Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком ыйман. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эгерде сизден мусулмансыңбы десе? Ооба албетте Алхамдуллилах демексиз! А диниң десе Ислам дейсиз! А китебиң десе Куран дейсиз! А бирок Куран китебине кызыгып окуп көрдүңүз бекен? Балким окугандырсыз, балким окуу керек деп ойлоп койгондурсуз,балким ойлоп да койгон жоктурсуз. Андай болсо Кереметтүү Курандын биз үчүн канчалык маанилүү,табылгыс шыфа,жан дүйнөнүн азыгы,жүрөктүн ырахаты,жашоонун тынчтыгы,эки дүйнө бактылуулугуна түбөлүк жол көрсөткөн улуу ыйык китеп экенине күбө болуңуз!

📚Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) Куранды:
«Ал өзүнөн башка эч нерсеге муктаждык
сездирбеген байлык» – деп сүрөттөгөн.
Пайгамбарыбыз (САВ) бул хадисинде
Курандын бардык маалыматтарды з ичине
топтогонун ар түркүн деңгээлдеги адамдарга
таандык болуп бүткүл мүшкүлдүү маселелерди
чечерин кабарлайт..

📚Пайгамбарыбыз (САВ):
«Куран — Алла Тааланын конок дасторкону.
Андан күчүңөрдүн жетишинче алгыла,
пайдалангыла» — деген..

📌Куран деген эмне?
Куран — Жер менен асмандардын Жаратуучусу
болгон Алла тааланын Сөзү..

📘Куран — Алла тааланын жер менен асмандагы
көркөм ысымдарынын руханий казынасын
ачыктаган сырдуу кайып ааламынан кабарларды
билдирген тил.

📘Куран — Ислам дининин жаркырыган күнү
пайдубалы.

📘Куран — адамзаттын материалдык моралдык
бүткүл муктаждыктарын канааттандыраарлык
абалда түшүрг н Алла тааланын берекелүү
кемтиксиз ыйык китеби.

📘Куран — адамдык наркка ылайык анын жүрөк
рух акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Алла
Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы.

📘Куран — шарият өкүмдөрүн Алла Таалага
кулчулуктун кандайча аткарылаарын дуба-
адептерин жана башка даанышман сырларга толгон
маалыматтарды ичине камтыйт.

📘Куран — Алла Таала тарабынан жиберилген
китептердин эң соңкусу жана кыяматка чейин
жоголбой бузулбай турганы.

📘Куран — Алла Таала тарабынан вахий жолу
аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга
түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114
сүрөдөн турат..

📘Куран — сабатсыздарды адашкандарды туура
эмес ишенимдегилерди адамдардын кайдан келип
кайда бараарын билбегендерге туура жолду
киргизүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө
бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн.

📘Куран — адамзаттын Кудай менен жаратылыш
жана андагы жандуу нерселер менен адам
баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт.

📘Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана
руханий муктаждыктарын толуктайт.

📘Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана
социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң
туура жолго жолдойт.

📘Куран — адамдарды караңгылыктан нурга
чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун
ар дайым Куран менен сүннөтөк таянып иш кылсак
эч качан адашпайбыз…

😊Балким эми Куранга болгон кызыгууңуз пайда болгондур ! Оо Куран окуунун канчалык сообу, даражасы,эсепсиз экенин билгениңизде эле акыреттик кампаңызды толтурууга шашмаксыз ! Куран окуу бир тууганым бир жолу болсо да эч качан өкүнбөйсүң!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Кереметтүү Куран сиз үчүн бардык чечимдерге жол ачат! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Мүңкүрөп ойлордун отунан,
Мүрзөлөр жанында отурам.
Чымчыктай чыркырап жан дүйнө,
Чын жайга дубада кол сунам.

Бөлүнгөн көздөрдө не күнөө,
Бөксөмдү ый менен толтурам.
Кимдигин бүт аалам билсе да,
Ким учпайт өмүрдүн зоосунан.

