Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Жаттоо сырлары. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ

(Жетинчи сабак)

Жакшылык иште жарышкыла
(Бакара 148).

«Кемчиликсиз Даанышман,
Аллахтын сөзү бул – Куран !

Туура жолго баштаган,
турмуштун көзү бул – Куран !

Ашыгы жок, кеми жок,
акыйкат өзү бул – Куран !

Адамзаттын тарыхын,
баян кылган бул – Куран!

Пайгамбардын дилине,
аян кылган бул – Куран !

Мусулманды Аллахка,
таяндырган бул – Куран !

Ишенгендин ыйманын,
бекем кылган бул – Куран !

Ыймандуунун жүрөгүн,
мекен кылган бул – Куран !

Кызыл тилдүү Элчини,
чечен кылган бул – Куран !

Ибаадаттын түрлөрүн,
анык кылган бул – Куран !

Аткарууга аларды,
каныктырган бул- Куран !

Жол көрсөтүп жашоону,
жарык кылган бул Куран !

Кулк-мүнөзүн пенденин,
оңдоп берген бул – Куран !

Бир тамгага сыйлыкты,
ондоп берген бул – Куран !

Көп окуган адамды,
колдоп берген бул – Куран !

Кирдеп калган жүрөктү,
актап берген бул – Куран !

Амалынан шайтандын,
сактап берген бул – Куран !

Адал менен арамды,
тактап берген бул – Куран !

Пайгамбарлар жашоосун,
үлгү кылган бул – Куран !

Окуп амал кылганды,
момун кылган бул – Куран !

Момун менен момунду,
күзгү кылган бул – Куран !

Алыс менен жакынды,
табыштырган бул – Куран !

Жаман менен жакшыны,
салыштырган бул – Куран !

Жакшылыкты жасоого,
жарыштырган бул – Куран !

Жетим-жесир, кедейге,
байлык берген бул – Куран !

Душман менен тууганды,
айрып берген бул – Куран !

Аялдардын укугун,
кайрып берген бул – Куран !

Аркы дүйнө абалын,
баян кылган бул – Куран !

Бейиш менен Тозокту,
сыпаттаган бул – Куран !

Өлүм-өмүр тартибин,
иреттеген бул – Куран !

Соккусуна душмандын,
сабыр кылат бул – Кураан !

Ишенбеген каапырга,
апаат кылат бул – Куран !

Окуп амал кылганды,
шапаат кылат бул – Куран !

Кереметин жоготпой,
жүрүп келет бул – Куран !

Күндөн күнгө жашарып,
улана берет бул – Куран !

Өзгөрүлбөй, кемибей,
жүрө берет бул – Куран !»

Ас саламу алайкум ва
Рохматуллохи ва Барокатух ).
Сөз башында бир аз маалымат
айта кетсек туугандарым,
ушул Куран тууралуу берилип жаткан
(өтүлүп жаткан дарс) сабактарыбызды Кыргызстан жергебизден,
Россиядан ж.б жерлердеги бир туугандарыбыз окуп,
чоң пайда алып жатканын кабарлап, ыраазычылык айтып жатышкан учуру !

Кимдир бирөө Куранды окууну баштаса, дагы бири жаттого киришкен кези . .

Дагы бири башкаларга үйрөтүү менен алек болуп жаткан учурлары.

Айтайын деген максатым,
сиз да Куранды окууну, үйрөнүүнү баштаңыз бир тууганым !

Хадисте Абу Бакр
родияллоху анхудан риваят келет :
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

«Илим алуучу бол
же илим берүүчү бол !
Илимдүүнү сүйүүчү бол
же Илимди сүйүүчү болгун
бешинчиси болбо !»-дейт.

Келиңиздер баарыбыз Курандын пазилет-сыйлыктарын, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү
Куранга амал кылуу керектиги,
аны окуса кандай сооп берилет, баарыбыз ушул туурасында көбүрөөк
сөз кылайлы, бири-бирибизге
көбүрөөк баяндап берейли .
Кана эми баары
Куран каарылары болуп кетишсе )!

