Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком намыс.. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Түптүү кыргыз түгөнгөн сайын түтөп, үзүлгөн сайын уланып, эчендеген кылымдардын суусун ичип келген. Селдей каптаган жоо, кан төгүлгөн кыргын, бел кайыштырган ачарчылык, балээдей жармашкан оору, сөөктөн өткөн суук, мээ кайнаткан ысык, булардын бири да кыргыздын беделин түшүрө алган эмес. Анткени, кыргызды кыргыз кылган анын ар-намыс, абийири болгон. Ак сакалын жайкалтып, акыл-насаатын айтып, ак батасын берген аталар, аталык абийирин сактаган. Келин-кызга үлгүлүү сөзүн айтып, үй ишин тейлеген ак элечек энелер, энелик абийирин сактаган. Эли-жери үчүн жанын курман кылып, эл четинде жоо бетинде жүргөн жигиттер, жигиттик абийирин сактаган. Адамга тике карабай, кемтик сүйлөбөй, кыйшык баспай, кыз келиндер өз абийирин сактаган.

Азыр болсо, оозунан арак буркурап, алгылыктуу бир сөз айта албай, бата ордуна тост көтөрүп, аталар абийирин жоготуп бара жаткансыйт. Чачтарын камгактай тармалдатып, тысырайта шым кийип, кыз-келинден орун талашып энелер абийиринен айрылып барат. Алсызды алдап, күчсүздү коркутуп, өз элин тоноп, жигиттер абийирин жоготту. Улуудан уялбай, кичүүдөн тартынбай, атаны көзгө илбей, энеге кулак салбай кыз-келин абийирден ажырады. Эл жүгүн көтөрүүчү, эл ишенимин актоочу азамат депутаттарыбыз «ажаан аялдардай» чачташып абийир тосмосунан чыгып бара жатышат. Адамзаттын акылманы, акылдуулардын кеменгери улуу Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир осуятында:

«Силердин башыңарга бир күн келет, ошол күндө жакшы иштер силерге жаман, ал эми жаман иштер силерге жакшы көрүнүп калат» – деп айткан эле. Бүгүнкү замандын терезесинен карап отуруп, ошол күндүн илеби келип калганбы деп да ойлоп кетем.

Аталарыбыз аракты оозуна алмак турсун, «каапырдын тамагы» деп, аны алыстан айланып өтчү. Азыр болсо, «агынан баштайлы» деп, аны тамактардын ана башы кылып алдык. Мас адамды көргөндө, ажыдаарды көргөндөй дене титиреп, жек көрүү күчөйт эле. Азыр болсо, «бул мас турбайбы» деп колтуктан жөлөп төргө чыгарабыз.

Кыз-келиндин бир тал чачы көрүнүп калса, энелер: «кокуй атаң көрсө шерменде болот» деп жаны калчу эмес. Азыр болсо, «бети-башыңарды жаап араб болуп кеттиңер» – деп жоолук салынгандарга асылып калдык.

Үйгө жат адам келгенде ага караанын көрсөтүүдөн тартынып, чыгдан ичине жашына калчу кызкелиндер, бүт денесин «реклама» кылып көчөдө басып калышты.

«Баланчанын кызы эринен ажырап келиптир» деген сөздү угуу – өлгөн адамды угузгандан да катуу тийчү эле. Азыр болсо, ажырашуу – жыртылган байпагын таштап салгандай эле жеңил кеп болуп калды.

Акыл-эстүү карыялардан да, алардан үлгү алган жаштардан да нускалуу кептер айтылып, уятсыз, жаман сөздөр сүйлөнчү эмес эле. Азыр болсо, карыбыздын да, жашыбыздын да оозунан орундуу сөз чыкпай калды. Ал эмес, сөз куржунун асынып, тилдин баркын сактоочу куудулдарыбыз да абийир чегинен ашып кетишти. Бир нече жыл илгери «Американын фильмдери болуп жатканда, үй бүлөөдө чогуу отура албайсың» деп какшайт элек. Эми, кыргыздын куудулдары тамаша айтып жатканда чогуу отура албай калдык. Чукугандай сөз таап, күлдүрүп да, күйдүрүп да сүйлөгөн кайран Куйручуктун, Жоошбайдын, кечээки эле Шаршендин октой сөздөрү жоголуп, куудулдарыбыз «киндиктен» өйдө көтөрүлө албай калышты.

Кыскасын айтканда «пай-пай, кайда барсаң мамай…» дегендей, кай тарабыңды карасаң да ачылган абийир менен сатылган абийирди көрөсүң. Бирок, мунун баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, жакшы менен жаманды, ак менен караны ажырата албай калгансыйбыз. Каадалуу кыргыздын наркы менен баркы кетип, чайпалса төгүлчүүдөй толуп турган абийир чөйчөгү күн өткөн сайын соолуп бараткансыйт…

Алайчы Сеитбеков

Запись АБИЙИР ЧӨЙЧӨГҮ СООЛУП БАРА ЖАТАТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ!

