Илим алуу жөнүндө – Устаз Бактыяр ажы Шарапов
Запись Илим алуу жөнүндө – Устаз Бактыяр ажы Шарапов впервые появилась Formula.KG.
Бир учурларда илим-билимдин артынан сая түшүп, өмүрүн сабаттуу болууга, акыйкатты издеп табууга арнаган бир пенде устатына 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылат. Бир күнү устаты шакиртин жанына чакырып, андан эмнелерди үйрөнгөнүн сурайт. Ошондо шакирти эч нерсеге алмашкыс <<Жети чындыкты>> үйрөнгөндүгүн мындайча тизмектетип айтып берет:
☝Биринчиси:Жашоодо адамдардын чын көңүлдөн сүйүп, дос күткөн нерселеринин дээрлик баары, тилекке каршы, жарым жолдо жалгыз таштаганын байкадым. Мындан улам, бул дүйнөдө эле эмес, тиги дүйнөгө сапар тарткан учуруңда да сени жалгыз-жарым калтырбаган, ишенимдүү, чыныгы досту издедим. Ал эми чыныгы дос деген өз ээсине кайтарымдуу, пайдалуу, жакшы иштер экенине көзүм жетти. Булар түбөлүктүү өмүр жолундагы адам баласынын эч түгөнбөгөн жан азыгы жана чыныгы достору болуп эсептелет.
☝Экинчиси:* Көпчүлүк адамдар ушул беш күндүк өмүрүндө байлыктын артынан сая түшүп, мал-мүлк топтоонун аракетинде болушат. Топтогон байлыгын атайын сактоочу жайларда сакташып, атүгүл, жоготуп албоо үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшөт. Айрымдарына байлыгына, атак-даңкына, аброюна жана сулуулугуна чиренишсе, а мен болгон байлыгымды жана күчүмдү Жараткан Аллах Таала ыраазы болгон иштерге жумшоону, көңүлүмдү жалныз гана Аллах Тааланын сүйүүсүнө арноону үйрөндүм.
☝Үчүнчүсү:Бул жалганда адам баласы көбүнесе көрпенделик кылып, байлык, мансап, атак-даңк үчүн башкалардын эле эмес, өз абийирин дагы аштай төгүп, арзыбаган нерселерге жетүүгө жан үрөп келишет. Атүгүл, адамдардын көпчүлүгү атак-даңкка жетүү үчүн ыплас жолжорду пайдаланышып, башкаларды басмырлаганга чейин барышат. Арийне, көз ирмемчелиу бул дүйнөдө адам баласы акыл калчап, адептүү болуп, жамандыктан сактанып, жакшылыкка жанашуу аркылуу гана өзүнүн кимдигин сактап калаарын байкадым._
☝Төртүнчүсү:Адам баласы эртели-кнч бири-биринин кемчиликьерин аңдуу менен алектенгенин жана балдай ширин жашоосун ууга алмаштырып жатканын көрдүм. Терс көрүнүштөрдүн негизги булагы- менменсинүү, өшүм билемдик, көралбастык жана текеберлик сыяктуу жаман сапаттар экенин байкадым. Ошонжо жан дүйнөмдү аруулап, бардыгы менен достошуп, бакубат турмушта кубанычка бөлөнүп, терең ишенимде жашоонун жолун таба алдым.
☝Бешинчиси:Адамдар эмнегедир өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин себебин дайыма башкалардан издешет, башкаларды айыптаганга аракеттенишет. Ошентип, кемчиликтерден кутулууну ойлошот. Чындыгында, адам баласынын башына кандайжыр бир жамандык келсе, баары өздөрүнүн жасаган иштеринин айынан экенин билишпейт. Мына ушулардын баарын туюп, өзүмдү өшүм таразалап, напсилеримдин каалоолорун тыйып, жаман жоруктарга баш бакпоого, жамандыктын торуна түшпөөгө аракеттендим._
☝Алтынчысы:Адам баласы бир сындырым нан үчүн жана көртирликтин айынан жаман-жакшыны ылгабай, түрдүү зорлук-зомбулуктарга барышууда. Мындайлар, биринчиден, башкалардын акысын жеп, жокчулукка кириптер кылып, күнөөгө батып жатышкан болсо, экинчиден, ушул жоругу үчүн улам ойлондуруп, кейитип, түйшөлткөн азапка туш болушат. А бирок чындыгвнда, адам баласы уруш-талашсыз, ынтымак-ырашкерликте жашаганда, Кудайдын берген ырыскысына каниет кылып, ысырапсыз пайдаланганда, баары бакубат турмушта жашамак.
☝Жетинчиси:Адам баласы бул дүйнөдө дайыма бирөөнө таянууга жана ишенүүгө муктаж. Айрымдар чыныгы бейпилдикти, бакытты байлыктан, мансаптан, сымбаттан ж.б.у.с. утурумдук муктаждыктардан издегендиктен, аларга толугу менен ишенип, туруктуу таяныч катары карашат. Мен болсо Аллаз Таалага болгон бекем ишенимим, Ага болгон тунук сүйүүм аркылуу негизги таянычты таба албадым, жалгыз гана Аллахтан жардам сурадым. Мына ошентип, чекстз ишенимди жана бейпилдикти, бакытты жолуктурдум…
Шакиртинин <<Жети чындыгын>> баштан аяк кунт коюп уккан устаты мындай дейт: “Баракелде, уулум! Абдан таамай белгиледиң. Адам баласын бул дүйнөдө жана Акыретте чыныгы бакытка алып баруучу нерселердин баары сына ушул сен айткан жети чындыктын айланасында экенин баамдадым.
Даңк жакшы, бирок былыгы чыкса балжып кетет. {А.Доде}
Даңк- пайдасыз байлык; кымбатка туруп, бат чирийт. {О.Бальзак}
Бирөөнүн бактысына сук арткан адам, эч качан бактылуу болбойт. Өзүңдөн озуп кеткен адамдар оюңа келгенде, өзүңдөн артта калгандардын тагдырын ойлоп көр. {Сенека}_*
Турмуш сабактары…
Бактылуулук формуласы
Запись ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ЖЕТИ ЧЫНДЫК впервые появилась Formula.KG.
Алла илим-билимдин ээси жана анын билим алкагы бардык нерсени камтып турат. Анын сыртында калган эч нерсе жок. Ал болуп өткөн жана боло турган бардык нерсени толугу менен билет. Ага жашыруун болгон да эч нерсе жок. Бардык нерсе ага айдан ачык. Адам баласына берилген илим-билим болсо – Алланын илиминин бир тамчысы, балким, бир тамчыдан да кичине. Куранда мындай деп айтылат:
«Чындыгында, жерде да, асманда да Алладан жашыруун эч нерсе жок.» (Аали Имран: 5)
«Айткын: ичиңердегини жашырсаңар да, ачык айтсаңар да, Алла аны билет. (Ошондой эле) Ал жер жана асмандардагылардын баарын билет. Алла бардык нерсеге кудуреттyy.» (Аали Имран: 29)
«Алла деген жер жана асмандарда: силердин жашыруун нерсеңерди да, ачык нерсеңерди да билет. (Ошондой эле) Ал (жакшы менен жамандан) өзүңөргө эмнени ала турганыңарды да билет.» (Анъам: 3)
«…Ал (кулдарынын) алдындагысын (келечегин) да, артындагысын (өткөнүн) да билет. Ал өзү кааламайынча, Анын илиминен алар эч нерсе өздөштүрө албайт…» (Бакара: 255)..
Бул себептен улам кайыпка тиешелүү чындыктарга: «Аллаху аълам», кыргызча «Алла билет» деп айтылат. Анткени адамдын билим алкагы учу-кыйырсыз ааламда океандын бир тамчысынчалык дагы эмес.
Куранда: «Силерге илимден аз гана берилди.» (Исра: 85) – деп айтылат.
Ошондуктан адам баласына илимдин көптөгөн сырдуу эшиктери ачылганы менен, дагы да көптөгөн маселелердин алдында анын илими жол таап өтө алгыс сырдуу бөгөттөр турат. Мунун сыры – пенде өз алсыздыгын билип, Аллага болгон муктаждыгын аңдап, анын илимине моюн сунушу. Аятта мындай деп айтылат:
«…Балким, силер үчүн жакшы нерсени силер жаман көрүшүңөр мүмкүн. А балким, силер үчүн жаман нерсени силер жакшы көрүшүңөр мүмкүн. Алла билет, силер билбейсиңер.» (Бакара: 216)..
Чындыгында эле, адам баласы сырын билбегени себептүү көптөгөн каардуу болуп көрүнгөн нерселерге, адегенде, капаланат. Андагы жашыруун мээримди көрө албайт. Ал эми кээде кооз болуп көрүнгөн нерселерге алданып, ичиндеги катылуу каарды байкабайт.
Бул боюнча бир окуя айтылат:
Араб урууларынын биринде бир олуя адам бар эле. Бул уруу ал олуянын сөзүн угуп, пейилдерин ошого жараша оңдошчу. Бир күнү ал урууга таандык иттердин баары өлүп калат. Бул нерсеге таң калган эл дароо олуяга келип, окуянын жөн-жайын сурайт.
Олуя болсо бир аз өз жан-дйинөсүнө чөмүлүп, терең ойлонгондон кийин:
– Иттердин өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кыламын, – дейт. Эртеси күнү короздордун баары өлүп калат. Буга да таң калган эл кайрадан олуяга келип, ошол эле жоопту алат:
– Короздордун өлүмү силердин кутулушуңар деп үмүт кылам. Анда бир киши мындай деп сурайт:
– Таксыр, иттер кароолчуларыбыз, короздор болсо азанчыларыбыз эле. Булардын өлүмүнүн бизге кандай пайдасы бар? Олуя төмөнкүчө жооп кайтарат:
– Бул сырдуу даанышмандыктарды Алла Таала билет. Албетте, ал бул окуянын ичине акылыбыз жетпеген чоң сырды каткан. Андан кийинки түнү элдин баарынын оту күйбөй коёт. Бардыгы: «Дагы кандай балээ келди болду экен?» – деп тынчсыздана баштайт. Бирок эртеси эртең менен бул окуялардын сыры чечилет. Көрсө, акыркы түнү ал жерге душман басып кирген экен. Бирок эч кандай иттин үргөнүн, короздун кыйкырганын укпай, оттун күйгөнүн көрбөгөндөрү себептүү, баары айылды таштап кетишкен окшойт деп, кетип калышыптыр. Ушинтип калк чоң апааттан кутулган экен. Мына, адам баласынын илиминин алсыздыгы жана ырайымсыздык болуп көрүнгөн мээримдүүлүк. Измирдик Ибрахим Хаккы деген акын төмөнкүдөй ыр саптарын жазат:
Айтпа көп: неге бул мындай?
Орундуудур ошондой.
Күтсөң артын аялдай.
Жараткан баарын жазат,
Артына сыйлык катат…
Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Пенде ооруп калганда Алла Таала ага эки периште жөнөтүп: «Барып, кулум жардамчыларына эмне дебатканын көрүп келгиле!» – деп буйрук кылат. Эгер ал пенде периштелер келгенде, Кудайга шүгүр келтирип жаткан болсо, алар бул шүгүрдү бардык нерсени эң жакшы билүүчү Алла Таалага жеткиришет. (Периштелерин бир гана пендесинин кылган жарамдуу (салих) амалдарына күбө болушсун деп жиберген) Алла Таала:
«Эгерде бул кулумдун жанын ала турган болсом, анда аны бейишке киргизишим – кулумдун мендеги акысы. А эгерде ага шыпаа бере турган болсом, анда анын этин жакшыраак эт менен, канын жакшыраак кан менен алмаштырып, кyнөөлөрyн кечиришим – анын мендеги акысы.» – деп жооп берет.»
Бул хадисте сыртынан караганда бизге кырсыктуу болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар бир гана Кудайдын сыноосу катары кабыл кылынышы керек экени жана ал кырсыктардын аркасында абдан чоң сыйлыктардын катылуу экени билдирилет.
Адам баласынын тарыхында сыртынан мындай каардуу болуп көрүнүп, бирок, негизинен, жакшылык менен натыйжаланган окуялар болгондой эле, тескерисинче, жакшылык болуп көрүнгөн көптөгөн окуялар Кудайдын каары менен бүткөн.
Мисалы Худ алейхис саламга ыйман келтирбеген Аад коому асманда аларды көздөй келаткан азап булуттарын көргөндө, аларды жамгыр (мээримдүүлүк) булуту деп ойлошуп, сүйүнүшкөн. Бирок баштарына ал булуттан жамгыр эмес, жалындуу от жаай баштаганда гана эмне экенин түшүнүшкөн. Бирок өтө кечигип калышкан эле! Бул себептен улам пенде «Биз биле албайбыз, бир гана Кудай билет» деген түшүнүк менен Анын илимине моюн сунуп жашашы керек. Бул моюн сунуучулук маарифатуллах, тагыраак айтканда, Алланы жакындан билyy аркылуу болору талашсыз. Анткени эч бир илим мындай караңгылык апкеле турган натыйжаларды жойгонго күчү жетпейт. Бирок бул сыяктуу илим башка илимдердин кемчилигин толуктай алат. Арийне, көптөгөн уммии (сабатсыз) кишилер маарифатуллахтын берекеси менен Алла Таала тарабынан келген жекече сыйлыктарга татыктуу болгон. Йунус Эмре өзүнүн ыр саптарында мындай дейт;
Илим – илимди билиш,
Илим – өзүңдү билиш.
Сен өзүңдү билбейсиң,
Кантип пайда иргейсиң?
