Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Ыйык күн жана түндөр. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Орозо — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган.

«Биз ал (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесиңби? Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө жараткан (Аллахтын) уруксааты менен периштелер жана Рух (Жабреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт. Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура».

(Кадр сүрөсү 97 )

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алла Тааланын бул ыйык кабары эч качан талаш-тартыш туудурбагандай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул, кадыр түнүнүн бийик кадыр-баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда.

Пайгамбарыбыздын (Аллах андан ыраазы болсун) көрсөткөн боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүндө кадыр түнүнүн издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, мусулмандар Рамазан айынын 27-түнүн кадыр түн катары тосуп келүүдө.

Жалпыңыздардын бүгүнкү Кадыр түн күнүңүздөр кут болсун. Жараткан Алла Таала мекенибизге тынчтык, биримдик жана бакубат жашоону насип кылсын!

Запись Бүгүн миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Орозо — Ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Рамазан айында орозо кармоо —мусулмандардын парзы болуп эсептелинет. Рамазан орозосу хижраттын экинчи жылында парз кылынган. Рамазан айы мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан эсептелинет. Ислам ушул айда туулган, дүйнө жүзүн нурга бөлөгөн Ыйык китебибиз Курани-Карим да так ушул айда түшө баштаган. Миң айдан да куттуу болгон Кадыр түн кечеси да ушул айдын ичинде камтылган.

«Биз ал (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин сен билесиңби? Кадыр түнү миң айдан да жакшы. Ал түндө жараткан (Аллахтын) уруксааты менен периштелер жана Рух (Жабреил периште) ар бир (маанилүү) иш үчүн түшүшөт. Ал түн таң агарып атканга дейре салам (амандык) менен толтура». (Кадр сүрөсү 97 )

Жогоруда маанисин берип өткөн «Кадр» сүрөсүндө, кадыр түндүн «ичинде кадыр түнү жок болгон миң айдан да жакшы» болору билдирилген. Алла Тааланын бул ыйык кабары эч качан талаш-тартыш туудурбагандай даражада анык жана кескин айтылган. Андыктан бул, кадыр түнүнүн бийик  кадыр-баркына, улуулугуна жана соопторуна эң күчтүү, айкын далил болууда.

Пайгамбарыбыздын (Аллах андан ыраазы болсун) көрсөткөн боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүндө кадыр түнүнүн издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, мусулмандар Рамазан айынын 27-түнүн кадыр түн катары тосуп келүүдө.

“Муфтият”

Запись Кадыр түн кечеси 21-июндан 22-июнга караган түнү белгиленет впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан такталган 2017-жылга карата намаз убактылары календарына ылайык «БАРААТ ТҮНҮ» бүгүн,  Шаабан айынын 15 – түнү, 10-11-майга туура келет.

Алла Тааланын ырайымына баш калкалап, күнөөлөрүбүздү тооба менен жууп кетире турган өзгөчө түн. «Бараат»-деген сөздүн өзү «арылуу, тазаруу»-деген маанилерди түшүндүрөт. Бул куттуу түндү намаз окуп, зикир, дуба кылып, кечирим тилеп, Куран окуу менен өткөрсөк, Жараткандын ырайымына бөлөнүп калышыбыз ажеп эмес. Мындан сырткары бул куттуу түнү тооба кылып, өзүмчүлүк, кастык, ичи тарлык, көрө албастык сыяктуу илдеттерден арылууга, дүйнөгө жакшы көз караш менен назар салууга жан үрөшүбүз керек. Жашап жаткан жашообуз убактылуу болгондугун, Алла Тааланын алдына жарык маанай менен барууга ыйманыбыз жана жакшы иштерибиз себеркер боло тургандыгын ойлойлу. Адамды адам болгондугу үчүн жакшы көрүп, Жаратканга шүгүр келтирели. Айлана-чөйрөбүзгө кастыктын, душмандыктын уруктарын эмес, сүйүүнүн, тынчтыктын уруктарын себели. Ушул түнү чын жүрөктөн кылынган дубалардын урматы үчүн эл-жерибизге биримдик, ынтымак беришин, бүтүндөй ааламга тынчтыкты, бакубат жашоону тилеп, ар бир инсандын жүрөгүнө ыйман нурунун ыроолошун Жараткан сурап кетмекчибиз.

http://muftiyat.kg

Запись 10-11-май бараат түнү. Бараат күнөөлөрүбүздү тооба менен жууп кетире турган өзгөчө түн впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Быйыл Курман айт 12-сентябрда белгиленет, бул күн өлкө боюнча дем алыш күнү деп жарыяланган.

