Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Насаат. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абу Зар (ага Аллах ыраазы болсун) бир күнү Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келип: Мага насаат айтыңызчы? — деп суранды. Ар бирибиз Абу Зардын ордуна өзүбүздү коюп, пайгамбарыбыз мага эмнени насаат кылар экен деп көңүл буралы. Абу Зар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: насаат айтыңыз деп сурандым да, кулак төшөдүм. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Аллахтан коркуп такыба бол, мына ушул бардык ишиңдин башаты” – деди. Мен: дагы кошумчалаңыз, – дедим. Ал: “Куранды окугун, Аллахты зикир кылгын, бул сага асманда да, жерде да нур болот”, — деди. Мен: дагы кошумчалаңыз, — дедим. Ал: “Аллах жолунда жихад кыл, напси каалооңду жең, — деди. Дагы кошумчалаңыз, — дедим мен. Ал: “Көп күлбө, бул жүрөктү катырат, жүзүңдүн нурун өчүрөт” – деди. Дагы кошумча кылуусун сурандым. Ал: “Аз сүйлөгүн, бирок жакшы сөз болсо айтуудан тартынба, бул сенден шайтанды алыстатат жана дин ишиңди алып барууңа жардамы тиет, — деди. Мен дагы сурандым.  Ал: “Дайыма өзүңдөн төмөн жашагандарга кара, жогоруларга караба, ошондо Аллахтын бергенине шүгүр кылуучу болосуң, — деди. Дагы айтыңыз, — деп сурандым. “Колунда жоктор менен отур, аларды жакшы көр, — деди ал. Кошумчалай бериңиз, — деп сурандым. “Ачуу болсо да акыйкатты айт” — деди. Дагы кошучалаңызчы, — дедим. Ал: “Жакындарың менен карым-катнашта бол, алар сени менен катташпай койсо дагы”, — деди. Дагы кошумча кылыңызчы, — дедим. Ал: “Аллах жолунда бирөөдөн жеме угуудан коркпо, — деди. Мен дагы сурандым эле, ал: “Өзүңө жакшы көргөндү өзгөлөргө да жакшы көр, — деп, анан мени далыма таптап: “Абу Зар, Аллахтын жараткандарына ой жүгүртүүдөн өткөн акылмандык болбойт, шектүү иштерден сак болоюн десең, анда башкаларга көз артпа,  эл алдындагы сенин сыймыгың адебиңдин мыктылыгы болсун”, — деди.

Мына бул насаттар бир гана Абу Зарга (ага Аллах ыраазы болсун) тиешелүү эмес, бул жалпы мусулмандарга тиешелүү. Андыктан, ар бирибиз бул насааттарды өзүбүзгө айтылды деп эсептеп, аларды аткарууга аракет кылуубуз керек. Бул насааттарда адамдын жашоосун толук өзгөртө турган, эки дүйнө бакытка жетелеген маани катылып жатканын түшүнүүбүз кажет.

Запись Абу Зарга 10 насаат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адам бул сыноо дүйнөсүндө пенделик кызыгуулары, каалоолору, айрым негативдүү сезимдери менен дайыма жамандыкка азгырылып, адамдык асылдыгын сактап калууда бирде мүдүрүлсө, бирде туруп жолун улайт. Пенденин мындай алсыз жагын наристе мисалынан да көрүүгө болот. Мисалы, ач көздүк, сугалактык, кызганчаактык жана башкалар. Биз бул адаттарды периште сыяктуу таптаза балдарыбыздан көрсөк көп деле кайгырбайбыз. Жөн гана табигый абал катары кабыл алып, “Бала да”- деп кол шилтеп коёбуз. А бирок биз ата- эне катары ошол перзенттерибиздин алдындагы жоопкерчилигибизди эстебей, эркибизди, напси-каалоолорубузду башкара албай, “Ач көз”, “Сугалак” боло баштасак, анда бизди ким тескеп, ким тарбиялайт? Акыл-эси токтолуп калган улуу муундун мындай жоругу жалпы коомду сары санаага салып, жашообузду татаалдаштырган карама-каршылыктардын пайда болушуна алып келет. Ошондуктан биздеги түшүнбөстүктөрдүн негизги себеби да мына ушунда болуп жатат.

Адам коом алдындагы өз жоопкерчилигин сезбей, унута турган болсо, мындай адамдар акылын, сезим-туюмун толугу менен напси-каалоосун башкача айтканда ички жана сырткы азгыруучу факторлордун капканына салып, өз ыктыяры менен баш ийген болот. Адамдын мындай абалга кириптер болушун жалпысынан алты багытта карап көрөлү:

💰1. Атак-даңкка ээ болуу арзуусу. Бул арзуу ар бир адамдын табиятында бар. Кул, пенде түшүнүгүндө жашаган ыймандуу адамдар мына ошол “Атак-даңкка умтулуу” сезимин ыйманы менен баса алат. “Кой, антпейин, көз көрүнөө иш жасап Аллах Тааланын алдында күнөөгө калбайын”- деп өзүн токтотот.

🏻 2. Коркуу сезими. Биз, пенделер, Кудайдан коркуунун ордуна, көбүрөөк маанисиз нерселерден коркобуз. Мисалы, элдин көзүнөн, элдин сөзүнөн, мал-мүлксүз калуудан коркобуз. Мына ушул сыяктуу утурумдук түшүнүктөрдөн коркуп отуруп, кандайча жаман жолдорго барганыбызды байкабай калабыз.

🏻3. Ач көздүк, сугалактык сезими. Азирети Мухаммад (с.а.у.):”Инсан ушундай ач көз болот, эгер эки тоо алтын берсең, үчүнчүсү кана деп сурайт”. Албетте, бул салыштыруу адамдын канчалык деңгээлде ач көз экенин баяндоо максатында айтылып, эскерилгендир.

🏻4. Тарапкер болуу сезими. Моюнга алышыбыз керек, биз азыр тигил же бул топтун (уруунун, улуттун… же саясий тараптын) тарапкери болуп алып, бири-бирибизге муш кезеп, өзүбүздүн эмес, балким, напси-каалоолорубузду, жеке кызыкчылыктарыбызды жүзөөгө ашыра баштадык.

