Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком ата. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Алло, бул ким, ким керек сага? – деп кыйкырып жатты Ашым телефонго.

– Мен адептүү балдарга белек берүү үчүн чалып жатам, бул үйдө адептүү бала бар деп айтышты эле, – деген сылык үн угулду трубкадан. Ашым бир азга унчукпай турду да:

– Биздин үйдө бир эле бала бар, – деди акырын.

– Кичипейилдикке ошол ба-ланы чакырып коё аласыңбы?

– Ал менмин, менден башка эч ким жок.

– А анда мен номерден адашып калган окшойм, кечирим сурайм, – телефондун дыңылдаган үнүн тыңшап Ашым унчукпай ойго батты. Эмне үчүн бул адам мени адептүү эмес деп ойлоп калды. Же мен телефондон туура эмес сүйлөп койдумбу?

Атасы жумуштан келер за-мат, Ашым суроо узатты:

– Ата, адептүү бала кандай болуусу керек?

– Адептин түрү көп балам, – деп сөзүн баштады атасы, – улууну урматтоо, кичүүлөргө жакшы мамиле кылуу, мектепте тартип-түү болуу, ата-энени тилин угуу мына ушулардын баары адепке кирет. Анан телефон менен сүйлөшүүнүн да өзүнчө адеби бар. Маселен сен бүгүн телефон адебин сактабагандыгың үчүн, татынакай белектен куру калдың. Негизи адеп деген үйдөн башталат.Ашым таңдана сурады:

– А сиз аны кайдан билип алдыңыз?

– Улуулар көптү билет, уулум, андан көрө мындан ары дайыма адептүү болууга аракет кылсаң, мындай белектердин көбүн аласың, негизгиси улуулардын алкыш-батасына татыйсың, – деди атасы күлүмсүрөп.

– Ооба, мындан ары мен эң адептүү бала боломун деди,

– Ашым да жайдары күлүмсүрөп.

Запись АДЕП КАЙДАН БАШТАЛАТ? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

💁🏻‍♂Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурун китепканада гезит окуп отуруп, өз келесоолугумду байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жан дүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көргөнүмдө, катуу урушуп тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, канып кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып жатканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызааланып, жан дүйнөңдүн куурулуп жаткандыгын уруп ойногон жокмун. Мен жумушка шашылып бара жатканымда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мени карап: “Жакшы барыңыз, атаке!”- деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жараган жокмун…

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. Үйгө келе жатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. “Эмне болду, токтогун?!”- деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. Өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебим жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?… Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүм эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп жатканымды эми байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талаптары таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң буга далил. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок эртеңден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө убада бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгаарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда…

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

*_☝🏻Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет жасайлы. Алардын каалоолоруна конок берели. Өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. “Билүү- бул кечирүү”. Доктор Жоннсон: “Жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын” баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эмт балдарды ыксыз жекирүү- адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – үлгүлүү ата экендигин унутпасак!… {Дейл Карнеги}_*

*_☝🏻Балаңды мыкты тарбиялуу кылгың келсе- бактылуу кыл. {Оскар Уайльд}_*

*_☝🏻Бала- жердин жандуу гүлдөрү. {Максим Горький}_*

*_☝🏻Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы- анын жакшы тарбиясы. {Хадис}_*

🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись Атанын ыймандай сыры.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эми гана күчкө толуп, 19 жашка чыккан жигитти “уурулук кылды” деп куру доомат менен камап коюшту. Баамчыл жана куу болгондуктан ал жигитти эл ичинде “түлкү” дешчү. Анын атасы карыган абышка эле. Жыл сайын огородуна картошка айдап күн көрчү. Ал уулу камалган жылы да картошка айдоо үчүн жерин жумшартканы огородуна кирип, карылыктын айынан иштей албады. Ошентип уулуна кат жазды. “Сүйүктүү уулум. Менин жанымда болуп жерди жумшартууга жардам берүүңдү аябай каалар элем… Мага жардам берчү эч ким жок.” -деп кат жиберет. Арадан көп өтпөй уулунан жооп келет. “Кымбаттуу атакем. Мен огородко өтө маанилүү нерсе көөмп койгом. Сураныч жерди казбай эле коюңуз. Өзүм түрмөдөн чыкканда аны өзүм сизге таап берем”-дейт. Аксакал катты окуп бүтө элек, укук коргоо кызматкерлери келип, жерди тинтип, каза башташты. Жердин баарын бир сөөм калтырбай казып салышты. Бирок эч нерсе тапкан жок. Эртеси уулунан кат келди. “Атаке, жерди жумшартып бериштиби? Дагы кызмат керек болсо айта бериңиз. Колдон келишинче аткарабыз.”

