Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Өкүнүч. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

💁🏻‍♂Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурун китепканада гезит окуп отуруп, өз келесоолугумду байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жан дүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көргөнүмдө, катуу урушуп тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, канып кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып жатканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызааланып, жан дүйнөңдүн куурулуп жаткандыгын уруп ойногон жокмун. Мен жумушка шашылып бара жатканымда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мени карап: “Жакшы барыңыз, атаке!”- деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жараган жокмун…

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. Үйгө келе жатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. “Эмне болду, токтогун?!”- деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. Өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебим жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?… Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүм эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп жатканымды эми байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талаптары таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң буга далил. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок эртеңден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө убада бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгаарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда…

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

*_☝🏻Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет жасайлы. Алардын каалоолоруна конок берели. Өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. “Билүү- бул кечирүү”. Доктор Жоннсон: “Жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын” баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эмт балдарды ыксыз жекирүү- адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – үлгүлүү ата экендигин унутпасак!… {Дейл Карнеги}_*

*_☝🏻Балаңды мыкты тарбиялуу кылгың келсе- бактылуу кыл. {Оскар Уайльд}_*

*_☝🏻Бала- жердин жандуу гүлдөрү. {Максим Горький}_*

*_☝🏻Атанын балага калтырган эң жакшы мурасы- анын жакшы тарбиясы. {Хадис}_*

🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись Атанын ыймандай сыры.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Өмүрүндө мындай жалган сөз уккан эмес эле. Эски досторунун чучукка жеткен суук сөздөрүнө көзүн кылгыртып келе жатты. Бул кичинекей айылда ошол достору менен далай ирет шапар тээп, ойду-тоону койбой кыдырып, энеси сатып берген машине менен ойноп-күлүп, барбаган жери калбады эле го. Ал кезде ким эмнеге алчу эле мындай машинени? Эч ким. Ким минтип күндө шапар тээп, ойноп-күлчү эле? Эч ким. Ошол достору жанынан бир тыйын кошчу беле? Жок, ичип-жеп ойноп-күлгөнүнө кайыл, жаштыкка, байлыкка мас болгон бир учур өткөн экен. Эми карачы, ошол достору кайра минтип, жылаңач-жыртык калганда өзүн кемсинтип, корсунтуп “Кебетеңди карачы”-деп, бирин-бири шыкактап, шылдыңдашат. Кантип ыйлабайт?! Бул биринчи эле жолу дейсиңби! Жок, мындай сөздөргө бышыкулак болуп калган. Бирок… бирок, бүгүнкү өтө эле…

Келип, короодон ичке кирип жатып, байкабай босогону тээп алып, колу менен жер таяна барып, бети менен кулап, бозала болуп тура калды. Бекиш калчылдап, муштумдарын түйүп, адам болсо жеп жиберчүдөй ызырына аттап жетип, жаман өтүгүнүн такасы менен босогону тепкилеп: “Жадагалса, өз босогом да, өз үйүм да каршы мага! Мына, мен үчүн бул жашоодо орун калган эмес экен да!”- деп бышактап ыйлап, колунун ооруганына карабай, дарбазаны муштагылап, үйүнө кире түнөдү.

Эрке өскөн Бекиш бала мүнөз болуп, чоңойгондо да ар кимден таяк жеп, энесине ыйлап келгенин койгон эмес эле. Бала кыялы дагы кармап, эми деле кээде үңкүлдөп ыйлай берет. Мыкты урам деп балка менен колун уруп алганда, Кудайга үнү жетип сыздады го, чиркин! Ачуусу келип казан-аякты талкалап, сынганы сынган боюнча, ошондон бери турат. Какаганга-муштаган болуп, энеси тирүү кезинде үйлөнтүп койгон аялы да кетип калган. Азыр ээн үйдө жалгыз калды. “Туруп оокат кылайын, там-ташты, короо-жайды оңдоюн”- деген эзели оюна да келбейт. Турган үйүнүн сүрү качып, алыстан көзгө сомсоо көрүнүп, кишинин киргиси да келбейт. Терезенин айнектери сынып, дубалдын кээ бир жеринде шыбагы түшүп калган, карала болуп. Ал гана эмес, үстү түшүп, кыйшайып калган үйдүн каалгасын оңдоп-түздөп убара болбой, көтөрүп ачкандан эринип, эңкейип кирип-чыгып жүрө берет.