Куранда адамдардын билген илими тууралуу Алла Таала мындай дейт: «Бир да жан эртең эмне иштеп табарын билбейт.» (Лукман: 34)
«(Эи Расулум) Айткын: Чындыгында, илим Аллада.» (Мyлк: 26)
Илим Аллада. Башкача айтканда, абсолюттук маанидеги илим Аллага таандык. Анын илими бардык нерсени курчаган. Бул илимди күзгүгө окшоштурса болот: анда чагылып көрүнгөн нерселер канчалык өзгөрсө да, күзгү баарын камтып, эч кандай өзгөрүүгө дуушар болбойт. Алланын илими адамзаттык ой-пикир түшүмү болуудан аруу. Бул ааламдагы эч бир акыл менен эрк жете албай турган даражадагы кылдат, чебер мыйзам менен ырааттуулук – Алла Тааланын канчалык чексиз илимге ээ экенинин эң чоң далили. Анын илими ушундай улук болгондуктан, бул дүйнөдөгү адам баласы кичинекей эле ачылыш жасаш үчүн, көп сандаган кишилерге жана мурдагы кылымдардын тажрыйбасына, көптөгөн илимии эрежелерге муктаж. Мисалы учурда абдан көп колдонулган уюлдук (сотовый) телефондор аркылуу байланыштар адам баласы жаралгандан канча кылым өткөндөн кийин, канчалаган тажрыйбалардын биригиши менен гана жүзөгө ашты. Башка илимии ачылыштар дагы ушундай. Чынында, бул ачылыштарды, ойлоп табууларды жана али чечиле элек сырларды – баарын Алла Таала ааламдын мыйзам-ченемине бир заматта теңирдик илими менен орноткон. Бул чындыкты эстетиш үчүн Алла Таала Куранда адам баласына мындай дейт:
«(Эй адамдар!) Жароокер, бардык нерседен кабардар болгон Жараткан (Алла) билбейби?!» (Мyлк: 14)…
Запись АЛЛАНЫН ИЛИМИ ТҮГӨГҮС КАЗЫНА впервые появилась Formula.KG.
Илимди алуудан максат: ар бир абалда Аллахтын өкүмүн тааный билүү. Б.а. ар бир абалда Аллах Таала эмнени кааласа ошону аткаруу. Ар бир мусулман үчүн дин илимин үйрөнүү – парз. Дин илимин алуу- 6 сыпаттын бири. Биз дин илимин алууга тырышуубуз кажет. Анткени, Аллах Тааланын өкүмдөрүн Мухаммад (с.а.у.) көрсөткөн жол менен, Аллах Тааланын Улуу Кудуретинен түздөн түз пайдалануу үчүн, бул же башка жагдайда Аллах Таала бизден эмнени талап кылып жаткандыгын даана аңдап билүү үчүн диний илим алуу кажет. Илим- сиздин жашооңузду жарык кылчу шам чырак! “Билимдүүгө дүйнө жарык”- дегендей, сиз канчалык илим алган сайын көзүңүз ачылат. Кенен түшүнүктө болосуз, дин илимин алуу менен Аллахты тааный аласыз, Пайгамбарыбыз (с.а.у) тууралуу билген соң, ага болгон сүйүүңүз арта баштайт. Элдин алдында да өз оюңузду кенен билдире аласыз. Илимдүүлүк кандай бакыт! Илим- сырлардын ачкычы, жоголгонду табуучу жана жаңы ачылыштарды жасайт. А адам баласы ар дайым жаңы нерселерди, ачылыштарды көрүп билгиси келет (Бул үчүн да илим-билим талап кылынат). Жана сиз илим ала берген сайын даражаңыз көтөрүлөт, адамдар арасында да кадыр-баркка ээ болосуз. Ал эми Акыретте бийик-бийик даражаларга көтөрүлөсүз. Бул тууралуу Аллах Таала Кураанда айтат:
“Аллах Таала айтат: “Эй, ыймандуулар! Качан силерге: “Жыйналышта орун бергиле”- делинсе, орун бергиле, Аллах силерге (Бейиштен орун) берет. Ал эми качан: “Тургула!”- деп айтылса, тургула! (Ошентип өкүмдү аткарасыңар) Аллах силердин араңардагы ыймандуулардын жана илим берилгендердин даражаларын көтөрөт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар”. (Мужаадала: 11)
Жана Аллах Таала:
“Аллах Таала айтат: “(Эй, Мухаммад!) Аларга: “Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?”- деп айт”. (Зумар:9)*
Маанайды көтөрүп, кең пейил кылуучу нерсе: көптү билүү, илимдүүлүк, маданияттуулук, терең ой жүгүртүү, узаакты көрө билүү, түшүнүктүүлүк. Мунун баары көп изденүүдөн келип чыгаарын унутпаңыз. Кыргыз элибизде да жакшы бир макал бар: “Илим алуу- ийне менен кудук казгандай”.
А бирок биздин азыркы учур бул нерсеге толугу менен дал келбейт. Анткени, азыркы мезгилде телефон колдон түшпөй калды. Алдына китеп коюп берсең да окугусу келбейт. Окуса да эч нерсени түшүнө албайт. Ою башка нерседе болот. Туура, китеп менен достошкон туугандарыбызда аз эмес. Алар убакыттарын үнөмдүү колдоно билишет. Бир убактысын Кураанга, бир убактысын ибаадатка , бирин жумушка, бирин китеп окууга, дагы бирин башка нерсеге. А сиз менен бизчи? Илимди издеп, бир нерсе билүүгө тырышып жатабызбы? Илим издемек турсун, аракет кылып, ойлонуп да көрө элекпиз. Адамдарга айтсаң: “Убактысы келсин”- дешет. Эй тууганым! Эсиңе келчи! Сенин акылың толукпу?! Убакыт келет дейсиң, бирок, убакыт өтүп жатат. Эми гана сен илим жөнүндө ойлонуп жатканда өлүм келип калса эмне кыласың?! Биз менен Акыретте илимибиз, кылган жакшы амалдарыбыз гана бирге болуп, бизге коргоочу болоорун билесиңби?! Илимиң болбосо диндеги амалдарды кантип аткарасың? Намазды кантип окуйсуң? Ойлонуш керек.
Качан бизде бир аз болсо да илим болгондо амалдарды, ибаадаттарды туура жана өзүнүн эрежеси менен аткара алабыз. Кимде-ким илим жолун тандаса ага дин жеңил болот. Аллах ошол инсанга хидаят эшиктерир ачып, ибаадаттарын жеңилдетип коёт. Хадисте келет:
_”Илим жолуна түшкөн адамга Аллах Таала Бейишке баруу жолун жеңилдетет”. (Муслим)_
_”Илим издеп үйүнөн чыккан ким болбосун, периштелер анын кылганына ыраазычылыгын билдирип, ага канааттарын төшөшөт. (Тирмизи, Ибн Маажа)_
Бул хадистер аркылуу биз илим алууда кандай жетишкендиктер болоору жөнүндө да бир аз түшүнсөк болот. Тууганым, илим бул жашоодо да сизге шам чырак. Билбегенди үйрөткөн, бактылуу жашоонун эрежесин үйрөнүүгө карай багыт көрсөткөн, пайдалуу иштерге керек болгон нерсе.
Башында айтып өткөндөй илим сиздин даражаңызды көтөрөт. Сиз бир аз гана илим ээси болсоңуз, ошол илимиңизге амал кыла билибиз. Ал анткени Аллах Таала Кыямат Күнү сиздин ошол илимиңиз тууралуу сурайт. Аллахтан ар дайым дуба кылып сураңыз. Пайдасыз илимден сактоосун сураңыз. Кээ бир адамдар бар, окуйт десе эле кайдагы бир нерселерди окуп киришет. Же болбосо окуган, билген нерсесин кайта-кайта окуй беришет. Алар убакыттан уттуруп жатышканын аңдай беришпейт.
Ар дайым илим алууда бардык нерсеге кошо маани бериңиз. Жана да алган илиңизди жашоодо колдоно билиңиз. Илим алууга максат койгонуңузда анын пайдаларын кошо эстей жүрүңүз. Мен бир икаяны айтайын:
Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөгө келет. Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт. “Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн”- дешет. Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет.
“Мага жооп бере ала турган бир да киши таба албадым”- дейт. Анда Хазрети Хаммад:
“Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң”- деп, анын алдына ошол кезде жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.
Атеист ачууланым минбарга чыгат да: “Аалымдарыңар кайда? Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла!”- дейт. Жаш Нуман бин Сабит: *Эмне болду? Менден корктуңузбу?*- дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:
-Бир нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?
-Албетте мүмкүн.
-Кандайча?
-Санаганды билесизби? Бирдин алдында кандай сан бар?
-Эч бир сан жок.
-Ушул жалгандуу бирдин алдында эч бир сан жок болсо, чыныгы бирдин алдында кантип бир бар болсун?!
Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:
-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы бирдин жүү кай жакты карап турат?
-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшүп турат?
-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.
-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң, түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кайдан таппамакчысың?
Атеист дагы бир суроо сурайт:
-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?
-Ооба, жаратылгандар ошондой.
– Анда чыныгы бар деген Кудайдын орду каерде? Эмне үчүн аны көрбөйбүз?
-Жараткан менен жаратылгандарды салыштырып болбойт. Бирок мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?
-Жок.
-Бар экенин билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?
-Албетте бар.
-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың болсо көрсөтчү кана?!
-Макул, бар болгон Кудай азыркы тапта эмне кылып жатат?
-Сен мага бардык суроодоруңду минбарга чыгып алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел,мен минбарга чыгайын, сага ошол жерден жооп беремин.
Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман бин Сабит: “Аллах Таала сен сыяктуу Бир атеист (Кудайга ишенбеген адам) христиан өлкөдөн мусулман өлкөгө келет. Барган жеринде пикир тартыштарында алдына чыккандын баарын жеңип жүрөт. “Сага Ислам аалымдары гана жооп бере алышы мүмкүн”- дешет. Ошентип, мусулман жергеси болгон Басра шаарына келет.
“Мага жооп бере ала турган бир да киши таба албадым”- дейт. Анда Хазрети Хаммад:
“Сен биринчи биздин балдар менен талашып көр, керек болсо аалымдар менен дагы көрүшөөрсүң”- деп, анын алдына ошол кезде жаш бала болгон Нуман бин Сабитти (Имам Азамды) чыгарат.
Атеист ачууланым минбарга чыгат да: “Аалымдарыңар кайда? Мага ошол аалым дегендерди чакыргыла!”- дейт. Жаш Нуман бин Сабит: Эмне болду? Менден корктуңузбу?- дегенде, атеист чыдай албай биринчи суроосун узатат:
-Бир нерсенин башы менен акыры болбоосу мүмкүнбү?
-Албетте мүмкүн.
-Кандайча?
-Санаганды билесизби? Бирдин алдында кандай сан бар?
-Эч бир сан жок.
-Ушул жалгандуу бирдин алдында эч бир сан жок болсо, чыныгы бирдин алдында кантип бир бар болсун?!
Атеист бул жооптун алдында өзүн жоготуп шашкалактап калат, кийин минтип суроо сурайт:
-Бардык нерсенин бир багыты болот, сен айткан чыныгы бирдин жүү кай жакты карап турат?
-Шамды күйгүзгөндө жарыгы кайсы тарапка түшүп турат?
-Белгилүү бир тарапка деп айтууга болбойт.
-Бул жалгандуу жарыктын багытын таппаган болсоң, түбөлүктүү болгон Жарыктын багытын кайдан таппамакчысың?
Атеист дагы бир суроо сурайт:
-Бар болгон нерсенин бир орду болуусу керек эмеспи?
-Ооба, жаратылгандар ошондой.
– Анда чыныгы бар деген Кудайдын орду каерде? Эмне үчүн аны көрбөйбүз?
-Жараткан менен жаратылгандарды салыштырып болбойт. Бирок мына бул сүттө майды көрүп турасыңбы?
-Жок.
-Бар экенин билсең да көрбөй турам деп жокко чыгара аласыңбы? Сенин акылың барбы?
-Албетте бар.
-Бар болсо көрсөкпүз дейсиң, акылың болсо көрсөтчү кана?!
-Макул, бар болгон Кудай азыркы тапта эмне кылып жатат?
-Сен мага бардык суроодоруңду минбарга чыгып алып сурадың, эми сен ошол жерден түшүп менин ордума кел,мен минбарга чыгайын, сага ошол жерден жооп беремин.
Атеист минбардан түшүп жатканда жаш Нуман бин Сабит: Аллах Таала сен сыяктууну минбардан түшүрүп, мен сыяктуу ыймандууну минбарга чагарды, Анын азыркы иши ушул.
Кийин Рохмаан сүрөөсүнүн: “Андай болсо Роббиңдин кайсы ниматтарын жокко чыгара аласың?”- деген 28-аятын окуду. Бул жагдайдан кийин атеист айтууга сөз таппай жеңилип, маскара болгон абалда ал жерден алыстап кетти.
