Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком кеңеш. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кулагыңа күмүш сырга
Имам Газали:
"Өзүңдү-өзүң тааны"
Өзүңдү-өзүң таануу - АллаТааланы таанууга ачкыч болуп берет. Курани Каримде айтылгандай, "Ким өзүн тааныса,
Алла Тааланы да тааныйт".

Өзүңдү-өзүң таануу төмөндөгүлөрдөн турат:
Сен кайдан келдиң, каяка кетесиң? Бул дүйнөнүн кыска убакытында кандай максат менен жашайсың? Чыныгы бакыт жана бактысыздык деген эмне?
Сендеги кээ бир сапаттар - айбандыкы, кээ бирөөлөрү - шайтандыкы, айрымдары - периштеники. Сен бул сапаттардын кайсынысы негизги, ал эми кайсылары кокусунан берилип калган сапат экендигин өзүң үчүн аныктап
алууга тийишсиң. Муну түшүнмөйүн чыныгы бакыт эмне экендигин аңдай албайсың. Айбандын иши - бул тамак жеш, курсагын тойгузуу, уйку жана тамак үчүн күрөш. Эгер сен айбан болсоң - анда ушул иштер менен алек бол. Шайтандын иши - бирөөгө зыян келтирип, арамзалык кылуу, бирөөлөрдү алдоо. Эгер сен шайтан болсоң, анда, ушул иш менен алек бол. Периштелер Алла Тааланын жамалына суктанып, айбандык сапаттардан алыс болушат. Эгер сенин табиятың периштеники болсо, анда, өзүңдүн башатыңа умтул. Алла Тааланы таанып, дидарын көргүң келсе кумар менен ачуунун кулу болбо. Сен ошондой эле эмне үчүн жогорудагы эки айбандык инстинкт менен кошо жаратылганыңды түшүнүүгө тийишсиң. Алар сени баш ийдирип, башкарсын, үчүнбү же сен аларды багындырып, бирин жоого каршы мине турган атка, экинчисин курал-жаракка айландырышың үчүнбү?
Өзүн тааныбай туруп, башкаларды тааныйм дегендер үйүндө бир тоголок таруусу жок бирок бүт дүйнөнүн кедейлерин нан берип тойгузам деген томоякка окшойт.
Адамдын денеси -бул мамлекет болсо, рухту падышага, акыл -эсти вазирге же премьер-министрге, эңсөө-кумарды салык жыйноочуга, ачууну милиция кызматкерине салыштырууга болот. Салык жыйноочу кейпиндеги эңсөө-кумар дайыма бирдекени уурдасам деп турат. Ачуу болсо качан болбосун өкүм-зордук менен коштолот. Ошон үчүн салык жыйноочу менен полиция кызматкерин падыша дайыма көзөмөлдөп, башкарып турушу керек. Эңсөө-кумар менен ачуу акылдан үстөм келди дегиче рух өлдү дей бергиле.
Адеп-ахлак тартибинин максаты-жүрөктү эңсөө-кумар менен ачуунун чаңынан тазалап, Алланын нуру чагылып турчу тунук күзгүгө айлантуу.
Ат да, эшек да чыдамкай жаныбар. Бирок аттын эшектен артыкчылыгы-ал согуш майданында колдонууга ыңгайлаштырылган. Эгер ал бул милдетти өтөй албаса, жөн гана бир жүк ташуучу жаныбарга айланып калат. Адам да ошондой, анын акылы Алла Тааланы таануу үчүн жаратылган, эгер акыл эңсөө-кумар менен ачууну жеңе алса периштелер менен теңдеше турган касиетке ээ болот.
Адам дене кумарынан канчалык тазаланып, Акылын Алла Тааланы таанууга топтосо, ошончолук баамчыл, сезгич болот.

Мындай кишилер башкалардан үч сапаты менен айырмаланат:
1.Башкалар түшүндө көргөндү ал өңүндө көрөт.
2.Эгер башкалар өзүнүн денесин гана башкарса, булар эркинин күчтүүлүгүнөн башкалардын денесин да башкара алышат.
3.Башкалар тажрыйбасы аркылуу жыйнаган билимди, булар туюу сезими аркылуу жыйнашат.
Эңсөө-кумар каалоосу орундалганда, ачуу өч алгандан, көз кооз нерселерди көргөндөн, кулак жагымду үндү уккандан ырахат алат. Адам рухунун эң башкы, эң бийик милдети-бул Акыйкатты таануу, рух ушундан ырахат алат.

