Яхя бин Муазды абдан сыйлаган Ибрахим аттуу бир адам бар эле. Ал Меккеге көчүп келип жашап калды да, Яхя бин Муазга кат жазып жөнөттү. Яхя бул учурда Мадинада турчу. Каттын мааниси мындай болчу:
«Менин бул дүйнөдө үч тилегим бар эле.
Биринчиси, өмүрүмдүн акыркы күндөрүн эң кадыр-барктуу жерде жашап өтүү.
Экинчиси, өзүмө бир кызматчы алуу.
Үчүнчүсү, мага өлүм келгенге чейин сизди бир көрүп калуу.
Мына ушул үч тилегимдин экөөсү ишке ашты. Азыр мен жерлердин эң кадырбарктуусу болгон Меккеде турам. Ошондой эле менин кызматчым да бар. Эми үчүнчү тилегимди сиз орундатып бересиз го деп үмүт кыламын».
Яха катты окуп, кайра жооп жазды. Анын жообу мындай мааниде жазылган эле:
«Бурадарым, сен адамдардын эң жакшысы болгун жана кайсы жерде турсаң, ошол жерде жашай бер. Анткени, жайлар адамдарга карап кадыр-барк табат. Адамдар жайларга карап барк таппайт. Пайгамбарыбыз Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул жерлерде жашаганы үчүн бул жерлер кадыр-барк тапты. Ал эми Абу Жахлдын Меккеде жашап, Меккелик болуусу – ага эч кандай кадыр-барк тартуулаган жок. Ал эми кызматчы тууралу айтсам, кожоюн болуу бир гана Аллахка таандык, кызматчылык болсо кулдун сыпаты. Кайсы бир адамдын өзүнө кызматчы алып, өзүн кожоюн катары сезүүсү – ага жакшылык алып келбейт. Ал эми сенин үчүнчү арзууң тууралу айтсак, эгерде сен ар дайым Аллахты эстеп, аны арзуу кылсаң, мени эсиңден чыгарып коймоксуң. Эстесең да, мынчалык деңгээлде сагынмак эмессин. Эгер сен Аллахты тапсаң мага эч кандай муктаждыгың болбой калат. А эгерде Аллахты таба албасаң, анда менден сага эмне пайда…?
December 16, 2015 at 11:21AM
Отправить комментарий