Мынакей тууганым! Илимдин жемиши. Бул икаяда (окуя) каандай гана чоң үлгү, терең маани жатат. Жаш кезинде эч ким тең келе албаган адамды илими себептүү жеңди. Бүгүнтөн баштап, азыркы минуталардан баштап илим алууга аракет кылайлы. Илим болгон сезимди ойготолу. Аллах байлыкты сүйгөн пендесине да сүйбөгөн пендесине да берет. Ал эми динди өзү сүйгөн пендесине гана берет. Кел, тууган! Биз да Аллахтын сүйүктүү пендеси болууга аракет кылайлы. Анан да эскерте кетчү нерсе: илим алууда туура ниет коёлу! Амалдар ниетке жараша болот. Ниетибиз түз болсун, рия үчүн эмес, атак-даңк үчүн эмес! Балким: “Эми илим алып жатканда түз эле ниет болот да”- деп жаткандырсыз, бирок, бул нерсе болуп да калышы мүмкүн. Бул тууралуу хадистерде келет:
_”Пайгамбарыбыз) с.а.у.) айтат: “Илимди, аалымдардан жогору болуу үчүн, акылсыздар менен талашып-тартышуу үчүн, элдерди таң калтыруу үчүн албагыла! Ким ушул максаттарда алса, ал үчүн от жана от болсун”. (Ибн Маажа)_
Бирок мен ишенем, бизди окуп жаткан, илим алууга ниеттенип жаткан мусулман бир туугандарым Аллах ыраазычылыгынан башка ниетте болбойт деп)) (Ин шаа Аллах)
Илим тууралуу айта берсек сөз түгөнбөйт…
Аллах Таалам ар бирибизге бекем ыйман, пайдалуу илим, жашообузга бактылуулук берген болсун. Жана ар дайым:
“Оо, Эгем! Менин илимди көбөйт!”-дегин! (Тоха:114)*
Нуриза Кармышкова.
Бактылуулук формуласы
Запись ИЛИМ ДЕҢИЗ СЫЯКТУУ впервые появилась Formula.KG.
✍Талабаларынан бирөөсү Имам Абу Ханифадан (рахиматтуллоху таала) :
-Бардык нерсени билип турганы менен билген илимине жараша амал кылбаган адам кандай болот? -деп сураганда,Имам Азам Абу Ханифа ага: «Тоорат берилип,анан ага амал кылбай койгондордун мисалы -китептерди көтөрүп жүргөн эшектер сыяктуу» деген маанини билдирген «Жума »сүрөөсүнүн 5 аятын окуп берген соң;
-Куран Каримди билгени менен анын буйруктарын жүзөгө ашырбагандардын абалы Иудейлердин Тооратка жасалган мамилесине салыштырылынып түшүндүрүлгөн,-деп,андан ары сөзүн минтип улады;
-Илим үйрөнүп ал тууралуу ой жүгүртпөгөн жана ошого жараша амал кылбаган адам кудум ар түрдүү даарылардын жыйнап алып,дарыгерге келгенге чейин кайсы дарынын кайсыл ооруну айыктыраарын билбеген адамга окшош. Мына ошондуктан болгону илим үйрөнүп ага амал кылбаган адам илимди эмнеге жарай турандыгын билбейт. Пайдасыз илим эч кандай мааниге ээ эмес…
✨Улуу жол башчыбыз Абу Ханифа Имам Азамдын жогорудагы насаат сөздөрү бир эле улуу аалым,устаздар,илим алып жаткан илимдүүлөргө тиешелүү эмес. Уккан кулактарга окуган көздөргө да тиешелүү, бул дегеним окуганды, укканды билген туугандарга да тиешелүү. Илимдин тепкичтери биринчи майда нерселерден башталат. Мусулман пендеси үчүн илим алуу парз. Мына замандын өнүгүүсү менен илим алуу биз үчүн канчалык жеңил болуп калды, атайын сапар артырып изденип,китеп сатып алып олтурбай олтуруп алып эле,өнүккөн техиниканын жардамы менен баарын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Албетте атайын илим алууга эмне жетсин алардын даражасы өтө бийик Алланын алдында. Жоктон көрө жогору,билбегендер көрө бир аз болсо да билүүгө мүмкүнчүлүк. Бул да Жараткандын пенделерине ырайымыдыр . Айырыкча илим алуу биздин өлкөдө жеңил, ачык болуп берекенин төгүлгөн убагы. Бирок эх, “көп нерсенин кадыры болбойт “дегендей канчалаган устаздар туура жолго чакырып,бакырып ,эскертип келет бирок уккан кулактардын сыртында,окуган көзөрдүн пардасынан өтө албай,жүрөктөргө сиңбей келет. Жашоого жол ачып бере турган адмдардын асылылы,бул ааламдын тынчтыгын нуру менен бөлөп турган улуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам салаваты болсу) китеби ыйык куран,хадистерин,сүннөттөрүн бир эмес канча жолу окуп, угуп эле жатабыз бирок амала келгенде өтө алсызбыз. Ушул биздин уккан окугандарыбызда бир аз болсо да илим алуу жолуна кирет. Канчалаган асыл сөздөр,кеңештер,насааттар чакалап куйулуп жатат, амал кылууда тамчылатып амал кылып жатабыз. Буга мисал: ушул эле вотсапта олтурган окурмандар күнүнө канчалаган жакшы маалыматтарга ээ болуп жатасыздар. Бирок ошол эле жүрөгүм караңгы,жашоом начар,үй -бүлөм бузулду,күйөөм башка менен кетти,кайнем жаман айтып олтурсак толгон токой суроолор менен кайрылган туугандарыбызга күбө болобуз.
Эмне себептен мындай болуп жатат?! Себеби эмне?! Эмне үчүн жүрөктөргө сиңбей ойгонбой жатат?! Эмне үчүн жакшылыкты уккан менен ал жолдордо жүрүү кыйын катары көрүп жатабыз?! Эмне үчүн?!…
Эгер билсек адамдар үч топто болушат, биринчиси ийиненин жиби менен өткөрсөң бир кулагынан кирип экинчисинен чыгып кетет,булар уккандары бир кулагынан кирип экинчи кулагынан чыгып кеткендер,экинчи топтогулар бир кулагынан кирип оозунан чыгып кетет,булар уккандарын башкаларга айта берет өзү аткарбагандар,үчүнчү топтогулар бир кулагынан кирип ичине түшүп кетет,булар уккандарын жүрөктөрүнө сиңдирип амал кылуучулар. Өкүнүчтүүсү азыркы күндө биринчи топтогулар менен экинчи топтогу инсандар көбөйдү десек туура болот эле. Балким ошон үчүн биз адашууда болуп жаткандырбыз. Балким бул да кыяматтын белгисидир амал кылууда алсыз болууга азгырыктар себеп болуп жаткандыр…
Эгерде адамзат бир эле укканын,окуганы бекем кармап амал кылуучу (ишке ашыруучулардан) болгондо бул жашоого жакшы адамдар толуп, жашоо нугу түп башкача болмок. Биз инсандар атыбыз эле айтып тургандай унутчаак өтө алсыз макулуктарбыз. Жүрөктөрүбүз минут сайын өзгөрүп туруучу,айрыкча ушул заманда биз илимге өтө муктажбыз, бул заман адашуунун заманына айланды. Биздин жүрөктөрдү караңгылыктан куткарып ,кыйынчылыкты жеңүүдө,сабырдуу болууда, жашообузда адашып калбай ,түбөлүк бактылуулукка жетүү үчүн илим дарысынын тамчыларына муктажбыз. Биздин жүрөктөр нымдалып,ыйманыбыз бекем болуусу үчүн эскертүүгө, чыкырууга,улуу аалымдаыбыздын наасаттарына муктажбыз.
Биз жашообузда адашып калбообуз үчүн Аллахтын илимне умтулуу керекбиз.
Суроо: Илим фарзбы?. Кандай илим фарз?
Жооп: Ооба, илим фарздыр. Кудайдын жалгыздыгын, Ыйман Негиздерин, келменин маанисин 3биринчи үйрөнүү фарз. Буну «акыйда» (ишеним) дейбиз. Кийин күнүмдүк ибадатка керек өкүмдөрдү үйрөнүү экинчи фарз: бул намаз, даарат, гусул ж.б.
Имам Маликтин шакирти Абдуллах ибн Вахб айтат: «Мен илим алыштан мурун ибадаттан баштаптырмын да шайтан мени Иса алейхиссалам жөнүндөгү суроолор менен ээрчитип кетти: “Аны Аллах Таала кантип жаратты болду экен?” – жана ушуга окшош суроолорду бере бердим. Мен бир шейхке арыздандым, ал болсо үнүнүн болушунча: “Оо, Ибн Вахб!” – деди. Мен: “Угуп жатам” – деп анын келерки насыятынакулагымды төшөдүм. Анда ал жөн гана: “Илим ал” – деп койду. Мына ушул менин илим талап кылып изденүүмө түрткү болду». Кудайдын жалгыздыгын, «Лаа илааха иллаллах» келмесинин маанисин биринчи үйрөнөбүз. Илим көп, ошондуктан «ильму-ль-хаалды» алабыз. Ал деген учурга, ахвалга жараша эмне үйрөнүш керек болсо – ошону биринчи окуу дегендик. Мисалы: акчасы жок кедей зекет тууралуу окуштун кажети жок, анткени зекет бир гана байларга парз. Бирок мал-мүлкү жетсе зекет өкүмдөрүн окуу анын милдети болуп калат.
Дуа:
«Аллахумма-нфа’нии бимаа ‘алламтании, ва ‘аллимнии маа йанфа’унии»…
(Мааниси: О, Аллахым! Үйрөткөн нерсең менен мага пайда бер, жана мага пайдалуу нерсе үйрөт)
✨Азирети Муаз бин Жабал: »Илимге жетпегендер бакытка да жетишпейт.Илимди дайыма кайталоо зикир,илим жөнүндө сүйлөшүү жихад,билбегендерге бир нерсени үйрөтүү садака катары саналып,бирөөгө илим берүү Аллага жакындоого жардам берет. Анткени илим арам жана адалды бири -биринен айрылмалаган,бейишке баргандардын жолун жарык кылган жол көрсөткүч. Илим ээн жерде дос,бөтөн элде жолдош,акыйкатты издөөдө кеңешчи. Илим жакшылык -жамандыкта шам -чырак,душмандарга каршы курал,тааныштар арасында сыймык. Илим аркылуу Алла Таала кээ бирлерин өркүндөтүп,аларды жакшы жолдун башчылары кылып коёт. Эл алардын артынан ээрчийит,жасаганын жасап,айткандарына кулак төшөйт. Периштелер аларды канаттары менен сылашат. Деңизден баштап топурактардагы бардык жандыктарга чейин илимдүүлөр үчүн Алла Таалага дуба кылышат. Илим жан дүйнөгө жаңы жашоо тартуулайт,караңгы жерди жаркыраган нурга бөлөйт. Пенде илимдин арты менен тандалгандардын арасына кошулат,эки дүйнөдө тең жакшылыктарга туш болот. Илим тууралуу ой жүгүртүү орозо кармоого, ал жөнүндө талкуу түнкү намаздардын сообуна тең. Жакындардын укугу адал жана арамдын чеги илим аркылуу билинет. Илим иш -аракеттин башчысы,эмнени билген болсоң ошону кыласың.
Илим жакшы кишилерге гана татыйт,андан кол жуугандар бактылуу боло алышпайт» (Абу Нуйм,ал -Хилия 1/239)..
Аллах Таалам биз алсыз пенделерин укканына,окуганына,алган илимине амал кылуучулардын кылсын !
Насиба Абдуллаева.
БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
Запись 📚Үйрөнгөн илимге амал кылуу зарыл.. впервые появилась Formula.KG.
1.Урматтуу Чубак ажы! Мен сиздерге кээде капа болуп кетем! Эмне үчүн дайыма ата-эненин укугун айтып, балдардын укугу боюнча даават кылбайсыздар? Же балдар эч кандай укукка ээ эмеспи?! Ата-эне бир баланы, же бир кызды көрсөтүп туруп, ушуга үйлөнөсүң десе, алардын көңүлүн кыйбай, өзүңө жакпаган адамга үйлөнүүгө мажбур болуш керекпи? Москва, аты белгисиз.
Жооп: Ардактуу агайыным! Акыркы учурда балдардын эмес, ата-энелердин укугу көп бузулуп жаткандыктан, ошол эле учурда балдардын ата-энеге кайрымсыз болуп баратканынан улам, ата-энелерди угуу жөнүндө көп айтып жатканыбыз чындык.
Эми сенин маселеңе келе турган болсок, ата-энең айткан кызга үйлөнбөй коюуга укугуң бар. Бирок, ата-энең тапкан кызды карап көрүүгө жана ал жөнүндө пикирленүүгө эмне үчүн болбосун. Анткени сен сыяктуу жаш балдар акылы менен сүйбөй, сезими менен жакшы көрүп, жыйынтыгында бактысыз үй-бүлөлөр, ажырашуулар көп болуп жатпайбы. Тең-теңи менен, тезек кабы менен деген накыл кеп бекеринен эмес.
Көп учурда ата-энелерибиз биз үчүн бизге караганда кыйла эсе мээримдүүрөөк жана алардын турмуштагы тажрыйбасы да кенен. Алардын балдарына жакшылык гана каалаганынан кымындай да шектенүүнүн кажети жок. Ата балага сынчы деген кептин төркүнү, баланы ата-энесинен жакшыраак эч ким билбейт деген мааниге келип такалат. Сен өзүңдү аларчалык билбешиң мүмкүн.
Менин айткан кебим сага тузу жок сорподой туюлар, а бирок, жылдар жылга жылбышып, аталык макамга жеткен учуруңда ушул сөздөрүмдү аргасыздан эстейсиң.
Акырында дагы бир ирет айтарым, ата-энең сени мажбурлап үйлөнтүп коюуга укугу жок. Сен баш тартууга укуктуусуң.
2. Быйыл орозодо оң колум толугу менен ысык жармага күйүп калган. Бирок, мен орозомду улантып кармай бердим. Эми менин оозум ачылдыбы, же кайра ошол күндү тутуп беремби? Балыкчы. Жамал.
