатсаңыз.

✨13. Йа -Баари 'у.

«Ал Өзүнүн Кудурети менен бардык.нерселерди жоктон бар кылып Жаратуучу;
бул үчүн эч кандай күч жумшоо зарыл эмес Ал бир нерсеге: "Бол "деген буйрук.берээри менен ал нерсе дароо болот. Эгер төрөбөгөн аял 7 күн орозо кармап,ар күнү ифтардан кийин " Йа -Хоолику ,Йа-Баари 'у,Йа -Мусоввиру "деп 21 жолу окуп,суусу бар идишке дем салып.жана ошол суу.менен ооз ачса,анда аны Аллах бала менен сүйүнтөт,ин ша Аллах! ».

✨13. Йа -Мусоввиру.

«Ал ар бир.жаратылган нерсеге өз -өзүнчө кайталангыс,эң соонун,же башка эч бир нерсеше окшобостой кылып -келбет Берүүчү Зат. ("Йа -Баар 'у ысымы сыяктуу) Эгер төрөбөгөн аял 7 күн орозо кармап,ар күнү ифтардан кийин " Йа -Хоолику ,Йа-Баари 'у,Йа -Мусоввиру "деп 21 жолу окуп,суусу бар идишке дем салып.жана ошол суу.менен ооз ачса,анда аны Аллах бала менен сүйүнтөт,ин ша Аллах! ».

Уландысы бар ...

☝��Эскертүү! Мусулман бир тууганым жогорудагы дубалар кабыл болуусу үчүн шарттары бар.

1  Толук усулман болуусу.

2. Ишеним менен үмүт кылып сөзсүз болоот деген ой жүрөктө болуш керек.

3. Харамдан, күнөөлөрдөн алыс болуу ,ичкени, жегени, кийгени адал болуу керек.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Суроо: Эркектин аялынын үстүндө кандай акылары бар?

ЖООП:

Эркектин дагы аялынын үстүндө көп акылары бар. Аял күйөөсү менен жакшы мамиледе болуусу керек! Хадис-и шарифте мынадй деп айтылат:

"Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу.” [Таберани]

Бир аял күйөөсүн жакшы кабыл кылып, жакшы сөздөрдү айтып ыраазылыгын алууга аракет кылчу эле. Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) ал аялдын бул аракетинен улам күйөөсүнө мындай деп буюрду:

"Аялыңа салам айт, шейиттик сообунун жартысына ээ болгондугун кабарла!” [Шира]

Аялдардын Жаннатка кирүүлөрү эркектерге караганда жеңил. Бир хадис-и шарифте мындай деп айтылды:

"Аял беш убакыт намазын окуп, орозосун кармап, өзүн чоочундардан сактаса жана күйөөсүнө баш ийсе Жаннатка кирет.” [Ибни Хиббан]
Күйөөсүн ыраазы кылган аялга коркуу жок. Эки хадис-и шарифте мындай деп айтылган:
"Күйөөсү ыраазы болуп кайтыш болгон аял Жаннатка кирет”. [Тирмизи]

"Күйөөсүнө махабат көрсөткөн, бала төрөгөн, ачууланганда же күйөөсү өзүнө ачууланганда күйөөсүн ыраазы кылганга чейин уктабаган аял Жаннаттык болот”. [Таберани]

Аял үчүн кооздук буюмдары мубах. Булард алуу үчүн күйөөсүн мүшкүл жагдайга түшүрбөө керек, чоочун көздөргө мынадй зинаттарын көрсөтпөөсү керек! Ушунда гана зинаттары Жаннатка кирүүсүнө кедерги болбойт.
Бир хадис-и шарифте:
"Жаннатта аялдардын аз экендигин көрдүм. Себебин сурадым. "Аларды алтын жана зинат буюмдары алаксытты”, - деп айтышты”. [И.Ахмед]