🏻5. Өзүмчүлдүк сезими. Бүгүнкү күндө кээ бир аттуу-баштуу эл аралык уюмдар биздин коомду мына ошол өзүмчүлүккө үндөй баштады. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Кудайга моюн сунуу, жамаат менен эсептешип жашоо сезимибизди алсыратып, анын ордуна: “Сен кыйынсың!”, “Сен гана татыктуусуң!”- деген идеяларды жайылтып жатышат. Мына ушул утопияга ишенген бир топ жаштарыбыз: “Мен гана кыйынмын!”- деп көкүрөк кагып чыга башташты. Натыйжада, дымактардын кагылашуулары пайда болуп, башаламандык күчөдү.

🏻6. Ырахатка батуу сезими. “Мына эми көздөгөнүмө жеттим; байлык десең байлык, бийлик десең бийлик бар”- деген сыяктуу адамдын ырахаттануу сезими жамандыктын торуна түшүүгө “жагымдуу” шарт түзүп берет. “Менин ишим бүттү, эми башкасы эмне болсо ошол болсун”- деген ой-кыялга магдырап отуруп, кайдыгерликке көнө баштайбыз. Кайдыгерлик, албетте, бизди үмүтсүздүккө жетелейт. Ал эми үмүтсүздүк болсо түңүлүүгө алып барат.

Мына ошентип жүрүп отуруп, түңүлүүнүн арты менен жашоонун максатынан, кумарынан ажырайбыз. Азгырыктартар жашообуздун ар бир көз ирмеминде бура бастырбай алып барчу жер мына ушул жер. Аллах андан сактасын. Эгер биз жогорда санаган алсыз алты сезимибизди тарбияласак, анда айтылган ар бир сөз куру, маанисиз, жасалган ар бир иш-аракет убакытты ысырап кылуудан башкага жарабай калат. Башкаларды күнөөлөдөн мурун өзүбүздү күнөөлөп, башкаларды суракка алуудан мурун өзүбүздү суракка алсак, коомдук маселелердин чечилишине ар бир жаран бараандай салым кошкон болмок. Анткени, жашоодогу бардык маселе, көйгөй адамдан башталат да, адамдан бүтөт…

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿

📌Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот. {Исхак Раззаков}

📌Ар ким өз күнөөсүн өз заманына шылтайт. {Томас Фуллер}

📌Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок. {Макал}

📌Адам периште да, айбан да эмес. Бирок, анын бактысыздыгы- дайыма периште көрүнөм деп, айбан кейпин кийип алат. {Блез Паскаль}

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись АЙЛАНЫ КЕТИРГЕН АЛТЫ СЕЗИМ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Уулум,бүгүн сен бир мамлекетти куруп жатасың, үй-бүлө куруу- бул аял менен эркектин чогуу жашоосу эле эмес. Калган өмүрүңдү бактылуу жашап, артыңда атыңды улай турган туяк тарбиялап, Жараткан кудайдын алдындыгы милдеттериңди аткарып өтүшүң керек. Демек, үй-бүлө куруу менен жашоонун бийик ашуусун ашасың. Ал эми бул нерсе – жеңил иш эмес .
Уулум, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп, жүрөгүңө түйүп алгын. Төмөнкү он осуятты аткара билбесең, бул” ашууну ” аша албай калышың толук мүмкүн:

1. Аял затты эркектин сүйүүсүн ачык, даана көрүүнү каалайт. Ошондуктан сүйүүңдү билдирүүгө сараңдык кылба. Эгер антпесең экөөбүңөрдүн ортоңорго жек көрүү көшөгөсү тартылып калуусу мүмкүн.

2. Аялдар эркектер сыяктуу жакшы сөз угууну жактырат. Ошон үчүн аялыңа дайыма жакшы сөз айтып көңүлүн көтөр;

3. Аялына ар дайым жылмаюу менен кара. Жылмаюу аялдын көңүлүндөгү кирди тазалайт ;

4. Таза кийим жана жыпар жытты жактырбаган аял болбойт. Тер жыттанып кир кийим кийген эркектен аялдын көңүлү бат калат;

5. Үй аял үчүн мамлекет. Анда аял өзүн падыша сезсин. Анын падышалык тактысын кулатып койбо. Тактысынан айрылган падыша эртели- кеч өч албай койбойт.

6. Аял сага кызмат кылуу менен бирге, үй – бүлөсүн да четте калтырбайт. Ошондуктан,өзүң менен анын үй- бүлөсүн да бирдей даражада алып жүр;

7. Аялдар ийри кабыргадан жаралганын унутпа. Бул айып эмес,” каштын көркүн – ийрилиги айгинелейт” эмеспи. Аны түздөөгө аракет кылба, сындырып алууң мүмкүн;

8. Аялдар жакшылыкты бат унутуучу болот. Эгер ага өмүр бою жакшылык кылып, бир жолу жамандык кылып, кемчилдик кетирсен,” сенден эч жакшылык көрбөдүм” деп айта берет. Сен буга көңүл бурба.

9. Аялдар табиятынан назик, алсыз жаратылган, ошондуктан Алла Таала аларга кээде ( этек кири келгенде, төрөгөндө) намаз окуу, орозо кармоодо да жеңилдик берген. Бул учурларда сен да ага жеңилдик кылып, жардам беүүнү унутпа;

10. Аял- сенин туткунун сыяктуу. Туткунга жакшы мамиле кылсаң. ал сага өмүр бою жан шеригиң болуп жүрө берет…

Запись АТАНЫН ОН ОСУЯТЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Мухаммад пайгамбарыбызга салам-дубалар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, булардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үйдүн түркүгү аял заты. Ошондуктан айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыймандуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А башкалар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даамына келтире албайсың” деп айтылат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учурдан баштап берүү зарыл?

Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каалаган эне тарбияны бала төрөлө электе баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

1. Эне көбүрөөк Куран окуш керек. Эгер окуй албаса окулган Куранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акылдуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.

2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Ибадат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсактагы бала да эс алып, жакшы жетилет.

3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Негизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жашаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.

4. Болочок ата менен эненин ортосунда бири-бирине мээрим төгүлүп туруусу керек. Айрыкча эне башкалардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.

