Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком June 10. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Шакики Балхи айткандай:

«Ибадатты татыктуу түрдө аткара алуу – бул, чеберчилик. Ал ачкачылык аркылуу жагымдуу лаззат тартуулайт.» ..

Бул ачкачылык – заманбап медицинада да «диета» деген аталышта чың ден соолуктуу болуунун биринчи шарты. Бул ачкачылыкка чыдаш кыйыныраак. Риваяттарга караганда, напси жаратылган кезде тyрдyy кыйноолорго карабастан, Аллах Таалага: «Сен сенсиң, мен менмин» – деп акылсыздык кыла кыйынсынган, бирок Аллах ага ачкачылык бергенде гана, өзүнүн алсыздыгын кабыл кылган экен.

Бул себептен улам эркти тарбиялоодо ачкачылыкты баштан кечирүүдөн башка таасирдүү нерсе жок.
Эрк болсо – табигый жана напсилик каалоолорго каршы туруштук берүүнүн негизги шарттарынын бири.
Азирети Мавляна (куддиса сиррух) бул тууралуу мындай дейт:

«Адамдын чыныгы азыгы – Алланын нуру. Денени ашыкча азыктандырыш туура эмес. Адамдын негизги азыгы – Алланы сүйүү. Адамдар негизги рухий азыгын унутуп, дене азыгына берилип кеткени үчүн бактысыдыкка дуушар болуп, ач көз болуп калат.
Ачкөздyгy себептүү жүзү кубарып, муунбашы калчылдап, жүрөгү тyрс-тyрс согот. Жер бетинин азыгы кайда да, түбөлүктүүлүктүн азыгы кайда?
Аллах шейиттер үчүн «Азыктанышты» – дейт. Ошол руханий азык үчүн ооздун да, дененин да кереги жок.»

Азирети Лукман уулуна минтип насаат кылчу:

«Курсагың тойсо, ой-пикириң уктап калат. Акылмандык токтоп, дене мүчөлөрү ибадатка ыкшоо тартып калат.»…

Бир олуя минтип айтчу экен: «Түрлүү-түрлүү тамактар менен курсагын толтурган захидден Аллага калкаланам!»…
Айша (Аллах андан ыраазы болсун): «Мелекут (рухтардын жана периштелердин ааламын) эшигин ачканга аракет кылгыла!» – дечy.
Андан:
– Эмне менен? – деп сурашат. Момундардын энеси минтип жооп берет:
– Ачкалык жана чаңкоо менен.
Аллах досу Махмуд Сами Рамазаноглу «Мукаррам инсан» аттуу китебинде аз тамактануу жана ачкачылыктын абдан маанилyy экенин төмөнкyчө баяндаит: Табыптардан:
– Дарынын эң жакшысы кайсы? Даанышмандардан:
– Ибадатка көбүрөөк шыктандырган нерсе эмне?
Захиддерден:
– Аллага берилгендикти көбүрөөк толуктаган нерсе эмне?
Аалымдардан:
– Илимди окушта эң таасирдүү нерсе эмне? Амирлерден:
Эң даамдуу тамак эмне? – деп сурашса, баары тең:
– Аз тамактануу! – деп жооп беришкен экен. Анткени аз жеште, айрыкча ачкалык менен орозодо он жакшы нерсе бар:

1⃣ Ачкалыкта жүрөк таза, эстутум күчтүү болот; ал эми токтукта болсо акмактык, унутчаактык көбүрөөк болот.

2⃣Ачкалыкта жүрөк сергек болот; дуба жана ибадаттардан береке-лаззат алса болот. Токтукта болсо жүрөк катуу болот да ибадаттан лаззат пайда болбой калат.

3⃣ Ачкалыкта көңүл жумшак, кичи пейил; токтукта болсо текеберлик, менменсинүү жана мактаныч көбүрөөк болот.

4⃣Ачкалыкта кедефлер жана карды ачтар эске келет. Токтукта алар эске келбейт, унутулат.

