Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Урмат-сый. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Уулум! Кызым! Баамчыл болуп, ата-эненин ызатын, урматсыйын моюнга алышың парз. Ошондуктан перзенттин тиреги ата-эне да. Эмне үчүн мен ата-энемди урматтап жатам деп көңүлүңө күдүк нерсе кетпесин. Сезгин! Алар сен үчүн өлүмгө да даяр экендигин. Эгер ар бир перзент баамчыл жана зирек болсо, ата-эненин мээршыбагасына карк болуп, алардын айтканын аткаруудан баш тартпайт. ата-эненин милдети сени бөпөлөп өстүрүү жана сага жакшылык кылуу.
Уулум! Кызым! Эсиңде болсун! ата-эненин көңүлүнө азар бербе жана алардын жүрөгүн кайгы менен азапка кириптер кылбагын. Сен ата-энени дин жолунда ызаттап сыйлоону, урматтоону каалабасаң дагы, аларды адамкерчилик менен аздыркөптүр жайдары мүнөз көрсөтүп ызаттагын. ата-эне сени жандили менен алпештеп, бапестээрин эсиңе тут. Эгерде сен алардын көңүлүн оорутуп, кайгыга дуушар кылсаң, анда сен эч убакта сыйга татыктуу болбойсуң. Адатта ар кандай адам ата-эненин жакшылыгын билбесе, бирөөнүн жакшылыгын баалай албайт. Сен өз перзентиңден урматсый көрүүгө үмүткөр болсоң, өзүң дагы ата-энеңди урматтай билгин. Арийне, сен ата-энеңе кандай ызаат көрсөтсөң, перзентиң да сага дал ошондой урмат көрсөтөт. Перзент мөмөгө, ата-эне даракка окшош. Даракты жакшы баксаң, мөмөсү даамдуу, таттуу болот. Ошол сыяктуу эле ата-энеңе көбүрөөк урматсый көрсөтсөң, алар да сага деген ак батасын аяшпайт. Мурас алып калуу үчүн ач көздүк менен ата-энеңин өлүмүн тилебегин. Малың жок караманча тамаяк болсоң дагы, акыл жагынан бай болууга аракеттенгин. Мал топтоп дөөлөттүү болгондон көрөкчө акыл топтоп аброюңду көтөргүн. Арийне, акыл менен мал топтоого болот, а мал менен акыл топтоого болбойт. Түркөй бачым жакырданат. Эсиңде болсун, акыл ушунчалык баалуу нерсе, аны ууру дагы алып кете албайт. Акыл отко күйбөйт, сууга чөкпөйт. Эгерде акылың жетик болсо өнөр үйрөн. Анткени, өнөрсүз акылкейпи кеткен жылаңач дене шекилдүү. Байыркы бабалардын: «Акыл кутубилим» — деген сөзүн эсиңден чыгарба.

http://muftiyat.kg/

The post Ата-энени урматтоо туралуу… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 13, 2015 at 03:51PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абышка-кемпирдин түтүн-бу­латканына алтымыш жыл болду. Жа­шоонун бир караганга узун, бирок көз ачып жумганча өтүп кеткен бул ирме­мин экөө ынтымак, бакыт менен өткө­рүштү. “Казан аяк кагышат” деп коёт эмеспи эл ичинде, булардын казан аягы да кагышкан жок. Мунун сыры эмнеде деп ойлоп калдыңызбы? Мунун сыры кичинекей темир сандыкчанын ичине катылган болчу. Баса, абышка-кемпир эч качан сырларын жашырышчу эмес. Алардын жашоосунда баары ачык бол­чу. Болгону баягы эле кичинекей сан­дыкча сырдуу эле. Ооба, ал абышкага гана сырдуу болчу. Колуктусу босого­сун аттаганда ошол сандыкчаны көтөрө келген эле. Алгач анын кооздугуна сук­танып, колуна алып көрүү үчүн жанына барганда, жаш жубайы акырын гана:

