Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком дин. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ

Адам баласы бир нерсени издейт ..
Анын эмне экенин
инсан өзү деле жакшы аңдып биле бербейт .
Эркеги да аялы дагы, жашы дагы карысы дагы .
Эрте менен таңга маал багымдатты деле окуса окуйт
ошол бойдон издеп жөнөйт .
Көчөнүн четине туруп байкап көрсөңүз ар бир адам ушунчалык шашып бара жатышат,
ар бири өздөрүнүн издеген нерсесин табуу үчүн
колунан келген аракетин жумшайт.
Биздин издеп жаткан нерсебизди өзүбүз деле эмне экенин жакшы биле бербейбиз .

Билбеген нерсенин артынан жүгүрүп жүрүп
кантип бул дүйнөдөн өтүп кеткениңди да
билбей каласың.
Азыр көп адамдардын жүрөктөрүн кайгы баскан .
Ушул кайгыны жок кылуу үчүн адам баласы 24 саат дүйнө издейт, бактылуу күндөргө жетиш үчүн ..
Чөнтөктө акча баар, бирок эмнегедир
дагы эле жүрөк тынч эмес .
Колуңузда айфон, кымбат телефон ..
Эмнеге жүрөк сыгылат ?
Жүрөкө, көңүлүңүзгө эч нерсе жакпай
эч нерсени кабыл алгысы келбей жатабы?
Бмлиңиз тууганым Аллахты зикир кылыңыз..
Анткени жүрөктөгүкайгы күнөөнүн көптүгүнөн болот.
Кайгыны кетирүү үчүн көп дүйнө керек эмес.
Балки өтө көп истигфар керек !

Издеген нерсебиз, чуркап жүргөн максатыбыз
убактылуу гана дүйнө ..
Адамдар кылып жатышат,элди кара !)

Кошуналарың дубалын тургузуп койгон )
Баарыбыз башкача бир бактылуу жашоону каалап
ошол үчүн аракет кылып жүрөбүз.
Бирок эмнегедир окшошпой жатат..
Бактылуулукту өз мекенинен издебей
башка эле жерден таап алсам экен деп кыйналып
жүргөн чагыбыз ..
Аллах Таалам
эки дүйнөнүн бактылуулугун динге койгон !
Бул сөздү терең түшүнүп жетейли биз.
Түшүнүктүү болуп жатабы?
Электр тогун суу менен күндүн нуруна койгон..
Андан башка жерден таппайсыз!
Ошол сыяктуу бактылуу жашоону бир гана динге койгон, издесең динден табасың!
БАШКА ЖЕРДЕ ЖЫТЫ ДА ЖОООК)

Биздин издеген нерсебиз эмне ?
Түбөлүк бактылуулуктун доорун сүрүү эмеспи.
Уйкудан турганда мусулмандарга болгон,
өзүбүзгө болгон гам-кайгы
жүрөгүбүздө барбы же жокпу?
Кошунам намаз окуй албай жүрөт,
туугандарым бидаат ишти билбестен жасап жүрөт мен жеткирейин деген кыжалатчылык жүрөктө ойгонсун ! Же акча байлык, бир карыш курсактын гамын өмүр бою ойлонуп жүрүп өтүп кетүү керекпи?
Караңыз тууганым, бул дүйнөнүн иши зарылчылык.
Бизге уйку зарыл, тамак-аш зарыл, ажатканага баруу зарылчылык .
Бирок ыйман менен жашоо,
дин менен өмүр өткөрүү максатыбыз болсун !
Азыр сиз менен биз айлык алып өмүр кечирүүнү максат кылдык, дин менен жашоону
нике кыйганда жаназа окуганда,
дем салдырганда гана пайдаланып убактылуу зарылчылык кылып алдык туурабы туура эмеспи?
Негизги максатыбыз менен убактылуу зарылчылыктын ордун алмаштырып албайлы.
Дин менен жашоо бүгүнкү күндү ушунчалык зарыл
аба менен суудан зарылыраак !
Келиңиз тууганым аста-секин намаздарыбызды
билгендерге барып каталарын айтууну сураналы..
Окуган Кураныбыз тамгаларынан канча кыйналабыз туурабы, ошону үйрөнүүгө аракет жасайлы.
Сиз биз бир нерсе үйрөнүп бүрөөгө үйрөтүүчү болуңуз. Качанга чейин бирөөлөргө жетелетме болобуз? Качанга дейре үйүбүзгө дааватчы келип мечитке чакырсын ?!
Биз дагы жетелеп бирөөнү динге алып келейлиби?
Биз барып бирөөнү эскертели !

Келиңиз биз дагы ыймангы жакшылыкка чакырайлы.
Балким сиздин артыңызда өтө көп адамдын хидаяты тагдырга жазылгандыр ..
Балким сизди көрүп
көп адамдардын ыйманы күчөйттүр..
Сизди көрүп, сиздин эскертүүңүздү угуп
көп адамдар акыйкатты түшүнүп
тообо кылып калышаттыр.
Ошондуктан туугандар жаш болсок да
улгайып калсак да жакшылыкка чакырайлы..
Ата-энеге каяша айткандар пайда болду.
Бир жолу болсо дагы
“Менин акыретим эмне болот?”- деп уруштукпу )))

Дүйнө болсо, мал-мүлк үчүн үйдө күндүгө жаңжал.
Бир коюң жоголсо жүрөгүң токтоп калайын дейтго,
төрөгөн кызың үйгө келбесе кыжалат болбойсуң..
Тозок же Бейиш турса астыда..
Сен болбогон эле бир нерсе үчүн баш катырасың.
“Мен өлбөйм” – дегендер кол көтөрсүнчү !
Биз ошол күндү эстен чыгарбайлы ..
Балким ушул күн, ушул сааттар,
ушул секундалар менин акыркы убакыттарымдыр
– деп жашайлы ..
Биз Жаратуучуну таанып жашайлы .
Көзүбүз бар бирок акыйкатты көрбөй турган сокур болуп калбайлы.
Бийик үйлөр, кооз имараттар, унааларды көрүп
ким жасады, ким жасады – деп пенделерди издейбиз.
Асманды караңыз бир жериндн жыртыгы жок,
түркүксүз турат, Ким жаратты ?
Тоолорду карайлы, сууну Ким жаратты?
Пенденин ойлоп тапканын айтабыз,
Аллахтын жоктон бар кылганын унутуп калганбыз ..
Туурабы туура эмеспи ?

Менин айтайындегеним урматтуу мусулман бир туугандарым, мусульман болуп жашайлы

Али Оши~

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись ОЙЛОН БИР ТУУГАНЫМ СЕН МУСУЛМАНСЫҢ! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Бир учурларда илим-билимдин артынан сая түшүп, өмүрүн сабаттуу болууга, акыйкатты издеп табууга арнаган бир пенде устатына 20 жылдан ашуун убакыт кызмат кылат. Бир күнү устаты шакиртин жанына чакырып, андан эмнелерди үйрөнгөнүн сурайт. Ошондо шакирти эч нерсеге алмашкыс <<Жети чындыкты>> үйрөнгөндүгүн мындайча тизмектетип айтып берет:

🏻Биринчиси:Жашоодо адамдардын чын көңүлдөн сүйүп, дос күткөн нерселеринин дээрлик баары, тилекке каршы, жарым жолдо жалгыз таштаганын байкадым. Мындан улам, бул дүйнөдө эле эмес, тиги дүйнөгө сапар тарткан учуруңда да сени жалгыз-жарым калтырбаган, ишенимдүү, чыныгы досту издедим. Ал эми чыныгы дос деген өз ээсине кайтарымдуу, пайдалуу, жакшы иштер экенине көзүм жетти. Булар түбөлүктүү өмүр жолундагы адам баласынын эч түгөнбөгөн жан азыгы жана чыныгы достору болуп эсептелет.

🏻Экинчиси:* Көпчүлүк адамдар ушул беш күндүк өмүрүндө байлыктын артынан сая түшүп, мал-мүлк топтоонун аракетинде болушат. Топтогон байлыгын атайын сактоочу жайларда сакташып, атүгүл, жоготуп албоо үчүн колдон келген бардык чараларды көрүшөт. Айрымдарына байлыгына, атак-даңкына, аброюна жана сулуулугуна чиренишсе, а мен болгон байлыгымды жана күчүмдү Жараткан Аллах Таала ыраазы болгон иштерге жумшоону, көңүлүмдү жалныз гана Аллах Тааланын сүйүүсүнө арноону үйрөндүм.

🏻Үчүнчүсү:Бул жалганда адам баласы көбүнесе көрпенделик кылып, байлык, мансап, атак-даңк үчүн башкалардын эле эмес, өз абийирин дагы аштай төгүп, арзыбаган нерселерге жетүүгө жан үрөп келишет. Атүгүл, адамдардын көпчүлүгү атак-даңкка жетүү үчүн ыплас жолжорду пайдаланышып, башкаларды басмырлаганга чейин барышат. Арийне, көз ирмемчелиу бул дүйнөдө адам баласы акыл калчап, адептүү болуп, жамандыктан сактанып, жакшылыкка жанашуу аркылуу гана өзүнүн кимдигин сактап калаарын байкадым._

🏻Төртүнчүсү:Адам баласы эртели-кнч бири-биринин кемчиликьерин аңдуу менен алектенгенин жана балдай ширин жашоосун ууга алмаштырып жатканын көрдүм. Терс көрүнүштөрдүн негизги булагы- менменсинүү, өшүм билемдик, көралбастык жана текеберлик сыяктуу жаман сапаттар экенин байкадым. Ошонжо жан дүйнөмдү аруулап, бардыгы менен достошуп, бакубат турмушта кубанычка бөлөнүп, терең ишенимде жашоонун жолун таба алдым.