Каршы айтып жүргөндөр чындыкка,
Качалбас кудайдын сотунан.
Кутулар, кутулар деп ойлойм,
Кут чачкан калкына чокудан.

Керемет бакчада кулпунар,
Кесир сөз чыкпаган оозунан.
Бечара мендирмин бир гана,
Баспаган чобурун токуган.

Актыгым аз болуп турса да,
Акыры бул жерге кошулам.
Кайткандан коркпостон жалгандан,
Кабырда сурактан чочунам.

👤Жеңишбек Жумакадыр.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Мүрзөдө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Качандыр бир кездерде бир падышанын караса көз тойбогон өтө сулуу аялы болот. Бирок, кулк-мүнөзү өтө начар эле. Ортолорунда уруш-жаңжал көп болот эле. Акыры чыдабай калган падыша бир күнү ажырашмакчы болот. Аны уккан вазирлери падышага жумшартуу(оюнан кайтуусу) үчүн:
-Жубайыңыз өтө сулуу жан, мындай сулуу аялды эч жерден таппайсыз!- деп мактап башташат.
Падыша үн-сөзсүз тыңшап олтуруп бир кезде:
-Өтүгүм кандай экен, жактыбы?- деп сурайт.
-Өтө сонун!
-Кымбат булгаарыдан жасалган. Падышалыктын эң таанымал өтүкчүсү атайы мен үчүн жасап берген. Ошондуктан меникиндей өтүк эч бир жерден табылбайт.
-Ооба, ооба. Айтканыңыздай экен, өтө сонун өтүк экенин моюнга алабыз. Хмм.. Бирок, биздин сурообузга мунун кандай тиешеси бар?
Падыша мындай деп кыска жооп берген экен:
_-Өтүгүм бутумду кысат…_

📌Демек дүйнө канча кең болбосун,жашооң канча жакшы баары жетиштүү болбосун бирок үй -бүлөнү ыйманы менен нурга бөлөгөн, сени түшүнгөн,сыйлаган ,урматтаган,мээримин төккөн,жашооңдун бир бөлүгү болгон жарың болбосо эки бутуң бир өтүккө тыгылган сыяктуу же болбосо жүрөгү жаралуу, жан дүйөнөсү оорулуу сыяктуудур…

✨Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эң жакшы ырахаты такыба аял!” (Муслим)📚

✔«Аял жакшы – эр жакшы» дейт кыргызда, улуу сөз. «Эрди эр кылган да, жер кылган да аял» – деп айтылат. Мааниси мындай терең макал башка элде айтылбаса керек. Айтылса да мындай күчтүү, салмактуу чыкпаса керек.

✔Аял эч качан өзү бактылуу болбойт. Анын бактысы ак никелүү болуп күйөөгө чыгуу, бала төрөп чоңойтуу. Бийликтен, байлыктан бактылуу болом деген аял катуу адашат.

✔Жакшы аял турмушка чыгып бакыт тартуулоого аракет кылат,жаман аял аны күтөт

✔«Аялдын пири анын никелеп алган күйөөсү»,- дешет. Эгер аял өз өмүрлүк жолдошун пирдей тутуп кадырлабаса, анда андай үй-бүлө бактысыз үй бүлө..

✔«Аялдын жакшысы эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт» деген кеп бар. Ыймандуу, сабырдуу, кайрымдуу болуп туруп эрден чыгып кеткен аялдар сейрек жолугат. Аялдардын көпчүлүгү чыдамсыздыктан, тилинин азабынан, тарбиясыздыктан, түшүнбөстүктөн, өзүмдүн айтканым туура дегендиктен ажырашып кетет. Андайлар өзүн да, өзгөнү да бактылуу кыла албайт.

✔Жакшы жар жайнаган дөөлөт,жаман жар жабышкан мээнет

✔Эрете турган эркектин ырысы артык,эрте турган аялдыр баарысы артык…

✔Эри -катын таттуу болсо чырагы жанар,эрди- катын урушса өмүрдөн көңүл калар..