5⃣Ачкалыкта напсилик арзуулар ооздукталат. Токтукта болсо нафси аммара (жамандыкты катуу буюрган напси) күчтөнүп-күүлөнөт.

6⃣ Ачкалыкта дене сергек болот. Токтукта болсо ыкшоо тартып, кайдыгерлик басат.

7⃣. Ачкалыкта ибадат кылууну улантуу жеңил. Токтукта жалкоолук, ныксыроо болот.

8⃣Ачкалыкта ден-соолук чың болот, ооруу жоюлат. Токтукта болсо дене чарчап, ооруйт.

9⃣ Ачкалыкта дене куштай жеңил болот. Токтукта болсо оордук, бошоңкулук болот.

🔟Ачкалыкта кайыр-садага берyy каалоосу пайда болот. Бул болсо пендени кыямат күнүнүн коркунучтуу ысыгында серүүн көлөкөгө ээ кылат.Токтукта болсо сараңдык, ысырапкордук пайда болуп, пендени жексен кылат. Башкача айтканда, токтук напсилик арзууларды ойготуп козгосо, ачкалык жандyйнөнүн жөндөмдөрүн күчтөндүрөт.

Жыйнтыктап айтканда, орозонун жогоруда айтылган бардык пайдаларын камтыган таризде төмөнкүдөй хадис аитылган:
«Орозо кармагыла, ден-соолукта болгула.» (Табарании)

Ачкалык аркылуу жеткен материалдык-рухий соолук менен жакшылыктарга ишаарат кылган эң күчтүү далил – Аллах Тааланын улуу пайгамбарларына колдонгон кынтыксыздыкка жеткизүүчү методдордун ичинде орозого бөтөнчө көңүл бурушу. Арийне, пайгамбарлар пайгамбарлыктын берекесин орозо кармоо менен башташкан, кемелдиктин туу чокусуна жеткен соң белгилүү мөөнөткө адамзат ааламынан алыстап, бөтөнчө шык-жөндөмдөргө ээ болушкан. Ушинтип жан-дүйнөлөрү, сезимдери вахийге толуп ашкан.

Бул жолдо: Сина тоосунун эң барктуу пайгамбары Азирети Муса алейхиссалам Тоорат келип түшкүчө кырк күн, кырк түн ачка жана суусуз калган. Сайр тоосунун ыйык пайгамбары Азирети Иса алейхиссалам да Инжилден алгачкы сөздү укканга чейин кырк күн, кырк түн эч нерсе жеп-ичкен эмес.
Азирети Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) дагы Куран түшөрдөн мурда толук бир ай Меккеге жакын Хира үңкүрүндө жалгыз калып, түрдүү ибадаттарды кылган. Акыры Жабраиил периштенин үнү аркылуу Алланын берекелүү нуру жан-дүйнөсүнө толо баштаган. Бул чындыктар орозонун чыныгы максаты жана пайдасы руханий экенин көрсөтөт. Андыктан орозо ибадат катары бир гана ошол максатта кармалышы керек. Анын материалдык пайдалары максат кылынса, орозо ибадат болуудан чыгып калат. Тактап айтсак, орозо кармаганда диета кармоону, арыктоону максат кылбашыбыз керек. Мындай түрдөгү орозолордо Алланын ыраазылыгы болушу мyмкyн эмес.
Дене кыймылдарынын пайдасын көздөп, же кайдыгер, ыкшоо тарткан жүрөк менен окулган намаздар да ушундай. Ибадаттар бир гана Алланын ыраазылыгына ээ болууну максат кылуу менен аткарылат. Бул максаттын ишке ашышы үчүн жүрөктүн жогорку деңгээлге чыгышы, чийкиликтен кутулуп, бышып жетилиши зарыл. Ыйык Рамазанда Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) берген сунуштарынын ичинен кээ бир негиздерге көңйл буруш керек:

А. Шахадат келмеси;

Б. Тообо жана зикир;

В. Беиишке ээ болуш үчүн көбүрөөк салих амал кылуу;

Г. Тозоктун отунан кутулуш үчүн арамдан, макирөөдөн сактануу;

Д. Мүмкүнчүлүккө жараша көбүрөөк садага-кайрымдуулук кылуу, жүрөгү муңдуу кишилердин батасын алуу;
Ж. Орозо туткандарга иптардык тамак берүү ж.б…..