Ошол баягы адаты, үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы болуп, бир жаздыкка бетин коюп, үңүлдөп жатты. Оюнда энесинин айткан насааттары, урушуп-тилдеп сүйлөгөндөрү.

“Кылчайып, оокат кылганга үйрөтө албадым го сени. Дүйнөнүн баркын билбей, кашыктап жыйнаганымды чөмүчтөп чачып, жедеп, менин өлүмүмдү тилеп калдыңбы, акмагым!!! Шордуум!!!”- деп далай жолу энеси буркурап, кээде кармана албай буркан-шаркан түшүп урушаар эле. Жалгыз уулум деп канаттууга кактырбай бапестеп жүрүп, өтө эле эрке өстүрүп алганына, эми ошол эркелиги өз башына таяк болуп тиерин ойлоп, ыйлаар эле. Баласы, эркелиги аз келгенсип, “Төө десе , бээ”- деген аңкоо, түшүнбөс, кеп жебес неме эле. Ушунун баарын ойлоп келип, байкуш эне өлөөрүндө: “Ай акмак! Бери кара. Мындан ары маңдайыңда сайраган мен жок. Ай дээр ажо , кой дээр кожо жок. Оромпой тээп жыргаарсың. Мен өлгөндө бул жыйган-терген дүйнөнүн аягына чыгып, ичип-жеп, баркыңды билбей, тебелеп-тепсеген, шарактаган, көпкөлөң досторуң сени кор кылар. Сен таалайсыздын багына жалаң ушундай жатып ичер шүмшүктөр туш келип калганын карасаң. Ошондо билерсиң энеңдин баркын, байлыктын баркын, азыр сайраныңды курсаң. Эртең эле жылаңач-жыртык калып, бул дүйнөгө батпай кор болорсуң, эси жогум!!! “- деп, эне байкуш, уулунун кийинкисин көрө билип, буркурап ыйлаган бир маалда. Оюна сандаган санаа, баласынын самтырап турганы келип, жанында отурган Бекишти колдон кармап булкуп: “Ук! Ушуга чейин айткандарым кулагыңа кирген жок, акыркы сөзүм, ушуну ук. Жедеп бул дүйнөгө батпай кор болгондо, сенделип тирүү-өлүк болуп жүргөнчө кепедеги жыгач-туткага барып, асынып өл! Уктуңбу? Уктуңбу дейм?!”- деген.
Бекиш энесинин өлөрүндөгү ушул сөздөрүн эстеди. Акырын башын көтөрүп арканды карады. Кирдеген жеңи менен көзүн аарчып, арканды алып кепеге барды. Ыш жыттанган тар кепеде эски, майда-барат оокаттар бар эле. Ызасы дале тарабай, бурчта турган жаман отургучту жерге коюп, үстүнө чыгып, жыгач туткага аркандын бир учун байлап, чактап, экинчи жагына илмек жасап, мойнуна илди. Эки колу менен көзүнүн жашын аарчып: “Эне!… Мына карачы, менин эч кимге керегим жок. Сенделип тирүү-өлүк болдум. Тосуп ал мени!!!”- деп, отургучту буту менен түртүп ийди. Асылганга болгон жок, үзүлдүбү, эмне болду, “карс” деп бир нерсе ачылгансып, өзү “талп” деп жерге кулап түштү, өлбөй калды. Үстүнө бир нерселер төгүлүп жатты. Бекиш көзүн ачып тура калды: Акча!!! Тутам-тутам түйүлгөн акчалар! Аңырайып өйдө караса, жыгач тутка көмкөрөсүнөн коюлган кичинекей үкөкчө экен. Бекишти көтөрө албай, үкөктүн оозу жулуна түшүптүр. Мойнундагы аркандын бир учунда калдактап үкөктүн оозу жүрөт. Аңкоолугун, ушуну сезди. Бут алдына жайнап төгүлүп жаткан акчаларга көпкө карап, “дүп” эте тизеси менен үстүнө чөк түштү. Эки колуна чеңгелдеп акчадан уучтап кармап, мыжыгып үнсүз мелтиреди. Аз-аздан көзүнө жаш толуп, жаак эттери түйүлүп, кимгедир кыжыры келгени же сүйүнгөнү билинген жок. Улам карыштыра мыкчып, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй чакчайып, бир караган жеринен көзүн албады. Бир маалда муун-жүүнү калчылдап: “Аа-а-аа-а!”- деп бакырды… “Энее-е!… Мени өлгөндө да бактыңбы?! Жаным апа!!! Өлүп жатып да мени ойлодуңбу? Менин кор болоорумду билдиңби? Энекебай!!!” -деп жаш балача өңгүрөдү. Далайдан бери көкүрөгүнө толгон кайгы-арманын кимге айтып төгөөрүн билбеген Бекиш дайрадай толкуп, бугун чыгарып боздоп жатты. Энеси жаңы көз жумгансып, “энекебайлап” сыздап жатты. Билген асыл сөздүн баарын “эне” деген сөзгө кошуп, чындыгында эми жоктоп жатты…