Которгон: Ж. Шамшиев

Запись Акылдуу уул впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…
Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…
Анын жообу мындай болду:
Ата – бул, сен кичинекейиңде…
Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…
Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…
Анын костюмун кийип, өзүңдүү олуттуу, сүрдүү сезесиң…
Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…
Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…
Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…
Ата – бул, сен чоңойгондо…
Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…
Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…
Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…
Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…
Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…
Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң, анткени сенин боюң эми андан узун…
Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө, ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…
Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…
Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…
Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…
Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…
Ата деген мына ушундай…

Запись Ата деген ким? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаным кызым, убакыт учкан куш сымал тез өтөт тура. Кечээ эле секелек кыз элең, бүгүн минтип бойго жетип, жыйырма бир жаштын тузун татып отурасың. Бул сенин жашооондо өз бактыңды аныктай турган куракка келгениңди билдирет. Эми, жашооңдун жаңы баскычына кадам шилтеп, өзүнчө түтүн булатасың. Андыктан айлана чөйрөңө абал салып, ар нерсеге аяр мамиледе бол. Эгер эч ким көрүп билбейт деп чекилик кылсаң, анда өзүңдү да, өзгөнү да бактылуу кыла албайсын.

Көп жигиттер менен таанышып, ойноп кулуу силердин дооруңарда балким кызыктуудур, бирок, маани бербей жаштык мастык менен аша чаап кетсең бат эле сыймыгыңдан да, абийириңден да айрыласың.
Башкалардын жашоосунан сабак алуу, башкалардын кетирген кемчиликтерин кайталабоого тырышуу адамдын бакытка карай багыт алышына оболго түзөт.
Жаштык курактын эң жаман жагы – жаркын келечекке, бактылуулукка алып баруучу жолду аңдабай, акыйкатты көрө албай өтктндүктө.

Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар жаш кезиндеги жаңылыштыгынын азбын өмүр бою тартышат.
Кызым, сенин бактылуу болушунңду абдан каалаймын.
Сага айтайын дегеним -өмүрлүк жолдошуңду тандоодо жанылыштык кетире көрбө.
«Маңдайыңа жазылганын көрөсүн», бирок, ага сенин себепкер болоруңду унутпа. Тандаган кишиңдин мал-мүлкүнө, байлыгына, мансап даражасына көнүл бурба. Бул маселеде көңүл бурушуң керек болгон айрым жагдайларга кыскача токтолуп кетейин.

Эн оболу сүйгөн кишиңдин жан дүйнөсү таза болгонуна көңүл бур. Жан дүйнөсү таза же таза эместиги анын журум турумунан, сүйлөгөн сөздөрүнөн, башкалар менен болгон мамилесинен дароо байкалат.
Анын адамдык даражасын сага жасаган жылуу мамилесинен эмес, башкаларга жасаган мамилесинен байка…

Билим деңгээлине, ыйман-ариетине маани бербесең, анда аны менен кошо карагылыктын торуна тз ыктыярың менен чалынган болосуң.

