Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Турмуш сабактары. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күйөөсү аялын жаака чаап жиберди, аялы ыйлаган бойдон: “Мен сиздин үстүңүздөн арызданам” деди.

Күйөөсү: “Сага бул жерден чыкканга ким уруксат берет экен?” деди.
Аялы: “Сиз эшик-терезелерди жаап салсам эле арызданганга жолтоо кыла алам деп ойлоп жатасызбы?” деп сурады.

Күйөөсү таң калган бойдон: “Колуңан эмне келет?” деп жооп берди.

Аялы: “Мен байланышка чыгам” деп айтты.
Күйөөсү: “Телефонуң менде, каалаганыңды кыл” деди.

Аялы жуунчу бөлмөгө багыт алды да ал жакка кирип кеткенде күйөөсүнүн башына “Терезеден чыгып кетсечи” деген ой келип, сыртка атып чыкты да жуунчу бөлмөнүн терезесинин жанында күтүп туруп калды…бирок канчалык күтпөсүн эч нерсе болбогондон кийин кайра үйгө кирип, эшиктин жанына туруп алды.

Аялы жуунчу бөлмөдөн чыкты, жаңы эле даарат алганы көрүнүп турду. Чыкты да күйөөсүнө карап: “Мен сиздин үстүңүздөн Ысымы менен ант берген Затка арызданам, буга эшик-терезе, телефондор тоскоолдук кыла албайт, дуа эшиктери ар дайым ачык” деди.

Күйөөсү тынч гана диванга отурду да ойлонуп кетти. Аялы саждаларды узартып намаз окуп баштады, күйөөсү болсо муну кунт коюп карап отурду, качан гана аялы намазды бүтүп эки колун көтөрүп дуа кылып баштаганда ал аялын эки колунан кармап калды…

Аялы күйөөсүнө назик үнү менен ылдый карап туруп айтты: “Сиз мага кылган нерсеңиз үчүн бир эле ушу дуа менен чектелет деп ойлоп жатасызбы?”.

Күйөөсү: “Аллахтын ысымы менен касам ичип айтам, сени урайын деген ниетим жок эле, бирок ачуум сабырыман ашып кетти”.

Аялы айтты: “Ошондуктан мен бул дуа менен гана чектелбейм жана менин дуаларым Иблиске каршы багытталган, мен күйөөмө каршы дуа кылгыдай кемакыл эмесмин” деп көзүнө жаш алды.

Күйөөсү: “Сага сөз берем – экинчи ачуум менен сага кол тийгизбейм”.

Мынакей, Аллах жана Анын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сыфаттаган момун мусулман аялзатынын үлгүсү.

Алар үчүн коруучу болуңуздар, ошондо алар сиздерге кызмат кылышат.
Алар үчүн болуңуздар, ошондо алар сиздер үчүн болушат.

 

Запись Күйөөсү аялын жаака чаап жиберди жана анын аягы эмне болду? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир акылман адамга бир топ киши келет. Алардын баарынын дарты окшош эле. Бирөөсү бир жыл мурун үйү өрттөнүп кеткенден кийин өрттөн коркуп калганын, бирөөсү көп суммадагы акча алдатып койгондон кийин чоң ишке акча салуудан корко берерин, дагы бирөөсү ар дайым зомбулук көрсөткөн күйөөсүнөн ажырашкандан кийин кайра турмуш куруудан корко берерин, ошол коркуулары жашоодо көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтып, айтор, жардам сурайт. Алардын сөздөрүн уккандан кийин акылман адам аларга бир күлкүлүү окуя айтып берет. Угуп отургандардын баары көздөрүнөн жаш чыкканча күлүшөт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ошол эле окуяны кайра айтып берет. Бул жолу угуп тургандар жылмайышып, айрымдары кичине күлгөн болушат. Ошол эле окуяны үчүнчү жолу айтканда эч ким күлбөйт. Кээ бири акылманга таң калып, туура эле келдимби дегендей карап калат. Ошондо ал жылмайып мындай дейт: «Бир эле күлкүлүү окуяга силер ар дайым күлө бербейсиңер. Үчүнчү жолу айтканда эле кызыгы кетип калды. Анда эмнеге кайгылуу нерселерди жүрөгүңөргө жакын алып жүк кылып, ар дайым коркуп же кайгыра бересиңер? Эмне үчүн аны унута албайсыңар? Адамдын акылын жана жүрөгүн эмне бийлеп алса, жашоосуна ошол нерсенин таасири күчтүү болот».