“Сенин… Эне… Сенин тирүүңдө баркыңды билбей, тилиңди албай кыйнаган уулуңду кечир, эне! Угуп жатасыңбы? Мен…мен али бала элем го?! Уулуңду, карачечекей уулуңду таштап кеттиңби? Ушулардан көрө сен калсаң эмне? Мага сен керексиң! Мобулардын кереги жок!”- деп бакыра, эки колдой чеңгелдеп, акчаларды туш-тушка чачып жатты… ”Көргүм келбейт буларды, көргүм келбейт! Байлык … Байлык, сени жек көрөм! Мени кор кылган сенсиң! Жалгыз гана сенсиң!!!” деп үңүлдөп, үнүн баспады. Эне мээримине, жакшы сөзгө зар болгон Бекиш көмкөрөсүнөн түшүп, ыйлап жатты. Саксайып өскөн чачы чекесинен чыккан терге жабышып, жыртык, кир кийими топого аралашып тургае кейпин ого бетер жүдөтүп, эпсиз, жөндөмсүз экенин ашкерелеп турду. Өпкөсү көөп чыккан неме дагы эле шыбырап сүйлөп жатты: “Мага сен керексиң, эне!”

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

💐<Бейиш эненин таман астында>

💐<<Жер бетинде эненин мээриминен өткөн мээрим жок>>{Ж.Абидетегин}

📙 Турмуш сабактары…

Даярдаган: Нуриза Кармышкова.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись МАГА СЕН КЕРЕКСИҢ ЭНЕ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Каримди өзү курамдуулар менен улуулар жаштайында абдан жакшы болчу деп макташат. А тургай мектепти алтын медаль менен бүтүрүптүр. Окууга тапшырып биринчи, экинчи экзамендерден өтүп, үчүнчүсүнө келгенде баягы экзамен алгандар шакылдап жооп бергенине карабай, анан да кызарып-нетишпей пул сурашыптыр.

Көп балалуу болгондуктан анын атасынын алаканы жука да, суралган акчаны бере алган эмес. Ошол бойдон Карим шаардан келээри менен кошуна  айылдагы кунажындарды өстүрүүчү комплекске ишке кирди. Айлыгы жаман эмес. Анын үстүнө ал жерде шумпайлар жаш баланы  аш-паш дебей башын айлантып, өздөрүнө кошуп алышты. Күндө-күн алыс көз карангылашканда жем-чөп сатышат. Чайканада аш жешет. Андан кийин чокчоюп олтуруп алышып, кумар ойношот. Карим да муну жөн гана убактылуу нерсе деп ойлогон. Чындыгында да ошондой болду. Эки жылга жетпей колхоз-совхоздор менен бирге ал иштеген комплекс да жоюлуп кетти.

Күзүндө айылда той-топур көп болот. Мында айылдагы жаштар менен орто муундагылар сабиз туурамга келишип, иши бүткөн соң, кызыкчылыкка кумар ойношот.  Бүгүн Сапарбай дамыланынкында андай кылууну ээн-төрөн көрүшүп, көпчүлүктаркап кетишти. Карим анан баягы бирге иштешкен Наби, Кудаш үчөө колдору кычышып, болбой калгандыктан, Тилекматтын үйүндө олтурмай болушту. Кичине картошка куурулуп “жанагыдан” алынып, келинип, оюн башталды. Эч эле бүтпөйт. Бир эмес бир нече шише түгөдү. Акыры  акчасын, анан калса үйүндөгү атасынын жалгыз уйун уттуруп жибергенине чыдабаган Карим Тилекмат менен урушуп, мушташып, колуна кирген бөтөлкө менен башка чаап оо дүйңө сапар аттандырды. Өзү сот тарабынан  он эки жылга темир тордун артына жөнөтүлдү.