Көңүл бур кызым, кудайдан коркпогон киши ар кандай зоокурлукко барат. Өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдан алып айта турган болсом, өмүрлүк жолдошуң экөөңөрдүн ортоңордо таза сүйүү байлык, бийлик, жан кумары үчүн эмес, бир гана жараткандын ыраазычылыгы үчүн болуусу өтө маанилүү. Мына ошондо гана бул дүйнөнүн утурумдук жыргалчылыгана эмес, бейиштеги жашоону да эске алып жашайсынар. Ошондой эле, эктөңөрдүн тең максатыңар жараткандын ыраазычылыгына жетүү болуусу зарыл.
Милдетиңди так аткарууң үчүн мурунку жаман көндүмдөрүңдүн жана секелектик кыялдарыңдан баш тартуун керектигин унутпа. Эгер буга күчйң жетпесе турмушка чыгууга шашылба. Анткени, өмүрлүк жарыңды бактысыз кылууга акың жок, кызым, оболу сага айтаарым өмүрлүк жолдошуңа карай көйкөлүп басканыңда кийген ак көйнөгүң сыяктуу, жан дүйнөң да дагы апапак, таптаза болушу керек. Турмушка чыккандан кийин алдыңда жапжаңы, таптакыр башкача жашоонун башталганын көрөсүң. Мунун ары кызыктуу, ары сырдуу жактары да бар. Турмушка чыкканыңды эч унутпашың керек болгон маанилүү жагдайлардын бири бул өмүрлүк жолдошуңа болгон жакындыгың, кызым. Ал сенин, сен анын жашоосундагы эң жакынысың. Кайгырса кайгысына, кубанса кубанычына сен ортоктош болушуң керек. Аны менен сыймыктанганыңды дайыма белгилей жйр. Аны сүйөөрүңдү ачык айтып, ага болгон сүйүүңдй жылуу мамаиле менен билдирип жүр. Анткени, үй- бүлөөдөгү бакыт жашоо дал ушуга байланыштуу. Жолдошуң кечинде жумуштан чарчап келгенде жылмайып тосуп ал. Ал сени көргөндө чарчаганын унутуп эс ала түшсүн. Кээде өзүнчө ачууланышы мүмкүн, бул адамдын табиятындагы көрүнүш. Балким, ошол күнү күнүмдүк маселелер аны сага капалуу көрсөтүп жаткандыр. Сенин эң чоң милдетиң үйүңдүн босогосунан башталат, кызым. Жолдошуңдун ошол күндү кантип өтктргөндүгүн сага айтып жеңилдеп алышына мүмкүнчүлүк түз. Сенин мындай мамилен аны кубанычка бөлөйт. Сүйүлгөнүн сезген эркек өмүрлүк жарың дагы сөзсүз сүйөт, а түгүл, сүйүүсү баштагыдан да артат.
Өмүрлүк жолдошуңдун анча мынча кемчилдиктерине көз жумууда шалаакылык кылба кызым. Кемчилдиксиз пенде болбойт. Кечиримдүү бол. Маани берүүчү жагдайлардын дагы бири сен маанилүү деп эсептебеген майда барат нерселер өмүрлүк жарың үчүн өтө маанилүү болушу мүмкүн, мына ошол маани берилбеген нерселер убакыттын өтүшү менен жашоондо чоң окуялардын болушун шартташы ыктымал. Мындан улам, ар нерсеге өз убагында маани берип жолдошуңдун түшүнүгүнө, ойлоруна жараша мамиле кылуун зарыл.
Унутпа, эркектердин сезими бат өзгөрөт. Аял заты катарында сен ага чыдай албайм деп ойлошуң мүмкүн. А түгүл, бул оюң сенин жолдошуңа каршы чыгууңа да түрткү бериши ыктымал. Бирок, турмуш куруу акыр аягы билинбеген бир кайрымдуулук, жоомарттык кылуу дегенди билдирерин эсинден чыгарба, кызым.
Сен канчалык сабырдуу болуп, марттык кылсаң өмүрлүк жарың дагы сага берешендик кылууга аргасыз болот жана мына ушундайча үй- бүлөңөрдүн ынтымак ырашкерлиги артып, пайдубалы бекемделет.
Азыр эскертүүлөрймдүн эң маанилүүсүнө келдим.Бал саптарды бир канча жолу окуп, айтайын дегендеримди түшүнгөнгө аракет кыл, кызым!

Азырынча жашсың тажрыйбаң аз. Мындан улам кээ бир сөздөрүмдүн төркүнүн түшүнбөй калышың мүмкүн. Катымды айрып, керексиз буюмдай ыргытып сала көрбө, тескерисинче, качан болсун тапкыдай жерге сары майдай сактап жүр. Качандыр бир тунгуюкка кептелип, жол таба албай карайлап калганыңды ачып окуп, туура жолду тандап аларсын…

Эркектер жалпысынан назданган чырайы менен башкаларды өзүнө арбап алган аялзатын жактырышат. Аларга суктанышканын эркекетер түрдүүчө билдиришет. Бул эч качан сенин жарым жылаңач кийинип жүрүүго алып барбасын!
Женил ойлуукка алдырсаң, эң чоң жаңылыштыгың ушул болот. Анткени, эч бир эркек жубайына башкалардын көз карашын каалабайт жана буга чыдай албайт. Сен жолдошуңдун каалоосуна баш ий, айлана чөйрөңдүн, ушакчылардын курмандыгы болбо!

Өмүрлүк жолдошуң үчүн бардык шарт жагдайды түзө бил, аны ыраазы кылуунун жолдорун изде. Жолдошуң издегени менен самаганын өзүнйн үй- бүлөөсүнөн тапсын, көңүлү башкаларга бөлүнөт, көзү сыртта калбасын. Жан кызым, сага сөзүмдүн акырында төмөнкүлөрдү айткым келди.
Жашоодо эмнени эксең, ошонун түшүмүн гана жыйнайсың. Кыскасы бактылуу болгуң келсе алгач өмүрлүк жарыңды бактылуу кылышың керек.
Жолуң шыдыр, келечегиң кең болсун кызым….

Кудай сени бул жалганда адаштырбасын!!!

