Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком перзент. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мына ушул суроо менен мугалим студенттерге кайрылды. Эмне деген жооптор айтылбады дейсиң? Бири күнгө, бир асманга, дагы бири жерге теңеди, айтор аталардын кадыр-баркы ушунчалык көтөрүлдү дейсиң, тим эле бул жактагынын баары азыр эле ата боло калууну самап калышты. Бирок акыркы студенттин жообу башкача өңүттө уланып, аудиториянын маанайын түп тамырынан өзгөрттү. Жылмайган жүздөр сумсайды, күлкүлөр ыйга айланды. Кыз, бала дебей, баары муюп, кулак төшөп, бири көз жашын көрсөтпөй сүртсө, бири ачык эле бышактап…
Эми анын айтканын силерге айтпасам, силердин да, өзүмдүн да ичкеним аш болбос…
Анын жообу мындай болду:
Ата – бул, сен кичинекейиңде…
Анын чокоюн бутуңа илип, бутуң кичине, чокойдун чоңдугунан чалынып жыгыласың…
Анын көз айнегин тагынып, өзүңдү кыйын сезесиң…
Анын костюмун кийип, өзүңдүү олуттуу, сүрдүү сезесиң…
Оюңа келгенди андан талап кыласың, ал аны кубануу менен аткарат…
Каалаганыңды сурайсың, ал аны таап келет…
Кечинде сени моюнуна мингизип ары-бери чуркап ойнотот, сен кыткылыктап күлөсүң, бирок бүгүн ал жумуштан кандай чарчап келгенин билбейсиң…
Ата – бул, сен чоңойгондо…
Анын көөнөрүп, бозоргон чокоюна көңүл бурбайсың…
Анын эскилиги жеткен кийимдери эми сени кызыктырбайт…
Анын кыймылы сага жакпайт, сөздөрү кыжырыңды келтирет…
Сен кечигип, ал кыжаалат болуп, кечиккениң үчүн сени урушумуш болсо, сен аны көтөрө албай, эркин болууну самайсың…
Ага үнүңдү көтөрөсүң, аны кагасың, ал унчукпай калат… бирок сенден корккондугу үчүн эмес, сени жакшы көргөндүгү үчүн, сени кечиргендиги үчүн…
Эгер бели бүкүрөйүп сени менен жанаша басса, сен аны колуна жетелебейсиң, анткени сенин боюң эми андан узун…
Кечээ сенин тилиң чулдурап, туура эмес сүйлөгөнүңдө, ал күлүп, сени кучагына кысчу эле, бүгүн ал тили булдурап түшүнүксүз сүйлөсө, сен аны уккуң келбей тескери карайсың…
Негизгиси, ал кичинеңде да, чоңойгонуңда да сага өмүр тилейт, сен болсо анын батыраак өлүшүн тилейсиң…
Ал сени ымыркайыңда көтөрөт, бала бакчага көтөрөт, мектепке көтөрөт, оорусаң көтөрөт, соо болсоң да көтөрөт, өмүрү сенин түйшүгүңдү көтөрүү менен өтөт, а сенчи, сен аны табытка салып көтөргөндөн башка көтөрбөйсүң…
Ата мына ушундай, кимдин тагдырына ата болуу бактысы жазылса, бул айтылгандар анын башынан өтөт…
Атаңарга жакшы мамиле кылгыла, бир кезде атаң жаныңда турганда, жети баштуу желмогуздан коркпойт элең, ал сенин кубатың эле, мына ошол кубатыңдан кайсы бир күнү айрыларыңды унутпа…
Ата деген мына ушундай…

Запись Ата деген ким? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет кылалы. Алардын каалоолоруна конок берели. өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. «Билүү – бул кечирүү». Доктор Жоннсон «жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын» баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эми балдарды ыксыз жекирүү – адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – өрнөктүү ата экендигин унутпасак!.. (Дейл Карнеги)

Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурда китепканада гезит окуп отуруп, өз айбандыгымды байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жандүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көрг өнүмдө, катуу жекирип тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, каным кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып атканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызаланып, жандүйнөңдүн куурулуп аткандыгын уруп ойнободум. Мен шашылып жумушка баратканда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мага карап: «Жакшы барыңыз, атаке!» – деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жарабадым.

