Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Турмуш. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес болуп саналат.

Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, кандайдыр бир иш үчүн чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин, ошол күйөөсү менен үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек.

Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге дартын уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет.

Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө моюн сунгандыгында. Аялдын бактысы каякта? Үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим, күйөөңөрдү сыйлагыла. “Жаманбы жакшыбы, аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” – деген сөз бар.

Cиздин күйөөңүз, сиздин айыбыңызды жабып турган эриңиз, балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет.

Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, Күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) осуятында кимде ким беш маал намазын окуса, отуз күндүк орозосун тутса, күйөөсүнө баш ийип сыйлаган болсо, андай аялзатына Алла Таала “Бейиштин сегиз эшигинин каалаганынан кире берүүгө уруксат” – деп сүйүнчүлөгөн.

Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата-энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Эгер Аллахтан башкага саждага кылуу уруксат берилсе, аялдарга күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”, – деп айткан.

Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин да атасынын сөзүн, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата- энең сага кийигилишпеш керек. Ата-эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң, аларга ошо маанилүү.

Келин менен кайнене ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Аялдар бир нерсени түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамилеси жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылышы керек. Ага дайыма кошомат кылып, жолуп табыш керек.

Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Бул нерсени айтсам, бир аял мага ”Ушунун барын каяктан билип алдың” – деп ыйламсырады. Шарият бизди ушуга үйрөтөт.

Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен да үйгө бал-кант алып келбей эле, кара нан алып келип кой. Анткени ошону менен да тойсо болот. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет.

Келиндер кызмат кылыш керек. Себеби ушул учурда үй- бүлө сакталат деген маани. Ошол үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң чеберчилик.

Түлкүнүн бир сөзү бар экен, “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы – көрүнбөгөнүм”. Анын сыңарындай аялдардын күйөөсүн кармап калуунун эң эле жакшы айласынын бирөөсү – кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Кошомат кылыш керек, жагыныш керек. Эртең өзү да кайнене болот. “Кайнененин камырынан ” деген сөз айланып келип ага калат. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин, кайнене болгондо өз келининен көрөт, сөзсүз.

Запись Күйөөсү сыйлаган адамды эл сыйлайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дем алууга чыккан мугалимдин ордуна бул сапар класска башка мугалим кирди. Ал сабакты баштагандан бир аз өтүп, окуучулардын бирине суроо узатты эле, балдар баары күлүп жиберишти. Окутуучу аларга таң калды. Ал окуучуларды сыдыра тиктеп, алар эмне үчүн мынчалык каткырып күлгөндөрүнүн сырын билди. Ага себеп, класста акылсыз, эч кимге кошула албаган «жаман» балага суроо берген экен. Сабак бүтүп, окуучулар сыртты көздөй жөнөшкөндө жанагы баланы өзүнө чакырды. Ал менен класста жалгыз калып, кагазга жазылган эки сап ырды берди да:
-Муну атыңды кандай жаттасаң, ошондой жаттап ал. Эч кимге айтпа,-деди.

Кийинки сабакта мугалим ошол эки катар ыр саптарын доскага жазды. Алардын маани-маңызын түшундүрдү, соң өчүрүп салып:
-Ким азыркы ыр саптарын жаттап калды?,-деген суроону узатты. Эч ким чурк этпеди. Класс ичин жымжырттык каптады. Бир гана баягы-баягы баары «экичи», «акылсыз» деп келекелеген бала акырын колун көтөрдү.

Мугалим да ушуну күтүп тургансып : -Жооп бер,-деди, акырын гана .
Жанагы бала ыр саптарын куюлуштуруп айтып берди. Маанисине да токтолду. Окутуучу аны көпкө чейин мактады.Башкалар да андан өрнөк алса жакшы болоорун айтты. Окуучулар классташынын мындай капысынан кол котөргөнүнө ишенип-ишенбей, таңыркап тиктеп турушту. Айрымдары анын үстүнөн күлүп жүргөндөрүнө кыжаалат да боло түшүштү. Мындай көрнүш бир нече жолу кайталанды. Класстагы окуучулардын ал балага болгон мамаилелери күн сайын өзгөрө баштады. «Экичи» аталган баланын жан дүйнөсү өзгөрүп, оң жагына оой баштады. Ал күн сайын сабактарынан жакшы бааларды алганга тырышаар эле. өзүнө болгон ишенич ансайын артып баратты. Алдыңкы окуучулардын катарына кошулганда өзүнүн акылсыз эмес экендигин аңдады. Окуучулар менен билим таймаштарына чыга ала турганына ишенди. Мектепти эң жакшы баалар менен бүтүрүп, жогорку окуу жайына окууга кирди. Аны аяктаган соң, магистратурада окуй баштады.Илимдин доктору болууну алдына максат койду.

Ал өзүнүн илимий эмгегинин аягында мугалимдер туурасында төмөнкүдөй ой-пикирин жазып койду:

«Мугалимдер эки тайпада болушат. Биринчилери жакшылыктын ачкычы болсо, экинчилери анын жапкычы. Биринчилери баланын шык-жөндөмүн аңдап, колунан жетелеп, алга карай үмүттөндүрөт. Окуучуга досундай ортоктош болуп, турмуш жолун салууга жардам берет. Талантын таптап, алга жылдырат.

Экинчилери болсо, өздөрүнүн туура эмес берген тарбиясы аркылуу окуучудагы эрктүүлүктү мокотот. Ишенимди жоготуп, үмүтсүздүккө жетелейт.Талантын өчүрүп, жоготуп жиберет. Жарыктыкта биринчи эмес экинчи мугалимдин колуна түшкөн канчалык инсандар бар.
Алар бүгүн деле жашоолорунда өздөрүн таппай жүрөт.

Жашоодогу эң чоң оомат- балалыкта мыкты окутуучунун колуна түшүү».

Которгон: Нуркамил АБДУЛЛАЕВ
атайын “Formula.kg” сайты үчүн!

Запись Экичи бала впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баланын колунда эки алма бар эле. Жанында турган энеси уулуна кайрылып:
– Балам, алдагы эки алмаңдын бирөөсүн бере аласыңбы, жегим келип атат? – деп сурап калат. Бала дароо эле ойлонбой туруп оң колундагы алманы тиштеп жиберет. Анан экинчи алманы да тиштейт.
Уулунун мындай кылыгын көргөн апасы шагы сынган бойдон шилекейин жута албай жаман болуп туруп калат.

-“Тарбиялаган балам ушундай кайрымсыз болуп калдыбы?” деген ой мээсин жей баштайт бир заматтын ичинде. Бирок, бала тиштеп салган алмалардын бирөөсүн апасына сунуп:
– Ушуну алыңыз апа, ушунусу таттуураак экен, – дейт. Байкуш эненин көзүнөн жаш тегеренет.

Ушул окуядан алынуучу сабак:

Канчалык тажрыйбалуу, көптү көргөн адам болсок да чечим чыгарууда шашылбоо керек. “Жети өлчөп бир кес” деп кыргыз миң жылдан бери айтып келе жатканы тегин жерден эмес. Жогорудагы окуядан ар ким ар кандай сабак алса болот. Кээ бир адамдар “жакшы окуя экен” десе кээси “шашкан шайтандын иши” дээр, башкасы супсак жазылып калыптыр деши мүмкүн. Жеңил ойлуулук дагы шайтандын издеп жүргөн тешиктеринин бирөөсү!

Шашканга шайтан жармашат,
Шашпагын сени алдайм деп,
Шак эле баштан кармашат.

Даярдаган: Тойчубек Сагындыков.

Запись Эне жегиси келген эки алма впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жашоошун шары, элдин агымы менен Москвага келип, кой дээр кожосу жок, күнүгө дискотекадан чыкпай мас болуп жүргөн улан-кыздардын тагдырынан корком. Жалган жашоого бир жаралып, жашоонун даамын татпай, эненин ууз сүтүн бир оозанбай таштандыга ташталып, ит мышыкка жем болуп, никесиз төрөлгөн наристелердин көз жашы, убалынан корком. Ичкиликке берилип, метролордун айланасында таштанды пиволорду чогултуп ичип жүргөн кыргыз жигиттерибиздин өң-алеттен кеткен абалынан корком. Булар менен жандүйнөмдү оорутуп келишет.

Ооба, биздин балалык кез тизмекке тизгендей бир нукта өтпөдүбү. Барды да, жокту да билчүү эмеспиз. «Уят өлүмдөн катуу» дегенди ар бирибиз жүрөгүбүзгө бекем сактап, ата-энелерибиздин жүзүн жер каратыштан уялып, коркчу элек.

Турмушуң түшкүр «Бирине бар заман, бирине тар заман» дегендей заман өзгөрдү, жашоо өзгөрдү. Антейин десең ошол союз мезгилинде тарбия алган чоң эле аялдар, эркектер заман ушул деп күнөөнү заманга коюп, тири укмуштуудай жоруктарды жасап жатышпайбы, тообо! Аялдар – баласындай балдардын, эркектер – апасындай аялдардын коюнунда жуурулушуп жатканын көрсөң, төбө чачың тик турат!

Азыркы эле көргөн жагымсыз «сюжет» көз алдыңан кетпей, көөнүң азып, көпкө чейин өзүңдү жаман сезесиң. Байкуш баштары айланган жаш балдар… Ата-энелери кандай гана жакшы тилек, жакшы үмүт менен күтүшөт. А булар, жашоо ушул экен деп, жалган жашоодо күнөөгө батып, арам жолдо шайтан аялдарга азгырылып, алданып жүрүшсө бушайман жебегенде кантесиң. Дээринде жок кыздарыбыз чылымды чычайта кармап азербайжан, өзбек, тажиктин эркектерин ээрчип жаманатты болгондору аз келгенсип, кыргыздын канчалаган таза, абийрдүү кыздарынын жүзүнө көө сүртүп жатышпайбы.

Кара тамактын айынан мусулман экенин унуткандар дилин, тилин сатышып, башка динге кирип кеткен көрпенделер жүрүшөт. Раматылык «союз» менен кошо абийр, ар-намыс, уят-сый кошо кеткенби?

Кимге айтып даттанып ыйлайм?! Баары эле өз көздөрү менен көрүп, туюп турбайбы. Жандүйнөм жанчылып ыйлагым келет…

Көтөр башты, мигрант!

Көтөр башты, көңүлүңдү түшүрбө,
Көз жашыңы көлдөтпөчү, үшкүрбө.
Аска зоодой атаң күтөт жол карап,
Ата Журтка керексиң сен бул күндө.

Он гүлүңүн бири гүлдөп ачылбай,
Бөтөн элде санааң турат басылбай.
Темир тордо жаш өмүрүң кор болуп,
Турса дагы көтөр башты басынбай!

Керексиң сен, үй-бүлөңө, апаңа,
Кендириңи кесип салба садага.
Ансыз деле өрттө калып он төрт кыз,
Арман толгон көз жаш калды талаада.

Он төрт кызды жол карашып күтүшкөн,
Он төрт табыт, дене бойду үшүткөн.
Жакшысынан жаман кабар көп болуп,
Жүк эки жүз, арылтпады мүшкүлдөн.

Кыргыз кыздар көп улутка кордолду,
Бакыт издеп, башка улутка жар болду.
Эл жерине кызмат кылар кезинде,
Эр азамат жүрөт шыпырып жолдорду.

Көчмөн элди татаал тагдыр матоодо,
Көндү кыргыз мигранттык жашоого,
Канкорлордун бычагынан жан берип,
Канча жигит кош айтышты жашоодо.

Барган жерге гастарбайтер аталып,
Баркы кетти өз өлкөңүн канчалык.
Балдарыбыз мээрим көрбөй энеден,
Болгон күчтү, бөтөн элге сарптадык.

Тагдыр бизги салса дагы сыноосун,
Турмуштун биз башкарабыз буроосун.
Өлкөлкөбүзгө салым кошуп чет жактан,
Өкмөттүн биз толтурабыз мүдөөсүн.

Күдөр үзбөй, басаар жолуң байкагын.
Көкүрөктөн кайгы, ызааны айдагын.
Кыргыз элиң, тоодой жөлөк артында,
Көтөр башты, муңга чөгүп калбагын,

Кубанычтан күлкүң чыгып таш жарган,
Күнүң келет, бешенеңе шам жаңган.
Келээр күнгө үмүт менен жашап тур,
КЫРГЫЗ деген намыс сенде сакталган.

Көкөй кескен темир тордон кутулуп,
Күндүн көзүн көрөсүң сен ак таңдан.

Айсалкын СООРОНБАЕВА, Россияда эмгектенген кыргыз мигранты

Запись Көтөр башты, мигрант! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайненеңизге дайыма “апа” деп кайрылыңыз. Бул сөз баары бир көңүлдү жибитет, айрыкча, сизден мындай сөздү күтпөгөн болсо, сиз тарапка жакшы упай кошулаарында талаш жок.

Бат-бат телефон чалып туруңуз. Сүйлөшүүгө шылтоо издөөнүн дагы кереги жок. Жөн гана акыбалын сурап койгон туура.

Жолдошуңузга кайненеңиздин жанында сын айтуунун кажети жок. Анткени, кайненеңиз уулуна болушаары турган иш. Анын үстүнө анын эне катары берген тарбиясына да шек жараткан болосуз.

Анын ашканадагы чеберчилигин баалаңыз. Эгерде чогуу жашасаңыздар, баары бир негизги кожойке ал экени эсиңизде болсун да, ашканада анын айтканындай кылууга аракеттениңиз. Ал эми кайненеңизден бөлөк жашасаңыз, анын рецепттеринен үйрөнүп алып, ал конокко келгенде андан үйрөнгөн тамактар менен сыйлаңыз. Дасторкондон өзүнүн тамактарын көргөн кайнене сизге жүрөгү жылып, ыраазы болуп калат.

Андан кеңеш сурап турганыңыз сизге пайда алып келет.

Ар кандай маселелер боюнча анын көз карашы сиздин кыжырыңызга тийип атса да эч качан каршы сүйлөбөңүз. Анын пикирин сыйлаңыз. Эгер айта турган сөзүңүз аябай маанилүү болуп атса, кайненеңизге каршы чыгып, “эл душманы” болбой, жайынча отуруп жолдошуңузга түшүндүрүңүз. Ал апасы менен чечишип алсын.

Жолдошуңузга апасын эч качан жамандабаңыз. Сизди канчалык сүйгөн менен апасы да ошончолук жакын адам. Ортодо чайналып, күйөөңүзгө эле кыйын болот.

Кайненеңизге сиз үчүн жолдошуңузду төрөп бергенине эле ыраазы болсоңуз болот.

Запись Кайнененин көңүлүн кантип алуу керек? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: – Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй  албайбыз? Арабдар бизден  өйдө  турабы?

