Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком макала. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Электрондошкон кылым келгенден бери биз жашообузду технологиясыз элестете албай калдык. Анын ичинде зхаманбап гаджеттер, смартфондор жашообузду маанилүү бир бөлүгун ээлеп алды. Смартфонду кучактап уктап, кучактаган боюнча ойгонгон абалга жеттик. Албетте, бул ден соолукка зыян. Смартфон менен кучакташып уктоо канчалык зыян экенин билип алыңыз.

АКШда өткөн сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, смартфонду колдонуучулардын 71%ы уктап жатканда телефондорун төшөктүн жанында алып жатаарын айтышкан.

Ал эми алардын 35%ы ойгонору менен эле смортфонун колдоруна алып, ага келген билдирүүлөр менен таанышууга шашышат.

Ушул адамдардын арасынан өзүңүздү көрө алдыңызбы? Андай болсо биз Сизге эмне үчүн телефонду жаныңызга алып жатуу ден соолукка эң эле зыян адат экенин айтып беребиз. Белгилүү болгондой, компьютер, планшет, смартфон сыяктуу көпчүлүк санарип түзмөктөрдүн экраны спектрдин бир бөлүгү болгон кыска толкундуу көк шоола бөлүп чыгарат. Дал ошол нур биздин көзүбүздү талдырат.

Мындан тышкары, бул нур биздин мээге дагы олуттуу таасир тийгизет экен. Кеч кирип, уктарга убакыт келгенде, көздүн рецепторлору активдүү дүүлүккөндүктөн биздин мээни “алдап”, ага күндүзгүдөй сергектикти туйдуруп турат.

Жыйынтыгында уйкуга тартуучу жана жайлуу ойгонуу үчүн жооп берген мелатониндин бөлүнүп чыгуусу кечеңдейт. Анын негизинде биз кыйынчылык менен уктап, ошондой эле кыйынчылык менен ойгонобуз. Канчалык биз өзүбүздүн жеке күн кестебиз менен жашагыбыз келсе да, биздин мээбиздин суткалык ритми жарыктын цикли менен аныкталат.

Эгер эле Сиз мээни алдагыңыз келсе, анда түнкү сменада иштеген жумушчулардан айырмаңыз жок болот: алар өздөрүнүн күндүзү иштеген “коллегалары” сыяктуу эле 8 саат укташы мүмкүн, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй алар жумуш ордунда аябай эле чарчаңкы жүрүшөт. Психологдор уктар алдында бир эле кыска толкундуу жарыктан эмес, негизи эле смартфондун өзүнөн алыс болуу керек деп эсептешет.

Азыр бүткүл дүйнө бир телефонго кичирейтилип киргизилген. Эгерде уктар алдында Сиздин мээңиз эс алуу фазасына өтүп калат. Бирок, сиз ага карабай зордоп эле социалдык тармактарга саякат жасай турган болсоңуз, мээде маалыматтарды кайра жүктөө жүрөт. Андан кийин мурдагы, чарчаңкы калыбына келүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Башкача айтканда, Instagramдан кайсы бир пляждын сүрөтүн көрүү менен биз эс алып жатабыз деп ойлойбуз. Ал эми биздин мээ үчүн бул таптакыр эс алууга жатпайт.

Бул мисалдар смартфон жана башка гаджеттерди уктоочу жайдан алыс кармоого ынандыра албадыбы? Төмөндө телефондун уктар алдында пайдалануунун зыяны тууралуу бир нече жүйөлүү мисалдырды келтиребиз.

Сиз уктар алдында телефонуңузду чукулап отуруп, мээңизди “акыр-чикирге” толтуруп аласыз.

Уктарга бир нече мүнөт калганда биздин акыл-эсибиз активдешип, дал ошондо кабыл аланган маалымат жакшы өздөщтүрүлөрү далилденген.
Дал ушул нерседен пайдалануу керек. Керектүү маалыматты эске сактап калуу үчүн, уктар алдында Facebook баракчаңыздагы “акылмандардын цитаталарын” эмес, жаныңызга искусство же француз тили боюнча китеп алып окуңуз.

Смартфон аркылуу интернетке кирген кезде көбүрөөк нурдануу жүрөт. Албетте, ал зыян.