Жооп: Оозуңуз ачылган жок. Ачылбагандан кийин аны кайрадан кармоонун зарылчылыгы жок. Кудай Таалам орозоңузду кабыл кылсын!
3. Мен 3 жылдан бери Москвада ресторанда бармен болуп, арак, пиво куюп иштейм. Акыркы күндөрү такыр ушул иште иштегим келбей калды. Башка иш табыш кыйын болгондуктан айласыздан иштеп жүрөм. Ушул ишим канчалык деңгээлде күнөө, не кылсам болот? Москва. Жаңыл.
Жооп: Ишиң арам, тапканың да адал эмес. Колуңан келсе, башка жумуш тап дагы, ошол жакка оодарылып кет, боорум! Кудайым адал оокаттан айрыбасын баарыбызды!
4. Лөлүлөр үйлөрдү кыдырып, силердин үйдү дубалатып кетиптир, бир нерселерди таштап кетиптир деп айтышат. Аларга ишенсе болобу? Талас, Адилет.
Жооп: Жок, берекем! Лөлүлөргө ишенүүнүн кажети жок. Колуңдан келсе бир азыраак жардамыңды берип, жолуна сал. Негизи жардамды да таанып-билген жардыларга бергениң жакшыраак болот. Садага-кайрымдуулук адамга келе турган балээлерди кайтарат. Өмүрдү узартып, ырыскыны кеңейтет. Адамдын ден-соолугу жакшырып, дубалары кабыл болуусуна өбөлгө.
5. Адамды дубалатып койсо канчалык зыяны бар? Дубаны кантип кайтартса болот? Аты белгисиз.
Жооп: Дубалатылган адамга терс дубанын, сыйкырдын зыяны тиет. Терс дубаны-сыйкырды ыймандуу адам жасабайт. Аны ыймансыз, кесепеттүү, бактысыз жана алдамчы адамдар жасайт жана жасатат. Тескери дуба тийбөөсү үчүн дайыма даараттуу болуп, сактануучу дубаларды окуп жүрүү кажет. “Мусулмандын чеби”, “Мусулмандын коргону”, “ Маснун дубалар” сыяктуу китепчелерде сактануу дубалары кенен баяндалган. Намазга бекем адамга андай нерселердин таасири тийбейт.
6. Биз Ислам мамлекети эмеспиз. Шариатыбызда эркек менен аялдын бир жерде иштөөсүнө, окуусуна болобу?
Жооп: Мусулман пенде жашап жаткан өлкө кандай гана өлкө болбосун, ал колунан келишинче мусулманчылыктын шарттарын аткарууга аракеттенүүсү керек.
Ислам мамлекети эмес өлкөдө жашаган адамдарга Ислам өкүмдөрүн аткаруу милдеттүү болбой калса, анда ар ким каалаганын кыла бербейби? Нике, адал-арам маселеси кайда калат?
Динибизде акыл-эс кирип калган балдар менен кыздардын аралашып окуусуна тыюу салынат. Анткени, аралашып окуудан көп проблемалар пайда болууда. Ошол жерден бири-бирине көнүп, эки башка жыныстын аралашып кетүүсүнө шарттар түзүлүүдө. Абийирдин сакталуусу сыяктуу маселелер тебелендиде калууда.
Намахрам эркек менен аял киши жалгыз бир бөлмөдө калып иштөөгө да тыюу салынат. Колдон келишинче айрым-айрым канааларда иштөөгө шарт түзүш керек. Албетте, мен бул маселени мусулмандарга гана айтып жатам. Мусулман эместерге тиешеси жок. Алар эмне кылса өздөрү билет, өтүктөрүн төрүнө илет.
7. Ачык көзү ачыктык кылса күнөө, бирок жашыруун кылса болот да ээ? Кайсы негиздерге таянып аларды каапыр дейсиздер? Бишкек, Болот.
Жооп: Көзү ачыктардын каапырлыгы анык. Ачык кылса да, жашыруун кылса да ал чоң күнөөлөрдөн болот. Тообо кылбаса, аткарган көзү ачыктыгынан кайтпай өлсө, кыяматта тозокто түбөлүкө калат. Кудай Тааламдын илимине таандык болгон кайып илиминен сүйлөгөндүгү үчүн каапыр дейбиз. Анткени, кайып илимин билүү жалгыз Кудай Таалама гана таандык. Ал эле эмес, аларга ишенгендер да каапыр болот. Бул туурасында “Аалам сырларыбы, же шайтандын ырларыбы?” аттуу макалабызда кеңири баяндаганбыз. Таап окуңуз.
8. Устаз, төрт рекет парз намаздын акыркы эки рекетинде кошумча сүрө кошуп койсо сажда сахви кылынабы? Аты белгисиз.
Жооп: Менин билишимче, намазда кайсы бир ички парзды (рукунду) кечиктирип койсо, сажда сахви ваажып болот. Парз намаздардын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде фатиха сүрөөсү жалгыз эле окулат, аны окуу сүннөт. Ага зам сүрөө кошуп коюу менен рукууь амалы кечигип калат. Жыйынтыгында рукун кечигип жатат. Аллах билүүчүрөөк.
9. Бир тууган менен мамилени үзсө, жаза кандай, устаз? Каракол, Фархад.
Жооп: Бир тууган менен мамилени үзгөн адамдан Кудай Таалам да мамилесин үзөт. Ал пендеге ырайым нурун азайтат деген маани келет. Ал адамдан Кудайдын бере турган берекеси качат.
10. Балам аябай тентек болуп жатат. Жакшы да айтам, алдап-соолап, жаман да айтып түшүндүрөм, эч болбой жатат. Аз-аздан таалим өтүп тарбияланабы десем, өткөзбөйт. Бала бакчага барат. Кичине балдар менен ойноп алаксыйбы десек, тетири кетип жатат. Беш жашта. Кеңешиңизди бериңизчи, устаз? Аты белгисиз.
Жооп: Беш жаштагы бала шоктонбогондо, отуз беш жаштагы киши шоктонмок беле? Жигит болсо шок болсун, шок болбосо жок болсун! Балага жаман айтуунун кереги жок. Колдон келишинче ак-караны ажыратып айтып берүүгө аракет кылганыңыз ийги. Бала балалыгын толук албаса, кийин чоңойгондо ошол жаш баладай болуп ойногусу келе берет. Карап көрсөңүз, ошол балалыгын толук албагандар чоңойгондон кийин деле машиненин түрүн алмаштырганга кызыгышат, дайыма жаңы кийим кийишет, айтор балалыктын синдромдору кала берет. Андыктан, балаңыздын балалыгын уурдабаңыз.
11. Устаз, чүкө ойносо болобу? Атам чүкөдө жин бар дейт. Бул нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Кара- Кулжа, Курманбек.
Жооп: Сөөктөр жиндердин тамагы болуп эсептелгендиктен, анда жин бар деп айтылса керек. Сөөктөрдү булгап, аны менен дааратканада тазаланганда жиндердин ачуусу келет. Ал эми аларды булгабаган учурда алардын ачуусу деле келбейт. Андыктан аларды пайдаланса болот. Бирок, чүкөнү төлгө кылып салуу дурус эмес. Төлгө салуу шариатыбызда жок. Ордо оюну сыяктууларды ойносо боло берет.
12. Жолдошум мага талак бергем дейт. Бирок мен уккан эмесмин. Үч балабыз бар. Балдарга да карабай кетип жатат. Жолдошумду жакшы көрөм. Эмне кылсам болот, устаз? Аты белгисиз.
Жооп: Күйөө берген талакты аялы укпаса да түшө берет. А бирок, айтылган талактын так түшкөндүгүн билүү үчүн илимдүүлөргө айтып тактатып алуу керек. Жолдошуңузду жакшы көрсөңүз, жакшы көргөнүңүздү далилдеп, анын көңүлүн табуунун аракетинде болуңуз. Намаз окуп, дуба кылсаңыз түштөгүнүн ишке ашуусу Кудайыма кыйын эмес.
13. 23 жаштагы жигит атасынан суранбай дааватка чыкса болобу? Аты белгисиз.
Жооп: Чыкса боло берет. Анткени ал бойго жеткен чоң адам.
14. Сиңдим 1-күйөөсү менен ажырашкандан 10 жылдан кийин күйөөгө чыкты. 9 ай жашагандан кийин жолдошу героин менен кармалып 16 жылга кесилди. Сиңдим жообун сурап алса болобу? Аты белгисиз.
Жооп: Ооба, сурап алса болот. Мындай учурда ага жол берилет. Эч бир себепсиз талак сурагандыгы үчүн күнөөкөр болгон аялдардын катарына кошулбайт сиздин сиңдиңиз.
15. Аллахым сизден ыраазы болсун! Телефондон “сага үч талак” деп жазып жиберсе эмне болот? Бишкек, Айзада.
Жооп: Антип жазып жиберген болсо, ошол жазуу ошол бойдон жетип барат. Эгер эркектин талак берүү ниети бар болсо, жазган талагы түшөт. А эгер ажырашууга ниети жок болсо, анда жазуунун өзү мааниге ээ эмес. Анткени кат менен жазылган талак толук эмес түрдө жазылган учурда эркектин ниетине муктаж.
16. Моргдо иштегендерге кандай дейсиз? Маркумдарды союп, жашыруун иштегендери күнөөбү? Медиктер кандай кесип тандаганы туура? Рахмат! Ош, Дастан.
Жооп: Өлүкканада деле бирөө иштеш керек болбойбу? Андыктан иштесе боло берет. Болгону алардын авреттерине көз салбай, аларды улкуп-жулкубай, жакшы мамиле кылуу керек. Маркумду эч бир себепсиз соё берүү күнөө. Арам. Медиктер өздөрүнө жаккан адистигин тандай бергени макул. Аялдарды караганга аялдардын, эркектерди караганга эркектердин окуганы максатка ылайыктуу.
17.Психиатр врачтар жин жөнүндө билишпейт. Молдо окуганы менен пайда жок дешет. Псих больницаларда жин киргендер көп деп ойлоймун. Биз медикпиз, бирок ошол жин чыгаруучу илимди канча жылда, кантип өздөштүрсөк болот? Ош, Дастан.
Жооп: Жыргал каары сыяктуу жинайдаар молдокелерге шакирт болуп түшсөң, үч жылда Куран жаттап бүтсөң, анан дагы бир жылдай кайда-эрежесин үйрөнсөң, өздөштүрүп аласың. Бул эми стандарт убакыт. Зээниңе жараша мындан да тезирээк болуу ыктымалы бар.
18. Аллахым сизге эки дүйнө бактысын берсин! Мен намаз окуганыма бир жыл болуп калды. Аллахыма ыраазымын мени туура жолго салганына. Жашым 28де. Жоолукчан, ыймандуу, Жаратуучубуздан корккон кызга үйлөнгүм келет. Бирок апам каршы. Сен заманга жараша окуган, чокуган кызга үйлөнөсүң деп айтат. Чынында, апамды мурда көп капа кылчумун. Ошондуктан азыр апамдын сөзүн аттап кете албай же өзүм жакшы көргөн кызга үйлөнө албай жатам. Эмне кылсам болот? Аты белгисиз.
Жооп: Жоолук салынганды современный эмес деп ким сага айтканын билбейм, бирок так билгеним, ал адашыптыр. Жоолук салынып окууну да окуган, жылаңачтар билгенден да көбүрөөк билген сарамжалдуу саркеч кийинген мусулман кыздарыбыз көп. Апаңды капа кылба, өзүңө жакканга үйлөн. Диндүүсүн кармасаң, береке табасың, берекем!
19. Жолдошум мага “жообуңду бердим” деп үч жолу айткан. Бирок азыр жашап жатабыз. Кандай болот? Аты белгисиз.
Жооп: Талак ниетинде айткан болсо бир талак боин түшкөн болот. Боинге боин жабышпайт. Кайрадан нике жаңыртуу керек. Ниетинде ажырашуу жок болуп, жөн эле айткан болсо, бир да талак түшпөйт. Киная-кыйытма талактар ниетке байланыштуу болот.
20. 5 маал намаз окуйм. Кээде кечиктирип, каза кылып окуйм. Окуганда ар нерселер оюма келе берет. Намазымды окусамбы же токтотсомбу? Аты белгисиз.
Жооп: Окуганыңды токтотпо! Намаз парз. Жашоо үчүн күрөш дегендей эле, бейиш үчүн шайтан менен күрөшүү. Намазды кунт коюп окууга аракет кылуу да өз алдынча жихад.
21. Үй-бүлөөсү бар туруп, башка аялга кетип калган эркектерге кандай чара колдонуу керек? Мамлекет тарабынан же хадис, куран негизинде болобу? Аты белгисиз.
Жооп: Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет деген кеп бар. Жөн жерден кетип калбаса керек го. Күйөөңө көңүл бурбай, өзүңчө төшөк салып балдарың менен жатып алсаң, ага жаккан тамак жасабай, иштен келсе үтүрөйүп тосуп алсаң, ал кетпегенде ким кетмек эле. Ал төшөккө чакырганда келбесең, төркүнүңдүн акчасына чиренип, аны тоготпосоң, анда кетип кала берет.
22. 13 жыл жакшы жашоодон кийин жолдошум экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүк пайда болду. Ортодо 5 бала бар. Түшүнбөстүктү жоюу үмүттө экинчи ирет нике окутса болобу. Бирок мага талак берген жок. Башка жубанга көзү түшүп калыптыр. Аны тим эле айга теңейт. Аны менен жолугушуусуна тоскоол болсом, мени шүмшүккө теңейт. Кандай кылсам болот? Аты белгисиз.