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. үйгө келатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. «Эмне болду, токтогун?!» – деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебиң жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?.. Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүмдөн эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп атканымды эми гана байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талабы таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң мунун далили. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок, эртең ден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө сөз бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда.

Сейитбек Идирисов


January 06, 2016 at 10:33AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Үй-бүлөө, ата, эне, балалуу, чакалуу болуу ар бир эле инсандын бирден бир тилеги болсо керек. Аллах Таалам бул табиятта барын жуп-жуп кылып, өнүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп койду. Үй-бүлөнү биринчи мамлекет айтсак туура болот эле. Анткени үй-бүлөөдө тарбия мыйзамы катуу болсо, жакшы келечек муундарды тарбияланып чыкмак. Биздин балдарбыз жакшы тарбияланса гана, окууларын ийгиликтүү бүтүп, эл ишине жараган инсандардан болуп чыккандар көп болмок. “Баланы жашынан катынды башынан”деген макалыбыз эң туура айтылган.

 Тарбияны кандай берсе туура болот?

Тарбия биринчи ата-энеден башталат, ата-эненин тарбиясы кандай?  Аларга көз каранды “алма-алманын астына түшөт”, “Энесин көрүп кызын ал” дегендей алар кандай болсо балдар ошого карап тарбия алышат. Эгер балаңыз, кызыңыз сизди укпай, жаман жолдорго түшүп жатабы? Анда сиз өзүңүзгө караңыз, өзүңүздөн издеңиз катаны, үй-бүлөдө эмнелер болуп жатат? Эрди-катын ортосунда эмнелер болуп жатат? Балаңызга жакшы сөздөрдү айтып же болбосо бир көйгөйү тууралу сурап жатасызбы? Ал кимдер менен жүрөт, убагында тамактанып, убагында уктап, убагында окуусуна барып жатабы? Эмнелер менен алек, эмнелерге кызыгат? Билүү керек. Үй-бүлөдө тарбиянын жоопкерчилиги биринчи атага байланыштуу. “Ата сырткы тон, эне ички тон  “, атадан бала коркуу керек, коркутуу десе бир жолу эле уруп-согу дегендик эмес, туура жолду, туура максатты түшүндүрүп, өзүнүн үй-бүлөөлүк мыйзамы болуш керек, ушундай кылсаң туура болот, мындай кылса туура болбойт деген тыюулары менен тарбиялаш керек. Эң негизгиси ыймандан баштоо керек тарбияны, адеп-ахлак, сый-урмат, жакшылык кылуу, ата-эне, туугандар, улууларды сыйлоо, жоопкерчиликке бекем болуу ушуларды көп айтып үйрөтүү керек.  А эне балга өз мээрими менен руханий жактан, жакшы сөздөрү, жакшы тамагы, таза кийим-кечесине кароо менен тарбиясын берсе болот. Мына ушунда  гана мөмөңүздүн жемишин алган болот элеңиз.  Баланын жакшысы, ыймандуусу, ийгиликтүүсү эл ичинде алкышка татыктуу болуусу-бул ата-энеге байланыштуу. . . .

Баланы тарбиялоодо дагы бир айтыла турган кеп,  ата баланы урушкан учурда эне эч качан болушпоо керек, анткени бала энесине таянып алат. Эч качан баланы эркелетпөө керек, айтканын кыла бересе ал чоңойгондо укпай билгенин кылып, эч нерсенин кадырына жетпей  ата-эненин шору болот. Кыздын эркеси кайын-журтуна батпас болот, уулдун эркеси  өз башыңа түшкөн таш болот. Мындай көрүнүштөр жашообузда көп кездешет, биздин жашообуздан алынган баласын эрке өстүргөн үй-бүлөө тууралу аз да болсо айтып өтүүнү туура таптым. . .

