Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Алмазбек Атамбаев. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

«Кадырман мекендештер!

Урматтуу Кыргызстандын мусулмандары!

Кең пейилдүүлүк менен кечиримдүүлүк, береке менен жакшылык айы болгон Орозо да кирип келди.

Бул күндөрдү ар бир мусулман баласы чын пейилден күтөт эмеспи. Ыйык Орозо айында ар бир инсан күнүмдүк түйшүктөрдөн, көр оокаттан башты жыйып, Улуу Жаратканга тобо келтирет, күндөр мааниси жок текке кетип жаткан жокпу, башкаларга жакшылыгым, мээримим тийдиби деп, өмүрдүн маңызы тууралуу ойлонушу зарыл. Орозо баарыбызды тынчтыкка, сабырдуулукка жана ынтымакка үндөйт, жакшы жөрөлгөлөргө, боорукерликке жана тазаланууга жол ачат.

Кымбаттуу мекендештерим, ыйык айда сиздердин асыл тилектер, улуу максаттар кабыл болушун чын-жүрөктөн каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбызда бейпилдик, биримдик, бакубатчылык өкүм сүрсүн.  Ар бириңизге аманчылык каалаймын.

Орозобуз кабыл болсун!

Запись Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Президент Алмазбек Атамбаев 29-апрелде “2017-жылдын  30-апрелин Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду. Кырсык биздин жарандардын өмүрүн кыйды. Кыргызстандын бүткүл калкы үчүн бул оор жоготуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жабыркагандарды жана каза болгондорду издөө боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын бир туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Каза болгондорго терең кайгыруу жана алардын бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен токтом кылынат:

1.2017-жылдын 30-апрели Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялансын.

2. Аза күтүү күнү Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектери түшүрүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын маданий мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларды жана берүүлөрдү токтотуу сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардам жана колдоо көрсөтсүн.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Запись Бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Президент Азирети муфтийди кабыл алды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Атамбаев Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана аларды ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.

Мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принциптерин бузууга жол берилбейт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев депутат Жанар Акаевди, муфтий Максат ажы Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, журналист Алия Суранованы жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алуу учурунда билдирди.

Атамбаев Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана аларды ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, намаз окуу үчүн түштөнүү убактысын узартуу боюнча көтөрүлгөн демилгенин айланасында интернет колдонуучулар жана коом арасында катуу талкуу жаралган.
"Мусулмандар башка конфессиянын өкүлдөрү сыяктуу эле эркин дин тута алат. Аларды жума намазына киргизбей койду деп арыз менен кайрылган бир дагы учур Кыргызстанда катталган эмес", — деди ал.
Президент ошондой эле кандай гана мекеме, ишкана болбосун, алардын башчылары жекелик түрдө ар бир кызматкердин диний ишенимдери талап кылган жөрөлгөлөрдү кылууга уруксат бериши керек экенин билдирди.

Атамбаев ошондой эле бардык нерсенин чеги болушу керектигин айтып, диний догманы ээрчиген бир катар араб мамлекеттериндеги абал кандай болгонун бардыгы көрүп турганын билдирди. Андыктан мындай чакырыктар "Ислам мамлекетине" болгон багыт экенин кошумчалады.

Ошондой эле бай тарыхы, маданияты жана салты болгон улут катары кыргыз эли маңкурт болууга укугу жок экенин жана сырттан таңууланган жашоо образына, дүйнө таанымга арбалбоого чакырды.
"Мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принциптерин бузууга жол берилбеши керек деп эсептейм. Биздин өлкөдө ар бир жаран өзүнүн оюн ачык айтканга укуктуу, бирок дин ишмерлеринин саясатка кийлигишүүсүнө жол бербөө керек. Диний сабырсыздыкка чакырык жасоону да болтурбаш керек", — деди Атамбаев.
Мындай талашып-тартышуулар өзгөчө орозо айында болгону туура эмес экенин өлкө башчысы баса белгиледи.

Sputnik Кыргызстан
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Кыргызстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салбай туура чечим кылды”,-деди Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында.