Булак

Запись Абийирдүү атанын кызына жазган каты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мурат сарай ичинде, гүлзарда сейилеп жүргөн атасын көрүп, жанына чуркайт. Ал -ахыбал сурашкан соң мындай дейт:

-Журтатасы атакем! Өзүңүз теңдүү курбалдаштарыңызга салыштырмалуу үстүңүздөгү опол тоодой оор жүккө, аламан түйшүккө моюн бербей дагы деле болсо жаш көрүнөсүз. Жашыңыз башкалардыңындай эле биртопко барып калганы менен белиңиздин бекчейбегенинде бир сыр болсо керек. Ар түрдүү кыйынчылык жана оор күндөгө карабай, жаштардай акылыңыз тунук, ой-пириңиз дагы эле жүйөлүү, дене турпатыңыз каармандардай салмактуу. Бир карасам уруш майданында албууттанган колбашысыз, бир карасам илим жыйындарында салабаттуу устатсыз, бир карасам эл-журтка бериле кызмат кылып, сезимтал дервиштейсиз!... Сизде күн-түн деген нерсе жок. Баары окшоштой. Түмөн түйшүк жондон басып турса да жаш көчөттөй ийилбей, жандүйнөңүз жабыркабай кантип чыдап жүрөсүз? Мунун сырын айтыңызчы? Акыл-эстин тынымсыз чабытташы адампендени жабыркатат, мүдүрүлтөт. А сизде эч кандай өзгөрүү жок, салабаттуу турпатыңыз дале чыйрак! Акыл эсти таңдандырган өзгөчө мүңөзгө жетүү үчүн, кемибес кеменгерлик, чаалыкпас акылмандык үчүн кандай даары колдондуңуз? Уулуңузга ушуларды айта аласызбы? Мен сиздин жолуңуздан жүргүм келет!

Мурат хан жеткинчек жаштагы уулунун суроолоруна бир чети таң калса, бир чети ичинен ыраазы болуп береги тарыхты насааттады:

-Алдыңа кетейин каралдым! Сен мени абдан кубанттың! Аалам атпай жана жаамы макулук ибадат кылган Кудай Таалам сага багыштаган артыкчылыктарын дагы да арбытсын. Ушундай кенен, ушундай татаал маселелерге болгон кызыгууңду арттырсын.

Өмүрүн туура жолдо өткөрүп, одүйнөгө кеткен жандар акырет ааламынын кыялга сыйбас нематтарына ээлик кыларына бекем ишенем. Бул ишенимде эч кандай шегим жок. Ошо себептен Жаратканга ибадат кылганда, чын дилден берилип орундатам. Сен айткандай бул оопасыз машакат дүйнөдөдө тарткан азаптын акыбетин Алла Таалам акыретте эселеп берерин бөркүмдөй көрөм. Кандай гана шарттарда болбосун Ага жалбарып мунажат кылып келем. Асыресе Анын маңдайыма жазган тагдырын чоң сыноо деп билем.

Уулум! Бардык сөзгө ишене бербе, Ар башкача болуп жараян этилген окуялардын ички мазмунун, акыйкат өзөгүн үйрөнүүгө болгон кайратыңдан жазба!

Бышып жетилген мөмө жемишти баары жакшы көргөнү сыңары, көптү көргөн, тажрыйбалуу-билимдүү даанышмандарды ар убак эл өзү тандап алат. Таттуулугу ченде жок жүзүм турганда, быша элек кычкыл мөмөнү жеш акыл тайкылыгынын белгиси.

Кээ-кээде ата-бабаларымдын адамдык сапатын, мүнөзүн, баскан жолун талдадым. Бизден кийинки урпактын басар жолу, ойлор ойу, тутунар көрөңгөсү тууралуу көп ойлондум.Ушу кезге чейин сөзгө алынып, сүйүлүп, урмат көрүп, алкыш алып келдик. Буга шүгүр деш керек. Мына ушул жакшылыктын түбөлүккө уланышын арзуу кылып келем.

Бир нерсенин уланып кетишин басым, буйрук, күч, кылыч, зомбулук менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Акыл, чара көрүү, сабырдуулук, арканды узун таштоо жана албетте тажрыйба зор мааниге ээ. Биринчи айтканым ар убак үчүн өтүмдүү эмес, кесепети көп. Экинчи жолдун жалгыз өзү ишке анчейин жарабайт. Улуу ийгиликтер үчүн экөөн айкалыштыра ишке салуу керек! Ардактуу бабаларыбыздын албан жеңиштеринин сырткы көрүнүшүнөн кылыч көрүнгөнү менен аныгында акыл-парасат жана сүйүү күчү менен жүзөгө ашканын эсиңден чыгарба.

