Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

63 жаштагы Халима Якуб эки атаандашын артта калтырып, Сингапурдун президенти болуп шайланды.

Сингапур -мусулман эмес өлкө.
Улуттардын басымдуу бөлүгүн – кытай, индус жана малайлар (малазийликтер) түзөт.

Мурун Халима Якуб өлкөнүн парламентинин спикери болчу. Мыйзам боюнча Президент болуу үчүн мамлекеттик жумушта тажрыйбасы болуусу же 371 млн АКШ доллар суммадагы капиталы бар корпорацияны жетектөө тажрыйбасы болуусу шарт.

Белгилей кетчү нерсе, Сингапурдун президенти символикалык гана функцияларды аткарат, мисалы, отставкаларды кабыл алуу, мыйзамга кол коюу ж.б., ал эми өлкөнү өкмөттүн жетекчиси башкарат.

Запись СИНГАПУРДА ХИЖАБ КИЙГЕН АЯЛ ПРЕЗИДЕНТ БОЛДУ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Түптүү кыргыз түгөнгөн сайын түтөп, үзүлгөн сайын уланып, эчендеген кылымдардын суусун ичип келген. Селдей каптаган жоо, кан төгүлгөн кыргын, бел кайыштырган ачарчылык, балээдей жармашкан оору, сөөктөн өткөн суук, мээ кайнаткан ысык, булардын бири да кыргыздын беделин түшүрө алган эмес. Анткени, кыргызды кыргыз кылган анын ар-намыс, абийири болгон. Ак сакалын жайкалтып, акыл-насаатын айтып, ак батасын берген аталар, аталык абийирин сактаган. Келин-кызга үлгүлүү сөзүн айтып, үй ишин тейлеген ак элечек энелер, энелик абийирин сактаган. Эли-жери үчүн жанын курман кылып, эл четинде жоо бетинде жүргөн жигиттер, жигиттик абийирин сактаган. Адамга тике карабай, кемтик сүйлөбөй, кыйшык баспай, кыз келиндер өз абийирин сактаган.

Азыр болсо, оозунан арак буркурап, алгылыктуу бир сөз айта албай, бата ордуна тост көтөрүп, аталар абийирин жоготуп бара жаткансыйт. Чачтарын камгактай тармалдатып, тысырайта шым кийип, кыз-келинден орун талашып энелер абийиринен айрылып барат. Алсызды алдап, күчсүздү коркутуп, өз элин тоноп, жигиттер абийирин жоготту. Улуудан уялбай, кичүүдөн тартынбай, атаны көзгө илбей, энеге кулак салбай кыз-келин абийирден ажырады. Эл жүгүн көтөрүүчү, эл ишенимин актоочу азамат депутаттарыбыз «ажаан аялдардай» чачташып абийир тосмосунан чыгып бара жатышат. Адамзаттын акылманы, акылдуулардын кеменгери улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир осуятында:

«Силердин башыңарга бир күн келет, ошол күндө жакшы иштер силерге жаман, ал эми жаман иштер силерге жакшы көрүнүп калат» – деп айткан эле. Бүгүнкү замандын терезесинен карап отуруп, ошол күндүн илеби келип калганбы деп да ойлоп кетем.

Аталарыбыз аракты оозуна алмак турсун, «каапырдын тамагы» деп, аны алыстан айланып өтчү. Азыр болсо, «агынан баштайлы» деп, аны тамактардын ана башы кылып алдык. Мас адамды көргөндө, ажыдаарды көргөндөй дене титиреп, жек көрүү күчөйт эле. Азыр болсо, «бул мас турбайбы» деп колтуктан жөлөп төргө чыгарабыз.

Кыз-келиндин бир тал чачы көрүнүп калса, энелер: «кокуй атаң көрсө шерменде болот» деп жаны калчу эмес. Азыр болсо, «бети-башыңарды жаап араб болуп кеттиңер» – деп жоолук салынгандарга асылып калдык.

Үйгө жат адам келгенде ага караанын көрсөтүүдөн тартынып, чыгдан ичине жашына калчу кызкелиндер, бүт денесин «реклама» кылып көчөдө басып калышты.

«Баланчанын кызы эринен ажырап келиптир» деген сөздү угуу – өлгөн адамды угузгандан да катуу тийчү эле. Азыр болсо, ажырашуу – жыртылган байпагын таштап салгандай эле жеңил кеп болуп калды.