Бүгүн Куранды үйрөнүп кетүү үчүн дагы бир кеңеш (сыр) десек жаңылышпайм,
Сиз Куранды үйрөнүп жаттап баштадыңыз, эми өзүңүзгө жакын (такыбаа, диндар, ыймандуу) туугандарыңыздын бирине (мейли эжеңиз, мейли иниңиз, мейли байке, мейли ким болсо да):

«Мен Куран үйрөнүп аны жаттайын деп баштадым, эгер кайсы бир күнү мен Куранды жалкоолонуп жаттоону токтоткон болсом, сиз мага:
«Эй, Куранды жаттоону уланткын!»-деп айтып туруңуз, мага Курандын пазилеттерин кайталап эскертип туруңуз !»-деп келишип алыңыз.
Анткени, адамда кээде жалкоолук болот, Тамганы үйрөнөт, окууну үйрөнөт, бир-нече пара жаттап алгандан кийин калтырып койгондорду өзүм көргөнмүн.

Дал ошол убакытта ыймандуу бир тууганыңыз жаныңызга келип,
Куранды окуп баштооңузду эскертип (эстетип турат да!)
Албетте, бул да чоң пайда берет !

Андан кийин бир устаз
таптыңыз да дейли. ..

Курандан устазга окуп бердиңиз,
устаз катааларды туурулап берди,
эми сиз аны жаттап кайра устазга барып жатка окуп берүүңүз керек болот.
Мисалы:

“Кодр” – сүрөөсүн алып карайлы.

Устаз сизге, ушул сүрөөнү жаттап келгин деп тапшырма берди.
Эми сизде кантип жаттайм ??-деген суроо пайда болот .

Мунун жолу эң жеңил .

Кантип жаттайм?-дейсизби, угуңуз анда ..

Баардык адептерин сактап,
андан соң Куранды ачып
«Кодр» сүрөөсүн башынан
аягына чейин бир нече окуп көрүңүз.

Андан кийин:
Биринчи аятты:
«Иннааа ‘анзалнааху фии лайлатил-кодр»
15-20 жолу карап окуйсуз.

Кайталап бүтүп китепти жабасыз да, жатка айтып көрүңүз.

..али толлук жат боло элек,
китепти кайра ачып ошол аятты
10 жолу кайталайсыз ..

Китепти жаап (жатка) айтып көрүңүз.

Ин Шаа Аллах сиз аны
жаттап бүткөн болосуз !✔

Андан соң экинчи аятка өтөсүз:
«Ва мааа адироока маа лайлатул кодр!» карап 20 жолу окуйуз,
жат айтып көрөсүз,
кайра ачып карайсыз 10 жолу кайталап кайра жатка айтып көрөсүз..

Эки аятты жаттап болгон соң,
экөөнү кошуп жатка айтып көрүңүз, такалбай айтканыңызга чейин
жатка кайталайсыз .

Бул жаттоонун бир ыкмасы,
башка жолдору да өттө көөп.

Ушул иретте жаттасаңыз,
ар бир аятты беш минутада 5 аятты,
50 минутада жаттап аласыз !

24 саатыңыздын 1 саатын Куранга, аны жаттоого, акыретиңизге бөлө албайсызбы тууганым ?

Эгер кайсы бир күнү Курандан сүрөө же аят жаттасаңыз, ошол жаттаганыңызды
нафил, сүннөт намаздарда окуңуз.
Парз намазда үндү чыгарып
окусаңыз да көбүрөөк эсте калат .

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын салам салаваттары болсун)
укканын айтат :
«Силердин кимдир бирөөңөр үйүңөргө келип үч ургаачы бооз, чоң семиз төө турган болсо силер кубанат белеңер ?»
Биз: «Ооба !»-дедик.
Ошондо Пайгамбарыбыз
(алайхис салам) айтты :
«Кайсыл бириңер үч аятты намазда окуса, ушул үч семиз жана чоң бооз
төөдөн жакшыраак !»- дейт .
(Муслим.)

Арабтарда төө ошол учурда өттө баалуу жандык эле, аны баары өзүмдө болсо экен деп каалашат эле.
Хадисте төөнүн ичиндеги баласын да айтып өттү, бул андан да баалуу болот !
Алардын төөсүн, сиз биз бүгүнкү күндөгү самалёт деп коёлу ).

Үч аят намазда окусаңыз 3 төөдөн (3 самалётуңуздан да жакшыраак !)
Бул жөн гана салыштыруу, чындыгында Курандын бир тамгасына дүйнө жана анын ичиндеги жок болуучу нерселер
баары биригип тең келе албайт !

