Halloween party ideas 2015

Мухаммад алайхис-с-салам пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылат: «Илим өнөрүн Чинден болсо да үйрөнгүлө!» Орто кылымдагы араб жеринде, азыркыдай унаа жок кезде бул сөздүн маанисин абайлап байкап көрүңүз. Чин (орусчасы Кытай) бул Арабия тамандагы жигиттер үчүн канчалык алыс жатат, кербен менен айлап-жылдап жүрүү керек. Бул мусурман дининде илим алууга чоң маани бергендик.
Азыр ким жеринен алыс-алыс жакта, илим үйрөнүп, өнөр билип, журтун сагынып, саргайып жүрсө биз ошолорго ыраазы болушубуз керек. Алар пайгамбарыбыздын осуятын аткарып жүрөт. Биздин элди-журтту жаңы илим менен байытат.
Хадистерде дагы мындай делинет: «Аалым (илим берүүчү бол), же болбосо илим үйрөнүүчү (алуучу) бол, же тыңдоочу бол, же болбосо илимге ышкы-ынтызарлуу бол. Бешинчиси болбо, жок болосуң». Демек ислам окуусунда ар бир адам илимге умтулушу керек, эң эле жок дегенде илим алып аткан адамды урматтоо зарыл. Илим үйрөтүп аткан адамды сыйлап, ал келатса жол бошотуңуз, алыстын чуркап барып учурашыңыз. Балаңыз, же тааныбаган эле кимдир бирөө чырак жарыгында илим үйрөнүп атса, анын айланасында периштелер учуп жүрөт деп ойлоңуз. Илим үйрөнүп атканга калакат бербеңиз, тоскоол кылбаңыз, акын Алыкул айткандай илим үйрөнүп аткан инсандын чырак жарыгындагы көлөкөсү бактылуу көлөкө.
«Ар бир мусурманга окуп илим үйрөнүү парз», – деп бир хадисте айтылса, экинчисинде «Окуп илим үйрөнүү парз. Окуп үйрөнүлгөн илимге ар бир нерсе ыраазычылыгын билгизет, кала берсе деңиздеги балык да», – деп айтылып, үчүнчүсүндө: «Бир саат илим үйрөнүү таң атканча намаз окуп чыккандан өйдөдүр. Бир күн илим үйрөнүү үч ай орозо туткандан жакшыраактыр», -деген насааттар айтылат.
Ислам дини илимди четке каккан, илимди өнүктүрбөгөн деген атеисттер муну окуса эмне деп айтар эле? Мусулманчылыкта илимге өзгөчө маани берген үчүн да ислам дүйнөсүндө улуу аалымдар чыккан. Европада башка диндер илим кишилерин өрттөп атканда, мусулман илими гүлдөп турган. Дүйнөлүк эң ири ачылыштар адегенде мусулман кишилери тарабынан ачылган, эң мыкты мемарчылыктагы шаарлар ошол өлкөлөрдө курулган, асман изилденген, бардык илимдердин негизги түзүлгөн. Муну европалыктар айтпай, жашырып гана келген.
Давлат шах Самаркандий (аалым жана акын, 1435-36-жылдарда туулуп 1495-жылы каза болгон) атактуу астроном Мырза Улукбек жөнүндө мындай бир мисал келтирет. Ал дайыма ууга чыкканда кайсыл жерде кайсыл жаныбарга канча ок атканын, ошол окуя кайсыл жылы, кайсыл күнү, каерде болгонун жазып койчу тура. Бир жолу ошол жазганы жоголуп кетет, шакирттери канча издесе да таба алышпайт. Дептерди сактап жүргөн кызматкери сарсанаага батат.
Падыша айтат:
- Ошого кайгырбагылачы! Мен ошол дептерге жазылгандардын баарын баштан аяк жатка билем! – Ошентип катчыны чакыртып Улукбек дептердеги жазылгандардын баарын өзүндөй кылып кайра айтып бериптир.
Илим адамдары мына ушундай улуктанат, баркталат. Алар жөнүндө муундардан муундарга сөз кетет.
Илим түрү көп. А аны ылгай билүү керек. «Алла Талаадан пайдалуу илим сураң, бейпайда илимден арылышты тилең» деп айтылат хадистерде. Азыр эми илим үйрөнүп аткан жаштарды караш керек: эмнени, кантип, кандайча үйрөнүп жатат? Окугандын баары эле илим үйрөнбөйт, окуу жайга каттагандын баары эле илим дүйнөсүнө кирип аткан жок. Ошон үчүн пайдалуу илимди үйрөнүү зарыл.