“Силер, Аллах жана анын элчисин
үй-бүлөө, бала-чака, мал-мүлкүңөрдөн да артык көрмөйүн толлук ыймандуу боло албайсыңар”.

Бул мубаарак хадисте Аллах жана
анын элчиси Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды мал-мүлк жана бала-чакабыздан дагы көбүрөөк сүйүшүбүз керек экендиги маалым болду.
“Жоок, биринчи кезекте ата-энени,
үй-бүлөөнү сүйүү керек,
мал-мүлктү сүйбөсөк да керек болот, табуу керек!”-деп айткандар да жок эмес.
Урматтуу момун бир тууганым?
Өзүңө суроо узатчы.
Эгер дин болбосо аял, бала-чаканы тарбиялоону кайдан үйрөнмөксүң?
Ошол бүткүл ааламга рахмаат, мээрим болуп жиберилген Пайгамбар алайхис салам келип
кандай жашасаң бактылуу болосуң,
ата-энеге кызмат кылууну үйрөтпөсө
кантип анан билип алмак элең?
Бул дегени, Аллахты сүйүп ыймандуу бол,
Пайгамбар алайхис саламды сүйүп
жашоосун жашооңо алып келип амал кыл да
бактылуу бол!-дегени.
Аллахты сүйүп, Пайгамбарын сүймөйүн үй-бүлөө бала-чакаңа жакшылык кыла албайсың!

. . . ызгаар суук кетип, күн жылып,
жаз келген кези эмеспи.
Айта турган сөз көп эле бирок,
ушул теманын айланасында азда болсо эскертүү катарында пикиримди айткым келди. Көп сүйлөө керек эмес,
туура сүйлөө керек дейт.
Күндөрдүн биринде падыша уктап жатып түшүндө аябай кыйналып, коркконунан чочуп ойгонот. Таң атып, эртеси бүт ваазирлери менен кошо түш-жооруган бир топ адамды кошо чакырып, падыша көргөн түшүн чечмелеп айтып берүүлөрүн буюрат.
Муну уккан вазирлеринин бири түштү мындай жооруйт:
Падышам, бул түшкө караганда
баардык тууган-уруктарыңыздан эң биринчи сиз өлөт экенсиз – дейт.
Анда падыша бул сөздү угуп ачуусу менен
ал вазирди өлүм жазасына тартат.
Экинчи ваазири чыгып :
“Падышам, баардык туугандарыңыз сизден алдын эмес, эң акыркы болуп өлүшөт экен!”-десе падыша сүйүнө кетип ошол сөзү үчүн бир кап алтын-күмүштү ваазирине тартуу кылган экен.
Эки ваазири бирдей эле жооп берди бирок,
сөздү туура сүйлөгөн баардык жанга жагат эмеспи. .

Күн жылып калганда,
койлордун калың жүнү бүт жерин жаап калса
аны көрүп, куйругун тик көтөрүп,
арыык эчкилер:
Эй, тээтиги байкуш ыссыкта да калың кийинип алыптыр! – деп сөз кылышат экен.
Айтайын дегеним,
(Сөз ээсин табат) кээ бир эже-карындаштарыбыз ушул сыяктуу чыпталуу кийими менен куйругун көтөрүп
Ыйман менен денесин бөтөн көздөн сактаган бир тууган эже-карындаштарыбызды сөз кылышат. Айтаарга башка кеби жокпу дебеңиз. Бирок бул акыйкат!
Сиздер арабташып кеттиңер дейт)
Макул кыргыздын улуттук кийимдерибизди кийели. Сиз кайсы жерден көрдүңүз эле
Курманжан датканын джынсы менен сүрөткө түшкөнүн?
Кай жерден көрдүңүз Жаңыл Мырзанын оозун чөрмөйтүп сельфи кылганын?
Же көрдүңөр беле Кыз Сайкал энебиздин
кыска кийинип паркта олтурганын?
Ачуу болсун таттуу болсун бир кеп айтамын,
ойлонуп олтуруп
өзүңө сабак алгын эй тууганым!
“Менин артымдан паланча эркек чуркап жүрөт деп мода менен кийинген эже-карындаштар,
Товар канчалык арзан болсо,
анын кардары да ошончо көп болот!”

Эмне үчүн аялдар мода менен кийинет?
Бир эле жооп бар ал, эл көрсүн, эркектер көрсүн үчүн. Кийинип алып макул элди таң калтыр, мейли эркектерге жак бирок ойлонбойсуңбу келечектеги балдардын апасымын, мендей күнөөкөрдүн, мендей бузукунун уул-кыздары болушабы?-деп.

Спорт чебери Майк Тайсон бир сөз айткан:
“Көчөдө ачылып-чачылып жүргөн кыздарды көргөндө ойлойм алардын үйүндө бир дагы намыстуу эркек калган эмеспи деп!”
Маани берсең өттө таамай айтылган сөз.
Бир дагы эркек каалабайт аялы мурда жигиттер менен жетелешип жүрүүсүн.
Бир дагы эркек каалабайт өз аялын ар кимге реклама болуусун.
Баардык эркектер келечектеги келинчеги ыймандуу такыба, аалима болуусун каалайт туурабы туура эмеспи?
Ал эми кээ бир эркектер убактынча пайдаланып жүрүшөт!
Алар көчөдө ачылып-чачылып жүргөн кыздарды алгысы келбейт!
Сен ойлоп жатасың ушундай кийинсем мени жактырат деп . .
А бирок ал, келечектеги балдарынын апасы аалым, каары болуусун каалайт!