ЖООП: – Эгер  кыргыз  тилинде  түшкөн  болсо  кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде  болгондугу талапка  ылайыктуу. Курандын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

СУРОО: – Атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушташып кеткем. Атам мени “жети атаңдын каргышы  тийсин” деп каргаган. “Атанын сөзү ок” деп коёт эмеспи. Эми не кылам? Кеңеш бериңизчи…

ЖООП: – Атаңыздан  кечирим сурап,  тообо  кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек болчу. Арактын арты ушул.

СУРОО: – Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби?

ЖООП: – Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө,  жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.

СУРОО: – Апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. Азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.

ЖООП: – Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.

СУРОО: – Намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби?

ЖООП: – Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип койсом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп беришиңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу менен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

СУРОО: – Адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү?

ЖООП: – Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу күнөө эмес, кол менен тартуу күнөө.

СУРОО: – Дваваттын мааниси кандай жана максаты эмне?

ЖООП: – Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, динге чакыруу деген сөз. Максаты – адамдарга акыйкатты жеткирүү.

СУРОО: – Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгон элем. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте?..

ЖООП: – Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

СУРОО: – Атам бакшыга үйлөнүп алган. Аялы бизди  батырбайт. Атам болсо өзгөрдү, мурункудай балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу?

ЖООП: – Экөө тең катышса болот.

СУРОО: – Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм.

ЖООП: – Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүмкүнчүлүк берип жаткандыр.

СУРОО: – Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың менен” деген. Талак түшпөйбү?

ЖООП: – Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.  СУРОО: – Мурунку жолдошум каза болгондон кийин ашында кабар берилбей карам алынбай калды.  Ишим  жүрүшпөй  жатат.  Каранын мааниси  барбы?  ЖООП: – Эч кандай мааниси жок.

СУРОО: – Дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз ошончо окуш керекпи? Жети токочту Кудай жолуна деп күнүгө жасаса болобу?

ЖООП: – Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот.

Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

СУРОО: – Беш жылдан бери күйөөм бирөө менен жүрүп, анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Күйөөм ага эмнелерге милдеттүү?

ЖООП: – Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

СУРОО: – Намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу?

ЖООП: – Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

СУРОО: – Мени кудалап койгон. Аны жакшы көргөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. Аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөздөр  менен сөгө баштады. Көп урушкандыктан көңүлүм калды. Мындайда эки тарап сүйлөшүп чек койсо болобу?

ЖООП: – Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

СУРОО: – Тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу?

ЖООП: – Түздөтсө болот. Анан түз эле тишти андан бетер Майкл  Жексондукундай,  Пугачеваныкындай  сулуу кылам десе болбойт.

СУРОО: – Жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аяттарды окуп мындан арылам же бул оорубу?

ЖООП: – “Фатиха”,  Курандын  бардык  аяттары  себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

СУРОО: – Сүйлөшкөн кызым  менен жаткам. Кыздыгы жок экен. Аны албай  койсом  болобу?

ЖООП: – Өзүң деле зына иш кылып албай койсом болобу дейсиң.  Дароо алышың  керек! Денеси чоюлчаак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп калышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүмкүн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште болуп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

СУРОО: – Мен ишиме байланыштуу багымдат намазын окуйм, калганын кечинде үйгө келгенде парздарын окусам болобу?

ЖООП: – Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына жетиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

СУРОО: – Мен бойдок жигитке турмушка чыккан элем. Ата-энеси  ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. Жашаганыбызга бир жыл болду. Качан келээрин сурасам, шарт болгондо дейт. Мени да ата-энем жанымды койбойт, качан кудалар келет деп. Азыр чогуу жашабайм. Эмне кылсам болот? Ата-эне балага жамандык каалабайт да.

ЖООП: – Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра жашап баштаңыз. Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

СУРОО: – Үч күндүк даават учурунда европа улутундагы эки аял, бир эркек мас абалында бут кийимдери менен  намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, “уурулар” деп доомат кылышты. Мен чыдап тура албай сыртка сүйрөп чыгарсам Алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. Ушуга пикир билдирип койсоңуз.

ЖООП: – Алар намазкананын сыртында туруп сүйлөшсө болмок экен. Анын үстүнө мас болсо. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөлдүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, аларды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамбарыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ичкени арак болгон кайрыдиндин намазканага киргени абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах  жолундагы  бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го…

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (67) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жумуштан чарчап келсем карындашым эшикте жаш балдар ойнотуп ,өзү да кошулуп ойноп жүрүптүр.
-Э, Мээрим! Бас бери!
Ал баягыдай эле мени көргөндө жүрөгү түшүп келе калды. Тогузунчу классты аяктап каникулдап жүрөт.
-Келдиңизи байке?
-Келгенимди көрбөй турасыңбы? Кир үйгө!
-Азыр кирем артыныздан.
-Эмне?! Бас туш алдыма, чоноюп калсанда ойной бересинби? Апама жардамдашсан боло андан коро.
Ал ун катпай алдыма тушту. Уйубуздун алдында кичинекей бак бар эле,бакта баратып суроо узаттым:
-Тамак жасадынбы?
-Ооба…
-Апам некылтат?
-Уктап калды.
-Бутун укалап бердинби?
-Ооба укалап берсем уктап калды.
-Атам кайда?
-Жаныбек байкелердикине жаназага кетти.
-Мм…

Ал уйго кирип мен тамеки чеккени уйдун артына отуп кеттим. Чегип турсам карындашым шашылыш келе койду. Атам же апам окшойт деп беките ком деп алаканымды куйгузуп алдымда жинденип:
-энендурайын шайтан,жотолуп келсен болбойбу? Негедир анын коздору жалындап турду.
Айт неге келдин?
Бото коз коздорунон мелт этип жашы сызып кетти. Дароо уйго карай чуркадым. Апамдын талмасы кармап уктап жаткан жеринен кусуп титирей баштаптыр. Мындайда мен же атам гана аны айыктыра алабыз. Карындашым коркот,бир бурчка отуруп ыйлай баштады. Апам байкуш Мээрим кичинекейинде шатыга чыгып кеткенде алып тушуп келатып ,шатыдан буту тайып кулап тушкон. Мээримге эчнерсе болгон эмес. Апамдын башы бешилике аз-мынча сайыла кетип ошондон бери талмасы кармаачуу болуп калган. Жайы-кышы дебей калын жолук салынып журот.
Ошон учунда Мээримди коп урушуп ,коп жек кором. Апамдын дабышынан иним ойгонуп чыга келди. Ал жетинчи класска кочту.
Апасынын колун кармап мундуу карап турат. Коп отпой апам озуно келип жакшы болуп калды.
Атамдак келди… Чогуу тамака отурдук.
Атам:
-Эламан , Мээримди медересеге берейин деп жатабыз.
-эмне? медресеге ? э андан коро бир жыл окуутуп куйоого берсенерчи.
Апам:
-койчу балам баягы адатынды баштадынбы?
-анан эмне кылайын апа. Медереседе окуугандарды билип-коруп журобуз. Ал эле эмес хиджап жамынгандарды дагы. Эчким жок жерге отуп тамеки чегишип,кочодо оронуп,уйуно эки кадам калганда чечинишип. . .
Атам столду такырата бир коюп ,ачуусу менен:
-тарт тилинди! Ыйманы пас!
Тишимди кычыратып атама кадала карадымда,пиаламды мыкчый турдум. Ушунчалык катуу караган экенмин сынып кетип колумдан кан агызды. Табылбай калган шылтоо менен дубалдарды кочуро эшикти жаап чыгып кеттим. Базарга барып балдарга жолугуп алар менен кошулуп база да уктап калдык.Тан атпай жук тушуруу иши башталды. Эки мин сомдой акча таап дос баламдын туулган куну экен эле тойгончо арак ичтик. Ал кунуда ошол жерде жатып калдым. Башым ооруп бир тыйыным калбай балдардан жолкирээге акча сурасам беришпейт такыр . Бербесенер койгула деп жоо жоноп кеттим. Кеч кирээрге жакын эле. Уйго кирсем атам чалгы менен чоп оруп журуптур. Жанынан отуп баратсам карабайт такыр.
-ата мен келдим.
-мм…
-кечеги кылыгым учун кечирип коюнуз.
-Эламан тушунуп турам сени,сен деле карындашынды ойлоп жатасын. Бирок …
-ата ? эч кандай бирогу жок.Акыры азыркы кыздардын айрыкча оронгон кыздардын кандай экенин менден сураныз ,мен айтып берем.
Атам мага бурулуп карап,калпагын кагып:
-кийимдинда он-тетириси,тыйындын эки бете,адамдын жакшы –жаманы болот балам. Сен антип адамдардын баарын тегиз корбошун керек.
-э билгенинерди кылгылачы.
Колумду силкип коюп басып баратсам атам токтотуп:
-акча берип турчу Эламан.
-эмне кыласыз?
-тиги Жаныбектин уйуно батага себет кылып барып коёлу дегенбиз. Биздин пенсияны да кармап …
-ата, кечетен бери жумуш жок озум жоо келдим.
-аа балам курсагын ачкандыр мен азыр сага чай коюп берейин.
-сиз жон эле коюнуз Мээрим коюп берет.
-Мээрим,инин жана апан болуп таенендер жака кетишкен кече куну. Бугун келип калышат.
-эмнеге кетишти?
-тиги Арзы молдонун уйуно балам.
-ата качанга чейин анын уйуно барып озунорду окутуп журосунор? Бир пайда чыгып жатабы? акча бергенден башка эчнерсе озгоргон жокго.
-койчу балам акыры озун билесинго апанды догдурлар….
-ооба догдурлар карай албай олот дегенде ошол молдо жашайт деген туурабы? Аны кантип унутайын. Эми бир жомоко ишенип не кереги бар эле дегененим . Атам байуш мени жаман коруп очун чоптордон алып кала берди. Шамдан отуп апамдар кирип келишти. Алар менен саламдашып карындашымдын артынан анын болмосуно кирдим. Жакын арада Бубу эженин уйуно барып Ислмадан сабак алаар эле. Бир канча жылда арабчаны окуп-тушунуп калды. Анын болмосундо «КУРАН» китептер да бар.
-эмне дейт тегерек баш.
-эмне дейсиз?
-башына тоголотуп чупурок орогон адамынар эмне дейт?
-байке коркпойсузбу ошентип айткандан. Ал жалооруп карап турду.
-эмне калпбы? Калп болсо айт,акыры мен чындыкты айтып жатам.
-байке алар аалымдар болот.
-ээ боптур-боптур эмне дейт аалымдарын?
-км, апамдын башы жакшы экен дагы уч жолу окутсак жакшы болуп калат экен.
-канча акча алды?
-аз эле.
-мм сен эмне Медересеге окууйун деп жатасынбы?
Ал башын жерге салып коркуп башын онго-солго кылды.
-коркпой айтабер сени жеп коймок белем.
-барсам жакшы болмок бай-ке.
Дароо ага жеттимда козу алып качканына карабай ээгинен которуп:
-эсинде болсун, Мээрим, уйдон бир карыш кадам алыс баспайсын. Жашоо шартыбыз оор ал жака окутканы каражат жок.
-байке бир киши мага жардам берип жатат.
-ии де эртен ошондон ары Арабтарга сатып жиберсин.
-жоок мага эле эмес бир канча кыздарга соопко калыш учун. Алланын ыраазычылыгы учун…
-жаап оозунду. Мага кара таранчы,учуруп жибере элекде капасына кирип калгын. Укпай журот дейсинби бир канча кыздар сойкуга айланып кеткендерин? Мен баарын билем …
-жоок баарын жалгыз Алла билет.
-жап! Мен суйлогондо сен жым тургун! Менин кыйкырыгым аркы болмого угулуп апам кирип келди. Мээримди дароо койберип эшикти жаап чыгып кеттим. Чупурокту алып колума байлап чыгып баратсам ыйдын дабышы угулуп калды.Акырын тыншасам карындашым оксуп-оксуп ый аралаштыра арманын айтат:
-апа акыры мен ыйман жолунда кадам жасасам,ыйман жолунда журом деп жатсам ,байкем неге мени антип урушат? Апаа-апа тажап кеттим анын урушунан.
-кызым сабр кыл кызым,жакында кетесин ,жакында баары озгорот. Ооба кудайдын жолунда беш убак намаз оокуп журосун кызым. Кудайым буюрса ханзадан ошол жактан сени озу издеп табат.

Мына озу аран эле турган эшигибиз бир тебишим менен талкаланды. Ушунчалык зокур болуп баратканыма окунуп турам.
Ач калган карыщкыр сымал экоонун алдына жетип бардымда тизелей так отуруп ,тике карап:
-Мээрим эсинде болсун эч кайда кетпейсин. Мен азыр Кудурет менен суйлошом экообуз Россияга иштегени кетебиз.
Апам чочуй тушуп:
-балам ! Россия да эмне бар буга? Койсончу кудай сактсын балам ал жактан.
-эмне апа ал жак жаман бекен? Ал жака баргандар адам болуп келеишет апа .
Мээрим:
-барбаайм…
-барасын эгер медресеге менден качып бара турган болсон олдум дей бер.

Атканада ургучум бар эле. Ачуум келгенде очумду ошондон чыгарып опко-боорум эзилгенче уруп аламын. Бугунда уруп –уруп демигип отуруп калдым.
Карындашыма айткан катуу создорум ,ата-энемди укпай кеткендерим баары эске келди. Мектептеги муш-тополон ,ызы-чуу салгандарым. Мээримди дос кыздары шылдандаганы учун алардын байкелери менден чон болсода коз астында сабагандарым. Кадыр деген бай, атамдын устунон кулгону учун аны бууп олтуруп сала жаздагам. Балдары да токмок жеп ошондон бери уйдо озум хан ,озум баатир. Атамдын атынан эчким атабайт.Ал жоош жургону учун Момун деп коюшкан. Атканада отурсам Момун ! Момун деп кимдир бироо кыйкырат. Терезеден карасам атам чыкты. Уйубузду кармап алып башын жерге салып туруп калды. Кандайдыр уруш уну угулат. Атып чыксам эле Бердибек байке уйубуз анын багына кирип кеткени учун,атамды урушуп туруптур. Мени жумушта деп ойлодубу озунчо ээн-эркин. Чыга калсам эле озун тапбай калды. Допусу жерге тушуп шашкалактап кийип эч бир соз суйлобой кетип калды. Уйду байлап коюп кочого чыксам кошунабызга даттанып туруптур. Жотолуп койсом мени карап бир кулуп,ары карап кайгырып ойдо коздой чыгып кетти. Анын уйу ылдый жакта эле. Талаадан качып отушун билип талаада дарактын артында турсам акыры отуп баратат. Алдынан боо деп чочутуп чыгып ,жакасынан кармап алып журогунун ушун алдым. Уруп жибереби деп улам бетин тосот. Атам биз жака карай келатканын коруп аны коёберип жогол дедим. Ал дароо чуркап кетти. Атамдын колунда камчысы бар экен. Ун катпай келип:
-Эламан ,мен сенин ысымынды Элим аман болсун деп койгонмун. А сен ысымындын акысын берген жоксун. Ары кара.