✔Аял жоомарттык кылганда, эркек намарттык кылганы өлүм..

✔Жакшы аял жаман эрди хан кылат,жаман аял жакшы эрди жок кылат…

👤Нуриза Кармышакова.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Өтүгүм бутумду кысат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Эң жакшы аял деген – жөнөкөй,карапайм,ийкемдүү, сылык,уяттуу, илберинки,элпек,мээрман ак көңүл жакшы саналуу,назик жумшак мүнөз,боорукер,ак пейил,мулайым, сарамжал,тартиптүү иреттүү таза,мээнеткеч, эмгекчил,сырдаш,маектеш,күнөө кылбаган,арам жолго баспаган адамгерчиликтүү,тарбиялуу,түшүнүктүү,сабырдуу, сөз көтөрүмдүү,чарбакер,чынчыл, ишеништүү,баамчыл зирек, жайдары,ачык маанай,маңдайы жарык,кечиримдүү камкор,үнөмчүл,оокатка бүйрө,үйдө ыңгайлуулукту түзүүчү,балдарын жакшы көргөн,тартиптүү бекем,ар нерсеге шүгүр кылуучу,сылык -сыпа үй -бүлөгө камкор,жоош момун жароокер болот “-деп айтсак биринчи эле сиздин оюуңуз эмне келет эле ?
Албетте мындай аялдын өзү жок эгер болсо ойлонбой үйлөнмөкмүн “-деп жооп бермексиз.
Туура сиз ойлогондой бул сыппаттын баары бир аялда болушу мүмкүн эмес,кемчиликсиз адам,тикенексиз роза гүл болбойт.
А сиз өзүңүзгө суроо берип көрдүңүзбү? “Мен ушундай аялым болуш үчүн ага татыктуумунбу “-деп. Анткени жигиттердин көпчлүгү эмне деп коёт: “Апасы өппөгөн кызга” – үйлөнөм,таптаза ыймандуу депчи.
А өзүңө карап көрдүңбү бул жашоонун да таразасы бар, ким кандай болсо өзүнө жараша насибин алат.

📌 А эгер сен үзүлбөгөн, тепселбеген гүлдү алгың келсе, атасынын короосунда көгөргөн, үзүлбөгөн,эч соолубаган гүлдүн ээси болом десең,биринчи өзүң атасынын короосунда ыйманга суугарылган дыйкан болушуң керек.
Ошон үчүн кадамды өзүңдөн башта.Аллах Таалам эркек аялды бири -бири үчүн кийими сыяктуу жараткан соң өмүрүңдүн түбөлүк бакыт эшиктерин ачуу үчүн өзүң бейиштин кулпу болгун,жакшы аял аны ачкан ачкыч болсун. Анткени башка жакшы амалдар бейишке ачыкыч болгон сыяктуу жакшы аял да бейишке ачкыч,жолдонмо (билет) түбөлүк бактылуулуктун очогун өчүрбөгөн нур,үй-бүлөгө береке,кут алып келип Жараткандын мээримине бөлөнтөт!

Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза,
жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби
такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң
артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши
мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу,
бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга,
ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан
салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү
аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот..

📜Риваятта келгендей, азирети Муса алайхис саламдын
коому болгон бани Исраилден бир киши: “Жүз киши менен
кеңешмейинче үйлөнбөймүн”, деп убада кылат. Токсон
тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда
учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын”,
дейт.
Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты
ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен
жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген
убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп,ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына
колун жаңсап:
“Жаныма жакындаба, атым тебет”, деп
кетүүгө ашыгат.
Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин
кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, дейт.
Дубана бир аз
ойлонуп туруп:
“Билгин, аялдар үч түрдүү болот:
биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа,
үчүнчүсү болсо же сенин пайдаңа же зыяныңа”, дейт да
атынын башын буруп кете баштайт.
Ал дубананы
токтотуп:
“Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, дейт.
Дубана ага мындай жооп кайтарат:

✔“Биринчи түрү
дегеним, бул бакира (жубан эмес) кыз. Себеби никеден соң
анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана
байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана
жакындык кылбаган.