Күйөөсүнө колдон келишинче жарык маанайлуу мамиле кылып, сүйүүсүн көрсөтүүсү керек, тил менен дагы аны таарынтпоо керек. Хадис-и шарифте айтылды:
"Кыяматта Аллаху таала күйөөсүнө тили менен кыйынчылык тарттырган аялдын тилин 70 аршын узун кылып, мойнуна оройт. Күйөөсүн жаман көз менен караган аялды башы кесик жана денеси бырчаланган абалга айлантат”. [Шира]

"Сенден эмне көрүпмүн” деп жакшылыкка нанкөрлүк кылбоосу керек! Эки хадис-и шарифте мындай деп айтылат:
"Эгер күйөөлөрүнө каршы куфран-и нимат кылышпаганда намаз окугандар дароо Жаннатка киришмек” [Шира]

"Жаханнамдагылардын көбү аялдар экенин көрдүм. Себеби, көп лаанат айтышат жана күйөөлөрүнө карата куфран-ы нимат кылышат.” [Бухари]

Күйөөсүнө бир жакшылык кылган болсо колко кылбоосу керек. Жеп-ичүү, кийинүүдө күйөөсүн таарынпоосу керек, кыла албай турган нерсесин андан сурабоосу керек! Күйөөсүнүн ар-намысын коргоп, ар бир ишинде анын ыраазылыгын таап, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылуусу керек! Хадис-и шарифте:
"Күйөөнүн аял үстүндөгү акысы менин силердин үстүңөрдөгү акым сыяктуу. Андай болсо күйөөсүнүн акысын сактабаган Аллаху тааланын акысын сактабаган болот” [Шира]

Аял күйөөсүн капалантпоосу керек.
Бир күнү Хазрет-и Фатыма ыйлап атасынын алдына келет. Расулуллах мындай деп буюрду:
- Йа Фатыма, эмне үчүн ыйлап жатасың?
- Байкабай айткан бир сөзүмө Али мага ачууланды. Кечирим сурадым. Бирок, аны капага салгандыгым үчүн ыйлап турам.
- Кызым, Аллаху тааланын ыраазылыгы күйөөнүн ыраазылыгына байланыштуу экендигин билбейсиңби. Дайыма күйөөсүнүн ыраазылыгын издеп, күйөөсү болсо андан ыраазы болгон аял кандай бактылуу. Аялдар үчүн эң үстөм ибадат күйөөсүнө баш ийүү. Эгер эркек аялынан ыраазы болсо ал аял каалаган эшигинен Жаннатка кирүүгө акылуу болот. Күйөөсүн капаланткан аял аны ыраазы кылганга чейин Аллаху тааланын лаанатында болот”. [Р.Насихин]

Күйөөнүн акыларына сак болуу аялга жихад кылгандай сооп алып келет. Хадис-и шарифте айтылды:
"Күйөөнүн акысын көзөмөлдөө Аллах жолунда жихад сыяктуу”. [Таберани]

"Аял күйөөсүнүн уруксатысыз нафил орозо кармай албайт. Эгер кармай турган болсо ач жана суусуз калган болот, сооп таба албайт. Күйөөсүнүн уруксаты болбостон көчөгө чыга албайт. Эгер чыга турган болсо көктөгү периштелер үйүнө кайтканга чейин ага лаанат айтышат. [Таберани]

"Бир эркек бир муктаждыктан улам аялын чакырса аялы тандырдын башында турса да дароо ага жооп берсин!” [Тирмизи]

"Күйөөсү чакырганына карабай төшөккө келбеген аялга периштелер таң атканга чейин лаанат кылышат.” [Бухари]

"Уруксатсыз үйдөн чыккан аялга күйөөсү ыраазы болгонго чейин күн жана ай тийген бардык нерсе лаанат кылат.” [Дайлами]

"Аял күйөөсүнүн уруксатысыз [эне, ата, бир туугандар да буга кирет] эч бир адамды үйүнө киргизе албайт, нафил намаз окуй албайт.”  [Таберани]

