Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком May 22. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облусунун Лейлек районундагы Тайлан айылындагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр Исфана шаарындагы “Тайлан” мечитине таза суу чыгарып беришти. Бул тууралуу Баткен облустук казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп 20 жыл мурда бүтүргөндөр ар кандай шаан-шөкөттөн баш тартып, чогулткан каражатын элге пайдалуу ишке жумшоону чечишкен. Бул саамалыкка айыл эли ыраазычылык билдирип, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тобуна бата беришти.

“Баткен Казыяты”

Запись Лейлектин Тайлан айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мечитке суу чыгарды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Ислам оюндарынын жабылуу күнү. Кыргызстан курамасы жалпы жыйынтык боюнча 10-орунда

Бүгүн Бакуда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарынын жабылуу күнү, жыйынтыктоо аземи болот. Ушул күнгө карата Кыргызстандын спортчулары жалпы медалдык эсепте 57 өлкөнүн арасынан 10-чу орунду камсыздады. Ала-Тоолуктардын капчыгында 4 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль – жалпысынан 16 сыйлык бар. Улуттук курама Египеттен кийин – ал 9-орунда жана Сауд Арабиясынан мурун жайгашты – араб өлкөсү 11-орунда.

Жакынкы кошунабыз Казакстан 14-орунда. Кыргызстандан кийинки саптарда Ирак, Түркмөнстан жана Нигерия сыяктуу ири өлкөлөр артта калган. Жалпы медалдык тизмени мелдештердин ээси – Азербайжан жетектеди, 2-3-орундарды Түркия менен Иран ээледи.

5tv.kg

Запись Ислам оюндарынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын куржунунда 16 медаль впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суроо: Ассаламу алейкум уа рахматуллохи уа баракатух! Боюмда бар бозо ичсем болобу?
Жооп: Жок.

Суроо: 46 жаштамын, балалуу боломбу же кечпи?
Жооп: Алладан үмүт кылыңыз. Алланын колунда бала бериш, бербеш. Кыргызда токсон, сексен, жетимиш деген аттар болгон азыр дагы болуп келе жатат. А сиз 46 эми чыгыпсыз. Алладан дуба кылып сураңыз.

Суроо: Тамеки чексе даарат сынабы? Рахмат.
Жооп: Сынбайт.

Суроо: Арууке деген аттын манисин айтып берип коюнузчу?
Жооп: Арууке деген ат таза, тунук дегенди түшүндүрөт.

Суроо: Менин ата-энемдин үйлөнгөнүнө 30 жыл болуптур. Нике кыйылбаптыр, мен үйлөнгөндө күбө катарында отуруган нике ата-энеме нике түшөбү же кыйдырыш керекпи?
Жооп: Ата-энеңизге нике кыйдырып койуңуз.

Суроо: Жума намазна толук намаз билип барыш керекпи? Жатып турган эрежелери зарылбы же жатып турганды жумада үйрөнсө болобу?
Жооп: Намаздын жатып турган эрежелерин бир эки жолу көрүп эле үйрөнүп алса болот. Сиз бара бериңиз жуманы калтырбай, жуманыз кабыл болот ин шаа Аллах.

Суроо: Кээде мергенчилик кылабыз, мылтыкка созсуз документ алыш керекпи? намаз окуйбуз.
Жооп: Мыйзамда кандай болсо ошого баш ийип анан анчылык кылыңыз.

Суроо: Аялым менен ажырашып, 7 жылдан кийин кайра жараштым бирок, ичимдеги кара так кыйнап жатат. Күйөгө тийип келди эле кантем?
Жооп: Өтүп кетет дуба кылыңыз.

Суроо: Мышык өлтүрсө болобу?
Жооп: Болбойт.

Суроо: Менин боюмда бар, жакында көз жарам эгиз уулдар. Ат коюп бересизби?
Жооп: Саад-Масууд, Хасан-Хусейин

Запись Турмуштук суроо-жооптор (61) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдышүкүр ажы Нарматов

Ассалааму алайкум урматтуу мусулман бир туугандар!