5. Эне таза эмес (арам) тамактардан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону менен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийгизет.

6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.

7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү айтып туруусу зарыл. Мына ушул сыяктуу жакшы иштер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кылуу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Токон Жээнмырзаева,

(Уландысы бар)

Запись БОЛОЧОК ЭНЕГЕ БОЛУМДУУ НАСААТ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Бул күзгүнүн аты өмүр деп аталат. Бул күзгүдөн ар ким өзүн көрүп жашайт,кээ бирөөнүн күзгүсү ушундай тунук жапжаңы болуп күнүгө аарчылып турат. Андайлар дайым Жараткандын эстеп, жакшы амалдары, даараты,окуган намазы, кураны менен өз күзгүсүн аарчып турат.Кээ бирөөнүн күзгүсү чаң басып анын кайдан турганын да унутуп калган. Андайлар бул жашоого бир келдим ойноп -күлүп ,жаштыгымды текке кетирбей, жыргап жашап калайын деп Жаратканды унуткандар. Өлүмдүн келиши чындык экенин билсе да ага моюн сунбагандар.
Бул күзгү ушундай назик биз каалаганда эмес,биз күткөндө эмес ,биз даяр болгондо эмес,биз унутканда,биз көрүүнүдөн качканда күтүүсүздөн сынып калышы мүмкүн.Бул күзгү сенин “ӨЛҮМҮҢ “бир тууганым!

Өлүм – бул капыстан келген капсалаң, ажал – бул айттырбай келген ажыдаар! Өлүм жөнүндө биз көп угабыз. Аалымдар дагы аны бизге көп эскертишет. Бирок, биздин эсибиздин түбү тешик белем, уккан сайын унута беребиз, көргөн сайын көңүл бурбай кетебиз. Өлүм жөнүндө сөз кылсак булар өлүмдү айтып коркута берет экендер деп ойлоп жаткандырсыз э бир тууганым .
Эгер билсек өлүм биз үчүн табылгыс улуук насаатчы,эскертүү!
Ыйманың алсырап жатса өлүмдү эсте жүрөгүң ойгоно баштайт!
Жан дүйнөң караңгылыкка батып жатса өлүмдү эсте жашоого болгон максатың пайда боло баштайт!
Жараткандан алыстап моюн сунууну каалабай жатсаң өлүмдү эсте Анын алдында эмне деп жооп берем деген ойлор пайда боло баштайт! Ошондуктан өлүмдөн коркпойлу өлүмгө даяр болой өтүп кетүүдөн корколу!

Бул күзгүдөн канча -канча атактуу падыша,хан болгон инсандардын өткөнүн көрүп турасың.

Кудуреттүү Аллах Таала убадасында турду жана Фараондун денесин азыркы күндөргө чейин сактады. О, адамдар! Көргүлө жана сабак алгыла! Ушул фараон «мен түбөлүк кудаймын» деген болчу. Өлбөй калдыбы?! Анын заалым вазири Хамаан кайда?! Өлбөй калдыбы?! Атактуу Нимруд падыша кайда?! Ал дагы «менден башка кудай жок. Өлтүрүүчү да тирилтүүчү да менмин» дебеди беле?! Кана алар?!

Карачы кечээ эле сени эркелетип “уулум иштериң жакшыбы? Уулум андай кылсаң жакшы болот,мындай кылсаң туура эмес болот “-деп акыл -насаатын айтып төрүңдүн дөөлөтү, үй -бүлөөңдүн ырыскысы,таянаар тооң,жөлөнөөр зооң болгон аталар жок эми!

Карачы кечээ эле “жан кызым кандайсың? Күйөөңдү ук,кайнеңди,кайнатаңды сыйла,урматтап батасын ал “-деп асыл кеңештерин берип,мээрими, жүзүндөгү жылмаюсу менен сени күтүп узатып ,баарын бектип берип,дайым колдоочуң болгон апалар жок эми!

Карачы кечээ эле сени менен бирге оюноп ,бирге күлүп, чуркасаң бирге чуркап,жакшы -жаман күнүңдө от болсоң өчүрүп,кубанычыңды тең бөлүшкөн дос -кошуна-туугандарыбыз арабызда жок эми!

Карачы кечээ эле ата -апалап турган, жашоонун таттуусу ,өмүрүбүздүн келечеги деп бапестеп өстүрүп жаткан балдан таттуу балакайларыбыз арабызда жок эми!

Өлүм деген ушундай жаш -каарыга карабайт, бул күзгүдө бир күн өзүң да болуп калууң мүмкүн!

Эч бир адам кай жерде, кандай абалда өлүшүн билбейт. Аллах Таала айткан: «Ар бир элдин ажалы (б. а. өлүм үчүн белгиленген убактысы) бар. Качан алардын ажалы жеткенде бир саатка да кечиктирилбейт Жана тездетилбейт дагы» (А,РАФ: 35)

Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) халифа болуп дайындалган соң өз каражатына бир адамды жалдады. Анын болгон милдети, күн сайын Азирети Умарга (андан Аллах ыраазы болсун) келип: “Эй Умар! Аллахтан корккун, өлүм бар! “-деп айтуу эле. Ошентип ал адам айлап -жылдап өз ишин аткарып жүрдү. Күндөрдүн биринде Азирети Умар (андан Аллах ыраазы болсун) өзүн күзгүдөн карап, чачы менен сакал- муруту акырындан болсо да агарнанын көрдү. Анан ал күндө өлүмдү эске салып туруучү жалчынын мындан ары зарылдыгы жок экендигине ынанып, анын ишин токтото турган болду. Анда жалчы Азирети Умардан (андан Аллах ыраазы болсун):

-Эй, Умар. Эмне мындай жакшы пикириңден баш тарттыңбы? Деги сага эмне болду? -деп сурап калды.