Курман айт намазы Бишкекте Эски аянтта окула турганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Курман айт 12-сентябрда белгиленет. Бул күн өлкө аймагында дем алыш күнү деп жарыяланды.

Муфтияттан маалымдашкандай, эски аянтта саат 6:30да баян айтылат. 7:30да муфтий кыргызстандыктарга кайрылып, андан тышкары, куттуктоолор окулат. Ал эми айт намазы саат 8:00дө башталат.

"Спутник"

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 12-сентябрь эс алуу күнү болуп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти. Анда айтылгандай, тийиштүү чечим Эмгек кодексинин эрежелерине шайкеш кабыл алынган.

12-сентябрда Курман айт майрамы болот.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


🌹Бүгүн Зульхиджанын биринчи күнү. ✍Мээримдүү Ырайымдуу Аллахтын аты менен! Улуу Аллах Таала Өзүнүн сүйүктүү пенделерине ыйык күндөрдү белгилеген. Ыйык күндөрдө, айларда көп жакшы амалдарды кылып, күнөөлөр кечирилип, соопторду алып, Аллахтын ыраазылыгына жетсин деп. Кимде-ким ошол ыйык айларды, күндөрдү пайдасыз кетирбей, ибадаттарды кылып өткөрсө- бактылуу адамдардан болуп эсептелет. Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү ыйык күндөргө кирет. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) өзү баса белгилей кеткен. 🌟Джабир (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Бул дүйнөнүн эң берекелүү күндөрү- Зуль хиджа айынын алгачкы он күнү.” Андан сурашты: “ Ага окшоштор жокбу (б.а. адамдарга, Аллахка ошол күндөрү ибадат кылышкан)?” Ал жооп берди: “Аллах жолунда аларга окшош адамдар жок, бир гана Аллах жолунда өлгөн адам (б.а. шахид)”. Бир гана шахид Аллахтын алдында улуурак, Аллахтын жолунда алек болгон адамга караганда. Бул ыйык күндөргө Арафа күнү дагы кирет. Арафа күнү- дуалар кабыл боло турган, күнөөлөр кечириле турган, Курман айттын алдындагы күн. Курман айт күнү тууралуу Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Эң улуу күн- Курмандык чалына турган күн”. Бул Ыйык күндөрдө бардык ибадаттар камтылган. Хафис ибн Хажар “Аль- Фатх” китебинде айтат: “ Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүнүн улуктаганынын себеби, бул күндөрдө бардык ибадаттар аткарылат: намаз, орозо, курмандык чалуу, ажылык амалын аткаруу,- башка кундөрдө бул амалдар бирикпейт ”. 🌟Ибн Аббас (радияЛлаху анху) риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) айткан: “ Аллах Таала бул күндөрдө ( Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө) жасалган амалдарды жакшы көрөт”. Бирөө сурады: “Оо, Аллахтын Элчиси, джихадка караганда дагыбы?” Ал жооп берди: “Ооба, джихадка караганда дагы, бир гана Аллах жолуна өз байлыгы менен чыгып, өлгөн адамдан башкасы.” БУЛ ЫЙЫК КҮНДӨРДҮ КАНДАЙ АМАЛДАР МЕНЕН ӨТКӨРҮШҮБҮЗ КЕРЕК? 1⃣ Чын жүрөктөн тооба кылуу Бул ыйык күндөрдү тооба кылуу (Аллахтан кечирим суроо) менен өткөрүшүбүз керек. Аллах Таала Кечирүүчу, Ырайымдуу Зат. Пенделеринин чын жүрөктөн кылган тообасын кечирет. “Эй, өздөрүнө зыян кылып жаткан пенделерим! Аллахтын жакшылыгынан үмүт үзбөгүлө. Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Анткени, Ал- Кечиримдүү, Боорукер!” – деп айткын. (Аз-Зумар: 53) 2⃣ Бул ыйык күндөрдү пайдасыз кетирбөөгө бекем ниет кылуу Чыныгы момун мусулман адам бул күндөрдү жакшы амалдар менен өткөрүүнү аракет кылат. Кимде-ким жакшы иштерди кылууга ниеттенсе, Аллах анын жолун жеңил кылып коёт. “Биз үчүн умтулуп аракеттенгендерди, Биз туура жолдо алып барабыз. Акыйкатта, Аллах жакшылык кылуучулар менен бирге”. (Анкабут: 69) 3⃣Күнөөлөрдөн алыс болуу Аллахка кулчулук кылуу менен пенде Аллахка жакындайт, күнөөлөрдү кылуу менен Андан анын рахматынан алыстайт. Кимде-ким күнөөлөрүнүн кечиришин, Тозок отунан кутулууну кааласа, анда бул күндөрдө жана башка күндөрдө күнөөдөн оолак болууга аракет кылыш керек. Бекем ниет кылып, аракет кылган адам сөзсүз максатына жетет. 4⃣Орозо кармоо Орозо- бул айда кылынгн эң жакшы амаладардан болуп эсептелет. Аллах Таала айткан: " Адам баласынын баардык амалдары өзү үчүн, бир гана орозосу Мен үчүн. Ал орозону Мен үчүн кармайт жана сыйлыгын да Өзүм берем". (Бухари, Муслим) Айрыкча орозону Арафа күнү кармоо абзел. Арафа күнү- Зуль хиджа айынын тогузунчу күнү. Бул күнү орозо кармоо- сүннөт болуп эсептелет. Муслим риваят кылган, далилденген хадисте айтылган, Пайгамбарыбызды (салляЛлаху алайхи уас саллям) Арафа кунүндө орозо кармоо тууралуу сурашканда, ал айткан: “ Бул күнү орозо кармаган адамдын өткөн жана келээрки жылкы күнөөлөрү кечирилет.” Аиша (радияЛлаху анха) Масрук (радияЛлаху анху) га айткан: “О Масрук, Пайгамбарыбыз (салляЛлаху алайхи уас саллям) бул кунү кармалган орозону миң ай кармалган орозого теңегенин укпадың беле?” (Байхаки, Табарани) 5⃣ Намаз Намаз- эң улуу амал. Бул айда жамаат менен көбүрөөк намаз окуганга аракет кылуу керек. Аллах ар бир жакшы амалдардын сообун көбөйтүп берет. Аллах Таала Ыйык Курани Каримде айткан: “Чындыгында, Мен- Аллахмын. Менден башка Кудай жок! Ошондуктан Мага сыйын. Ошентип Мени эстөө үчүн намады толук аткар!” (Тоха: 14)
6⃣Тахлиль ,Тахмид зикрлерин көп айтуу Ибн Умар риваят кылган, Пайгамбарыбыз (салля Ллаху алайхи уас саллям) айткан: " Зуль хиджа айынын алгачкы он күнүндө кылынган амадардан Аллахка сүйүктүрөөк болгон амал жок. Бул күндөрү тахлиль, тахмидти көп айткыла. (Ахмад) Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Ляя иляха иллЛлох, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Уа лиЛлахиль хамд! 7⃣Садака берүү Бул айда колдон келишинчке көбүрөөк садака берүү да абзел. Садака эч адамдын байлыгын азайтпайт. Садака берип, адам кедей болуп кетпейт. Аллахка жолунда берген нерсени Аллах Өзү көбөйтүп берет. Аллах Таала садака берүү тууралуу Ыйык Куранда айткан: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге берген ырыскыбызыдан соодалашуу, достук, жан тартуу болбой турган күн келгенге чейин Аллах жолунда сарптагыла. Каапырлар- алар заалымдар.” (Бакара: 254) Жалпысынан Аллахты ыраазы кыла турган баардык амалдарды бул күндөрдө аткара бериш керек: Куран окуу, Каранды башкаларга үйрөтүү, салават айтуу, истигфар кылуу, ата-энеге жардам берүү, туугандар менен мамилени бекемдөө, жаман сөздөрдөн алыс болуп, жакшы сөздөрдү сүйлөп, адамдарга жылмайып, жылуу сөз менен болсо да кубантуу.

▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒▒ ⚡ facebook.com/Formulasy ⚡ ok.ru/formulasy ⚡ vk.com/formulasy ⚡ instagram.com/formulasy ⚡ youtube.com/FormulaKG ⚡ plus.google.com/ FormulaKG ⚡ formulasy.blogspot.com ⚡ WhatsApp: +996700334493 © БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


🌹Бүгүн түнү арманда калбагыла!

🌹БАРААТ ТҮНҮ.

  🌹Бул түндө бардык иштер бөлүштүрүлөт. Бул түндүн рахмат, берекет жана жакшылыгын санап бүтө албай турган даражада эсепсиз. Бул берекелүү түндө Жабраил периште, Пайгамбарыбыздын алдына келип ушундай деди: "Оо Аллахтын Пайгамбары, Аллах бул түндө бир нече инсандардын күнөөсүн кечирет. Кээ бир инсандардын күнөөсүн кечирбейт. Бул түндөгү Аллахтын кечиримине төмөнкү инсандар киришпейт:

(1) Аллах Тааланы жана анын элчисин жана момундарды шылдындагандар.

(2) Мусулмандар бири-бири менен кек сактап араздашкандар.

(3) Туугандар менен карым катнашты үзгөндөр.

(4) Бой көтөрүп текеберленген инсандар.

(5) Ата энесин нааразы кылгандар.

(6) Өзүмчүл болуп (кумарга батып) өмүрүн өткөргөндөр.

     🌹Ато ибни Ясар "Шаабан айынын 15-түнү Азраил периште кийинки жылы Шаабан айынын 15-түнүнө чейин каза болуучу инсандардын тизмесин даярдайт. Арада канча инсандар бул тизмеге кирип калганынан кабары болбой калат" деп айткан.

     🌹Ибни Умардан риваят кылган бир хадисте Пайгамбарыбыз ушундай деген: "Төрт түн бар, анда дубалар кайтарылбайт. Сөзсүз кабыл болот.

(1) Ражаб айынын алгачкы түндөрүндө.

(2) Шаабан айынын 15-түнү.( Бүгүн түнү)

(3) Кадыр түнү.

(4) Эки айт түнүндө.

     🌹"Төрт түн бар; түндөрү күндүз сыяктуу, күндүздөрү түндөр сыяктуу. Аллах ал түндө ант ичкендердин антын чындык менен иш жүзүнө ашырат. Кечирим сураган инсандарды кечирет, аларга чексиз сооп жана сыйлык берет. Бул түндөр Кадыр түнү, Бараат түнү, Арафа түнү жана Жума түнү".

     🌹Ибн Мажжа Али ден риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз мындай деген: "Шаабан айынын 15-түнү (бүгүн түнү) келген убакта күндүз орозо кармоо менен өткөргүлө, түнү ибаадат кылгыла. Анткени Аллах таң атаардан мурда дүйнө асманына түшөт жана мындай дейт:

    🌹 "Истигфар айтып тообо кылып кечирим сураган барбы, кечирейин. Ырыскы сураган барбы, мол ырыскы берейин, балээ-сыноого учураган барбы, аларды куткарып тынчтык берейин. Баланча кайда? Түкүнчө кайда?" Бул таң агарганга чейин улана берет.

   🌹  "Ким Шаабан айынын 15-түнү( бүгүн түнү) жана эки айт түнү ибаадат кылса бардык жүрөктөр өлгөн күнү( кыямат күнү) анын жүрөгү өлбөйт.

📚"Ыйык айлар жана кабыл болгон дубалар" китебинен.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Касиеттүү үч айдын бири болгон Шаабан айынын он бешинчи түнүнүн жыл сайын биз мусулмандар руханий толкундоолор, эргүүлөр менен тосуп келүүдөбүз. Таң атканча уктабастан Алла Таалага сыйынып, ибадат кыла турган түн. Анткени бул түн – камтып турган ички маани-маңызы жана кадыр-баркы бийик, ары терең куттуу Бараат түнү болуп эсептелет.
«Бараат» деген сөздүн мааниси – «арылуу, тазаруу, айыгуу» дегендик. Анткени бул түндү жакшы баалап, ибадат, дуба - зикир менен өткөрүүдөн улам Алла Тааланын мээримине жетип, күнөөлөрдөн арылып, каталыктардан тазаруу мүмкүнчүлүгү мусулманга ыйгарылат. Ылайыктуу даражада, терең маңыздуулугуна бап түрдө сезгирлик менен бул түндү баалап-барктай алган мусулмандар Алла Тааланын сый-берекелерине арзыганы үчүн, бул түн «Мубарак», «Рахмат» деген аттар менен да аталып келген.

Бул түндүн мани- маңызы эмнеде?