– Сүйүктүүм, бул менин сыр сан­дыгым, сизден сураныч, мен уруксат бермейинче ага колуңузду тийгизбе­ңиз, – деген жылмайып. Көөдөнүндө жубайына болгон сүйүүсү ашып турган жигитке аны сөзү мыйзамдай сезилди. Колун акырын тартып алды. Ошол күн­дөн ушул күнгө чейин сандыкты көзү менен гана карап койгону болбосо, ага кол суна элек. Бир канча жолу батынып анын сырын сурагысы келди, бирок “Мен уруксат бермейинче ага колуңуз­ду тийгизбеңиз” деген жагымдуу үн ку­лагына жаңырып, жагымдуу жаштыгы эсине түшүп кыялга батат да, сандыкты эсинен чыгарып коёт. Мына андан бери арадан алтымыш жыл өтсө да сандык сырдуу бойдон турат.

Кемпирдин ооруусу күчөп, тө­шөккө жатып калды. Табып көпкө че­йин тамырын кармап, абышканын ку­лагына: “Байбиче адам боло албайт, аркы-беркисине камына бер” деп шы­бырады. Абышка кайгыга батты. Өмүр­лүк жарыңды жаш кезиңде канча сүйбө, канча жакшы көрбө андан ажыроо ал кезде жеңил болот. “Катын жолдо, бала белде” дейт эмеспи. Дагы бирөөнү таап аласың да, аны бат эле унутасың. Би­рок, карыгандыкы кыйын. Картайганда кемпирден жетим калгандан сактасын Кудай. Абышканын муундары бошо­шуп кетти. Сексендин сересине чыгып калса да, баскан-турганы тың абышка, бир күндө өзүн таштап жиберди. Кере­бетте кыймылсыз жаткан кемпир да өз абалын билип калды. Абышкасынын колунан акырын сылап, текчедеги сан­дыкчаны алып келүүсүн суранды. Кал­тыраган колдору менен сандыкчаны кармап, абышка кемпирге алып келди. “Ача бер” дегендей белги берди кемпир, жылмайып. Абышка сандыкчаны ачты. Кызык, сандыкчада кийизден жасалган эки куурчак, баштык толо күмүш тен­гелер бар экен. Кемпир алсыз колдору менен куурчактарды кармалап, абышка­нын суроолуу көз карашына жооп кыла күбүрөдү:

– Мен сизге жаңы турмушка чыккан күнү чоң энем мага насаатын айтты: “Эркек менен жашоо өткөрүү абдан оор, эгер бүгүнкү чыгып жаткан сапарыңдын ийигиликтүү болуусун каа­ласаң, менин бир осуятымды өлөр-өл­гөнчө аткарып өт” – деди ал. – “Менин осуятым ушул: качан күйөөңө ачууң келгенде кийизден бир куурчак жаса жана ачууңду күйөөңө билдирбе, бир күн келет сен бул ишиңе ыраазы боло­суң”. Мен чоң энемдин осуятын атка­рып, сизге ачууланган сайын бирден куурчак жасап койчумун.

Кемпирдин жанатан берки икая­сын угуп отурган абышка азыр эле ба­шына түшүп турган кайгыны эсинен чыгарып, көздөрү күлмүңдөй түштү:

– Сен мага ушунча жылдын ичинде болгону эки эле жолу ачуулан­дыңбы, демек, мен татыктуу күйөө боло алган турбаймынбы?

Ооба, абышка чындап эле ку­дуңдай түштү, анан баштык толо тенге­лерди колуна алып:

– А булардын сыры эмне, булар кайдан келген? – деп сурады. Кемпир­дин көздөрү жашылдана түштү, жыл­маюуга аракет кылды, үнү жанагыдан алсыз чыкты:

– Булар ошол куурчактарды сат­кандан түшкөн акча.

Абышканын жанагы кубанычы суу сепкендей болду. Кемпирдин алсыз колун кармап, көзүнө жаш алды. Ушун­чалык көп ачуусун басып сабыр менен жашаганына ыраазылык айтып, кечи­рим сурайын деп кемпирине үңүлө ка­рады. Бирок…

“Бейиш”

The post Сырдуу сандык appeared first on FORMULA.KG.


October 05, 2015 at 10:16AM
Технологии Blogger.