🏻Бешинчиси:Адамдар эмнегедир өздөрүнүн кетирген кемчиликтеринин себебин дайыма башкалардан издешет, башкаларды айыптаганга аракеттенишет. Ошентип, кемчиликтерден кутулууну ойлошот. Чындыгында, адам баласынын башына кандайжыр бир жамандык келсе, баары өздөрүнүн жасаган иштеринин айынан экенин билишпейт. Мына ушулардын баарын туюп, өзүмдү өшүм таразалап, напсилеримдин каалоолорун тыйып, жаман жоруктарга баш бакпоого, жамандыктын торуна түшпөөгө аракеттендим._

🏻Алтынчысы:Адам баласы бир сындырым нан үчүн жана көртирликтин айынан жаман-жакшыны ылгабай, түрдүү зорлук-зомбулуктарга барышууда. Мындайлар, биринчиден, башкалардын акысын жеп, жокчулукка кириптер кылып, күнөөгө батып жатышкан болсо, экинчиден, ушул жоругу үчүн улам ойлондуруп, кейитип, түйшөлткөн азапка туш болушат. А бирок чындыгвнда, адам баласы уруш-талашсыз, ынтымак-ырашкерликте жашаганда, Кудайдын берген ырыскысына каниет кылып, ысырапсыз пайдаланганда, баары бакубат турмушта жашамак.

🏻Жетинчиси:Адам баласы бул дүйнөдө дайыма бирөөнө таянууга жана ишенүүгө муктаж. Айрымдар чыныгы бейпилдикти, бакытты байлыктан, мансаптан, сымбаттан ж.б.у.с. утурумдук муктаждыктардан издегендиктен, аларга толугу менен ишенип, туруктуу таяныч катары карашат. Мен болсо Аллаз Таалага болгон бекем ишенимим, Ага болгон тунук сүйүүм аркылуу негизги таянычты таба албадым, жалгыз гана Аллахтан жардам сурадым. Мына ошентип, чекстз ишенимди жана бейпилдикти, бакытты жолуктурдум…

Шакиртинин <<Жети чындыгын>> баштан аяк кунт коюп уккан устаты мындай дейт: “Баракелде, уулум! Абдан таамай белгиледиң. Адам баласын бул дүйнөдө жана Акыретте чыныгы бакытка алып баруучу нерселердин баары сына ушул сен айткан жети чындыктын айланасында экенин баамдадым.

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

📌Даңк жакшы, бирок былыгы чыкса балжып кетет. {А.Доде}

📌Даңк- пайдасыз байлык; кымбатка туруп, бат чирийт. {О.Бальзак}

📌Бирөөнүн бактысына сук арткан адам, эч качан бактылуу болбойт. Өзүңдөн озуп кеткен адамдар оюңа келгенде, өзүңдөн артта калгандардын тагдырын ойлоп көр. {Сенека}_*

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись ЖЕР ҮСТҮНДӨГҮ ЖЕТИ ЧЫНДЫК впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Эмнеге бактылуу болбой жатабыз? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты:
Аалымдар менин мурасчыларым, себеби адамдарды туура жолго салып жаман жолдон кайтарат. Ошондой болгондон кийин аалымдарды урматтап аларды сыйлоо важип болот.
Аалымдардын үй- бүлө каражаты калк үстүндө болот. Аалымдардын өзүнө керек заттарын элге айтып, ошол элден алып пайдалануу туура болот. Аалымдар эл үчүн, элдин кажети үчүн падышанын алдына барат. Аалымдын жаманы элден кол үзүп падыша, амирлерге барат, жакшы аалым аларга барбай эл менен болот. Жакшы падыша, акимдер аалымдарга барат, алардан кабар алат.

Аалым адам менен бирге болсоң 4 нерсе пайда болот:

  1. диниң жарты болсо, бүтүн болот;
  2. текебер болсоң, кичи пейил болосуң;
  3. мусулманды душман көрсөң, кайта дос көрөсүң;
  4. заалым болсоң, заалымдыктан качасың.

Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты, менин аалым үмөтүмдүн уктап жатканы наадан үмөтүмдүн намаз окуганына тең.
Аалымдын жанында отуруу миң жыл ибадат кылгандан жакшы. Менин аалым үмөтүмдүн жанында ким бир саат отурса ал мени менен отурганы. Менин аалым үмөтүмдүн шарапаты көп. Мени менен бирге отурса кыямат күнүнүн коркунучтуу кыйынчылыгынан аман болор.
Кыямат күнү үч түрлүү жамаатка шапаат укугу берилет:
1- олуяларга,
2- аалымдарга,
3- шейиттерге.
жана кыямат күнү Алла- Тааланын жанында аалымдар гана болот.

Шайык Мансур дүйнөдөн өткөндөн кийин бир жакшы адамдын түшүнө кирет. Ошондо ал түш көргөн киши түшүндө сурайт: эй шайык Мансур Алла- Таала сенин тирүү кезиңде иштеген иштериң үчүн көрдө кандай мамиле жасады? Анда шайык ал кишиге айтты. Мени көргө алып барып койгондон кийин хак субхана ва- Тааладан кабар келди. Эй шайык Мансур, сен Менин алдымда көп- көп күнөө алып келдиң. Мен сенин ошол күнөөңдү кечирип сага жаннат насип кылдым. Себеби элге, бечараларга сен ар качан адилдикти, чындыкты көрсөтүүчү элең. Менин бардыгымды, бирдигимди, шериксиз жалгыз экенимди айтып түшүндүрүп жүрдүң. ошолордун Мени дос тутуп, Мага жакын болушуна себеп болдуң. Мен калысмын, ошондуктан сага тозокту эмес бейишти бердим деди.

Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты, кимде ким менин аалым үмөтүмдүн кабарына зыярат жазаса, ал киши менин кабырыма зыярат жасаган болот. Бирөө бир аалымды урматтаса, мени урматтаган болот. Кимде- ким Аалымды улук тутса анын жайы жаннатта болот. Күмөнсүз Алланын дидарын көрөт.
Эгер менин аалымдарымды кордосо, аны кем тутса, анда мени кордоп кем тутканы. Мени кордоп, кемиткени Алланы кордоп, кем тутканы болот. Ал пендеге менин шапаатым болбос, арм болор, ал пендеге Алла ракым кылбас, Алланын жүзүн көрбөс. Ким менин аалым үмөтүмдүн артында намаз окуса, ал менин артымда намаз окуган болот.

Бул дүйнөнүн бузулбай турушунун себеби төртөө:
1- аалымдын илиминин себебинен;
2- адил падышанын адилдигинин себебинен;
3- жоомарттардын кайырынын себебинен;
4- мусулман пенделердин дубасынын себебинен.

Аллахтын элчиси (ﷺ) дагы айтты, менин үмөттөрүмдүн жакшысы анык аалым үмөтүм. Эгер наадан киши жаман сөз сүйлөсө, бир күнөө жазаса Алла- Таала бир күнөөсүн кана кечирет. Аалым пенденин 40 жаман сөзүнө чейин кечирет.
Мындай рабаяттар бар. Кыямат күнү болгондо Алла пенделерди суракка алат. Ошондо пенденин күнөөсү сообунан оор болот, мындан кийин ал пендени тозокко жиберет. Андан кийин Алла Жебирейлерге айтат: “Сен бул пендеден сура, жалган дүйнөдө бир аалымдын мажилисинде болуптурбу? Эгер аалымдар менен отурган болсо, мен ал пендени жалгаймын” . Жебирейил ошол убакта ал пендеден: “Эй пенде, сен жалган дүйнөдө бир аалымдын жыйналышында болдуңбу?” деп сураганда, ал пенде, я бурадар Жебирейил, ал дүйнөдө эч бир аалымдардын мажилисинде болуп сүйлөшкөнүм жок дейт. Жебирейил кайтадан, аалым менен жолдо долуктуң беле? деп сурайт. Жолдо до эч бир аалым менен жолуккан жокмун. Жебирейил кайта сурайт. Эй бечара, сен аалымдын мажилисинде болгон адам менен сүйлөшүп, ошону менен бирге отурдуң беле? Анда ал пенде отурган жокмун дейт. Ошондо Алла Жебирейилге: “Эй Жебирейил, бул пенденин атын бир аалымдын атына ылайык келтир” дейт, бирок ал пенденин аты аалымдын атына окшош болбойт. Анан кайта сурак болот, Жебирейил ал пендеден ал дүйнөдө бир аалымды дос туттуңбу?-деп сурайт. Ошондо ал пенде Жебирейилге айтат: Бир аалымды дос туткан бир адамды бир жолу дос туттум эле дейт. Ошондо Алла: “Эй Жебирейил, мен бул пендемди ошол иши үчүн жалгадым. Сен ал пендени колунан жетелеп жаннатка киргиз. Аалымды дос туткан кишини бир жолу дос тутканы үчүн мен ага жаннатты насип кылдым”- дээр экен.

Кааб ибни Жобир айтты.
Пенде Алланын таат- ибадатын калтырбай кылса, линсиздер, пасыктар, бейнамаз менен отуруп, аларды динге тартса, Алла анынжасаган күнөөсүн кечирип, сооп жазат. Кыяматта тирилип турганда аалым жакшы пенделердин катарында турат. Себеби ал пенде жанагыларга шарият айтып, жол көрсөтөр.
Ар ким аалымдар менен бирге отурса ал пенденин дили таза болот, такыбалар менен бирге отурса, анын такыбалыгы артат, залымдар менен отурса, залымдыгы артар. Кимде текеберлик пайда болсо, ага жаннат насип болбос, арам болоор. Текеберлик жакшы эмес. Ар ким пасыктар менен бирге отурса күнөөгө бейимдүүлүгү көбүрөөк болот.