Өзүнүн адилеттүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү жана мемлекет башкаруудагы зор жетишкенликтери менен таанымал болгон жана Ислам тарыхында алтын тамгалар менен адилеттүүлүктүн үлгүсү катары жазылып калган. Азирети Умар(андан Аллах ыраазы болсун) жалчынын суроосуна мына мындай өтө маанилүү сөздөр менен жооп берди:

-Ушул убакка чейин жаш болчумун. Чачым менен сакал -мурутумду ак аралаган эмес болчу. Туура багыттан адашпоо үчүн ар күн мага өлүмдү жана Аллахтан коркууну эск салып турган бир үгүт насаатчыга муктаж болчуумун. А азыр болсо, күзгүгө караган убагымда чачым менен сакал -мурутумду ак аралап калганын көрдүм.
Мына, эми “өлүмдүн жарчысы катары ак аралаган чачым менен сакал -мурутум мага жетиштүү “-деп ойлоймун. Сен мага өлүмдү күндүн белгилүү бир убактысында эстетип турган болсоң,чачым менен сакал -мурутум ар убакта күзгүгө көрүнгөндө эске салып турат.
Адашпоо,жан дүйнөнүн тазалыгы,туура жолдо жүрү,бул -Аллахтан коркуп,өлүмдү эстөө менен өзүңө эскертүү бер!

«Бул дүйнөөгө батирчи сыяктуу жайгаш,үйдүн ээси сыяктуу жайгашып алсаң чыгууга кыйын болот ». А. Беккине..

Сөзүбүздү устазыбыздын сөзү менен аяктасак:

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Өлүм бул ачуу чындык. Андан канчалык коркпойлу, кайда качпайлы баары бир башыбызга келет. Бүгүн бир адамды жууп кепиндедиң. Суунун ысык суугун сезип турдуң. Эртең сени да бирөөлөр жуушат. Бирок суунун ысык суугун сезбейсиң. Бүгүн Имамдын артында туруп бир адамга жаназа окудуң. Эртең да адамдар жаназа окушат, бирок сен имамдын алдында болосуң. Бүгүн бир адамды ийниңе көтөрүп кабырга алып бардың. Эртең сени да бирөөлөр ийнине көтөрүп кабырга алып барышат. Бүгүн бир маркумга арнап дуба кылдың. Эртең сага да бирөөлөр дуба кылышат. Бүгүн бирөө Мункар-Накирдин суроосуна жооп берди. Эртең бул суроолор сага да берилет. Бүгүн бирөөнүн жакындары боздоп ыйлашты, сен аларды угуп турдуң. Эртең сенин да жакындарың боздоп ыйлашат, бирок сен аларды укпайсың. Бүгүн амал кы лууга кудуретиң бар, эсеп-кысап берүү жок. Эртең эсеп-кы сап болот, бирок амал кылууга кудуретиң жок. Ошол себептен улуу сахаба Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айт кандай бирөөнүн алдында эсеп кылынганча, өзүңө эсеп берип ал. Бул дүйнөнүн жарык күндөрүнөн пайдаланып кабырдын караңгылыгына даярдан. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айткандай, кабат-кабат үйлөргө кызыгып, эки кулач кабырды эсиңден чыгарып койбо. Канткен менен, кабат-кабат үйүңдү, катар-катар машинаңды, сүйүктүү бала-чакаңды калтырып, бара турган жериң кабыр. Аны эч качан эсиңден чыгарба…

Аллахым, өтүп кеткен мусулман бир туугандарбызды кабыр азабынан өзүң сакта. Биздин да башыбызга өлүм келип, кабыр босогосун аттаганда суроолорго жеңил жооп берүүнү дилибизге салгын. Ар бирибиздин кетирген күүнөлөрүбүздү кечир. Өзүңдүн кереметтүү бейишиңде чогуу болууну насип кыл. Ассалааму алайкум ва рахматул-Лооху ва баракаатух!

👤Насиба Абдуллаева.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Запись ӨЛҮМ ЖАШОО КҮЗГҮСҮ… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаным кызым, убакыт учкан куш сымал тез өтөт тура. Кечээ эле секелек кыз элең, бүгүн минтип бойго жетип, жыйырма бир жаштын тузун татып отурасың. Бул сенин жашооондо өз бактыңды аныктай турган куракка келгениңди билдирет. Эми, жашооңдун жаңы баскычына кадам шилтеп, өзүнчө түтүн булатасың. Андыктан айлана чөйрөңө абал салып, ар нерсеге аяр мамиледе бол. Эгер эч ким көрүп билбейт деп чекилик кылсаң, анда өзүңдү да, өзгөнү да бактылуу кыла албайсын.

Көп жигиттер менен таанышып, ойноп кулуу силердин дооруңарда балким кызыктуудур, бирок, маани бербей жаштык мастык менен аша чаап кетсең бат эле сыймыгыңдан да, абийириңден да айрыласың.
Башкалардын жашоосунан сабак алуу, башкалардын кетирген кемчиликтерин кайталабоого тырышуу адамдын бакытка карай багыт алышына оболго түзөт.
Жаштык курактын эң жаман жагы – жаркын келечекке, бактылуулукка алып баруучу жолду аңдабай, акыйкатты көрө албай өтктндүктө.

Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар жаш кезиндеги жаңылыштыгынын азбын өмүр бою тартышат.
Кызым, сенин бактылуу болушунңду абдан каалаймын.
Сага айтайын дегеним -өмүрлүк жолдошуңду тандоодо жанылыштык кетире көрбө.
«Маңдайыңа жазылганын көрөсүн», бирок, ага сенин себепкер болоруңду унутпа. Тандаган кишиңдин мал-мүлкүнө, байлыгына, мансап даражасына көнүл бурба. Бул маселеде көңүл бурушуң керек болгон айрым жагдайларга кыскача токтолуп кетейин.

Эн оболу сүйгөн кишиңдин жан дүйнөсү таза болгонуна көңүл бур. Жан дүйнөсү таза же таза эместиги анын журум турумунан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, башкалар менен болгон мамилесинен дароо байкалат.
Анын адамдык даражасын сага жасаган жылуу мамилесинен эмес, башкаларга жасаган мамилесинен байка…

Билим деңгээлине, ыйман-ариетине маани бербесең, анда аны менен кошо карагылыктын торуна тз ыктыярың менен чалынган болосуң.