Бир ата-эненин бир уулу болот. Жалгыз уул деп айтканын кылып, бир да урушпай, каалаганы алып берип чоңойтушат. Бала чоңоюп жогорку окуу жайга да тапшырат, бирок баар жок ушул жерден башталат жашоодо кыйналып көрбөгөн жан окууну да окуп жалчытпайт. Окуусун акча менен бүтүрүп берет байкуш ата-эне. Үйдө андан өткөн бекерчи жок ата-энесин тапканын ичип, кийип каалаган жерине барып ичкенде ичип, чеккенде чегип кээ бир күндөрү үйүнө да келбеген күндөр болот. Мындан ахвалга түшкөн баласын ата-эне үйлөнтүп коюну туура көрдү.  Жакшы кызга үйлөнтүп да коюшту бирок баягы эле үйрөнгөн адат калабы болуп жаш эле ичип, ичкени аз келип аялында сабай баштады, ата-энени такыр укпайт, анткени атанда энеден да коркпойт ошентип тарбия алган. Эмне кылмак бэчара жаш келин тагдыр деп көз жумуп жүрүп эки балалуу болгонунда сезбей калды, таяк жей берип башы ооруй турган болду, бул көрүнүшкө күбө болгон жаш балдарын айтпай эле коёолу, а эне кан басымы көтөрүлө турган болуп, атанын болсо эл ичинде баш көтөрүп жүргөнгө болбой калды.  Эххх, ата-эне балам, балам деп олтуруп ушулбу алганың ыракмат! Эмне болду жашы отузга чыгып чыкпай аракечке айланды аялыда акырында чыдабай кетип калды, бул күйүткө чыдабай байкуш эне өлүп да калды, бирок наадан бала тообосуна кайттыбы жок дагы эле ошо, атасын кыйнап акчасын алат, толоң кылат. Буга чыдабаган ата өз калоосу менен каарылар үйүнө кетип калат, көп өтпөй ата да көз жумду. А акмак бала кайда жүргөнүн эч ким билбейт, бомж болуп кеттиби же өлүп калдыбы эч кимдин кабары жок. Мына бир үй-бүлөө жок болду, буга эмне себеп бул жагына өзүңүздөр сарсеп салып көрүңүздөр?

Мындай үй-бүлөлөр толтура бул бир чети гана. . .

Жакшы үй-бүлө куру үчүн, жакшы тарбия берүү үчүн, өзүбүздүн динбиз акыйкаттуу, адилетүү, таза Ислам дини менен жашоого чакырат элем.  Ислам дини өтө жеңил, туура дин анын ичиндеги мыйзамдар менен жашап тарбиялансак бизде эч кандай адашуу, ажырашуу, бээ баштык, бузулган кыздарыбыз, аракеч балдарыбыз, дубасыз чалдарыбыз болмок эмес. Ыймандуу атадан-энеден жакшы балдар тарбияланып чыгат, бул чындык, “ыймандуу үй-бүлөгө Аллахтын нуру толор, ыймансыз үй-бүлөөгө Аллахтын каары толор”,   “ыймандууну жакшылык, ийгилик, коштоп жүрөт, ыймансызды жамандык, балээ, шайтан колоп жүрөр “. Дин менен жашоодо ыймандын эң негизгилери болгон  сабырдуулук деген бар, биз дин мыйзамында жашасак жашообузда кандай көйгөй, кыйынчылык болбосун, барына шүгүр, жогуна сабыр кылып жашаганды үйрөнөбүз. Бул да балдарга таасирин берет, үйдөн эмнени көрсө бала ошого мюн сунуп, келечекте да өзү ошондой жол менен жүрүп жакшы ийгиликтерге жетишет. Дигиэле адамдын жакшы-жаман болуусу ыйманына жараша болот.