Жаннаттын алдында төрт түрдүү адам жол талашып турат деп Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты:
1- аалым,
2- ажы,
3- жоомарт,
4- шейит.
Ошондо аалым айтат мен мурун киремин, ажы айтат мен мурун киремин, шейит айтат мен мурун киремин, жоомарт айтат мен мурун киремин деп. Ошондо хак субухана Таала: эй Жебирейил, сен буларды доосун чечип иреттеп кел деп жумшайт. Эгер кайсынысы мурун кирүүгө тийиш болсо, ошону киргиз деп амир берет.
Ошондо азирети Жебирейил ажылар менен шейиттерден жаннатка кирүүнүн жолу менен тартибин кимден үйрөндүгүңуздөр? – деп сурайт. Ошол суракка ажылар менен шейиттер: биз бул жагдайды аалымдардан үйрөндүк деп жооп берет. Азирети Жебирейил анда аалымдар сиздерден устаттарыңыз экен, сиздерге устатыңардан мурун кирүүгө жол жок дейт.
Мындан кийин, эй жоомарттар, сиздер жоомарттыкты кимден үйрөндүңүздөр? – деп сурайт. Жоомарттар: “Эй бурадарым, Жебирейил, биз жоомарттыкты аалымдардан үйрөндүк” – дегенде, азирети Жебирейил: “Андай болсо аалымдар сиздерге устат, сиздерге устаттан мурун кирүүгө туура болбойт”- дейт. Ошондо жоомарттар: “Эй бурадар Жебирейил, биздин устаттан мурун киргенибиз туура эмес экенин билебиз, бирок биздин аалымдар менен келишимибиз бар, ошол үчүн биз мурун кирүүгө тийишпиз” – дешет. Бул сөздү уккандан кийин азирети Жебирейил сурайт: “Ал кандай келишим?” . Ошондо жоомарттар айтат: Жалган дүйнөдө аалымдар калкка шарият айтып, китеп жазар эле, ошондо аалымдарга биз каражатты аябай, мал, кийим, тамак, керегинин баарын камсыз кылдык. Ошондо ал аалымдар айткан: эй жоомарттар, кыямат күнү Алла- Таала бизди, сизди, жаннатка буюрса, алды менен сиз кириңизде деген убадабыз бар эле дегенде, Жебирейил аалымдардан: эй аалымдар, бул жоомарттар эмне деп турат дейт. Аалымдар: эй бурадарым Жебирейил, бул жоомарттар эч бир катасыз ырас айтып турат. Ошондой экени ырас, биз ушулардын берген жардамынын аркасында илимдүү болдук, буларда жардамын бергенден аяган жок, биз да илим алуу жолунда аянган жокпуз. Ошондо Жебирейил: “Андай болсо аалымдар менен жоомарттар тең кирсин. Андан кийин ажылар кирсин”- деп өкүм кылат.

Аалым деп мындай адамды айтат. Иман маселесин, даарат, намаздын жана арам кайсы, адал кайсы билсе ал кишини аалым дейт. Бир киши кары болсо, кырк парызды билсе, ал аалым эмес, ал пендени момун дейбиз. Аалымдар жер жүзүндөгү илимди окуп билсе, ал окуганына амал кылбай жүрсө ал аалым эмес.
Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты эгер аалымдар болбосо дүйнөнүн калкына кыйын болор эле.
Азирети Осмон айтты, эгер зээндүүлүк болбосо иманга кыйын болор эле.
Азирети Али айтты, эгер жоомарттар болбосо, бей- бечараларга кыйын болор эле.
Мухамед Мустапа айтты, аалымды дос тутуу ыкластан болсо, душман көрүү мунапыктык болот. Чын ниетинде аалымды дос туттум деп көңүл койбосо дос туткан болбойт. Көңүл коюунун мааниси, аалымдарга жаны менен кызмат кылуу керек. Малы менен дени менен кызмат кылуу керек. Бирөө аалым менен досмун десе, аалым ага бир иш тапшырса, же ага бирөөнү жумуш менен жиберсе, ал досмун деген адам ошол ишти аткарбаса, анда ал адамдын досмун дегени калп болот.

Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты: менин үмөтүмдүн бирөөсү таң намазын аалым менен бирге окуса жана ошол аалымдын бир маселе сурап үйрөнсө, ошол пенденин басып барган ар бир кадамына бир жылдык ибадаттын сообун жазат. Ал пенденин ар бир кадамынан жаннатта бир шаар жасайт. Ал пенденин жүргөн жолу кыямат кайымга чейин истигфор айтат.

Кабарда мындай дейт: кыямат күнү болгондо Арши аглага (эң үстүнкү көккө) так коёт. Бир бөлөк элдин түрү 14- тууган айдай болуп, тактын үстүнө отурат. Шарап суусун ичет. Эсеп жооп бербейт. Башка эл жагдайыбыз кандай болот деп абдан коркуп, кайгы- касиретте болот. Ошондо азирети Жебирейил: О Алла, бул такта отурган жамааттар кимдер деп сурайт. Ошондо Алладан кабар келип айтат: Эй Жебирейил, булар ал дүйнөдө менин аалымдарымды мен үчүн дос тутуп, урматтаган, башка иш менен жумушу болбогон. Ошол үчүн бул даражаны тапты. Коркунучтуу күнү булар кайгысыз отурат, аалымды дос тутуунун мааниси ушундай болот. Ыклас менен Алланын жиберген илимин окуп жүрүп ошол жамааттын шапааты бизге акыретте насип болсун деп тилек кылат. Малын ошол аалымдарга каржы үчүн берет. Өздөрү ошолордун кызматында болот. Балдары да ошол аалымдардын кызматында болот. Аалымдар буларга дүйнө кызматын буйруса баш тартпайт. Эгерде калк ушундай дос тутса, ал пенде кыямат күнүнүн бардык кыйын коркунучтуу күндөрүнүн аман болот. Эгер бирөөгө айтса мен аалымды дос тутам деп, бирок ал аалымга дүнүйөсү менен кызмат кылбаса, дини менен кызмат кылбаса алардын досмун дегени жалган.

Аалымдардын дос тутуунун нышааны бул, аалымдар ошол адамга бир иш тапшырса, ал иш мал менен же дени менен болсо, ошону ошол айткандай орундаса, малы көп болсун, аз болсун орундаса дос деп айтат. Ар ким аалымды дос тутуп, анын буту- башына караса деги жакшы.
Бул дүйнөнүн бардык адамдары пирлеринин кылган таат ибадатынан. Ар бир аалымды аалым деп малы, дени, жаны менен моюн сунса, ал адам аалымдын даражасында болсун, же аалымды даражада болбосун, Алла- Таала ошол ыклас кылган пенденин дүйнөдөгү, акыреттеги муратына жеткизет.
Аалымдар пир же устат болгондо, ага шакирт болгон адам ал кишилерди андай- мындай деп айтууга акысы жок. Бирок ал кишилер өздөрүнүн эл ичинде жаман көрсөтүү үчүн, эл бул мындай адам ал ошондой адам деп айтуу үчүн мал жыйып дагы башка иш иштейт. Эл эмне айтса да, жамандаса да, мактаса да мурид, шакирт болгондор эч кайсысын кубаттабай өзүнчө болуу керек. Себеби жамандаган элдин ушагына ээрчип алар да жамандаса, анда алар тез арада ошол аалымды жамандоого жол таап алат.
Бир киши айтыптыр: мен Аллахтын элчиси (ﷺ)нын мечитинде болдум. Мечитте эл эки бөлөк болуп отуруптур. Бирок Аллага зикир айтып отурат, экинчиси маселе айтып отуруптур. Ошондо мен: маселе ар бир жерде табылат, мен зикирги барайын, ал жерде бирөө дуба кылса менин максатым орундалар, ал маселе айткан жерге барсам бир маселе билермин, деп пикир кылдым. ошондон кийин кайттым, ошондо бир азиз айтты, эй адпсиз эмне үчүн аалым мажилисине барбадың? Ошол мажилиске Жебирейил 70 миң периште менен келген эле. Ал жамаатка аралашты. Периштенин канаты тийген пендени хак субханаку ва Таала от тозоктон азат кылат.
Азирети Момун Расулдан: “Я Аллахтын элчиси (ﷺ), аалым мажилиси жаназа намазына катар келсе, кайсысына баруу керек?”- деп сурады. Аллахтын элчиси (ﷺ) айтты, эгер майитти көиө турган болсо жаназадан, аалым мажилисине баруу улук болот. 1000 жаназадан, 1000 ирет тилек кылгандан, 1000 рекет напил намаздан, 1000 капырлар менен согуш жасагандан, 1000 кеч намаз окугандан бир ирет аалым мажилисинде отурган жакшы.
Азирети Мусанын убагында бирөө бар эле, ал киши намаздан кийин дайыма дуба кылар эле. Я Алла менин көрүмдү жарык кыл, сурагымды жеңил кыл, иманым менен ал деп айтар эле. ошондо Азирети Муса айтты: Эй пенде эмне сурайсың? Ал киши айтты: мен Алла- Тааладан акырет тилегин тилеймин, эч бир орундалган белги жок деп. Азирети Муса айтты: эй пенде, сенин ал тилегиң аалым мажилисинен орундалат.

Я Аллахым, жалпы пенделерге аалымдардын илиминен, анын сообунан насип кыла көр. Амийн!