Атам кичинекейимде шоктонуп койгонумда чыпылдак чуук менен артты каратып,жамбашымдан баштап ылдый чаап чыгат эле. Мен эми чонойдум ,чуукда чоноюп камчыга айланганбы? Артымды караган жокмун.
-ата булар бизди акаараттаса карап тура беребизби?
-биринчи куноону озундон изде акмак.
-эмне кедей болгонубуз биздин кунообузбу? Кедей болгондор эле шылдын болуш керекби ата! Ызааланып коздорум жанып турса атам ачуусу менен жондон ары айлантып бир чапты. Денем чымырап козумдон жаштар атып чыкты. Муштумум туйулуп бирок ун ката албадым. Кантсе да менин атам.

Атам уч жолу арт жагыма чапты.
-жазанды алдынбы акмак! Элдин балдарын ,аталарын сабаганы жаралын беле? Кой –кой деген сайын чектен чыгып баратасын.
-жок ата! Козумдон жаштар агып кетти.
Ата алар чектен чыкса болот а бизге болбойбу? Эмне мен куноолумунбу? Сизда куноону биринчи озунуздон корбойсузбу? Озунуздон издебейсизби.
-жаап жагынды! Атам бетке карата бир чапты эле колум менен тосуп камчыны мыкчый кармадым. Бетиме кичине тийип кетти эле кесилип кан ага кетти.Камчыны ого бетер озумо жакын тартып :
-ата балким менин ушундай болуп калышыма сиз себепчисиз. Эсинизде болсун ар бир ата оз уулдарынын устаты болот.
Атамдын журогу жарылып туштубу коздор чон-чон болуп камчыны койберип жиберди. Ангыча карындашымдын ата! Деген дабышы угулуп калды. Мен дароо уйго карай кетип калдым. Артыма бирда карабадым. Мээрим ушунчалык курч коздору менен карап ыйлап-ыйлап отуп кетти. Кочого чыгып кетейин деп баратсам апамдын баягы уну угулуп калды. Ушундай эшикти ачсам иним апамды кучактап:
-апа мен жакшы уул болом,апа мен сизди айыктырам. Байкеме окшоп силерге бакырынбайм, силерге урушунбайм апа.
Коз жашымды токтотконум менен баарибир тымынызын ага берди. Дароо атканага кирип ургучумду ура баштадым.Колум тийип-тийбей кетет. Ушунчалык дем жетишпей калганда токтоттум. Терезеден уйду карасам Мээрим атамды жетелеп уйго алып кирип кетти. Ошол жерге эле чоптун устуно жатсам карындашым кирип келди.
-неге келдин?
Ал ун катпайт. Башымды которуп карасам эшике суруло отуруп,бетин жаап ыйлап кирди. Ал мени корбогонбу же бул жака киргенимди билген эмесби колун жайып козун жумуп алып ыйлап бата кылды. Мен чопту шыгырытпай ондонпуп алып аны тыншадым.
-Алла Таалам сен мээримдуулордун мээримдуусусун. Сен мээримдуулордун мээримдуусусун. Сен мээримдуулордун мээримдуусун деп уч жолу айтып бир аз токтоп батасын улантты.
Оо Аллахым сага унум жетсин. Дубамды кабыл кыла кор оо жаратканым.
Бугун байкем атамды катуу урушканбы атамдын журогу ооруп калыптыр.

Дене-боюм титирей тушту.

-сен байкеме ыйман берчи Аллахмым,ата-энеме шыпаа бер. Бир туугандарым,ата-энем аман болсунчу Аллахым. Мейли башкасын бербе,Мейли байлык-бийлик бербе жакындарым аман болсунчу.Алар оорубасынчы Аллахым. Мейли Аллахым мен ооруйун ,мен азаптанайын бирок калганы оорубасынчы. Байкемди озун тарбияла ,биздин ага кучубуз жетпей барат . Акыркы кундору катуу озгоруп медересеге барышыма да карщы Аллахым.

Мн озумду ушунчалык куноолу сезип ,бетимден чыккан канды аарчып коюп,чопко башымды коюп жатып алдым. Карындашымдын ыйлап бата кылганы менинда журогумду эзип жиберди. Ал дубасын окуп коз жашын суртуп чыгып кетти. Бугун жумуш болмок ордумдан туруп жумушка жоноп кеттим. Маанайым жок иштеп журсом досторум шылдындап кулгонго жетишишти. Биздин башчы балабыз бар эле мени карап улам-улам каткырат. Ал каткырса башкаларыда каткырат. Башымды жерге салып барып анын ээсин оодара соктум. Эчким жолой албай калды,баары тынчып турушат.
-жигиттер дагы бироон куло турган болсон тируулой комуп таштайм. Бугундон баштап мен башчымын. Кимде ким азыр муну тургузса менден жакшылык кутпосун.
Иштебей алма жеп отуруп алдым . Балдар жонуна кап которуп ун катпай иштеп журот. Тиги ээси оогон балага эчким жардам бербеди. Анын олбошун билээр элем башын кармап ордунан турду. Сыртка чыгып кеткен болчу ошол бойдон келген жок.
Тун ичинде базардан жегиликтерди нак алып бардым. Апамдар уктап калышыптыр. Карындашымдын болмосунун чырагы жанып турганын кирип бардым . «КУРАН» китеп обону менен окуптур. Ушунчалык берилип окуп жатканбы киргенимди байкаганда жок. Кудум дуйно булбулу «КУРАН» окуп жаткандай болду. Анын ар бир уну журогумду эргитип жиберди. Акырын сыртка чыгып баратсам токтоп калдыда жылмайып:
-оой байке келиниз.
Артыма карап аландап ары бери тиктеп:
-уктай элек белен?
-ооба «КУРАН» окуп жаткамда,бутойун деп калганда сиз келип калдыныз анан токтотушка болгон жок.
-аа жакшы окуйт экенсин.
-келин керебетке отурун сизге да окуп берейинби.
Эмнегедир сурдоп керебетке отуруп колумдагыларды ага бердим.
-айиий байке жегилик кылып келдинизби?
-ии силерге деп.
Анын козунон суйунучтун жашы сызып кетти. Дароо жылмайып аарчып баштыкчадан жегиликтерди ала баштады.
-байке не мынча коп,акчаныз коп кетип каладыбы?
-жок бугун мен ошол жердеги жук тушургучторго башчы болдум.
Анын акырын гана «кудайыма унум жетиптир» дегенинин угуп калдым. Укмаксан болуп анын текчедеги китептерин карай баштадым.
-байке сизге рахмат.
-эмне учун?
-сиз болбосонуз биз эмне кылмак элек. Кордунузбу Алла Таалам берекесин ушинтип эле берип коёт.
Ун катпай башымды ийкеп койсом ХАДИСтерден соз баштады. Мага негедир жаккан жок. Ордумдан туруп артыма бир карабай сыртка чыгып кеттим. Тамеки чегип отурсам Мээрим чыгып келди:
-байке эмнеге тамеки чегесиз?
-эмне болуптур?
-акыры Мухаммед (с.а.в)айткан …
-токтот! Кереги жок . сураныч мени тынч кой. Бар кирип жат секин.
-мм макул…

Ал кирип кеткен сон асманда айга копко карап турдум. Булуттар сурулуп келип кандайдыр бир коркунучтуу жуздун солокоту коруно кетти. Чочуп эле уйго кирип, денемди калтырак басып чумконуп жатып уктап калдым.
Тушумдо кимдир бироолордон качып эле журо бердим. Ушунчалык денем ысып куйуп жаткандаймын. Би рубак кулагыма Биссимила деген дабыш угулду. Журогум тынчтанып козум чон-чон ачылып кетти. Карындашым жаныма келип отурганда Биссимила дегенби мага карап:
-байке басырык бастыбы?
-ии ошондой окшойт. . .
Коркконумдан учук чыгып кетиптир. Атам мага эч суйлобой оз ишин кылып журот . Мээрим тамак кылып койгон экен тамака отурдук. Тамактан алдын атамдан кечирим сурадым.
-ата мени кечирип коюунуз кече куну…
-эчтеке эмес балам акылына кирип,ыйманынды кармансан болду.
-ата бул акчалар сиздерге.
Эки –уч мин акчаны алдына сундум. Атам дароо колун жайып ,бизда колубузду жайып,бирок негедир ичинен кыбыр-шыбыр этип дуба кылды. Омин кылган сон чайда ичпей жумушка барам деп кетип калдым. Эшике жетебергенде карындашым артымдан чуркап келип:
-байке коётурунуз эрте мененки ырыскыны таштап болбойт,акыры жок дегенде суу ичкиле деп айтылган.
Пиалада тамакты коруп ысык деп уйлоп жатсам :
-байке уйлобой эле жей бериниз,тамакты уйлоп жеген болбойт жылуу эле ,ото ысык эмес.
-эмне учун ысык эмес ?
-баарибир уйлоп жейсизда.
Анын акылдуу создору мени женип салчуу болду. Картошкасынан жеп жумушка кеттим. Кетээримде карындашымдын «Аллах сизди асырасын» деген созу кайра-кайра кулагыма угула берди.
Жук жакшы эле тушуруп жатканбыз. Бир балабыз эн астынкы капты тарта коюп аны сактап калам деп ,ары туртуп башым гарч эте тушту. Козумду ачсам толтура балдар карап турушуптур. Бут жерим суу болуп калган . Ангыча тез жардам кирип келди. Койгула десем болбой баштан ылдый текшеришти. Медайым журогумду текшерип жатып:
-атыныз ким?
-атым Эламан.
-шугур кылыныз Аллах сизди озу асыраптыр.
Журогум дук эте тушту.
-мындай оор жуктор башка тушкондо моюн сынып же акылынан тайып калышат. Сиздин башынызга бир эмес эки кап тушконун айтышат. Аллахты эстеген жан окшойсуз,бизда оор операцияларда жасап бирок Алла буюрбаса колубуздан эчтеке келбейт.
-эже болдубу? Соо элеминби иши кылып? Ишиниз бутсо бара бериниз. Мобул акчага чай ичип коюн,рахмат сизге деп чыгып кеттим. Ошол куну директорубуз жук тушурушо тыю салды. Торт кун катарынан жумуш болот дегенинен уйго барып айтып келдим. Торт кун эмес беш кун катарынан жумуш болуп балдарга акчасын болуп ,озумода акча алып уйго бардым. Иним алдымдан кулуп-жайнап тосуп чыкты. Колумдагы жегиликтерди ага берип уйго кирдик.
-иним атандар кайда кетти?
-эжемди узатканы.
-кайда?
-медересеге.
Эми эле отурган болчумун сыртка чуркап чыксам ата-энем келип калды.
-Мээрим кайда?
Атам:
-балам алар кетип болду токто.
Алардын созун укпай жолду кыскартып адырлардан ашып,чон жолго жеттим. Алардын автобусу келатканын коруп жолго туруп алдым. Токтоору менен эшигин тарс ачып кирдим. Бут оронгон кыздар. Мээримди дароо тааныдым артта жылмайып отурган экен дароо жузу кубара тушту.
Биз келгенче жамгыр ношорлоп кол-шал болуп кеттик.
Апам ыйлап кызын жетелеп уйго кирип кетти. Артынан кирейин десем атам жолумду тосуп алды .
-ата …
Атам соомойу менен эшик-эликти коргозду.
-ата мени эмне кууп жатасызбы?
-эсинде болсун ата-эне ыраазы Алла ыраазы. Жогол ,кет бар!
-ата болдучу…
-балам эмессин,кечтим сенден. Эшикти тарс жаап салды. Жамгырлар ого бетер ношорлоп, катыган бойдон эшиктин алдында копко турдум. Бул уй эми мен учун жатка айланды. Кайда барам? Деп эми эле уйдон узап баштасам эшик кайра ачылды. Суйунуп эле артыма карасам иним чуркап келди. Кучагыма бекем кысып:
-эмне болду? эмнеге чуркап чыктын?
Ал ыйлап:
-байке атам жинденип жатат,сураныч бизди таштап кетпенизчи.
Макул деп уйго кирсем атам урушунуп жаткан жеринен тык токтоду.
Тамагын кагынып мага карап:
-акыркы жолу Алла учун кечирем ,созумду кайтып алдым. Эми сен ойлогондой эмес мен ойлогондой жашоодо жашайсын. Эртен карындашынды оз колдорун менен жетелеп,оз буттарын менен басып барып медересеге тапшырып келесин.
Ун катпай болмомо кирип кеттим. Атамдын кирип жаткыла деген дабышы угулду.
Эмнеге Мээримди жолдон калтырдым? Эмнеге ыйлаганына болбой алып келебердим? Эмне учун башкалардын созун уккан жокмун? Озумчо эле агалык милдетти аткарган болуп ага каршы чыга берем? Ал эмне бузулуп туура эмес жолго тушуп баратыптырбы? Андан коро озумду ондосом боло. Озумду озумду жемелеп ,суроолорума жооп бере албай сыртка чыктым. Апам карый тушуптур. Сорудо кайгылуу отурат . Жанына барып отуруп колунан кармап:
-апа кечирип коюнузчу мени.
-эмне учун мындай кылдын?
-апа мен туура эмес кылып коюптурмун.
-Эламан адам болчу. Атан экообуз намаз окуубадык ,сен инин, жок дегенде ушул карындашын намаз окуусунчу. Эмне учун намаз окуушуна каршы чыгасын.
-апа намазды уйдо деле окууса болотко.
-болот бирок дагыда Ислам динин жакындан таанып билиши керек.
-макул апа эми кирип жатыныз,Мээримди озум соротуп коём.
-урушпагын макулбу?
-макул апа… Апамды киргизип жиберип карындашымдын болмосуно кирдим. Анын эшигин сындырганымдан кийин жон эле материал тартып коюшкан.
Ал тошогундо чумконуп жатып акырын ыйлап жатат.
Акырын тошогун тартсам бетин жаздыка жолоп жатып алды.
-Мээрим мен Эламан. Мени кечирип койчу суранам сенден.
-кетин…
-жок ,жок эчкайда кетпейм. Сен эмне менден кечип жатасынбы?
-жок,жек кором сизди.
-жек коргонун кечкенинда.
-Исламда бир тууганын кечкен болбойт.
-ээх акылдуум десе эмнени кучактап алгансын?
-«КУРАН» китеп.
-кел байкенди кечирип койчуАлла учун Мээрим.
Ал башын которуп ,отуруп китебин жогоруу коюп :
-эми мындай кылбайсызбы?
-жок,мындай кылбайм карындашым.
-соз бересизби?
Козумду ирмеп койдум.
Ал мени кучактап алып аябай ыйлады. Хиджаб ага аябай жарашыптыр. Копко ыйлагынан мен да ыйлагым келип кетип колунан кармап :
-болду ыйлаба,ыйлаба карындашым.
-байке сизге айтпай кеткеним учун мени кечирип коюунузчу. Мейли сиз айткандай болсун,уйдон бир карыш алыс чыкпайм. Сиз айткандай Россияга барып иштеп келебиз.
Кулдумда анын бетинен чымчып:
-иий шириним десе,жиндисинда сен. Поезд кетип болгон жакшы кыз. Бул кийимин менен Россияда иштетпейт экен сени.
-байкээ-ээ…
Ал жашын токтотуп мага далыма башын жолоду:
-кандай мээримдуусуз ээ,сиздей жакшы байкени берген Аллахыма чексиз шугурлор болсун.
-Эми Мээримим учун мээрим токпосом кандай адам болдум?
Эртен озум сени медресеге алып барып келем макулбу?
-чындапбы?
-чындап.
-Алла ыраазы болсун сизден байке.
Мен анын колдорун бекем кармап укта деп чыгып кеттим.
Эртеси буюм тайымын алып медересеге барсак анын ордуна башка кыз келип калыптыр. Тиги спонсор болгон кишида кетип калган экен. Кетип жатсак Мээримдин маанайы чогуп жер карап басып калды. Анын чындап Исламга берилгендиги жузунон, арбир деминен байкалып турду.
Коётур деп медересе башчысына жолугуп чыктым. Суйлошконубуз боюнча кетти. Карындашымды ал жерде калтырып коштошуп кетип жатсам сумкасын чукулап жашылгыч китепче сунду.
-бул эмне?
-эркектер учун намаз окуу китеби.
-намаз окуйунбу?
-ооба.
-спортум калып кететда.
-спорт озунуз учун,намаз бейиш учун байке.
-акылдуу десе бар кир эми. Жакшы окуугун макулбу ,бизди унутуп калба.
Козунон тамган жашын аарчып:
-байке.
-ооу…
-сизди жакшы кором…
-бар эми айланайын кирчи,кирчи бар.
Улам-улам артына карап кирип кетти . Жумушум келип иштей баштадым.
Катуу иштедимби директор келип сурап калды.
-Эламан эмне мынча катуу иштей баштадын?
-катуу деле эмес.
-айт чынынды.
-аа тиги карындашым медресеге кеткен болчу,ошонун каражатын мен которо турган болдум.
-аа жакшы ,иште бирок озунду караганды унутпа…