"Аялдарыңарды кооз кийинүүдөн тыйгыла! Бани Исраил аялдары кооз кийинип мечитке бой көтөрүп баскандыктары үчүн лаанаттанган.” [Ибни Маже]

"Күйөөсү ыраазы болгонго чейин аялдын намаздары жана эч бир жакшылыгы кабыл болбойт.” [Таберани]

"Аялдын намаздары кабыл болбойт” деген сөз намаз карызынан кутулат, бирок, намаз окуу менен таба турчу чоң соопко ээ боло албайт дегенди түшүндүрөт. Намазы бошко кетет деп айтылып жаткан жок.

Бир аялдан күйөөсү ыраазы болбосо аял күнөөсүнүн жазасын өтөгөндөн кийин Жаннатка кирет. Жаннатка бир гана капырлар кирбейт. Мусулмандын күнөөсү көп болсо да акыры сөзсүз Жаннатка кирет.

Эр жана аял ынтымактуу жашап, бири-биринин ыраазылыгын алууга аракет кылуулары керек.

Суроо: Күйөөмөн кабарсыз мавлитке, вааз тыңдоо үчүн, намаз окуу үчүн мечитке, коңшуларымдын үйүнө барсам туурабы?
ЖООП
Зарыл болгон дин илимдерин күйөөсү үйрөтпөгөн аял ылайыктуу бир мугалим устаз аялдан буларды үйрөнүп алуу үчүн уруксатсыз бара алат. Күйөөңүз уруксат берсе дагы кошуналарда орду жок ылайыксыз кеп сөздөр сүйлөнө турган жыйналыштарга барууңузду сунуштабайбыз. Аялдардын мечиттерге да баруулары орундуу эмес. Бир канча аял жыйналып илмихал китеп окуулары өтө жакшы болот.
Суроо: Сыртка ар бир чыккан сайын күйөөмдөн уруксат алуум керекпи?

ЖООП
Бир жолу уруксат алынат. Б.а., каалаган убагымда сыртка чыгып келсем болобу дейсиз. Жарайт десе дайыма чыга аласыз. Чыкпа десе ишке, жумушка да бара албайсыз. Үйдө ага тийиштүү мал-оокаттарды да анын уруксатысыз кайырчыларга, конокторго бере албайсыз. Б.а., конокко бир чыны чай бере албайсыз. Бирок, "Каалаган нерсеңди каалаган жерге сарптай аласың же каалаган маалда каалаган жерге бара аласың” деген сыяктуу уруксат алсаңыз каалаган нерсенизди каалашыңызча сарптайсыз, каалаган жериңизге бара аласыз. Уруксатсыз кылбоо керек

Суроо: Аял барган жеринде ушак айтып, жалган сүйлөсө кылган күнөөлөрү күйөөсүнө да жазылабы?

ЖООП
Билбесе жазылбайт. Күнөө кыла тургандыгын билип туруп жибере турган болсо анда жазылат.

Суроо: Муким болгон аял башка шаардагы күйөөсүнүн же махрам болгон тууганынын жанына махрамсыз бара алабы?
ЖООП
Муким болсо бара албайт. Сапарда болсо бара алат. Мисалы күйөөсү менен Бишкекте жашашат. Күйөөсү менен Караколго барды дейли. Кайра күйөөсү Бишкекке кайтса, аялы болсо бир аптадан кийин жанында махрам бир тууганы жок болсо да Бишкекке күйөөсүнүн жанына келе алат.

Аялдын жихады
Суроо: Аялдын жихады кандай болот?
ЖООП
Рияд-ун Насыхинде мындай деп айтылат:
Расулуллах алейхиссалам үй иштерин Хазрет-и Фатымага, тыштагы иштерди Хазрет-и Алиге берип, бул тууралуу мындай деген:
"Аялынын үйдө отуруусу үчүн жумушун кылып, муктаждыктарын таап, аны чоочун эркектердин көзүнөн сактаган адам уммат-и Мухаммеддин душманга туткунга түшкөндөрүн сатып алып, азат кылгандай соопко жетет.”