“Жан азыгы”

The post Аалымдын касиетинин баяны appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 14, 2015 at 03:11PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Намазда “Аллаху акбар” деп айтылабы же “Аллооху акбар” болобу? “Рохманбы” же “Рахманбы”? Анан намаздын акыркы рекетине илешип калсак кандай кылабыз? 077348…

– “Аллооху акбару” жана “Рохмаан” деп айткандыгыңыз бир аз жакыныраак болот деп ойлойм. Өтө туура жана так окугуңуз келсе араб тилин, тагыраагы, араб тамгаларын үйрөнүүңүз кажет болот. Намаздын акырына илешип калсаңыз, имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп намазды келген жериңизден толуктайсыз.
Багымдат намаздын акыркы рекетине илешкен учурда, саламдан кийин туруп бир рекет окуп салам бересиз.
Шам намазынын акыркы рекетине илешкен учуруңузда, саламдан кийин туруп бир рекет зам сүрөө менен кошуп окуп, каадага олтурасыз, каададан туруп, дагы зам сүрөө менен дагы бир рекет окуйсуз да каадага олтуруп намазды бүтүрөсүз. Жыйынтыгында, ар бир рекетте каадага отурган болосуз.
Бешим, Дигер, Куптан намаздарында акыркы рекетке илешип калган учурларда эки түрдүү вариант сунуш кылынат. Биринчиси: Шам намаз сыяктуу окуп бүтүрүү. Б.а. имам салам бергенден кийин туруп, шам намазын жекече түрдө кандай окуган болсоңуз, ошол таризде окуп бүтүрөсүз. Экинчиси: Имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп, зам сүрөө менен бир рекет окуп каадага олтурасыз. Каададан туруп дагы эки рекет окуйсуз, алгачкысына зам сүрөө кошосуз, экинчисине Фаатиханы жалаң окуйсуз да акырында каадага олтуруп намаздан чыгасыз. Кудайым кабыл кылган болсун.
– Мен бир жарым жылдан бери намаз окуйм. Жолдошум окубайт, жумуштан колум бошобойт деп. Дубадан башка айлам жок. Эмне кылсам? Ажырашып кетейин десем 3 балам бар. 077142…
– Намаз окутуп коюу пенденин колунан келе турган жумуш эмес, бир тууганым. Ажырашам дегенди оюңа алба, шайтанга тап бер! Дуба кылуудан жазба. Кудайым ынсап берээр күн бардыр… .
– Биз эски үйдү бузуп, жанына жаңы үй салганбыз. Ошол эски үй тез-тез эле түшүмө кире берет. Эмне кылалы? Зина
– Ошол эски үйдү салгандардын арбагы ыраазы болсун деп, колдон келишинче жыт чыгарып Куран окутуп койсоңор жаман болбос эле. Негизи бул маселе боюнча шариатыбызда ток этер бир нерсе айтылынбайт, тагыраагы маани берилбейт. Менимче сиз эски үйдөгү жакшы убактарды көп эстесеңиз керек… .
– Апам 48 жашында каза болду. Биз жаш калдык. Апамды эстеп ыйлай берсек, көз жаш сууга айланып, апам сууга чөмүлүп кыйналат экен. Көз жаштын кандай тиешеси бар?
– Көз жаштын түздөн-түз тиешеси жок. Маркумдун да буга тиешеси жок. Маркумдун артында калган перзенттери бир күн ыйласа мейли, он күн ыйласа мейли, анан кечке эле ыйлай берсе табаар пайдасы кайсы? Болгону Аллах Тааланын жазган тагдырына нааразы болуп, пендеге туура келбей турган иш-аракеттерди жасайт. Кудайды нааразы кылат. Күнөөкөр болот. Кимге пайда кимге зыян…. Жакшысы, кечке эле ыйлай бербей жакшы дуба кылгыла. Өлгөндүн жазасы көмгөн. Артынан өлмөй жок…. Артын кайырлуу кылсын.
– Базарда баратсам жерде 60 сом жатыптыр. Элдер өтүп жатышыптыр. Иштеткенден коркуп жатам. Шариятта жол-жобосу кандай? 077112…
– Негизи албагандыгыңыз жакшы болоор эле. Эми алып алгандан кийин, жардыларга садака кылып бериңиз же өзүңүз жарды болсоңуз, өзүңүз пайдалансаңыз болот. Муну тапкан акчаңыздын суммасы аз болгондугу үчүн айтып олтурам. Эгерде, этибарга ала тургандай сумма болсо анда башкачараак жооп болмок эле….
– Эмнеге куранды эркектер сыртынан, аялдар ичинен окушат? Арбакка куран окуса эсеп-кысабы жеңил болобу? Дагы кандай пайдасы тиет? 077810…
– Андай деле эреже жок. Бирок, эркектер жардап карап турса, аял кишинин үн чыгарып окуганы адепке туура келбейт жана ыңгайсыз. Арбакка Куран окулбайт, Куранды өзүбүз үчүн окуп, пайда болгон соопторду маркумдарга багыштайбыз, Кудай Таалам ырайым кучагына алуусун үмүт этип.
– Күйөөм экөөбүз жашабаганыбызга эки жыл болду. Бир талак айткан эле. Нике кылып жашай элекпиз. Азыр батир алып берген. Телефон аркылуу сүйлөшөбүз. Өзү Россияда. Уруша кетсек “миң талак” дей берет. Эки балабыз бар. Кайра никеге турсак болобу? 055420…
– Ошол оозу талак айткандан чарчабаган эриңиз Орусиядан келгенде мага жетелешип келсеңер, жакшылап сурап, жообуңарды мыктылап айтып берем. Ага чейин телефондон сүйлөшүп берген тыйынын жеп жата бериңиз. Дегеним, сиздин бул айткан маалымааттарыңыз менен ак же көк дей албаймын…
– Менин көзүмдө сурма жок, сулуу эмес. Күйөөм да сулуу эмессиң дейт. Аябай капа болом. Ошон үчүн көзүмө сурма жасатсамбы дейм. Күнөө болбойбу? Бир гана ниетим, күйөөмө сулуу болуп көрүнгүм келет. Аида
– Жок, өзгөрткөнгө болбойт. Бирок, косметика деген өнүгүп кеткен, бир аз косметологдон же ушуга окшогон адистерден кеңеш алып, кенемтени толтурса болот. Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу деген кеп бар. Күйөөңүзгө сулуу болуп көрүнүү сооптуу иш. Кудайым жалгасын. Сулуу болуңуз.
– Мен үч күйөөгө тийдим. Биринчи никемден бир балам бар. Андан телефон аркылуу талак алгам. Экинчисинен алган жокмун. Бирок, экөөбүз үч жыл такыр жолуккан жокпуз. Үчүнчүсү менен нике кыйып жашап келебиз. Уруш көп болот. Экинчи күйөөм талак бербегенинен болбойбу? Кандай кылуум керек? Айдай
– Экинчисинен талак албагандыгыңыз жаман болуптур. Эгерде, экинчиңиз менен ажырашпаган болсоңуз, үчүнчүңүз менен нике жүрбөйт. Бирок, сиз кандай болгон күндө дагы илимдүү молдокеге жүзмө-жүз жолугуп маселеңизди сурап көрүңүз. Себеби, экинчи жолдошуңуз менен кайсы бир себептер менен ажырашкан болууңуздар да мүмкүн. Ал учурда никеңиздер жарактуу деп табылат… Үмүтсүз шайтан, жакшылыктан күдөр үзбөңүз. Урушту болтурбай коюуга да болот.  Кол чапканда эки алакан бири-бирине таамай тийгенде гана үн чыгат, тийбей өтүп кетсе, үн чыкпайт. Андыктан, эркек бийиктегенде аял пасаңдап, аял бийиктегенде эркек пасаңдап турганы макул.
– Имам намазда жаңылып, аягында сажда-сахв кылып, кайра аттахиятты окуп жаткан учурда бир адам имамга ыктыда кылса намазы кандай болот? 055607…
– Кадимки, жаңылбастан намаз окуган имамга уюгандай эле тартипте, салам бергенден кийин ордуңуздан туруп толуктап окуй бересиз…
– Якыншиктерге кандай карайсыз? Мечитке келсек жамаат окуп бүткөн болсо, жалгыз окуган жакшыбы же жамаат болуппу? Үн чыгарабызбы? Ар ким өзү  коомат айтабы? Пайгамбарыбыз кайсы жылы туулган? 077348…
– “Якыншиктер” ким экенин тагыраак айтсаңыз жакшы болмок. Менин баамымда “баардыгын Кудай Таалага шылтап коюп, алма быш оозума түш” деп жүргөн пенделер жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Аллах Таала бул дүйнө себептер ааламы кылып жаратты. Андыктан, Аллах Таалага ыйман келтирген ар бир момун пенде кайсы гана ишти жасабасын себептерин колго алып, анан тобокел кылса Кудайым кааласа берет. Бирөө балалуу болгусу келсе адегенде жакшы аял таап үйлөнсүн, үйлөнгөндөн кийин да бисмилласын айтып анча-мынча аракетин кылсын, андан кийин перзент сурай берсин. Үйлөнбөй туруп эле балалуу болгум келип жатыры дегендер детдомдон эле багып алып балалуу болбосо, табигый балалуу болуу кыйын иш.
Мечитке келгенде жамаат окуп бүткөн болсо, эки учурдун бири болуусу мүмкүн. Биринчиси, атайын максат менен, алгачкы жамаат менен уюп окугандан баш тартып, өзүнчө жамаат менен окууну ниет кылып келген болсоңуз, кандай гана учурда болбосун намазыңызды жалгыз окуйсуз. Мусулмандардын жамаатын бөлүп-жарууга укугуңуз жок.  Экинчиси, алгачкы жамаат менен окууну ниет кылып, бирок, кайсы бир себептерден улам жамаатка жетпей калган болсоңуз, сиз сыяктуулар чогулуп калган болсоңор, төмөндөгү үч шартты кармаган учурда жамаат менен окусаңар болот. Шарттар кармалбаган учурда окулган жамаат намаз макрух болуп эсептелет.
Экинчи жамаатка азан айтпайт.
Экинчи жамаатка коомат да айтпайт.
Экинчи жамааттын имамы, биринчи жамааттын имамы турган михрабга турбастан мечиттин этек жагына, же оң тарапка, же сол тарапка туруп имамчылык кылат. Сырттан кирип келген мусулман пенде бул биринчи жамаат эмес, экинчи жамаат экенин биле тургандай болсун.
Үн чыгара турган намаздарды үн чыгарып окуй берүүсү ваажып-милдеттүү болуп саналат, жамаат намаздарда. Ал эми жеке окуган адамдар, купуя окулчууларды купуя окуй, жарыя окулчууларда ыктыярдуу болуп, каалагандай окуй берет. Жеке окуганда ар ким өзү коомат айтуусу сүннөт.
Жогорудагы жамааттан кийин жамаат менен намаз окуу чоң мечиттерге, имамы, азанчысы бар мечиттерге таандык маселе. Ал эми намазканаларга бул тиешелүү эмес. Ар бир жамаат кирип окуй берсе жараша берет.
Пайгамбарыбыз алайхис салам 570-жылы, 12-рабииьул аввалда, дүйшөмбү күнү туулган.
– Кыздын үнүн уккан арам дейт. Эми анын үнүн укпаш үчүн аны менен агенттен гана сүйлөшсөм  болобу? 077739…
– Арам дегенди мен билбейт экенмин. Магазинге нан алганы барсаңыз, нандын баасын сизге айтса магазинчи кыз, сиз кулагыңызды жаап алсаңыз, баасын кантип билесиз да, кантип акчасын төлөйсүз?.. Кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөн болбойт. Аны менен сүйлөшпөс үчүн сүйлөшпөй эле коёсуз. Агенттен да сүйлөшсө болбойт.
– Парз намаздын рукусунан кайтканда тасбихтен адашып Аллооху акбарды айтып алса же унутуп эч нерсе айтпастан кайтса, сажда-сахв кылынабы? 055607…
– Жок, берекем. Сажда сахв кылынбайт. Себеби, сен айтып жаткан рукунун тасмииьи(Самиаллооху лиман хамидах) жана тахмииди (Роббанаа ва лакал хамд) сүннөт амалга кирет. Ошондуктан адашып кетип такбир айтып алсаң, же айтпай калып кеткен үчүн сажда ваажып болбойт. Бирок, намазда сүннөт амал калып кеткендиги үчүн намазды кайрадан окуп берүү сүннөт амалга кирет. Милдеттүү эмес. Сүннөт калып кетсе толуктоонун бир гана жолу ошол.
– Биз жолдошум экөөбүз кошулгандан кийин чачыбыздын учунан бутубуздун учуна чейин жуунбайбыз. Жөн эле даарат алып, бети-колубузду жууп коёбуз. Ушул кылганыбыз туурабы?
– Туура эмес. Жыныстык мамиледен кийин эркек да, аял да гусул алуусу керек. Аялдарда айыз келип бүткөндөн кийин да сөзсүз гусул алуу керек. Гусулсуз намаз кабыл болбойт. А бирок түн ичинде кошулуп, таң атканда жууналы деген ниетте болгон болсо, боло берет. Негизгиси, намаз калып кетип шерменде болбогула.
– Теспени таза кармап, таза алып жүрүү керек да. Мен көп адамды көрөм. Алар көчөдө жүрүшөбү же базардабы теспе тартып жүрүшөт. Туурабы? 077219…