Рамазан айы он эки айдын эң ыйыгы. Аллах Таала айлардын ичинен ушул гана айдын атын атап айткан. Куранда: “Рамазан айы, бул айда адамдарга туура жол көрсөтүүчү хидаят жана фуркандан турган анык далил катары Куран түшүрүлдү. Силерден кимде-ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын. Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллах силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) аны калтырбай тутууңар жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллахка шүгүр кылып, даңазалашыңар үчүн (парз кылынды) – деп айтылган. (Бакара, 185-аят).

Аллах Тааланын сөзү менен ыйык Куранда аты аталгандыгы Рамазан айынын өзгөчө экендигин билдирип турат. Рамазан айында орозо кармоо Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) Меккеден Мадинага көчүп келгенден кийин эки жылдан соң, тагыраак айтканда пайгамбарлык доордун он бешинчи жылында парз кылынган. Салман (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, минтип айтат: “Шаьбан айнын акыркы күнү Пайгамбарыбыз бизге хутба айтты.

Анда ал: “Оо, адамдар! Силерге ыйык жана берекелүү ай жакындап келе жатат.

Бул айда бир түн бар, анын даражасы миң айдан да жакшыраак. Аллах Таала бул айда орозо тутууну парз, кечинде (таравих) намаз окууну нафил кылды.

Бул айда кимде-ким бир жакшылык кылса, башка айда парз амалын аткаргандай болот. Ал эми бул айда парз амалын аткарса, башка айда жетимиш парзды аткаргандай болот.

Бул ай – сабырдуулуктун айы. Сабырдуулуктун сыйлыгы – Бейиш.

Бул айда мусулмандын ырыскысы көбөйөт.

Бул айда ким орозо камаган адамга тамак берсе, анын күнөөсү кечирилип, тозоктон кутулат. Ал орозо кармаган киши ээ болгон соопко ээ болот. Бирок андан орозо кармоочунун сообу да кемип калбайт.

Бул айдын башталышы – ырайымдуулук, ортосу – кечирим, аягы – тозоктон азат кылуу.

Бул айда төрт ишти көбөйткүлө. Анын экөөсү менен Роббуңарды ыраазы кылаасыңар, экөөсүнө өзүңөр муктаж болсуңар. Роббуңарды ыраазы кылуучу эки амал – “Лаа илааха иллаллоох” деп келме айтуу жана Аллахка истигфар айтып, кечирим суроо. Ал эми өзүңөр муктаж болгон эки амал – Бейишти сурагыла жана тозоктон сактангыла.

Бул айда ким бир адамды тойгузса, Аллах ага менин “Хавз” булагымдан ичирет, ал эч качан чаңкабайт” – деди.

Ошондо кээ бир сахабалар: “Оо, Аллахтын элчиси, орозо тутуучунун курсагын тойгузуу баарыбыздын эле колубуздан келе бербейт” – дешти. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Ким бир уурттам суу же сүт, же бир курма менен ооз ачырса, Аллах ага тойгузгандын сообун берет” – деп жооп берди. (Ибн Хузайма).

Рамазан айында мусулмандарга Аллахтын жардамы түшөт. Тарыхта ислам дининин таркоосуна жол ачкан Бадр жеңиши Рамазан айынын он жетисинде болгон. Бул күнү саны да, күчү да аз болгон мусулмандар Аллахтын жардамы менен жеңишке жетишкен. Адамдардын жан дүйнөсүн күмөндөн, ширктен тазалаган, Аллахтын үйүн эстеликтерден жана көп кудайлуулуктан тазалаган Меккени жеңип алуу күнү да Рамазан айында болгон.

Рамазанды кантип тособуз?