Кечээ ал абактан келиптир, саламаттыгы начар экен, деген сөздөрдөн улам алдына барып, ал-акыбалын сурап келдик. Баягы кең-далылуу, кырдач мурун, курч сөздүү Карим жок. Өңү дубалдай  ак тартып, көздөрү чукурайып, биз менен энтигип, араңдан зорго божурашып олтурду.  Көрсө, түрмөдө туберкулез оорусуна чалдыгыптыр.

-Үч күндөн бери апам ыраматылык түшүмө кирет. Дагы деле баягысындай күлүү-күчтүү. Мени чакырып алып баягы керээзин айтат. Укпаймын, ага болбой  чакырганын койбойт, карабаймын.

Сабыры жок жаным, элден мурда оозунуп: “Карим ал кандай керээз?”-деп сурап жибердим.

-Оо союз маалында комплексте иштеп жүргөн мезгилде раматылык Тилекмат досум Абди, Наби, Төрөкул болуп кумар ойнойбуз. Таң атканда үйдөгүлөргө көрүнгөнү келип, чала-була чай ичип ишке шашабыз. Ошондой күндөрдүн биринде Набинин үйүндө олтурсак, аяш атам бизди сөгүп үйдөн кууп чыкты. Түн бир оокум. Баарыбыз маспыз. Башты кашып, эмне кылаарыбызды билбей турсак. Абаш:  “Кеттик мазарда ойонойбуз”-деп калды.  Уккан кулагыма ишенбей соолуга түшүп, “Э  жинди эмне деп жатасың. Мазардын кайсыл жеринде ойнойбуз? Ал жерде арбактар да бар башың иштейби?-деп жемелеп кирдим. Ал болсо камырабай”-балдар карим коркок экен. Ошондуктан шылтоо айтып жатат”-деди. Намысыма келип: “Коркпойм, мен эркекмин. Эгер азыр мазарга барсак, жай таппасак сенин башынды алам”, – деп жөнөп калдык. Мазардын ортосунда ачылып калган мүрзө бар экен. Ошого түшүп сөөктөрдү нары сүрүп, ойной баштадык. Азыр ошол күндү ойлосом жүрөгүм титиреп кетет. Таң атып калганда мастыгыбыз таркап, өзүбүзгө келе баштадык. Уттургандар дагы ойнойбуз, уткандар таң агарып калды, кеттик бирөө жарым көрсө шерменде болобуз дейт. Акыры тарадык. Дарбазадан баш баксам, апам намазга даарат алып жатыптыр.

-Ыы балам, тынчтыкпы? Өңүң  бир калааты болуп турат-деп сурады.  Сыр бербей балдар менен олтурдум деп жооп бердим.

-Досторуңкунда болгонунда шашып-бушуп, күн  чыкканда келчү элең.  Бүгүн эрте келдиң.

-Апа айттым го, Тилектин үйүндө олтурдук.

Намазын окуп болуп апам жанына чакырды. Колун бетиме сүйкөп:

-Кайерде болдуң? Мына бул бетиңдеги чаң  мазардын топурагынын чаңы. Карачы боп-боз. Башка жердин топурагы мындай болбойт. Ачыгын айт каякта журдүң?

Апама  аны муну айтып, дагы деле жанымды жеп жатканым менен мазарды укканымда жүрөгүм  “шуу” дей түштү.

-Балам канча  өмүрум калды билбейм. Мазардабы, базардабы иши кылса кумар ойногонуңду токтот. Кумар да сен  өзүңдү, өмүрүндү уттурасың-деп туруп кетти

Анда жаштык кылып энем байкуштун  сөзүн назарыма илбепмин. Кийин деле баякы мурзөдө канча кумар ойнодук дейсиң. . .

Бирок ушул күнгө чейин бир нерсенин жандырмагын таппай, кыйналып келем. Апам ошондо биздин мазарда кумар ойногонубузду кайдан билди?

Балким ошондо анын сөзунө кирип, бардыгын жыйыштырганымда, бүгүн мен да элчилеп бала-чакам сүйгөн жарым, үстүмдө үйүм болоор беле. . . Ким билсин. . . Мен энемдин керээзин укпаганыма өмур бою өкүнүп келем. -деп сөзүн бүтүрдү Карим.