– Албетте, сиз айткандай таза жүрүү гигиена эрежелерине туура келет. Гигиена эрежелери дегенибиз бул – саламаттыкты сактоону камсыз кылуу чараларынын практикалык жыйындысы(“Кыргыз тилинин сөздүгү”). Тазалык ыймандын бир бөлүгү деп айтылат. Көчөдө теспе тартканга каршылык деле жок. Болгону, кожо көрсүн деген ниетте болбоосу керек.
– Баламды сүннөткө отургузганбыз. Сүннөт той бериш керекпи же бербей койсок боло береби? 055886…
– Берген кудайга жагыптыр. Бербесеңер да боло берет, себеби, милдеттүү эмес. Колдон келсе бергенге не жетсин….
– Даарат алаардан мурун заара кылса, тыйынча жерге жайылбаса, истинжа кылгандын кереги жокпу?
– Кесек менен же кагаз менен кургактаган болсо, ал жайылбаса жууган зарыл эмес, бирок жуусаңыз сүннөттүн сообун аласыз. Тыйынча жерге жайылган учурда жууш ваажып болуп калат. Ал эми жел чыкканда жууган бидьат деп саналат.
– Аял менен эркек кошулгандан кийин ыйман көтөрүлүп кетет дейт. Эгер, ошол мезгилде ажал келсе ыймансыз өлөсүң  дейт. Биз болсо бир аз уктап анан гусул алабыз. Кененирээк жооп бересизби? 077940…
– Сен айткан маселе ойнош болуп, никесиз кошулгандарга айтылат. Күйөөң экөөңөр кошулганыңар үчүн сооп берилет. Өлсөңөр соопко ээ болуп өлгөн болосуңар. Кылганыңар туура. Эч кыжаалат болбой ишиңерди кыла бергиле…
– Гусулдан кийин эле намаз окуса болобу же андан кийин даарат алып, анан окулабы? 077906…
– Гусулдан кийин намаз окуса болот. Гусул даараттын ордуна өтөт, а даарат гусулдун ордун баса албайт. Себеби, гусулдун алуу тартибинде адегенде даарат да алынат эмеспи. Даарат албастан туруп эле гусул алган болсо да жарай берет. Бирок, даараттын сүннөттөрү аткарылбаган себептүү сүннөттөрдүн сообунан кур жалак калат.
– Алтын жалатылган, титан деген жасалма тиштер эркекке арамбы?
– Титан алтын эмес, андыктан жарай берет. Алтын жана алтын жалатылган тиштер эркекке арам. Бирок, алтындан башкасы оозун сасытып, же башка жагымсыз жагдай жаратса, алтындан башка туура келбей турган болуп калса, ал учурда алтын да тиштер жарай берет.
– Маасынын мөөнөтү даарат сынгандан баштап эсептелеби же маасыны кийгенде элеби? Сөзсүз бир сутка чечпей жүрүү керекпи? 055409…
– Жок, берекем. Маасыны каалаганда чечесиң, каалаганда кийесиң, өзүңдү өзүң билесиң, өтүгүңдү төргө  илесиң. Маасыга масх тарта турган болсоң даарат менен кийилген маасыга гана масх тартасың. Кээ бир апендилер даараты жок эле маасысын кийип алып, анын үстүнө масх тартып жүргөнү бар. Такыр туура эмес. “Бутту чечпестен канча мөөнөткө чейин масх тартып жүрө берсе болот?” деген суроого жооп  иретинде минтип айтылат: Сапарга ниет кылып чыккан мусаапыр адам (90км.дан ашык жолго) үч суткеге чейин бутун чечпестен, утур даарат алган сайын бутуна масх тартып кете берсе  болот. Ал эми мусаапыр эмес, мукиим болуп турган адам бир суткеге чейин маасысын чечпестен эле, утур даарат алганда маасысына масх тартып жүрө берсе болот.
Мөөнөт, даарат менен маасы кийилгенден кийин, алгачкы ирет даарат сынгандан баштап эсептелет. Мисалы, мусаапыр эмес мукиим пенде эртең менен саат ондо маасысын даараттуу буту менен кийген болсо, түшкү саат 13-00дө жел чыгарып даараты бузулса, эртеси саат 13-00гө чейин масх тартуу укугуна ээ болот.
– Мурда дин илимим өтө аз эле. Каза орозолордун каффарасын кармаймынбы?
– Рамазан орозосун кармап туруп, орозону бузуп жиберсеңиз, ал учурда орозону бузуп жиберген күндөр үчүн каффаараты менен чогуу кармайсыз. Себеби, каффаарат дегенибиз касиеттүү Рамазан айынын касиетине шек келтирип, Рамазандагы тутулуп жаткан орозону бузгандыгы үчүн жаза катары айыпталат. Ал эми Рамазан орозосун баш-оту менен эле тутпай койгон болсо, андан кийин Кудайым ынсап берип ыйманга келе турган болсо, ар бир күнгө бирден  күн казасын эле тутуп берет.
– Биздин үйдө иштейм деген уста сыйыбызды көрүп, 60 000 сом алып качып кетти. Аны кайтаруунун кандай жолу же жазасы бар? 070093…
– Мен дагы ушундай болгом бир жолу. Устага акча берсем бүтүрбөй качып кеткен. Экөөбүзгө чала болот. Иш бүткөндөн кийин берет экен иштин көзүн билгендер. Милицияга бериңиз. Кудайдын жазасынан кутула албайт. Дуба кылыңыз, ынсап кирип кайра келип калса….
– Менин иним дин жолунда. Тооктун эти арам деп жебейт. Биз жесек күнөө болобу? 070321…
– Мен жеп эле жүрөм адал союлган тооктун этин. Мен деле дин жолундамын. Иниңиз экөөбүздүн динибиз бир эле дин бекен же аныкы башкачараак бекен? Тактап көрсөңүз…
– “Дордой” базарында мусулман бир туугандарыбыз каапырлардын динине кирип кетишкен. Кандай кылсак болот? Адилет
– Каапырлардын динине кирип кеткенден кийин мусулмандыгы да, бир туугандыгы да калган жок алардын. Аларга даават кыл, намаздарыңда алар үчүн дуба кыл…
– Эркек кишиге жин киргенден голубой болуп калат деп уктук. Бирок, жиндер Куран окуганда качат дейт го. Мен намаз окуйм, мечитке барам, Куран окуйм. Ошондо кандай болот жана кантип дарыланса болот?
– Шариат боюнча жүрсүн, шайтандын жолунан алыстасын, колунан келсе үйлөнсүн. Жаман иш колу-жолу боштуктан келип чыгат. Убактысын жакшы нерсеге сарптабаса жаман нерсе өзү эле келип толуп алат. Жаман жоролордон алыстоо лаазым.
– Күйөөмү төркүн жакта жашап, иште деп кеңеш берем. Анткени, апам майып. Күйөөм болсо намыстанат. “Эгер сен мени укпасаң, ата-энең бактылуу болбойт” дейт. Бир четинен ал туура айтат. Кандай кылсам динге туура келет. 077018…
– Кайсы жерде жашоону жубайлар өздөрү чечишет. Шариатыбыз андай-мындай деп буйрубайт. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Апаңыз оорукчан болуп, анын сизден башка тутунаары жок болсо, анда жардам берүүгө милдеттүүсүз. Аялдын күйөсүн угуусу максатка ылайыктуу, ошол эле убакта аялы да пикирин билдирүүгө укуктуу. Чечимди эркек чыгарат.
– Бешим намазы каза болуп калса, казасын кандай жана кайсы убакта окуйт? 055812…
– Мүмкүнчүлүгү болгон эң алгачкы убакытта окуусу керек болот. Күн чыгып бара жатканда, батып бара жатканда, чак түштө каза намаздар окулбайт, калган учурлардын баарында окуй бересиз. Сүннөттөрү каза кылынбайт. Азан жана коомат айтуу сүннөт.
– Менин күйөөм муунуп өлдү. Жин кирген, окутсаңар, көзү ачыктарга көрсөтсөңөр өлбөйт болчу дешет. Аябай кыжаалат болуп жатабыз. Бул да оорубу же Кудай ошондой өлүм бердиби? 077922…
– Тагдырына жазганы ошол, андан качып кутулуууга мүмкүн эмес эле… Көзү ачыктарга көрсөтүү туура эмес болмок. Жин айдаар молдолорго окутсаңар жакшы болмок. Бирок, өлбөйт болчу деп айткан натуура сөз. Дуба кылгыла. Кыжаалат болбогула. Сабырдан башка арга жок. Кудайым билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун….
– Көзү ачыктарга ишенген адамдар мусулман болобу же болбойбу? 077189…
– Мусулман болуудан калат. Ыймансыз болот. Жаназа окулбайт….
– Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир бала бар. Жолдошум жалакай, иштебейт. Башында жакшы эле, эми оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Намаз оку деп үйрөтүп да көрдүм. Аз эле окуп таштап койду. Өзүм намаз окуйм. Же менин үйрөткөнүм туура эмеспи? Биз үч жыл мурун урушканда ал мага “талагымды бердим” деп айткан же ошонун себеби тийип жатабы? Башым маң, азыр жашабайбыз, бир жыл болду. Алия
– Аял киши күйөөсүнө намаз үйрөтсө боло берет. “Талагымды бердим” деп айткан болсо, сизге айткандыгы так болгон болсо бир талак ражьий түшкөн болот. Бирок, андан кийин жашап жүргөн болсоңор, мураажаьа (чогуу жубайлык жашоо менен жашоо) аркылуу никеңер калыбына келген болуусу да мүмкүн.
– Мусулман аял кандай сапат, мүнөздөргө ээ болуусу керек шарият боюнча? 077398…
– Таза, жароокер, күйөөсүн, кайын журтун, айрыкча, кайын энесин сыйлаган, ушак айтпаган, жалган сүйлөбөгөн, адилеттүүлөктөн тайбаган, балдарына үлгү болгон, намазын калтырбаган болусу кажет. Эркек да ошондой болгондугу жакшы.
– Динибизден башка динге, сектага өтүп кеткендерди эмне күтөт деп айтылат? Ө770239…
– Тозоктун төрү алар үчүн дайым кызматта болоор, Кудайым сактаган болсун…
– Менин атым Мухамед Сафа. Сафа деген сөздүн мааниси кандай? 055322…
– Тунук, таза, асыл деген маанилерди чагылдырат.
– Мен намаз окуп жатканда оюма ар нерселер келе берет. Намазым бузулбайбы?
– Намаз – Кудай менен болгон байланышуу. Кудайдын алдында турганда баардык проблемаларды, ойлорду жыйыштырып, Кудайга чын дилден берилүү керек. Шайтандын азгырыгына алдырбаганга аракет кылыңыз.
– Тахажуд намазын багымдат намазынын убагы киргенче окусам болобу?
– Болот. Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө тахажжуд убактысы башталат. Ал эми акыры алтыдан бир бөлүгүндө дубалар кабыл болот….
– Аял-күйөө кандайдыр себептерден улам 40 күндөн ашык чогуу жашабаса никеси бузулат деген чынбы? Кумар
– Жок. Эркек талак бермейинче нике бузулбайт.
– Менин жолдошум иштебейт. Кызым экөөбүздүн кемчилигибизге жардам бербейт. 4-5 сом тапса, бекитип жүрүп жок кылат. Көбүрөөк пулу болсо өзү эле кийинип алат. Үйүбүз да жок. Ал ар кимден карыз алып, кайра мен төлөп жүрдүм. Мен иштейм, ал иштебейт. А мен тапкан акчаны алып коёт. Аны урушамын, айтканын аткарбай койгон күндөрүм да болду. Бирок, баары бир аны жакшы көрөм. Мен анын карыздарын төлөбөй койсом, кези келгенде тилдесем күнөөлүүмүнбү? 077392…
– Андайларды асал аарынын (бал аарысынын) эркеги же лөлүлөрдүн эркеги деп коёт. Карыздарын төлөгөнгө милдеттүү эмессиз. Төлөбөй койсоңуз күнөөлүү болбойсуз. Эми анча-мынча тилдесеңиз сизге жараша бере тургандай экен. Өзү үйдө сиз күйөөсүнүн ролун аткарып калыпсыз. Багып жатсаңыз… кантип басып жүрөт… Кудайым сактасын, аялдардын колун каратпасын, шерменде кылбасын…
– Жолдошум экөөбүз дааватка чыгалы дедик эле. Бирок, толук пардага кирбесең чыкпайсың деп айтышты. Өзүм оронгонмун. Оронуп чыксам болбойбу? 055766…
– Мен билген шариатта боло берет. Эми дааватта ошондой шарт коюшса керек го….
– Мен намаз окучу элем. Убактым жок окубай жатам. Күнөө болобу? Элья
– Ооба, тооба кылып, намаз оку. Намаз окуу – Кудайдын буйругу. Убактым жок деген жөн гана шылтоо. Намаз окуганга министрлер, президенттер да убакыт табышат. Тамак жегенге, ажатканага барганга убакыт табылгандай эле Кудайдын негизги буйругун аткарууга да убакыт табуу керек.
– Адилет иштейм деп, адилетсиз адамдардын көзү сизди эле көрүп асылып туруп алды. Мейли, бирок биз сиздин илимиңизге муктажбыз. Сизди аябай сыйлайм Аллах үчүн. Кудай буюрса, сизден илим алсам дейм. 055607…
– Кудайым Өзү жакшы көрсүн. Тилегиңизди берсин. Кем болбоңуз, бар болуңуз.