Жооп: Тиги жубанды никелеп алсын… Никеси жок арам болот.
23. Назыр орозону ниет кылсаң, аны үзбөй тутуп берүү керекпи же үзүп-үзүп тута берсең болобу? Алай, Максат.
Жооп: Эгерде “бир нече күндү удаама-удаа кармап беремин”, же “бир ай орозо кармап беремин” десе, анда айткан сөзүн аткаруусу ваажып болот. Удаама-удаа кармап берүүсү милдеттүү. Бир ай орозосу жаңы чыккан айдын башталышы менен башталып, анын чыгуусу менен бүтөт. Айдын башталышынан баштабай, орто жеринен баштай турган болсо, анда отуз күндү толук кармап берет. Болбосо, каффаарат төлөөсү зарыл.
Удаама-удаа, же бир ай дебей, жөн гана отуз күн кармап беремин десе, анда отуз күндүн эсебин толтурса эле эсеп болот.
http://saresep.kg
Жаштык-мастык деп бекеринен айтылган эмес. Айрыкча окууну бүткөндө, студенттик күндөр ошол убактар жаштарыбыздын канаттарын кагып келечекке умутулуп, он гүлүнөн бир гүлү ачылып, жаштыкктын жалыны күйүп, баары уядан учкан куштай келечеке карай жөнөшөт. Ата-эне балам, кызым деп колдо баарын жумшап, тапкан тарынганын колуна берип, окуу жайларга шаарга карай жөнөтөт.
Студент болуу ар бир жаштын көптөн-көп күткөн тилеги. Кээ бирлер үчүн студент болуу жаңы жашоого, келчек максатка болгон көпүрө деп билишсе. Кээ бирлер үчүн “ат дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” болуп эмнеси болсо да студент деген атка жетүүнү көздөйт. Шаар, бийик үйлөр, жык-жыйма толгон эл, айыл мектебине салыштырмалуу бир топ кенен окуу жайлар, жаңы достор кыскасы баары өзгөчө көрүнөт.
Бул куракта жаштарыбыз, жаштык оту күйүп, аш десе ашка, иш десе ишке, жакшы-жаманды, ой жүгүртүп ойлоп олтурбай оюуна келгенин дароо жасай койгон курак дал ушул студенттик куракка дал келет. Көбүнчө айылдан барган уул-кыздар ишенчээк келип көп адашууларды башынан өткөрүшөт. Айылда ата-эне көзөмөлүндө жүргөн уул, кыздар шаарга келип, эркиндикке чыгып “кой дегенге кожо жок, ай дегенге ажо жок “болуп, шаардын жашоосуна карап, өзүн өзгөртөм деп” артык болом деп тыртык” болгондор канча. Көбүнчө адашуунун жолунда кыздарыбыз болгону өкүндүрүп келет. Ата-энесинин айдай, аппак, көкөлөтүп өстүргөн кызы бир эки жыл болбой, өз тагдырына өзү балта чаап, намысын тебелетип жүргөндөр канча.
Жаштык бир келет, жаштыкта ойноп калалы деп кыз-жигит болуп, акырында жигит ишин бүтүрүп, кыз боюнда болуп айласыздан аборт кылдыргандар канча.
Үйдө ата-эне кызым окуп жүрөт деп, кызынын эмне болгонун билбей, билгенде баары кеч болуп, эл караган башын жер картып “атиң!” деп жүргөндөр канча.
Болгонунча-болду деп жеңил ойлуулукка алдырып, оңой акча тапса болот экен деп түнкү көпөлөккө айлангандар канча.
Чет өлкөгө алданып, турмушка чыгам деп, кайра сатылып кор болуп, кул болуп жүргөндөрү канча…
Кыздардын баарын бузулду деп айткандан алыспыз. Бирок турмуш акыйкатты так көрсөтүп турбайбы.
Бул жерде жигиттер тууралу да айтып өтпөсөк болбостур. Кыздар өздөрүнөн-өздөрү бузулган жок. Кыздарды бузган, тагдырына балта чапкан, бузулган эркектер болот. Алдап, сүйөм-күйөм, үйлөнөм, деп жатып максатына жетип таштап, кайра башкасына өтүп жүргөндөр канча. Эгер билсеңер канача кызды көз жашын агызган болсоң, бир күн өз жакындарыңдан көрөрүңдү унутпа. Аллах Таалам зына кылгандарды өз жакындары аркылуу жазалап коёт. Сен ушул ишке барганда, өз эжең, өз карындашың жөнүндө ойлоп кой, сен алдап, көз жашын төккөн кыз, ал да болсо бирөөнүн көз карегинен айланган карындашы же эжеси болот. Кыздар капкара болсо, жигиттер да капкара, анткени бузулган эркек болбосо бузулган кыз кайдан болмок.
Айта берсең арман көп, сөзүмдүн аягында, кыздар, жигиттер өз тагдырыңар өз колуңарда, жакшы болууда, жаман болууда, туура жолду да, жаман жолду да тандоо өзүңөрдөн. “Жаштык бир келет” деп ойноп, күлүп, жыргап жүрүп алайын деп олтуруп шайтандын торуна түшүп, өзүңдү отко таштаба, күлүп, күтүп турган келчегиңди бир заматта күлгө айландырба. Жаштыгыңдын жаркырап ачылып турган гүлүн, соолутуп, аппак болгон намысыңды тебелетип кор кылба. Ар бир кадамыңды абайлап ташта. Үйдө сени эмне максат менен, сен үчүн жер чукуп, малын сатып, өзү ичип кийбесе да, сага болсун деп кашыктап жыйган акчасын сен үчүн айлап салып турса, сен өзүңдү ойлобосоңда ата-энеңди ойлоп алардын намысын айрандай төкпө. Ата-энеңди ойло, алардын мээнетин, ак сүтүн, кадыр-баркын кетирип, эл арасында көтөрүп жүргөн башын жер каратпа. Жаштыгыңды кызуу кандуулукка алдырып келечегиңе бөөдө балта чаап алба. Ар нерсенин өз убагы, чеги болот. Сени алдыда келечек-максат, ийгилик, бактылуулук күтүп турганын унутпа.
Дагы бир заарыл болгон айтылуучу кеп ыйман жөнүндө айткым келет.
Тарбия үй-бүлөөдөн башталат, ата-энелер балдар, кыздарыбызды Аллах жолунда, Пайгамбарыбыздын сүннөттөрү менен, анын көрсөткөн жолу менен тарбиялайлы. Ислам десе эле ак эткенде так этип Сирия, согуш оюубузга келип, терс кабыл алабыз же болбосо оронтуп-чоронтуп, сопу кылып алдыбызда алып олтуру керек деп ойлоп калабыз. Жок андай эмес. Исламда кесип тандоодо, кесиби менен иштөөгө тыю салынган эмес, окусундар, доктор, мугалим, сот, милитция, депутат болобу баарына жол бар, бирок ошоо окусунда намазы, ыйманы, эң башкысы Аллахтан коркуп, жоопкерчиликтерди билип жүрсө, жогорудагы өкүнүчтүү окуялар, адашуулар аз болмок же жок болмок!
Биз адамзат жашообузду караңгылык жашоого, жакшы жашоого алып келүүчү өзүбүз. Ошондуктан ар үй-бүлөд, Аллахтан коркуучу жүрөк, окуулучу намаз, айтылуучу ыйман, Пайгамбарыбыздын сүннөтү, адеп-ахлак, насаат тарбиясы болсун демекчимин.
Бул жазылгандар, келечек студенттерине, дегеле студенттик күндөрүн өткөрүп жаткан жаштарыбызга, болочок ата-энелерибизге аз да болсо сабак болуп калат деп үмүт кылам.
Насиба Абдуллаева
1.Шариатта кабырга белги коюу кандай каралган? Кененирээк айтыпберсеңиз? Аты белгисиз.
Жооп:Кабырга белги коюу шариятыбыздаайтылган.Кабырдын ээсинин ким экендигин тактап билүү максатында гана таш же ошол сыяктуу белгини койсо болот. Бирок, анын айкелин чектирип, же сүрөтүн чаптап, же Куран аяттарын жаздырып коюу туура эмес. Ысыраптыкка жол койбоо зарыл. Ошондой эле кабырды цемент же мрамор таш менен аба өткөрбөй каптап коюу да, заӊгыратып күмбөз салуу да туура эмес. Ушунчалык эле маркумга урмат-сый көрсөткүсү келип жатса, ошол маркумдун атынан китеп чыгарып,элге бекер таратсын. Жетим балдарга кийим-кечек, кышка көмүр алып берсин. Жакшылык Кудай Таалам көрсөткөн жол менен болгондо гана сооптуу болот.
2. Менин никемди окуп жатканда молдоке атамдын атын айтпай,башка атты айткан. Адашып кетсе керек эле. Эми эч нерсе болбойбу? Ортодо бир кызым,бир уулум бар. Аты белгисиз.
Жооп: Жок, эч нерсе болбойт. Никеге өзүӊүз катышкан болсоӊуз, баары жайында. Дегинкиси, адатта айылдык молдолордун көпчүлүгү карып калган болот да, кулактары укпай, эске тутумдары да эскирип, жедепжышылыпкалган болот. Аларга нике кыйдырган учурда кыз менен жигиттин аты-жөнүн бадырайта жазып, колуна берип койгон жакшы.
3. Таежем аракка аябай берилип кетти. Приступболгонго чейин барат. Эки баласы тең чет өлкөдө жашайт. Эмне жумуш бүтүрөөрүн айтып акча алат да,жумушун да бүтүрүп,арак да ичип келет. Берген акчаларыбыз үчүн күнөөкөр болбойбузбу?Каракол, Улукбек.
Жооп: Жумушка деп алса, жумушка деп берсеӊер, ал жумушун бүтүрсө, силер күнөөкөр болбойсуӊар. Берер кеӊешим, аны балдары менен чогуу жашап калуусуна себепкер болгула! Колуӊардан келсе, ага акча карматпай, анын жумушун өзүӊөр бүтүрүп берсеӊер жакшы болот.
4.Христиан дининдеги бир аял менен акыйнек айтышып жүрөм. Ислам боюнча дагыилими күчтүү экен. Мындай туурабы өзү? Анын суроолорунатакалып калып, бир-эки күн маалымат издеп,анан жооп берем. Өзүңүздүн же илимдүү адамдардын номерин берип койсоңуз.Ага жооптуукечиктирбей берип турсам? Бишкек, Болот.
Жооп: Ислам боюнча күчтүү маалыматы бар аял болсо, ошол маалыматы бар туруп,сиздин маалыматтарыӊызга анын кандай муктаждыгы бар экендигине таӊмын? Адатта, акыйнек айтышууну, ошол илимди тереӊдеп билгендерге калтыруу жакшы болот. Аны менен убакытты текке кетирбей, пайдалуу илим жана саалих амалдар менен алек болуӊуз. Ал аялга Алланы улуктап, динибизди мактап, даават кыла бериӊиз. Тагдырына хидаят жазылган болсо, хидаятка келээр, тозоктон башка тоорубаган болсо, каапыр бойдон аркы дүйнөгө кетээр, бара турган тозогуна бараар. Кудайым сактасын!
5. Адашкан агымдардын ишенимине кирип, алардын таратып жүргөн китеп, кагаздарын чогултуп, жок кылып салсам күнөө эмеспи? Алардын каргышы тийиши мүмкүнбү? Бишкек, Болот.
Жооп: Болот, урматтуу Болот! Андай изги ишиӊизге көӊүл толот. Болгондо да кандай жакшы болот. Болмок турсун, эбегейсиз көп соопко теӊдеш болот. Ошол жаман кагаздардын ичинде да Кудай Тааламдын аты жазылган болот. Андыктан аны таза жерге коюп өрттөп салсаӊыз жакшы болот, урматтуу Болот! Билбегендер оозу менен орок орот. Андыктан, ардактуу Болот, күчүӊдү ошол нерсеге корот. Андай жаман китеп тараткандарды, каргашалуу тозок оозу менен сорот. Абайлап, жакшы китептерди гана жаныӊа жолот.
6. Кызыгуучулардын деңгээлинде гипнозду өздөштүрүп алгам. Колдонсом күнөө эмеспи?Кез-кези менен жанымда жалгыз олтурганадамгаайттыргымкелген нерсени айттыра алам. Бишкек, Болот.
Жооп: Кылганыӊкүнөө, кылганишиӊеишенип ала турган, жашап жаткан элиӊдаэнөө. Аны менен тапканыӊмакүрөө, аны жеген балдарыӊ болотмажүрөө.
7. Ички органдарын, мээсин чукуп алып салган адамды көмгөн туурабы? Ал кабырда кантип жооп берет? Аты белгисиз.
Жооп: Ага болбо кыжаалат! Кудайым сурак алганда, жансызга жанды салганда, баары келээр ордуна! Жоктон барды жараткан, бардан барды жаратаар! Кабырда кантип жооп берүүгө эмес, эмне деп жооп берүүгө кылгын далаалат. Деги эле, ал нерсеге болбогун кыжаалат.
8. Жихадка барса бейишке чыгат деген чынбы,устаз? Аты белгисиз.
Жооп: Чын, берекем! Жихаттын эңэле төрөсү, адеп-ахлакты оӊдоп, кулк-мүнөздү тууралоодо, напси-балээге алдырбай аны менен күрөшүүдө турат.