✔Экинчи тайпа дегеним, балалуу
жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы
күйөөсү үчүн көз жашын төгөт.

✔Үчүнчүсү, пайдаңа же
зыяныңа дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти
болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн
жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак
болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”.
Дубананын жообунан айран-таң калган ал киши
минтип сураптыр:
“Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең),
бирок эмне үчүн кылгандарың дубанапейил?”.
Дубана
минтип жооп берет:
“Эй бурадар! Мени ары
жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор
болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул
оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү
дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.
..

👳Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу
келинчеги өзүнөн төрт нерседе:
жашта, турпатта,
байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң…

Ал
эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы алар:
чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта…

✔Демек сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз бактылуу үй-бүлө куруу үчүн аялбы,эркекби жар тандоодон жаңылбаш үчүн, өзүң да тандоодогу инсан болууң керек. …

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Жакшы аял бейиштин ачкычы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🔹Зулкарнайын аскери менен жолдо келе жатып: ”Буттарыңарга илинген нерселерди жыйнай жүргүлө “-деп буйрук берет.
Аскерлери бул буйрукту уккан кезде ичтеринен бир бөлүгү :” Көп жүрдүк, катуу чарчадык. Түн ичиндебиз, ага кошо бутубузган тийген нерселерди жыйнап, дагы кыйналабызбы? Эч нерсе жыйнабайбыз”-деген чечимге келип, эч нерсе жыйнашпайт.
Экинчи бөлүгү :”Кол башчыбыз буйруган экен, амирине багынайлы, аз гана болсо да жыйнайлы. Анткени, кол башчыбызга моюн сунушубуз керек”-деп, аз гана жыйнашат.
Үчүнчү топ болсо : “Кол башчыбыз эч нерсени жөндөн-жөн буйрубайт. Милдеттүү түрдө (бир нерсени билип айтса керек) , буйругун аткарабыз”-деп каптарынын баарын толтурушат.
Таң аткан кезде бардык аскерлер түндөсү ‘алтын талаасынан’ өткөндөрүн түшүнүшөт.
Буттарына тийген нерселердин баары алтын экенин эч ким билген эмес экен. Ошондо, амирди укпай, эч нерсе албаган биринчи топ:” Кап! Неге албадык! Кол башчыбыздын сөзүн неге укпадык?! Эч болбогондо бирөөсүн алганыбызда эле?!” – деп өкүнүп калышты.
Экинчи топ өздөрүн сөгө башташты:”Кап! Бир аз дагы алышыбыз керек эле. Каптарыбызды, чөнтөктөрүбүздү оозуна чейин толтуруп алышыбыз керек эле…
Үчүнчү топ да өкүнүп :”Керексиз, пайдасыз нерселерибизди таштаганда, мындан да көп кылып жыйнайт элек”-дешти.

🌿Мына, ушул окуя сыяктуу Акыретте да бардык адамдар өкүнүшөт. Капыр болгон адам: “Эмнеге ыйман келтирбедим?! Ишенгенимде эч болбосо Тозокко түшсөм да, ыйманымдын аркасы менен соңунда баары бир Бейишке кирет элем. Түбөлүк Тозоктон кутулат элем?!! “-дешет.
Мусулман болгону менен сообу аз болгон адам: “Мындан да көп соопту иштерди жасашым керек эле. Мындан да көп нээматка калаар элем”-дешет.
Мусулман болуп, сообу көп болгон киши болсо:” Кап! Мындан да бийик даражаларга көтөрө турган ибаадат жасашым керек эле, көбүрөөк садака берип, көбүрөөк орозо тутуп, көбүрөөк сооп жыйнай турган амалдарды кылышым керек эле “-деп өкүнөт.
📖Аллах Таала Куранда:

“Бир дагы жан эртең эмне болоорун жана кайсы жерде өлөрүн билбейт. Чындыгында, Аллах – Билүүчү, Кабардар! “. (Лукман:34)