– Ата-энем зордоп күйөөгө берген. Ал көп ичкендиктен ажырашып кеткем. Бирок, жообумду берген эмес. Колумдагы акчамды жула каччу. Бир уулумду жетелеп эптеп иштечүмүн. 7 жылдан соң экинчи аял болуп сүйүп турмушка чыктым. Күйөөм уулумду өз уулундай камсыздайт, бактылуумун. Бирок, апам мени каргап, кечип койгон. Күйөөм – анын жини. Баргым да келбейт, барсам эле уулумду каргай берет. Өзүм намаз окуйм. Талак түшкөнбү? Зина
– Ажырашып кеткен учурда талак түшкөн болуусу да мүмкүн. Бактылуу болуңуз. Капа болбоңуз, кечирет бир күнү, жакшы мамилеңизден жазбаңыз.
– “Акылуу касас” деген эмне? Чечмелеп бериңизчи. Манас
– “Касас” дегенибиз, кимдир бирөөнү бейжазык өлтүргөн убакытта, шариат боюнча ал канкор да өлүм жазасы менен жазалануусу милдеттүү. Кээде өлүк ээлери макулдук беришсе, кун төлөп кутулат. Ошону айтып жатсаңыз керек. Илимий-фыкыхый китептердеги маселени жакшы түшүнбөй жаткан болсоңуз, китептин атын, бабын айтсаңыз, кененирээк түшүндүрмө берилээр эле.
– Менин жашым отуздан ашып калды. Простатит менен ооруйм. Врачтар аял алмайынча толук айыкпайсың дейт. Мага жаккандар макул болбой жатат. Жакпаганды алсам, нике дурус болобу? 077148…
– Өзүң отузга келсең, үйлөнбөсөң алиге чейин, сен жактыргандар сени жактырбай жатса, күзгүгө бир көрүнүп, анан кара кыздарды деле…. жакпаганды алсаң деле нике дурус боло берет. Жакканын алсаң нике түбөлүктүү болобу деген үмүт…
– Кечинде түшүркөп койсо, эртең менен гусул алаарда электр энергиясы жок болсо, эмне кылуу керек? Айылда жылуу суу жок да. 077242…
– Таң атканда, жогорудагыдай шартта гусул үчүн таяммум алып, дааратын алып, багымдатты окуйт, шарты болоору менен гусулун алат.
– Оор жүк көтөрүп омурткам жылып кыйшайып кетиптир. Сыныкчы табып кишиге карматып, түздөтүп массаж алса болобу? Намаз окуйм. 077143…
– Болот, берекем. Аллахым шыпаа берсин…
– Шам намазында имам 84-сүрөөнү окуду. Ал жерде сажда аяты бар эле. Бирок, саждага кеткен жокпуз. Башка сүрөөлөрдөй эле бүтүрдүк. Намазда сажда аяты окулганда сажда кылуу парзбы же сүннөтпү? 077987…
– Бул сүрөө “Иншикаак” сүрөөсү деп аталат. 21-аятында сажда аяты келет. Эгерде, сажда аятына чейинки аяттарды окуп, сажда аятын окубаса сажда кылуу милдеттүү болбойт. Ошондой эле сажда аятын окугандан кийин, кийинки аятты окубастан туруп эле дароо ниет менен рукуга кетсе да сажда кылгандай эле болуп, важыптан кутулат. Сүрөөнү толугу менен окуп туруп, саждага өз учурунда барбаса, ваажыпты таштагандыгы үчүн күнөөкөр болот.
– Сиздин ар бир жообуңузду чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Үч балам бар, жолдошум аябай ичип тим болбостон мени уруп, бет сөөктөрүм, мурдум сынып, мээм чайкалып ооруканага жаттым. Эми сабыр кылып жашап жатам. Сиз аялга кол көтөргөн эркекке кандай көз караштасыз? Мен жолдошумду намаз оку деп дааватка жөнөтсөм, машина коюп кетип буту сынган. Эми бар десем болбой жатат намаз окубайм деп. Мындан ары жашоом кандай өтөт? Арак ичкен сайын таяк жеп өтөмбү? Соодабыз да жүрүшпөй аябай кыйналдым. Базарда өзүм жалгыз соода кылам. Ө777539…
– Кудайым күч кубат берсин… Балдарыңыздын үзүрүн көрүңүз. Жолдошуңуз дааватка барсын… Мени айтты деңиз…
– Никенин үстүнө нике кыйдырса болобу? Он беш жыл жашап балалуу болбодук. Кеткенге жолдошум уруксат бербеди. Бирөөгө кыйдырып төрөп алсам…
– Ошондой да болчу беле?.. Болбойт!
– Химиялык боёк менен чач боёгонго болбойт депсиз. Далили кандай?
– Далил түшүнө турган акыбалыңыз болгондо бул суроону сурабайт элеңиз, бурадар… Андыктан айтпай койгонум оң болот. Сурооңуз жаман жыттанат…
– Чубак балам, Союз убагында жин, шайтан деген балээ жок эле. Хизбут, моджахед, вахабист, баптист жана башкалар көбөйгөн сайын башка жактын жин-шайтаны да бизге агылып кирип толуп алды. Падышаларды куугандай эле жиндерден молдолор, жин куугучтар чогулуп, Кыргызстанды тазаласа болот беле?
– Кана эми ошондой болсо, атаганат. Союздун убагында башка шайтанга муктаждык деле жок эле, чоң шайтандар Маскөөдөн туруп баарыбызды башкарчу. Эми ошол чоңдорунан айрылсак, кичинелери толуп кетпедиби? Кудайымдын ар ишинде жакшылык бар.. Үмүт үзбөйлүчү…..
– Сизди урматтап сыйлап, үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Кудайым эки дүйнө бактылуулук насип кылсын. “Тандалган хадис” китебинен “Рукусун жана эки сажданын ортосунда белин түз кылбаган кишинин намазына Аллах карабайт” деп окугам. Аял менен эркектин намазда айырмачылыгы бар деп түшүнөм. Күн-Туудагы илимдүү аял киши рукудө аял киши тизесин кичине бүгүп, анан башын кичине ийип коёт деп үйрөтүптүр. Бир тууган иним да туура дейт. Мен жаңы баштагам. Туура окууга абдан аракеттенем. Ошондуктан илимдүүлөрдүн илимдүүсү сизден сурап билгим келет. Аткантаң.
– Аялдардын намазы эркектердин намазынан 25 жерде айырмачылыгы бар. 1. Аялдар намазга такбир айтып киришкенде эки колун мүрүсүнүн тушуна чейин гана көтөрүшөт, эркектер кулак жумшагына чейин көтөрүшөт. 2. Аялдар намазда эки колун жеңинен чыгарбай эле такбир айтып кол көтөрүшөт. 3. Аялдар оң алаканын сол колунун үстүнө, эки көкүрөгүнүн алдына коюшат. Эркектер колду байлашып, киндик астына коюшат. 4. Рукуда бир аз ийилишет. Эркектер “Г” тамгасынын формасында болушат. 5. Рукуда аялдар тизеге катуу таянышпайт. 6. Рукуда тизенин үстүнө колдорун жөн гана коюшат. 7. Рукуда колдорун тизесине койгон убакытта колунун манжаларын чачыратпастан чогуу коёт. 8. Эки тизесин ийилтет. 9. Рукуда мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 10. Саждада мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 11.  Саждада эки чыканагын жерге тийгизет. 12.  Каадада олтурганда эки бутун оң жагына чыгарып, жамбашы менен жерге олтурат (таваррук). 13. Каадада манжаларынын учу тизесинин башына чейин жетип тургандай болуп коёт. Кээ бир риваяттарда эркектер эки колун тизелеринин үстүнө ташташат деген маселенин негизинде айтылат жогорудагы маселе. Чындыгында бул маселеде эркектер менен аялдар бирдей.  14. Каадада манжаларын жайып жибербестен чогултуп коёт. 15. Намазда бир нерсе болгон болсо, тасбих айтып белги бере албайт, оң алаканы менен сол колунун үстүн чаап белги берет. 16. Эркектерге имам боло албайт. 17. Аялдардын жамаат менен окуганы макрух. 18. Эгер макрух болгондугуна карабай жамаат менен окуй турган болушса, имамы жамааттагы аялдар менен бир сапка катар эле тизилип окуйт. Астыга ажырап чыкпайт.  19. Аялдардын жамаат намазга келүүсү да макрух. 20. Жамаатка катышкан убакта, эркектерден кийин өздөрүнчө сап болуп турушат. 21. Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. 22. Айт намазы да милдеттүү эмес. 23. Курман айт күндөрү такбиир ташриик айтуу да милдеттүү эмес. 24. Багымдат намазды таңдын аппак болуп атуусун күтүп олтурбай эле, алгачкы убактысында окуйт. 25. Жарыя окулган намаздарды жарыя окубайт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам “Менин кандай намаз окуганымды көрсөңөр, мына ошондой намаз окугула!”, деп буйрук берген. Эркектердин да, аялдардын да намазы бирдей, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын намазындай болуусу талап кылынат. Ушундай боюнча кала бермек, эгерде башка хадис жана себептер келип аялдардын намазын эркектердикинен кээ бир нерселер менен ажыратпаганда. Имам Абу Даудтун “Мараасиил” китебинде Пайгамбарыбыз алайхис салам эки аялдын эркектердей болуп намаз окуп жаткандыгын көрүп: “Эгер сажда кылсаңар кээ бир этиңерди (чыканагыңарды) жерге тийгизип, жыйнактап окугула! Аялдар бул нерседе эркектердей эмес!” Ошондой эле бул хадисти Имам Байхакий да риваят кылган. Маусилийлердин хасан (достоверный) хадистеринин катарына кошкон. Ушул жана башка хадистердин негизинде, жана Ислам шариатынын “макаасид”теринин натыйжасында аялдардын намазында айырмачылыктар болот. Калган жерлеринде эркектердин намазы менен дээрлик бирдей эле болот. Азыр кээ бир эже карындаштарыбыз да намазды эркектердей болуп окуганын көрүп, аларга атайын фатва жазып бергендигиме карабай, ошол жоругунан жазышкан жок. Менимче аларга Пайгамбарыбыздын сүннөтү керек эмес, а балким өздөрүнө лекция окуп жүргөн устаздарынын сөзү гана керек окшойт. Же Пайгамбарыбыздын кээ бир сүннөттөрүн карманып, кээ бирлерин таштап коюну жакшы деп билишет окшойт. Албетте кылгандары туура эмес. Өздөрү билбейт, же билгендин тилин албайт, Жөөттөр душмандарын ушинтип каргашат экен. Аллахым ынсаптан айырбасын.