Көңүл бур кызым, кудайдан коркпогон киши ар кандай зоокурлукко барат. Өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан алып айта турган болсом, өмүрлүк жолдошуң экөөңөрдүн ортоңордо таза сүйүү байлык, бийлик, жан кумары үчүн эмес, бир гана жараткандын ыраазычылыгы үчүн болуусу өтө маанилүү. Мына ошондо гана бул дүйнөнүн утурумдук жыргалчылыгана эмес, бейиштеги жашоону да эске алып жашайсынар. Ошондой эле, эктөңөрдүн тең максатыңар жараткандын ыраазычылыгына жетүү болуусу зарыл.
Милдетиңди так аткарууң үчүн мурунку жаман көндүмдөрүңдүн жана секелектик кыялдарыңдан баш тартуун керектигин унутпа. Эгер буга күчйң жетпесе турмушка чыгууга шашылба. Анткени, өмүрлүк жарыңды бактысыз кылууга акың жок, кызым, оболу сага айтаарым өмүрлүк жолдошуңа карай көйкөлүп басканыңда кийген ак көйнөгүң сыяктуу, жан дүйнөң да дагы апапак, таптаза болушу керек. Турмушка чыккандан кийин алдыңда жапжаңы, таптакыр башкача жашоонун башталганын көрөсүң. Мунун ары кызыктуу, ары сырдуу жактары да бар. Турмушка чыкканыңды эч унутпашың керек болгон маанилүү жагдайлардын бири бул өмүрлүк жолдошуңа болгон жакындыгың, кызым. Ал сенин, сен анын жашоосундагы эң жакынысың. Кайгырса кайгысына, кубанса кубанычына сен ортоктош болушуң керек. Аны менен сыймыктанганыңды дайыма белгилей жйр. Аны сүйөөрүңдү ачык айтып, ага болгон сүйүүңдй жылуу мамаиле менен билдирип жүр. Анткени, үй- бүлөөдөгү бакыт жашоо дал ушуга байланыштуу. Жолдошуң кечинде жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп ал. Ал сени көргөндө чарчаганын унутуп эс ала түшсүн. Кээде өзүнчө ачууланышы мүмкүн, бул адамдын табиятындагы көрүнүш. Балким, ошол күнү күнүмдүк маселелер аны сага капалуу көрсөтүп жаткандыр. Сенин эң чоң милдетиң үйүңдүн босогосунан башталат, кызым. Жолдошуңдун ошол күндү кантип өтктргөндүгүн сага айтып жеңилдеп алышына мүмкүнчүлүк түз. Сенин мындай мамилен аны кубанычка бөлөйт. Сүйүлгөнүн сезген эркек өмүрлүк жарың дагы сөзсүз сүйөт, а түгүл, сүйүүсү баштагыдан да артат.
Өмүрлүк жолдошуңдун анча мынча кемчилдиктерине көз жумууда шалаакылык кылба кызым. Кемчилдиксиз пенде болбойт. Кечиримдүү бол. Маани берүүчү жагдайлардын дагы бири сен маанилүү деп эсептебеген майда барат нерселер өмүрлүк жарың үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн, мына ошол маани берилбеген нерселер убакыттын өтүшү менен жашоондо чоң окуялардын болушун шартташы ыктымал. Мындан улам, ар нерсеге өз убагында маани берип жолдошуңдун түшүнүгүнө, ойлоруна жараша мамиле кылуун зарыл.
Унутпа, эркектердин сезими бат өзгөрөт. Аял заты катарында сен ага чыдай албайм деп ойлошуң мүмкүн. А түгүл, бул оюң сенин жолдошуңа каршы чыгууңа да түрткү бериши ыктымал. Бирок, турмуш куруу акыр аягы билинбеген бир кайрымдуулук, жоомарттык кылуу дегенди билдирерин эсинден чыгарба, кызым.
Сен канчалык сабырдуу болуп, марттык кылсаң өмүрлүк жарың дагы сага берешендик кылууга аргасыз болот жана мына ушундайча үй- бүлөңөрдүн ынтымак ырашкерлиги артып, пайдубалы бекемделет.
Азыр эскертүүлөрймдүн эң маанилүүсүнө келдим.Бал саптарды бир канча жолу окуп, айтайын дегендеримди түшүнгөнгө аракет кыл, кызым!

Азырынча жашсың тажрыйбаң аз. Мындан улам кээ бир сөздөрүмдүн төркүнүн түшүнбөй калышың мүмкүн. Катымды айрып, керексиз буюмдай ыргытып сала көрбө, тескерисинче, качан болсун тапкыдай жерге сары майдай сактап жүр. Качандыр бир тунгуюкка кептелип, жол таба албай карайлап калганыңды ачып окуп, туура жолду тандап аларсын…

Эркектер жалпысынан назданган чырайы менен башкаларды өзүнө арбап алган аялзатын жактырышат. Аларга суктанышканын эркекетер түрдүүчө билдиришет. Бул эч качан сенин жарым жылаңач кийинип жүрүүго алып барбасын!
Женил ойлуукка алдырсаң, эң чоң жаңылыштыгың ушул болот. Анткени, эч бир эркек жубайына башкалардын көз карашын каалабайт жана буга чыдай албайт. Сен жолдошуңдун каалоосуна баш ий, айлана чөйрөңдүн, ушакчылардын курмандыгы болбо!

Өмүрлүк жолдошуң үчүн бардык шарт жагдайды түзө бил, аны ыраазы кылуунун жолдорун изде. Жолдошуң издегени менен самаганын өзүнйн үй- бүлөөсүнөн тапсын, көңүлү башкаларга бөлүнөт, көзү сыртта калбасын. Жан кызым, сага сөзүмдүн акырында төмөнкүлөрдү айткым келди.
Жашоодо эмнени эксең, ошонун түшүмүн гана жыйнайсың. Кыскасы бактылуу болгуң келсе алгач өмүрлүк жарыңды бактылуу кылышың керек.
Жолуң шыдыр, келечегиң кең болсун кызым….

Кудай сени бул жалганда адаштырбасын!!!