Бир ай отуп карындашым уйго келди. Тим эле уйубузго периште кирип келгендей уйубуз жаркырап кетти. Сагынычыбызды жазып отурсак Арсга азан айтылып калды. Алдынкы сапта мен турдум. Артымдан иним жана карындашым ….
Кундор отуп Мээрим кайра окуусуна кетти. Жакында Араб олкосуно куран окуу боюнча мекенибиздин атынан барат экен. Мен чынында аябай суйундум. Саатты карап ,телефондун конгуроо болушун кутуп козубуз торт болду. Би рубак чырылдаганын дароо алып катуу унго койдум. Анын эжейи чалып баш байгени бир кыз алып,биринчи орунду Мээрим утуп алганын айтты. Суйунгонубузду айтпа. Дуйно жузундо биринчи орунду алуу деген кандай чон сыймык. Болгондо да «КУРАН» окууштан.Мээримге телефонду берсе ыйлап такыр суйлой албай койду. Чынында кубанып турдуда.
Бугун ал уйго келет ,кутуп отуруп акыры оюма бир пикир келип сыртка чыгып кеттим. Эки уч саат отуп уйго кой жетелеп келдим. Карындашым жаны эле келген тура. Байкушум коз жашын тыйбайт,мени ушунчалык бекем кучактады менда кучактай койсом кой жибин тартып кетсе болобу. Апамдар каткырып эле мен койду аран тартып калдым. Элди чакырып кудай откордук.
Ыймандуу карындашыма кудалар коп келчуу болушту. Бирок биз эчкимге макулдугубузду берген жокбуз .Анткени качан кудайым озу буюрганда ,оз бактысына турмушка узайт.
Убагында кудайга ишенбей жургонум учун тобо кылам.

Кимди капалантсам баарынан кечирим сурап чыктым.

Мен бактылуумун.

Ал эми бактылуулук Исламда… .

Запись Карындашым – бир тууганым – Мээримим… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: Жүрөгү түшкөндү көзү ачыктарга, табыптарга көтөртсө болобу? Жүрөгү түшкөнгө кайсы сүрөөнү окуп дем салса болот? Өзүнө өзү дем салсачы?

ЖООП: Өзүңүз “Фатиха” сүрөөсүн окуп, сууга дем салып ичсеңиз же жуунсаңыз болот. Көзү ачык, бакшыларга барган таптакыр туура эмес. Ал эми айылдагы табып сыяктуу колунда эми бар, Кудай тарабынан берилген таланты бар кемпирлер балдардын жүрөгүн көтөрүп коюшат. Бул жакшы нерсе. Анткени алар бакшы эмес, мээримдүү, таланты бар адамдар.

СУРОО: Достор менен баняда парда отуруп, бассейнге  түшсө  болобу?  Бассейнге  ич  кийимчен же шейшеп менен түшүрбөйт.

ЖООП: Достор менен болсо ич кийимчен, тизеге чейин жабылган шейшеп менен түшсө болот. Баары жылаңачтанып малдай болуп жүргөнү арам.

СУРОО: Түнкүсүн  иштеп,  күндүзү  үйдөмүн.  Багымдат  намазын  ошол  жердеги  мечиттен окуйм.  Анан  үйгө  келип  уктап  калам.  Кээде бешимди күтөм.  Анан  кулайм.  Жумушумду таштасамбы?

ЖООП: Жумушту таштабаңыз. Бешим намазынын убагы аср киргенге чейин боло берет. Асрга чейин туруп окуп коёсуз.

СУРОО: Беш маал намаз окуган, бир турмуш башынан өткөн, баласы бар болсо мастуратты кантип  алса  болот?

ЖООП: Эгерде мурдагы күйөөсүнөн талак алып, башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.

СУРОО: Менин колума сөөл жайнап кетти. окутсам жолум жабылбайбы?

ЖООП: Окута бериңиз. Эч нерсе болбойт.

СУРОО: Аллах менен Кудай бир адамбы же башка башкабы?

ЖООП: Адам деген Кудай жараткан макулук. Кудайды адам  дебейт. “Кудай” деген фарс  тилинде, ал эми “Алла”  араб  тилинде. Айырмасы жок, баары бир затка, Улуу жаратуучуга айтылган сөз.

СУРОО: Мен иштеген дүкөндө спирт ичимдиги сатылат. Ал жерде намаз окуса болобу?

ЖООП: Кээ бир аалымдар болбойт деп айтышат. Ичимдик кыбыла тарабыңызда турган болсо, намазыңыз макүрү (жаман) эсептелинет. Бирок, башка бөлмөдө кыбыла тарапта арам нерсе турбаган болсо, намаз дурус болот. Негизи ошол жерде иштеген жакшы эмес. Арам нерсе сатылбаган жерден жумуш тапканга аракет кылыңыз.

СУРОО: 18 жашымда турмушка чыгып, 4 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кеткенбиз. Күйөөм үйлөнүп балалуу болгон. Азыр ал “сага кайра үйлөнөм. Экөөң менен жашайм” деп жатат. Кайын журтум үзбөй кабар алып турушат. Макул болсом күнөө болбойбу?

ЖООП: Макул болсоңуз жакшы болот. Керек  болсо, тиги төрөгөн болсо багып алсаңыз андан бетер жакшы болот.

СУРОО: Жолдошум намаз окуйт, мен да окуп баштадым. Окуй электе бирөө менен жаткам. Күндө тообо намазын окуп алладан кечирим сурайм. Кечирилеби?

ЖООП: Иншаллах,  кечирилет.  Кудай  кечиримдүү. Ширктен  башканын  баарын  кечирем  деген.  Ошол күнөөнү  бирөөгө  айтыштын  кереги  жок. Күнөөнү башкаларга  айтуу – дагы  бир  күнөө.  Жолдошуңузга айтып  алып  ызы-чуу  болуп  жүрбөгүлө.

СУРОО: Калың  бергенде  кайра эле кызга сеп кылып берет. Эми махр да бериш ваажиб болобу? Оронгон келин үйдө жоолугун артка салынып, моюн тарабы кайын ата, кайын агасына көрүнсө болобу? Никеде кыздын жообун күбөлөр угушу шартпы? Назданып унчукпасачы?

ЖООП: “Калың” кыргыз тилинде, “махр” араб тилинде. Экөө бир эле нерсеге айтылган. Сеп милдеттүү эмес. Сеп кыздын өзүнүн мүлкү. Кыз ажырашып кетип калса, кээ бир акмактар “калың бергенбиз” деп септи алып калышат. Миллион доллар калың берген күндө да септи алып калганга акысы жок. Калың сеп үчүн берилбейт. Калың – кыз үчүн белек.

Кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш жүрсө болот. Кайнагаларына көрсөткөнгө болбойт. Анткени, алар махрам (никеге турууга болот) эмес (намахрамдар).

Кыз унчукпаса, нике кыйылбайт. Сөзсүз түрдө айтышы керек. Такыр эле уялып айта албаса, “менин атымдан айтып кой” деп өз өкүлүн жөнөтүшү керек. Кыз бир гана атасынын жана чоң атасынын алдында уялып унчукпаганы эсепке алынат.

СУРОО: Жашым 22де. Ата-эне каршы болуп жатса, үйлөнүүгө  болобу?  “Эки-үч жыл күт” деп жатышат. Өзүмдү карманууга сүннөт менен кандай аракет  кылсам  болот?  Кыздарды  көргөндө оюм бузулат. Же такыр көчөгө чыкпаш керекпи?

ЖООП: Дароо үйлөнүңүз. Эгерде, бир күндө бир нан тапканга акчаңыз жетсе үйлөнүңүз, аялыңыз менен бөлүшүп жейсиз. Кудай ырыскысын берет. Ата-энеңизди укпаңыз. “Үй алып, мебель алып, машина алып анан  үйлөнөм” дегендер болбогон сөз. Үйлөнүү колуңуздан келбесе орозо тутуңуз.

СУРОО: Атам аракты көп иччү болду. Эмне кылуу керек?

ЖООП: Кудайдан суранып, дуба кылыңыз. Алла ынсап берсин. Мүмкүн болсо даватка чыгарыңыз, жакшы болуп кетет.

СУРОО: Түндө уктап жатып көп сүйлөнөм. Күндүзү ойлогон нерсени айтып салам. Муну калтырса болобу?

ЖООП: Калтырса болот болуш керек. Жатаарда айтыла турган дубаларды айтып, намаз окуп, даарат менен жаткан болсоңуз жакшы болот. Куранда “Намаз жана сабырдуулук менен өзүңөргө жардам алгыла” деп жазылган.

СУРОО: Мени ала качып, каршы болгонума карабай жоолук салып, бата беришкен. Апама “калбайм” деп ыйлап келе бергем. Бир астана аттагандан кийин бактысы байланып калат дейт. Ушул туурабы?

ЖООП: Болбогон  сөз. Он  жолу бата берсе деле сизге жакпаган болсо, калыштын кереги жок. Келе бергениңиз туура болгон. Бирок, баланы көрүп жактырып калсаңыз андан бетер жакшы болмок. Күйөөгө тийип алганыңыз чоң олжо болмок. Бирок кемпирлер астанага жатып алып, нанды тиштетип коюп, “бактың байланып  калат”  дегендердин  баары ошол кемпирлердин жомоктору. Буга ишенбеңиз.

СУРОО: Касида түшүнгөн молдолор тамыр кармап дарылашат. Ошолорго  ишенсе болобу?

ЖООП: Тамыр кармап дарылоо – молдонун эмес, табыптын  иши.  Элдик табып  болсо, бул жакшы. Касида окуйт  десе эле  күчтүү  молдо  экен  деп ойлошот. Касида – поэзия, поэма деген эле сөз. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды  мактап  жазылган  ыр. Ал ырды арабча билгендин баары эле окуй берет. Касиданы окугандан көрө, Курандын бир аятын ошондон он эсе аз ихлас менен окуса дагы аяттын таасири көбүрөөк болот. Өкүнүчтүүсү, айрымдар Касиданы Курандан жогору коюшат.

Куран – Кудайдын сөзү. Касида – бир адамдын сөзү. Куранды окуса, андан миң эсе көп шыпаа берилет.

СУРОО: Менин кулагыма көбүнчө таңга маал эркек адам азан же сүрө айтып ойготуп жиберет. Коркуп кетем…

ЖООП: Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген периштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.

СУРОО: Мен окуучумун. намаз окугум келет. Бирок, мектепте хиджаб кийгенге уруксат жок. Азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем  болобу?

ЖООП: Хиджаб кийүүгө уруксат бар. “Уруксат бербейм” дегенди  сотко  берсеңиз болот. Бизде  демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хиджаб кийүү – эки башка амал.

СУРОО: Намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу?

ЖООП: Болот. Бирок, колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыңыз.

СУРОО: Мага азан чакырбай эле ысым коюшкан экен. Күнөө эмеспи?

ЖООП: Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына келип азанды угуп кетиңиз.

СУРОО: Досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. аны каматпай койсок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туугандарына колдон келген жардамды берип жатабыз.

ЖООП: Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо, жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.

СУРОО: Жылдыз түшкөндө тилек айтса аткарылабы?

ЖООП: Жок, бул туура эмес.

СУРОО: 5 маал намаз окучумун. Бир жигит менен сүйлөшүп  баштагандан  кийин окубай  калдым. Аракет кылсам да болбой жатат. Эмне кылам?

ЖООП: Жигитиңизди таштаңыз. Жигит менен сүйлөшүү жакшы көрүнгөнү менен бул шайтандын  оюндары. Намазды жакшы ниет кылып баштаңыз.

СУРОО: Жумушка байланыштуу аялым экөөбүз бир жыл бөлөк жашадык. Нике бузулбайбы?

ЖООП: 10 жыл, 100 жыл бөлөк жашасаңар деле нике бузулбайт. Бөлөк жашагандан нике бузулат деген жок.

СУРОО: Үч айга чейин бойдон алдырса болобу? Спирал салдырсамчы?