9. 2007-жылдары Орусияда иштеп жүргөнүмдө Баткендик Мамлекет деген эже мага жасалма документ жасап берген экен. Документтин жарым акчасы берилип, жарымы бериле элек болчу. Калган акчаны төлөшүм керекпи? Мен ал эженинкайда экенин билбейм. Акчага муктаж адамдарга берип койсом болобу? Аты белгисиз.
Жооп: Жок, жараным! Мамлекет сага карыз, сен ага эмес. Акыйкат, туура жол болсун сага эс! Болбосун акылыбыз эч убакта нес!
10. Менин иним бар.20 жашта,үйлөнгөн. Иним дааватка барат,беш маал намаз окуйт. Ата-энени сыйлабайт? Ата-энеге жардам бербейт? Атам аны менен урушуп, ыйлап жүрүп жүрөгүооруп калды. Үйлөнгөнүнө бир жыл болду, балалуу боло элек. Башкага үйлөнөм дейт. Кеңешиңизди бериңиз,устаз? Москва, аты белгисиз.
Жооп: Дааватка барганы чын болсо, намаз окуганы кадиксиз акыйкат болсо, анда ал сиз айткан терсаяк иштерге бармак эмес. Демек, анын намаз окуганы жалган, же окуйт, бирок, өзүн окуйм деп алдап жүрөт! Намаздын акыйкаты, улуулугу жүрөгүнө кирбептир. Андай намаздын барынан жогу. Жамандыктан кайтара албаган намазды Кудайым кабыл кылбайт, аны намаз деп эсептебейт!
Бул келесоо чалыш иниӊе кантип кеӊеш бермек элем? Келесоо чалыш дебегенде кантейин, сен айткан сөздөн диагнозу ошондой чыгып жатпайбы? Эми, бир тууганым, дуба кылалы жалпыбыз, оӊолуп кетсин калкыбыз! Тазарсын биздин алкыбыз, түздөлсүн жаман шалкыбыз!
11. Менин кызым ооруп реанимацияга түшүп, азыр жакшы болуп калды. 2 айлык. Кайненем канталаш кылып жибергиле дейт. Бир улак союп,чийки бойдон кошуналарга тараткыла деп жатат. Бул кылганыбыз туурабы? Аты белгисиз
Жооп: Кайнене айткан кеп - туура кеп! Аны кыргыз түлөө дейт. Пайгамбарым алайхис салам айтат: “Садага балээлерди кайтарат, жамандыктан тосот!”. Ошондуктан мусулмандар жамандык тооруганда эчки же козу-корпо соёт,жесин деп коӊшу-колоӊ!
12.Бир таанышымдын жолдошу ачуусу менен аялына жообуңду бердим деп айтыптыр. Бирок аялы үйдөн бир кадам чыкпаптыр. Анан кайра эле жарым сааттан соң жарашыптыр. Булардыкы кандай болду? Аты белгисиз
Жооп:“Жообуӊдубердим” деген кыйытма талак, ал талактынтүшүүсүүчүн зарыл болот эркектен толук кандуу “ниет-талак”. Антпесе, же жөн эле ачууланса, түшпөйт бир дагы талак.
13.Менин атым Пиримкул. Сенин атыңдын мааниси Аллага ширк келтирет деп айтышат. Ушул туурабы? Москва, Пиримкул
Жооп:Кыргызда Кожомкул – кожомдун кулу,Пиримкул – пиримдин кулу деген аттар коюлуп келет. Менин жеке баамымда мындай ысымдардан ширк издөөнүн кажети жок. Анткени бул сөз айкалыштарынан пайда болгон ысымдардын мааниси, кулдай болуп кызмат кылсын деген маанини туюнтуу үчүн айтылган болуу керек.
Мисалы кожо дегенибиз,Пайгамбарзаадаболуп, ошол заттардын кызматында болуунунмустахаб-зарылдыгынбаса белгилеп, төрөлгөн перзентПайгамбарзаадалардынкызматында кулдай болуп, ошолордон таалим алса деген аруу тилек.
Пир дегенибиз да инсандын руханий тараптан өсүп жетилүүсүнө тарбия берип,салымын кошкон тарикаттын устазына айтылат. Мисалы Фетхулла Гулен мырза да,Мавлаана Саьд да өз алдынча пирлер деп айтсам,эӊ бир жарашкан сөз болор эле. Ошолордун кызматында болуу шарапатын, урматын туйдурган маани.
Жогорудагы кожо жана пир-устаз дегендерди эч ким Кудай Тааламдын даражасына көтөрбөйт. Ошондуктан бул учурларда “акыйкат махжуура” эрежесине ылайык жогорудагы ысымдар менен атаса болот.
Ал эми Алыкул деген ысым, бир аз коркунучтуу. Азирети Алинин кулу деген маанини туюндурган бул ысым шииттерге тиешелүү акыйда. Анткени алардын кээ бирлеринин түшүнүгүндө азирети Алини “Кудай” деп да түшүнүшөт.Бул учурларда “акыйкатмаьмуула” эрежесине ылайык, Алыкул,Үметаалы,Алинур,Нуралидеген аттарды өзгөртсө жакшы эле болот.
14. Москвада иштеймин. Бизде казыкка байлаар жигит жоктугунан 35ге чыккыча жалгыз боймун. Мага бакыт тилеп бата берипкоёсузбу? Сизди урматтап,Айнузат
Жооп:Эми,Айнузатберекем! Балмуздак жеп эле жүрө берсеӊ, эртеӊ жетимишке деле чыгыпкоёсуӊ, Кудайым өмүр берсе. Буту менен басып мурду менен тынган эркек болсо, аны оӊдоп албай жаныӊ жокпу?! Москванын мончосуна жакшылап салсаӊ, койду илгери кралинге салгандай болуп, жакшына жигит болуп чыга келет. Сен оозуӊду куу чөп менен аарчыбай, ошол көз жашка ишенбеген Москвадагы бир миллион кыргыздын биринин этегин карма. Экинчи же үчүнчү болсоӊ деле макул. Эки аялды бага алган, көӊүлүн таба алган эркек чынында мыкты эркек! Ал эми үч аялы барды ойлонбой туруп,депутат кылып алуу керек. Төрт аялы бар эркектер гана падышалык орунга татыктуу болуш керек!
15. Кайненем балдарымды аябай эле каргайт. Өлүп калгырлар, туулбай калгырлар деп. Өзү эки жолу ажыга барып келген. Каргышы тиеби деп корком. Ар бир сөзгө периштелер “оомиин” деп турат дейт ко. Кеңешиңизди бериңизчи,устаз? Аты белгисиз.
Жооп: Эненин каргышы бок, атанын каргышы ок деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Ошого, энеӊердин каргышын алкышы деп эле түшүнгүлө. А байкуш кайнене айткан сөзүнө маани деле бере бербесе керек.
КайненегеКудайымчымчыктыкындайчымчым акыл насип этсе, сөзүнүндөөдүрлүгүнбаамдап калаар. Жакшылыктан үмүт үзбөйлүчү, үмүтсүз шайтан делет эмеспи…
16. Коёнду аткандан кийин ит алып келсе өкүмү кандай, жесе болобу.? Калык
Жооп:Иттин тиши тийген жерди кыя кесип, итке “закускеге” тартуулайт.
17. Менин жыныс мүчөм кичине, аялым алымсынбайт. Чоңойтуучу гелдер бар экен. Ошону колдонсом болобу? Аты белгисиз
Жооп: Болоору го болот дечи. Анан кара басып тескери жака иштеп,таптакыр жылан сыйпагандай жоготуп алба!?. Деги этиет болчу, карагым! Көбүнесе ушундай типтеги даарылар убактылуу натыйжа берип, акыр аягында айлаӊды кетирип ала турган болчу эле дешет,доктурлар. Жакшы болсо, жакшы эле болмок. Сен да ыраазы, башкалар да ыраазы.
18. Балалуу боло албаганыман улам, эки жолу турмушка чыккам. Кийин экинчи жолдошум дагы ажырашып кетип, айылга барып,үйлөнүп алды. Кийин кайра келип,бирге жашап калдык, нике кыйдырбай эле. Аллага шүгүр боюмда болду, төрөдүм. Бирок,биз нике кыйдырбай эле жашаган болчубуз?Аты белгисиз
Жооп: Экинчижолдошуӊузменен кандай тариздеажырашканыӊыздытолугураакбаяндасаӊыз,бүтүнүрөөкжооп берер элем. Муну менен кантип жооп берилсин.
19. Атам ичкиликке берилип кеткен. Апамды уруп, урушуп эч тынчтык бербеди. Акыры апамды Москвага чакыртып алдым. Атам эми мага жашоомду сен буздуң деп оор сөздөр менен каргап жатат. Масатамдын каргышы өтөбү? Апамды жиберсем, өлтүрүп коёбу деп корком. Атамдын каргыштарын уга берип, өзүм да сыгыла турган болдум. Москва, аты белгисиз
Жооп: Апаӊды ура берсе,алып кеткениӊ сооп болуптур. Эми атаӊды да алып барып алсаӊ, эки бакыр бир тукур болуп,сенин көзөмөлүӊдө жашай берет. Соопту эки эселеп ала бересиӊ.
20. Гинекологиялык жактан дарыланып жатканда намаз окуганга болобу? Аты белгисиз
Жооп: Болот. Бир гана жери, ошол гинеколог аял врач авретиӊди чукулап көргөндө, ошондон ырахат ала турган болсоӊ, анда гусул ваажып болуп калат. Андай болбосо, гусул да ваажып болбойт. Намазды калтырба.
http://saresep.kg/
– Баланын курсагын тойгузуу милдеттүү болот. Баланын жанын сактап калууга себеп болгондугу себептүү соопко ээ болот.
– Исрафил (а.с) ким экенин айтып бересизби? +770239…
– Исраафиил чоң периштелердин бири болуп саналат. Ал “сурнай ээси” деп айтылынат. Сурнай эки ирет тартылат. Биринчисинде Аллах Таалам өлүмдөн аман калтыргандан башка, асмандар менен жердегилердин баары бүтүндөй жок болушат. Себеби Аллах Таала ал аман калтыргандарды сурнай тартылуу себебинен эмес, өзүнүн ыктыяры менен жандарын алат. Мисал катары Бейиштеги үр кыздарды, тозоктун кароолчуларын келтирсе болот. Ал эми экинчи сурнай тартылган учурда, жан аттуунун баары өлгөндөн кийин кайра тирилишет. Аллах Таала “Зумар” сүрөөсүнүн 68-аятынын маанисинде мындай дейт: “Заман акыр, кыямат кайым болгондо Аллах Тааланын буйругу менен Исраафиил алайхис салам тарабынан сурнай тартылат. Жер-асмандардагы жандуу аттуунун баары жан таслим болуп жыгылышат. Бирок Аллах Тааланын каалаган заттары гана тирик калышат. Андан соң Кудай Таалам каалаган мөөнөттөн кийин дагы бир мертебе сурнай тартылат. Ал убакта бардык өлгөндөр кайра тирилишет, жаткан жерлеринен чыгып, туш тарапка акылдары айран (хайран) болгон абалда назар салышат”.
– Былтыр биздин үйгө бир мышык Аллахтын каалоосу менен өзү келди эле. Экини тууган. Экөө тең үйдө жүрөт. Эч ким албаса кандай кылам? Хадисте бар го, мышыктарга үй-бүлө мүчөсү катары мамиле кылгыла деген. 077060…
– Анда кыяматка чейин сиздин үйүңүзгө мышык баласы толуп кетет го, ыя!? Мышыктарга жакшы мамиле кылуу деген сөз, аларды үйдөн кетирбей коюу керек деген сөз эмес. Жаз келгенде башка жерге таштасаңыз болот. Алар ошол жашоого көнүгүп кетишет.
– Аялым экөөбүз тез урушуп, тез жарашабыз. Жакында урушуп кетип, ажырашуу ниетинде 1 талак, 3-4 ай мурда 1 талак бергем. Азыр жашап жатабыз. Талак түштүбү? 077283…
– Силерди олтургузуп алып суроо керек…
– Мен бир кызды жактырам. Бирок, экөөбүздүн тең боюбуз кыска. Менин боюм 160 см болсо, ал менден да кыскараак. Ага үйлөнсөң балдарыңар такыр кичине болуп калат деп жатышат. Сиз кандай дейсиз? Бирок ал оорукчаныраак, мүнөзү да начар. Хиджап кийген, сакал койгон адамдарга аябай жинденет. Бирок, өзү буюрса намаз окуйм деп айтат. Анын да менде көңүлү бардай. 077769…
– Ага ушул эле гезиттин башка бетинде дарыгер мырза кеңеш берет, ошол кишиден сурап көрүңүз. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун…
– Мектепке окуучу кыз оромол салынып барса урушуптур, мындай кийинип келбе деп. Бирок кыска, өзүнө чып келген кийимди кийген кыздарды эч нерсе дешпейт. Биздин мектепке кайрылып айтып койсоңуз, Ч.Түлөбердиев атындагы 34-орто мектеп. Санжар.
– Урматтуу Санжар. Ушул гезитти директоруңа берип кой!..
“Урматтуу Ч. Түлөбердиев атындагы №34-мектептин директору! Сиздин мектептеги бул окуяга сиз Кудай алдында жооп бересиз. Куранда эки жерде жоолук салынуунун милдеттүүлүгү айтылат. Андан сырткары мыйзам алдында да күнөөкөр болосуз. Ар бир жаран каалаган динин тутууга укуктуу. Кудайдан коркуңуз, мыйзамды сыйлаңыз. Кудай Таалам үй-бүлөңүзгө бактылуулук берген болсун.
Урматтоомду билдирүү менен Чубак ажы. Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы Азирети Муфтийи.”