📖Жана Аллах Таала:

“Бардык жандар өлүм даамын (сөзсүз) татышат жана Кыямат Күнү ар бириңерге сыйлыгыңар толугу менен берилет. (Ошондо) ким Тозок отунан куткарылып, Бейишке киргизилген болсо, мына ошолор (чоң) ийгиликке жетет. Дүйнө жашоосу – (убактылуу) пайдаларга азгырылуудан башка эч нерсе эмес!”. (Али Имран:185)

🏻Чындыгында, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Адамдар айланасына көз чаптырсынчы! Кечээ эле ата-энесинен же дагы бир тууганынан же кошунасынан ажырап, аны өз көзү менен көрбөдү беле?! Өзү ошол адамдын жаназасына турбады беле?! Адамдарга өлүм жөнүндө эскертип айтсаң: “Жөн олтурчу! Каяктагы жамандыкты сүйлөбөй!”- дешет. Өлүм – жамандык эмес! Өлүм – чындык менен жалганды ажыратуучу нерсе! Жашоо – таттуу! Ошол үчүн адамдар жашоону жакшы көрүшөт. А өлүм – ачуу (нерсе;чындык)! Ошондуктан адамдар коркушат! Эртең берчү сурагынан эмес же эми жакшы иштерди кылып, сооп ала албай калуудар эмес, балким, бул жашоодо аз жашап, дүйнө – мүлктөрүнөн ажыроодон коркот!
❗Эй, тууганым! Айланаңды карачы! Өсүмдүктөр соолуп, жок болуп жатат! Жаныбарлар да өлүп жатат! Адамдар да өлүп жатат! Бул нерсени сен жөнөкөй гана сезимдер менен кабыл алба! Эртеңки Аллах алдында жооп берүүчү күнүңдү ойло! Аллах Таала сага берген жарык күндү, сага берген 24саат убакытты эмнеге короттуң деген суроосуна жооп бере аламбы деген коркуу сезимдери менен кабыл алып, акыретиңе азык топто! Сен кайсыл жерде, канча жашыңда өлөрүңдү билбейсиң! Кайсыл бир күнү өлүм келген кезде ал мүнөттөрдү артка кайтара албайсың!
📖 Бул жөнүндө Аллах Таала:

“Ал эми алардын мөөнөтү келгенде (б.а. ажалы жеткенде), алар (өз) ажалдарын бир саатка кечиктире да, илгерилете да алышпайт”. (Нахл:61)

🔹Өлүм – ар бир тирүү жанга эскертүү! Кандай эскертүү? Сен дагы бир күн бул дүйнөдөн өтөсүң. Сен да Аллахка кайтып баруучусуң. Өлүмдү эстөө – жамандык эмес! Кайра ал сен үчүн жакшылык! Кандай жакшылык бар өлүмдө? Ал сага сенин өлүмүңдү эскертип турат. Күнөө иштериңден тыйып, соопту амалдарды жасап калууңа жардам берет! Бул тууралуу бир икая айтайын:

📜Дауд (а.с.) пайгамбар аябай күчтүү жана кызганчаак болгон. Ал өз үйүндө жоочун бирөөнү көрүп калса, аябай ачууланчу. Жана анын үйүнө өзү каалаган адамдардан башка эч ким кире алчу эмес. Бир күнү сырттан келсе короосунда бирөөнү көрөт. Аябай ачууланып: “Эй, сен кимсиң? Менин короомо кимден уруксат сурап кирдиң? “-деп сурайт. Жанагы киши: “Биз эч кимден уруксат сурабай келебиз “-деп жооп берет. Дауд (а.с) пайгамбар бул киши Азреил(өлүм периштеси) (а.с.) экенин билет да: “Менин өлүм даамын тата турган күнүм келдиби? “-деп сурайт. Азреил (а.с.): “Ооба “-деп жооп берет. Ошондо Дауд (а.с.) пайгамбар: “Эмнеге мага алдын эскертүү берилген жок? “-дейт. Азреил (а.с.):
-Биз сага эскертүү бердик..
-Кантип? Мага эч кандай эскертүү берилбеди го?
-Сенин баланча акең кайда?-деп сурайт Азреил (а.с)
-Ал өлгөн..
-Сенин баланча эжең кайда?
-Ал да өлгөн…
-Сенин баланча кошунаң кайда?
-Ал да өлгөн..
-Мына ошолор сага эскертүү болчу -деп жооп берип, анын жанын алды…