Каралдым! Адилеттикти эгерим колдон чыгарба. Анткени Алла адил, адилеттүү кулдарын сүйөт. Мындай караганда сен Анын жер бетиндеги өкүлүсүң. Ал сага көптөгөн жакшылыктарды жаадырган, мына эми сени мусулман журтчулугунун башына келтиргени турат!..

Уулум! Бул дүйнөдө үч түр адам бар:

Биринчи тайпа: акыл-эси жайында, эркиндиктин даамын таткан жана ой жүгүрткөн, адаттан тыш өзгөчөлүгү жок пенделер.

Экинчи тайпа: Эч нерседен кабары жок, буйрук, эскертүү, насаат деген нерселерге кулак төшөп коюшпайт. Өз жыргалын гана ойлошот. Бүт нерсени билгендей кыйын боло беришет. Булар өтө кооптуу топ.

Үчүнчү тайпа: Кайсы жол туура, кайсы жол терс экенине кызыкпаган жандар булар. Бирок бул абалга алар өз каалоосу менен эмес, чөйрөдөгүлөрдүн таасири менен түшүп калышкан. Айтылган насаатты кабылдашат, сөз угушат, туура жолду тандашат. Булар эң кооптуу топ деп эсептелинет.

Айланайын уулум! Улуу Жараткан эгер сени алгачкы тайпанын адамы кылып жараткан болсо, сүйүнүчүм да, алкышым да чексиз. Эгер экинчи тайпанын адамы кылып жараткан болсо, айтылган акыл-насаатты кунт коюп угууну, эскертүүлөрү жадыңа бек түйүүнү кеңеш кылам. Бирок үчүнчү тайпанын адамы боло көрбө! Алар Аллага да, адамдарга жа жага беришпейт.

Падышалар колуна тараза кармаган адамга окшош. Бирок колундагы таразаны туура кармаган жан - анык падыша. Мына ошондо гана Кудуреттүү Алла Таала сага жакшылыгын жаадырат. Сени салих момундардын тайпасына кошот. Бүт нерсе Ага таандык, бүт нерсени Ал гана билет... »

Мынакей, ата-баланын акактай тунук акылы жана аруу парасаты...

«Бактылуулук формуласы »

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет кылалы. Алардын каалоолоруна конок берели. өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. «Билүү – бул кечирүү». Доктор Жоннсон «жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын» баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эми балдарды ыксыз жекирүү – адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – өрнөктүү ата экендигин унутпасак!.. (Дейл Карнеги)

Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурда китепканада гезит окуп отуруп, өз айбандыгымды байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жандүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көрг өнүмдө, катуу жекирип тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, каным кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып атканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызаланып, жандүйнөңдүн куурулуп аткандыгын уруп ойнободум. Мен шашылып жумушка баратканда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мага карап: «Жакшы барыңыз, атаке!» – деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жарабадым.

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. үйгө келатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. «Эмне болду, токтогун?!» – деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебиң жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?.. Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүмдөн эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп атканымды эми гана байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талабы таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң мунун далили. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок, эртең ден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө сөз бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда.

Сейитбек Идирисов


January 06, 2016 at 10:33AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул кат сага жетет, билем, анткени гезит барат үйүңө.  Бирок ичимди өрттөгөн эскерүүлөрдөн жазсам гана арылчудай сезип жатам. Сен мындай сезимдерди деле түшүнбөйт болушуң керек деп ойлойм.

…Ошол күнү атамды ээрчитип айылга жөнөдүм. Алгач оолугуп үйгө кетем деп жаткан атам айылга жакындаганда негедир тынчсызданып, башкача боло баштады. Үйгө жетип кирсек, сен эптеп учурашып, термосдо муздап калган чайды коюп, анан кошунаныкында той болуп жатканын, барбасаң болбостугун айттың. Бара бер, атамды өзүм карайм деп, кайра өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Атам сени жал-жал карап үнү чыкпайт. Эки ай шаарда жүрүп үйүн сагынган эмес беле деп ичимден ойлоном. Сен той болчу үйгө чыгып баратып кызынды жуун деп суу берип, отургузуп кеттиң. Чоң эле кыз отургандан баштап ыйлады, сооротсом эч басылбайт. Атам кошулуп аны сооротуп, жуунтуп үйгө алып кирдик. 5 бала төрөп, өзүңчө кериле басып, үйгө кожоюн болуп, атамды батырбай, сүйлөнүп, кагынып-силкинериңди кошуналардан ошондо уктум.