Смартфон рак ооруларын пайда кылат деген аныкталган далилдер азырынча жок. Бирок, телефондор иондошпогон электромогниттик нурланууну бөлүп чыгарат. Эгер телефон жакын жерде болсо, ошол бөлүнүп чыккан нурларды дененин ткандары өзүнө сиңирип алат.
Азыркы кезде илимий чөйрөдө ушул радиациялык нурлардын берилүүсү “онкологиялык болушу мүмкүн” деп табылып, изилденип жатат. Бул нурданууну минималдаштыруу үчүн телефонду, же жок дегенде андагы Wi-Fiды өчүрүп коюу керек.

Смартфонду каптал жакта көтөрүп жүрүү нервденүүгө алып келет.

Эгер телефон сумкаңызда жүрсө, үнү жана вибрациясы өчүрүлбөгөн болсо деле, ага келген билдирүүлөрдү сөзсүз уга турган болсоңуз деле, аны улам-улам карай бересиз, бул адатка айланат.
Ушул эле нерсе уктап жатканда, жаныңызда телефон болсо, уйку арасында телефон текшерүүгө алып келет. Бул Сиздин ар дайым бир нерсеге даяр экениңизди, ошол нерсени күтүп жашап калган сезимге алып келет.
Мындай сезимди травма алгандан кийин стресс абалында жүргөндөрдөн кезиктирүүгө болот: адам өзүн ийненин учунда жүргөндөй сезет, бирок эмнеге андай болуп жатканын түшүндүрүп бере алышпайт.
Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн, врачтар уктар алдында 30 мүнөт гаджет колдонбоону сунушташат. Эгер, Сиздин күн сайын эле уйкуңуз канбай жүргөн болсо, анын себеби телефон менен түнкү “кучакташууларда” катылган.

Смартфондор уйкуну уурдашат.

Эстеп көрсөңүз, телефондун үнүн өчүргөндү унутуп калып, түн ичинде келген билдирүүлөрдөн жана телефондун жаңылануусунан канча жолу ойгондуңуз эле?

Сиз өзүңүздүн мээңизге керексиз маалыттарды толтургандан тышкары, “беш мүнөт өз баракчамда отуруп, анан уктасам эч нерсе болбойт” деген шылтоо менен интернетте жок дегенде жарым саат отурасыз. Муну менен Сиз өзүңүздүн организмиңиздин уйку үчүн деп бөлүнгөн убактысын уурдайсыз..

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдышүкүр ажы Нарматов: «АРАКТЫН КЕСЕПЕТИ ҮЧҮН АЛЛА ТААЛА 10 ТҮРДҮҮ АДАМГА КАРГЫШ АЙТКАН»


Адам баласы өзүнүн акыл-эси менен башка жандуулардан айырмаланып турат

Биздин улуу жазуучубуз Ч. Айтматов: «Адам баласына эң кыйыны – күн сайын адам болуу» -деп айткан. Бизди Алла Таала адам кылып жараткан.

Адам баласынын эки дүйнөдө тең бактылуу жашоосу үчүн Алла Таала көптөгөн пайгамбарлары аркылуу Өзүнүн динин, шариятын жиберген. Ошол пайгамбарлардын эң акыркысы, эң улугу биздин сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам). Пайгамбарыбызга (сав) Ыйык Куран китеби түшүрүлгөн. Анда мурда жашап өткөн элдердин, коомдордун баяны, адам баласы канткенде эки дүйнөнүн бактылуу болоорунун, туура жүрүүнүн, изги-сооптуу иштердин жол-жобосу көрсөтүлгөн, баяндалган. Демек, кимде-ким бул дүйнөдө да, акырет жашоосунда да бактылуу жашоону кааласа, анда Ыйык Куранды окусун жана андан сабак-ибарат алсын. Куран бул дүйнөдөн өтүп кеткен маркумдарга гана окулуп койчу китеп эмес. Куран – бизге туура багытты, бактылуу жашоону, эң негизгиси Алла Тааланын ыраазычылыгына ээ болуунун жолдорун, таат-ибадат кылуунун зарыл экендигин көрсөткөн ыйык китеп.