🍃Мынакей, тууганым. Бизге ар бир нерсе өзүнчө эскертүү, сабак, үлгү! Биз өзүбүзчө келечекке чоң -чоң максаттарды коюп, үмүт кылабыз ээ? Бирок, ошол эле учурда өлүмдү да унутпоо керек.
✨ Пайгамбарыбыз (с.а.у.) тамак ичип жатканда да: “Ушул нерсе ашказаныма жетээр бекен же ага жетпей жан таслим болоор бекем? “-деп, же басып бара жатканда да: “Бул менин акыркы кадамдарым эмес бекен? “-деп ар мүнөт сайын өлүмдү эстеп тураар эле.
Кокустан кырсык болуп, өлүм келип калуусу мүмкүн. Эч ким эртең эмне болушун билбейт жана кепилдик да бере албайт!

📜Анастын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат:
“(Бир жолу Аллахтын Элчиси (с.а.у.) сызыктарды сызды да, мынтир айтты: “Бул адамдын үмүтү, а бул болсо анын ажалы, ал мына ушундай (чоң үмүттүү) абалда турган кезинде ага күтүүсүздөн мобул жакын турган (кырсык) сызык келип кошулат!”. (ал -Бухари)

√Бул хадисте айтылгандай Аллахтын Элчиси (с.а.у.) чийген сызыктарындагы турмуштук оош-кыйыштарды көрсөткөн жана өмүр сызыгына каптал тараптан келип кошулган (кырсык) сызыгы тууралуу айтылууда. Т.а. бул жерде адам өмүрүнүн эң акыркы окуясы болуп кала турган сызык жөнүндө айтылууда…

•Ар дайым өлүмдү эстеп, акыретине даярданган адам акылдуу адам. Анткени, ал түбөлүктүү жашоосуна кам көрүп, даярданат.
📜Өлүмдү эстеп туруу жөнүндө Пайгамбарыбыз (с.а.у.):

“Ырахаттарды кесип салуучу (өлүм) тууралуу көбүрөөк эстегиле!” (Бул хадисти ат -Тирмизи келтирип: “Жакшы хадис “деп атаган)

🏻Ошондуктан, ар дайым өлүмдү эстеп турууну унутпаңыз! Өсүмдүктүн соолушун карап, өзүңүздүн өлүмүңүздү эстеңиз, идиштин сынганыр көрүп, өлүмдү эстеңиз, жаныбарлардын өлгөнүн көрүп, өлүмдү эстеңиз, адамдардын жаназасына туруп жатканда, өлүм тууралуу көп ойлонуңуз. Кабырстанга барганда өлүмдү көп эстеңиз. Бул эскертүү болот. А эскертүү өтө жакшы нерсе!
Ойлобоңуз карыганда гана өлөм деп. “Намаз окуйсуңбу?”- десе, “Ниет кылып жатам.. буйруса пенсияга чыкканда “-дешет. Ким кепил болот эртеңки эмес 5мүнөттөн кийин эмне болушуна? Кабырстанга барыңызчы?! Бир жашында, үч айлыгында, 14; 20; 25; 40; 43; 50 жаштарында көз жумгандарды көрөсүз. Булар жаш эле го?! Өлүм аларды жаш экенине карабай жандарын алды! Бул нерселер сиз үчүн эскертүү болсун! Билиңиз, ар бир жан ээси өлүм даамын татуучу! Кайсыл күнү болсо
ошондо …!

👤Нуриза Кармышакова.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Өлүм сенин жаштыгыңа карабайт впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.