Инсанда бир түйүм эт бар, ал жакшы болсо, дене да жакшы болот. Эгер ошол бир түйүм эт жаман болсо, дене да жаман болот. Ал бир түйүм эт – жүрөк. (Хадис)

Акыл деген – алтын таажы, ар бир башка жарашкан. (Макал)

Акыл үч жолу кемийт: капаланганда, уктабай жүргөндө жана курсак ачканда. (Эл нускасы)

Эгер адамдар өздөрүнө жакпаган нерселер менен алектене беришсе, анда ийгиликке жетүүсү кыйын болот. (Дейл Карнеги)

“Шоокум”

Запись ЖҮРӨКТҮН ЖҮГҮ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Небереси жүзүнөн нур тамган чоң атасын карап кызыгуу мене суроо узатты:

Чоң ата! Бир адамдын өмүрү канчалык болот?

Чоң атасы жылмайып карап:

Азан менен намаздын аралыгынчалык, уулум, — дейт.

Анда небереси:

Кандайча, өмүр ушунчалык кыскабы? – дейт.

Чоң ата:

Ооба, уулум. Өмүр намассыз азан менен, азансыз намаздын аралыгынчалык, — деп жооп кайтарат.

Небереси кайрадан сурайт:

Намассыз азан менен, азансыз намаз дегенде эмнени айткыңыз келгенин түшүнө албадым, чоң ата. Бул эмне деген айтып бериңизчи?

Ал небересинин колун кармап:

Мындай, уулум. Бир нече күн мурда коңшубуз уулдуу болду. Анын кулагына азан окулду туурабы? Мына ошол азандын намазы окулбады. Ал намассыз азан болот. Адам көз жумган соң окулган жаназа намазынын да азаны жок. Ал азансыз намаз эле. Чындыгында ошол намаздын азаны адам төрөлгөндө кулагына окулган болчу.

Азан: “Эй, адамзат! Төрөлдүң, бирок көз да жумасың. Өмүр тез өтөт, жашооңду туура пайдалан. Убактыңды текке кетирбе! – деген чакырык айтып жаткан сыңары  болот, уулум.

Өмүр азан менен намаздын аралыгынчалык. Өмүрүңдү текке өткөрбө! Анын  маңыздуу өтүшү үчүн аракет кыл. Бир саамчалык да убактыңды текке кетирбегин …

Адамдардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар: ден соолук жана бош убакыт. (хадис)

Кудай деген куру калбайт. (макал)

Жаназаң окула электе Жараткан Эгеңди көп эсте. (А.С.Пушкин)

Запись Намаз менен азандын аралыгы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Бир акылман адам падышаныкында конокто отурат. Падыша акылман адамды өтө сыйлагандыктан, тамак ичип жатканда да ар бир сөзүнө кулак салып, баа берип отурат. Бир убакта акылман адам падышанын колун көпкө карап туруп калат. Аны байкаган падыша:
– Шакегимди карап жатасызбы? – деп сурайт.
– Ооба, падышам, ташына кызыгып карап турам...
– Таза алмаз, – деп сыймыктана түшөт падыша.
– Эң жакшы, бирок, мунун пайдасы канчалык?
– Эч кандай, жөн гана кооздугунан, анан өтө баалуулугунан улам тагынам. Даражама ылайык бул таш.
– Аа, болуптур, анан бул ташың киреше алып келеби?
– Жок, улукманым, бул таш кайдан киреше алып келсин...
– Анда бул бир болбогон таш экен. Менде ата-бабамдан калган бир жуп таш бар, жылына 50 алтын киреше алып келет.
– Оо улукманым, кайдагыны айтасыз да. Ал кандай таш экен жылына мынча киреше тапкан? – дейт падыша, таң калганын жашыра албай.
– Ал – тегирмен ташы! Себеби, бул таштар биздин ата-бабабызды багып келген, азыр бизди багып жатат. Бул таштын артынан тапкан кирешем менен үй-бүлөмдүн муктаждыгын да каржылайм, зекетимди да берем, башкалардын муктаждыктарына да жардам берем. Натыйжада менин ташым сенин баалуу ташыңдан дагы пайдалуу болуп чыгат.
Мейли, бул дүйнөнүн адам суктанарлык байлыктары сенин колуңда болсун, мейли илимдин кудугун терең казып, үч-төрт жерден билим алып, акылдуунун акылдуусу бол, бирок, ошол байлыгыңды, илимиңди, акылыңды туура колдонбой, алар адамдарга пайда алып келбесе, эл кызматына жарабаса, анда анын баалуулугу канчалык? Бул дүйнөдө да, акыретте да пайдасы тийсин десек, колубуздагы нерселерди, илимибизди өзүбүзгө жана элге пайда алып келүүсү үчүн дуба кылалы...
http://formulasy.blogspot.com/2016/