Үй-бүлөнүн жакшы болуусуна Пайгамбарыбыздын үй-бүлөсүнөн, сахабаларга берген тарбиясынан үлгү алып жашообуз керек. Анкени Пайгамбарыбыз Аллах Тааламдын тарбиясын менен алган инсан, бул биз үчүн сыймык жана туура жол. Пайгамбарыбыз башына кандай гана кыйын күндөр түшпөдү баарына сабыр кылды, сахабалары менен кеңешип кыйнчылыктарды, кайгылуу күндөрдү бирге өткөзүп, аягында жеңишке жетти.

Ар бир үй-бүлөдө ыйман болсо коом өзгөрөт, коом өзгөрсө мамлекет оңолот,  мамлекеттин өзгөрүүсү жаштардын колунда жана  ийгилигинде. . .

Насиба Абдуллаева,


January 05, 2016 at 03:16PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Алыскы айылдардын биринде, калкка кадырлуу, акылман карыя жашай турган. Ал балдарды өтө жакшы көргөндүктөн, дайыма алар менен ойноп, аларга ар кандай белектерди берип турчу. Бирок ал берген оюнчуктар дайыма жука жана өтө назик боло турган.

Балдар алар менен көпкө ойной алышчу эмес, себеби бат эле сындырып алышчу. Ыйлап келген балдарга карыя андан дагы батырак сына турган, назик оюнчук берчү. Канчалык аракет кылышпасын, балдар аларды да көп өтпөй эле сындырып алышчу. Бир күнү балдардын ата-энелери карыяга мындай дешет:

“Биз сизди абдан сыйлайбыз. Сиз биздин балдарыбызды жакшы көрөсүз, бирок дайыма аларга назик, бат эле сынып кала турган оюнчуктарды бересиз. Балдар аларды бат эле сындырып алышкандыктан, ызаланып ыйлап жатышат. Сиз берген оюнчуктар аябай сонун болгондуктан, ойногулары келсе дагы коркуп, ойной албай жатышат”,—дешет. Ошондо карыя:

“Бир аз убакыт өткөндө балдар чоңоюшат. Ошондо бирөө аларга жүрөгүн тартуулай турган учур келет. А мен балдарыңар андай назик, кымбат нерсени сындырбай уруна билүүгө азыртан үйрөнүп, кийин жашоодо кыйналышпасын деп жатам”.—деп жооп кайтарат.

Демек балдарыбызга кичинесинен баштап чоң турмушка карай туура багыт берүү абдан маанилүү. Себеби алар—биздин эртеңки келечегибиз.

“Балдарды чын дилден сүйүп, аларды коргоо—тозоктон сактанууга себеп болот”. (Хадис)

“Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт”. (Эл нускасы)

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”. (Макал).


December 28, 2015 at 04:48PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайсы заманда экени белгисиз, кыскасы бир шашма адам жашаган экен. Ал үйлөнгөндөн кийин бир канча жыл балалуу болбой жүрүп, акыры балалуу да болот. Аялы экөөсүнүн кубанычтары койнуна батпай баласын бапестеп багып жүрүшөт.

Бир күнү аял адаттагыдай эле баласын күйөөсүнө калтырып, карай турган адамы жок жалгыз кемпирдин тамак-ашын даярдап, кир-когун жууп берүү үчүн чыгып кетет. Кашайып ошол учурда бир топ желдеттер келип:

-Сени хан чакыртып жатат, кечикпестен биз менен жүр! – деп талап кылышат. Тиги же баласын таштай албай, же хандын талабын жок дей албай айласы кетет. Акыры бир чечимге келип, баласын жаткырып, жанына үйдөгү чоң мышыгын калтырат да, жолго чыгат.