Анын айтымында, тыюу салуу жолу – бул маселени татаалдаштыруу жолу. “Мына мисалы, Казакстан жана Өзбекстан “Таблиги жамааты” кыймылына тыюу салган, бирок алар бир жашап жатат, эч жакка кеткен жок. Бир күнү ал радикалдык чечим кабыл алышы мүмкүн. Мен биз бул кыймылга тыюу салбай туура чечим кылдык деп ойлойм. Азыр алар биздин салттуу Ислам динине үгүттөп жатат. Азыркы учурда үгүтөөнүн белгилүү бир формалары бар”,-деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аталган кыймылга тыюу салган өлкөлөрдө алар тескерисинче көбөйүп жатышат. “Дин маселеси менен алектенүүнү кеч баштаганыбыз башка кеп. Биз тыюу салуунун ордуна көбүрөөк түшүндүрүшүбүз керек”,-деди А.Атамбаев. 
 


December 25, 2015 at 09:16AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргыз Республикасынын президенти АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

ЖЭЭНБЕКОВ Асилбек Шарипович,Кыргыз Республикасынын премьер-министри САРИЕВ Темир Аргембаевич

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук”  боюнча комитетинин төрагасы БААТЫРБЕКОВАлмазбек Баатырбекович ,Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы

ЖУМАКАДЫРОВ Темир Курмангазиевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри – милициянын генерал майору ТУРГАНБАЕВ Мелис Токтомамбетович, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси

СЕГИЗБАЕВ Абдил  Кенешевич,Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ЖОЛДУБАЕВА Индира Ырысбаевна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту ТОКБАЕВА Айнаш Абдымановна

“Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы коопсуздугу –терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек жана эмнелерге жол бербөөсү зарыл, терроризмдин реалдуулугу, чындыгы жана божомолдору” боюнча

КАЙРЫЛУУ

2015-жылдын 10-декабрь күнү “Элдик демилге” коомдук-саясий кыймылы тарабынан демилгеленген “Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы коопсуздугу–терроризм менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек жана эмнелерге жол бербөсү зарыл, терроризмдин реалдуулугу, чындыгы жана божомолдору” аталышында тегерек стөл уюштурулуп, жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар кабыл алынды.

Киришүү

Эл аралык терроризм жана башка глобалдуу масштабдагы чакырыктар дүйнөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууда башкы коркунучтар катары калууда. Ага каршы турууда мамлекеттердин биримдиги жана аракеттердин коллективдүү координациясы талап кылынат. Бул жагынан караганда Кыргызстандын жетекчилигинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму , Шанхай Кызматташуу уюму сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталган саясаты кыргыз элинин кызыкчылыгына дал келгендей.

ЖККУга кирген мамлекеттер эл аралык терроризм менен күрөшүүнүн алдынкы сабында болуп, бул коркунучтун масштабын өзгөчө сезишет. Терроризм, экстремизм, массалык жоготуучу куралдардын жайылышы сыяктуу жаңы коркунучтарга эффективдүү каршы турууда уюмдун интеграциялык процесстерди тереңдетүүсү барган сайын белгилүү факторго айланып жатат. Акыркы кезде уюмдун саясий жана оперативдүү ишин практикалык күчтөндүрүүдө көп нерсе жасалды.Уюмга кирген мамлекеттер эл-аралык терроризм менен күрөшүүдө тийиштүү мыйзамдарды тактоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жетишишти жана жамааттык чечимдин негизинде уюмдун алдында коопсуздук маселелерин тез чече турган жамааттык күч түзүлдү.

Жалпысынан Кыргызстан үчүн  өтө маанилүү багыт-бул конкреттүү жана реалдуу коркунучтарга каршы туруу. Миграция, мамлекеттик коопсуздук боюнча проблемаларды азайтуу боюнча ар кандай иш-чараларды, операцияларды өткөрүү”.

Ал эми, мамлекеттик органдардын жетишсиз бирдиктүү-координациялык иш алып баруусу өлкөдөгү коомдук-саясий абалды ан сайын туруксуздаштырып, радикалдашууну  курчутууда.