Аблетум пааша айтыптыр: «Перзентиңердин илими менен адебин силер өзүңөрдүн илимиңер жана адебиңер менен өлчөбөгүлө. Аларды кийинки мезгил үчүн даярдагыла. Анткени алар силердин ушул заманыңарга тиешелүү эмес, алар келечектики». Ырасында бул кепте калет жок. Биз илим-билимди өзүбүз менен ченебейли, ушул өзүбүз билген менен калтырып койбойлу. Илим алуу деген чексиз болот. Биз жол көрсөтөлү, жарык берели, а кийинкилер жолун таап алсын.
Жер астына түшкөн кишиге чырак кармат, ал караңгыны жарытып, ары карап өзү бара берсин. Ошо сыңары биз соңкуларга чырак-илим башатын карматалы, а анын андан ары кетиши өзүнө байланыштуу. Түпкүрдү жарытып жүрө алабы, же коркуп кайра чыгабы, а анысы биздин карматкан чырагыбыздын күчүнө жараша болот.
«Адамдардын жаманы – адамдар арасындагы жаман аалымдар» деп айтылат Мухаммед Пайгамбар насааттарында.
Калппы, азыр эми илимпозмун деп бала окутумуш болуп аткан жалган илим кишилери көбөйдү. Бул динде да бар, динсиз мектепте да, университеттерде, илимпоздор чөйрөсүндө да бар, мына ушул бейкасиеттик бир чоң илдет катары ислам дининде дайым айыпталып келет.
Өтө илимдүү болуп, ошол өзүндө топтогон билимин башкага бере албаган, бирөөгө өткөрүп бербеген да жаман нерсе. «Илим үйрөнүп аны эч кимге айтпаган адам байлык топтоп, аны сарптабаган бакыл кишиге окшойт», – деп айтылат хадистерде. Дагы бир жерде кимдир бирөө өзү билген нерсени бирөө сураса, а тигил билип туруп айтпай койсо, анда аны Алла Таала кыямат күнү тозок оту менен азаптантарын айтып кетет. Турмушта ушундай кишилер да бар: окуй берет, издей берет, илимди казып чыгат, а анын илимин же жазып калтырбаса, же шакирттерине өткөрүп бербесе, гөрүнө өзү менен кетсе, анын ошол кезээрип топтогон илим байлыгы – арамдыр. Илим – башкаларга жукканы менен илимдир. Демек илимди алуу эле эмес, аны берүү да чоң сооп, сактап жүрүү, башкаларга өткөрүү ыйык парз.
Саади айтат: «Билимди алып, аны пайдаланбаган адам жерин айдап анан ага үрөн сеппеген дыйкандай», – деп. Ошол эле ойчул дагы бир жерде: «…пайда келтирбеген окумуштуу – жемиш  бербеген даракка тете», – деген пикирин билдирет. Илим кишисин жемиш багына салыштыруу абдан туура, анын даамынан, мөмөсүнөн ар ким ооз тийет, эгер даамдуу болсо, кушкер болсо андан тамшанып жеп ырахматын аябай айтат, болбосо…
Билимдүү элдин маданияты да, экономикасы да, ыйманы да жогору болот деп аткан бекерден эмес. Илим баарын жетектеп кетет. Илим менен ыйман эгиз нерселер, бирин бири толуктап турган көрүнүштөр. Ал адам акылына бир алынып, анан өтүп кетчү нерсе эмес, ал түбөлүктүү байлык. Бул байлыктын ээлери элге даамын таттырган мөмөлүү дарактар менен, жер чаңкоосун кандырган суу менен салыштырылат, анткени андан башкалар үзүр көрүп, жакшылыктын, актыктын, адамдыктын жолун үйрөнөт. Илим адамы башкаларга чыйыр салып бараткан жол баштоочудур. Эгер сен балаңдан жакшылык көрөм десең, бала-чакаң жакшы адам болсун десең билимдүү кыл, илим үйрөт, илим үйрөнүү менен ал мээнет кылууну, зиректикти, ак жашоону үйрөнөт, ыйман-ынсаптуу болот.