Андан бери туп-туура  кырк жыл өтүптүр. Биз болсо бугун минтип анын денесин, ошол энеси жаткан, ошол өзү кумар ойногон мазарга алып келип олтурабыз. . .

Нуркамил Абдуллаев,
атайын “Formula.kg” үчүн 

Запись Эненин керээзи впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ош –Ноокат аялдамасында улам «Ноокат,Ноокат,  бир адам »-деп кайра-кайра кыйкырып,      адамдарды   өзүнө бурган жаш жигиттин күмүш түстүү Мерседес   маркасындагы машинасына   эки колтугуна таяк таянган, бир буту жок  отуздар чамасындагы  киши келип олтурду.

Ал машинага жайгашаар менен жанагы эпилдеген жигит да рулга олтуруп жолго сапар алды.  Маарага түшкөн ат атаандаштарынан аран алдыга чыккандай, шаардагы тыгындардан,жол чырактардан,жөө жүргүнчүлөрдөн араң бошонгон бул машина, шаар четиндеги трассага түшөрү менен зуулдап жөнөдү. Арада алдынан чыккан  автоуналар бипилдеткенине  карабай кайдадыр шашып,аларды буйтап өтүп зымырап баратты. Ичиндегилердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан айрымдары телефон чукуп, кээ бирлери кулактарына телефондун шунурун  тыгып бир нерселерди угуп бараттышты. Бир гана  таяк таянган жанагы жигит улам машина ылдамдыгы күчөгөн сайын, «акырын айда,абайлап айда»-деп айдоочуга эскертип баратты. Ал болсо кардарынын мындай акылыңа зар эмесмин дегенсип,жактырбагандай түр менен тиктеп койду.Ошол жетиштүү болдубу,айтор тиги киши андан ары  тилин тишине кысып олтуруп калды..

Алмалыкка кире бериштеги бурулушка жеткенеде зуулдаган машина карыщылаш келе жаткан Камаз  менен сүзүшө кетейин деп араң токтоп калды. Жанатан бери угуп келе жаткан музыкаларына баш чайкап, жазышкан смстерине жылмайып келе жаткандардын оозунан заматта «Аллалаган, апалаган үндөр угулду. Машина оңго-солго жүрүп  тумшугу жол чекесиндеги чоон ташка барып такалды. Баары бир саамага тыный түшүштү. Бир топко барып өздөрүнө келишти. Анан  биринен-бири өтүп,ар түрдүү сөздөр менен айдоочуга асыла башташты. Жанатан бери өпкөсүн колтуктап алаган айдоочу жигит. Үн да катпай, сөз да айтпай купкуу жүзү менен жолун улады.

Бирканча жүргөн соң жанагы таяк таянган жигит кеп тизгинин алып, акырын сөз баштады.

-Досум билесиңби, сен өзүңдүн шашмалыгын,ашыккандыгын менен аз жерден бизди о дүйнөгө жөнөтүп сала жаздадың.  Пешенең бар экен. Бактылуу экенсин. Жанатан бери санап олтурсам  алдыңдан чыккан машиналар сигналдарын бергенине карабай алты жолу жол эрежесин буздуң. Билем, машина жаны, өзүң жашсың.. Сен үчүн азыр эн башкысы барар жерине тез барып кайтар жеринен тез кайтып, көбүрөөк акча табуу. Мен да мындан алты жыл мурда ошондой ойлор кучагында жашачуумун. Кулагыма канчасы өз жолунда жүр, эрежени бузба. Жолдо жүрүүдө да өзүңдүн жана бирөөнүн  акысы бар .Бирөнүн акысына кирбе деп канчасы айтты. Алардын баарына айта беришет дегендей маани берчү эмесмин. Мындай сөздөр мага мораль окугандай сезилип, кулагымдын сыртынан кетчү эле.Сен өткөндөй мен да  машиналарды артыма калтырып, маңдайыман чыккандардан мен эмес өздөрү буйтап өтүшчү. Сөөк-саактуу нерсемин да. Канчасы менен мындай кылыгымдын айынан кер-мур айтышпадым дейсиң. А канчасы сөгүнүп.сигналдарын бипилдеткен бойдон өтүп кетишчү.Ошентип шамалдай учуп жүргөн күндөрүмдүн биринде бир клиент чыкты. Жаш кыз экен. Сүйлөштүм. Россиядан келе жатыптыр. Үйүнө эртерээк жеткирип коюну суранды. Акымды алдын ала берди. Шаардан районго жол алдык.Жол  жүргөнгөбү жанагы кыз  уйкуга кетти. Мен адатымча    магинтофондо   койгон бойдон, ылдамдыкты катуулата баштадым. Бир канча жүргөндөн кийин кыз чочуп кетип, «акырын айданызчы» деп суранды. Өзүмө анан калса,жаңыдан гана жаңылап алган машинама ашыкча ишенгем чамасы ,анын сөзүн таназарыма да албадым.Ылдамдыкты акыры жолу караганымда жүздөн ашкан эле. Көптөгөн машиналарды артка калтырып келе жатканбыз. Анан эле бир   бусикти оозор маалда сөз менен болуп маани бербей калыпмын, маңдайыбызда  келе жаткан КАМАЗдын астына кирип бара жаткандыгыбызды бир билем. Кыздын апаа деп чынырганын бир билем. Башка эч текени эстей албайм. Көзүмдү ачсам арадан алты күн өтүптүр. Ак халатчандар бир бутумду кесип салышыптыр. Башым, колдорум, таңылган. Тилим аран күрмөөгү келди. Жанагы кыздын абалын сурадым. Эч ким үн катпады. Эки күндөн кийин анын ошол күнү ааламдан өткөнүн угузушту.