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Гүлкыз апасынын чексиз мээримине, сүйүүсүнө бөлөнүп торолду. Апасынын сыпаттоосу боюнча ал абдан сулуу, сүйкүмдүү кыз эле. Бирок мектепке барган күндөн тартып баары өзгөрдү. Классташтары анын сулуу эместигин айтып шылдың кылышчу. Гүлкыз кичинекей кезинде курбу кыздарынын шылдыңын көрө албастык кылып жатышат деп этибарга алчу эмес. Бой жетип чоңойгон сайын жүзүндөгү тактарын, көздөрү кыйшык экенин, физиологиялык жактан абдан алсыз экенин байкай баштады. Демек, апасы аны алдап, жылдар бою жалган сүйлөп келген тура. Ошентип, Гүлкыздын апасына болгон мамилеси өзгөрдү, аны менен күн алыс чырдашчу да болду. Апасы анын ден соолугу үчүн барбаган дарыгери да калган эмес. Акыркы жолку үмүт менен бир дарыгерге барышканда убакыттын өтүүсү менен Гүлкыздын көзү көрбөй каларын да угуп калган. Мына ушул акыркы окуядан кийин Гүлкыздын апасына болгон жек көрүүсү күчөп, үйдөн чыгып кетүү чечимине келди. Бирок апасы алыс бир жерден иш тапканын айтып, кызынан мурда үйдөн чыгып кетти. Күн алыс иштеп тапкан акчасын кызына жөнөтүп турду. Гүлкыздын көзү көп өтпөй көрбөй калды. Ансыз да кыйналып турган Гүлкызга бул абал абдан эле оор тийди. Күндөрдүн биринде дарыгерлер ал үчүн ылайыктуу эки көз табышканын айтып, операция жасашты.

Гүлкыз көзү көргөн чакта деле өзүн күзгүдөн көрүүнү каалачу эмес. Ошентип, операция ийгиликтүү аяктады. Жаш кыз операциядан кийин күзгүгө каранып, таң калыштуу өзгөрүүгө кабылды. Күзгүдөн чындап эле гүлдөй сулуу кызды көрүп таң калды. Жүзүндөгү сепкилдер жоголуп, мурду, кулагы – баары жарашыктуу, чачтары да укмуш көрүндү. Жаш кыз жанындагы улгайган дарыгерди кыса кучактап: «Дүйнөгө жаңыдан келгендей болдум! Жүзүмдө эч кандай жагымсыздык калбаптыр. Ушундай укмуштуу операцияны сиз жасадыңызбы?» – дейт. Улгайган дарыгер: «Мындай операцияны жасаган жокпуз, кызым, – дейт жылмайып, – сага апаңдын көздөрүн тактык. Сен, өзүңдү анын көздөрү менен көрүп жатасың!».

Эненин көзү

Баарынан күчтүү ыйык сүйүү – эненин сүйүүсү. Ал эч нерсеге багынбайт. (Т. Драйзер)

Бир туугандарыбызды, аялдарыбызды, атабызды сүйгөнүбүз менен, жан кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет. (Н. А. Некрасов)

Бейиш эненин таманынын алдында. (Хадис)

Эне сүтүн актоо – өмүр бою өтөлчү карыз. (Н. Островский)

The post Эненин көзү . . . appeared first on FORMULA.KG.


October 13, 2015 at 08:07AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Иштеген киши эриккенди билбейт. Зеригүү, бекерликтен тажоо дегендер ага жат. Буларды
байлар гана билет. Зарара конту, Бай Арно өзү жашаган шаардын эң бай кишилеринен бири болчу. Жаш болгонуна карабастан, жашоонун бүтүн даамдарын таткан, тажап, чарчап бүткөн. Бул жашоодо жасай турган эч нерсеси калган эмес. Байлык адамга тартуулаган бүтүн сулуулуктар, жеңилдиктер колуңца болчу. Узун саякаттар жасап, ырдап-бийлеп, көңүл ачып, кумар ойноп жүрүп, жылдар өткөн соң атасынын очогуна кайткан. Шаардын дөбөчө жериндеги көркөмдүү чарбагы жибек, пилдин тиши, сансыз кызматчыларга толо болчу. Бирок бай Арно баары бир зериге берчү. Бардык жерде, бардык учурда эле анын кош көңүл, кайдигер отурганын көрүүгө болор эле.