"Йа, Фатыма, күйөөсү ыраазы болгон аялы кандай бактылуу. Аллаху тааланын фарз кылгандарын кылуудан жана күйөөсүнө баш ийүүдөн кийин аялдарга жүн ийирүүдөн, жип бүгүүдөн да үстөм иш жок. Бир саат жүн ийирүү, жип бүгүү же токуу аялдар үчүн бир жыл ибадат кылуудан да сооптуу. Токуган ар бир жибинчелик амал дептерине бир шейит сообу жазылат”

"Беш убак намазын окуган, малынын зекетин берген, Рамазан орозосун кармаган, күнөө болбогон иштерде күйөөсүнө баш ийген жана тасаттурду [жоолук салынган, аврат жерлерин жапкан] сактаган аял Жаннатка каалаган эшиктен кирет.”

Пайгамбарыбыз (алейхиссалам) өз кызына жана башка аялдарга шейиттик сооп алуу үчүн үй иштери менен алейтенүүнү буюрууда. Башка бир хадис-и шарифте болсо: "Аялдын жихады – күйөөсү менен жакшы мамиледе болуу”, - деп айтылды. (Шира)

Тил табыша албаган күйөөнүн акысы
Суроо: Жаман мүнөздүү күйөө менен дагы диндин буйруктарына ылайык мамиледе болуу керекпи?
ЖООП
Заалымга да, зулумдук көргөн адамга да дин кандай буйрук кылган болсо ошондой мамиле кылуу керек. Жакшылык кылган, аялын капалантпаган күйөөнүн эмнесине сабыр кылуу керек? Аял чатак болсо күйөөсү сабыр кылат, күйөөсү чатак болсо аялы сабыр кылат. Бул сыноодо сабыр кылган адам көп сооп табат. Жамандык кылган адам өзүнө жамандык кылган болот.

Зулумдукка учурагандардын, сабыр кылгандардын жардамчысы Аллах. Аллаху таала эч кимдин акысын эч кимге жегизбейт. Сабыр кылгандарга сансыз сыйлыктарды берет.

Аял-күйөө бири-биринин жаман мүнөздөрүнө сабыр кылуулары керек! Хадис-и шарифте:"Аялынын жаман мүнөздөрүнө чыдаган эркек балээлерге сабыр кылган Эййуб алейхиссалам сыяктуу сыйлыктарга жетет. Күйөөсүнүн жаман мүнөзүнө сабыр кылган аял дагы Хазрет-и Асия сыяктуу соопко жетет”, - деп буюрулду. (И.Газали)

Куран-и каримде дагы Аллаху тааланын сабыр кылгандар менен бирге боло тургандыгы жана сабыр кылгандардын сыйлыктарынын эсепсиз бериле тургандыгы билдирилген. (Энфал 46, Зумер 10)

Жакшы адам дегендик бир гана башкаларга жамандык кылбаган адам дегенди билдирбейт. Башкалардан келе турчу жамандыктарга да сабыр кылган адам болуп саналат.

Суроо: Күйөөнүн динге кайчы болгон буйруктарына баш ийүү керекпи?
ЖООП
Эч бир күйөө аялына динге кайчы буйрук бере албайт. "Ичимдик ич, намаз окуба, көчөдө ачык жүр” дей албайт. Дей турган болсо аткарылбайт. Пайгамбарыбыз: "Халыкка каршы болгон иште кулга баш ийилбейт”, - деп буюрууда. (Хаким)
Эне-ата айтса да, амир айтса аткарылбайт. Бирок, ошондой болсо муну жасабоонун жакшы жолун издөө керек.

"Ислам дини "...

Технологии Blogger.