– Жолдошум каза болуп калган. Өзүмөн жаш жигитти жактырамын. Ошол жигит менен нике кыйдырып, жолугушуп турсак болобу? Сиз менен кандай байланышса болот? Нурай
–  Нике кыйдырып жашасам, ага турмушка чыксам деп айт. Ата-энең билсин. Жаш болсо ого бетер жакшы, сен да жашарып кетесиң. Бирок, ойноштой болуп бекинип жашап жүргөн болбойт. “Айни” деги сабактарыма келсең болот. Ар жекшемби болот.
– Базарда соодабыз болбогонунан жолубузду ачтырганы касыйдачы молдого бардык эле чай, туз, суу ушул сыяктуу нерселерди жана 4000 сом алып келгиле деди. Ишенсек болобу? Болбосо, иши жүрүшпөгөндөргө шариятта кандай жолдору бар? 077218…
– Кудайдан калбагыла. Пайда берүүчү да, зыян жеткирүүчү да жалгыз Кудай Таалам. Дуба кылгыла. Адал иштегиле….
– 5 маал намаз окуйм. Бирок, азыр багымдатка тура албай калып жатам. Эмне болот? Күйөөм намаз окубайт, пиво ичет, тамеки тартат, бильярд, карта, сони, футбол ойнойт. Көп урушабыз. Намаз окуп, жоолук салынам. Ошого карабай кызганат. Эмне кылам? Уруша берип тажап кеттим. 077971…
– Азыр тура албасаң качан турасың багымдатка. Түн эң узак болгон мезгил азыр. Сабыр кыл, баары жакшы болоор. Тажаба. Урушуунун да кереги жок…
– Мусулманча ат коюу керек балага дешет. Тариэл деген ат барбы мусулмандарда? Болсо эмнени түшүндүрөт? Тимур
– Билбейт экенмин.
– Баламдын төбөл чачы бар. Беш ай болгондо Сулайман тоого барып алдыр дешет. Кантип алсак болот?
– Сулайман тоосу жок эле, өзүң бисмилланы кыраатын келтирип айтып, алып коё бер.
– Аял киши да садага берсе болобу же күйөөсүнөн уруксат сурап бериши керекпи? Уруксат бербесе сооптон куру калабызбы? 077230…
– Аял киши өзүнөн жеке мүлкү болсо садака бере берет. Күйөөсүнүкүн кантип берет эле?
– Мен жеңем жазып берген гусулду жоготуп койгом. Ошондон бери күйөөм экөөбүз болгондон кийин жөн эле жуунуп алабыз. Бул күнөө эмеспи? Мүмкүнчүлүк болсо гусулду жазып бересизби?
– Гусул алганда дененин баарына суу жеткирип, оозу менен мурду чайкалуусу кажет. Ошону менен гусул болот. Гусул алуудан мурда дааратканага барып келгени макул.
– Ата-энем бар, кары дейин десең жашы 45-55те, тың, ичишет, ичип алып каргайт. Апам жүз миң сомго чейин карыз болду. Аны төлөдүк инилерим болуп. Хикмат менен айтсак түшүнбөйт. Ичип алып каргай берет. Ошол каргыш Аллага өтөбү? Ушул маселе жүрөктү абдан оорутат.
– Жок аныкы, сен айткандай болгон учурда өтпөйт.
– Кыз-жигит болуп жүрчү элек. Азыр ал молдо. Өз-өзүнчө үй-бүлөбүз бар. Аялына мени айтып, мени алып алаарын айтып кыйкырып урат экен. Мага аялы көз жашын төгүп айта берет. Турмушка чыкканы ал бала менен сүйлөшпөгөм.  Эмне кылам?
– Кичине дем салып жиберүү керек экен ал молдого. Доктурлар деле ооруп доктурга жаткандай, молдолорго деле кээде дем салуу керек болот. Көчөдөн кармап алып “Көп дөөрүбөй жүр! Менин эрим бар! Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт болуп мени эриме таяктатканы жүрөсүңбү?” деп айтыңыз. Же жакшысы, апаңызды ортого салып айттырыңыз. Экинчи унчуккус болот.
– Даараты бар туруп маасыны чечсе даараты бузулабы?
– Даарат алып, буту жуулуп, андан соң маасысын кийип, бирок даарат бузулганга чейин эле кайрадан маасысын чечсе, аны менен даараты бузулбайт. А бирок даарат алып, бутун жууп маасы кийсе, кийин даараты бузулуп, даарат алып маасысына масх тартып, андан соң маасысын чечкен болсо, бутунун гана даараты кеткен болот. Бутун жууп алса жетиштүү болот.
– Атамдын экинчи аялы бар. Апам, туугандарым болуп каршыбыз. Ушундан улам уруш көп болуп, апам ажырашам дейт. Буга кандай дейсиз?
– Сенин атаң менен кандай ишиң бар. Кыйратып койгонсуп каршыбыз дейсиң. Сен жөн эле жүрсөң атаңа каршы болбой.  Апаң каршы болуп каякка барат эле. Көп болсо ажырашып, акырында эри да жок калат. Көп аялдар ойлонбой эле жаңжалдаша берип акырында бармагын тиштеп калат. Же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок ара жолдо калат.
– Башка диндеги жигитке турмушка чыксам мусулман болом дейт. Сүннөткө отургузулган эмес да. Кандай дейсиз?
– Мусулман болсо чыга бер. Мусулман болсун биринчи. Сүннөткө жетелеп барып олтургузуп коёсуң. Андан көрө кантип мусулман кылып, эптеп тийип алам  деп ойлон. Эрге тийбей туруп эле, тийгенден кийин керек боло турганды ойлойсуң да, карагым. Биринчи аштык тап, аштык тапсаң баштык табылат.
– Истихара намазын окуйм. Түшүмө кирбей жатат. Белгилери кандай болот? Ал бала менен кудалашып койгон.
– Көңүлүң тартып жаткан болсо эле, истихаараң оң жагына чыгыптыр деп билгин. Эрте күндү кеч кылбай тездет, бай болгур.
– Мен абысыным менен чогуу жашайм. Анын эч гусул алып жуунганын көрбөйм. Анын жасаган тамактарын жесек арам болобу? Куран, сүрөөлөрдү өзүнчө окуганда сөзсүз даарат алыш керекпи? Даарат алганда жыныс мүчөсүн гана жууп койсо болобу же толук алуу керекпи? 055810…
– “Мага көрсөтпөй жуунат экен да” деп жакшы күмөндөнсөң болобу? Же абысындар жөнүндө жаман күмөн кылуу милдеттүүбү абысындардын салтында. Колун жакшылап жууган болсо, жасаган тамагы арам болбойт. Айыз учурунда Куран окуй албайсыз. Ал эми гусулдуу болгон убакта, жаттаган сүрөөлөрдү даараты жок кайталасаңыз жарай берет. Куран китепти карап окуйм десеңиз, милдеттүү даарат алуу керек болот. Даарат алганда чоң заара жана кичине заара чыккан жерлерди, ал жайылган жерлерди гана жууп коюу милдеттүү болот. Шалпылдатып баарын суу кылып жууш милдеттүү эмес.
– Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Энеңдин бир туугандарын энеңдей көр” деп. Менин таэжем биздин үйгө балдарын жашатып койгон. Алар иштебейт, жалкоо. Күйөөм “Сенин туугандарың тажатты” дегенинен таэжеме айтсам, “Сен сараңсың, баламдан наныңды аяп, күйөөңө шылтоолоп жатасың” деп мага таарынып жатат. Таэжемди сыйлап анын 20-22деги баласын багайынбы? Салия
– Пайгамбарыбыз алайхис салам туура айткан. Таэжең келсе, үйүңө энеңди баккандай бакмак элең. Бөлөлөрдү багуу сага милдеттүү эмес. Анын үстүнө сага махрам дагы эмес. Алардын көзүнчө жоолукчан жүрүүң керек болот. Дагы бир нерсе, сен күйөөң жактырбаган адамдарды күйөөң экөөң жашаган үйгө киргизүүгө укугуң жок. Анын үстүнө чоңоюп калган балдар экен.
– Эмне үчүн парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүнөн кийин кошумча зам сүрөө окуп, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн жалгыз өзүн окуйбуз да, сүннөт жана нафил намаздардын  бардык рекеттеринде Фатиха сүрөөсү менен зам сүрөөнү дайыма кошуп окуйбуз?….9187
– Абу Катаада (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: “Пайгамбарыбыз алайхис салам Бешим намазынын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен эки сүрөөнү кошуп окуйт эле да, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн окуйт эле… Дигер намазында да ушинтээр эле…” (Бухари, 776). Мына бул хадис үч жана төрт рекеттүү парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен бирге дагы бир сүрөөнүн окулуп, ал эми акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү жалгыз окула тургандыгын далили.
Ал эми нафил намаздар эки рекеттүү болгондуктан ар бир рекетке Фатиха сүрөөсү менен бирге кошумча сүрөө кошулуп окулат. Мисалы бир мусулман төрт же алты рекеттүү нафил намаз окуй турган болсо, ар бир эки рекети өзүнчө намаз катары эсептелет.
Сүннөт намаздар да негизинен (милдеттүү эмес болгон) нафил намаздар тобуна кошулгандыктан ар бир рекет.

