Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком сыр. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Башкаларды сындагандан көрө аларды түшүнгөнгө аракет кылалы. Алардын каалоолоруна конок берели. өз ара түшүнүүчүлүк, жагымдуу маанай, адамдык мамиле курулай сындан алда канча пайдалуу. «Билүү – бул кечирүү». Доктор Жоннсон «жадагалса, Жараткан Кудай дагы адам о дүйнөгө кеткенге чейин жазалабай тургандыгын» баса белгилеген. Түркөй адамдар гана башкаларды айыптоону өнөр катары ташып жүрүшөт. Ал эми балдарды ыксыз жекирүү – адамдыгы жолго коюлбаган башы кара, буту айрынын иши. Чыныгы ата – өрнөктүү ата экендигин унутпасак!.. (Дейл Карнеги)

Сөзүмө кулак сал, уулум! Буларды сен мемиреп терең уйкуда жаткан кезде айтып жатам. Болпойгон колдоруңду жаагыңа коюп, жыбылжып тердеп турасың. Бөлмөңө бир ууру сыяктуу байкатпай кирип келдим. Бир канча мүнөт мурда китепканада гезит окуп отуруп, өз айбандыгымды байкап, кайгым кара тумандап, дем алдырбай муунткан бир толкун сыяктуу жандүйнөмдү арбап алды. Бир күнөөкөр өңдүү сенин жаныңа келдим. Эмнелерди гана ойлонбодум дейсиң, уулум?

Эртең менен эртелеп эле сага ачууландым… Мектепке баруу үчүн кийинип жатканыңда, сени жүйөөсүз себептер менен урушуп кемсинттим. Анткени, бетиңди чала аарчыптырсың. Бут кийимдериңдин кир болгонун көрг өнүмдө, катуу жекирип тазалаттырдым. Буюмдарыңдын жерде чачылып жатканын көргөнүмдө, каным кайнап, сага кыйкырдым. Тамактанып атканда, күкүмдөрдү түшүрүп, чайды төгүп алгандыгың үчүн жана дагы бир жекирдим. Ансайын сенин мага ызаланып, жандүйнөңдүн куурулуп аткандыгын уруп ойнободум. Мен шашылып жумушка баратканда, сен досторуң менен ойноп жүрүптүрсүң. Мага карап: «Жакшы барыңыз, атаке!» – деп кол булгаладың. Мен болсо кабагымды чытып, ооз ачканга да жарабадым.

Кечкисин үйдөгү маанай дагы эле супсак эле. үйгө келатсам, досторуң менен чуркап ойноп жүрүптүрсүң. Бутуңдагы кымбат баалуу байпагыңдын жыртылганын көрүп, досторуңдун алдында аябай кемсинттим, жемеледим.

Ойлончу уулум, буларды сага атакең айтып жатат. Эстедиңби? Андан кийин башыңды жерге салып, сабак даярдоочу бөлмөңө жөнөдүң. Көздөрүңдүн жалыны өчүп, өңүң купкуу эле. Артыңдан кирип, сени теше тиктегенимде, сен чыгып кетүүгө шашылдың. «Эмне болду, токтогун?!» – деп кыйкырдым. Эч нерсе айтпастан, жаныма келип мойнумдан кучактап, өөп, ыйлап жибердиң. өпкөң көөп ыйлап, эшикти көздөй чуркап чыгып кеттиң. Колумда турган китебиң жерге түшүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Мага эмне болду?.. Сенин кемчиликтериң гана көзүмө көрүнөт. Атайылап издегендеймин… Ата сөрөй катары мен сени сүйбөгөндүгүмдөн эмес, өтө эле көп нерсе күткөндүгүмдөн ошондой болуп жаткандыгын байкадым. Мен сени өз доорумдун талаптарына ылайык көрүп атканымды эми гана байкадым. Көрсө, сенин дооруңдун талабы таптакыр башка турбайбы?! Болбосо, сенин жакшы жактарың абдан көп. Жүрөгүң таза. Менин сага кыйкырганыма карабай, келип кучактап өпкөнүң мунун далили. Бул түнү мен буга чейин кетирген акмакчылыктарымды сезип, төшөгүңдүн жанында тизе бүгүп, уялып отурам. Буларды сен ойгоо кезде айтып түшүндүрө албайм. Бирок, эртең ден баштап татыктуу, сен сыймыктанган, өрнөгү менен тарбиялаган, жароокер ата болууга ниеттенип, өзүмө сөз бердим. Сени менен жакшы нерселер жөнүндө сүйлөшүп, ойноп, кубансаң кубанам. Оозумдан жаман сөздөр чыгарда, тилимди тиштейм. Сенин жаш бала экениң, улууларды көрүп калыптана тургандыгың анык эмеспи… Кечээ эле апакеңдин боорунда жаткан наристе элең. Башыңды ага жөлөп, мемиреп уктаган мезгилдериң көз алдымда.

