Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Пайгамбарлар. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сулайман Пайгамбарга (алейхиссалам) бир күнү эки аял келет. Алардын жанында али сүйлөй элек бир кичине бала бар эле. Бири дартын төмөнкүчө айтты:
– Эй, Алланын азиз пайгамбары. Мен талаада иштеп жатып, уулумду бешигине жаткызып уктатып койгон элем. Аздан кийин бул аял келди. Бала меники деп кыйкыра баштады. А чынында анын баласын абалдын арасынан бир карышкыр келип алып кетиптир. Эми менин балама ээ болгусу келип жатат. Сулайман алейхиссалам аялды уккан соң, тигил аялга сөз берди. Ал мындай деди:
– Эй, Алланын Элчиси! Бул аял жалган айтып жатат. Анык ушунун баласын карышкыр алпкеткен. А бала болсо меники. Так ушул менин балама ээ болгусу келип жатат!
Сулайман пайгамбар чечим чыгарды.
– Мага чоң жана өткүр кылыч алпкелгиле! Адамдары дароо буйрукту аткарды. Кылычты алып, балага кезеди.
– Баланы бөлүшө албай жатасыңар, экиге ортодон бөлөйүн, жартысын бириңер, экинчи жартысын бириңер алгыла. Сот иши ушинтип чечилсин.
Аялдын бири адроо ыраазы болду:
– Болуптур, ушундай болсун!
Тигил аял бакырып жиберди:
– Эй, Алланын Элчиси! Буга жан чыдай алабы? Мен каалабайм. Бала аныкы болсун, бирок ага эч нерсе болбосун!
Сулайман алейхиссалам акыркы сөзүн сүйлөйт:
– Баланын энеси табылды, баланын кимге таандык экени аныкталды! Алпкеткиле кызганчаак аялды!
Анан баланы балага эч нерсе болбосун деген аялга берди.

Даярдаган:Авлиёев Фуркат
БАТКЕН КАЗЫЯТЫНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ

Запись Сот ишин чечкен эне мээрими впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул окуя тууралуу Куранда минтип айтылган: “Аларга Адамдын эки уулунун кабарын окуп бер: Бир кезде экөөсү (Ал­лахтын ыраазылыгы үчүн, кол астындагы нерселерден) курмандык кылып, ал кур­мандыктар биринен кабыл болуп, экин­чисинен кабыл болбой калды. Ал (кур­мандыгы кабыл болбой калган) бала айтты: “Мен сени өлтүрөмүн!” (Экинчиси) айтты: “Аллах такыба кишилердин гана курман­дыгын кабыл алат. Эгер сен мени өлтүрүү үчүн кол салсаң да, мен сени өлтүрүү үчүн эч качан кол салбаймын. Мен Ааламдар­дын Роббисинен коркомун. Менин жана өзүңдүн күнөөң менен кайтып, тозок ээле­ринен болуп калышыңды каалаймын. Заа­лымдардын жазасы – ушул”. Кийин анын напсиси бир тууганын өлтүрүүгө көндүр­дү жана аны өлтүрүп койду. Ошентип, ал (эки дүйнөсү) күйгөн адамдардан болуп калды. Аллах ага бир тууганынын сөөгүн кандай көмүүнү үйрөтүү үчүн жер тыткан бир карганы жиберди. (Заалым баланын көз алдында эки карга тытышып, бир өлөт да, өлтүргөнү тырмагы менен жерди чукуп аны көмүп салат. Ошондо) ал: “Оо, шорум курусун!” Мен бир тууганымдын сөөгүн ушул каргадай көмө албадымбы?” – деп бушайман кылуучулардан болду”. (Мааи­да, 27-31-аяттар).

Бул окуяда Адам атанын балдары Ка­был менен Хабил жөнүндө айтылган. Шай­тандын азгырыгы менен көралбастыкка ал­дырган Кабыл бир тууганы Хабилди өлтүрүп коёт. Бул адамзаттын тарыхындагы алгачкы адам өлтүрүү бол­гон. Кабыл бир тууганынын сөгүн ар бери көтөрүп бир топ убакыт жүрөт. Ошол убакта Аллах Таала ага эки карганы жөнөтөт. Алардын бир экинчисин өлтүрөт да, дароо жерди чукуп көмүп салат. Аны көргөн Кабыл да, бир тууганынын сөөгүн жерге жашырат. Бул окуя­дан улам суроо пайда болот. Эмне үчүн Аллах Таала адам­га мугалим кылып каргадан башка жаныбарды жиберген жок?