Бир күнү баласын чыбык менен сабап кубалап урду. Атаң артынан ээрчип, урба деп жалдырап жүрөт. Ого бетер күч алып, бир топко ызы-чуу, болду деди кошуна эне. Атам кан басымы көтөрүлүп такай дары иччү. Сен аны жакшы билет элең. Билип туруп, күндө уруш баштачу экенсиң. Иним бир нерсе десе, атамды жамандап, жек көрсөтүп да коюпсуң. Дагы каякка жөнөдүңүз, отуруң үйдө деп кыйкырчу деди кийин атам. Күнүгө ызы-чуу балдарын башкарган болуп сабап, атаң кошуналарга чыгып кутулат дешти. Иним бечара Бишкекке каттап, күн-түн жолдо жүрөт. Чарчап келет да кайра кетет. Атамдын абалын көрбөйт да, түшүнбөйт да эле. Анан атам отуруп-отуруп, ооруп калып, ар кимдикине кетип калат тура. Атам сага эмес, балдарыңа үнүн көтөрүп сүйлөдү беле бир жолу, эми чыныңды айтчы? Алдынан тоок өтсө, күтүп туруп анан өтчү, койдон жоош момун киши эмес беле, же жалганбы? Бул сөздөрдү ичимден айтып, сени менен сүйлөшө берем. Түндө да түшүмдө сага айтып, ыйлап жатыптырмын. Өпкөм толуп ойгондум. Атамды эстеп сагынып, бук болуп жатам азыр.

   …Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеп, намаз окуган адам апам өткөн соң, жетимсирей түштү. Өз үйүндө чоочун болуп жашап, жатсырап, сенден жалтактап турчу. Канча жолу аны байкасак да, сени актап, балдар менен жүдөп жатат да деп түшүнүп келдик. Бирок атам жылуу сөздөн башка эмне талап кылды эле? Тынымсыз тамак тандап кыйнадыбы? Бир тамак кылып, аны 3-4 күн ысытып бергениңди да уктук.

Ошо той болгон күнү келбедиң. Мен атамды карап, балдарыңа кошо тамак берип тынбадым. Телефонуңду унутуп кеткен экенсиң, чырылдаганынан карасам, апаң бир нече жолу чалыптыр. Негизи сенин колуңдан такыр телефон түшпөйт эле, азыр кантип жатасың. Мени не деп сактады экен деп көз жүгүртсөм, атым чоң болуп жазылып туруптур. Эже деп кошуп койсо эмне деп таң кала түштүм. Эртеси келип, кызыңды бир нерседен улам дагы уруп кирдиң. Жинденип, «дарымы бер, бол бат» деп кыйкырып жаттың. Кызың бир дары апкелип, сен ичтиң. Карай койсом, йодомарин экен! «Ушул дары сени тезинен тынчытмак беле, баарыбызды келесоо ойлойт окшойсуң» деп ичимден кыйкырып жаттым!  Инимди коркутуп, зобум бар экен, кысып атат деп ыйлап, догурунуп жүрүп эле 5 ти төрөп алдың го? Мейли аман болушсун, ошолор үчүн иниме сен жөнүндө бир ооз кеп айтпадым.

  Эртеси жөнөйүн деп жатсам, атам жаш баладай ээрчип, кошо кетем деп туруп алды. «Качасыз эле качасыз, каякка барасыз» деп дагы кыйкырдың. Кызы келип уруш баштап кетиптир дебесин деп, сөз айтпадым. Атамды жетелеп, берки инимдикине жөнөдүк.

    Ошону менен атам ал инимдикинде жашап, коңшу айылдан сөөгүн алып келдик, туурабы?  Элдер наалат  кылып жатышты сени батырбады деп…

  …Атам быйыл экинчи жыл кышты көрбөйт. Кышты, карды жакшы көрчү, кар көп болсо, нан мол болот дечү. Өлөөрүндө үйгө кетем деп аябай кыйнаптыр. Сага өчөшкөн иним алпарбай өзү карап, өлүгүн айла жоктон гана алпарды.

   … Азыр да кар жаап жатат. Атам карды көргөндө жаш баладай кубанчу. Анан үшүкчөөл эле. Бир жолу меникине  келип, көпкө туруп калды. Өзүнчө бөлмөгө төшөк салып берип, чыгып кеткем. Кайра бир нерсе издеп кирсем, жыйылган жүктөн бир төшөктү алып жатыптыр. Үшүдүңүзбү, дагы жабайынбы десем, мени көрүп чочуп кетти. Уурдаган жокмун, мен партиянын мүчөсүмүн… деп титиреп, калчылдап жатат. «Алыңыз, айланайын ата, ала бериңиз, баарын» деп ыйлап жаттым. Анан эстээр бекен деп, кайсы партияга мүчөсүз деп койсом, «коммунисттик партиянын мүчөсүмүн, коммунисттер төшөк уурдабайт» деп актанып, жүрөгүмдү эзди. Төшөгүнө жаткызып, «сиз жакшы адамсыз, кудайдын эле момунусуз, Алла сүйгөн адамына гана дарт берет, айыгасыз» деп колун көпкө кармап отурдум…

   Айтчы, менин атамдан да момун, ак көңүл, жөнөкөй, жаш бала пейил, ичи таза барбы? Сен деле азыр муну моюнга аласың, туурабы?

