Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком арафат. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Саудия университетинин астрономия мугалими доктор Абдулла Маснад 2039-жылы мусулмандар Арафатта 2 жолу болорун жана 3 жолу Айт майрамын майрамдарын интернет барактарында айтып чыккан. Окумуштуунун айтымында 2039-жылы январь айынын башталышында бир ажы амалы аткарылса, ушул эле жылдын декабрь айынын аяк ченинде экинчи жолу ажы амалы аткарылат, тагыраак айтканда, 6-январь Арафатта туруу күнү болсо, ушул жылдын 26-декабрында дагы Арафатта турушат. Ал эми эки айттын ортосунда б.а. 19-октябрында Орозо айт майрамы белгиленет. Натыйжада, бир жылда үч жолу Айт майрамы белгиленип, эки жолу Ажы амалы аткарылат. Мындай эсебин доктор төмөнкүчө түшүндүрөт: Хижри жыл санагы (Ай менен эсептелет) Милади жыл санагынан (Күн менен эсептелет) кыска болот. Ай эсеби менен эсептелген хижри жылы, Күн эсеби менен эсептелген Милады жыл санагынан кээде 10, кээде 11, кээде 12 күн кыска болот. (Ошондуктан, Милади жылы боюнча Хижри жылы бир жылда он күн алдыга жылып турат. Рамазан айынын жыл сайын он күндөн алдыга жылып турганы ушундан улам болот). Тактап айтканда ар бир үч жылда, бир ай алдыга жылат. Мына ушундай Милади жылынын Хижри жылынан узун болгону себептүү, бир Милади жылына эки Ажы амалы туш келип калуусу мүмкүн б.а. Хижри жылы жаңырат да, Милади жылы жаңырганча экинчи ажылык убак кирип калат.
Мына ушул сыяктуу эле пикирин Алжирлик астроном жана физик Лут Банатиру да билдирген. Бул пикирлердин туура чыгуу-чыкпасы азырынча маалым эмес. Анткени, Хижри жылы айдын жаңырышы менен гана белгилүү болот. Ал эми айдын канча күндө жаңырышы белгисиз. Эмнеси болсо да, ошол күндөргө жетүүнү Алла насип кылса, мүмкүн бир жылда 3 жолу Айт майрамын майрамдап, 2 жолу ажыга жөнөп каларбыз. Алла баарыбызга ажы амалын аткарууну насип кылсын

The post 2039-жылы 2 жолу ажылык амалын аткарып, 3 жолу айт майрамын белгилейбиз appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 19, 2015 at 04:36PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Баткен облусунан ажылык амалдарын аткарып келүү үчүн кетишкен зыяратчылар Минадан Арафат өрөөнүнө келип жайгашып, ажылык амалдарын башташты. Бул туурасында Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев жеринен кабарлады.
Арафат Харам мечитинен 17,7 км. чакырым алыстыкта жайгашкан. Учурда Кыргызстандык ажылардын ден- соолуктары, жана маанайлары жакшы-деди жеринде Абибила Кадырбердиев.

http://muftiyat.kg/

The post Кыргызстандык зыяратчылардын Арафат өрөөнүндөгү ажылык амалдары башталды appeared first on FORMULA.KG.


September 23, 2015 at 11:55AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

2015-ж. 13-сентябрь кечинде, күн баткандан кийин Сауд Аравия мамлекетинин расмий ай кароо органдары тарабынан ай каралды. Ай мамлекеттин бир нече райондорунан каралды. Бирок ай көрүнгөн ЖОК. Демек, 14-сентябрь Зуль-Каада айынын уландысы, б.а. анын 30-числосу болду. Ал эми Зуль-Хижжа айынын биринчи күнү деп 15-сентябрь, шейшемби табылды.

Ошентип:

15-сентябрь: Зуль-Хижжа айынын башталышы.

23-сентябрь: Арафат күнү.

24-сентябрь: Курман Айт күнү.

islamjolu.kg

The post Курман айт Кыргызстанда 24-сентябрь күнү белгиленет appeared first on FORMULA.KG.


September 14, 2015 at 12:23PM
Технологии Blogger.