Менин ислам динине кирүүмө ысырык саткан кара катын себеп болгон, - деп сөзүн баштады профессор. Студенттер менен болуп жаткан жолугушууда, андан эмне үчүн ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүшкөн болчу. Профессор мурун учуна илинип турган көз айнегин өйдөгө түртүп коюп, сөзүн улады:
- Ысырыкты баарыңар билесиңер, эгерде үйдө тумоо башталса, аны сөзсүз түтөтүү керек. Ал микробдорду өлтүрүп, тумоонун жайылуусуна бөгөт коёт. Бир жолу менин үй-бүлөмдө да ушундай абал болду. Кокустан эле кемпирим чүчкүрүп-бышкырып калды. Өзүмдүн да денем оорлогонун байкадым. Кызымдын да мурду бырылдап калыптыр. Дароо эле тээ кабат үйлөрдөн ары боштуктагы жайма базарды көздөй жөнөдүм. Ал жерден эмнелерди гана табууга болбойт? Адамдар ал жердегилерди "тентигендердин базары" деп тоотушпайт. Мен болсо майда-чүйдө нерселерди ал жерден көп таап келем. Бул жолу да жолум болду. Базардын оозундагы катарда эле ысырык сатып олтурушуптур. Сөзүнүн ушул жерине келгенде, профессордун көз айнеги дагы мурун учуна түшүп калды. Бирок, сөзгө берилгендиктенби, же түшмөктөн түшүп калсын дедиби, айтор ага көңүл бурбастан сөзүн уланта берди:
- Мен алгачкы олтурган, кара жолукчан кара катындан эле ысырык алып кайтууну ниет кылдым да, бир боосун колума алып, акча төлөмөкчү болдум. Бирок, тиги:
- Мырза, булар сатылбайт, сиз мобул кошунамдан алыңыз, - деп калды. Мен колумдагы ысырыкты ага кайтарып берип, кошунасына кадам таштадым. Ал жоолугу жок, дене-мүчөсү ачык эле аял экен. Анын ысырыктары тигиникине караганда кичирээк байланыптыр. Эмнеси болсо да андан ысырыкты алып, артка кайттым. Ушул учурда менде кандайдыр бир кызыгуу пайда болду. Эмне үчүн бул аял мага ысырыгын сатпай койду? Кыязы, бул менин башка дин өкүлү экенимди билип саткысы келбеди окшойт. Демек, ислам дини ушинтип адамдарды бөлүп-жарат окшобойбу? Дароо артка кайрылып, азыр эле ысырык сатып алган аялдан сурадым:
- Сен кайсы диндесиң? Менин кескин узаткан суроомо чочуп кеткен тиги: - христиан, - деп оозун араң кыбыратты. Анан беркиден сурадым: - А сен кайсы диндесиң? Бул да чочуп кеткенсиди, бирок тигиден айырмаланып, бийик үнү менен сыймыктана жооп узатты: - Мен мусулманмын.
Профессор мурун учуна илинип турган көз айнегин стол үстүнө алып коюп, кол жоолугу менен көзүнө айлана түшкөн жашын сүртүп алды.
– Ушул сөздү укканда, өзүмдүн жаман оюмду тиги билип алгансып кирерге жер таппай калдым. Оозума сөз кирбеди. Унчукпастан артка кайттым. Ошол күндөн баштап, ислам динине болгон көз карашым өзгөрдү. Динди изилдей баштадым, Куран, хадис котормолорун окуп чыктым. Акыры исламдын адам баласы үчүн негизделген чыныгы дин экенине ынанып, динди кабыл кылдым. Намазды үйрөндүм, орозо кармоого жетиштим. Баардык жашоомду динде айтылгандай өткөрүүгө аракеттене баштадым. Азыр ошол күнгө чейин өтүп кеткен өмүрүмө ичим ачышат. Ооба, ошол кара катындын ысырыгы мени тумоодон айыктырса, анын чыныгы мусулмандык сыпаты мени "динсиздик" ооруусунан айыктырды. Кийин ошол жайма базарга бир канча жолу бардым. Барган сайын ошол кара аялга ыраазылык билдирүү үчүн жанына баргым келди. Бирок, анын алдында өзүмдү күнөөлүдөй сезип, жанына бара албадым. Ырас бир жолу барганымда жөн гана салам айтып өттүм. Ал мени таңыркап карап калгансыды. Дагы бир кызыгы, анын жанында ысырык саткан аял да жолук оронуп алыптыр, кыязы ал да ислам динине кирген окшойт. Туура кылат, исламдын мынчалык бийик даражадагы адеп-ахлагын көрүп туруп, андан акылдуу адам кыйгап өтө албайт..

Отправить комментарий