Сейитбек Идирисов


January 06, 2016 at 10:33AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абышка-кемпирдин түтүн-бу­латканына алтымыш жыл болду. Жа­шоонун бир караганга узун, бирок көз ачып жумганча өтүп кеткен бул ирме­мин экөө ынтымак, бакыт менен өткө­рүштү. “Казан аяк кагышат” деп коёт эмеспи эл ичинде, булардын казан аягы да кагышкан жок. Мунун сыры эмнеде деп ойлоп калдыңызбы? Мунун сыры кичинекей темир сандыкчанын ичине катылган болчу. Баса, абышка-кемпир эч качан сырларын жашырышчу эмес. Алардын жашоосунда баары ачык бол­чу. Болгону баягы эле кичинекей сан­дыкча сырдуу эле. Ооба, ал абышкага гана сырдуу болчу. Колуктусу босого­сун аттаганда ошол сандыкчаны көтөрө келген эле. Алгач анын кооздугуна сук­танып, колуна алып көрүү үчүн жанына барганда, жаш жубайы акырын гана:

– Сүйүктүүм, бул менин сыр сан­дыгым, сизден сураныч, мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбе­ңиз, – деген жылмайып. Көөдөнүндө жубайына болгон сүйүүсү ашып турган жигитке аны сөзү мыйзамдай сезилди. Колун акырын тартып алды. Ошол күн­дөн ушул күнгө чейин сандыкты көзү менен гана карап койгону болбосо, ага кол суна элек. Бир канча жолу батынып анын сырын сурагысы келди, бирок “Мен уруксат бермейинче ага колуңуз­ду тийгизбеңиз” деген жагымдуу үн ку­лагына жаңырып, жагымдуу жаштыгы эсине түшүп кыялга батат да, сандыкты эсинен чыгарып коёт. Мына андан бери арадан алтымыш жыл өтсө да сандык сырдуу бойдон турат.

Кемпирдин ооруусу күчөп, тө­шөккө жатып калды. Табып көпкө че­йин тамырын кармап, абышканын ку­лагына: “Байбиче адам боло албайт, аркы-беркисине камына бер” деп шы­бырады. Абышка кайгыга батты. Өмүр­лүк жарыңды жаш кезиңде канча сүйбө, канча жакшы көрбө андан ажыроо ал кезде жеңил болот. “Катын жолдо, бала белде” дейт эмеспи. Дагы бирөөнү таап аласың да, аны бат эле унутасың. Би­рок, карыгандыкы кыйын. Картайганда кемпирден жетим калгандан сактасын Кудай. Абышканын муундары бошо­шуп кетти. Сексендин сересине чыгып калса да, баскан-турганы тың абышка, бир күндө өзүн таштап жиберди. Кере­бетте кыймылсыз жаткан кемпир да өз абалын билип калды. Абышкасынын колунан акырын сылап, текчедеги сан­дыкчаны алып келүүсүн суранды. Кал­тыраган колдору менен сандыкчаны кармап, абышка кемпирге алып келди. “Ача бер” дегендей белги берди кемпир, жылмайып. Абышка сандыкчаны ачты. Кызык, сандыкчада кийизден жасалган эки куурчак, баштык толо күмүш тен­гелер бар экен. Кемпир алсыз колдору менен куурчактарды кармалап, абышка­нын суроолуу көз карашына жооп кыла күбүрөдү:

– Мен сизге жаңы турмушка чыккан күнү чоң энем мага насаатын айтты: “Эркек менен жашоо өткөрүү абдан оор, эгер бүгүнкү чыгып жаткан сапарыңдын ийигиликтүү болуусун каа­ласаң, менин бир осуятымды өлөр-өл­гөнчө аткарып өт” – деди ал. – “Менин осуятым ушул: качан күйөөңө ачууң келгенде кийизден бир куурчак жаса жана ачууңду күйөөңө билдирбе, бир күн келет сен бул ишиңе ыраазы боло­суң”. Мен чоң энемдин осуятын атка­рып, сизге ачууланган сайын бирден куурчак жасап койчумун.

Кемпирдин жанатан берки икая­сын угуп отурган абышка азыр эле ба­шына түшүп турган кайгыны эсинен чыгарып, көздөрү күлмүңдөй түштү:

– Сен мага ушунча жылдын ичинде болгону эки эле жолу ачуулан­дыңбы, демек, мен татыктуу күйөө боло алган турбаймынбы?

Ооба, абышка чындап эле ку­дуңдай түштү, анан баштык толо тенге­лерди колуна алып:

– А булардын сыры эмне, булар кайдан келген? – деп сурады. Кемпир­дин көздөрү жашылдана түштү, жыл­маюуга аракет кылды, үнү жанагыдан алсыз чыкты:

– Булар ошол куурчактарды сат­кандан түшкөн акча.

Абышканын жанагы кубанычы суу сепкендей болду. Кемпирдин алсыз колун кармап, көзүнө жаш алды. Ушун­чалык көп ачуусун басып сабыр менен жашаганына ыраазылык айтып, кечи­рим сурайын деп кемпирине үңүлө ка­рады. Бирок…

“Бейиш”

The post Сырдуу сандык appeared first on FORMULA.KG.


October 05, 2015 at 10:16AM
Технологии Blogger.