Бир күнү, айтылуу Сухайб ар-Румий небересин эшегине мингизип жетелеп алды да, базарга жөнөдү. Ага алгачкы эле жолуккан адам таң кала суроо узатты:
– Ой, хазирет, жаш баланы эшекке мингизип алып, өзүңүздүн жөө басканыңыз кандай? Сухайб ага жылмаюу менен жооп берди да, өтө берди. Бир аз жүргөн соң небереси жерге түшүп, Сухайб эшегине минди. Көп узабай дагы бир адам жолукту:
– Хазирет, сизге таң калып турам, деди, тиги саламдашкандан соң, өзүңүз улоого минип алып, кичинекей баланы жөө калтырыпсыз? Анын сөзүнөн кийин Сухайб небересин артына учкаштырып алды. Ата-бала кыдыңдаган эшеги менен кудуңдап бара жатканда дагы бир адам жолугуп калды. Ой-бой-оой, – деп, таң калды тиги, – ушул кичинекей жаныбарга экөөңөрдүн минип алганыңарга жол болсун?! Сухайб эми небересин ээрчитип, эшегин жетелеп жөө басууга аргасыз болду. Алар базарга жакындап калган кезде жолуккан адам Сухайбга минтип кайрылды:
–Хазирет, өзүңүз акылдуу жансыз, анан даяр улоого минбей жетелеп алганыңыз кандай, жок дегенде небереңизди мингизип койбойсузбу? Анын сөзүн уккан Сухайб небересине жылмаюу менен карады:
– Уулум, биз эми жол жүрүүнүн башка тартибин ойлоп табуубуз керек…
The post Эл айта берет appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.
November 23, 2015 at 12:51PM
Отправить комментарий