Биология илиминин изилдөөсү боюн­ча, карга канаттулардын эң зээндүүсү жана айлакери. Өз көлөмүнө салыштырмалуу мээ­си эң чоң канаттуу – карга болуп эсептелет. Каргалардын жашоо мыйзамында жазалоо түшүнүгү бар. Эгерде, бир карга мыйзамды бузса, алар аны жамаат менен жазалашат. Баарынан таң калыштуусу, ар бир кылмыш­тын өзүнө жараша жазасы болгондугунда:

– Эгерде жаш балапандан тамак тар­тып алса, башкалар анын канатын жулуп, дал ушул балапан сыяктуу учууга жөндөмсүз кылып салышат.

– Эгерде салынган уяны тартып алса, аны жаңы уя салып берүүгө мажбур кылы­шат.

– Эгерде ургаачы каргага зыян жеткир­се, аны чокуп жана тытып өлтүрүшөт.

Алардын жазалоо өкүмү талааларда, жалпы каргалардын жыйынында өтөт. Кы­зыгы күнөөкөр карга эч качан каршылык көрсөтпөйт. Ал эми, өлүм жазасына тартыл­ган карга эч качан жер бетинде калбайт. Аны атайын жерди чукуп көмүп салышат. Өлүктө­рүн жер үстүнө калтырбаган канаттуу карга болуп эсептелет. Ошондуктан, Аллах Таала өлүктү көмүүнү үйрөтүү үчүн карганы жи­берген. Бул, Аллах Тааланын чексиз дааныш­мандыгын дагы бир жолу далилдеп турат.

The post Адам баласы өлүктү көмүүнү каргадан үйрөнгөнбү? appeared first on FORMULA.KG.


October 04, 2015 at 06:04PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сахабалар кимдер?

Сахабалар Пайгамбарыбызды тирүү кезинде көрүп ыйман келтирип өткөн инсандар. Ал сахабалар эрчий турган жол көрсөтө турган жылдыздарга окшош.  Кербенчилер чөлдө караңгы түндө жылдыздарга карап жол тапкандай эле биз сахабаларга ээрчип туура жолду табабыз.

Жылдыздар өз нурун күндөн пайдаланып бизге жаркырап көрүнгөндөй эле сахабалар илим -билим нурларын Пайгамбарыбыздын көкүрөгүнөн күндөй жаркырап чыккан илим билим нурунан пайдаланып, бизге жол көрсөтүүдө, ээрчитүүдө жылдызга окшоп турушат.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:

«Менин сахабаларым жылдызга окшош, кимисин ээрчисеңер туура жол табасыңар»

Эх, Сахабалардай болсок кана!
Сахабалардын сүйүүсүндөй сүйүү бизде болсо гана!
Сахабалардын жүрөнүндөй таза жүрөк бизде да болсо гана!
Сахабалардын жөнөкөйлүгүндөй жөнөкөйлүк бизде да болсо гана!
Сахабалардын берешендигиндей берешендик бизде да болсо гана!
Сахабалдардын такыбалыгындай такыбалык бизде да болсо гана!
Сахабалардай эр жүрөктүүлүк,колдогондой колдо бизде да болсо гана!
Аттиң! Жашообуз түп башкача болмок ..

Сахабалар биз инсандардан айырмаланып даражалары бийик инсандар. Алардан Аллах Таалам ыраазы болуп сүйгөндүгүнөн Куранда мындай деген:

«Аллах Таала алардан (сахабалардан) ыраазы, алар (сахабалар) Аллах Тааладан ыраазы» (Баййина : 98:8)

Биз сахабалардай эч качан боло албайбыз, аларга жете да албайбыз, аларды андай,тигиндей деп айтууга хаккыбыз жок! Алар улуу инсандар! Алар Аллах, Пайгамбарыбыз үчүн жандарын берүүгө даяр болгон, сүйүүлөөрү чын жүрөктөн болгон улуу инсандар!