Булак

Запись Абийирдүү атанын кызына жазган каты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп:
– Мени төшөктөн чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
– Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой:
– Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
– Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт – деди. Андан соӊ жубайына карап:
– А сени эмне анча ыйлатып жатат? – деди. Жубайы да көздөн жашын агызып:
– Сенин жакшылыгыңдан айрылдым. Эми сенден башка адамдын көзүнө карап каламбы? – деп, ыйлап жатам деди. Андан соң балдарына карап:
– Силер эмне үчүн ыйлап жатасыңар? – деп, сураганда:
– Биз сизден айрылып жетим калабызбы, мындан кийинки жашообуз кандай болот? – деп, ыйлап жатабыз дешти. Алардын баарынын жоопторун уккан соң ал адам өзү эчкирип ыйлап кирди. Баары ыйларын токтотуп андан сурап киришти:
– А сени эмне ыйлатып жатат? – дешип. Анда ал такыбадар адам аларга карап:
– Мен силерди көрүп ыйлап жатам, ар бириңер өз жаныңарды ойлоп ыйлап жаткан турбайсыңарбы мага эмес? – деди. Кайра эле аларга карап:
– Силердин араңарда менин узак сапарга чыгаарымды ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин жатар жайым жабынаар жуурканым кара топурак экенин билип ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин эсеп күнүмдү ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин Улуу Жаратканымдын алдында кандай туруп жооп береримди ойлоп ыйлаганыңар барбы?! – деди да, жүзү менен жерге карай жыгылды. Аны кайра жерден көтөрүшкөн кезде анын жаны чыгып кеткен болчу.
– Сапарым алыс, жете турган жол азыгым аз. Күчүм калбай барган сайын алсызданып барат, бирок акыйкат ажал тынбай талап кылат.

Запись Ѳлүм төшөгүндө болгон ажайып бир окуя. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Адам атанын уулдарына насааты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мурат сарай ичинде, гүлзарда сейилеп жүргөн атасын көрүп, жанына чуркайт. Ал -ахыбал сурашкан соң мындай дейт:

-Журтатасы атакем! Өзүңүз теңдүү курбалдаштарыңызга салыштырмалуу үстүңүздөгү опол тоодой оор жүккө, аламан түйшүккө моюн бербей дагы деле болсо жаш көрүнөсүз. Жашыңыз башкалардыңындай эле биртопко барып калганы менен белиңиздин бекчейбегенинде бир сыр болсо керек. Ар түрдүү кыйынчылык жана оор күндөгө карабай, жаштардай акылыңыз тунук, ой-пириңиз дагы эле жүйөлүү, дене турпатыңыз каармандардай салмактуу. Бир карасам уруш майданында албууттанган колбашысыз, бир карасам илим жыйындарында салабаттуу устатсыз, бир карасам эл-журтка бериле кызмат кылып, сезимтал дервиштейсиз!... Сизде күн-түн деген нерсе жок. Баары окшоштой. Түмөн түйшүк жондон басып турса да жаш көчөттөй ийилбей, жандүйнөңүз жабыркабай кантип чыдап жүрөсүз? Мунун сырын айтыңызчы? Акыл-эстин тынымсыз чабытташы адампендени жабыркатат, мүдүрүлтөт. А сизде эч кандай өзгөрүү жок, салабаттуу турпатыңыз дале чыйрак! Акыл эсти таңдандырган өзгөчө мүңөзгө жетүү үчүн, кемибес кеменгерлик, чаалыкпас акылмандык үчүн кандай даары колдондуңуз? Уулуңузга ушуларды айта аласызбы? Мен сиздин жолуңуздан жүргүм келет!

Мурат хан жеткинчек жаштагы уулунун суроолоруна бир чети таң калса, бир чети ичинен ыраазы болуп береги тарыхты насааттады:

-Алдыңа кетейин каралдым! Сен мени абдан кубанттың! Аалам атпай жана жаамы макулук ибадат кылган Кудай Таалам сага багыштаган артыкчылыктарын дагы да арбытсын. Ушундай кенен, ушундай татаал маселелерге болгон кызыгууңду арттырсын.

Өмүрүн туура жолдо өткөрүп, одүйнөгө кеткен жандар акырет ааламынын кыялга сыйбас нематтарына ээлик кыларына бекем ишенем. Бул ишенимде эч кандай шегим жок. Ошо себептен Жаратканга ибадат кылганда, чын дилден берилип орундатам. Сен айткандай бул оопасыз машакат дүйнөдөдө тарткан азаптын акыбетин Алла Таалам акыретте эселеп берерин бөркүмдөй көрөм. Кандай гана шарттарда болбосун Ага жалбарып мунажат кылып келем. Асыресе Анын маңдайыма жазган тагдырын чоң сыноо деп билем.

Уулум! Бардык сөзгө ишене бербе, Ар башкача болуп жараян этилген окуялардын ички мазмунун, акыйкат өзөгүн үйрөнүүгө болгон кайратыңдан жазба!

Бышып жетилген мөмө жемишти баары жакшы көргөнү сыңары, көптү көргөн, тажрыйбалуу-билимдүү даанышмандарды ар убак эл өзү тандап алат. Таттуулугу ченде жок жүзүм турганда, быша элек кычкыл мөмөнү жеш акыл тайкылыгынын белгиси.

Кээ-кээде ата-бабаларымдын адамдык сапатын, мүнөзүн, баскан жолун талдадым. Бизден кийинки урпактын басар жолу, ойлор ойу, тутунар көрөңгөсү тууралуу көп ойлондум.Ушу кезге чейин сөзгө алынып, сүйүлүп, урмат көрүп, алкыш алып келдик. Буга шүгүр деш керек. Мына ушул жакшылыктын түбөлүккө уланышын арзуу кылып келем.

Бир нерсенин уланып кетишин басым, буйрук, күч, кылыч, зомбулук менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Акыл, чара көрүү, сабырдуулук, арканды узун таштоо жана албетте тажрыйба зор мааниге ээ. Биринчи айтканым ар убак үчүн өтүмдүү эмес, кесепети көп. Экинчи жолдун жалгыз өзү ишке анчейин жарабайт. Улуу ийгиликтер үчүн экөөн айкалыштыра ишке салуу керек! Ардактуу бабаларыбыздын албан жеңиштеринин сырткы көрүнүшүнөн кылыч көрүнгөнү менен аныгында акыл-парасат жана сүйүү күчү менен жүзөгө ашканын эсиңден чыгарба.