Алар үйдөн узап кеткен соң босогонун алдынан бир кара чаар жылан сойлоп кирип, балага жакындай баштайт. Сергек мышык анын алдынан тосуп, экөө арбаша кетишет. Акырында мышык так секирип жыланды кекиртектен тиштейт да, муунтуп өлтүрөт. Башы-көзү канга боёлгон мышык, өз эрдигине корстон боло эшик алдына жата кетет. Хан сарайдан шашып келген үй ээси эшиктен кирип эле, оозу-мурду канга боёлуп уктап жаткан мышыкты көрүп нес болуп калат.

Оюна жамандыктан башка эч нерсе келбеген үй ээси «Сага ишенип таштап кетсем, сен ушуну кылдыңбы» деп кыйыкырып, колундагы таягы менен мышыкты башка чаап өлтүрөт.

Анан таягын сүйрөп, шалдайып төркү бөлмөгө кирет. Кирсе баласы жаткырган жеринде мемиреп уктап жатат. Баланын аяк тарабында канга боёлгон жансыз жылан суналып жатыптыр. Иштин төркүнүнө эми түшүнгөн адам өз шашмалыгына өкүнүп, таягы менен башына чапкылагысы келет. Бирок, өткөн ишке өкүнгөн менен айла жок эмеспи, бармагын тиштеп отуруп калгандан башка айла жок.

The post Шашкан шайтандын иши appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 26, 2015 at 04:30PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Биз ата-энелерге перзенттер кандай урмат кылышы керек туурасында өтө көп айттык. Бирок ошол эле учурда ата-эне дагы перзенттерине эмне кылуусу керектиги туурасында көптөгөн окуялар көптөгөн хадистер көптөгөн сөздөр бар. Мына ошол сөздөргө ин шаа Аллах кулак салабыз.
كَانَ سُفْيَانُ الثَّوْرِيُّ , يَقُولُ : حَقُّ الْوَلَدِ عَلَى الْوَالِدِ أَنْ يُحْسِنَ اسْمَهُ ، وَأَنْ يُزَوِّجَهُ إِذَا بَلَغَ ، وَأَنْ يُحْسِنَ أَدَبَهُ
Азирети Суфян Ас – Саврий (рохимаху Аллахи Таала анху ) айтат:

“Перзенттин ата-энедеги акысы: анын атын жакшы коюсу, көркөм жакшы ат тандап коюсу, балагатка жеткенде үйлөндүүрүсү жана анын адеп-ахлагын көркөм бир адеп-ахлак кылууга аракет кылуу” – деди.

Мына ушул риваятта перзенттин ата-энедеги акылары туурасындагы акылардан үчөөсү зикр кылынган.
Биринчиси: Ата-эне өзүнүн баласынын, кызынын, перзентинин атын өтө кооз көркөм жана мусулманча кылып коюусу керек. Айрыкча биздин кыргыздарда ат койгондо өтө аша-чаап кеткен учурлар кездешип калат. Ээрчиме эл болуп ошол ээрчимелигибиз ат койгондо дагы калбайт. Мисалы үчүн Итибай, Күчүкбай, Тешебай деген аттарды дагы коюшат. “Эмне минтиң?” – десең, “Эптеп ошол тешедей болуп адамдарга жарап жүргөн болсо ошол болот. Итибай, Күчүкбай ошондой күчүктүн баласындай жүрсө деле болот” – дешет.

Айтор ушуга окшогон аттарды коюшат. Ат койгондо адам өтө бийик маанилерди ойлонуп жакшы адамдардын, пайгамбарлардын атынан коюсу керек болот. “Эптеп эле болсо болду. Эл арасында жүрсө болду” – деп эмес, жогорку деңгээлди алыш керек. Ал эмес биздин элибизде туура эмес түшүнүк бар. Чоң аттарды койсо, атты көтөрө албай калды деп туура эмес түшүнүктү айтышат. Атты көтөрө албай калды деген сөз жок! Ал туура эмес түшүнүк. Көтөрөт! Аттын баардыгы жакшы.