 Ушуга бир мисал: окуяны айтып өтсөм…

Бир такыба жигит болгон экен.  Ал жашынан намазын окуп,кураанын жаттап, бир да мечиттен калбай,Аллахтын бардык мыйзамдарын аткарып жүргөн болот. Бир күн устазына барып: “Устаз мен бирида каза кылбай амалдардын барын жайына койуп аткарып келем.  Мен сахабалардын даражасына жеттимби “деп сурайт.

Ошондо устаз:”эртең келсең жооп берем “дейт. Ошентип жигит үйүнө келип кечинде жатып түш көрөт.  Түшүндө Пайгамбарыбыз (ﷺ)  ды сахабалары менен көрөт. Пайгамбарыбыз (ﷺ) жигитти алдына чакырып сол жанымда жүр дейт. Ошентип кайдан жайдан бир чоң дөңгөч Пайгамбарыбызды карай келе жаткан болот. Пайгамбарыбыз (ﷺ) жигитке: “Бар сен мени корго “дейт.

Жигит ары жака бери жака чуркап эч нерсе таппай койот дөңгөчтү токтотконго.  Жигит Пайгамбарыбыз га барып: “мен токтото албайт экенмин “дейт. Ошондо Пайгамбарыбыз (ﷺ) сахабаларын бирине буйрук берет. Сахаба чуркап барып келе жаткан дөңгөчтүн жолуна жата калат.  Жигит чочуп ойгонуп түшүнөн тура калат. Тер басып ал эмне үчүн андай дедим экен деп көз жашын төгө баштады эшикти караса баамдатат да убагынан өтөйүн деп калган болот . Шаша дароо даарат алып намазын окуп болуп. Устазына чуркайт. Барып устазына түшүн айтып көз жашын көл кылып жатты. Мындан ары эч качан ал сөздөрдү айтпашын сйтып кечирим сурап өкүнүп ыйлап жатты…

Ошон үчүн туугандар биз өзүбүздү эч качан сахабаларга теңебейлик.

Пайгамбарыбыз (ﷺ) өзүн сүйгөн адам анын үй бүлөөсүн, досторун башкача айтканда сахабаларын да сүйүү керек..

Пайгамбарыбыз (ﷺ) хадисинде бул тууралуу мындайча айтылган:

«Сырат көпүрөөсүнөн буттары тайбастан өтө тургандар – менин үй бүлөөмдү жана сахабаларымды сүйгөндөр болот» …

«Сахабаларыма жаман сөз сүйлөөдөн Аллахтан корккула! Менден кийин аларды жаман ниеттериңерге максат кылбагыла. Напсиңерге баш ийип алар жөнүндө жаман ойдо болбогула. Аларды сүйгөндөр мени сүйгөндүктөрү үчүн сүйүшөт. Аларды сүйбөгөндөр мени сүйбөгөндүктөрү үчүн сүйбөшөт. Аларга ким кол менен тили менен ызаа келтирип,акараат келтирген болсо Алла Таалага ызаа кылган  болот. Бул кылгандары үчүн кечикпестен жазасын алышат»

Ошон үчүн ушундай улуу адамдар жөнүндө сөз кылганда башака жөнөкөй адамдар сыяктуу кылып сүйлөбөшүбүз керек.

Сахабалар Аллах Таала тарабынан тандалган адамдар.  Алардын даражаларынын бийиктиги башка үммөттөрдөн да жогору.  Алар деген Бейиш адамдары!

Эгер билсеңиз Сахабалардын эң башкысы болгон Абу Бакрды (Р.А) айтсак.  Ал киши Пайгамбарыбыздын эң жакын досу,берешен,жоомарт, ак көңүл мүнөздү болгон.  Ал Пайгамбарыбызды өтө кыйын кездерде колдоп эч ким ишенбесе да ал күмөнсүз ишенип Пайгамбарыбыз аны Абу Бакр сен сыддыксын деп атап койгон (Аллах ана ыраазы болсун) ..

Ал эми Умар ал Хатаб. (Р.А.) Пайгамбарыбыздын арыстаны, коргоочуусу,эр жүрөк,адилеттү,тайманбаган баатыр досу болгон. Пайгамбарыбыз (ﷺ) Умарды тездик,коркпостук жагын Муса (алейхи салам)  Пайгамбарга окшоткон. Умар Аллахтан өтө корккон такыба инсан болгон ….