Бул дүйнө тиги дүйнөгө бараткан адамдар кыска убакыт токтоп өтө турган аялдама же базар аянтчасы. Бул дүйнөдө экенинде адамга эки нерсе керек:
Биринчиси-коргоо жана жан азыгы,
Экинчиси-камкордук жана дене азыгы
Жан азыгы-бул Алла Тааланы таануу жана Аны сүйүү, Алла Тааладан башканы сүйүү жана бөлөк нерселер менен алек болуу рухту өлүмгө дуушар кылат. Дене рух минип жүрчү ат сыяктуу, ал бир күн өлөт, ал эми жан болсо өлбөйт. Меккеге ажылыкка бараткан киши өз төөсүнө кам көргөн сыяктуу, рух да денеге кам көрүшү керек. Бирок адам убактысынын баарын төөсүнө жем-чөп берип, сугаруу менен өткөрчү болсо, анда кербен узап кетет да, жолоочу эрме чөлдө жалгыз калып, ит-кушка жем болот.
Дененин керектөөсү анчалык деле көп эмес: тамак, кийим, турак-жай. Бирок напси ага канааттанбай, дагы-дагы деп улам бир нерсени талап кыла берет. Ошондуктан, напсини Кудайдын мыйзамдары, Пайгамбарыбыздын айткандары менен чектеп, тизгиндеп туруу керек.
Өз учурунда дарыланбаган оору денени өлүмгө дуушар кылган сыяктуу, рухтун оорусун да өз учурунда дарылабаса тиги дүйнөдө азап-тозокко душар кылат.Куранда айтылгандай, "Аллага оорубаган соо жүрөк менен келгендер гана азаптан кутула алышат".
"Ким бул дүйнөдө сокур болсо, акыретте да сокур жана жолдон адашкан болот"(17:72)
Бул дүйнө алтын, күмүш табактар коюлуп, ичине даамдуу, чүйгүн тамактар салынган дасторконго окшош. Акылдуу, жакшы конок ошол тамактан курсагына жараша жеп, анан үй ээсине ыраазычылык билдирет да туруп кетет. Акылсыз конок болсо курсагы тойгон соң жанагы алтын, күмүш идиштерди да сумкама сала кетем деп шерменде болот.
Чындыгында адам бул дүйнөдө алсыз жана бечел. Ал эгер айбандык деңгээлден периштелик деңгээлге көтөрүлө алса тиги дүйнөдө гана кандайдыр бир баалуулукка ээ болот. Ансыз ал өлөр замат топурака айланып калган айбандан эч айырмасы болбойт. Адам башка жаныбарлардан өз артыкчылыгын сезип, ошол эле учурда өзүнүн алсыз экендигин да билиши керек. Өз алсыздыгын сезүү да Алла Тааланы таанууга болгон ачкычтардын бири.

