31-декабрда Бишкек шаардык мэриясы Ала-Тоо аянтында Жаңы жыл майрамынын урматына 400 миң сомдук салют аттырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Малик Ракишев “Марал” радиосуна билдирген. Ракишевдин айтымында, учурда “Россалют” аттуу ишкана менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, аталган ишкана быйылкы жылдын Жаңы жылдык жардыргычтарын камсыздап берет. Ракишев ошондой эле быйыл салюттар үчүн былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге көп экенин жашырбайт. “Бул салюттар баасына жараша. Алар бийикке да атылат жана узакка созулат”,-деп кошумчалады ал. [1]
Жаңы жылдык маанай, шаң-шөкөт, асманга аттырылган фейрверктер. Бир күндүк майрам үчүн кеткен чыгымдар. Айрыкча 5 мүнөттүк көздүн кумары, майрамдын көркү үчүн асманга сүрөт тартып, көз жоосун алган пиротехникалык жардыргычтар. Булар кимге пайда, кимге зыян?
Атын атагысы келбеген сатуучу пиротехникалык жардыргычтарды сатып соода кылат. Анын айткан маалыматтарына таяна турган болсок, орточо жашаган бир үй-бүлө орточо эсеп менен 2000-3000 сомго соода кылат. Өткөн жылдары 5 миңдин тегерегинде соода кылышчу. Быйылкы жылдын экономикалык абалына байланыштуу алардын соодасы солгундаган. Бирок ага карабай 5 мүнөттүк жыргалчылык үчүн коомчулук оңой эле 2000-3000 сомду асманга чачууга даяр.
“Жылда бир кадар келип, 5000 сомдук соода кылса, быйыл 2000-3000 сомдук соода кылып кетишүүдө. Кытайлардан келишимдердин негизинде сатып алып, ижарага алган жерге жараша товар алабыз. Маселен 200миң, 150 миң,эң аз дегенде 100миң сомдук товар алабыз”.
Өлкөнүн учурдагы экономикалык абалында мындай каражатты асманга сапыруунун кажети барбы? Балким ага кеткен каражатты аз да болсо, аксап жаткан тармактан өнүгүүсүнө жумшагандыгыбыз оң чыгаар. Анткен менен Бишкек шаардык мэриядан маалымдашкандай быйыл борбор калаада 400 миң сомдук пиротехникалык жардыргычтар аттырылат. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынан маалымдашкандай быйылкы фейрверктерге кеткен каражат 2 эсе көп.
“31-декабрда саат 12:00дө 400 миң сомдук пиротехникалык жардыргычтар аттырылат. Бул каражат былтыркыга салыштырмалуу 2 эсе көп. Баасына жараша бийикке атылып, узакка дагы созулат. «Россалют» аттуу ишкана менен келишим түзүлгөн”.
Ал эми экономика боюнча серепчи Мейманбек Абдылдаевдин айтымында кыргыз коомчулугу “экономия” маданиятын калыптандыра элек. Акча каражатын пайдалуу жакка жумшоонун ордуна жыргалчылыкты тандап келет.
“Кыргыз коомчулугунда “экономия” түшүнүгү калыптана элек. Жеке үй-бүлөлүк финансыны башкарууда сабатыбыз өтө төмөн. Бир эле фейерверкти аттырууда эмес, көбүн эсе акчаны максатсыз колдонуп коебуз. Андан көрө ал каражатты балдардын келечеги, алардын билими үчүн колдонгондугубуз жакшы”.
Бул пиротехникалык жардыргычтар бир гана акча жагынан адамга зыянын тийгизбестен, экологияны, коопсуздукту камсыз кылууда да коркунуч жаратаары баарыбызга маалым. Аны алдын алуу максатында 2007-жылы пиротехникалык жардыргычтарды көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам кабыл алынып, ага ылайык, каттоодон өткөн гана компаниялар алып кирип, ишмердүүлүгун жүргүзө алат. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын лицензияга уруксат берүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Кубакаев маалымдады.
Тилсиз келген жоо болгон өрт кырсыгы да дал ушул күнү демейдегиден көп катталат. Адистердин айтымында пиротехникалык жардыргычтарды колдонуу эрежесин билбегендиктен жана эрежелерди туура сактабагандыктан өрт кырсыгы ушул күнү көп болот. Өрткө каршы кызматынын өрттү алдын алуу кызматынын башчысын Акжол Үсөн уулу маалымдагандай өткөн жылы бир түндө 38 өрт кырсыгы катталган.
Бишкектин калкынын саны болжолдуу түрдө 1 млнго чукул. Шаар калкынын орточо он адамын бир үй-бүлө катары эсептей турган болсок, болжол менен 100 миң үй-бүлө келип чыгат. Ошондо ар бир үй-бүлө 500 сомго фейерверк сатып алса 50 миллион сом абага чачылат. [2]
December 30, 2015 at 04:21PM
Отправить комментарий