Андыктан, жогоруда белгиленген маселелерди жөнгө салуу үчүн диний аалымдар менен эксперттер төмөнкүлөрдү сунуш кылат:

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин кезексиз жыйыны чакырылып, өлкөдөгү өткөн акыркы экстремистик окуялар боюнча бирдиктүү чечим кабыл алынып, Коргоо Кеңешинин чечимине төмөнкү сунуштар киргизилсин:

  1. Жаштар арасындагы радикалдашууну токтотуу жана такфиристтик идеологияга альтернатива катары дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын эске алуу менен Исламдын негиздерине ылайык идеялык-баалуулук системасын түзүү;

 

Маалымат мейкиндигинде Исламды жана мусулмандарды ар кандай жалаа жабуулардан жана агрессивдүү терминдерден коргоо.  «Исламистер», «ислам» террористери, «ислам» фундаменталистери деген сөздөрдү массалык маалымат каражаттарында колдонууга тыюу салуу;

Массалык маалымат каражаттары диний темадагы комментарийлерге атайын билими бар дин таануучуларды жана эксперттерди тартуулары зарыл;

Кыргыз Республикасынын жарандары  үчүн интеллектуалдык  аянтчаларды жана агартуу борборлорун түзүү. Жаштарды коомдоштуруу максатта мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу;

Коом менен мамлекет дин боюнча бирдей түшүнүктө болушу абзел. Бул багытта, коомдун диний сабатсыздыгын, мамлекеттин динге болгон көз-карашын жакшыртууда атайын диний агартуучу топ түзүү;

Ислам билим берүү системасында терең жана реалдуу реформаларды жүргүзүү,имамдарды даярдоо ( окутуу, аттестациялоо ж.б.);

Терроризм идеологиясына  каршы чыгып жүргөн имамдарды, окумуштууларды, эксперттерди, теологдорду жана активистерди коргоо жана кепилдик берүү жөнүндө мамлекеттик программа кабыл алуу (денесинен жаракат алса, же каза болгон учурда үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү ж.б.);

Имамдарга, окумуштууларга, теологдорго жана эксперттерге кол салган кылмышкерлерге жазаны күчөтүү;

Жөндүү мусулман жамааттарына репрессивдик чараларды же кысымдарды көрсөтүүгө же колдонууга жол бербөө;

Тышкы келбети жана диний атрибуттары аркылуужарандарды басмырлоого жол бербөө (хиджаб, сакал, кийим ж.б.);

Дегеле мамлекет дин менен терроризмди ажыратып берүүсү зарыл!


December 10, 2015 at 05:06PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Халиф бин Зайед аль-Нахайянды Бириккен Араб Эмираттарынын жарыяланган күнү менен куттуктады. “Салттуу достукка жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген кыргыз-эмират мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн кыйшаюусуз өнүгүп, чыңдала берет деп ишенем”,- деп белгиленет мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарынын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык, эмират элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.

http://super.kg


December 02, 2015 at 11:01AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири – Курман айт кылымдардан бери келе жаткан майрам. Бул майрам адамдардын жан дүйнөсүн байытуусуна салым кошуп, кеңпейилдикке, улууларды сыйлоого жана маркумдарды эскерүүгө чакырат. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, кайрымдуулук жана башка ак ниет иштерди жасашат. Биз туугандарыбызды жакшы сөздөр менен эстейбиз, жакындарыбызга мээрим төгөбүз жана келечекке жакшы үмүт менен карайбыз. Бул ыйык майрамда Кудай бардык мекендештерибиздин иштерин жалгасын жана бул күндөрдө ажылык сапарда жүргөндөрдүн тилегин кабыл кылсын”, деп айтылат куттуктоодо

The post Алмазбек Атамбаев Кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктады appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 03:53PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аль-Харам мечити

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-сентябрда «Аль-Харам» мечитиндеги трагедиялуу кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандардын каза болуп жана жаракат алгандыгына байланыштуу Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Саудга көңүл айтты.

“Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуңузду өтүнөм”,- деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, кечээ Меккедеги дүйнөгө белгилүү Аль-Харам мечитинде курулуш краны кулап түшкөн. Кран аталган аймакта болгон катуу шамалдын таасиринен кулашы мүмкүндүгү айтылды. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү ажылык зыяратын аткарып жаткандар. Маалыматтар боюнча кырсыкта каза болгондордун саны 107ге жеткен. Ал эми жаракат алгандардын саны 238.

Кошумчалай кетсек, Мекеде кечээ күн 30 градуска чейин ысып, андан соң, жаан жаап, сел жүргөн. Жаракат алгандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандык зыяратчылар жок экенин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Аталган мечитте акыркы эки жылдан бери масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

“Марал” радиосу

The post Атамбаев Сауд Арабиясынын Королуна көңүл айтты appeared first on FORMULA.KG.


September 15, 2015 at 01:00PM
Технологии Blogger.