Мода деп авратын ачып, ачык кийинип,
атыр себинип жүрүп өтөм деп ойлобо.
Ага жооп берээр күн келет!
Эй эркек!
Ар кайсы кызды чаап алам, антип ийем,
мынтип ийем дебегин!
Апакең бар,
Эже-карындашыңды башкалар билдирбей
антип-мынтип кетет,
көрбөй каласың, сезбей каласың!

Акча жаныңда болбосо маршруткага чыга албайсың. Акчаң жаныңда болбосо ресторан, кафеге кире албайсың. Акчаң болбосо
машинаңды дагы айдай албай каласың.
Акча убактылуу жыргалчылык.
Убактынча гана кандайдыр бир коркуудан
алаксытып туруучу нерсе.
Менин айтайын дегеним урматтуу мусулман бир тууган, адам бул дүйнөдө кандай эле
сомго муктаж болгондой
эртеңки акырет күнү ошончолук соопко муктаж болуп калат. Жүрөгүңдө ыйманың болбосо
акчаң болбосо мода менен кийинип жүрө албаганың сыяктуу жүрөгүңдө ыйманың болбосо
Бейишке кире албайсың!

Жолдо бара жаткан авто унаалар жол белгилерине моюн сунбаса,
амал кылбаса бир жерге барып урулат.
Аны кайтарып жасаганга болбой калат.
Эгер адам баласы шарият сызып берген сызык менен жүрбөсө ал адамдык сапатын жоготуп,
сызыктан чыкса бир жерге барып урулат.
Адамдар ойлошот,
биз Европадан үлгү алып өнүгүп жатабыз деп.
Ойлонуп изилдеп чыксак,
тээ 14 кылым илгери ислам дини келгенге чейин Европалыктар жыңалач,
токойдо ар кайсы жаныбардын артынан кубалап, башына тооктүн жүнүн сайып алып
бети-башын көөгө боёп араң жан багып жүргөндөрү эске келет.
Ислам келип адамдарга илим үйрөтүлүп,
Алжабр үлкөн аалым алгебра илимин,
Абу Али ибн Сина медицина илимин ж. б. у. с толгон токой илимди таратышып
ошол Европа эли адамча жашай баштаган элего. Тарыхты унуткан,
өз келечегиңе балта чапканың!
Ал кезде мусулмандар апакай болуп кийинип
беш убак жуунуп,
башына селдесин кийип жүрүшкөн элего.
Ой жүгүртпөйсүңөрбү?!!
Эми алар бизге үлгү болуп калдыбы?
Эми эмне Ислам караңгылык болуп калдыбы?

Жаз келип, адамдар жеңил кийинип авратын ача баштаса тооба дегин тууганым,
Оо Кудайдын кудуретин кара деп суктанбастан!
Жаз адамдын наристе кези сымал.
Жай улгайып бойго жеткен кез.
Күз мезгили балпайган абышка сымал.
Ал эми кыш болсо
бул сенин аппак кепиниң сыяктуу!
Кышты унутпайлы тууганым.
Кыштын камын жазда көр дейт эмеспи. .

Али Оши~
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись Аялдын кийими кандай болушу керек? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул окуя Мухаммед Алинин кыздары анын үйүнө өтө ачык кийим кийип келгенде болгон.  Анын кыздарынын бирөөсүнүн айтып берүүсү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон:

Биз акыры атам жашаган үйгө жеткенде, айдоочу сиңдим Лейла менен мени атамдын квартирасына чейин узатып чыкты. Ал бизди чочутуу үчүн, ар дайымкысындай, эшиктин артына жашынып күтүп туруптур. Бири-бирибизди болушунча бекем кучактап өптүк. Атам бизге жакшылап көз жүгүртүп карады да, анан мени тизесине отургузуп, мага мен өмүр бою унутпай турган бир сөз айтты.Көздөрүмө тике карап: “Хана, Кудай бул дүйнөдө баалуу кылып жараткан нерселердин баары катылуу жана кол жеткис. Алмазды кайдан табасың? Жердин түбүнөн жабык жана катылган абалда. Берметти кайдан табасың? Океандын тереңинде, кооз кабыктын ичинен. Алтынды кайдан табасың? Терең шахталарда кабат-кабат аска, таштын арасынан. Аны алуу үчүн катуу иштеш керек”. Анан ал мага олуттуу көздөр менен карады да: “Сенин дене-мүчөң да ыйык. Сен алмаз, берметтерден да баалуусуң. Сен да жабынышың керек, кызым!”,- деди.
http://formulasy.blogspot.com/2016/

Технологии Blogger.