Деги адам баласы эмнеси менен же болбосо кандай өзгөчөлүгү менен адам?! Адам акыл-эси менен башка жандуулардан айырмаланып турат. Алла Таала бул дүйнөгө эчендеген макулуктарды жараткан. Ошол жан-жаныбарлардын баарынын кумардык каалоосу бар. Адамзаттан башкасынын эч биринин акылы жок. Демек, адамды адам кылган эң башкы өзгөчөлүк – бул акыл-эс. Андыктан, адам өзүнүн кумардык каалоосун акылы менен калчап туруп, алган бүтүмүнө, чыгарган жыйынтыгына жараша гана кандайдыр бир ишти жасайт. Мына ошондуктан кандайдыр бир акылсыздык же тентектик кылган адамды элибиз «айбан» деп айтып коюшат го. Анысы «акылы жок» же «акылын колдонбогон» деген маанини туюндурат. Эгерде адам баласы өзүнүн кумардык каалоосун тизгиндеп, аны акылына салып калчап, акылдын жолу менен жүрө турган болсо, анда ал керек болсо периштелик даражага жетет. Болбосо, Алла Таала эң чоң нимат-жакшылык катары ыроологон акылын иштетпесе, өзүнүн кумардык каалоосунун айтканына моюн сунуп, ошондой абалда жашаса, адал-арам менен ак-караны ылгабаса, анда ал айбандык даражадан да төмөн түшүп кетет.

Мына ошондуктан мен өмүрүмдө атың өчкүр аракты бир да жолу ичкен эмесмин. Аракты гана эмес, анын эжесинин, сиңдисинин, тайкесинин, байкесинин да бир тамчысын көргөн да, даамын таткан да эмесмин. Жараткан Алла Тааладан суранаарым: Менин келечек урпактарым дагы мунун бир да тамчысын көрбөй өтүп кетсин деймин. Ошондой үй-бүлөдө тарбия көргөндүгүм үчүн сыймыктанып, Кудай Таалага шүгүр айтам.

Арам нерсенин эч кандай шыпаалыгы жок

Айрым бир учурларда арак ичкендерди көчөдөн же сыналгыдан көрүп калам. Ошол учурда Пайгамбарыбыздын (сав) куттуу хадиси дароо эсиме кылт эте түшөт. Себеби, сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав) өзүнүн куттуу хадистеринин биринде минтип айткан: «Аракты ичкен адам ошол ичкен кезинде момун болбойт, ыйманы жок болот…»   Анан дагы, ачуу сууну ичип жаткандар: «Жакшылык болсун!» «Ийгилик коштосун»… – деп өздөрүнчө бири-бирине «тилек» айтып калышат. Мен мына ошондой адамдарга минтип айтаар элем: «Адалдан тапкан акчамды арамга иштетүү үчүн, Алла Таала нимат-жакшылык катары сыйлап-ыроологон акылымды жоготуу үчүн, адамдык сыпаттан айрылып, айбандык (маймылдык) даражага түшүү үчүн, Кудайым аманат катары тартуулаган перзенттериме жаман үлгү болуу үчүн, үйүмдө чоң көйгөй жаратуу үчүн, көчөдө айбандан беш бетер жатып калып, эли-журттун баарына шерменде жана күлкү болуу үчүн!» – деп, көтөрүп ичсе кичинее болсо да жарашып калмак. Эми булардын баарына турмушта күбө болуп жатпайбызбы…

Өз учурунда бирөөсү келип Пайгамбарыбыздан (сав):

– Оо, Алла Тааланын Элчиси! Аракты дарылык үчүн, шыпаа табуу үчүн колдонсо болобу? – деп сурап калат. Ага Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):

– «Ал – дабаа (дары) эмес, кайра тескерисинче дарт (оору)», – деп, кыска, нуска жооп берген экен. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) куттуу хадистеринин дагы биринде: «Менин үммөтүмө арам болгон (шарият жагынан толугу менен тыюу салынган) нерсе шыпаа бербейт», – деп айткан.