Акыл-эстүү карыялардан да, алардан үлгү алган жаштардан да нускалуу кептер айтылып, уятсыз, жаман сөздөр сүйлөнчү эмес эле. Азыр болсо, карыбыздын да, жашыбыздын да оозунан орундуу сөз чыкпай калды. Ал эмес, сөз куржунун асынып, тилдин баркын сактоочу куудулдарыбыз да абийир чегинен ашып кетишти. Бир нече жыл илгери «Американын фильмдери болуп жатканда, үй бүлөөдө чогуу отура албайсың» деп какшайт элек. Эми, кыргыздын куудулдары тамаша айтып жатканда чогуу отура албай калдык. Чукугандай сөз таап, күлдүрүп да, күйдүрүп да сүйлөгөн кайран Куйручуктун, Жоошбайдын, кечээки эле Шаршендин октой сөздөрү жоголуп, куудулдарыбыз «киндиктен» өйдө көтөрүлө албай калышты.

Кыскасын айтканда «пай-пай, кайда барсаң мамай…» дегендей, кай тарабыңды карасаң да ачылган абийир менен сатылган абийирди көрөсүң. Бирок, мунун баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, жакшы менен жаманды, ак менен караны ажырата албай калгансыйбыз. Каадалуу кыргыздын наркы менен баркы кетип, чайпалса төгүлчүүдөй толуп турган абийир чөйчөгү күн өткөн сайын соолуп бараткансыйт…

Алайчы Сеитбеков

Запись АБИЙИР ЧӨЙЧӨГҮ СООЛУП БАРА ЖАТАТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эл аралык Мунапыс Уюму жана Адам укуктарын Байкоо Уюму, Мьянманын тышкы иштер министри жана мамлекет башчылыгы боюнча жооптуу мамлекеттик министри Аунг Сан Суу Чини аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулук окуяларына кайдыгер калгандыгы менен сындады.

БУУнун башкы борборунда маалымат жыйын өткөргөн эки жарандык уюмдун өкүлдөрү, Мьянмада аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулукка көңүл буруп, эл аралык жамаатты иш-аракетке өтүүгө чакырды.

Эл аралык Мунапыс Уюмунун кризиске бөгөт коюу боюнча директору Тирана Хассан, Бангладештен видео конференция жолу менен байланышып берген маалыматында Мьянма армиясынын жарандарга туш келди ок атканын айтты.

Аракандык мусулмандардын айылдары бутага алынып өрттөлгөнүн белгилеген Хассан, «Рохинжа мусулмандарынын жашоосу жана негизги укуктары бузулууда»,-деди.

Адам укуктарын Байкоо Уюмунун БУУдагы директору Луи Шарбоно болсо, «Рохинжа мусулмандары Мьянмадан толугу менен чыгарылууда жана бул этникалык тазалоонун бардык издерин көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Луи Шарбоно: «БУУнун коопсуздук кеңешинин Мьянмадагы зомбулук окуяларын жабык эшик артында сүйлөшүүсү ишке жарабайт, бул мьянмалык жооптуу кызматтагыларга жана коопсуздук күчтөрүнө иштерин жасоосу үчүн жашыл жарык жагууда»,-деп айтты.

Көп жылдар бою үй камагында жаткан Суу Чинин эркин кое берилиши темасында эң алдыңкы акцияларды уюштурган жарандык уюмдардын өкүлдөрү, «Нобель» тынчтык сыйлыгынын ээси Чини аракандык мусулмандарга карай болгон зомбулукка үн катпай койгондугу боюнча сындап, көңүлдөрү калганын билдиришти.

Мьянма армиясынын куралчан согушкерлер менен күрөшүү шылтоосу менен Араканда жарандарга карай кол салууларында 25-августтан бери миңдеген мусулман курман болду. Мьянма бийлигинин аймакка кирип-чыгууларга уруксат бербөөсүнүн себебинен каза болгон жарандардын саны толук белгилене элек.

Кол салууларда 150дөн ашуун айыл, армия жана буддист улутчулдар тарабынан өрттөлдү. Он миңдеген аракандык мусулман коопсуздугунун себебинен дагы деле аймактан алыс кетүүгө аракет кылып жатат. Мьянмадан качкан жарандар тоолуу аймактар, Наф дарыясы же деңиз жолу менен Бангадешке өтүүдө. БУУга караганда 25-августтан бери Бангладешке баш калкагандардын саны 370 миңге жетти.

Запись Эл аралык уюмдар Мьянманын мамлекет башчысын сынга алды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мутакалим коомуна Кыргызстандын ар тарабынан мектеп жетекчилери кыздардын жоолукчан сабакка баруусуна тыюу салып жаткандыгы окуу жыл башталаары менен кайрадан арыздар түшө баштады.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча жоолукчан билим алууга эч ким тыюу сала албайт.

Мына ушудан улам Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине  0700 744 748 номери аркылуу  жарандар билдирүү жөнөтө алышаарын эскертебиз.

Келип түшкөн билдирүүлөр, сунуштар министрдин тыкыр көзөмөлүнө алынып, бир да арыз жоопсуз калбайт деп ведомстводон билдиришти.

Запись “Жоолугуңду чеч” деген мектептерге арыз менен Билим Берүү министрлигине WhatsApp аркылуу кайрыла алышат впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.