Жараткан Аллах бул дүйнөлүк жашоону биз үчүн Ыйык Рамазан кылып, кыямат таңын бизге чыныгы майрам таңы кылсын!

Запись Ачкачылыктын пайдасы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Орозо — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган.

«Биз ал (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесиңби? Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө жараткан (Аллахтын) уруксааты менен периштелер жана Рух (Жабреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт. Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура». (Кадр сүрөсү 97 )

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алла Тааланын бул ыйык кабары эч качан талаш-тартыш туудурбагандай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул, кадыр түнүнүн бийик  кадыр-баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда.

Пайгамбарыбыздын (Аллах андан ыраазы болсун) көрсөткөн боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүндө кадыр түнүнүн издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, мусулмандар Рамазан айынын 27-түнүн кадыр түн катары тосуп келүүдө.

“Муфтият”

Запись Кадыр түн кечеси 21-июндан 22-июнга караган түнү белгиленет впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛАХИР РОХМААНИР РОХИЙМ .

(*төртүнчү сабак)

Куранды окууну, анын ичинде
сүрөө жана аяттарын жаттоого нийет кылат экенбиз, эң биринчи
астыга максат коёлу !

Эмне үчүн жаттайбыз ?
Эмнеге окуйбуз ?

Анткени бул суроого жооп тапсаңыз, Куранды үйрөнүп, ага амал кылуу ошончолук жеңил болот !)

Бирөөлөр айтат:
«Мен Куранды жаттап, Аллах Тааланын эң сүйүктүү кулдарынан болгум келет !»-десе экинчиси айтат:
«Мен Куранды үйрөнүп, амал кылып андан башкаларга үйрөтөм, эң жакшы үммөт болгум келет !»-десе
башкасы айтат:
“Куран менен достошсом, ал дүйнөмдө жана акыретимде бактылуу болуунун жолун көрсөтөт жана кыяматта мага шапаат кылат !”-деп астыга максат коёт да үйрөнө баштайт ..

Айтайын деген максатым:
«Астыга,
ушул сыяктуу улуу максат коюңуз !»..

Куранды үйдө дагы окусаңыз,
иште (жумушта) жолдо,
унаа айдап бара жатканда,
колдонгон кол-телефонуңузга
кочуруп алып дайыма угуп жүрсөңүз , жаныңызга Куран китепти алып,
аны ар дайым ачып окуп, угуп, салып жүрсөңүз, кандай болот экен ээ?)

Анын котормолорун окуп амал кылсаңыз, Ошол күндөн тарта жашооңуздагы караңгылык, кандайдыр бир кайгы-капа, жүрөктөгү буулугуп кыйналуу
өзүнөн-өзү жок болуп, Жашооңуз жети түстүү көрүнө баштайт !*

Жашооңузга сылыктык,
шамдагайлык, жөнөкөйлүк келет..

Абу Муса (родияллоху анху) Пайгамбарыбыз (алайхис салам)
айтты дейт:

«Курани Каримди окуган мусулман – (апелсин, мандарин) сыяктуу,
анын жыты жок, бирок даамы таттуу !
Куран окубаган мусулман –
Курма сыяктуу !
Анын жыты жок, бирок даамы таттуу .
Куран окубаган мунафык (эки жүздүү)
ханзала сыяктуу .
Анын жыты жок, бирок даамы ачуу !
Куран окуган мунафык – райхан сыяктуу .
Анын жыты жагымдуу,
бирок даамы ачуу !»
(Бухари, Муслим, Насаи,
Ибну Маажа риваяты)

Ушул Хадистен сиз, эмне сыяктуу экениңизди ойлонуп көрүңүзчү эми ?)