Ата-энемдин буту ошол кыздын үйүндө    калды.бар дүйнөсүн сатып. Түшүнгөн адамдар экен.Өздөрү перзентинен айрылып кан жутуп турса да, тагдырга там беришип мени кечиришти. Аларго  кечиришти. Өзүмчү,өзүмдү өзүм ушул күнгө чейин кечирбей келем. Он гүлүнөн бир гүлү ачычла элек ошол кыздын өлүмүнө себепчи болгон менин  жер бетинде басып жүрүүгө канчалык акым бар? Өзүң көрүп тургандай бирөөнүн акысына кире берсен жараткан өзү тегиздеп коет экен. Бүгүн минтип бир буттуу адамга айланганмын. Арадан алты жыл өтсө да ошол күн эч эсимден кетпейт. Кыздын «акырын айданызчы, абайлаңызчы» деген жалынган үнүн кулагыма жаңыра берет.көз алдымда КАМАЗ, анан сынган бутум,  бизди куткарып жаткан чоочун адамдар ,тезжардам маишансы баары-баары  тартыла берет

Сага бүгүн кудайым боор ачыды.Эскертти. Ушуну унутпа, магада ушундай эскертүүлөр  далай берилген, бирок…»-деп оор үшкүрүндү. Аны кыргылданган үнүк кылгырыпчыккан көз жашы машинадаглардын баарын ойго салды. Эч ким сүйлөбөдү. Машина жана анын ичинидегилер акырын дем алып баратышты….

Запись Таксисттин арманы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

    ✍ Бул жашоодо өкүнбөгөн инсан болбосо керек, "Эх! Тигиндей кылганымда, жакшы болмок,андай кылбай эле койбоппун,неге антим экен,минтекнимде эле болмок. Неге башкаларда бар менде жок,неге мен ийгиликке жетишпеймин,неге балалуу болбоймун башкалар сыякту,неге менин деле ден-соолугум чын болсо болбойт,айта берсек адамдар айтыла турган өкүнүчтөр толтура   " , бирок сен канча каалаба,канча өкүнбө ал эч качан болбойт,ал сенин тагдырыңа жазылган, ал Аллахтын каалоосу,балким сенин жакшылыгыңадыр . Эгер билсең бул дүйнө сыноолору мусулмандар үчүн Аллахтын ырайымы,каапырлар үчүн азаптыр. Бул дүйнөнүн өкүнүчү эч нерсе эмес,бир күн келет,бир күн кетет, убакыт даарылап жашоо нугу улана берет. Мезгил жаңыланып,коом өзгөрү,жашоо мөөнөтү түгөгөндөр кетип,жаңы бөбөктөр төрөлө берет. Өкүнүчтүн өкүнүчүнүн келе турган түбөлүктүү өкүнүч бар.  Ал Кыямат  күнү ал күн өтпөйт да кетпейт, кайрылбайт да, токтобойт да мына ушул күндү өкүнүч күн деп айтса болот. Түбөлүк жыргал же түбөлүк өкүнүч!
А биздин жашоодогу өкүнүч бул мүмкүнчүлүк бар, сен жакшылыкка, кубанычтуу күндөргө жетүүгө пайдалынып калсаң болот. Ошондуктан жашоодону келген сыноолорго өкүнбөйлүү!