Айрым бир адамдар өзүнүн жасаган ишине шылтоо табыш үчүн: «Эми, жөн гана дарычылык үчүн колдонуп койдук да…» – деп калышат. Андай адамдарга дагы бир жолу баса белгилеп айткым келет: Мындай аты өчкүр арамдын эч бири шыпаалык касиетке ээ эмес, шыпаа бере албайт да. Ыйык Куранда аракка, деги эле алкоголдуу ичимдиктердин, адамды акылынан ажыратып, мас кыла турган нерсенин баарына кескиндүү түрдө катуу тыюу салган, толугу менен арам экендиги тууралуу аят бар. Курани Каримдеги  «Маида» сүрөсүнүн 90-91-аяттарында жалпысынан мындай деген мааниде айтылган:

«Оо, ыйман келтиргендер! Адамды мас кылып, акылына зыян бере турган арак (жана ичимдиктин бардык түрү), кумар ойноо, сыйынуу үчүн орнотулган таш-буркандар, бут-сөлөкөттөр жана да жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын арам болгон ыплас иштеринен. Демек, мына ушулардын ар биринен оолак болгула! Балким, ошондо тозоктон кутулаарсыңар. Чындыгында, шайтан арак (ичимдик), кумар себептүү араңарга душмандык, жек көрүү салууну, ошондой эле Алла Тааланы эстөөдөн жана намаз окуудан тосууну гана каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?! Эми алардан токтолуп, тыйылаарсыңар?!»

 

Арак – эң чоң күнөөлөрдүн энеси

Бул аятта «арак ичпегиле!» – деп эмес, «андан сактангыла!», «алыс болгула!», «жутмакты кой, такыр жолобогула!» – деп айтылып жатат. Ошондой эле арак сыяктуу эле бүбү-бакшылардан, кумар ойногондон, төлгө ачуудан жана ачтыруудан сактануу, оолак болуу, алыс болуу керек экендиги айтылып жатат. Бул «Аракты ичпе!» эмес, «анын жанында дагы олтурба!» деген сөз. Пайгамбарыбыз Мухаммед  (сав): «Эң жамандардын, чоң күнөөлөрдүн энеси – бул арак», – деп айткан. Мына азыркы учурда керек болсо айбан жасабаган ишти жасаган адамдар тууралуу угуп-көрүп жүрөбүз. Ошондой мыкаачылыктардын түпкүрүндө эмне жатат? Албетте, андай мыкаачылыктардын түпкү тегинде атың өчкүр арактын жаткандыгы баарыбызга маалым. Алыска барбай азыркыны эле алалычы. Бүгүн Кыргызтанда арактын кесепетинен канчалаган үй-бүлө ата-энеси бар туруп, ата камкордугу менен эне мээримине зар болгон «жетим балдарга» толду. Куттуу коломтосунан айрылып, тентип кеткен селсаяктар көбөйдү. Аракты ушул убакка дейре эч бир жан жеңген эмес. Эч ким арактын түбүнө жеткен эмес. Кайра тескерисинче, арак канчалаган адамдардын түбүнө жетип олтурат эмеспи… Мына ошондуктан куттуу хадисте: «Арак – эң чоң күнөөлөрдүн энеси», – деп так-кесе, таамай айтылган. Арак жана анын эже-сиңдилери жок болмоюнча эл оңолбойт. Ыйык Куранда, Ислам дининде «Арак – эң чоң күнөөлөрдүн башаты» болуп саналат. Өзүңүз да бир элестетип көрүңүзчү: «Кантип инсан өз ыктыяры менен Алла Таала берген акылын жоготууга барсын?!”. Бүгүнкү күндө медицина жана бардык тармак аныктагандай, канчалаган кырсыктар адамдардын өлүмүнө себепкер болууда. Ошол атың өчкүр аракты ичип алып, автоунаа айдагандар канча кырсыкка душар болушууда. Андыктан, Алла Таала сыйлап, Өзүнүн нимат-жакшылыгы катары берген акылды жоготпоо керек. Өзүбүзгө-өзүбүз душмандык кылуудан алыс болуубуз керек.

Кудайга шүгүр, бизге Алла Таала эң кооз жакшы жерди берген. Бизде 90% адал продукция бар. Ошондуктан кымыз, суу, сүт, айран ичкин. 98% адал нерсе турса, эмне үчүн өз башыбызды өзүбүз арам нерсеге алып барышыбыз керек?!