Даярдаган
Мамат Сабыров

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Адистин айтымында, ар кайсы бурчта соода кылгандар мындай турсун, уруксаты бар сатуучуларды текшерүүгө алганда деле санитардык эрежелерди сактабагандар миңдеп саналат.
Көчөлөрдүн ар кайсы кесилиштеринде сатылган жүгөрү, вата, нан, манту сыяктуу азык-түлүктөрдөн гепатит вирусу сыяктуу коркунучтуу ооруларды жуктуруп алууга болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин балдар жана өспүрүмдөр бөлүмүнүн адиси Мария Кушубакова билдирди. 
Анын айтымында, ар кайсы бурчта туруп соода кылган адамдар эч бир жерде катталбагандыктан, продукциянын сапатына жооп беришпейт. 
"Ар кайсы бурчта кимдин эмне сатып жатканы бизге белгисиз. Себеби, мыйзам боюнча биз мамлекеттик ишканалар менен жеке ишкерлерди гана текшерүүгө ала алабыз", — дейт Кушубакова. 
Ал көчө бизнесин тартипке салуу мүмкүн эмес экенин кошумчалайт. Себеби, андай сатуучулар эки саат бир бурчта турса, кийин башка жерге барып соода кыла берет. Мындан улам бирөө жарым ууланып калса, сатуучунун мойнуна күнөө коюу кыйынчылык жаратарын белгилейт. 
Ал эми "БИОМ" экологиялык кыймылынын мүчөсү Анна Кириленко ар кайсы бурчта соода кылган жарандардын дени сак деген медициналык справкасы жок экенин айтат. 
"Мүмкүн сатуучу кургак учук же гепатит менен ооруйт. Аны эч ким билбейт да. Аларга көзөмөл жок болгондуктан кооптуулук абдан жогору. Мындан сырткары, азыктар эч кандай санитардык нормаларды сактабастан сатылып жатканын байкаса болот. Чаңдуу көчө кесилишиндеги азыктар ден соолукка коркунуч жаратат", — дейт Кириленко. 
Анын айтымында, чаң бул ар кандай микробдордун топтому болуп эсептелет. Мисалы, жердеги түкүрүктөр кургаганда чаң менен кошо абага көтөрүлүп, бети жабылбаган азыктарга орноп калат. 
Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев башаламан соодага туура эмес түзүлгөн система дагы түрткү берип жатканын айтат. 
"Мурда биздин уруксатыбызды алмайынча азык-түлүк сатууга эч кимге уруксат берилчү эмес. Азыр болсо ар бир райондук администрация өзү эле чечип калды. Аларда атайын азык-түлүк боюнча адистер жок. Ошентсе да, ижарасын төлөп койсо эле, уруксат бере беришет. Анан жүктүн бардыгы биздин мойнубузга жүктөлүп калып жатат", — дейт Базарбаев. 
Ал билдиргендей, ар кайсы бурчта соода кылгандар мындай турсун, уруксаты бар сатуучуларды текшерүүгө алганда деле санитардык эрежелерди сактабагандар миңдеп саналат. 
"Бир жылда эле 3-4 миң объектилер жабылып турат. Ошого карабастан, кайрадан эле ачып алып жатышат. Ош базарында 50дөн ашык менчик бөлүктөр бар. Ал жактан мыйзам бузуучуларды аныктоо өтө кыйын. Себеби, "биз ижарада отурабыз, ээси башка" деп коюшат. Анан анын ээсин таппай жүдөйбүз", — дейт Базарбаев. 
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы попкорн менен таттуу вата саткан айымга кайрылып, бир нече суроо узатканда ал жөн гана сатуучу экенин айтты.
"Мэрияданбы, айтор, текшерүүчүлөр келип кубалашат. Бирок, аны менен менин башым деле оорубайт. Мен жөн гана сатуучумун. Бул жердин ээси текшерүүчүлөр менен сүйлөшүп, көйгөйдү өзү чечип коет. Буга чейин башка жакта отурчумун, бүгүн бул жерге көчүп келдик", — дейт атын атагысы келбеген сатуучу.
Ал сатып жаткан таттуу ватасы башкалардыкына салыштырмалуу сапаттуу экенин белгиледи
"Шефим булар германиялык таттуу ваталар деп айтты. Өңү чыкпайт экен. Башкалар кызыл-тазыл ваталарды сатып жатпайбы, алардын өңү чыгып кетет", — дейт сатуучу. 
Биринчи Май райондук акимиатынын экономика жана финансы бөлүмүнүн адиси Эмил Курманалиев ар кайсы бурчта соода кылгандардын арасында жаштардын саны көбөйүп жатканын белгилейт.
"Башаламан, уруксаты жок соода кылгандардын саны өтө эле арбын. Алардын арасында жаштардын саны өсүп жатат. Көпчүлүгү тоок этин сатышат. Аларды кайдан алып келип жатканы белгисиз. Биз текшерүүгө барганда азыктарын жыйнап алып, бурчтарга бекинип калышат. Кетип калсак, кайра эле соодаларын баштайт", — дейт Курманалиев. 
Анын айтымында, базардан кетпей мыйзам бузуучуларды кечке кайтаруу мүмкүн эмес. 
Бул көйгөй боюнча Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жанар Акаев өз пикирин билдирди. 
"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик борбору ар кайсы бурчта туруп азыктарды саткандарды көзөмөлдөөгө ыйгарым укугу жок экенин, анын айынан көйгөй жаралып жатканын билип туруп эмнеге Жогорку Кеңешке кайрылбайт? Өнүккөн өлкөлөрдө Жогорку Кеңеш мыйзам жазбайт. Алар өкмөт сунуштаган мыйзамдарды талкуулап, бекитип берет. Биздегилер болсо унчукпай отура беришет", — дейт Акаев.
Ал жалпы элдин саламаттыгы үчүн башаламан соодага тыюу салуу керек экенин билдирип, бул көйгөйдү парламентте талкуулоо зарылдыгы бар экенин кошумчалады. 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Бактылуу жана бейпил үй-бүлө куруу үчүн эки түгөй тең бири-бирине ачууланбашы жана бакырбашы керек. Кичине эле нерсени өздөрүнө көйгөй кылган жубайлар, бактылуу үй-бүлө кура алышпайт. Бактылуу үй-бүлөнүн сыры адамдан адамга карай өзгөрөт. Бирок дүйнөнүн ар жеринде бүткүл үй-бүлөлүк «бактылуу өмүр сүрүү» деген эрежелер бар. Ар дайым бири-бирине бакырышкан, урушушкан жана бир эле убакта экөө тең бири-бирине ачууланган түгөйлөрдүн үй-бүлөлөрү бактысыз боло тургандыгы баарыбызга аттын кашкасындай белгилүү.

Үй-бүлөдөгү түгөйлөргө кеңештер:
* Эки түгөй эч качан бир убакта экөө тең ачууланбасын.
* Жөн жай эле бири-бириңерге бакырбагыла.
* Түгөйүңө сүйлөгөндө сөзүңдү сүйө тургандай кылып сүйлөгүн.
* Мурда болуп өткөндөрдү эстебей эле коюу дагы жакшыраак.
* Түгөйүңө көп кийлигише бербегин.
* Ар дайым түгөйүңдүн көңүлүн көтөрө турган сөз сүйлө.
* Көйгөйүңөрдү чечпестен ал күндү өткөрбөгүлө.
* Кокусунан ката иш жасап алсаң түгөйүң менен сүйлөш жана андан кечирим сурагын.
* Көйгөйүңөрдөн жалгыз гана түгөйүңдү жооптуу тутпа.
* Ишиңердеги кыйынчылыктарды үйүңөргө айтпагыла.
* Күйөөсү же аялы бир айда бир жолу түгөйүнө белек алсын.

Технологии Blogger.