Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Азирети Умар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Умар бин Хаттаб өзүнүн жолдоштору менен баратып кой кайтарып жүргөн койчуга жолугуп калат. Азирети Умар койчуга: Мага бир койуңду сат – дейт. Өзүм да койлор да бирөөгө таандык, мен өзүм кул болсом, кожойунумдун койун сизге кантип сатмактын? – деп жооп берет койчу жигит. Азирети Умар тиги койчуну сынап көргүсү келет да: Бир койуңду мага сат, а кожойунуңа болсо: Койду карышкыр жеп кетти – деп кутуласың – дейт. Анда койчуман жигит: Кожойунумду алдашым мүмкүн, бирок “Алла Тааланычы?, Алланын астына барганда эмне деп жооп берем” – деп суроолуу жооп кайтарат. Койчунун сөзүнө таңыркаган Азирети Умардын көзүнөн аккан жашы сакалын суулап жиберет. Койчунун: “Алла Тааланычы?”, – деген сөзүнөн катуу таасирлеген Азирети Умар койчуман жигиттин кожойунуна келип анын акчасын төлөп кулдуктан азат кылат. Андан кийин тиги жигитке карап: Бир сөзүң сени бул дүйнөдө кулдуктан азат кылды, ошол сөздүн себебинен Алла Таала кыяматта сени тозок отунан азат кылуусун үмүт кылам – дейт.

Кел мусулман бир тууганым, ушул окуядан өзүбүзгө чоң сабак алайлы!, Кудайдан коркуу деген сезим ушундай болушу шарт. Кудайдан коркуу тил менен айтып койуу менен ишке ашпайт, балким аны денебиз, мүчөлөрүбүз менен аткарышыбыз керек. Ар-бир мусулман: “Мени Алла көрүп турат, сүйлөгөн сөзүмдү, сөзүмдү эле эмес, балким шыбыраган дабышымды да угуп турат деген сезимде жашашы керек. Чындыгында Алла Таала Көрүүчү, Билүүчү жана Угуучу Улуу Жаратуучу. Алла Таала караңгы түндө, караңгы үйдө, караңгы таштын астында басып бараткан кара кумурсканы көрүп, басып бараткан үнүн угуп турат…

Запись Алладан корккон койчу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Халиф экенинде Азирети Умарга меккелик бир досу учурашканы келиптир. Кечке жуук маал экен. Азирети Умар уйундо бир мамлекеттик иш менен алпурушуп отуруптур.

Досун урматтап тосуп, бир аз кутуп отура турушун отунот. Иштери буткон сон, куйуп турган чыракты очуруп, башка бир чыракты жандырат. Келген досу тан калып себебин сураганда, Азирети Умар мындай деп жооп бериптир:

"Мен очургон чырактагы май казынага тиешелуу мулк. Мамлекеттин жана элдин иши учун пайдаланганда гана мен учун адал болот. Сен болсо, менин досумсун, экообуздун маегибиз озумдук иш. Ушу экинчи чырактын майын оз акчам менен сатып алгам. Мамлекеттин мулку озумдук иштерде колдонулса, жарык эмес эле карангылык жана уят чачат".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү белгилүү халифа Умар бин Абдулазиздин кичинекей кызы ата­сына ыйлап кирди. Бул күн Айт күнү болчу. Атасы кызын эркелете чачынан сылап:

– Кызым, эмне үчүн ыйлап жата­сың? – деп сурады. Кызы мурдун шор тартып:

– Балдардын баары жаңы кийим­дерин кийип алышыптыр, менде болсо жаңы кийимим жок, – деди. Умардын жүрөгү эзилип кетти. Чындап эле жа­нындай көргөн кызына жаңы кийим алып берип койсо болмок экен. Бирок, үйүндө бир тыйын да жок болчу. Кызын акырын алдынан түшүрүп, мамлекеттик казынаны көзөмөлдөгөн кызматчысына жөнөдү.

– Мага келерки айдын эсебинен бир аз тыйын бөлүп бере аласыңбы? – деп суранды казына башчысынан.

– Оо, момундардын падышасы, мен бул ишти аткарууга даярмын, бирок бир шарт менен, – деди казына башчы.

– Ал кандай шарт? – таң кала су­рады халифа.

– Сиз мага жазып бериңиз.

– Ооба, албетте жазып берейин, кана эмне деп жазышым керек? – хали­фа жазууга даярдана баштады.

– “Келерки айга чейин тирүү бо­лорума ишенемин” деп жазып берсеңиз болду, – деди казына башчы. Умардын жүрөгү солк дей түшкөндөй болду. Ордунан дароо турду да, артына кара­бастан үйүнө жөнөдү. Үйүнө келгенде балдары анын өңү кубарып кеткенин көрүп, эмне болгонун сурашты.

– Балдарым силердин алдыңарда эки жол бар: сабыр кылсаңар чогуу бе­йишке киребиз, сабыр кыла албасаңар атаңар тозокко кирет, – деди. Балдары бир ооздон:

– Атаке, биз сабыр кылабыз, сизди мындан кийин кыйнабайбыз, – деп жо­бурашты.

* * *

Аттиң, бүгүнкү заманыбызда Умардай падыша, анын казына башчы­сындай кызматчылар болсо кана!?

Аттиң, Умардай ата, анын бал­дарындай балдар болсо кана!? Анда жашообуз жеңилдеп, көйгөйдүн баары чечилип, Умардын заманындагыдай ка­рышкыр менен койлор бирге жайылып калбайт беле… Аттиң!?

The post Халифанын кызы эмнеге ыйлады? appeared first on FORMULA.KG.


October 01, 2015 at 11:25PM
Технологии Blogger.