   Неберелерине кошулуп таттууларды жеп, чогуу телевизор көрчү. Ким кирип келсе ордунан ыргып туруп, жалтаңдап турчу. Өз үйүнөн бездиргениң үчүн, жүрөгүн зырылдатып жалтак кылып койгонуң үчүн, мен сени эч кечирбейм.

Апаң жакшы аял эмес экен деп калдым. «Эмнеге силер карабайсыңар, менин кызым өлүп кетсинби» деп баарыбызга чалып кыйкырчу…

  Карадык, баарыбыз кезектешип карадык, бирок өлөрдө өз үйүнөн кетпегени өмүр бою өкүндүрөт…

… Апаң өтүп кетиптир, чалбадым, таба эмес, тобо, эми сен атаңа тамак жасап, нан жаап алып каттап жатыпсың. Келиниң менен иниң башка айылда экен, атаң өзү бир үйдө жалгыз калыптыр. Колуңдан келишинче кара, ата, апа деген конок эле, бүгүн бар да, эртең жок.

Мээрим Султанова


December 21, 2015 at 11:13AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жан-дүйнөгө таасирдүү, тарбиялык мааниси зор социалдык роликтерди кыргызчага которо баштады. “Менин атамдын окуясы” аттуу бул таиланддык видео долбоорду субтитр аркылуу кыргызчаладык. Жактырган чет элдик ролигиңиз болсо, которуу үчүн сунуштасаңыз болот.

“Insan.kg”

The post Менин атам жалганчы appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 17, 2015 at 03:39PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Уулум! Кызым! Баамчыл болуп, ата-эненин ызатын, урматсыйын моюнга алышың парз. Ошондуктан перзенттин тиреги ата-эне да. Эмне үчүн мен ата-энемди урматтап жатам деп көңүлүңө күдүк нерсе кетпесин. Сезгин! Алар сен үчүн өлүмгө да даяр экендигин. Эгер ар бир перзент баамчыл жана зирек болсо, ата-эненин мээршыбагасына карк болуп, алардын айтканын аткаруудан баш тартпайт. ата-эненин милдети сени бөпөлөп өстүрүү жана сага жакшылык кылуу.
Уулум! Кызым! Эсиңде болсун! ата-эненин көңүлүнө азар бербе жана алардын жүрөгүн кайгы менен азапка кириптер кылбагын. Сен ата-энени дин жолунда ызаттап сыйлоону, урматтоону каалабасаң дагы, аларды адамкерчилик менен аздыркөптүр жайдары мүнөз көрсөтүп ызаттагын. ата-эне сени жандили менен алпештеп, бапестээрин эсиңе тут. Эгерде сен алардын көңүлүн оорутуп, кайгыга дуушар кылсаң, анда сен эч убакта сыйга татыктуу болбойсуң. Адатта ар кандай адам ата-эненин жакшылыгын билбесе, бирөөнүн жакшылыгын баалай албайт. Сен өз перзентиңден урматсый көрүүгө үмүткөр болсоң, өзүң дагы ата-энеңди урматтай билгин. Арийне, сен ата-энеңе кандай ызаат көрсөтсөң, перзентиң да сага дал ошондой урмат көрсөтөт. Перзент мөмөгө, ата-эне даракка окшош. Даракты жакшы баксаң, мөмөсү даамдуу, таттуу болот. Ошол сыяктуу эле ата-энеңе көбүрөөк урматсый көрсөтсөң, алар да сага деген ак батасын аяшпайт. Мурас алып калуу үчүн ач көздүк менен ата-энеңин өлүмүн тилебегин. Малың жок караманча тамаяк болсоң дагы, акыл жагынан бай болууга аракеттенгин. Мал топтоп дөөлөттүү болгондон көрөкчө акыл топтоп аброюңду көтөргүн. Арийне, акыл менен мал топтоого болот, а мал менен акыл топтоого болбойт. Түркөй бачым жакырданат. Эсиңде болсун, акыл ушунчалык баалуу нерсе, аны ууру дагы алып кете албайт. Акыл отко күйбөйт, сууга чөкпөйт. Эгерде акылың жетик болсо өнөр үйрөн. Анткени, өнөрсүз акылкейпи кеткен жылаңач дене шекилдүү. Байыркы бабалардын: «Акыл кутубилим» — деген сөзүн эсиңден чыгарба.

http://muftiyat.kg/

The post Ата-энени урматтоо туралуу… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 13, 2015 at 03:51PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

… Тээ илгери, өткөн бир доорлордо, ушу силер жана биз сыяктуу эле бир жигиттин картайган, оорукчан атасы болгон экен. Карыянын кемпири о дүйнө салып кеткен соң, жападан-жалгыз таянар тоосу ушул баласы болчу, ошондуктан, келини, неберелери менен чoогу бир үйдө жашашчу.