Чарбакты курчаган токойдун сыйкырдуу кооздугуна, том-том китептерге, көз тайгылткан баллдарга, кечелерге карабастан, анда ар дайым бир санаа бар боло турган. Адам баласына бакыт жана беймаралдык тартуулаган бир иши жок эле бай Арнонун… Эригүүсү да ушундан улам боло турган. Бир күнү эртең менен токойду жалгыз башына кыдырып чыгууну ойлоду. Ичи камыгып, өзүнчө эле бушайман болуп, эч нерсе анын сезимдерине кымындай да таасир бере алчу эмес. Назик, аппак колдорун желкесине таяп, башындагы жаман ойлорду алып салууга аракеттенгендей болду. Тажатып, жардам сураган бирөөлөрдүн болбошу аны бир аз тынчытты… Шиберге үстөмөндөп жатып алып, көздөрүн жумду. Бир канча саат бою тынч уктап эс алгысы келди. Бул тажатма, ажарсыз дүйнөдө жасай ала турган жалгыз иши бу болчу. Так башынын үстүндө куштар топтолуп, чыйрыттап сайрап жатышты. Капысынан эле куштардын жапырт учуп калганын көрдү. Аркасынан эле жакындап келе жаткан табыштарды жана балдардын сүйлөшкөндөрүн укту. Ичтеринен бирөө кубанычтуу үнү менен кыйкырды: Он эки миллион… Башка бирөө ага каршы болуп: Бул өтө көп. Бир миллиондон ашык акчам болушун каалабайм. Он эки миллиоңцу эмне кылмак элем. Кел, Франс. Бул жерде тактай отургучтар бар экен. Отуруп бир аз эс алалы… Франс жолдошунун аркасынан жөнөдү. Анан капысынан эле: Рудолф! деп бакырды, карасаң. Тактайга бирөө ыр жазып коюптур. Укчу, мен окуюн. Ар бир күн башка бир азап Ар түнү башка бир жатак Эй, баарынан улуу Кудайым Ишсиздиктен бүттүм тажап. Франс кайгылуу көздөрү менен досуна карап: Ушуну
жазган байкуш баланы көрсөм, колуна бир канча алтын тыйын берип: барып бир жакшынакай көйнөк, өтүк ал. Жуунуп таранып, чачы-башыңы ал. Курсагыңды тойгуз. Анан барып, бир мыкты устанын жанынан иш изде, дейт элем. Албетте, мындай албырап-салбыраган кийим кийип алып, иш издесең, эч ким ишке албайт. Арнонун көздөрү умачтай ачылды. Эриккени-зериккени жок болду. Балдардын шандуу, шайыр үндөрү ичиндеги бир жылуу сезимдерди козгоп койду. Уксаң, мени, Рудольф. Мен он эки миллионду эмне кылам дебейсиңби? Өзүң билесиң. Биздин кичинекей шаарчабызда саңдаган колунда жок, кедейлер бар. Кичинекей, кароосуз үйлөрдө жашашат. Кышкы сууктун каарына чыдабай, көбү өлүп калат. Мен таптаза, ичинде ар түрдүү саламаттык кызматтары болгон, жаркыраган имараттар курдурмакмын. Буга эки миллионум кетмек. Анан да жалпы эл үчүн, өзгөчө ноокастар, майыптар үчүн чоң бир мончо салдырмакмын. Каалагаңдар барып, бе кер эле жууна алсын деп. Ага да эки миллион чыгымдамакмын. Миндеген балдар жакшы тамак-аш ичпейт, жакшы тарбия албайт. Алардын багылышы, туура чоңоюшу үчүн дагы эки миллион зарптап, чоң бир жай курдурмакмын. Ойлоп көрсөң, Рудольф. Оорукчан, кары-картаң, дармансыз канча киши бар. Алар өмүрүнүн соңунда ысык тамак, жайлуу төшөк, жылуу-жумшак мамилеге туш болушу үчүн бул кандай сонун иш болмок. Дуба окушуп, ырахаттанышмак. Бул үчүн төрт миллион бермекмин. Биз жашаган шаарда бир да китепкана жок… Ичинде миндеген китеби бар, бир китепкана салдырам. Кенен, жылуу жана жарык чачкан бир имарат. Карылар, жаштар, балдар бош убакыттарын ошол жерде өткөрө алышат. Канча нерсе үйрөнүшөт, баштары билимге, көкүрөгү сүйүүгө толот. Эч ойлонбой туруп, бул үчүн төрт миллион берем. Баарыданда, Рудольф… Ошол кезге чейин жолдошунун сөзүн сабырдуулук менен угуп турган Рудольф күлүп: Болду эми, деп жолдошунун сөзүн бөлдү: Франс, бүттү акча… Он эки миллионду арыдан бери бүтүрдүң. Койчу! Мынчалык тез түгөнөрүн билген эмесмин. Саамга үндөбөй калышты. Рудольф, ушунчалык ачка болдум. Оозума кара суу келе баштады. Кыштакка кире бериште бир наабайчы бар. Жакындап калдык. Ошоңцон эки нан ал… Жеп алалы. Франс чөнтөктөрүн аңтарып, анан муңайым үнү менен: Рудольф мага жыйырма тыйын бересиңби? Жанымда эч акча жок. Бир тилемчи балага берип койдум. Эмдиги аптада менин туулган күнүм болот, ошондо сага жыйырма тыйыныңы кайтарып берем, деди эле, Рудольф: Албетте, албетте, деп акча сунду. Франс дароо жолго түштү. Зарара конту Бай Арно жаткан жеринен сүйүнүчтүү бир сезим менен шак турду. Токойдон чыккан кезде эң сонун сезимдер бийлеп алган. Дүйнөдө аны жашоого байлаган бир нерселер жаралды. Ичиндеги тажатма, кайгы, капа калган эмес эле. Башка адамдарга жакшылык кылуу чабасы бүтүн ой-дүйнөсүн бийлеп алган болчу. Кээде чайыттай ачык күндөрдө, аны жалгыздыктан, боштуктан куткарган балдардын таттуу тилдерин эстеп калчу. Жылдар бою кулагында ошо он эки миллиоңду адамдардын бактысы үчүн зарптаган, өзүнүн чөнтөгүндө бир кесим нан ала турган акчасы жок баланын үнү жаңырып турду. 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

