Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Жогоруда аталган иш чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик антимоноплияны жонго салуу агенттигинин колдоосу менен откорулуудо. Иш чаранын негизги максаты тамак-аш ондуруучу жана таратуучу ишкана тармактарына «халал» тушунугу боюнча кенири маалыма беруу болуп саналат. Мында халал стандарттарынын аталган ишканалардагы орду жана ошондой эле тамак-аш тармактарында халал стандартына жооп берген тамак-аштардын тармагын ишке киргизуу же болбосо халал болумун аталган тармактарда ачуу болуп саналат.

Бугунку кундо халал стандартына жооп бере турган дегеле халал азыктары арасында бир топ суроолор журуп келет. Бул багытта бардык суроолорго жооп алып, мындан ары халал стандартын талап кылган ар бир жаран озуно маалымат алуусу учун аталган иш чара уюштурулуп жатат.

Лекциянын ачылышында алгач созду халал Индустриясын Онуктуруу Борборунун директору, журналист коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек алып барат.
Тегерек столдун катышуучулар:
  • ТЦ Фрунзе
  • ТЦ Боорсок
  • ТЦ Народный
  • ТЦ 7 дней
  • ТЦ Бета Сторес
  • ТЦ Вефа Центр
  • ТЦ Арзан
  • ТЦ Каныкей
  • ТЦ Импаш
  • ТЦ Глобус
  • ТЦ Березка
  • ТЦ Алтыным ж.б.
Иш чаранын журушундо катышуучуларга Халал Индустриясын Онуктуруу Борборунун атайы маалымат баракчалары таратылып, суроолорго жооп алууга болот.

Ассистенттер: Эрмухаммад Мыктыбек, Чукобекова Нургуль, Ибраев Алманбет.
Отуучу жайы: Бишкек ш. 720002, Байтик-Баатыр коч 7б\1
Куну: 27.04.2016 ж.
Убактысы: 10:00.
Тел: 0312 891490, 0772 102 429, 0707 666 881
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Акыркы учурда Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун логотибин товарлардын таңгагында мыйзамсыз колдонуулар көбөйүүдө. Мындай кылмыштардан улам борбордун ишине чоң зыян келтирилүүдө. Анын үстүнө тастыктоосуз логотип менен иштеген өндүрүшчүлөр керектөөчүлөрдү алдап жатканы өкүнүчтүү.

Халал индустриясын өнүктүрүү борбору буга окшогон бир катар фактылар менен мамлекеттик органдарга кайрылууда. Бирок, азырынча натыйжа чыга элек. Ошондуктан, биз мындан нары халал логотибин мыйзамсыз колдонгон ишканалар тууралуу керектөөчүлөрдү массалык маалымат каражаттары аркылуу түз кабардар кылып тууруну туура көрдүк.

«Ак –Тилек» колбасалары – дареги жана жетекчилери белгисиз. Телефондору өчүк. Негизги базарларда сатылат. Адистердин айтымында бул колбасалардын курамындагы эт белгисиз жана чочконун майы болуусу толук ыктымал.

«Шабаза И.» өндүргөн «Дунганские пельмени», «Лязиз» чүчпараларынын да логотиби тастыкталган эмес. Алардын да курамы белгисиз жана адалдыгын тастыктаган сертификаты жок.

«Мастер Фрост» чүчпаралары Халал индустриясын өнүктүрүү борбору менен бир жыл иштешкен. Бирок, борбордун талаптарын буза бергендиктен сертификаты кайра чакырылган. Ага карабай бул мекеме кардарлардан куру калуудан коркуп, борбордун белгисин дагеле жалганчылык менен иштетип келет. Бир канча жолку кайрылуу жардам берген жок. Бул мекеменин азыктарынын адалдыгы тастыкталган эмес жана алардын курамы белгисиз.

Ошондой эле, Ош базарында жайгашкан «Шам –шум» тез татымы, «Мусулман»ашканасы, даараткананын жанындагы «Комплексный обед» ашканалары жана«Адиш – Ата» самсыканасы да халал индустриясынын логотибин мыйзамсыз колдонушуп келет. Алардын тамактарынын адалдыгы биздин борбордон тастыкталган эмес. Ошондуктан, алардын бул аракети кардарларды алдоо деп эсептелет.

Ушундан улам Халал индустриясын өнүктүрүү борбору керектөөчүлөрдү түз эскертип гана калбастан мындай шылуундуктарды токтотууда жардам сурайт. Т.а. борбордун логотибин мыйзамсыз колдонуп жаткан ишкалар тууралуу билдирип коюңуздарды өтүнөт.

Айтмакчы, андан тышкары Халал индустриясын өнүктүрүү борборунда тастыкталган адал азыктар, алардын курамы жөнүндө так маалымат алуу үчүн атайын маалымат кызматы иштейт.

«Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борбору» КБ

Тел.: +996 312 89  14  90, +996 555 89 14  90

www.halal.kg

Twitter: @adalkg

http://inter.kg/


December 17, 2015 at 05:54PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кыргызстандагы нан (лепешка, булочка ж.б.) бышыруучу ишканалардын дээрлик бардыгы нандын бетин жалтыратчу майларды адатта ЧОЧКОНУН жүнүнөн жасалган кисточка менен жалтыратышат экен.

Негизи кисточкалар табигый материалдардан болсо көбүнчө чочконун жүнүнөн жасалат жана кээ бир кездерде синтетикадан жасалышы мүмкүн. Бирок синтетикадан жасалган кисточка чочконун жүнүнөн жасалган кисточкаларынын сапатына жетпейт. Чочконун кылдары жумшак жана аябай бышык болуп келет. Ушундай кисточкаларды колдонгоңго ыңгайлуу болгондуктан набайчылар жана нан азыктарын чыгара турган жайларда кездешет. Халал стандарт боюнча ушундай оор нажаса (чочко жана андан алынган заттар) менен булганган нандар арам болуп калат.

http://halal.kg/

The post АБАЙЛАҢЫЗДАР!!! НАН АРАМ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ appeared first on FORMULA.KG.


October 16, 2015 at 08:17PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Халал индустриясын өнүктүрүү Кыргыз борбору» коомдук бирикмеси атамекендик тастыкталган адал тамак-аш жана азыктардын курамындагы заттардын пайдалуулугуу жөнүндө так маалымат берүүчү маалыматтык кызматын ачты. Бул тууралуу аталган бирикмеден маалымдашты.

Кеңири маалымат алуу үчүн кызматтын төмөнкү байланыш номерлерине чалсаңыздар болот:

0312 89 14 90,  0555 89 14 90,  0707 666 881.

Эске сала кетсек, аталган коомдук бирикме өлкөбүздө 3 жылдан бери иш алып барат жана ага учурда 100гө жакын ишканалар катталган.

Адал индустриясы дүйнөдө эң ыкчам өнүгүп келе жаткан экономикалык тармактын бири. Ал тамак-аш өндүрүүдөн тышкары, косметика, даары-дармектер, кийим, ар кандай кызматтар жана логистика тармактарын камтыйт.

 INTER.KG

Эгер сиз адал тууралуу маалымат алып тургуңуз келсе…

The post Кыргызстанда адал азыктары тууралуу маалыматтык кызматы ачылды + ВИДЕО appeared first on FORMULA.KG.


September 13, 2015 at 11:32AM
Технологии Blogger.