Пайгамбарыбыз:

“Пайгамбарларынын аттарынан койгула. Ошондой эле Абдурахман, Абдулла деп койгула”- деген.

Жакшы аттар бар. Демек ата-эне ат тандаш керек. Анан кээде ат койгондо мусулманча эмес аттарды коюп, мисалы үчүн Марсель деп коёт. Башка деп коюп алышат. Эми ошол дин суздап турган убакта коюлуп калган аттар. Айтор ата-эне баласына атты тандап эң жакшы мааниси бар, эң бир көркөм, бала уялбай турган деңгээлдеги аттар коюлуусу кажет.
Экинчиси: Перзент балагатка жеткенде аны үйлөп коюуу керек. Эгерде кыз бала болсо турмушка чыгарып, эгерде уул бала болсо аны үйлөө ата-эненин мойнундагы милдети болуп эсептелет.
Андан кийинкиси: Ошол перзентине ата-энеси адеп бериш керек. Аллах Таала ырыскыны камсыз кылган. Биз адеп берүүгө милдеттүүбүз. Ошондуктан балдардын адебин жакшылап бере турган болсок ин шаа Аллах балдарыбыз жаман жакка кетпейт.
عَنْ أَبِي الْمُعْتَمِرِ ، قَالَ : تَذَاكَرُوا عِنْدَ عُمَرَ بْنِ عَبْدِ الْعَزِيزِ ، فَقَالَ رَجُلٌ : بَلَغَنِي أَنَّ الْمَوْلُودَ إِذَا مَاتَ وَلَمْ يُسَمَّ يَقُولُ لأَبِيهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تَرَكْتَنِي وَلا اسْمَ لِي
Азирети Абу аль-Муътабирден риваят кылынат: Умар ибн Абдулазиздин алдында чогулулушуп отурат эле. Ошол жерде көп сөздөрдү айтышты. Ошол жерде бир адам айтты мага кабар жетти (Пайгамбарыбыздан же сахабалардан). Бир сөз уктум дейт. Ат коюлбай туруп өлүп калган бала Кыямат күнү атасына “мени ысымсыз, атсыз калтырдың” – деп айтат деди. Демек төрөлгөн балага жакшы ат коюу атанын милдети болот. Маани бербей коюп, ага көңүл бурбай коюп, ат коюлбай калат. Эгерде жаңы туулган балада жандын бар экендиги билинсе, жандын бар экендиги сезилсе, ага дароо ат коюш керек. Атасы мына ушул аталык милдетин аткарууга шашылыш керек. Кудай сактасын бирок төрөлгөн баланын аты коюлуш керек болуп туруп, атсыз өлүп калып, андан кийин атсыз көмүлүп калган болсо, Кыямат күнүндө: “Мен туулганда жаным бар эле! Мага ат коюшуң керек эле! Мени аты жок калтырдың!” – деп ошол бала доогер болот. Ошондуктан эгерде бала төрөлгөндө, төрөлүп эле үн чыгып өлө турган болсо ага ат коюлуп, андан кийин кадимкидей ошол баланы көмгөнгө туура келет. Ата-эне баланы багуусу, жедирип-ичиндирүүсү, кийиндирүүсү, жууп-тароосу, аны тазалоосу милдет болот. Жаңы төрөлгөн бала төрөлүп эле өлүп кала турган болсо “Эмне үчүн мага ат койгон жоксуң?” – деп доогер боло турган болсо, албетте мындан башка дагы өзүнүн укуктарына ал доогер болуп талап кылат. Перзенттин укуктары жөнүндө кээ бир маалыматтарды бере турган болсок Ислам динибизде перзенттин укуктары өтө камкордукка алынган. Ата-эне же алардын туугандары, ошол жердеги коомчулук ошол балдарды тарбиялоого милдеттүү болуп эсептелет. Балдардын тарбиясын, балдардын укуктарын берүү үчүн азыркы учурда ар кандай НПОлор, ар кандай коомдор, уюмдар балдардын укугу дейт. Бирок динибизде айтылгандай балдардык укугу эч бир жерде корголгон дагы, козголгон дагы эмес.
Ошол балдардын укуктарынын биринчиси балдардын тегин сактоо. Тек нике менен сакталат. Ошон үчүн никеси жок, көрүнгөнгө кошулуп отуруп, анан бир күн анданбы же мынданбы белгисиз болуп, теги белгисиз болуп төрөлүп кала турган болсо бул жакшы эмес иш. Никенин негизги максаттарынын бири мына ушул – текти сактоо. Үй-бүлө дагы, коом дагы мунсуз болбойт. Ошон үчүн перзент ата-энесинин никеси болуп, никеден кийин никелүү болуп төрөлгөнгө укуктуу. Ошол укукту алып берип койбошубуз керек.
Андан кийинки балдардын укуктарынын бири боло турган перзентке ылайык болгон ата жана энени тандоо. Бул, эгерде адам эркек болсо өзүнүн келечектеги балдарынын энесин тандоого өтө аракет көрүү керек. Таза, жаман жолдо жүрбөгөн, жакшы тарбия алган, адептүү адамга үйлөнүп, ошол баласынын энесин туура тапканга эркек милдеттүү болот. Ошондой эле аял заты дагы келечектеги балдарынын атасын тапканга аракет кылыш керек. Көрүнгөнгө эмес, ата боло турган, балдары атам деп сыймыктана турган адамга турмушка чыккандын аракетинде болуу керек. Ал үчүн аракет кылыш керек. “Болсо беш болбосо он беш” – деп күйөөгө тийип кетип калбастан, аракетин көрүш керек.