10 жашында автокырсыкка учурап, бир колунан ажыраган япониялык бир бала...
Буга чейин ар дайым, чоңойгондо дзюдо боюнча мыкты чебер болууну кыялданып келген. Сол колунан айрылгандан бери баарынан үмүтүүзүлгөн бул жаш баланын атасы, Япониянын ошол учурдагы эң мыкты дзюдо чеберин таап, андан жардам сурайт. Спорттун чебери, ошол күндөн баштап эле баланы он жыл бою машыктырат. Бул он жылдын ичинде ага дзюдонун бир гана ыкмасын үйрөтөт. Ар күнү ушул көнүгүүнү кайталоосун айткандыктан, бала кээ-кээде агайынан сурап турчу, “бул ыкманы үйрөндүм. Качан башкасын үйрөтөсүз?” деп.
Балага: “Сен ушуну кайталайбер. Убагы келгенде өзүм айтам. Анан башка ыкмага өтөбүз” деп койчу. Ошентип арадан жылдар өтүп, толук он жыл дегенде бир күнү агайы келет да: “Даярдан! Сени чоң турнирге алып барам... атыңды жаздырып койдум” дейт. Агайынын бул айтканына албетте аябай таң калган болчу. Анткени бир эле ыкманы билет жана өкүнүчтүүсү, бир колунун жоктугу. Турнирге катышкан мыкты чеберлер менен беттешип,аларды жеңүү мүмкүн эмес деп ойлосо да, агайын сыйлап анын айтканын аткарды.Турнирге катышты.
Биринчи таймаш. Билген бир эле ыкмасы бар. Ошол ыкманы туура жана мыкты аткара алгандыгы үчүн, атаандашын жеңди. Экинчисин, үчүнчүсүн, чейрек финал, жарым финал... көптөн күткөн финалга да чыгып келди. Бул жолу да ошол эле ыкманы колдонуу менен атаандашын жеңип турнирдин чемпиону болду. Медалын алаары менен агайынын жанына чуркап барып:
“Агай! Кантип? Кантип жеңишке жеттим? Болгону бирэле ыкманы билсем” дейт. Агайы: “Балам, он жылдан бери ушул ыкманы үйрөнүп келатасың. Мунун мааниси, бул ыкманы сенден башка жакшы билген спортчу жок. Бул биринчиси, ал эми экинчиси, бул ыкмага каршы койуунун бир эле жолу бар. Аны аткаруу үчүн атаандашың сенин сол колуңдан кармашы керек” дейт.

Биз кемчилдик деп билген нерсе, кээде биздин эң күчтүү жагыбыз болушу мүмкүн. Акылың кем болбогон соң...