Илим – биябан чөлдө дос, турмуш жолуңда – таяныч, жалгыздыкта – шерик, бактылуу учурда – жолдош, кайгылуу учурда – көңүл көтөрүүчү нерседир. Ким илимдүү болсо, ким илимдин артынан кууса, ал – бактылуу.
Ислам динин, шарият жолдорун билиш үчүн да силерге илим керек, аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору дешкен. Алардан мураска алтын, акча, мал-мүлк калбайт, алардан да кымбат, деги эле баа жетпеген нерсе – илим калат. Илгертеден илимпоздорду падыша кылган, падышага кеңешчи кылган, увазир кылган. Ошол жерлерде, илимдүү өлкөлөрдө өсүш болгон. Ошол өлкөлөрдүн эли тынч жашаган, илимсиз өлкөлөрдө караниет иштер көп болуп, өзүнчө чоң өлкөлөр кыйроого кабылган. Ырыс, илим алыш машакаттуу, анын чеги жок, ошого коркпой киришкенде гана майнап чыгара аласың.
Абдырахман Жамий жазат:
Илим бардык өнөрдүн таажысы – баасыз,
Илим бардык кулуптун ачкычы – бийик.
Башка бардык иштен колуңду бошот да,
Илим алууга күчүңдү чакта.
Устаз, мугалимсиз калган мезгил,
Наадандык басты дегин жерди.
Ал эми Рудакинин мындай бейти бар:
Ким эгер турмуштан албаса таалим,
Аны үйрөтө албайт эч бир маалим.
Бабабыз Жусуп Баласагын илим-билим алуунун маанисин өтө жогору баалап, бир нече бейттерин жазып калтырган:
Билим берди – адамзат улуу болду,
Окуу менен көп ачты сырдуу жолду.

Кудайым акыл, билим кимге берсе,
Ак жолун ачып турар миң-сан эсе.

Билим менен эмгек ишти бүткөрөт,
Илим бекти муратына жеткирет.

Билимдүүгө окуу кийим, аш болот,
Билимсиздер ушак менен дос болот.
Сусанийлер дөөлөтүнүн абдан билимдүү увазири Бузуржмехрден Чыгыш элдерине аябай эле көп акыл сөздөр калган. Анын биринде мынтип айтат: «Устатымдан жаш кезде нелерди аткаруу керек да, карыганда эмне кылуу керек деп сурасам, устатым айтат – жаш кезде илим-өнөр үйрөн, а карыганда аны ишке ашырып үзүрүн көр деп». Ушунун сыңары жаштык илим үйрөнчү чак. Ошол чакта илимди канчалык үйрөнсөң, карыганда анын үзүрүн ошончо көрөсүң.
Абу Хамит Газзалий (1058-1111-жылдарда Иранда жашаган) жазат: «Падышанын кудурети эмнеде?» деп Бузуржмехрден сурашыптыр. – Падышанын кудурети беш нерседе, – дептир ал. Биринчиси – ынсаптуу болуш; экинчиси – душмандан ар убак сезгенип, алдын ала билип туруш; үчүнчүсү – аалымдар менен ардактуу кишилердин зоболосун зор кылып туруу; төртүнчүсү – эл-журтту жакшы тутуу; бешинчиси – букаранын ал-акыбалынан кабар алып туруу».
Илимди ак ниет менен үйрөнүү керек.  Хадистердин дагы бир сабагы кимде ким адамдарга мактаныш үчүн, же наадандар менен талашып-тартышуу үчүн, болбосо адамдардын дилин өзүнө тартуу үчүн гана илим алган пенделердин тозокко кабыларын насааттайт.
Бул дүйнө пайгамбарлардын осуяты боюнча төрт нерсе менен көркүнө чыгып, улуктанат: биринчиси – аалымдардын алган илим-билими; экинчиси – бийликтин адилеттиги; үчүнчүсү – адамдардын эмгеги, мээнети, өнөр-кесиби; төртүнчүсү – колунда бар кишилердин ырайымдуулугу, кайрымдуулугу.
Кыргыздар айтат: «Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат» деп, казактар: «Билимди бешиктен тешикке чейин изде» дейт, түрктөрдө айтылат: «Бир мектеп ачканың, жүз түрмө жапканың». Пайгамбар насааттайт: «Бешиктен кабырга чейин илим изде». Ушундай, урматтуу окурманым!