Рамазан айы жүрөгүндө ыйманы бар адамдар үчүн майрам жана жан дүйнөнү дарылоочу убакыт. Рамазан айы биздин үйүбүзгө келип, отуз күн түнөп кетүүчү конок. Рамазан айы биздин бир жылдык жасаган күнөөлөрүбуздү жууп кетирүүчү жана Акыретибизге азык камдап алуучу мүмкүнчүлүк. Демек, бул айды күтүп алуу, конок күткөндөй маанилүү. Сахабалар Рамазан айы киргенде кубангандыктан көз жашын төгүп ыйлашат эле. Ал эми Рамазан айы чыгып кеткенде кайгыргандыктан көз жаш төгүшөт эле. Алар “Аллахым Рамазан айына жеткиргин” деп дуба кылышат эле. Алар Рамазанга жетсе, күнөөдөн кутуларына, соопту көбөйтөрүнө толук ишенишет эле. Аларрамазандан алдын аны утурлап нафил орозолорду кармашса, Рамазандан кийин аны менен коштошуп нафил орозо кармашчу. Рамазанды татыктуу тосуп алуу үчүн биз дагы төмөнкү амалдарды аткаруубуз керек:

1. “Рамазанда орозо камаймын” деп ниет кылуу. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бардык амалдар ниетке жараша болот” – деп айткан. Адам өз эркин өзү башкара алат б.а. нафси каалоосун сындырууга өз кудурети жетет. Күн сайын календардын барагын карап, “Рамазан батыраак келсе экен, орозо кармайт элем” деп ниетин бекемдей берсе, ал психикалык жактан орозого даяр болуп калат. Орозо жакындап калганда “кармасамбы же, кармабай эле койсомбу” деген эки анжы ойлор келбейт.

2. Орозо тууралуу китептерди окуп, орозо тууралуу айтылган баяндарга кулак салуусу керек. Анткени, орозонун пайдаларын уккан сайын ага кызыгуу пайда болот жана өзү кызыккан ишти аткаруу жеңил болот.

3. Буга чейин жасаган күнөөлөрүн баштан-аякка чейин эстеп өзүнө эсеп берүүсү керек. Кайсы эле адам жасаган күнөөлөрүн эсептеп чыкса, абдан көп күнөө жасаганын билет. Күнөөсүнүн көптүгүн көргөн адам, бул күнөөлөрдөн тазалоочу Рамазан айын текке кетирүүдөн коркуп, орозо кармайт.

4. Акыретти, Аллах Тааланын алдында эч кандай сообу жок турган күндү көбүрөөк эстөө керек. Эгер биз жасап жаткан амалдарыбыздын аздыгын биле алсак, анда Рамазанды сөзсүз пайдаланып калмакпыз. Анткени, анда биздин бүтүндөй бир өмүрүбүз да жетпей турган “Кадыр кечеси” бар.

5. Аллах Тааланы көп зикр кылуу айрыкча эртең мененки жана кечиндеги зикр сөздөрүн көп айтуу керек. Себеби, зикр кылуу адамды шайтандын азгырыгынан сактайт. Көпчүлүк адамдар шайтандын азгырыгына алданып орозо кармабай калышат.

6. Шаьбан айынын жарымына чейин нафил орозолорду кармап, нафсини көндүрүү керек. Нафил орозо кармаганга көнгөң нафси парз орозону кармоого жөн эле көнөт, анан да орозо кармоого көнүп калгандыктан Рамазандын орозосун кармоо да жеңил болот.

7. “Рамазан айынын орозосун кармоону насип кыл” деп Аллахка көп дуба кылуу керек. Анткени, ар бир иш Аллахтын каалосу менен болот. Канчалаган мусулмандар орозого бир күн калганда бул дүйнөдөн өтүп кетип жатышат.

Рамазанда кандай амалдарды кылуу керек?