Улуу Алла Таала Куран Каримде «Духан» сүрөсүнүн 1-4- аяттарында мындай деген:
«Айкын китепке ант болсун, Биз ал Куранды кут-берекелүү бир түндө түшүрдүк.Чындыгында биз (Куран менен) эскертүүчүбүз. Ал түндө ар бир маанилүү иш бизден болгон буйрукка ылайык анык ажыратылат». Бул аяттарда айтылган «кут-берекелүү түндү» кээ бир аалымдар «Кадыр түн» деп, кээ бирлери «Бараат түнү» деп түшүндүргөн. Дагы башка айрым аалымдар болсо бул эки түрдүү пикирди мындайча айкалыштырган: «Аталган түндүн кут-берекелүү болуусу – Куран Каримдин ошол түнү түшүрүлүшүнөн улам болгон. Куран Карим Шаабан айынын он бешинчи түнүндө (Бараат түнүндө) бир жолу толук бойдон дүйнөнүн биринчи асманына түшүрүлгөн да, анан кадыр түнүндө милдеттүү жазмакер периштелер тарабынан көчүрүлүп, азирети Мухаммедке (САВ) Жебрейил периште аркылуу бөлүм-бөлүм түрүндө түшүрүлө баштаган. Ушул себептен улам, аталган кут-берекелүү түн аркылуу Бараат түнү көрсөтүлгөндүгү Куран Каримдин Кадыр түнүндө түшүрүлө баштаганына кайчы келбейт». Бул түндөгү беш түрдүү касиет жана шапаат жөнүндө Исламдык булактарда көрсөтүлгөндөй, бул түндө беш түрдүү касиет камтылган:
Ар бир орчундуу иш ошол түнү Алла Тааланын даанышмандыгына ылайыктуу түрдө ажыратылып тандалат. Ошол түнү кылынган ибадаттардын, күндүзү кармалган орозолордун жана жакшы иштердин сооптору эбегейсиз зор. Бул, Алла Тааланын мээримине, кут-берекесине, жакшылыктарына толуп турган бир түн. Күнөө-каталар кечирилчү касиеттүү түн.
Сүйүктүү Пайгамбарыбызга (САВ) ушул түнү толук шапаат маанайы тартууланган. Тагыраак айтканда, азирети Пайгамбар (САВ) Шаабан айынын он үчүнчү түнү улуу Аллахтан үммөттөрүнө карата шапаат кылууну суранган, үчтөн бири берилген; Он төртүнчө түнү дагы сураган, дагы үчтөн бири берилген; Он бешинчи түнү-Бараат түнү кайрадан сураганда, ушул түнү толук түрдө шапаат кылуу укугу ыйгарылган. Шаабан айынын он бешинчи түнү жөнүндөгү мына бул хадис көп нерсени туюнтууда: Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт:
«Шаабан айынын жарымы болгондо ошол түндү жандуу маанайда ибадат менен өткөргүлө. Күндүзүндө орозо кармагыла. Анткени Алла Таала ошол түнү күн батаар маалда дүйнөнүн асманына улуулугун түшүрүп: «Кечирим – истигфар сурагандар жокбу? Кечирейин, ырыскы тилеген жокпу? Ырыскы берейин; Оору-сыркоого чалдыккан жокпу? Саламаттык берейин; Дагы…дагы…жокпу?...» деп, таң атканга чейин улантат». 
Маселенин орчундуулугун туюнткан дагы бир хадисте айтылганы боюнча, Пайгамбарыбыз (САВ) Шаабан айынын ортосунда орозо кармабагандыгын билген кээ бир сахабаларга Рамазан айы чыккан соң, Шаабандын ортосунда кармай албай калган орозонун ордуна 1-2 күн орозо кармоону буйруган.

http://adep.kg/
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) күндөрдүн биринде түн ортосунда Харам мечитинен (Кааба) Акса мечитинде, ал жерден Аллах Тааланын алдына барган миӊ бир сырлуу куттуу түн. Бул улуу сый дүйнөлүк баардык көшөгөлөр алынып, толугу менен Жараткандын чен-өлчөмүнүн негизинде жүзөгө ашкан өзүнчө баа жеткис белек болгон. Биздин ааламдагы «жер» жана «убакыт» деген түшүнүктөр токтоп, миллиарддаган адамдардын жашоосуна сыйбай турганчалык узун сапар өтө кыска убакыт аралыгында жүзөгө ашкан. Ошентип сүйүктүү Пайгамбарыбыз аалам-апайды, курсийди, Аршты жана сидратул-мунтахааны ашып, Жараткан Аллах Таала менен ортомчусуз сүйлөшүп, Жараткандын өзгөчө жакшылыгына туш болгон.

Антыктан мына ушундай тарыхий белгилүү күндөрдү билүүбүз зарыл. Ушул түндө Жараткан Аллах Тааладан Ислам дүйнөсүнүн жана мамлекетибиздин биримдигин, ынтымагын бекемдөөсүн сурап кетмекчибиз.

Быйыл Мираж түнү .Ражаб айынын 27- түнү. 2016-жылдын 3-майынан 4-майына караган түнгө туура келди.

http://muftiyat.kg/
Технологии Blogger.