Хаксли Олдос

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул окуя Американын бир шаарчасында болгон. Бир күнү көчөдөгү бир тилемчи астына салып жаткан гезиттердин биринен кичинекей жарыяга көзү түшүп калат. Бул жарыя өзгөчө жарыя эле: «Эки кабат чоң үй сатылат. Бакчасы, гүл багы, бассейни жана башка бардык шарттары менен. Баасы 1 доллар». Көпкө карап туруп, ал гезитти акырын бүктөп коёт. Ошентип, ал күнү кечинде келет да, баягы жарыяны кайра окуйт. Ишенүүгө мүмкүн болбогон бул жарыя кадимки эле жарыялардын арасынан орун алгандыктан, эч кандай шектенүүгө илинчек таппайт. Үч күн бою тилемчинин оюна баягы жарыядан башка нерсе келбейт. Акыры бир сураштырып көрүүнү чечет. Ошентип, жазылган дарекке жөнөйт. Жакын калганда жол боюнда чоң тактада ошол эле жарыянын жазылып турганын көрөт. «Баасы 1 доллар» деп турат. Тилемчи акырын чөнтөгүнө колун салып, бырышып, майланышып калган 1 доллардан үчтү алып чыгат да, жарыяны дагы бир жолу карап, акырын кадам шилтейт. Көрсөтүлгөн дарекке келип, темир тосмо менен курчалган, кооз бакчасы менен заңгырап турган чоң эки кабат үйдү көрөт да, коңгуроосун баса албай көпкө турат. Эки-үч жолу артка кайрылып барып, кайра келет. Акыры чыгынып, коңгуроону басат. Үйдөн жакшынакай кийинген орто жаштагы аял чыгат да, келген адам менен сылык учурашат. Тилемчинин жарыя боюнча келгенин уккандан кийин үйгө киргизип, кадимкидей тааныштырып чыгат. Мындай мамилеге ансыз да ою бир ордунда болбогон тилемчинин оозу ачыла, ишенер-ишенбесин билбей туруп калат. Анын бул абалын байкаган аял болгон абалды жай түшүндүрүп, бул үйдүн сырын ачат:
– Биз күйөөм экөөбүз көп жылдар бою бактылуу жашаган элек. Бирок акыркы жылдары бир жаш аял анын башын айлантып, арабызды алыстатты. Анан күйөөм кырсыктап кайтыш болду. Мурас кагазына бул үйдү сатып, акчасын толугу менен ал аялга берсин деп жазып кеткенге үлгүрүптүр. Ошентип, мен күйөөмдүн керээзин аткарууга аргасыз болуп турам. Бул жарыяны тынбай берип келе жатканыма жарым жыл болду, ошентсе да биринчи кардар сиз болдуңуз. Кыязы, баасын көрүп эч ким ишенбесе керек, баасынын сырын эми түшүнгөн чыгарсыз… 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кайсы бир имараттын каалгасынан «Карылар үйү» деген жазууну көрсөм, кайгыга чөмүлүп, оор үшкүрүнүп алам. Кээде жашыруун же атайылап алардын маанайын көтөрүү үчүн кандайдыр белектерди же кызыктуу китептерди ала барам. Карылар үйүнүн улагасын аттаганымда улгайган адамдардын үлбүрөгөн жүздөрүнөн, үмүтсүз көздөрүнөн алардын ошондогу кейиштүү абалдарын, баштарынан өткөргөн оор күндөрүн окуп алам. Алгач барганымда өзөгүмө бирөө чок салгандай сыздап, жан дүйнөм муздап, жашоом караңгылап кетти. “Карыган апаларда, аталарда эмне айып? Балдарынын сыйын көрүп, бактылуу карылыкты баштан кечирер кезде тапкан таалайы ушубу? Ата-энесин сыз жерге таштап, өзү мамык төшөктө жаткан уул-кыздан кандай кайрым күтүүгө болот? Бапестеп баккан ата-энесин карылар үйүнө кантип ташташат?” – деп таңданып, кейип бараттым.

Аларга мамлекет кам көрүп жатса да, алардын арманы азайбастыр…

Карылык желкеден басып, муундары калтыраган карылар кимге аманат? Уул-кызын зарыга күткөн ата-энелер кимге аманат? Ойлонбойбу адаммын деп басып жүргөндөр, ата-энесин кагып-силкип, карылар үйүнө калтыргандар? Ойлонбойбу өзү дагы кадам сайын карылыкка жакындап бараткандар? Мен андайларды акыл-эстүү адам эмес, кош аяктуу макулук деп эсептейм.

Келгиле, үмүтсүз апаларды, дармансыз аталарды саргайтпайлы!

Эх уулум, жүрөк дартым сезбедиң!

Эх уулум, жүрөк дартым сезбедиң,

Эчен ирет ойлойм, бирок, келбедиң.

Байкап турам карыганда баш чайкап,

Бапестеген ата-энеңди эстээриң.

Учкул мезгил, силерге да кез келер,

Ушу жазмыш силерге да кезигер.

Кейип-кепчип сыздаганда жаныңар,

Кеч болсо да эне баркы сезилер.

Уйку качат, таң атпайт же күн чыгып,

Узун түндө үшүдүм мен чыйрыгып.

Өлтүрбөдү мени мынча кыйнабай,

Өзөктөгү өрт-жалын же тынчытып.

Уул-кызым ойлонбоду, кантем мен?