Кээ бир аалымдар, жөн окуганга караганда намаздын ичинде Куран окуу жакшыраак деп айтышкан .

Айша энебиз Пайгамбар алайхис саламдан айткан:
«Намазда туруп Куран окуу намаздан сырткары окугандан абзел .
Намаздан сырткары Куран окуу тасбих,
такбирден (субханаллах, алхамдулиллах)
деп айтуудан жакшыраак .
Ал эми тасбих садакадан жакшы,
ал эми орозо оттон сактай турган калкан!
(Байхакий риваяты).

Ким намазда туруп Куран окуса ар бир тамга үчүн 100 сооп берилет ..
намазда олтуруп окуса 50 сооп.
Намаздан тышкары даарат менен окуса 25 сооп, намаздан сырткары дааратсыз (жатка) окуса 10 сооп берилип,
ошондой эле кимде-ким Куран окуган кишиге кулак төшөп укса,
ага ар бир тамга үчүн 1 сооп берилет.

Усман бин Абдулло бин Аус ас – Сакафий
родияллоху анхудан риваят, Пайгамбарыбыз алайхис-салам айтты:
«Куранды жатка окуса 1000 даража сооп берилет, ал эми аны карап окуса, анын сообу 2000 даражага чейин көбөйтүлөт». (Байхакий).

Биринчи хадисте Куранды жатка окуу жакшыраак экени айтылды,
ал эми экинчисинде Куранды карап окуу жакшыраак экени айтылды, мындан
хадис (мухаддис) аалымдары, ошондой эле үлкөн аалым Имам ан-Навави:
«Адамга жараша ар түрдүү болот,
Карап окуганда Куранга ой жүгүртүп окуса, анда ага карап окуган жакшыраак,
эгерде жатка окуп көбүрөөк ой жүгүртө
турган болсо, анда ага жатка окуган абзел !»- деп айткан .
Хаафиз рохматуллохи алайхи
“Фатхул – Баари” аттуу үлкөн китепте, ушул чечимди жактырган .

Ким эрте мененки намаздан кийин
100 аят окуса, бул дүйнөгө
барабар болгон сооп жазылат .
Усман родияллоху анху Куранды ушунчалык көп окугандыктан,
2 Куран китеби жыртылган экен.
Куранды карап окуу
көздүн көрүүсүнө да пайдалуу !
Улуу аалымдардын бири көзү ооруганда, Куран окуучу экен эле.
Анткени Куранда шыфаа бар .
Адамдар кээде китеп окуй берип,
башы ооруп,
көзү талып, чарчап калышат .
Куран оңдон солду карай окулуп,
көздү да таалытпай, кайра окуган сайын окугуң эле келе берет .
Имам Шаафи кээде Куптан
намазынан соң Куранды ачып, Багымдат намазынын убагында жапчу экен.

Сөзүмдү ушуну менен аяктаймын,
дагы бир сырды айта кетейин !
Куранды тез жаттоону кааласаңыз,
бирөө менен жарышып жаттаңыз .✔

Ушуга байланыштуу,
сиздерге бир окуя айтып берейин :

Бир жигит үйлөнмөкчү болуп,
бир кыз менен (жеңелердин кароосу астында) жолугуушуга чыгыптыр.
Кыз менен жигит көрүшүп,
бири-бирин жактырышыптыр..

Той болот, тойдун да эртеси болот..
Тойун өткөрүшүп,
ак нике менен жашап жатышты.
Бир күнү аялы жолдошуна:
«Келиңиз жарыш кылабыз !»-деди.
– Жолдошу:

«Кандай жарыш ??»-десе,
-Аялы:

«Куран сүрөөлөрүн жана аяттарын
ким көп жаттайт экен !»-дептир.
Жолдошу макул болуптур..

Күн артынан күндөр өтөөр эле.
Ар дайым жолдошу аялынан көбурөөк жаттап, аялын жеңип коёр эле.
Мындан жолдошу сыймыктанып,
Куран окууну көбөйтүп,
сүрөөлөрдү тынбай жаттаар эле.
Бир жылга калбай жолдошу
Куранды толлук жаттап,
хаафизу Куран болуп жетишти.

Жолдошу өз ишине аябай сыймыктанып, аялынын ата-энесинин алдына барат да:
«Кызыңар менен Куран сүрөөлөрүн
жана аяттарын ким көп жаттайт экен !»
– деп жарыш кылаар элек.