Азирети Айша радыя Аллаху Таала анха айтат:

“Силер өзүңөрдүн урук тууганыңарга, уругуңарга ылайык болгон үй-бүлөнү тандагыла. Өзүңөргө ылайык болгон адамга үйлөнүп, келечекте балдарыңар: “Эмне үчүн менин энем ушул болуп калды же менин атам ушул болуп калды?” – деп өкүнбөй турган таризди кармагыла”.

Имам Ибн Маажа, имам Даарукутний мына ушундай риваят кылышат.
Андан кийинки перзенттин укуктарынын бири эмизүү болуп эсептелет. Төрөлгөн бала эмизилүүгө муктаж. Бул эненин милдети. Кайсы бир шарий үзүр себеп менен эне эмизе албай калса, анда эмизүүчүнү табып, аны ыраазы кылуу атанын милдети болуп эсептелет.

Аллах Таала Бакара сүрөсүндө:

“Ким эмизгенди мукаммал кылып, толуктаганды кааласа, энелер перзенттерин толук эки жыл эмизсин” – дейт.

Перзеттерди эки жыл эмизүү – перзенттин акысы. Эгерде андан мурда эмизбей коё турган болсо, энеси же атасы күнөөңкөр болот. Анткени перзеттин укугун тебелеген болуп эсептелет. Эгерде перзенттер энесинин сүтүн иче турган болсо анын денеси же анын руханий өсүшүнө дагы ошол өтө жардам берет. Эненин сүтү менен баланын сөөктөрү катып, эненин сүтү менен баланын башка тараптары да өсүп-өөрчүйт. Эки жыл деп Кураани Каримде айтылды. Бирок акыйкаттан адашып кеткен инсаният 1400 жылдан кийин ошону түшүнүп жетти. Азыркы илимий текшерүүлөрдөн кийин жаш балага эң жакшы азык эненин сүтү жана толук эки жыл эмизгенде бала толук ошондон жакшы пайда алат деген маанини азыр айтып турушат. А мындан 1400 жыл мурда Кураану Каримде ушундай маани келген.
Ошондой эле баланын ата-энесиндеги акыларынын бири балага ылайык көркөм жакшы ат-ысым тандоо. Ар бир адам өзүнүн ысымдары менен сыймыктанат.