– Зуха намазы канча рекет жана кайсы убакта окулат? Алибек
– “Пайгамбарыбыз алайхис салам шашке намазын төрт рекет окуп, андан да ашыкча окуур эле” (Муслим 1239). А бирок эки рекет окусаңыз да болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам Азирети Абу Хурайрага эки рекет окууну осуят кылган (Бухари 1178) Зуха араб тилинен оодарганда шашке деп айтылат. Биринчи рекетке “Ваш шамси” сүрөөсүн, экинчи рекетке “Ад духаа” сүрөөсүн окусаңыз жакшы болот (Ширьатул ислаам шархы 132б). Убактысы күн чыккандан баштап, күн чак түштөн оогонго чейин созулат. Эң жакшы убагы күн көтөрүлүп, күндүздүн төрттөн бири өткөндөн кийин болоор. Бул намаз авваабиндердин намазы деп да айтылат. Имам Термизий риваятында (748): “Төөнүн энесинен бөлүнгөн тайлагы, күндүн ысыгынан качып калган учурдагы намаз, авваабиндердин намазы!”. Авваабин дегенибиз, тооба кылып, дайыма Кудай Таалама кайрылып, таат-ибаадат аткарган, Аллах Таалама тасбиих айткан чыныгы момун пенде. Бул намаз жөнүндө Раддул мухтаар китебинде (4-том) кенен баяндалат.
– Бир молдо “эгер экинчи катын болуп тийгиң келбесе окуп салам, жинди болуп каласың” дегени туурабы? Кечиресиз, бирок ал бир мечиттин имамы. Менин анда көңүлүм жок. Корком!
– Молдонун айтканы туура эмес. Мечит имамы болсо, муфтиятка кайрылгыла. Тактап беришет. Корккондун кереги жок. Көңүл жок болсо кантмек элеңиз. Мойнунан байланган ит ууга жарабайт деп айтылат.
– Дуба кылган соң колуңду жүзүңө сүрткөн болбойт дейт. Намазда катарда турганда ийиндер тийишип турушу керекпи же талтайып буттар тийишип, колду төшкө алып окуш керекпи? Деги эле кол кайсы жерде болушу керек? Ушуга байланыштуу хадис да айта кетсеңиз. 077193…
– Дуба кылган соң эки колду жүзгө сүрткөн сүннөт болот. Азирети Умар: “Пайгамбарыбыз алайхис салам эки колун көтөрүп дуба кылган соң, эки колун жүзүнө сүртпөстөн туруп жерге түшүрбөс эле!” дейт. Имам Термизий риваяттайт. О.э. Имам Абу Дауд Ибн Аббастан да ушул эле маанидеги хадисти риваят кылат. Имам Ибн Хажар “Булууг ал мараам” (474 б.) китебинде жогорудагы хадистин даражасы, бир канча риваяттардын топтомдорунун негизинде, “Хасан” деп баа берет. Ал эми бардык хадис аалымдарынын пикиринде “Хасан” хадиске шариатыбызда амал кылынат. Шейх Албааний бул хадисти “Даьииф-алсыз” деп баа бергендиктен, анын жолун жолдоочулар да эки колду дубадан кийин жүзгө сүртүүнү туура эмес деп түшүнүшөт. Албетте, бул алардын пикири. Ибн Хажар менен Албаанийди салыштырууга болбойт. Экөө бир заманда чогуу жашаган болсо, Албааний Ибн Хажардын эң кичине шакиртинин эң кичине шакирти болмок.
Намазда катар турганда согончоктор тең катар турган болуусу саптын түз болуусун шарттайт (Хаашия). Бут манжаларынын учтары менен сап тегизделбейт. Ошондой эле жеркелер да бири-бирине тийип туруусу зарыл (Бадааиьус санааьиь…). Адамдын эки буту бири-бирине жабышпоосу талапка ылайыктуу. Төрт манжа өлчөмүндө ачык болуусу эң жакшы. Талтайып туруу адепсиздик.
Намазда кол киндиктин астына коюлат. Имам Ахмад (1110), Имам Абу Дауд (756), Имам Дааракутний (1286), Имам Байхакийлер (231) Азирети Алийден төмөндөгү “марфууь” риваятты келтиришет: “Оң колду сол колдун үстүнө, киндиктин астына коюу сүннөттөн (болуп эсептелет)!”.
– Видеокамерага, фотоаппаратка сүрөткө түшсө болобу? 077354…
– Зарылчылыкка жараша болот. Мисалы паспортко түшкөндөй абал.
– Даарат албай туруп эле гусул ала берсе болобу? 077354…
– Гусулдун он эки сүннөтү айтылат: 1)Башында бисмилла айтуу; 2)Ниет; 3)Эки колду эки муунга чейин жууш; 4)Денеге жугуп калган нажасатты жууп кетирүү, эгер нажасат өз бетинче турган болсо; 5)Жыныстын мүчөсүн жууш; 6) Даарат алуу кадимкидей сүрөттө, эгерде суу топтолуп кала турган жерге жууна турган болсо эки бутун жуубастан тура турат; 7) Денесинин баарын үч мертебеден жууш. Эгерде агын сууга чумкуп кирсе, ал сууда бир аз туруп кайра чыкса, сүннөттү толуктаган болот; 8)Сууну куйганда башынан баштап куюу; 9)Баштан соң оң мүрүсүнө суу куюп жууш; 10) Андан соң сол тарабындагы мүрүсүн жууп баштамак; 11) Денесин ышкалап жууш; 12)Удаама-удаа жууш.
Сиздин жообуңуз: даарат албай туруп гусул алганда, сүннөт амалды калтырган болосуз. Сүннөттүн сообунан кур жалак каласыз. Бирок алган гусулуңуз жарактуу боло берет. Эске сала кетчү бир нерсе, гусул алуудан мурун заараңызды сыртка чыгарып жибергенге аракеттенгениңиз ийги. Же жунуб болгондон кийин дароо жууна калбай, бир аз жата туруңуз. Бардык нерсе орду-ордуна келгенге чейин.
– Махрды кызга береби же ата-энегеби? Кызга берсе, ал ата-энесине бергени туурабы?
– Экөө бир нерсе. Кызга берет, кыз өзү билет, кимге беришти…
– Күйөөм менен жашаганыма 20 жыл болду. Жаш кезде ал эки жолу үйлөнүп ажырашкан. Мен да мурда турмушка чыгып ажырашкам. Эстеп көрсөк, экөөбүз тең ажырашканда талак же жооп жөнүндө сүйлөбөптүрбүз. Экөөбүздүн никебиз үйлөнгөндө эле кыйылган. Биздин жагдайда талак же жооптун мааниси канчалык? 077353…
– Ажырашкан учурда, “экөөбүз тең бактыбызды табалы, сен да ыраазы бол, мен да ыраазымын” деп жакшылыкча ажырашкан болсо да жарай берет. Андан сырткары бул учурда маселе сизге эле байланыштуу болот. Себеп дегенде эркек бир учурда төрт никеге чейин тура алат. Бирок ал мурдагы кетирген аялдарына талакты эми деле берип койгону оң. Алар да өз күнүн көрүшсүн. Тагыраагын тактоо үчүн кененирээк тактоо керек.
– Намаз убагында сөздөрдөн адашып кетсе, кайра ниет кылып окуш керекпи же улантып кетсе болобу? 055812…
– Улантып кете берсин…
– Сизден Аллахым ыраазы болсун. Кана эми сиздей адал адам бизге президент болсо качан эле оңолуп кетмекпиз. Тигилерге караганда сиздин өлсөңүз өлүгүңүз артык. Мен 15 жашымда турмушка чыкканмын, азыр 16 жаштамын. Кичинекей кызым бар. Спираль койдурайын дедим эле. Интернеттеги молдолордон сурасам “спираль – мини аборт” деди. Сиздин оюңуз кандай? 070245…
– Кичине кызыңызды торолтконго чейин, бойго бүтүрүүдөн сактана тургандыгыңыз жакшы болот. Аны дарыгер менен кеңешиңиз. Кандайын сизге тандап берген болсо, аны аткарыңыз. Убагы келгенде дагы төрөй бересиз. Кудайым бакыт берсин…
– Сиздин жоопторуңузду калтырбай окуйм. Мага абдан жагат. Сизге ден соолук. Менин кызым бир жаш эки ай. Чоңойгондо эле эрип калмай болду. Эмдеттик жардам берген жок. Кирине да баттан кирет. Мүмкүн болсо сиз жардам бересизби? 077343…
– Байланышыңыз. Жеке өзүмө “смс” менен сурооңузду кайрадан жөнөтүңүз…
– Менин көңүлүмө жаккан бала таппай жатам. Себеби, өзүм ажырашкам. Намаз окуйм. Бирок, эркекке ишенбейм. Эмне кылсам болот? 070778…
– Ошентип жүрө бер. Эч кимге ишенбей, эч кимди жактырбай… Сенин оюңча элдин баары жактырган үчүн гана жашайт деп ойлоп турусуңбу? Андай эмес. Бири-бирин сыйлоо, өз ара түшүнүшүү, ырайым-мээрим деген да маселелер да бар бул жалганда… А сен жүрө бер…
– Даарат алаардан мурда кайсы дубаны айтыш керек? Анан этек кир келип бүткөндө, окулбай калган намазды окуп коюш керекпи?
– Бисмилланы айтса жетиштүү болот. Этек кир келген убактагы намаздар окулунбайт. Кийин да окуп берилбейт. Кудайдын аял затына берген жеңилдиги.
– Биз 4 айлык уулубузду чочосунан эркелетип өөп коёбуз. Зыяны жокпу, күнөө болбойбу? Тариэл
– Күнөө деле болбойт го. Бирок, ошого көнүп алып, кийин чоңойгондо да өпкүлө деп жүрбөсүн… жакшысы башкача эркелеткен жакшы. Кыргыздар “аман эле болсунчу” деп балдарды эркелеткенден башка эч кандай тарбиясына маани бербей коёбуз… Ошол жакшы эмес…
(7)Жалпы түтүн. (8)Даабба-улоо. (9) Күндүн батыштан чыгуусу. (10) Йеменден чыккан улуу от-өрт.
– Чачымдын күйгүзгөн жерлерин (миллировка) хнага боёп койдум. Эми гусул өтөт да? 077710…
– Жакшылап жууп ал дагы гусул ала бер.
– Биз намаз окуйбуз. Соода кылабыз. Тамеки, насбай сатабыз. Деги сатса болобу? Болбосо сатпай эле коёлу. 077733…
– Макрух.
– Мен үй-бүлөмдү кинелейм. Бул ширк эмеспи? Абдумалик.
– Киринелейм дегениңиз болсо керек. Ширк эмес. Ар бир адамдын энергиясы болот эмеспи. Ошол аркылуу дарылайт. Мен да кээде чаалыгып турсам, апам жоюп берсе, кадимкидей жакшы болуп калам. Бирок, ширк сөздөрдү айтпоо керек.
– Жамаат менен намазды окуганда өзүнчө купуя окуш керекпи же кандай? 070719…
– Жамаат менен окуганда кыямда турган учурда эч нерсе окубайсыз. Болгону Алланын улуктугун моюнга алып турасыз… Окусаңыз макрух болот.
– Кудай “4 аял алсын эркектер” деп эч бир молдого айткан эмес. Өздөрүн пайгамбарларга теңеп алышкан. Ал жөн гана шылтоо. Кыздарда да мээ бар, 3-4- аял болуп тийбейт. Аялдардын көз жашы, ызасы, кайгысы 3-4 аял алгыла дегендерге тиет. Эркектер өздөрүн тыңгылыктуу багып алсынчы. Аялды антип паска чапкан болбойт. Өздөрүнүн кыздары ошондойго туш келип кайгыга чөмүлгөнүн эч бир молдо көргүсү келбейт да. 077050…
– Куранды өзгөртүүгө туура келеби эми, сизге жаксын деп. Кыргызча котормосун таап окуңуз, Нисаа-аялдар сүрөөсүн. Таап аласыз. Канчанчы аят экенин айтпай эле коёюн, аны тапканча башка дагы маалыматтарды окуп, бир аз ишенимизиңди түздөп аласыз. Андан сырткары, экиден көп аял алуу, ошол өзүн катындары менен кошо баккандарга айтылган. Бага албагандарга бир аял алуу да болбой калуусу мүмкүн. Мээси бар болгон үчүн экинчи болуп тийгенге макул болуп жүрөт. Мээси жоктор эчак эле сойку болуп, же жетимишке чыккыча кара далы болуп жүрөт. Бул аялдарды төмөндөтүү эмес, эгер түшүнсөңүз… Ай билбейм… бул кетишиңизде түшүнө албайсыз го. Сизге чыдаган күйөөңүзгө чоң ырахмат. Ал бейишке биринчилерден болуп чыкса керек. Себеби, бул дүйнөдө эле тозоктун даамын татып калып, тийешелүү жазасын алып калаары бар экен…
– Менин күйөөм өзүнөн өзү эле мага асыла берет. Ичпейт, чекпейт, кээде жакшына болуп калат. Сени менен жашабайм, кет дейт. Кетсем аркамдан барганын койбойт. Кеңеш бериңизчи. 077904…
– Дагы бир кеткенде, дааватка чыкмайынча барбайм деп, дааватка чыгар..адам болуп калат.
– Улак чапканга шарият уруксат береби? Кыска шорта кийип футбол ойносочу? Ыңгайлуу болот чурканда. 055017…
– Улак чапкан сүннөткө туура келет. Тизе авретке кошулгандыктан, аны ачык калтырууга болбойт. Кыска шорта кийсеңиз, тизеңизди атайын орой турганы менен ороп алсаңыз болот.