ЖООП: Бойдон алдыруу – күнөө, арам. Эгер, эненин ден-соолугуна олуттуу зыян келе турган болсо, же ичиндеги бала өлүп калган болсо, алдырса болот. Спиралды ден соолукка зыян келтирбесе жана бала төрөө жагымсыз жагдай жарата турган болсо, салдырса болот. Жөн эле “2 бала жетиштүү, фигурам бузулуп калат, ишим калып кетет”  дегендей  шылтоолор менен салдырса болбойт. Баланы 2 жыл эмизүү керек. Врачтар менен кеңешип, кийинки баланы төрөгөнгө чейин салдырса болот.

СУРОО: 14 жашымда намаз окуп кийин сабагыма байланыштуу окубай  калдым. Күйөөгө тийгенден кийин сөзсүз окуйм деп сөз бергем. Кудайым мени кечирет болду бекен?

ЖООП: Кудай күнөөнү кечирет. Бирок, күйөөгө тийгенге чейин жашаарыңызды кайдан билесиз. Ажал ар мүнөттө  келиши  мүмкүн. Сабагым  бар дегениңиз – шылтоо. Намазды окуңуз.

СУРОО: Эжем айткан “намаз окуп, өзүнө ылайыктуу кийинсе болот, кеп кийимде эмес, эң башкысы адамдын жүрөгү таза болушу керек” деп…

ЖООП: Туура. Эң негизгиси, жүрөктө ыйман болушу керек. Ыймандуу болуп, ошол эле учурда кийимге да маани берүү керек. Аялдарга жоолук салынып, узун кийип жүрүүнү шарият буйруйт.

СУРОО: Эмне үчүн көп аял алган эркектин материалдык жагы гана эске алынат. Физикалык жактан да күчтүү болушу керек да. Биринчи аялын төшөктө кандыра албай туруп, башка аялды катуу сүйүп калса, ага үйлөнүп алса болобу?

ЖООП: Албетте, материалдык эле эмес, моралдык жактан, баардык тараптан камсыз кыла алганда гана уруксат берилет. Биринчи аялын эптей албай жатып экинчисин албаш керек. Шариятта төшөк маселесине чоң маани берилет. Айтканыңыз туура.

СУРОО: Ата-энемдин ажырашканына 16 жыл болду. Башка үй-бүлөсү бар, бирок апамдын жообун мусулманча берген эмес. Кандай болот?

ЖООП: Бул боюнча апаңыз менен сүйлөшүү керек. Кээде талак сөзү айтылбастан деле ажырашуу ыктымалы бар.

СУРОО: Жигитим менен жүргөнүмө бир жылдан ашкан. ал мени бузуп койгон, бирок менден качып жүрөт. Эки айдан бери аны көрө элекмин. ар кандай ойлор келчү болду. Эмне кылаарымды  билбей  калдым…

ЖООП: Тообо кылып, Кудай жолуна түшүңүз. Сизге чала болду десем да жарашат. Жигит менен жүрүү акыры ушундай нерсеге келип такалат. Жигитиңиз келсе, дароо нике кыйдыралы деп айтыңыз.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (66) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир тамчы бал жерге тамчылап төгүлүп кетет. Бир аздан кийин бир кумурска келип төгүлгөн балдын даамын татып көрөт. Артка кайтып жөнөйт, бирок балдын даамын татып көргөн кумурска алыска кете албай кайра кайтып келет. Экинчи жолу келгенде бал салынган идиштин четинен бир аз даамдап көрөт да кайра артка кайтат. Бирок, бул жолу да кумурска алыска кете албайт, анткени ал балдын даамын татып алган эле. Үчүнчү жолу кайра келип бал салынган идишке кирип алып, каалашынча балдан пайдалангандан кийин кайра чыкканга аракет кылат, бирок чыга албай калат. Анткени, буттары бири-бирине тушалып басканга мүмкүнчүлүк болбой калат. Канчалык аракет кылса да, анысынан майнап чыкпай буттары бир жерден жылбай калгандыктан ошол жерде өлүп калат…

Эгерде кумурска аз болсо да бир тамчы бал менен чектелип, кайра-кайра кайтып келип балга башын салбаганда тирүү калмак.

Дүнүйө – балдын чоң тамчысы сыяктуу. Ким балдын бир азына канаат кылса, ал балга чөгүп кетүүдөн кутулат. Ким балдын деңизине чөгүп кетсе, анда ал ошол деңизден чыга албай жок болуп кетет.

Дүнүйө деп акыретин унутуу – балдын деңизине чөгүү дегени. Дүнүйө жыйнап аны акырет үчүн сарптоо – балдын бир тамчысына канаат кылуу дегени…

Запись Бал дүйнө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: Мен туугандарымды фитна кыла бергени  үчүн  жек  көрөм.  Аралашып,  катыша  баштаганда эле бир фитнаны башташат. Ушулардан алыс эле болоюн деп, катташпай койдум. Фитнадан сактануу үчүн  туугандар менен барышып-келишпесе күнөө  болбойбу?

ЖООП: Күнөө болот! Фитнага аралашпай катташа бериш керек. Сен билгенди билбеген үчүн фитна кылып жатат да. Фитна болбой турган деңгээлде гана байланышта болуу керек. Мисалы, чакырган жерге барып ушак, фитнага чейин отуруп,  ал-абал сурашып, тамак ичкенден кийин кетиш керек. Кептин баары көпкө отуруп, көп сөз сүйлөнгөндө болот. Мамилени үзбөш керек. Тууган-урук менен катташпоо, Кудайдын сени менен катташпай коюусун камсыздайт.

СУРОО: Эмне үчүн Кудай бизди сынайт? Ал мээримдүү, ырайымдуу болсо, кыйнабай эле бейишке киргизип койбойбу?

ЖООП: Кудайым ошол сыноосунда да бизге мээримдүү. Эгер Кудай Таалам бизди чындап сынаган болсо, биздин бейишке баруубуз абдан кыйын болот.

СУРОО: «Аялына айтпай башка аялга нике кыйдырса боло берет» деп эркектердин кулагын кызытпай, андан көрө балдарыңарды ойлогула деп насаатыңызды айтпайсызбы?

ЖООП: (Күлүп)  Эркектер, балдарыңарды ойлогула. Канча аялы болбосун баарын бирдей тамак-аш, жатакана, кийим-кече, окуган болсо окуусу менен камсыз кылууга милдеттүү. Андан сырткары моралдык жактан жардам берип, аялдардын  муктаждыгын канааттандыруусу милдеттүү. Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага албай, намаз окубай, орозо кармабай жатып эле экинчисин алам дейт. Материалдык жана моралдык жактан баарын бирдей камсыздай албаган эркек күнөөкөр болот. Негизи, экинчи аял алуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бир аял балдары менен жесир калып, аларды бага турган адам жок калганда аны камсыздоо максатында аялдыкка алса болот. Жөн эле жардам берсе эмне үчүн жесирге келип жатат деп айтышат да. Ошондуктан никелеп алып, анын балдарына тарбия берсе сөз болбойт. Пайгамбарыбыздын аялы Айша энекебиз гана мурда күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары жесир калган кемпирлер болгон. Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо максатында алган. Бизде болсо 18 жаштагы кыздарды алып алышат. Бул туура эмес. Алардын күйөөгө чыгууга жесирлерге караганда мүмкүнчүлүгү көп.

СУРОО: Эжемди жездем көп жолу (30га  жакын) “кет, башка аял алам” деп кетирип, кайра жарашат. Ичет, ойнойт. Эжемди эч жакка бастырбайт. Терезени караса да “кимди  карап жатасың” деп урушат. Кандай болот?

ЖООП: Ачууланып же кызганып “кет, жашабайм” десе эле талак түшө  бербейт. Чындап ажырашуу ниетинде айтылса талак түшөт. Мунун баарын жездеңизден тактап сураш керек. Алла жездеңизге ынсап берсин. Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүн насип кылган болсун.

СУРОО: Эки эркектин жыныстык катнашка киргени күнөө эмеспи? Бул оорубу же Кудай тарабынан  берилгенби?

ЖООП: Бул албетте, арам, күнөө! Бул нерседен алыс болуу керек. Эркек менен аялдын никесиз байланышы – арам. А бул андан да жийиркеничтүү. Эгер Ислам өлкөсү болгондо булар чоң жазага тартылуусу милдеттүү болот. Эркектер Кудайдын каарынан коркушу керек. Врачтардын жардамы менен дары-дармек ичип, өздөрүн оңдогонго аракет кылуулары керек.

СУРОО: Тааныш байкем 5 маал намаз окуйт. Кээде чарчадым деп пиво ичип коёт. Боло береби?

ЖООП: Градусу бар, мас кыла турган пиво арам эсептелинет. Ал эми алкоголсуз, градусу жок пиво квастын эле өкүмүндө. Бирок, Кыргызстандын шартында мындай пиво барбы, билбейм. Эгер чарчадым деп арак, арам ичимдик ичсе шариятка туура келбейт.

СУРОО: Жашым 43тө. Намаз окуганыма 3 ай болду. 5 убак окууну чын ниетимден каалайм. Базарда контейнерим жок, бурчта эле отурам. Бешим, аср намаздарынын  парзын  куптанга кошуп окуса болобу? Базарда кышта суукта даарат алуу кандай болот? Суук тийсечи?

ЖООП: Аллахым намазыңызды кабыл кылсын. Аллахтын сизге  хидаят  берүүсү  менен  куттуктайбыз. Кышында суу муздак болуп даараткана маселеси келип чыкканда кагаз же башка каражаттар менен тазаланып алууга болот. Бешим, аср намазын окууга мүмкүн болбой калганда каза намазын окуйсуз. Бирок убагында окуганга аракет кылып көрүңүз. Балким буюмдарыңызды жыйнап мечитке барып келээрсиз. Ниет кылган болсоңуз Кудай сизге дагы жеңилдик берет. Балким кышка чейин намаз окуп, соода кыла турган жерге туруп калаарсыз.

СУРОО: Балыкты жесе күнөө дешет, туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Болгону, балык союлбайт. Тутулган бойдон жей   беришет. Жандыктардын ичинен балыкты бисмилла айтып сойбостон эле жесе болот.

СУРОО: Мен нас чегем. Мага өтө күчтүү таргиб айтыңызчы, чекпей калайын. Алла ыраазы болсун!

ЖООП: Нас чегүү дааратты бузбайт. Бирок, бузбайт десе эле чеге берүүгө болбойт. Мисалы, эшектин тезеги деле, дааратканадагы  нерселер деле дааратты бузбайт. Нас – өтө ыплас нерсе. Алланы мактаган ооздо ыплас нерсе болуусу ылайыктуу эмес. Андан сырткары ден соолукка өтө зыян. Зыяны болбогондо деле пайдасы жок. Жаман нерсени оозуна салып алып кайсы бети менен Кудайдан суранат.

СУРОО: Ажырашканыма 3 жыл болду. Кызым атасында. Орто жолдо  кыйналып кеттим. “Күйөөгө тийбе, тийсең кызыңды көрсөтпөйм” дейт. Өзүмдүн аябай көңүлүм калган. Кызымды көргөнү барсам жатмайынча кетирбейт. Иним, байкем менен барайын десем, алар алыс жакта. Эмне кылам?

ЖООП: Эмне үчүн көңүлүңүз калганын билүү керек. Балким сиз тараптан же ал тараптан кемчилик болгон. Жаман адам болбойт, жаман кылык-жоруктары болот.  Ошол  жоруктарын  оңдогонго  аракет кылган болсо жакшы болот. Жаман эркекти жакшы кылып алуу сиздин колуңузда. Башка күйөөгө тийгенден мурда кызыңыздын атасы менен кайра жарашканга аракет кылып  көрүңүз. Кызыңызды тартып алсаңыз деле болот. Шарият боюнча кызды  багуу сиздин укугуңуз. Турмушка чыгып кеткен учурда гана ал укуктан ажырайсыз. Анда кыз сиздин апаңыздын колуна өтөт. Сотко кайрылсаңыз болот. Бирок сотко кайрылаардан мурда дагы бир жолу жашап көргөнгө аракет кылыңыз. Эгер талак түшкөн болсо, ал сизди жатмайынча коё бербесе, бул күнөө. Зына эсептелинет.

СУРОО: Бир таанышыбыз иеговада. Исламга кайтып келүүсү үчүн кандай даават кылуу керек?

ЖООП: Кудай таанышыңызга хидаят берген болсун. Аны илимдүү адамдар менен жолуктурганга аракет кылыңыз. Же өзүңүз билсеңиз айтып бериңиз. Алар акыйкатты таап алганынан жүргөн жери жок. Болгону алардын жылуу  сөзүнө арбалып жүрөт. “Көк-Жардагы” Иляз устаз инжил боюнча чоң адис. Ошого жолукса баарын айтып берет.

СУРОО: Сессия  башталып  атамдан  акча  сурасам, бергендин ордуна уят сөз менен сөккөн. “Жалгыз кызыңызга таап бербесеңиз кандай атасыз? Сизден сурабай кимден сурайт элем” дегем. Акчасы бар туруп жок дейт. Азыр ал экинчи аялы менен шаарда. Биз айылда. Аябай кыйналып кеттим, жашагым келбей калды. Кеңеш бериңизчи.

ЖООП: Атага таарынбайт, садагаң кетейин. Ата деген кээде урушуп коёт. Ата баласын өлтүрүп койсо, аны үчүн ата өлтүрүлбөйт. Башка жаза колдонулат. Бул деген ата-эненин мээрими чексиз деген мааниде. Балким ошол учурда атаңыздын маанайы чөгүп тургандыр. Катуу айтып койгон болсоңуз атаңыздан кечирим сураңыз. Ата-энеге таарыныч, кек сактаган адам эмес, малдын да иши эмес. Ата-эне деле пенде. Алар да ката кылышат. Кечире билүү керек. Ошон үчүн эле өлүп алгым келет деген акмакчылык. Намаз окуңуз, Кудайдан үмүт үзбөңүз. Атаңыздын мамилеси динсиздиктен келип чыккан маселе. Динди түшүнгөндө антип айтмак эмес. Ал эми өзүңүз аракет кылып окуп, сессияны тапшырыңыз. Паракордук арам. Жакшы окуп, жооп берип турсаңыз деле баа койбой туруп алса акча берсеңиз болот. Окубай туруп эле акча менен бүтүрүп коюу арам.

СУРОО: Күйөөсү башка аял менен жаткан болсо нике бузулабы?

ЖООП: Нике бузулбайт, бирок күйөө зынакор эсептелип, кыяматта буга жооп берет. Анан күйөөсү жатпаса деле күмөн санап, аңдып алуу туура эмес. Адам адамга ишениш керек. Ишенимдин негизинде гана жашоо болот. Күйөөлөргө айтаарым, бул эч ким текшербейт, жүрө бергиле деген сөз эмес. Алланын көз жаздымынан эч ким сактана албайт.