Уу жуткандай, буулугамын, эчкирем.

Тобокелге салгым келет жанымды,

Тагдыр ушу, анан кантем эми мен?

Коркунучтуу эмес ажал айбаттуу,

Керек эмес мага ушу жан таттуу.

Жалгыз гана абийиримден уялам,

Эл алдында касиеттүү, айбаттуу.

Өмүр өтөт турмуш менен бетме-бет,

Бакыт мынча адамзатка кеч келет.

Жаратканым аманатын алган соң,

Анан мага бейишинен кут берет.

Майсалбек Ибрахим уулу
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кррр-Ччик кандайдыр бир коркунучту сезип жаткансыды. Калкып жаткан кең океан… Барган сайын бир нерсени билдирүү үчүн болгон күч-аракетин жумшап, кимдир бирөөлөрдүн жардамга чакырып жатканын угуп калды: “Жардамга, адам чөгүп баратат, жардамга!..” Жаш Кррр-Ччик жардам берүүгө шашкалактап, дабыш чыккан жакты көздөй бет алды. Жакындап калганда коркконунан эмне кыларын билбей бүт денеси калтырап калган кичинекей бөбөк экенин байкады. Кичинекей бала айласы кетип чабалактай катуу кыйкырып ыйлап жаткан экен. Тыбырчылоосу, өкүрүгү менен суудагы жырткычтарды чакырып жатканын байкуш бала кайдан билсин. Бирок, Кррр-Ччик болсо ичинен мындай жүрүм-турум акылсыздык экенин сезди. Өзгөчө сууда сүзө албагандар үчүн өтө кыйын экени эсине келе калды. Эне сүтү менен канга сиңген кайрымдуулук сезими. Чоң үй-бүлө. Кара жерде жашагандарды, сууда сүзө албагандарды душман деп санаганына карабастан куткарууга умтулду. Кррр-Ччик баланын жанына абайлап сүзүп келди. Денеси калтыраган бала аны катуу кучактаганда, бир аз эс ала түшкөнсүдү.

– Сенин үйүрүң кайда, бөбөк? – Кррр-Ччик океандагы дабыштарга кулак салды. Баягы эле окуя: адамдар шумдуктай ылдамдык менен океанды жиреп, аны жардыруулары жана уулары менен оорутуп жатты. Эч нерседен капарсыз байкуш бала кемеден кокустан түшүп калган тура. Албетте, баланын кыйкырыгын мотордун үнү басып, чоңдор уккан да жок. Кррр-Ччик өспүрүмдү моторлуу чакан кемени көздөй алып жөнөдү. Көп өтпөй адамдар Кррр-Ччикти жана анын үстүндөгү баланы байкашты. Ылдамдыгын азайтып, Кррр-Ччикти көздөй бурулушту.

Баланын кайтып келгенине кемедеги адамдар абдан сүйүнүшүп, Кррр-Ччикке ыраазычылыгын билдирип жатышты. Куткаруучуну бир канча балык менен сыйлагандай болушту. Берилген балыктардын кээ бирин Кррр-Ччик дегеле жемек эмес, бирок, чоочун болсо да, жакшы сезимдерин сыртка чыгарууга укугу бар деген үй-бүлөнүн мыйзамын карманды.

Кррр-Ччик кеменин жандай сүзүп баратып, анда-санда суу үстүндө секирип коюп атты. Суунун тамчылары күнгө чагылышып, анын жаш денесин огобетер сулуу көргөздү. Ансайын адамдар ага баа берип, суктанып жатышты. Бирок, кеч кирип бара жаткан эле, эми бала үчүн кайгырбай койсо деле болот. Ушинтип ойлогон Кррр-Ччик адамдар менен коштошуп, өз жолуна түштү.

Өз тобун кууп жеткен Кррр-Ччик даанышман Тррр-Иии-Ччикке кайрылды:

– Мен азыр адамды куткарып, аны үйүрүнө кайтарып бердим. Мен жакшы иш жасадымбы?

– Ооба, Кррр-Ччик, – деди устат, – эгер чын дилиң менен жасап, пайда көрүү максатын көздөбөсөң, анда ал – жакшы иш.

– Кичинекей келишпестик бар. Болгон окуядан өзүм үчүн бир да тамчы пайда көрө алган жокмун, бирок, мен оңтойсузданып жатам.

– Кррр-Ччик, тартынбай айта бер, сенин абалыңдын себебин чогуу таап, аны жоюуга аракет кылабыз.

– Билесиңерби? Мен үйгө кайтып келе жатканда, “кайсы убак болбосун, ушул адам же башка бирөө болобу, Чоң үй-бүлөнүн жаш мүчөсүнө жардам берсе экен” деп ойлонуп, ал кыялдануумдан ичим жылыды.