ХХ кылым башында Уфа (Эфе) шаарында 1906-жылы «Галия» (арабдын «гали» – жогорку   деген сөзүнөн алынган) медресеси негизделет. Аны ачуу үчүн ошол жердеги мусулман адамдары – колунда бар байлар акча, мал-мүлк, кыш ж.б. нерселерин ортолуктан чыгарышат, бул окуу жайы «Медресе-и-Алийе» деп да айтылган. Бул жерге бүткүл мусулман өлкөлөрдөн талабалар тартылган, ошол окуужайы ислам дини менен гана чектелип калбасын деп, физика, химия, география, тарых, адабият, чет тилдери, музыка, психология, кала берсе физкультура да окутулган. Ушул биздин Кемин, Ысык-Көл, Ош тараптан да бир топ жигиттер барып ошол жерден окуп келген, алардын окушу үчүн кыргыз байлары, манаптары атайын жол каражат менен камсыздап, акча-алтын берип, өзгөчө шарт түзүшкөн.
XIX кылымдын 80-жылдарында Ош шаарында Иса датканын, Алымбек датканын, Калмырзанын медреселери болгон, алардын ичинде Алымбек датканын медресесинде 70 бала окуган. Ал окуу жайы 1850-жылдардан кийин Совет бийлиги орногонго чейин иштеген, демек ошол медресеге берүү үчүн балдарын өтө көп адамдар даярдашкан, алардын талабаларын сыйлашкан, окугандардын калк арасында кадыры зор болгон, аларды балдарына үлгү туткан. Ошол Алымбек датканын Кокондо да – хан ордодо медресеси болуптур. Ушундай окуу жайларын Касымаалы ажы, Сооронбай уулу Дүр, Шабдан Жантай уулу да Чүй өрөөнүнүн ар кайсыл жерлеринде ачкан.
1910-жылдан баштап Ноокат кыштагындагы 5-6 киши Ош почтосунан жазылган гезиттерин алып турган экен, финляндиялык жеркезер (кийин президент болгон) Карл Густаф Маннергейм 1906-жылы Алымбек датканын уулу Асанбектин боз үйүндө куржунда көп китептер болгонун эскерген, Көлдүн Тескейиндеги Талып Молдо, Алдаш Молдолор да Казань, Уфа шаарынан басылган китептерди алып турушкан, Тоголок Молдо болсо орус, казак жазуучуларынын чыгармаларына окшотуп чыгармаларын жазган, тарыхчы Осмонаалы Сыдыков Букарадан, анан Ооганстандын билим алып, абдан көп тарых китептерин окуп чыгып, өзү да кыргыздардын тарыхын жазып чыккан, ноокаттык Молдо Зиябиддин болсо Кокон хандыгынын жылнаамасын кагазга түшүрүп турган, Самарканддан медресени бүткөн кеминдик Самүдүн Шабданов 1916-жылы Үркүндө китептерин эки арча сандыкка салып барып, Чоң-Кемин өрөөнүнүн бир жерине көмгөн экен. Орусия менен алака  жакшы боло электе көп кыргыздар Кашкарга, Багдадга, Букарага, Ооганстанга, Самарканга, Наманганга барып илим үйрөнүп келишкен. Алардын көбү өмүр бою илим артынан түшүп, а түгүл ошол жакта өлүм да табышкан.
Бирок совет жылдарында биз буларды илимдүү адамдар болгон деп айта албай келдик…
Ризоуддин ибн Фахриддин аттуу аалым жазган: «Ар бир адамдын, ар бир элдин таалайлуу болушуна негизги себеп – илим. Эгинзар үчүн жамгыр жана сугат кандай зарыл болсо, адам баласы үчүн илим дагы дал ошондой даражада зарыл жана керек. Балдарын билимдүү, адептүү кылып өстүрүү – ата-эненин ыйык милдети».
Абуязид мындай насааттаган: «Акылдуулар жана даанышмандар менен сукбатташ болуң, илимиңиз канчалык көп болсо да, өзүңүздү илимсизмин деп эсептеп, дагы да илим үйрөнүүгө киришиң. Мал-мүлкүңүз менен эмес, илим, өнөрүңүз, жакшы жүрүш-турушуңуз менен сыймыктанасыз».
Хадистерде «Илим – ибадаттан өйдө жана диндин устуну» делет. Калетсиз кеп да.
Абдыкерим Муратов, педагогика илимдеринин доктору, профессор

December 20, 2015 at 11:18PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.