СУРОО: Тааныбаган уйгур бала ала качып, зордук менен жаткырып, молдо никемди кыйып салды. Эртеси кетип калдым. Күнөө эмеспи? Кудайдан күнү-түнү тилеп бактыма да жолуктум. Азыр күйөөм, бир балам бар.

ЖООП: Ушундай иш болуп калгандан кийин уйгур менен деле тагдырыңызды сынап көрсөңүз болмок экен. Бирок анын кылганы арам, туура  эмес. Эгер уйгурга нике кыйганга макулдугуңузду берген болсоңуз, аны менен никеңиз сакталуу болуп, азыркы жашооңуз туура эмес. Биринчи никеңиз барбы- жокпу текшерүү керек. Анан экинчи никеңиздин жарактуу экендиги аныкталат. Сотко бериш керек болчу ала качкан акмакты.

СУРОО: Намаз окуган адам спорттун бардык түрү менен машыкса болобу? Шарият жол береби же күнөө болобу?

ЖООП: Спорттун кайсы гана түрү болбосун ден соолукка пайдалуу, акыл-эсти өстүрө турган болсо уруксат берилет. Бирок, бокс деген нерсе бар, адамдын  башына уруп ойногон. Аны спорттун бир түрү катары үйрөнсө  болот, бирок башка урбай, атайын  куралдарды колдонуу менен. Аны кесип кылып алган болбойт. Спорттун кандай гана түрү болбосун намазды калтырып жатса, арам эсептелинет. Намазды убактысында окуу керек. Анан футболго, күрөшкө жылаңачтанып чыгып алышат. Эркектер киндиктен тизеге чейинки аралыкты жаап ойногондугу жакшы болот. Ал эми топтун артынан чуркап жүрүп убакытты өткөрүп бала-чака ачка калса, бул арам.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (65) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жандуу-жансыздын баарынынын Жаратуучусу, Эң жогорку Башкаруучусу Аллах акырет күнүндө ар бир пендени суракка алып, анын ар бир таштаган кадамы эмне ниетте, кандай максатта, эмне багытта болгонунан өйдө сурачу күн келет. Бу дүйнөдө адам алдына эмне максаттарды койду, анын көз караштарынын түпкү ниети кандай эле, айтор жүрөгүнүн тээ тереңинде катылып жаткан жакшы жана жаман нерселердин баары кыямат күнү ачыкка чыгат. Жараткан Аллах пендесине ал күнү көп суроолорду жаадырат,.. пенде ошол суроолорго даярбы?

Бүт тирүү атуунун баарына өмүр берип турчу жарык дүйнөдө шылдырап суулар агып турса, жүрөктөргө нурлар чачырап турчу  мүмкүнчүлүктү  пайдаланып эмнеликтен ошол дүйнөдөгү тунук суу менен  даарат алып жүрбөдүң?,-деген суроо берилээр экен акыретте пендеге. Адамдын жан дүйнөсүн жогорку чекке жеткирчү, Пайгамбарды миражга чейин көтөргөн намазды тирүүлүктө эмне себептен окуган жоксуң?-деген суроо берилсе эмне жооп айтасыз?

Шайкелең ырларды, музыкаларды го угаарын угуп жыргалга балкыпсың, а ыйманга, Кудайды таанууга чакырган насааттарды, баяндарды, дааваттарды неге тыңдап койгон эмессиң?-деген суроо берилсечи?

Кафе, ресторандарда жаның жай алып, көчөдө көңүлүң көтөрүңкү жүрөт да, мечитке келгенде эле шаабайың сууп, шалдая түшкөнүңдү кандай түшүнсө болот?  Жакшы гана сөздөрдү сүйлөө менен досторду таап, аларга жылмайып жүрүүнү эмнеге кыянат максаттарга пайдаландың?   Не себептен  жүрөгүңдү ыймандын нуруна толтурбадың, эмнеликтен дени-кардың соо туруп тилиң, эриндериң менен “АЛЛАХ” деген сөздү бир ооз айтып койбодуң? -деген сыяктуу  суроолорго да даяр болуңуз.

Бир күндө өзүңүн кызыкчылыгыңа, напсиңе, жеке жумушуңа пайда берчү адамдарды, чоң кызмат же акча берчү адамдарды көкөлөтө, дайыма эстеп, а Мухаммед (САВ) Пайгамбарга  кур дегенде бир салават айтып коюга эмнеге чыгынбадың?-деген суроого да жооп камдаңыз.

Бир билип коюңуз, эмне жесеңиз, ошол жегениңизге, эмне ичкен болсоңуз ошол ичкен нерсеңиздин ар бир тамчысына жооп берчү күн бар. Жөн эле жооп бербейсиз, жеген-ичкениңди  “кайдан алдың?” деген суроонун берилээрине даяр болуңуз.

Бир болбогон эле майда нерсе үчүн адамдарды жаман көрүп жүргөн болсоңуз, аны менен катар жүрөгүңүздө кыпындай эле  менменсинүү, бой көтөрүү, башкаларды теңсинбөө сыяктуу терс сезимдер менен жашап жүрсөңүз, адамдарды негизсиз таарынтсаңыз, татынакай эле жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн артынан ушак-айың сүйлөсөңүз, дин жолундагы аалымдар, мударистер тууралуу  жалган, калптарды ышкыртып жаманаттыласаңыз,..мунун баарынын сурагы болоорун билиңиз.

А түгүл адамдарга салам бербегениңиз үчүн да сураласыз. Жазмакер болсоңуз дайыны жок эле бирдемелерди жаза берген ээн баштыгыңызга да жооп берчү күн келет.

Үй бүлө деген баалуулукка маани бербей, балдарга жакшылап карап жакшы тарбия бербей, алар үчүн чындап түйшүктөнбөй жүргөнүңүз үчүн, динсиздигиңиздин айынан үйүңүздө руханий бейпилдик, тынчтык, бакыт болбогону үчүн да  керт башыңыз менен сураласыз.

Ошондуктан, тууганым, ар бир нерсени жасаарда, ойлоноордо “ушул нерсем үчүн акыретте Аллахтын астында жооп берем” деп, терең талдап, анан кадам таштап жүр.

Курандагы “Анбия” сүрөсүнүн 1-аятында мынтип айтылат:

Көп кудайларга табынуучулар үчүн Кыямат күнүндө болчу сурак жакындап келе жатат, бирок алар ал күну болчу азап-тозокторду  анчалык этибар албай Жаратканга моюн сунбай келе жатышат”.

Дагы бир аятта мындайча айтылган:

Мен касам ичип айтамын, тирүүлүктөгү жер жүзүндө шапар тээп, бардар, бакубат рахаттанып  жашаган жашооңордун ар бир күнү үчүн силер акыретте сураласыңар!

Запись Ар бир кылганыбыз үчүн акыры жооп берчү күн бар… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1) Айт күнү кир жууса өлгөн маркумдун көзү ачышат, кийим тиксе көзүнө ийне сайылат деп ырымдап жүрүшөт. Ушул туурабы? Аллахым ыраазы болсун, рахмат.

Жооп: Жок, бир боорум. Андай айтылган маселе жок. Болгону, айтты айтка ылайык майрамдык шаани менен өткөрүү сүннөт болгондуктан, элибизде сиз айткан кеп айтылат.

Эгерде, жума же айт күнү кир жууй турган болсоңуз, ошол кир жуу иш жараяны майрамдык маанайды пайда кылууга себеп боло турган болсо, анда кир жууган, же үй жыйнаштырган сооп болот. Имам Бухарий жана имам Муслим риваятында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Жума күнү гусул алуу ар бир бойго жеткенге ваажып!”

Хадистин мааниси: эл чогулган коомдук жайларга катышууну каалаган адамдар таза жунуп, жаман жыттардан арууланып катышуусу милдеттүү. Аруулануунун шарттарынын бири таза кийимдерди кийинүү болот. Таза кийимди кийүү үчүн аны жууганга туура келет. Мына ушул максатта кир жууса күнөө болбойт, тескерисинче, сүннөткө амал кылган болот.

А бирок андай максатта эмес, жөн эле жумуш кылайын деп майрамдык маанайга маани бербесе, анда бул адам кандайдыр бир деңгээлде күнөөкөр болот. Имам Тирмизий, имам Абу Дауд, имам Насааий, имам Дааримий, имам Ахмаддар риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Арапа күнү, Курман айт күнү, Ташриик күндөрү, биз мусулман журтчулугунун майрам күндөрү! Бул күндөр тамак-аш ичүүнүн күндөрү.”

Хадистен көрүнүп тургандай, бул күндөрү орозо кармаган жакшы эмес. Кээ бир аалымдардын пикиринде орозо кармоо майрамдык маанайга туура келбеген көрүнүш болгондуктан, ар бир эле жумуш майрамдык маанайга туура келбесе, ошол эле учурда аны аткарбай коюу шариятта күнөөкөрчүлүктү талап кылбаса, андан оолактануу жакшы жумуш болуп эсептелет. Муктаждыгы жок болсо майрам күндөрү үй жыйнаштырган, кир жууганды ошол себептен болбойт деп айтып келишкен.

Кеменгер кыргыз муну бир ооз сөз менен “Койчунун кызы кой келгенде иш кылат” деп айтып койгон. Кээ бир кайсар адамдар айт күндөрү иш кылып калат кыйраткансып, башка күндөрү уктайт. Ошолорго айтылган кеп. Туурасын Алла Таала билүүчү!

2) Мен оронуп жүрөм, бирок Москвага барсам жоолугума карап окууга да, ишке да албай койду. Чечип койсом болобу?

Жооп: Жок, бир тууганым! Ишке, же окууга кирүү үчүн жоолугун чечип салуу динибизге туура келбейт. Жоолуксуз окугандан көрө окубай ак койгон жакшыраак. Жоолук парз. Сени багуу ата-энеңе, эркек бир туугандарыңа парз. Турмушка чыксаң, жолдошуңдун багуусу парз. Алардын баары жок болсо, диниң бузулбаган абалда жумушта иштесең болот. Мисалы, жалаң аялдар иштеген жерде жылаңбаш иштесең жарайт.

3) Мен операция жолу менен төрөгөм. Курсагымда тырык бар. Угушумча Алланын алдына таза барыш керек экен, мындайча айтканда, денеге бычак тийгизбей. Ушул чынбы? Анан баламды да көргөн жокмун. Чарчап калыптыр. Өзүм 4 күн комада жатыпмын. Дарыгерлер болсо баары Кудайдан дешип, башка сөз айтпай коюшту. Кудай берген баланы айы-күнүм жетип ооруканага басып келип ушундай абалга туш болуп олтурсам, өзүң өлсөң да баланы куткарыш керек болчу деген сөздөрдү уктум. Ушул уккандарым чынбы? Жооп берип коё аласызбы?

Жооп: Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт. Адамдардын сөзүнө маани бербе. Ит үрө берет кербен жүрө берет. Керек болсо курсагыңдагы тырыгың төрөгөндүгүңө, тирүү менен өлүүнүн ортосунда ажал менен арбашып, ары барып бери келгениңе күбө. Ким тирүү калат, ким акыретке сапар тартат, ал Алла Тааланын иши. Өзүң комада жатсаң, аны кантип тирүү сактап калмак элең? Эмчегиңде сүт болуп туруп бербей койсоң, же шалаакылык кылып ысык сууга күйгүзүп алсаң, же иштеймин деп аны бакпай койсоң, жыйынтыгында өлүп калса, мына ошондо күнөөкөр болмоксуң… Маселе сен айткандай болсо, сен күнөөкөр эмессиң…

4) Айт күндөрү кандай жүрүш керек? Эмнелерди кылса болот жана эмнелерди кылбаш керек?

Жооп: Айт күнү мусулман пендесинин төмөндөгүдөй адептерди кармануусу жакшы иш:

1. Айт намазын окуу үчүн айт намаз окула турган жайга чыгуудан мурда үстү-башын жууп тазалап, гусул алуу; Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгардан мурун гусул алып чыгар эле. (Имам Малик, Муватта 428).

2. Орозо айтка чыга турган адам бир нерсе (үч төрт даана курма) жеп, ал эми Курман айтка чыга турган адам эч нерсе жебей айт намазга барып, намаздан кийин чалынган курмандыктын эти менен оозанганы жакшы иш. Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгарда так сандагы курма мөмөсүн жеп чыгар эле. ( Имам Бухарий 953).

3. Такбир айтуу:

“Аллааху акбар, Аллааху акбар, Лаа илааха иллаллооху валлооху акбар! Аллааху акбар! Ва лиллаахил хамд”.

Айт күнү айт окулчу жайга чейин утур-утур айтып баруу сүннөт. Курман айт күндөрү намаздан кийин айтыла турган такбир, Арафат күнү Багымдат намазынан башталып, тээ айттын үчүнчү күнү Аср намазына чейин 18 намазга айтылат.

4. Айт менен куттуктоо; Мусулмандар бири-бирин айт менен куттуктап, “Кудай окуган намазыңызды кабыл этсин, жакшылыктарга жеткирсин!” деген тилектерди бири-бирине айтуу да жакшы иш. Сахабалардын доорунан бери келе жаткан берекелүү амал. (Фатхуль Баарий, 2\446, Иснады хасан)

5. Айтка жасануу: Жакшы атырларды куюнуу, жакшы кийимдерин кийүү, оозун мисвак менен тазалоо, бут кийимдердин жакшысын кийүү, сакал-чачтарын иретке келтирүү ж.б.у.с. (Бухарий 948, Ибну Хузейма 1765).

6. Айт окулчу жайга бир жол менен барса, кайтканда башка жол менен кайтуу. (Бухарий 986). Көп адамдарга салам айтуу, аларды айт майрамы менен куттуктоо, жаш балдарга майрамдык белек берүү сыяктуу жакшы жөрөлгөлөргө мүмкүнчүлүк берүү.

7. Кыргыздарга тиешелүү дагы бир жакшы салтыбыз – тууган-урук, тааныш-туунуштарды аралап айттоо;

5) Мен күйөөм менен ажырашып кеткем. Аны менен ажырашарда күйөөмдүн досуна турмушка чыкмак болуп, күйөөмөн талак сурасам бербей койгон. Ал кезде мен Орусияда, күйөөм Кыргызстанда болчу. Талак бербей койгону үчүн нике кыйдырган жокмун. Бирок бир айдай аял-күйөөдөй болуп жашадык. Тигил күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уулубуз бар. Мен тиги бала менен урушуп кетип, жашай албай Бишкекке келип алгам. Азыр мурунку күйөөм элдешели деп жатат. Бирок элдешкенден да уялып жүрөм. Башкага турмушка чыгам деп кайын журтума уят болгом. Ошол себептен элдешпей жатам. Сизден кеңеш сурайын дегем. Буга кандай карайсыз?