– Кррр-Ччик, – деди кары устат, – өз ойлоруң менен бөлүшкөнүң жакшы болбодубу. Себеби, минтип ойлоо жаңылыш. Сенин үй-бүлөң жырткычты куугандай, сен да мындай ойлордон кутулушуң керек. Биздин этикабыз мына ушундай жаңылыш көз караштардын айынан бузулуп жатат. Адамдардын тобуна баланы кайтаруу менен жакшы иш кылдың. Бирок, жакшы иш кайра жоопту талап кылбайт. Эгер жабыр тарткан тараптан кайтарым болсо, анда ал жардам эмес, келишим түзүү болуп калат. Эсиңде болсун, талап кылбай алкыш жообун күтсөң, бул – зыян келишим. Ал үчүн сени шылдыңдоо керек. Биздин тил менен айтканда, “кургак жерден балык издөөгө” жатат. Ал эми чыныгы кайрымдуулук өз камы үчүн эмес, арам ою жок жасалышы абзел жана анын ысымы болбойт.

Элеонора Абдылдаева

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир күнү түн жарымда караңгыда көз тапкан, кысталышта сөз тапкан чечендиги менен да элге таанымал болгон бир имамдын эшигин түн жарымында бирөө каккылап калат. Уйкусуроо менен туруп келип:

–Ким бул? – деп сурайт.

–Бул мен! – деген жоопту угат.

–Мен деген ким? – деп кайта сураганда:

–Адам баласымын! – деген жооп болот. Муну уккан имам ошол замат эшигин ачып, сыртка чыгып, ал адамды кучактап, маңдайынан өбөт да:

–Саламатсыңбы, Адам баласы? Кош келипсиң! Мен силердин тукумуңардан эч ким калбай калганбы деп жүрдүм эле… – деп кош колдоп үйүнө киргизип кетет.

Бир нерсенин бара-бара азайып, өтө аз өлчөмдө калышы анын баалуулугу артып, баркы көтөрүлүшүнө алып келет. Бүгүнкү күндө чыныгы адамдык сапаттардын дагы акырындап жоголуп баратышы ал сапаттарга ээ болгондордун баасын арттырууда. Ошондуктан, башкалардын ага карата адамдай мамиле кылуусун, эл издеген, элге керектүү адам болууну каалаган ар бир адам чыныгы адамдык сапаттарын жоготпоого, бир сөз менен айтканда, АДАМ болууга тырышуусу керек.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир акылман адам падышаныкында конокто отурат. Падыша акылман адамды өтө сыйлагандыктан, тамак ичип жатканда да ар бир сөзүнө кулак салып, баа берип отурат. Бир убакта акылман адам падышанын колун көпкө карап туруп калат. Аны байкаган падыша:

– Шакегимди карап жатасызбы? – деп сурайт.

– Ооба, падышам, ташына кызыгып карап турам…

– Таза алмаз, – деп сыймыктана түшөт падыша.

– Эң жакшы, бирок, мунун пайдасы канчалык?

– Эч кандай, жөн гана кооздугунан, анан өтө баалуулугунан улам тагынам. Даражама ылайык бул таш.

– Аа, болуптур, анан бул ташың киреше алып келеби?

– Жок, улукманым, бул таш кайдан киреше алып келсин…

– Анда бул бир болбогон таш экен. Менде ата-бабамдан калган бир жуп таш бар, жылына 50 алтын киреше алып келет.

– Оо улукманым, кайдагыны айтасыз да. Ал кандай таш экен жылына мынча киреше тапкан? – дейт падыша, таң калганын жашыра албай.

– Ал – тегирмен ташы! Себеби, бул таштар биздин ата-бабабызды багып келген, азыр бизди багып жатат. Бул таштын артынан тапкан кирешем менен үй-бүлөмдүн муктаждыгын да каржылайм, зекетимди да берем, башкалардын муктаждыктарына да жардам берем. Натыйжада менин ташым сенин баалуу ташыңдан дагы пайдалуу болуп чыгат.

Мейли, бул дүйнөнүн адам суктанарлык байлыктары сенин колуңда болсун, мейли илимдин кудугун терең казып, үч-төрт жерден билим алып, акылдуунун акылдуусу бол, бирок, ошол байлыгыңды, илимиңди, акылыңды туура колдонбой, алар адамдарга пайда алып келбесе, эл кызматына жарабаса, анда анын баалуулугу канчалык? Бул дүйнөдө да, акыретте да пайдасы тийсин десек, колубуздагы нерселерди, илимибизди өзүбүзгө жана элге пайда алып келүүсү үчүн дуба кылалы…
Технологии Blogger.