Рамазан айы мусулман адам үчүң табылгыс мүмкүнчүлүк. Бул айда жасалган жөнөкөй амал башка айда жасалган парз амалы сыяктуу соопко ээ болот. Ал эми бул айда жасалган бир парз амалы, башка айдагы жетимиш амалдын сообун берет. Ошондуктан бул айга жетүүнү Аллах Таала насип кылса, анда төмөнкү амалдарды аткарууга шашылалы:

1. Таравих жана башка нафил намаздарды окууга. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Рамазан айында ким ишенүү жана сооп үмүт кылуу менен намаз окуса, анын өткөн күнөөлөрү кечирилет” – деген. Бул айда окулган бир рекет намаз жетимиш рекет менен барабар. Мындан өткөн сооптуу ишти кайдан таба алабыз?

2. Куранды окууга жана катмы кылууга. Рамазан Куран түшүрүлгөн ай. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Рамазан айында Жибрийил периште менен бирге Куранды катмы кылган. Курандын ар бир тамагасы үчүн он сооп болорун айткан, ал эми Рамазан айында сооптор жетимишке көбөйөрү белгилүү.

3. Тооба кылууга жана кечирим тилөөгө. Рамазандын алгачкы он күнү – ырайымдуулук, ортоңкусу – кечиримдүүлүк күндөрү болуп эсептелинет. Бул күндөрү кылынган тообалар кабыл болору шексиз.

4. Көбүрөөк дуба кылууга. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Орозо тутуучунун ооз ачардагы дубасы сөзсүз кабыл болот” – деген. Демек, отуз күндү текке кетирбейэмне тилегибиз болсо, аны Аллахтан сурап калуубуз керек.

5. Кайрымдуулук кылууга. Ааиша энебиз айтат: “Аллахтын элчиси Рамазан айында абдан кайрымдуу болчу”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын саламсалаваты болсун) дайыма кайрымдуу, колу ачык болгон. Ал эми Рамазан убагында кайрымдуулукту чексиз көп жасаган.

6. Башкалардын оозун ачырууга. Бул айда бир адамга суу же курма берип ооз ачыруу, анын курсагын тойгузгандай соопко ээ кылат жана ал адам Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) булагынан суу ичүүгө татыктуу болуп калат. Башка мезгилде таштай албаган жаман адаттарды таштоого. Анткени була йда шайтандын азгырыгы алсыз болот, натыйжада тамеки, насыбай ж.б.у.с. жаман адаттардан кутулууга болот.

Бул айда эмнелерден тыйылабыз?

Рамазан айында Аллах Таала бизди башка учурда адал болгон үч иштен б.а тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана аялга жакындык кылуудан тыят. Башка убакта адал болгон иштерден тыйылган соң, башка учурда арам болгон иштерден тыйылуу турган иш. Рамазан айы сооптуу ай болгон менен аны туура пайдалана албаган адамдар кайра күнөөкөр болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан орозо кармаган адам төмөнкү иштерден сактануусу зарыл:

1. Көп сүйлөөдөн. Рамазан Аллахты зикр кылуучу ай. Аллахты зикр кылуудан башка сөздөрдүн баары пайдасыз. Ал эми кыйбат, ушак, жалган айтуу сыяктуу сөздөр орозонун сообун кетирет.

2. Көп уктоодон. Кээ бир адамдар орозодо иш кылууга болбойт дешип көп убактысын уйку менен өткөрүшөт. Бул туура эмес түшүнүк. Орозодо колдон келишинче уйкуну азайтып, ибадатты көбөйтүүгө аракет кылуу керек.

3. Урушуп талашуудан. «Орозо бул – калкан. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга тартса, анда ал: Мен орозо тутуучумун деп айтсын” – деген.

4. Ысырапкорлуктан. Кээ бир учурларда “Орозо кармоочулар ооз ачканда шайтан коркуп качат” дешип, ашыкча ысырап кылган адамдар бар. Бул дагы туура эмес түшүнүк. Адам канчалык ачка болбосун, өз деңгээлинен ашыкча тамак жей албайт. Ошондуктан тамак-ашты ашыкча көп жасап ысырап кылууга болбойт.