Жооп: Эми сен, карындашым, жакшылап тооба кыл! Чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат дейт. Андан кийин бир айыз (этек кир) өткөрүп туруп, кайрадан мурунку күйөөңө бар. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң деп айтат кеменгер журт. Талак бербегенден кийин никени жаңыдан кыюунун зарылчылыгы жок. Уялуунун кереги жок. Ким эле баарын жайында кылып, периште болуп кетиптир. Кам сүт эмген пенде болгондон кийин катачылык кетет. Маселе, ал катаны кайра кайталабай, туура жолдо жүрүүдө.

Ал эми, жанагы бир аз күнөө кылып жашап калган күйөөңүздүн досу менен бет келишпегенге аракет кылыңыз.

6) Биздин айылда мечитте жума намазынан кийин этият шарт бешим окулат. Ошонун кереги барбы, жокпу? Тактап алайын дедим эле.

Жооп: Көпчүлүк ханафий мазхаптын аалымдары этиет пешим окуганды жактырышат. Мен да ошолорду колдогон илим изилдөөчүлөрдөн (таалиб илим) болуп эсептелем.

7) Муфтияттан чыгарылган намаз календарында куптандын убагы 22:25те экен. Азанды 22:15те чакыра берсе болобу?

Жооп: Календарды карап, так аткаруу милдеттүү болот.

8) Менин бир кыз, бир уулум бар. Балам эки жашта. Эмчектен бир жашар кезинде чыккан. Бирок экинчимди төрөгүчө оозуна салып уктачу. Азыр кызым жыйырма күндүк. Балам чырдап ыйлап жатат. Экөөнү тең эмизсем болобу же жокпу?

Жооп: Эки жарым жашка чейин эмсе боло берет. Бирок, сүт кыздын акысы. Кыз тоюп, андан ашкандан кийин гана уулуңузду эмизсеңиз болот. Валлооху аьлам.

9) Биздин бир балабыз бар, жолдошум баланы бир жаш алты ай болгондо сүттөн чыгарып (себеби ошол маалда окууга тапшыра турган маал болот) мени медресеге окутуп, “Өзүм башка аял алам. Сен медресени бүткөнчө башка там салып берем” деп жатат. Бирок менин окуп, илим-билим алгым келет, Аллах жолунда.

Жооп: Кандай ой жүгүрткөн адам экен сенин күйөөң деп ойлонуп жатам. Кандай болгон күндө да кеңешип кескен бармак оорубайт. Сага үй салып бергени, сенин илим алганың жана анын экинчи аял алганы ар башка маселе. Күйөөң сага адегенде үй салып берсин, андан кийин экинчиге үйлөнгөндүн аракетин көрсө жакшы болгону турат. Бала эки, эки жарым жыл эмгени сүннөткө ылайык болот.

10) Орсок тишти брекет коюп түздөсө болобу? Атам Кудайдын бергенине шүгүр кылуубуз керек деп каршы болуп жатат.

Жооп: Орсок тишти брекет коюп түздөсө болот. Ал эми түптүз эле тишти, андан да сулуулатам деп ортосун ачтырып өгөөлөтсө болбойт.

11) Биз үч күндүк мастуратка май айында чыкканбыз, эми экинчи жолу кайсы айда чыгышыбыз керек? Июлдабы же августтабы?

Жооп: Ошол региондогу мечиттин машварасынан сурагыла.

12) “Ак шумкар – жаштар коомдук бирикмеси” жөнүндө өз оюңузду билдирүүңүздү суранат элем. Рахмат.

Жооп: Бул Темир Аргенбаевич Сариевтин “Ак шумкар” партиясына тиешеси барбы же кандай? Темир мырзаны кыргыз элинин патриот жигити, чыгаан саясатчы катары билем.

13) Москва шаарына эч бир махрамсыз жөнөп атабыз. Бизге махрам эркектер даюс болуп калабы, же кандай?

Жооп: Ооба. Сизди караган жоопкер махрамыңыз кыяматта жооп берет.

14) Эгер кыз хижап кием десе, бирок ата-энеси уруксат бербесе кыз эмне кылат? Ата-энесинин сөзүн угабы же хижап кие береби?

Жооп: Жоолук Аллах Тааланын парзы. Ата-энени сыйласын, жоолугун салынсын.

15) Мен бир кызды жакшы көрөм. Аны окутуп сүйдүрүп алсам болобу? Ага үйлөнөм деген ниетим бар.

Жооп: Окутуп-чокутуп деген болбойт. Жарамсыз жумуш. Кудайдан корк. Алла Таалага кайрылып дуба кылсаң, кабыл болсо ажеп эмес.

16) 2014-жылы келин алдык. Диндеги, оронгон медик кыз. Бир балалуу болгондон кийин адамга жакпаган өнөрлөрү чыкты. Мисалы, көзүнө бир нерселер көрүнөт. Көчөгө чыкканда аркасынан бирөөлөр видеого тартат имиш. Эки жүздүү кыялы бар экен. Психикалык жетишпестиги бар экен. Ата-энесин чакырсак алып кетип, 20 күн өтпөй дарылаттык деп алып келишти. Өз үйүнөн балта, дагы көп нерселерди алып келген. Окутулган деп ойлойбуз. Ошондон бери уруш жаңжал…

Жооп: Айыл аксакалдары, эл жакшылары бардыр ошол тегеректе. Ошолорго салгыла…

17) Баланы 2 жаштан өткөндөн кийин эмизсе арам болобу?

Жооп: Эки жарым жаштан кийин деп айтылат. Анткени, ал убактан кийин ал эненин акысына кирип калат.

18) Чачы өрүлгөн аялдар гусул алганда чачына жөн эле масх тартса болобу?

Жооп: Ооба. Чачтын астында калган баштын терисине суунун толук жетүүсү шарт.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (64) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыйшаңдап адеп кайра-кайра бедеге булкуна берген малын башкара албай жудөп-какап, ый аралаш “кайт-кайт”  деп,аны бери тартууга  аракет кылып жатканын көрүп турса да Нышан чал заардуу үнү менен “Атанды урайын алкаштын баласы, аңкайбай карабайсыңбы. Жер жуткур жалаптын баласы, энесинин жайлоосунда жүргөндөй  жүрөт мага”-деп баланы сөгүп-кагып кирди. Бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Же талаадагы келин-кесек, катын калачты көзгө илсе. Оозунан ак ит кирип кара ит чыгат. Карыянын бул кылыгына чыдабай кеттиби айтор Умар чалды аны-муну айтып араң басты. Алтынчы класста окуган  бечара Бакыт болсо ошончо сөккүнү эшитип араң турганбы, Умардын “ Абаңдын жини келип калыптыр капа болбо”-деген сөзун угаар замата өзүн кармай албай энтигип ыйлап кирди. “Кой эми, чоң жигит да ушундай болобу?”-деген сайын озоңдоп ыйлайт. Анын көзүнөн мөлт-мөлт аккан жашы кимдир бирөөгө болгон сагынычын, кусалыгын, ызасын, арманын айтып жаткансыды. Дайыма жаш-жаланды, бала-чаканы, кары-картаңды куйкум сөздөрү менен кулдүрүп, ыйлаганды соороткон,  айылдаштары “Комик” атаган Умар да бул сапар аны ойлуу карап, көпкө чейин тиктеп турду. Качан гана ал ыйлаганын токтоткондо акырын гана “Апаңды сагындыңбы? Атаң каякта?-деп сурады.

-Сагындым. Аябай сагындым. Апам менен атамдын Россияга кеткенине үч жыл болду. Биз ошондо чоң энемкинде журдүк. Алар жакшы адамдар. Жеңем гана жаман. Жини келсе эле бизди жугунду корлор деп уруша берет. Кийин атамдын документи жаман болуп келди. Улук экөөбүз ошондо өзүбүздүн үйдө жашайбыз деп  сүйүндук. Атам болсо апаңар сентябрда келет деген. Ошого биз дайыма сентябрды күтөбүз. Быйыл да ошондой болду. Бирок, апам келбеди.

Атам башында жакшы эле. Бизге тамак бышырып, кирибизди жууп, плиткага нан жаап берчү. Кийин жаман болуп кетти. Тез-тез ичет. Мурда мас болгондо жатып алса, азыр аны-муну айтып, бизди сөгөт, урат.  Өткөндө мас келгенде мен кошунаныкына качып бараткан жеримен тутуп алып, малды жакшы бакпайсың деп тепкилеп, ичимди оорутуп койду. Эртеси айтсам “Кечир уулум. Мен масчылыкта билбей калыпмын”-деп жалынат. Эки күн сабакка бара албадым. Кечинде да  аяш атамдар менен кетип таңга маал келди. Өлө мас. Сабакка барбай мал кара деп мени талаага айдады. Апамдан болсо кабар жок. Ал жөнүндө элдерден ар кандай кептерди угам. Ишенбейм. Кантип эле апам бизди таштап башкага тийип алсын дейм өзүмчө. Ошондой сөздөрдү укканда намыстанам, уялам, өзумду өлтүруп алгым келет. Анан апамдын иши жүрүшпөй жатса керек, ошого акча жөнөтө албай жатат го  деп ойлойм өзүмчө. Улук  экөөбүз анын келишин күндө күтөбүз. Апам баари бир келет. Ошондо биз дагы мектепке эски-куску, жыртык кийимдердин ордуна жаңысын алдырып кийип барабыз. Мен анда сабактан кечикпейм, жакшы окуймун, калтырбай барам. Анан эжекелер мени да урушпай калышат. Макташат. Апам болсо бизге ширин күрүч, манты, куурума бышырып берет. Атам дагы ичкенин таштайт. Биз да Саматтарга окшоп  жашайбыз.

Азыр эле ыйламсырап турган бала өңү барган сайын кубаныч тартып бара жатканын баамдаган Умар анын сөзүн бөлбөй аягына чейин угуун чечти. Баланын ичиндеги бугун, арманын, максатын бөлүшүүнү туура көрдү.

Бакыт болсо кышта каттуу ооруганын, апасы келсе аш демдеп майрам кылышарын, велосипед алдырарын, таенесиникине барышарын, чоңойгондо врач болоорун,  быйылкы сентябрда апасынын баари бир келээрин,  сентябрды  чыдамсыздык менен кутүп жатышкандыгын, бүт-бүт кыялындагы жакшы нерселерин божурап жатты….

Нуркамил Абдуллаев, атайын “Formula.KG” сайты үчүн

Запись «КЕЛЧИ ТЕЗИРЭЭК, СЕНТЯБРЬ» впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир жигит жаш кызга үйлөнөт. Салт боюнча жигит досторун үйүнө чакырып сыйламакчы болот. Ал базардан союлган койдун бүтүн этин алып келет да, аялына аны бышыруусун буйруйт. Таң калган жаш келин бышыра албасын айтат. Ачуусу келген күйөөсү аялынын буюмдарын чогултуп, мага татыктуу эмес экен деп жетелеп атасынын үйүнө алып барат. Атасына: “Кызыңыз койдун этин бышырганды билбейт экен, жакшылап үйрөтүңүз. Мага мындай тамак бышырганды билбеген аял керек эмес. Жакшылап тамак бышырганды үйрөткүлө. Ошондо алып кетем.”-дейт. Атасы: Макул, уулум биздикине эки айга калтырып кет. Жакшылап үйрөтөбүз.”-дейт. Арадан эки ай өтүп күйөө бала келинчегин алып кеткени келет. Келип аялынын тамактын түрүн бышырууну үйрөнгөнүн угуп аябай кубанып, алып кетмекчи болот. Кыздын атасы базардан тирүү кой алып келет. Күйөө баласына: “койду союп даярда кызым бышырсын. Жеп алып кетесиңер”- дейт. Күйөө баласы өмүрүндө кой сойбогонун айтат. Анда кайнатасы: “Атаңа айтып бар. Сага жигиттикти үйрөтсүн. Жакшылап кой сойгонду да үйрөнүп кел. Ошондо кызымды алып кетесиң” дейт.

PR: Аялыңды канчалык кемчилиги болсо да аны жарыя кылбай өзүн оңдоого аракет кыл. Биринчи өзүңдү да карап көр. Татыктуусуңбу?..
Бир даанышмандан:
-Сен эмнеге эч кимди кемсинтпейсиң? -дешкенде, ал:
– Мен башкаларды кемсинткидей ар тараптуу төп келген адам эмесмин да.-деп жооп берген экен.

Которгон: Ж. Шамшиев

Запись ЖАШ ТУРМУШ КУРГАН КЫЗДЫН ОКУЯСЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суроо: Ипотека арам эмеспи? Прививка, вакцина алса болобу?
Жооп: Үстөккө же пайызга акча алуу арам. Прививка, вакцина алуу ар бир атуулдун өз чечими.

Суроо: Ассалому алейкум! Менин апам окуган эмес, намаз окуганга ниет кылат. Кандай кылса болот? Апам элү жети жашта. Рахмат.
Жооп: Апаңызга намаз окуганды үйрөтүңүз. Сооп алып, Кудайдын алдында чоң иш жасаган болосуз.

Суроо: Шейит кеткенди морг экспертиза кылса эмне болот?
Жооп: Шейит кеткендерге экспертиза кылбаш керек.

Суроо: Уят сөздөрдү сүйлөсө кандай жаза жазылат?
Жооп: Күнөө болот.

Суроо: Саламатсызбы! Мен күйөм менен ажырашканыма 3 жыл болду. Талак берген эмес, кандай болот?
Жооп: Ассалому алейкум! Талакты алыш керек. Аны алмайынча башка менен баш кошууга уруксат жок.

Суроо: Ассалоому алейкум, саламатсызбы! Намаз окуп жатып адашса даарат бузулабы?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Жок, даарат бузулбайт.

Суроо: Ассалоому алейкум ва рахматтулоох. Канча күн сакталган суу дааратка болот?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Эгер суунун табигый заты бузулбай сакталып турса ал сууга даарат алса болот. Эгер жыты, даамы жана түсү өзгөрүп кетсе ал сууга даарат алганга болбойт.

Суроо: Ата энеден калган үй-жай эң кичине балага калабы, эгер үй сатылса кандай?
Жооп: Ата-энеден калган үй биздин салтта кичүү баласына калат деп эсептешет. Бирок, динде бир туугандар ата-энеден калган үй жана башка мал-мүлктөрдү бөлүшөбүз дешсе анда ар бири шарият талабына жараша өзүнүн үлүшүн алат.

Суроо: Асалому алекум дамыла! Менин карындашым кайсар ага кандай чара көрсө болот?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Кыргызда жакшы сөз жан эритет дегендей карындашыңызга жакшы сөздү айтып, түшүндүрүп турушуңуз керек.