Пайгамбарыбыз:

“Аттардын ысымдардын эң жакшысы анын пенделик жана мактоону билдирип тура турган ысымдар” – деп айтты.

Ошон үчүн Абдуллах, Абдуррахман, Абдуссаттаар деген аттарды койсо Аллах Тааланын пендеси деген маанини туюндурат. Андан сыркары Хамидуллох Аллах Таалага мактоолор болсун деген ат же болбосо ошол сыяктуу пайгамбарлардын аттары же сахабалардын аттары же мурдагы өткөн азиздерибиздин аттарын коё турган болсок, булар жакшы аттар болуп эсептелет. Ошондой эле кыздарыбызга дагы илгери өткөн ыймандуу, илгери өткөн энекелерибиздин, сахаба аялдардын аттарын коюп жана жакшы аттарды коё турган болсок албетте бул нерсе жакшы болот

Шейх Чубак ажыЖалилов

The post Балдарга жакшы ат коюу appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 22, 2015 at 10:46PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

( Болгон окуяларга негизделген)

The post Эненин чыдамкайлуулугу, эр жүрөктүүлүгү жана сүйүүсү. appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 20, 2015 at 07:44AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жан-дүйнөгө таасирдүү, тарбиялык мааниси зор социалдык роликтерди кыргызчага которо баштады. “Менин атамдын окуясы” аттуу бул таиланддык видео долбоорду субтитр аркылуу кыргызчаладык. Жактырган чет элдик ролигиңиз болсо, которуу үчүн сунуштасаңыз болот.

“Insan.kg”

The post Менин атам жалганчы appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 17, 2015 at 03:39PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштайм!

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВга салам-салаваттар болсун!

 

“Перзент”

 

✏…Аят: “Асман менен жердин бийлиги Аллахка гана таандык. Ал каалаганын жаратат: Кимге кааласа кыз, кимге каласа уул берет же ал уулдарды да, кыздарды да берет. Кимди кааласа тукумсуз кылат. Анткени Ал – билүүчү жана кудуреттүү”(Шуура;49-50).

 

✏…Хадис: “Перзенттин жыты – Бейиштин жыты!”

 

✏…Окуя: “Аллах сени Мусага кошуна кылсын!”

 

Азирети Муса: – Оо, Жараткан Аллахым! Мага Бейиштеги кошунамдын ким экендигин айт, – деп сурады. Аллах Таала Мусага(а.с): – Баланча жерге бар. Сенин кошунан баланча жердеги касапчы, – деп буйрук берди. Азирети Муса белгиленген жерге бет алды. Касапчыны таап, анын үйүнө конок болду.

Касапчы кечке жуук үйүнө кайтып келе жатканда, бир аз ала келген болчу. Үйүнө келип, коноктон уруксат алып, ал этти бышырат. Шыпка илинген, камыштан жасалган себеттин ичинде отурган энесин түшүрүп, астын арчып, этти майда-майда кылып бөлүп анын оозуна салып жатты. Муса(а.с) бейиштеги кошунасын ким экендигин биле баштаганда, бир добуштун чыкканын угуп:

– Эмне деп жатат? – сурады.

Касапчы энесин шыпка илгенден кийин мынтип айтты: – Бул менин энем. Мен аны бир нече жылдан бери ушундай кылып жедирип -ичирип, баардык керектөөлөрү менен камсыз кылып келе жатам. Ал мага ар дайым уулум, Аллах сени бейиште Муса менен кошуна кылсын деп дуба кылат, – деди.

Ошол убакытка чейин өзүн ким экендигин жашырган Муса Пайгамбар өзүнүн Муса(а.с) экендигин кабар берип, бейиштеги кошунасын сүйүндүрдү.

 

📗”Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя” китебинен

 

👪”Бактылуулук формуласы”

http://ok.ru

The post Перзент appeared first on FORMULA.KG.


October 15, 2015 at 09:22AM
Технологии Blogger.