Рамазан айынын артыкчылыктары:

1. Орозо кармоочуга далил болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Орозо бул – далил. Ошондуктан ким орозо кармаса, адепсиздиктен этият болсун, үнүн көтөрбөсүн, аны кимдир бирөө сөксө же урушууга мажбурласа, анда ал: “Мен орозо тутуучумун” деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, орозо тутуучунун оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктен да жагымдуу. Орозо тутуучу эки убакта кубанычка бөлөнөт: ооз ачкан убакта жана Роббусуна жолуккан кезде» – деп айткан. (Муслим).

2. Орозо тутуучунун күнөөлөрү кечирилет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Ким Рамазан айында ишеним жана Аллахтан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

3. Орозо кармоочунун сообу чексиз болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: «Аллах Таала: “Адам баласынын орозодон башка ар бир иши өзү үчүн. Ал эми, орозо – Мен үчүн. Анын сыйлыгын Мен беремин” – деген. (Бухарий, Муслим).

4. Орозо, Бейишке кирүүгө себеп болот. Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Чындыгында, Бейиште, Кыямат күнү орозо кармоочулар гана кирүүчү «Ар-раян» деген эшик бар. Андан орозо тутуучулардан башка эч ким кирбейт. «Орозо тутуучулар кайда» деп айтылганда, алар алдыга чыгышат. Алар кирип кеткен соң эшик бекем жабылып, андан кийин ага эч ким киргизилбейт» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): «Рамазан айы киргенде Бейиш эшиктери ачылып, Тозок эшиктери жабылат. Ал эми шайтандар кишенделет» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

5. Орозо кармоочу адам тозоктон алыс болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) «Аллах жолунда бир күн орозо кармаган адамдын жүзүн анын ошол амалы үчүн, Аллах Таала оттон жетимиш жылдык аралыкка оолак кылат» – деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Запись Орозо жакындап келе жатат впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир акылман адамга бир топ киши келет. Алардын баарынын дарты окшош эле. Бирөөсү бир жыл мурун үйү өрттөнүп кеткенден кийин өрттөн коркуп калганын, бирөөсү көп суммадагы акча алдатып койгондон кийин чоң ишке акча салуудан корко берерин, дагы бирөөсү ар дайым зомбулук көрсөткөн күйөөсүнөн ажырашкандан кийин кайра турмуш куруудан корко берерин, ошол коркуулары жашоодо көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып, айтор, жардам сурайт. Алардын сөздөрүн уккандан кийин акылман адам аларга бир күлкүлүү окуя айтып берет. Угуп отургандардын баары көздөрүнөн жаш чыкканча күлүшөт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ошол эле окуяны кайра айтып берет. Бул жолу угуп тургандар жылмайышып, айрымдары кичине күлгөн болушат. Ошол эле окуяны үчүнчү жолу айтканда эч ким күлбөйт. Кээ бири акылманга таң калып, туура эле келдимби дегендей карап калат. Ошондо ал жылмайып мындай дейт: «Бир эле күлкүлүү окуяга силер ар дайым күлө бербейсиңер. Үчүнчү жолу айтканда эле кызыгы кетип калды. Анда эмнеге кайгылуу нерселерди жүрөгүңөргө жакын алып жүк кылып, ар дайым коркуп же кайгыра бересиңер? Эмне үчүн аны унута албайсыңар? Адамдын акылын жана жүрөгүн эмне бийлеп алса, жашоосуна ошол нерсенин таасири күчтүү болот».

Инсанда бир түйүм эт бар, ал жакшы болсо, дене да жакшы болот. Эгер ошол бир түйүм эт жаман болсо, дене да жаман болот. Ал бир түйүм эт – жүрөк. (Хадис)

Акыл деген – алтын таажы, ар бир башка жарашкан. (Макал)

Акыл үч жолу кемийт: капаланганда, уктабай жүргөндө жана курсак ачканда. (Эл нускасы)

Эгер адамдар өздөрүнө жакпаган нерселер менен алектене беришсе, анда ийгиликке жетүүсү кыйын болот. (Дейл Карнеги)

“Шоокум”

Запись ЖҮРӨКТҮН ЖҮГҮ впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.