Ар дайымкыдай кызыңар
менден жеңилип калды..
«Мына 30 пара Куранды жаттап алдым!Кудайым насип кылды мага!!»
– деп мактанат.

Бул сөздөрдү уккан кыздын ата-энеси бири-бирине таң калып карап:
«Уулум, кызыбыз Куранды 9 жашында эле жаттап буткөн эмес беле ??»
– деп жооп кылышыптыр.

Жолдошу аялынын бул ишине түшүнө албай үйүнө кайтып келип аялына:

«Эмнеге мындай кылдың ??»-деп сурайт. Ошондо акылдуу аялы:
«Сиз менен биринчи көрүшкөнүбүздө, сизди динден кыйла узак экениңизди көрүп, мен сизге турмушка чыгып,
сиздин да Аллага жакын болууңузду каалап, дуа кылып, Сиздин тозокко түшүүңүздү каалабагандыгым үчүн Бейиште да Ин шаа Аллах бирге болушубуз үчүн ушундай жолго бардым» – деп жооп бериптир.

Жолдошу көз жаштарын
эч токтото албай, жана аялынын
бул кылган айла амалына аябаай, чын дили менен ыраазы болгон экен.

Ушул сыяктуу мусулман бир тууганым,
ким менен болсо дагы Куран жаттоодо жарышып жаттасаңыз,
тез аранын ичинде Каары болуп,
басып жүргөн тирүү Куран болосуз !

АЛЛАХ ТААЛАМ БААРЫБЫЗГА
КУРАНДЫ ТОЛЛУК ЖАТТАП,
АГА ОЙ ЖҮГҮРТҮП, КӨЗ ЖАШ МЕНЕН АЛЛАГА КАЙРЫЛЫП ДУА КЫЛЫП ОЛТУРГАН КҮНДҮ НАСИИП ЭТСИН ! (ААМИН).

“жетинчи сабактын соңу”

~Али Оши

«БАКТЫҢЫЗДЫН БАГЫТЫ !»

Запись КУРАН ҮЙРӨНҮҮ ТҮБӨЛҮК БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ .

(*төртүнчү сабак)

Куранды окууну, анын ичинде
сүрөө жана аяттарын жаттоого нийет кылат экенбиз, эң биринчи
астыга максат коёлу !

Эмне үчүн жаттайбыз ?
Эмнеге окуйбуз ?

Анткени бул суроого жооп тапсаңыз, Куранды үйрөнүп, ага амал кылуу ошончолук жеңил болот !)

Бирөөлөр айтат:
«Мен Куранды жаттап, Аллах Тааланын эң сүйүктүү кулдарынан болгум келет !»-десе экинчиси айтат:
«Мен Куранды үйрөнүп, амал кылып андан башкаларга үйрөтөм, эң жакшы үммөт болгум келет !»-десе
башкасы айтат:
“Куран менен достошсом, ал дүйнөмдө жана акыретимде бактылуу болуунун жолун көрсөтөт жана кыяматта мага шапаат кылат !”-деп астыга максат коёт да үйрөнө баштайт ..

Айтайын деген максатым:
«Астыга,
ушул сыяктуу улуу максат коюңуз !»..

Куранды үйдө дагы окусаңыз,
иште (жумушта) жолдо,
унаа айдап бара жатканда,
колдонгон кол-телефонуңузга
кочуруп алып дайыма угуп жүрсөңүз , жаныңызга Куран китепти алып,
аны ар дайым ачып окуп, угуп, салып жүрсөңүз, кандай болот экен ээ?)

Анын котормолорун окуп амал кылсаңыз, Ошол күндөн тарта жашооңуздагы караңгылык, кандайдыр бир кайгы-капа, жүрөктөгү буулугуп кыйналуу
өзүнөн-өзү жок болуп, Жашооңуз жети түстүү көрүнө баштайт !*

Жашооңузга сылыктык,
шамдагайлык, жөнөкөйлүк келет..