Усаман (Р.А) Пайгамбарыбыздын мүнөзү жумшак ишенимдүү досу,күйөбаласы болгон. Ал Пайгамбарыбыздын эки кызыга үйлөнгөнү үчүн зыянур деген атка конгон.

Али (Р.А.) Пайгамбарыбыздын эң жаш досу  акылдуу,тайманбаган ,даанышман ,колдоочу,күйөө баласы болгон. Пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгын биринчилерден болуп Али эң жаш  (Р.А) кабыл алган.

Аллах ыраазы болсун!

Ушул улуук инсандардын калтырган осуяттары, мээнети,аракети,илими менен биз кураан,хадистерди, Пайгамбарыбыз; (ﷺ)  ды жакындан таанып,үйрөнүп билип жатабыз.  Бул инсандар биздин сүйүүбүзгө татыктуу Инсандар.  Аларды Пайгамбарыбызды Сүйгөндөй сүйүп жашайлы.

Сахабалар биз үчүн асмандагы жылдыздар алардын нуру менен биз илимибизди өркүндөтүп жатабыз!

Оо, Аллахым! Биз пенделериңе акыретте Пайгамбарыбыз Мухаммедке (ﷺ)  шапаат болуп барууну Насип эткин! Сахабаларды көрүүнү,алар менен бирге болууну насип эткин! Аллахым биз пенделериңдин билип билбей кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, Сахабалардын сүйүүсүндөй сүйгөн жүрөк бергин!

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

www.formula.kg

The post Сахабалар – менин чыныгы досум! appeared first on FORMULA.KG.


September 29, 2015 at 04:25PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү Сулайман ала́йхи саллам пайгамбар кумурскадан бир жылдык керектеген азыгынын көлөмүн сурайт.
Кумурска "буудайдын бир данын керектейм" деп жооп берет.
Кумурска берген жооп туура же туура эмес экенин текшерүү үчүн аны бир шишенин ичине салат. Жанына да бир дан салып, шишенин оозун аба кире тургандай кылып жабат. Бир жыл да өтөт. Шишени ачып караса, ошол дандын жарымын гана жеген болот. Сулайман ала́йхи саллам таң калат. «Эмне үчүн жеген жок?» деген суроо туулат. Кумурсадан сураганда: Сенден мурда менин ырыскымды Аллах берүүчү. Мен ага ишенип, дандын баарын жечүмүн. Себеби, ал мени эч качан унутпайт жана менден жүз буруп кетпейт. Ал эми сен мени камкордугуңа алгандан баштап «бул көр пенде» деп сага толук ишене алган жокмун.
Ошон үчүн мага берилген дандын жарымын гана жедим. Жарымын болсо кийинки жылга калтырдым.


Жараткан эч кимди пенденин колун каратып, ага муктаж болуудан сактасын! Өзүбүз эмгек кылып, ыпыскыбызды адалдан таап жейли!
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү Ибрахим ала́йхи саллам   Азрайилден ала́йхи саллам   сураптыр : ,
"Эй, Азрайил ала́йхи саллам, Жаман адамдардын рухун алып жатканда, аларга кандай көрүнөсүң?"
Азрайил ала́йхи саллам   бул жөнүндө суроо бербегени оң экенин айтат. Бирок, Ибрахим ала́йхи саллам   суроого жооп алууну каалап туруп алат.
Анда Азрайил ала́йхи саллам  :

Артына бурулуп, көргөн нерсесинен каттуу корккон Ибрахим ала́йхи саллам   эс-учун жоготот
-Эй, Азраил. Алар дүйнөдө жасаган баардык жамандыктарынын жазасы үчүн сенин ушул абалыңды көрүшсө жетиштүү болот"
Бирок, жандын алынуусу, кабыр азабы, махшар майданы жана тозоктогу азаптар да бар.

Ибрахим ала́йхи саллам кайра сурайт:
-Жакшы адамдардга кандай абалда көрүнөсүң?
Азраил кайрадан Ибрахим ала́йхи салламге көрүнөт. Ибрахим ала́йхи саллам көргөн нерсесине суктануу менен айтат:
"Эй, Азрайил ала́йхи саллам. Жалганда көп жакшылыктарды жасаган адамдарга сооп катары ушундай абалда көрүнгөнүң гана жетиштүү!"


Бирок, кабыр жашоосу, бейиш жана бейиште жараткандын жамалын көрүү да бар.....
Технологии Blogger.