Суроо: Көзү өтүп кеткен 3-4 адамга бир мал союп, Куран окуса болобу?
Жооп: Динде көзү өтүп кеткен адамга сөзсүз мал союлуш керек деген нерсе жок. Көзү өтүп кеткен адамга үй ээси үч күн ичинде мал сойбош керек. Алыстан келген жакындары болсо, кошуналары же маркумдун туугандары аларды тосуп, сыйлаш керек.

Запись Турмуштук суроо-жооптор (63) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Ырыскы табуу, кесип кылуу, иштөө ж.б турмуштук зарыл нерселер впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суроо: Намазда турганда эки буттун талтайып тургандар же бир намаз бүткөнчө улам орун которушкандар кайсы мазхабда?
Жооп: Андай турган эч бир мазхабда жок. Андай тургандар кээ бир тартипсиздер.

Суроо: Адамга кирген жин Куран окуу менен жин күйүп жок болобу, же жиндер өлбөйбү?
Жооп: Ооба, Куран окуу менен жинди адамдан кубалайт. Алар да өлөт бирок, адамдарга караганда көбүрөөк жашайт.

Суроо: Намаз окууп, бозо ичсе болобу? Дарылыкка ширин кылып.
Жооп: Бозо ичпестен эле намаз окуш керек.

Суроо: Экинчи аял алса болобу?
Жооп: Болот, бирок ага шарты болуусу керек, мүмкүнчүлүк керек. Ал болбостон туруп алган күнөө.

Суроо: Ассалому алейкум! Элдин бут кийимин ондойм, алган акчам адалбы?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Адал, бул иштин эч кандай жамандыгы жок. Бул сиздин адал эмгегиңиз.

Суроо: Ассаламу алайкум! Шариятта өлгөн адамдан жыт чыгып кетсе жаназа кабыл болобу?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Эгер жыт чыгып кеткен болсо кабыл болбой калат. Тезирээк көмгөнгө аракет кылыш керек.

Суроо: Салам алейкум! Менин суроом күйөм Россияда, мен кыргызстанда күйөм менен каттуу урушуп калдык телефон аркылуу. Ошондо мага жообунду алдың деп жазды. 3 күн өтпөй мурдагыдай сүйлөшүп калдык, жооп түшүп калабы деп ойлоном азыркыга чейин?
Жооп: Ва алейкумум ассалам. Эгер ошол сөздү айтканда, ажырашуу ниетинде айткан болсо бир талак түшөт.

Суроо: Ассалому алейкум! Менин апама жин кирген экен, дем салсак болбой атат. Эмне кылсак болот, кайака кайрлабыз?
Жооп: Жин киргенин такташ керек. Окутуп көрүш керек.

Суроо: Жылдыкты 1 ай өткөрүүгө болобу?
Жооп: Негизи Ислам дининде 1 айлык, 1 жылдык деген жок.

Суроо: Имам фатиханы окуп бүткөндө «Амин» деп купия айтыш керекпи?
Жооп: Имам фатиханы окуп бүткөндөн кийин имамга уюгандар да аамиин деген сөздү ичинен айтыш керек.

Запись Турмуштук суроо-жооптор (62) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суроо: Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатух! Боюмда бар бозо ичсем болобу?
Жооп: Жок.

Суроо: 46 жаштамын, балалуу боломбу же кечпи?
Жооп: Алладан үмүт кылыңыз. Алланын колунда бала бериш, бербеш. Кыргызда токсон, сексен, жетимиш деген аттар болгон азыр дагы болуп келе жатат. А сиз 46 эми чыгыпсыз. Алладан дуба кылып сураңыз.

Суроо: Тамеки чексе даарат сынабы? Рахмат.
Жооп: Сынбайт.

Суроо: Арууке деген аттын манисин айтып берип коюнузчу?
Жооп: Арууке деген ат таза, тунук дегенди түшүндүрөт.

Суроо: Менин ата-энемдин үйлөнгөнүнө 30 жыл болуптур. Нике кыйылбаптыр, мен үйлөнгөндө күбө катарында отуруган нике ата-энеме нике түшөбү же кыйдырыш керекпи?
Жооп: Ата-энеңизге нике кыйдырып койуңуз.

Суроо: Жума намазна толук намаз билип барыш керекпи? Жатып турган эрежелери зарылбы же жатып турганды жумада үйрөнсө болобу?
Жооп: Намаздын жатып турган эрежелерин бир эки жолу көрүп эле үйрөнүп алса болот. Сиз бара бериңиз жуманы калтырбай, жуманыз кабыл болот ин шаа Аллах.

Суроо: Кээде мергенчилик кылабыз, мылтыкка созсуз документ алыш керекпи? намаз окуйбуз.
Жооп: Мыйзамда кандай болсо ошого баш ийип анан анчылык кылыңыз.

Суроо: Аялым менен ажырашып, 7 жылдан кийин кайра жараштым бирок, ичимдеги кара так кыйнап жатат. Күйөгө тийип келди эле кантем?
Жооп: Өтүп кетет дуба кылыңыз.

Суроо: Мышык өлтүрсө болобу?
Жооп: Болбойт.

Суроо: Менин боюмда бар, жакында көз жарам эгиз уулдар. Ат коюп бересизби?
Жооп: Саад-Масууд, Хасан-Хусейин

Запись Турмуштук суроо-жооптор (61) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күнөө иштер адамдын каргышка калуусуна, Кудайдын каргышына калуусуна жана Жараткандын ырайымынан алыс куулушуна себеп боло турган нерселерден болуп эсептелет.

Курани-Каримде Бакара сүрөөсүнүн 159-аятында Биз (Алла Таала) түшүргөн акыйкатты биз түшүргөн динди, биз түшүргөн туура шариятты жашыргандар, акыйкатты айтпагандар, акыйкатты жашырып коюп адамдардын көңүлү деп, коомчулуктун көңүлү деп чындык айтпастан жалган айтып, чындыкты жашыргандар жана аларга акыйкат түшүргөн акыйкатты биз аларга баяндап бергенден кийин да адамдарга айтпай койгондор Алла Тааламдын өзүнүн каргышына калат, ошондой эле каргыш айтуучулардын бардыгы буларды өзүнүн каргышына алат дейт.

Алла Таалам кайсы бир адамга, кайсы бир аалымга акыйкатты жеткире турган болсо мына ошол акыйкатты жашыруу Алла Тааланын каргышына ошондой эле каргай тургандардын каргышына калары айкын экен. Ал эле эмес кээ бир хадистерде пайгамбарыбыз алейхи салам сүткорлук жеген адамдарды, пайыз жегендерди, мына ошону жедиргендерди, ошондой эле ошолордун эки күбөсүн өзүнүн каргышына алган.

Кээ бир адамдар сүткордук берген адамдар күнөөкөр болгону менен алган адам күнөөкөр болбойт экен дегендей туура эмес түшүнүктөр менен жүрүшөт. Алла Тааланын каргышына калуу бүтүндөй жамандыктардын жеткен чегине жетүү дегендик. Андай адамдар бул дүйнөдө эч кандай береке таппайт жана өмүр бою каргышка калып жүрө берет.

Күнөө кылган адам оомат келүүдөн, иши жүрүшүүдөн ошондой эле ийгиликке жетишүүдөн кур жалак калат. Эгерде бир адам күнөө иш кыла турган болсо мына ошол адамдын жолу ачылбайт, мына ушул адамдын иши жүрүшпөйт, мына ошол адам ийгиликке жетишпейт, дайыма кыйналып басып жүрө турган болот. Кээ бир адамдар келип, “молдоке дуба кылып бериңизчи жолум ачылбай жатат. Уулум үйлөнбөй жатат, кызым турмушка чыкпай жатат же соодам жүрбөй жатат” – деген өңдүү кайрылуулар менен кайрылышат, чындыгында алардын иштеринин алар ойлогондой болбой жатышы өзүлөрүнүн кылган күнөөлөрүнөн улам экенине маани беришпейт.

Алла Таалам Курани-Каримде Талак сүрөөсүнүн экинчи жана үчүнчү аяттарында: “Кимде-ким Алла Тааладан корко турган болсо, кимде-ким такыбалык кыла турган болсо Алла Таалам бул адамга махрач эшик ачып берет”- дейт. Эгерде окууда жүргөн болсок окуусу ийгиликтүү болуусу үчүн акылы жетпей же тажрыйбасы жетпей жаткан болсо, бирок ошол адам такыбалык кылып кудайдан корко турган болсо Кудайым ошол адамга эшик ачып багыт ачып берет. Эгерде кайсы бир адам соодага чыга турган болсо ошол сооданы кылууда жолу болбой жаткан болсо, бирок такыба боло турган болсо Алла Таалам ал адамга жол ачып берет. Кимде-ким перзенти жок болуп, перзенттүү болууну самап Алла Таалага жакын болуп такыба болсо анын да тилегин Жараткан орундатпай койбойт.

Деги эле эмнени каалап жатсак, кайсы иш болбосун Алла Таалага такыба кыла турган болсок анда ал күтпөгөн, болжобогон, эсептебеген жерден ошол тилектерибизди кабыл кылат, ошол адамга ырыскы, береке берет.

Такыбалык деген эмне? Такыбалык – Кудай буюргандай жашоо деген сөз. Эгерде Кудай Таалам кайсы бир нерседен тыйса андан тыйылып, Кудай Таалам кайсы бир нерсеге буйрук берсе мына ошону аткара турган болсок, мына ошол такыбалык.

Ал эми көр такыбалык деген дагы түшүнүк бар, ал болсо кээ бир адамдар же динди билбейт же башканы билбейт. Бирок ошол динди өзү каалагандай ойлоп түзүп алып ошону менен жашайт. Бул адамдар же Куранды же сүннөттү билбей өздөрүн кыйнап басып жүргөндөр. Бул болсо жогорудагы биз айткан такыбалыкка туура келбей турган маселе. Демек, такыбалык бул оомат келүүнүн жана ооматтуу болуунун, бардыгы жеңил болуунун, иши жүрүшүүнүн, жолу ачылуунун белгиси.

Ал эми күнөөкөр болуу, ак жолунан адашып кетүү, жаман нукка бурулуп кетүү бул адамдын жок болуп кетүүсүнө, жолу болбоосуна ошондой эле каргышка калуусуна түрткү болот.

Ал эми күүнөөлөрдүн жалган жашоодо бере турган терс таасирлеринин бири эгерде бир адам күнөө кыла турган болсо, дайыма күнөөлөрдөн чыкпай жүргөн болсо анда Алла Таалам ал адамдагы жакшылыктарды, ооматтарды кетирет. Ал жазаларды байлыкты алып коюу менен, ден соолукту алып коюу менен, жумушун, ошондой эле бак-таалайсыз кылуу менен ишке ашырат. Анын көчөдө калышы да мына ушул күнөөлөрдөн улам болуп калат.

Ушул боюнча бир окуя айтып берейин. Оштогу чайканалардын биринде бир мусапыр адам дайыма кайыр сурап же болбосо ошол чайканада тамактанып кеткендердин тамагынын артканын ичип, аларды аңдып күн кечирчү экен. Бирок кийин ал адам жөнүндө маалыматтар пайда боло баштайт. Көрсө ал кайырчы адам убагында бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп чоңойгон экен. Кийин акчанын көптүгүнө көөп, каалаганын уруп, каалаганын зордоп басып жүрүп, эгер арыздана тургандар болсо бир тоголок акчам менен баарын кыла алам деп эч кимди тоготпой жүргөн пенделердин бири болгон имиш. Бара-бара атасын уруп, аялын сабап ушу сыяктуу жаман бир мамилелерди кылат. Күндөрдүн бир күнүндө бул адамды психикалык жактан дарылоочу докдурлар келип алып кетип, бир топ убакыттан кийин келсе атасы кайтыш болуп, бала-бакырасынан дайын жок. Өзү ооруканадагы оорукчандар менен кошулуп жүрүп акыл-эсинен ажырап, жогоруда аткандай мусапыр кейпин кийип калганы айтылат.

Акчага көөп, арам ишке азгырылып кеткенден улам Кудай Таалам ал кишини бала-чакадан, байлыктан, ата-энеден, бакыттан, акыл-эстин баарынан ажыратып койду. Көптөгөн үй-бүлөлөр арак ичип, сойкулукка барып же жаман иштерди кылгандыктары үчүн өзүлөрүндө болгон бардык жакшылыктардан, оомматтардан кечип калышары баарыбызга белгилүү.

Бир убакта баары суктанган үй-бүлө кайсы бир убакта тамтыракайы чыгып калган учурлар кездешет. Демек, жанагыдай күнөө иштер адамдын башындагы бакыт кушун учуруп, анын башына балээлерди үйөрү болуп турган иш десек болот. Алла Тааланын элчиси Мухаммад алейхис салам айтат, адам өзүнө келе турчу ырыскыны өзүнүн кылган күнөөсү менен тосуп коёт, башкача айтканда адам күнөө кылуу менен ырыскыдан арамда калып, кур калат дейт. Демек, ырыскыңыздын азаюусу, ишиңиздин болбой жатышы сиздин кылган күнөөлөрдөн улам. Ошондой эле күнөө иш кылган, арак ичкен, сойкулук кылган, зынаакордук, паракордук кылган, сүткордук кылган, намаз окубаган, жоолук салынбаган, ушак айткан, жалган сүйлөгөн, орозо тутпаган, айтор, мусулманчылыктын жолунда жүрбөгөн адам илимдин нурунан жана билимдин нурунан кур жалак калат дейт. Ошондуктан Кудай Таалам жүрөгүбүзгө илимди, билимди ала турган нурду бере турган болсо, аны күнөө иштерибиз менен жууп салбашыбыз керек.

Демек, бир адам арамга түшүп кала турган болсо илимдин, билимдин нурун сезбей турган болуп калат жана ага нур дагы түшпөй турган болот. Кудум эле кумга жазган жазууну шамал өчүрүп кеткен сыңары алган билимибизди дагы күнөө иштерибиз жууп кетет. Күнөөлөр адамдын өмүрүнүн берекесин кетирет. Адамдын ырыскысынын берекесин кетирет, ошондой эле адамдын илиминин дагы ырыскысын кетирет. Кээ бир адамдар 8ге чыгат, кээ бир адамдар 80ге чыгат. Бирок ошол эле 8ге чыккан адам өмүрүндө эң чоң сооп иштерди жасап, ал эми 80ге чыккан адам 8 жаштагы балачалык жакшы амалдарды аткарбай коюусу ыктымал. Ошондуктан колубуздан келишинче мына ушул күнөөлөрдөн алыс болушубуз керек. Күнөө жүрөктү өлтүрөт. Демек, жашооңузда кайсы бир ишке көңүлүңүз толбой жаткан болсо өзүңүздү бир таразага салып, күзгүдөн карап көрүңүздөр, ошого карап оңолгонго аракет кылыңыздар.

Запись Күнөө кылуудан сактангыла! впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.