Уулунун аялы оорукчан кары адамды кароодон тажап, ар бир мүмкүнчүлүк болор замат күйөөсүнө: «Атаңдан тажап бүттүм. Балдардын түйшүгү жетишпегенсип… Мындан ары аныңды карай албайм – бир чечимге кел: же атаң, же мен. Эгер атаңды десең, мен үйдөн чыгып кетейин, мени дей турган болсоң, атаңдан кутулуунун бир жолун тап! Жетишет эми! Болду!» деп кулагынын кужурун курттай жей берчү.

Жигит бул абалга ар дайым капа болоор эле. «Жаным, – дей турган ар бир жолу, – эмне кылайын. Ал менин атам да. Кимге таштамак элем. Мен карабасам, аны ким карамак эле. Мен корубасам аны менден башка ким корумак эле» деп жалбарып, аялын көндүрүүгө далалат кылчу.

Аялы айтканынан кайтчу эмес. Түшүнгүсү да келбечү. Жигит көпкө ойлонду, акыры атасын тоо башына алып чыгып таштап баса берүүгө чечим кылды. Арабасын даярдап, кичинекей уулун жанына алып атасына:

– Биз тоого баратабыз. Жүр сен да биз менен. Бираз айланып келесиң, – деп аны да арабага салып, тоо тарапка сапар тартышты. Алдыда эмне тагдыр күтүп турганын билбеген карыя жол бою небересин тамашалап, аны менен ойноп, чүрпөсүн да сүйүндүрүп баратты.

Тоодо чытырман токой бар эле. Ошол жерге жетишкенде жигит атасынын алдына төшөк салып, атасын жаткырып, жанына бираз суу жана тамак коюп:

– Ата, сен ушул жерге жата тур. Мен отун кесейин – деп, уулун жанына алып, карыяны ээн токойго жалгыз таштап, жашырынып келген жолго түшөт.
Эмнеге туш болгонун түшүнбөгөн карыя алардын артынан карап келе берет.

Арадан кыйла убакыт өтүп кетсе да жанына эч ким келбегинен ээн талаа, эрме тоодо жалгыз калганын аңдап-түшүнөт карыя. Түшүнгөн менен чарасыз, айласыз эле. Ыйлагандан башка эч нерсе кыла алмак эмес.

Чоң ата өз тагдыры менен гана бетме-бет калып, тоо башында томсоруп олтурганда уулу небереси менен арабада айылга кайтып келе жатышкан.

– Чоң атамды неге тоого жалгыз таштап салдың? Барып аны алып келбейбизби? – деди бала.

– Ал картайды. Эми ошол жерде калат. – жооп берди ата.

Бала эч нерсени түшүнө албады. Чоң атасын аябай жакшы көрчү, анткени ал небереси менен ойночу, сүйлөшчү. Чоң атасы анын эң жакын адамы эле.

– Анда, мен чоңойгондо, сен да чоң атамдай кары жана оорулуу болосуң да, ошондо мен да сени чоң атамды таштап кеткен жерге алып келип таштап кетем да ээ, ата?

Кандай чоң күнөө кылганын баласынын бул сөзүнөн кийин түшүнгөн ата, ыйлап жиберди да, аттардын башын артка бура тартып камчылап, камчылап алды күнөөсүз жаныбарды. Тоого чыгып, атасын таап, бутуна жыгылып, кечирим сурады. Карыя уулунун башынан сылап: «Ыйлаба, уулум. Сен атаңды тоого таштап кеткениң жок го, демек сени да балаң тоого таштабайт эми» – деди сабырдуу, токтоо.

Бираздан кийин, чоң ата, баласы, небереси болуп үйдү көздөй көңүлдүү баратышты. Жигит ичинде «Атамды тандадым! Миң аял таба алам, бирок эч качан өз атамды таба албайм» – деди.

Түрк тилинен которгон Садык ГАВАЙ

The post Ата, атаке кечир … appeared first on FORMULA.KG.


October 09, 2015 at 09:51AM
Технологии Blogger.