– Мен диск, кассета сатам, Голливуддун кинолорун. Ушул ишим арам эмеспи? 055025…
– Тарбиялык мааниси барын сатсаңыз мейли.. беркилериңиз таптакыр болбойт…
– Бир кыз менен никеге туруп кайра ажырашып кеттим. Жообун берген эмесмин. Эмне кылсам деп касыйдачыга барсам, “сени менен жашай турган кылып кайтарып берем” деп акча алды. Ушул чынбы? 055376…
– Эми Кудай Таалама кайрылып дуба кылса керек го. Сен өзүң деле Кудай Таалама дуба кыл. Ата-энесине айтпай эрге тийген кыздан жакшылык деле күтпө.
– Татуаж, жасалма чач менен намаз окусам болобу? Ата-эненин күнөөсү үчүн да тообо кылса кабыл болобу? Жамгыр жааганда периште көбөйөт деген чынбы? Намаз окуп жатканда эмнени элестетиш керек, эмнени ойлош керек? 070274…
– Татуаж дегенди түшүнбөдүм. Жасалма чач такканга шарият уруксат бербейт. Ата-эне үчүн тооба кылынбайт. Алар үчүн сооптуу иштерди аткарып, соопторун белек кылат. Алардын акысына дуба кылат. Жамгыр жааганда Аллахтын ырайымы түшөт делет. Намаз окуганда акыретти, соопту эстөө керек.
– Ар бир адам өзүнө кепиндик материалды сатып алып даярдап койсо болобу? Кепинге деген материал үйдө турса өлүмдү чакырат дешет. Ушул туурабы? 077754…
– Даярдаса жакшы болот, өлбөй турган ким бар? Чакырат дегени жалган кеп.
– Иттин жүнүнөн жасалган өтүктү (кончусунун сырт жагы) кийсе болобу? +7702390…
– Иттин жүнүнөн жасалган байпакты кийсе болот, жакшылап жууп алып туруп. Ансыз деле аны жууган болсо керек. Ал эми иттин терисинен тигилген маасы, өтүктөрдү ашталгандан кийин кийсе жарай берет. Ашталмайынча андан өтүк деле ултарбайт болуш керек. Намазга да жарай берет.
– Үйдөгүлөр мени үйлөн деп жатышат. Мен намаз окубайм. Намаз окуган кызга үйлөнсөм дейм. Медреседе окуган кызга үйлөнсөм болобу? Кандай таанышсам болот? 0771000…
– Намаз окуган кыздар эле көчөдө тизилип туруптурбу? Сен өзүң намаз окуп, анан окуган кыздарды ойлосоң, өзүңө жакшы көргөндү башкаларга жакшы көрсөң, берекем… Андан кийин медреседеги кыздарга үйлөнсөң эмне үчүн болбосун? Аты менен фамилиясын сурап таанышасың го дейм…
– Менин жолдошум ата-энеме калың берген эмес. Бирок, ата-энем чакан сеп берген. Калың бербесе шариятка туура келеби? Эгер бериш керек болсо эми деле кеч эмеспи? Нифас деген сөздү кандай түшүнсө болот? 077045…
– Махр деген нерсе бар. Милдеттүү болот. Сизге күйөөңүз белек берген болсо, ошол да махрга-калыңга эсеп боло берет. Бербесе эми да кеч эмес. Нифас дегенибиз, төрөттөн кийин, аялдын жатынынан келчү кан. Бул учурда намаз окубайт, орозо тутпайт, күйөөсү менен кошулбайт. Өбүшсө боло берет.
– Жигитиме турмушка чыгайын десем ата-энем каршы болду. Анткени, жигитим Оштон, биз Таластан. Бирок азыр андан 3 айлык боюмда бар. Эми наристе арам болуп төрөлөбү? Жигитим мени абдан сүйөт! Ата-энемдин макулдугун кантип алсам болот? Аида
– Апаңа курсагыңдагыны билдир. Дароо нике кыйдыр. Көп баскан аяк бок басат болгону ушул. Тооба кыл. Намаз оку.
– Бир кыз мени сүйбөй калышы үчүн кандай дубалар бар? Мени тажатты. 070334…
– Кудайдан сура же ага үйлөн. Сен сүйгөнгө эмес, сени сүйгөнгө үйлөн дешет го…
– Мен азыр намаз окуйм. Бир жыл мурда химиялык боёк менен чачымды боёгом. Дааратым өтө береби же боёлгон чачты кыркып салыш керекпи? 077810…
– Боёкту кетирүү керек, болбосо кыркып саласыз. Насип кылса өсүп калат. Кудайым намазыңызды кабыл кылсын. Ушундай акылдуу суроо берилсе, баарына пайдалуу болмок…
– Сиздин жоопторуңузду окуп, көп пайда алып жатабыз. Аялымдын боюнда бар. Жакшы дуба берип койсоңуз. 077324…
– Жеңил кылсын….
– Биздин Усман деген балабыз бар. Илим берейин дедим эле. Канча жаштан берсе болот? 077324…
– Мектеп жашынан берсеңиз болот. Медреселердин шартына караңыз….
– Кошулгандан кийин сөзсүз гусул алыш керекпи? Мисалы, кышындачы, ар бир эле үйдө мончо жок да. 077908…
– Ар бир үй жуунгандын аракетин көрүүсү керек болот. Жок эле дегенде кытайдын чоң “тазигин” сатып алып, бир чака менен бир чөмүчтү даярдап коюу керек болот. Дааратканага барганда кагаз даярдап баргандай эле кеп. Кагазым жок эле деп эмне кылат элең?.. Ошондой. Гусулу жок кантип намаз окуйт элеңиз. Деги намаз окуйсузбу?.. Намаз окуш керек…
– 6 балам бар. Союз кулагандан бери жолдошум иштебейт. Балдарды багыш үчүн Москвага кетип иштеп бир жылдан кийин келсем, мас болуп алып “сен талаксың” деп кайра-кайра айтты. Эми аракты да көп ичип кетти. Бирок балдарымдын атасын таштагым келбейт. Кайра башынан нике кыйдырганга айткан эмесмин деп мойнуна албай жатат. Эмне кылам? 077278…
– Оозмо ооз сүйлөшүү керек болот сиз менен…
– Эки-үч аял алганга оозуңуз толо “ооба” дей бересиз. Эмнеге ага чейинки парздарды аткарып жүрөбү, сурабайсыз? Же сиз дагы шарияттын ушул гана жерин колдонгон эркектерди колдойсузбу? Кандай ой менен кандай адам сураганын кайдан билесиз? Үй-бүлөсүн бузуп алыштан коркпойсузбу? 077700…
– Кантип коркпойм. Корком. Бирок, ар бир адамга жакшы күмөндө болуу үчүн, мен аларды баш маал намазын үзбөгөн, чыныгы момун деп элестетип жооп беремин. Бирок, суроосунан андан башкачараак адам болуп туюлган болсо, ага ылайык жооп беремин. Андайларга кээде бир аял алганды деле тыйып жүрөм. Шариаттын баарын кармануу керек. Ошентсе да бир жерин карманбасаң, бардыгын карманбаш керек деген жери да жок. Сизге ырахмат. Туура айтасыз.
– Биз сүрөт тартабыз. Кесибим дизайнер-модельер. Сүрөт тартсам болобу? 070330…
– Адамдын, жандуулардын кебетесин тарткан болбойт. Калганы боло берет.
– Жумшак бозо арам болбойбу?
– Болбойт, берекем.
– Маасы чечкенде (даараты болсо) бутту эле жууса болобу? 055001…
– Эгерде маасыга масх тартылгандан кийин маасыны чечсе, бутту гана жууп коёсуз. Эгерде даарат алып, даарат бузулбастан туруп, маасыга масх тартпастан туруп, бутту чечсеңиз эч нерсени жууштун кереги жок.
– Сиңдим чет өлкөлүк кыргыз балага турмушка чыккан. Жолдошу Кыргызстандын паспортун алып, Сибирге иштегени кеткен. Кайненелери менен калып, 3 айдан кийин ашказаны гастриттен түйүлүп, ооруп үйгө келген. Ата-энем дарылатты. Күйөөсү ууру жол менен өт же сени менен жашабайм деп шарт коюптур. Ал ууру жолдон өтөм деп камалып кетейинби дептир. Кыйналдым, мени сатып алганбыз дешсе, уруша кетсек, алып берген белектерин алып алса, катындарга кошулуп алып ушактаса, байпак да алып бербесе деп барбай койду. Визаны ЗАГС жокторго баспайт экен. Ушул ажырашууга себеппи? Бактылуу болсун дейт элек. Мээрим
– Эми бул себеп деле эмес. Турмуштун майда-чүйдөсү деп айтылат. Кабыргасы менен кеңешип көрсүн. ЗАГСты мындай деле алып калат го бизде…
– Мүчөл жылында кызыл кийим кийүү керек деген шариятта барбы?
– Кыргыз эл жомокторунда болсо керек. Же орус эл жомокторундабы, айтор, биздин шариатыбызда жок.
– Мени чоң апам чоңойткон. Менден кийинки бир туугандарым ата-энемдин колунда. Менин өз энеме болгон мээримим жоктой сезилет. Апама караганда чоң апама жакынмын. Азыр өзүнчө жашап, ЖОЖдо окуйм. Апам менен болгон мүнөттөрдө, ачуусуна тийип алган учурларда мага “чоң апаң туура эмес тарбия берген” дейт. Ошондо апамды жек көрүп кетем. Өз апама оюмду ачык айта албайм. Үй-бүлөбүз чогулганда өзүмдү чоочун, ашыкча сезе берем. Апам мени жаман көргөндөй сезилет. Эне баарынан ыйык делет. Бирок, мен үчүн андай эмес. Өз энеме жакын болууга аракет кылам, бирок жасалма, эки жүздүүлүк кылып жаткандай сезилет. Мен канткенде өз энеме жакын боло алам жана мен күнөөгө батып жатамбы? 077759…
– Анын энеңиз экенин билиңиз…ушул жетиштүү болот.
– Аллах сизге ыраазы болсун. Кандай гана суроолорго жооп бересиз, сизди ар кандай жаман сөздөр менен айтса да көтөрөсүз. Сиз ошолордун баарына түшүнүү менен жооп бересиз. Илимиңиз арта берсин! Биз жолдошум экөөбүз кызыбызды ортого алып жатабыз. Күнөө болбойбу? Кызым кичине. 077066…
– Аллахым эч нерседен кем кылбасын. Кичине кыз болсо эч нерсе деле болбойт. Бирок, четке жаткырсаңар, барып барып бөлсөңөр жакшы болот. Жубайлардын жашоосу эркин болуусу керек. Бири-биринен толук пайдаланып, ырахаттануусу керек болот. Жубайлардын төшөк маселеси ойдогудай болбой калган учурда жашоонун башка тармагына да терс таасирин тийгизет. Бала уктасын деп олтуруп, күйөөңүз уктап калат, же уйкудан калат, баягы каалоосу кетип калган болот. Ошентип, жарака пайда болуусу мүмкүн. Анын үстүнө жубайлар жаткан бөлмө өзгөчө жакшы жыттанып туруусу керек болот. Жаш баланын заарасы жыттанбай…
– Жамаат намазда бирөө күлүп жиберсе, менин да күлкүм келип кетсе, келген жеримден эки жакка салам берип, кайра уюп окусам болобу?
– Болот, бирок, күлкүңдү токтотуп калып намазыңды улантканың жакшы. Тигинин намазы да, даараты да бузулду.
– Такыба, анан да билимдүү, Кыргызстанга кызмат кылсам деген жаштарга кеңешиңиз кандай? Себеби, дээрлик бардык мамлекеттик структураларда коррупция, маяна аз. Анан айласыздан коррупцияга аралашат. 077323…
– Бир аз бизнесин жолуна коюп, ырыскысын таба турган болгондон кийин, элге кызмат кылуусу керек. Жок дегенде, иштетпей кубалаганга чейин пайда келтирип калсын…
– Күйөөсү аялына 3 талак берсе, талак түшкөнү далилденсе, алар жарашуу үчүн бир эркек менен макулдашып (кайра талак беришин) аялын ага никелетсе, анан бир эле түнөтүп кайра жообун бердирип, мурунку күйөөсү менен кайра никелешсе нике эсептеле береби? Болот деген молдолор бар. 055607…
– Түнөткөндө жыныстык байланыштын болуусу шарт кылынат. Жөн эле жомок айтып, таң атырышса, эч нерсе болбойт, эсептелбейт. Жогорудагыдай шартта макрух болуу менен дурус болот. Бирок, кайра талак беришин макулдашып, экинчи эркек бир күнгө деп убактылуу нике кыйдырган болсо, ал нике никеге өтпөйт.
– Намазканада бешим намазынын парзына кечигип келип сүннөт окубаган илимдүү адамдын имамдык кылышы болбойбу? Суннада кандай?
– Жарай берет. Бирок, имам болгон адам башкаларга үлгү болгудай болуусу керек. Башкалардан көбүрөөк ибаадат кылган, такыбараак болгон адам болуусу кажет. Пайгамбарыбыз алайхис салам деле көбүрөөк ибаадат кылаар эле, а түгүл бизге нафил болгон тахажжуд намазыа кишиге милдеттүү эле. Ушундан эле көп нерсени билсе болот эмеспи. Илимдүүнүн кийими, сөзү, жүрүш-турушу баары үлгү болуусу керек.
“Тамчы”
The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (44) appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.