Куранды үйрөнүп, аны окууга убакыт келбеди бекен а ??

Абдулло ибну Аббас Пайгамбарыбыз алайхис саламдан укканын айтат :
«Кайсыл бир адамдын жүрөгүндө Курандан бир бөлүкчө да жатка болбосо, ал кароосуз бузулуп калган үй сыяктуу !»-дейт.
(Сахих Тирмизий).

Башка бир куттуу хадисте:
“Куран окулбаган үй гана бош үй болуп эсептелет!”-дейт.

Бул хадисте, Куранды жаттоону үйгө мисал кылып айтуусунда
өзгөчө бир сыр бар .

Бир акын айткан экен:
“Бош, каралбаган үйгө жиндер толуп алат !”

Ушул сыяктуу кайсыл бир адамдын жүрөгүндө, Куран болбосо,
ага шайтан көп кол салат.
Ал эми кайсыл үйдө Куран окулуп турса, ал үйдүн үй-бүлөөсү көбөйөт,
ошол үйгө береке, жакшылыктар келет.
Жин-шайтандар,
ал жерден чыгып кетишет !

Кайсыл үйдө Куран окулбаса,
ал үйдө береке жана кененчилик болбойт, периштелер ал үйгө кирбейт, шайтандар кирип алат .

Куранды окуганы убакыт келбеди бекен а бир тууганым )??

Өзүңүздүн үйүңүз эмес квартирада жашасаңыз эмне үчүн жүрөктө кыжалатчылык ?
Телефонуңуз простой болсо
өзүнчө эле кыжалат боло бересго?)
Жаңыга качан жетем, качан өзүбүздүн үй болот экен а?) -депчи..

Эмнеге дагы деле беш маал намазга жыгыла элексиз, ага эмнеге кыжалатчылык жок !?

Англисче, Орусча билбесеңиз өзүнчө эле не удобный боло бересиң го…

Эмнеге дагы деле Куранды
арабча окуй албайс, ага эмнеге жүрөктө кыжалатчылык жок ??
Эмне үчүн ?!

Эмнеге жөнөкөй 12 02 телефондун кадыры, жаңы чыккан Samsung
Android же iPhonдон төмөн турат ?

Анткени 12 02 жөнөкөй марканын иштөө функциясы башка телефондордон аз экенин биз билебиз …
Ошол үчүн сиз биз Кымбат телефонду жактырып алып жүрөбүз !

Ошол сыяктуу мусулман бир тууганым, сиз биз Куранга берилүүчү соопту билгенибизде бир да адам музыканы укпай коймок, баары Куран угуп,
Кураан окуп калышмак !!

Куранды жаттоонун дагы бир сыры,
тез үйрөнөйүн, тез жаттайын десеңиз
анда, музыка бир демелерди, пайдасы тийбеген нерселерди укпай таштаганыңыз жакшы !
Адамдын жүрөгү күнөө иштер
болгон сайын карайып,
эч нерсе жактырбай калат!
Куран күнөөсүз, таза жерге орношот !

Куранды көп жаттап, ошол жаттаган сүрөөңүздү Ар дайым угуп кайталап жүрсөңүз бекем сакталат. Шайтандын азгырыгы менен Ыйык Куран бир жүрөктө болушу мүмкүн эмес !

Музыка угуу адамдын жүрөгүн карайтат, капалантып-кайгыртат !

Куран – жүрөккө тынчтык,
кененчилик берет, ырахаат берет !
Сиз муну Куранды окуп, үйрөнө баштаганызда билинет …

Куранды окуп, үйрөнүүнүн убакыты келбеди бекен а бир тууганым ??.

«КУРААН ЖАТТООДОГУ СЫРЛАР»

~Али Оши

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись КУРАН ЖАТТООДО МАКСАТЫҢА БЕКЕМ БОЛ впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.