“Тамчы”

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (39) appeared first on FORMULA.KG.


October 18, 2015 at 12:09AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Азыркы астрономия илими боюнча Күн түрдүү нур жана энер­гия бөлүп чыгаруучу чоң жылдыз. Күн бул өзгөчөлүгүн өз ичинде пайда болгон күйүп-жануунун на­тыйжасынан алат. Ай болсо Жер шары сыяктуу Күн системасына кирет. Ал Күндөн алган нурду ча­гылыштырып турат. Ал өз алдын­ча нур болуп эсептелбеген жана сырткы бети гана Күндүн нуруна чагылышып жанып-өчкөн плане­та. Ал эми биз сөз кылып жаткан Куранда Күн менен Айдын ор­тосундагы бул айырмачылыктар мүмкүн болушунча ошол доордо­гу адамдардын деңгээлине жара­ша жөнөкөй жана жеңил түрдөгү сүрөттөөлөр менен ажыратылып көрсөтүлгөн.

Маселен, ошол аяттардын айрымдарында:

«Асманда бурч­тарды, алардын ичинде чырак­ты (Күндү) жана нурду чагылыш­тырып туруучу Айды жараткан Алла – улуктун Улугу!» (Фуркан сүрөөсү, 25/61),

«Алла жети ка­бат асманды кантип кабат-ка­бат кылып жаратканын көрбөй жатасыңарбы? Ал жети кабат асмандын ичинен Айды нур ча­чуучу, Күндү жарык берүүчү чы­рак кылып койду» (Нух сүрөөсү, 71/15-16), «Силердин үстүңөр­гө жети кабат бекем асманды куруп койдук. Анда жаркырап алоолонуп күйүп жанган жарык берчү чырак (Күндү) жараттык» (Набаа сүрөөсү, 78/12-13) деп ай­тылган.

Соңку аяттагы «жаркырап алоолонуп күйүп жанган чырак» деген мүнөздөмө сөзсүз түрдө Күнгө таандык. Жогорудагы аят­тарда Ай нур чагылтуучу катары сыпатталат. Ал эми Күн нур жана энергия бөлүп чыгаруучу жана жанып турган чырак, лампа ка­тары мүнөздөлгөн. Аяттарда ай­тылып өткөн мүнөздөмөлөрдө «зия» менен «нур»дун ортосунда курамдык жактан айырма бол­гондой эле, нур булагы болуу жа­гынан да, Күн менен Айдын орто­сунда айырмачылык бар.

Анткени Алла Таала бул жаг­дайды Курандын башка бир ая­тында төмөнкүчө кабарлайт:

«Биз түн менен күндүздү ку­дуретибиздин далили катары эки белги кылдык. Эгеңердин кеңчилигинен насип издөөңөр, жылдардын санын, мезгилдин эсеп-кысабын билүүңөр үчүн түндүн (нур чачкан) белгисин жок кылып, күндүздүн белги­си болгон жарыкты ортого кой­дук». (Исра сүрөөсү, 17/12).

Улуу ислам окумуштуусу М. Хамди Йа­зыр бул аятты мындайча чечме­лейт: «Демек, Ай алгач Күн сыяк­туу нур бөлүп чыгарган. Ай дагы өз алдынча бир Күн болгондук­тан, Күн сыяктуу жогорку даража­дагы энергияга ээ болчу. Кийин Алла Таала ал Күндү жок кылды. Мындайча айтканда, аны өчүр­дү жана биз билген азыркы түн белгиси Ай пайда болду. Айдын жүзүндөгү кара тактар, чагылды­рып турган нурларынын чоңойуп кичирейиши жана акырында жок болуп, кайрадан жаңы ай сыяктуу пайда болушу – бул анын жара­тылгандан кийин кайрадан жок кылынгандыгынын бир далили. Ай нурун өзүнөн эмес, Күндөн алгандыгы көп жылдардан бери эле астрономия илимпоздору­на маалым болсо да, анын алгач Күн сыяктуу нур бөлүп чыгаруучу жана кийинчерээк жок кылынып өчүрүлгөндүгү билинген эмес. Куран кабарлаган бул акыйкатты заманыбыздын илим адамдары кабылдап, учурда дал ушул пи­кирдин тегерегинде ой-жүгүртүп изилдеп келишет» (М. Хамди Йазыр, Хак дини Куран дили, V, 3170, Стамбул-1960).

http://muslim.kg

The post Күн менен Айдын керемети appeared first on FORMULA.KG.


September 22, 2015 at 08:33AM
Технологии Blogger.