Каралдым! Адилеттикти эгерим колдон чыгарба. Анткени Алла адил, адилеттүү кулдарын сүйөт. Мындай караганда сен Анын жер бетиндеги өкүлүсүң. Ал сага көптөгөн жакшылыктарды жаадырган, мына эми сени мусулман журтчулугунун башына келтиргени турат!..

Уулум! Бул дүйнөдө үч түр адам бар:

Биринчи тайпа: акыл-эси жайында, эркиндиктин даамын таткан жана ой жүгүрткөн, адаттан тыш өзгөчөлүгү жок пенделер.

Экинчи тайпа: Эч нерседен кабары жок, буйрук, эскертүү, насаат деген нерселерге кулак төшөп коюшпайт. Өз жыргалын гана ойлошот. Бүт нерсени билгендей кыйын боло беришет. Булар өтө кооптуу топ.

Үчүнчү тайпа: Кайсы жол туура, кайсы жол терс экенине кызыкпаган жандар булар. Бирок бул абалга алар өз каалоосу менен эмес, чөйрөдөгүлөрдүн таасири менен түшүп калышкан. Айтылган насаатты кабылдашат, сөз угушат, туура жолду тандашат. Булар эң кооптуу топ деп эсептелинет.

Айланайын уулум! Улуу Жараткан эгер сени алгачкы тайпанын адамы кылып жараткан болсо, сүйүнүчүм да, алкышым да чексиз. Эгер экинчи тайпанын адамы кылып жараткан болсо, айтылган акыл-насаатты кунт коюп угууну, эскертүүлөрү жадыңа бек түйүүнү кеңеш кылам. Бирок үчүнчү тайпанын адамы боло көрбө! Алар Аллага да, адамдарга жа жага беришпейт.

Падышалар колуна тараза кармаган адамга окшош. Бирок колундагы таразаны туура кармаган жан - анык падыша. Мына ошондо гана Кудуреттүү Алла Таала сага жакшылыгын жаадырат. Сени салих момундардын тайпасына кошот. Бүт нерсе Ага таандык, бүт нерсени Ал гана билет... »

Мынакей, ата-баланын акактай тунук акылы жана аруу парасаты...

«Бактылуулук формуласы »

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул окуя Мухаммед Алинин кыздары анын үйүнө өтө ачык кийим кийип келгенде болгон.  Анын кыздарынын бирөөсүнүн айтып берүүсү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон:

Биз акыры атам жашаган үйгө жеткенде, айдоочу сиңдим Лейла менен мени атамдын квартирасына чейин узатып чыкты. Ал бизди чочутуу үчүн, ар дайымкысындай, эшиктин артына жашынып күтүп туруптур. Бири-бирибизди болушунча бекем кучактап өптүк. Атам бизге жакшылап көз жүгүртүп карады да, анан мени тизесине отургузуп, мага мен өмүр бою унутпай турган бир сөз айтты.Көздөрүмө тике карап: “Хана, Кудай бул дүйнөдө баалуу кылып жараткан нерселердин баары катылуу жана кол жеткис. Алмазды кайдан табасың? Жердин түбүнөн жабык жана катылган абалда. Берметти кайдан табасың? Океандын тереңинде, кооз кабыктын ичинен. Алтынды кайдан табасың? Терең шахталарда кабат-кабат аска, таштын арасынан. Аны алуу үчүн катуу иштеш керек”. Анан ал мага олуттуу көздөр менен карады да: “Сенин дене-мүчөң да ыйык. Сен алмаз, берметтерден да баалуусуң. Сен да жабынышың керек, кызым!”,- деди.
http://formulasy.blogspot.com/2016/

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Мечиттин бузулуп калган кондиционерин оңдогон уста, жумуш акысын алуудан баш тартат. Андан анын себебин сурашканда: "Энем, мечитке кылган кызмат акыңды алба!" - деп осуят айткан дейт. 
Кишинин апасына таң калып жатасыңарбы?. А мен болсо апасынын осуятын аткарган кишинин жакшылыгына таң калып жатам.
Кичинекей кыз балмуздак салынган арабаны көрүп сажда кылат. Адамдар андан: "Эмне үчүн сажда кылдың?" - деп сурашат. Кыз: "Апам кубанган кезде дайыма сажда кылаар эле" - дейт. 
Балага берилген эң жакшы тарбия - жакшы амалдарды аткарып, аларга үлгү болуу. Балдарга туура, жакшы тарбия берүү, ар-бир ата-эненин милдети.
Саалих пенделердин биринен: "Эмне үчүн сиз мечитке азан айтылаардан мурда барасыз?" - деп сурашат. Ал: "Азан капилетте калгандарга эскертүү үчүн айтылат, мен алардын катарынан болуп калбайын деп азандан мурда барам" – деп, жооп берген экен.
Бир кишиден: "Эмне үчүн сиз дайыма мечитке коюлган суудан ичесиз, үйүңүздөн деле ичсеңиз болотко?" - деп сурашат. Ал: "Мечитке сууну койгон адам соопко ээ болсун деп, дайыма мечиттен ичем" – деп, жооп кайтарат.
Эгерде бирөөнүн айып-кемчилигин көрүп калсаң, аны сыр кылып сакта. Сактаганың үчүн соопко ээ болосуң. Ким Алла үчүн бирөөнүн кемчилигин жашырса, кыямат күнүндө Алла аны шерменде болуудан сактайт.
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Улукман Хакимдин жана башка насааттардын негизинде даярдалды

1.Уулум, Аллах Тааланы
таанып бил.

2.Кандай акыл-насаат
айтылса, биринчилерден болуп аткар.

3.Өз деңгээлиңе жараша сүйлө.

4.Калкындын кадырын бил.

5.Ар бир кишинин
укугун корго.

6.Сырынды сактай бил.

7.Жоро-жолдошторуңду
пайда, зыян тартканда сына.

8.Досту кыйын күндө
сына.

9.Наадан, акмактан
алыс кач.

10.Акыл-эстүү адам менен достош.

11.Кайраттуу бол.

12.Жаман адамга ишенбе.

