Бирин –бири эң жакшы тааныган эки кыйышпас дос бар эле. Ал экөө бала чагынан чогуу жүрүп, көп күндөрүн биргеликте өткөрүшкөн. Бирөөсүнүн пейили тар, митаам болсо, экинчиси ак көңүл, жайдар мүнөз , сылык-сыпаа келген, көп сүйлөөнү жактыра бербеген жигит болчу. Күндөрдүн биринде өз камы үчүн жүгүргөн дос ак көңүл досуна барат да, ага иши жүрбөй жатканын айтып, көп өлчөмдө акча сурайт. Досунун өтүнүчүн четке кага албаган жигит колундагы болгон каражатын ага карматат. Бир топ убакыт өткөндөн кийин ач көз дос, ак көңүл досунун үйлөнө турган кызын жакшы көрүп калгандыгын, ансыз өмүр сүрүүгө мүмкүн эместигин айтып досунун алдына келет. Бир тууганындай мамиле кылган адал дос, кыз үчүн анын көңүлүн оорутууну каалабай, үйлөнө турган кыз менен кездешип аны менен бул туурасында акылдашат. Кыздын уруксаты менен аны досуна никелеп берет.
Бир күнү сейил бакта отурса жанына бир кедей кейпиндеги карыя келип, колунда эч нерсеси жоктугунан улам оорууга чалдыкканын, дарыланууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жоктугун айтып жалооруйт. Ал карыянын абалына боору ооруп, ага колунан келген жардамын берет. Дарегин алып мааал-маалы менен карыяны зыярат кылып, ага тамак-аш жеткизип турууну адатка айландырат. Көп өтпөй карыя өмүрдөн өтөт. Өз атасындай болуп калган карыянын каза болушу, анын жүрөгүнө октой тиет. Ал ортодо, карыянын бай болгондугун, болгон байлыгын өзүнө мурас катары калтырып кеткенинен кабардар болот. Көкүрөктө досуна деген бир аз таарынычы бар эле. Ага жооп катары досунун үйүнүн каршы тарабынан үй сатып алат.
Коёндой окшош күндөр өтүп жатты. Бир күнү эшиктин коңгүроосу кагылат. Ачса бир тилемчи эне турган болот. Ал ачка болгонун айтып, өзөк жалгаганга үйүнөн бир нерсе алып чыгабы деген үмүттө балага карайт. Жүрөгү мээримге сугарылган, жигит энени үйүнө киргизип, жакшылап курсагын тойгузат. Экөө көпкө масилеттешип отуруп, тилемчи эненин эч кимиси жок экенин билгенден кийин, ага үйүнүн төрүнөн орун берет. Экөө эне баладай болуп калышат. Бир күнү эне, баласына үйлөнө турган убагы келип калгандыгын, өзү караштырып, ылайыктуу деп жүргөн бир кыз бар экенин айтат. Энени сыйлагандыктан бала, ал кыз менен жолугуп таанышууга макул болот. Кыз менен жолугуп экөө бири-биринин купулуна толот. Көп кыйынчылыкты башынан өткөрүп, эми гана иштери оңоло баштаган жигит досун үйлөнүү тойго чакырат.
Той кызуу өтүп жаткан учурда, көөдөнүндөгү толкуп-ташкан, досуна болгон тоодой таарынычын айтууга белсенип, сөз сүйлөөнү туура көрөт. Ал өз сөзүндө, өзүнөн да артык көргөн досуна болгон акчасын берип, ал гана эмес үйлөнө турган кызын да, досунун бактысы үчүн өз бактысын курман кылганын айтат. Ал эми иштери жүрүшпөй кыйынчылыкка кабылганда, досунун фабрикасынан бир дагы жумуш орду табылбагандыгын баяндайт. Ага карабай азыр дагы, досу үчүн өзү ээ болгон бардык нерсесин бергенге даяр экендигин жашырбайт.
Келген меймандар мындай доско бир чети таң калып, бир чети өзүмчүл досту жектеп жатышты. Мынчалык ач көз, өзүмчүл адамдар да болобу дешип, анын ким экендигин билүүнү каалап турушту. Ал эми өзүн ойлогон дос, чыдай албай ордунан туруп сөз сүйлөөгө киришти:
-Болуп өткөн окуяда кайрымсыз, өзүн ойлогон, пейили тар менмин… Бирок окуяны менден да угуп коюшуңуздарды суранам. Ооба, ишим жүрүшпөй кыйынчылыкка кабылганда досумдан жардам сурадым. Аман болсун, колундагы болгон нерсесин аябастан мага карматты. Үйлөнүүгө даярданып жаткан кезинде үйлөнө турган жубайын да мага ыроолоду. Анткени, үйлөнө турган кыз досума татыктуу эмес болчу. Ал досумдун байлыгына көз артып, дүнүйө-мүлкү үчүн турмушка чыкмакчы болгон. Досум аны да берди. Андан кийин иштери жүрүшпөй калды, фабрикага келип, менден жумуш сурады, кан досумдун менин кол алдымда, мага баш ийип иштешин каалабагандыктан жумушка алган жокмун. Фабрикада сенин дагы акың бар десем намысынын жол бербей турганын билет элем.
Кыйын кезеңде досумдун турмуш сыноосуна сынып калышын каалаган эмесмин. Кааалабайм дагы! Сейил бакта жолуккан карыя менин атам эле. Атам аябай оорулуу болчу. Атамды анын жанына жөнөтүп, ал каза болгондо анын үлүшүн бергенге шылтоо таптым. Байкасам, досум өзүнө көңүл бурбай калды. Эшигинин алдына тилемчи болуп келген менин энем болчу. Досума баш-көз болсун деп апамды жанына жөнөттүм. Жана акыркы айтар сөзүм, бүгүн менин эң бактылуу күнүм. Анткени жанымдан артык көрүп жаткан досумдун үйлөнүп жаткан кызы менин бир тууган карындашым. Мына биз ушундай доспуз!
Достор, туугандар, дегеле жакын адамдарыбыз биз үчүн эң кымбат асыл жандар. Алар жашоо бакчабыздын кооз гүлдөрү, гүлгө суу куйган өңдүү кыйын кырдаалда жакындарыбызды жалгыз калтырбай, аларды сүйүү, боорукерлик, мээримдүүлүк менен сугаруу жашоо бакчабызды гүлдөткөнгө тете эмеспи. Ал эми гүлдөгөн бакчанын мөмөсүнүн жемиши таттуу да, берекелүү да болоору талашсыз экендиги анык чындык.
Даярдаган: Жанара Каденова, www.kg.insan.kg
December 16, 2015 at 12:52PM
Отправить комментарий