Аллах Таала Куранда мындай дейт:

«Оо,ыйман келтиргендер! Силерди мал -мүлкүңөр жана балдарыңар Аллахты зикир кылуудан (эстөөдөн) силерди алаксытып койбосун, (Ал эми) ким ошондой кылса,ал зыянга учурайт. "Ар бириңер өлүм келгенге чейин Биз (Өзүбүз) силерге ыроологон ырыскылардан (садака) сарптап калгыла!

Ошондо (Кыямат Күнү) ал: "О,Эгем, эгер менин өмүрүмдү бир аз узартсаң мен кайрымдуулук иштерди көп жасап,жакшылардан болот элем "-дейт.
Бирок Аллах тирүү жана өлүм маалы жеткен кезде  эч качан аны кечиктирбейт. Аллах силердин эмне кылганыңардын баарысын билип турат! »(Мунафикун: 9'1)
Аллах Таала ошондой эле мындай деген:

«Алардын бирине өлүм келген кезде,ал:

"О,Эгем! Мени артка кайтара көр! -деп жалбырап айтат -балким, мен калтырган дүйнөдө жакшылыктырды жасаармын ".

Жок! Бул мурда эле өзү айтып келген сөз.  (Эми) алардын артында алар тирилүүчү (Кыямат) Күнүнө чейин тосмо бар. Сурнай үнү жаңырган Күнү алардын ортосундагы тууганчылыктар унутулат жана бири -бирине жардам сурай алышпайт.

Кимдин (амал таразасы оор, болсо,ошолор ийгиликке жетүүчүлөр .

    Кимдин (амал) таразасы жеңил болсо, алар өздөрүнө өздөрү (зулумдук жана) зыярат кылгандар. Ошолор Тозокто түбөлүк калышат.

От алардын беттерин куйкалайт жана анда эриндери түйрүлүп,(ырсайып,кейиптери куник болуп калышат) .
(Ошондо аларга): Менин аяттарым окулганда силер жалганга чыгарбадыңар беле? "( деп айтылат) 

.Алар айтышат: "О,Эгебиз! Биздин бактысыздыгыбыз үстөмдүк кылып,адашкан эле болдук.

О, Эгебиз! Бизди бул жерден чыгар. Эгер биз кайрадан күнөө кылсак,анда заалымдардан бололу! ".

(Ошондо) Аллах: "Ошол жакта (Тозокто калып, Менден) алыс болгула! Мага сүйлөбөгүлө!

Менин пенделеримдин бир бөлүгү: "О,Эгебиз! Биз (Сага гана) ыйман келтирдик,(ошондуктан)биздин күнөөлөрдү кечир! Бизди өз мээримиңе бөлө. Сен мээримге бөлөөчүлөрдүн эң мыктысың ",-дегегдер болчу.

Силер ошондо аларды шылдыңдагансыңар . Ошонуңар а түгүл Мени зикир кылууну да силерге такыр унуттурган эле. Бүгүн Мен алардын сабыр кылганы үчүн сыйладым,алар ийгиликке жеткендерден болушту "-деп айтат.

(Анан алардан) Аллах: "Силер Жерде канча убакыт болдуңар?"-деп сурайт.

Алар: "Биз бир күн, же жарым күндөй эле болдук. Бирок эсептеп жүргөндөрдөн сурагыла  ",-дешет.

Аллах айтат: "Эгер билсеңер,силер аз эле убакыт болдуңар, Биз силерди жөн эле (ойноп) жаратып, силер Бизге кайра кайтпайбыз",- деп ойлогон белеңер?! »(Му 'минуун: 99'115).

     Ушул жазылгандарды окуп жатсаңыз сиз жарыктыктасыз,сизде мүмкүнчүлүк бар,ошондо эмнеге окуп амал кылбадым,угуп эмнеге аткарбадым,эмнеге? ,эмнеге?  Деген күн келгенче, балким чын эле ойлоноорбуз, бул сөздөр кимдер үчүн эч нерсе эместир.  Бирок мусулманмын дегендерге эскертүү болоор деп ойлоймун!

Насиба Абдуллаева.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы,Бактылуулуктун багыты! ,биз менен бирге болунуздар, бизге катталыныздар!".

Технологии Blogger.