Абу Муса (родияллоху анху) Пайгамбарыбыз (алайхис салам)
айтты дейт:

«Курани Каримди окуган мусулман – (апелсин, мандарин) сыяктуу,
анын жыты жок, бирок даамы таттуу !
Куран окубаган мусулман –
Курма сыяктуу !
Анын жыты жок, бирок даамы таттуу .
Куран окубаган мунафык (эки жүздүү)
ханзала сыяктуу .
Анын жыты жок, бирок даамы ачуу !
Куран окуган мунафык – райхан сыяктуу .
Анын жыты жагымдуу,
бирок даамы ачуу !»
(Бухари, Муслим, Насаи,
Ибну Маажа риваяты)

Ушул Хадистен сиз, эмне сыяктуу экениңизди ойлонуп көрүңүзчү эми ?)

Куранды үйрөнүп, аны окууга убакыт келбеди бекен а ??

Абдулло ибну Аббас Пайгамбарыбыз алайхис саламдан укканын айтат :
«Кайсыл бир адамдын жүрөгүндө Курандан бир бөлүкчө да жатка болбосо, ал кароосуз бузулуп калган үй сыяктуу !»-дейт.
(Сахих Тирмизий).

Башка бир куттуу хадисте:
“Куран окулбаган үй гана бош үй болуп эсептелет!”-дейт.

Бул хадисте, Куранды жаттоону үйгө мисал кылып айтуусунда
өзгөчө бир сыр бар .

Бир акын айткан экен:
“Бош, каралбаган үйгө жиндер толуп алат !”

Ушул сыяктуу кайсыл бир адамдын жүрөгүндө, Куран болбосо,
ага шайтан көп кол салат.
Ал эми кайсыл үйдө Куран окулуп турса, ал үйдүн үй-бүлөөсү көбөйөт,
ошол үйгө береке, жакшылыктар келет.
Жин-шайтандар,
ал жерден чыгып кетишет !

Кайсыл үйдө Куран окулбаса,
ал үйдө береке жана кененчилик болбойт, периштелер ал үйгө кирбейт, шайтандар кирип алат .

Куранды окуганы убакыт келбеди бекен а бир тууганым )??

Өзүңүздүн үйүңүз эмес квартирада жашасаңыз эмне үчүн жүрөктө кыжалатчылык ?
Телефонуңуз простой болсо
өзүнчө эле кыжалат боло бересго?)
Жаңыга качан жетем, качан өзүбүздүн үй болот экен а?) -депчи..

Эмнеге дагы деле беш маал намазга жыгыла элексиз, ага эмнеге кыжалатчылык жок !?

Англисче, Орусча билбесеңиз өзүнчө эле не удобный боло бересиң го…

Эмнеге дагы деле Куранды
арабча окуй албайс, ага эмнеге жүрөктө кыжалатчылык жок ??
Эмне үчүн ?!

Эмнеге жөнөкөй 12 02 телефондун кадыры, жаңы чыккан Samsung
Android же iPhonдон төмөн турат ?

Анткени 12 02 жөнөкөй марканын иштөө функциясы башка телефондордон аз экенин биз билебиз …
Ошол үчүн сиз биз Кымбат телефонду жактырып алып жүрөбүз !

Ошол сыяктуу мусулман бир тууганым, сиз биз Куранга берилүүчү соопту билгенибизде бир да адам музыканы укпай коймок, баары Куран угуп,
Кураан окуп калышмак !!

Куранды жаттоонун дагы бир сыры,
тез үйрөнөйүн, тез жаттайын десеңиз
анда, музыка бир демелерди, пайдасы тийбеген нерселерди укпай таштаганыңыз жакшы !
Адамдын жүрөгү күнөө иштер
болгон сайын карайып,
эч нерсе жактырбай калат!
Куран күнөөсүз, таза жерге орношот !

Куранды көп жаттап, ошол жаттаган сүрөөңүздү Ар дайым угуп кайталап жүрсөңүз бекем сакталат. Шайтандын азгырыгы менен Ыйык Куран бир жүрөктө болушу мүмкүн эмес !

Музыка угуу адамдын жүрөгүн карайтат, капалантып-кайгыртат !

Куран – жүрөккө тынчтык,
кененчилик берет, ырахаат берет !
Сиз муну Куранды окуп, үйрөнө баштаганызда билинет …

Куранды окуп, үйрөнүүнүн убакыты келбеди бекен а бир тууганым ??.

«КУРААН ЖАТТООДОГУ СЫРЛАР»

~Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН ЖАТТООДО МАКСАТЫҢА БЕКЕМ БОЛ впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.