13.Кеңешти түз жүргөн жана илимдүү адамдардан сура.

14.Сөзүңдү далилдүү айт.

15.Жаштыгындын баркын бил.

16.Досторунду кадырла.

17.Доско да, каска да
мандайынды ачык тут.

18.Ата-энендин баркын бил.

19.Чыгашан кирешене
жараша болсун.

20.Кандай иш болсо да, орточо бол.

21.Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.

22.Мейманга кызмат
көрсөтүү – милдетиң.

23.Бирөөнүн үйүнө
киргенде көзүң менен тилиңди тый.

24.Кийим менен денеңди таза тут.

25.Жаамат менен бирге бол.

26.Перзентиңе илим менен адеп үйрөт.

27.Ыгы келсе ат чаап, ок атканды үйрөт.

28.Бут кийим кийсең,
оңунан баштап, чечсең солунан чеч.

29.Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.

30.Түн ичинде сүйлөсөң,
акырын сүйлө, күндүз жан жагына карап сүйлө.

31.Аз жеп, аз уктап, аз
сүйлөгөндү адат кыл.

32.Өзүң жактырганды
башкаларга да ыраа көр.

33.Иш кылсан кенеш менен кыл.

34.Үйрөнбөй туруп
устаздык кылба.

35.Аял менен балага сыр ачпагын.

36.Бирөөгө түгөл ишене бербе.

37.Жаман адамдан
жакшылык күтпө.

38.Ар ишти акылга сал.

39.Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе.

40.Бүгүнкү ишти
эртеңкиге калтырба.

41.Улууларды шылдыңдаба.

42.Улуу кишиге узун
сүйлөбө.

43.Билимсизге бийлик
бербе.

44.Сурап келсе, куру
кайтарба.

45.Өткөн чатакты эске алба.

46.Бирөөнүн жакшылыгын
мен кылдым дебе.

47.Байлыгыңды доско да,
душманына да санатпа.

48.Туугандан кол үзбө.

49.Жакшы кишини жамандаба.

50.Өзүндун ким экениңди
бил. Өзүмчүл болбо.

51.Эки тарап бир бүтүмгө
келалбай жатышса, сен көпчүлүк жакта бол.

52.Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө.

53.Эл алдында тишиңди
чукулаба.

54.Эл көзүнчө какырынба,
түкүрүнбө.

55.Эстесең оозуңду алаканың менен жап.

56.Калайыкка какшыктабай
сүйлө.

57.Тамаша сөзгө көнүп калба.

58.Кишини эл алдында жер
каратпа.

59.Кейпи жакпайт деп
кишини айыптаба.

60.Айтылган сөздү өзүнө алба.

61.Шылдың сөздөн сактан.

62.Өзүңдү, үй-бүлөңдү
бирөөнүн алдында мактаба.

63.Эр болсоң, аялдардай
сыланба, сакал кой, эркектигиң артат.

64.Баланын ою менен боло бербе.

65.Тилиңе сак бол.

66.Колуңду силкпей
сүйлө.

67.Ар кимдин урматын
тааны.

68.Көзү өткөндү
жамандаба.

69.Колуңдан келсе,
урушпа да, арыздашпа.

70.Күч сынашпа.

71.Сынабаган кишиңди
жакшы деп ойлобо.

72.Иш жасасаң шашпа.

73.Дүнүйө үчүн башыңды
машакатка салба.

74.Өзүң билгенди баркта.

75.Ачууга алдырсан,
сөздүн артын байкап сүйлө.

76.Жең менен мурдуңду
сүртпө.

77.Күн чыкканча уктаба.

78.Каратып коюп тамак жебе.

79.Жол жүргөндө улуудан
озбо.

80.Сүйлөшүп аткан сөзгө
кыпчылба.

81.Тамактанганда жер таянба.

82.Ары-бери аландабай,
жер карап бас.

83.Эгер колуңдан келсе,
төөнү жайдак минбе.

84.Конок алдында бирөөгө
ачууланба.

85.Мейманга иш буйруба.

86.Акылсыз менен
сүйлөшпө.

87.Бекерпоз адепсиз
менен жол боюнда отурба.

88.Ар кайсы ишке
аралашып, абийириңди төкпө.

89.Өзүңдү адамдардан
артык санап бой көтөрбө.

90.Бирөөнүн кусаматын
мойнуңа алба.

91.Уруш, жаңжал уюштурчу
болбо.

92.Өзүң кордобогондордун
баркына жет.

93.Жөнөкөй бол, бой
көтөрбө.

94.Аллах Таалага
ыраазылык менен, напсиге эрк менен, улууларга урмат менен, балдарга шаапат
менен, жакырларга жоомарттык менен, дос-жаранга наасат менен, душманга чыдам
менен, нааданга сүкүт менен, аалымга таазим менен тиричилигиң кыл. Бирөөнүн байлыгына сук артпа. Байлыгым азайды деп чөкпө, көбөйдү деп көппө.

95.Ден соолугуңду көздүн
карегиндей сакта, ден соолукка зыяндуу иштерден сактан, арак ичпе, баңгизат
колдонбо, бооруң, бөйрөгуң, дагы башка
мүчөлөрүң ооруйт, акылын азаят, өңүң бузулат, намысың, уятың жоголот.

96.Тамеки тартпа: өпкөң өлөт, күч-карууң жоголот, денең сасыйт, тишиң, тырмагың саргаят.

97.Музыка укпа –
делебең козголот, мээң бузулат, көнүлүң караят, дилиң бузулат, акылын азайып,
зээниң төмөндөйт, сезимталдыгың начарлайт.

98.Көп сүйлөбө, маңыз
болосун, көп адашасың, ушакка, жалганчылыкка берилип кетесин, баркын түшөт.

99.Сүйүү менен
алектенбе: эркиң жоголот, күчүң кетет, аброюн төгүлөт, жакырланасың.

100.Көп күлбө: дилиң
караят, кадырың жоголот.

101.Мактанчаак болбо, оор
басырыктуу, жөнөкөй бол. Бар нерсеге каниеттүү бол.

The post НАСААТТАР ТОПТОМУ appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 24, 2015 at 09:41AM
Технологии Blogger.