Инсандын акылына, ой жүгүртүүсүнө оңбогудай даражада доо келтирип, зыян бере тургандыгы үчүн арак арам болуп саналат

Коомду кооптуу жагдайга кириптер кылып, адеп-ахлактык баалуулукту жер менен жексен кылган ичкилик, адам баласынын ден-соолугу менен келечегине да олуттуу даражада зыян берет. Ал адамдын ар кандай оорууларга кабылуусун күчөйтөт, нерв жана тамак сиңирүү органдарына өзүнүн терс таасирин тийгизип, алардын ооруусуна жана бузулуусуна алып келет. Ошону менен бирге, адамды адам кылып турган акылы менен ой жүгүртүүсүнө оңбогудай даражада доо кетирет жана бузат. Мына ошондуктан, улуу Ислам дини бардык жамандыктар менен күнөөлөрдүн башкы себепкери болгон ичимдик менен ичкиликке кескиндүү түрдө катуу тыюу салган.

Ошентсе да, айрым бир адамдар «мен мас болбой эле, кичине сеп этип алдым да», – деп коёт экен. Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав): «Адамды мас кылуучу нерсенин бир тамчысы дагы арам», – деп айткан. Арам болгон нерсе аз же көп экендигине каралбайт. Кыскасы, адамдын акылына зыян бере турган нерсенин бардыгы арам. Арактын кесепети үчүн Алла Таала 10 түрдүү адамга наалат айткан. Мына ошол хадисте: «аракты жасаган, жасаттырган, ташыган, ташыттырган, саткан, саттырткан, сатып алдырткан, куюп берген, ичкен, акчасын жеген же мына ошондон акча жасаган адамдарга Алла Тааланын каргышы болсун!» – деп айтылган. Эми Алла Тааланын каргышына калган адамдын эки дүйнөдө тең бакытка жетпей, шоркелдейликке кабылаары баарыбызга маалым да.

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Эгер сен кол алышып кечирсең,анда ал дүйнө жана акырет шарапатына жетесиң.«Ким кечирсе жана жарашса, анын сообун Аллах берет ». (42:40)..

Шекспирдин:" Душманыңа көп от жага бербе,себеби ага өзүң түшүп калышың мүмкүн "-деп айткан сөзү бар. Салим ибну Абдумалик деген аалымга бирөө: "Сен жаман инсан экесиң "десе. Салим ага: "Менин кандай экенимди сенден башка эч ким билген жок "-деп жооп бериптир.

Бир Америкалык акындын сөзүндө: "Таяк же таш менен сөөгүмдү сындырып жибериши мүмкүн,бирок сөз менен эч нерсе кыла албайт ".

Амир ибну ал -Аксага бир киши: " Сөзсүз сени менен урушканга убакыт табам "-десе. Амр: "Мына эми бир иш менен алек болосуң "-деп жооп берген экен.

Чиркей пальма дарагына: "Бекем бол,мен азыр сени таштап учуп кетем "деп айтып калат,анда пальма дарагы чиркейге: "Аллахка ант, сен мага конгонуңда эч нерсени сезгеним жок, эгер менден учуп кетсең кантип сезмек элем?! "-дейт.

Аллах Таала мындай дейт: «(Алар) пайдасыз (гыйбат,ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат -сыйын сактап өтөт ". (25'72)

.«Наадандар аларга тил тийгизсе да тынчтык (болсун) деп коюшат ».(25:26)

"Конфусий "айткан экен: "Каарду инсандын дайыма уусу толтура болот ".
Пайгамбарыбыз (С.А.В) хадисинде ушундайча айтылат: «Ачууланба,ачууланба,ачууланба ».

Дагы бир хадисинде: "Ачуулануу дозок отунун бир муштуму ".

Шайтан үч нерседе пендени жеңет:  Ачууланганда,напсиси күчөгөндө жана бейкапар болгондо.

Мусулман адамдагы кечиримдүүлүк – анын ыйманынын далили болуп эсептелет. Мусулманда кек сактоо, ичинен жаман көрүү, таарынып жүрүү сыяктуу жаман сыпаттар таптакыр болбоосу керек.  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Таиф шаарынын элине дин тууралуу кабар берип, алардан жардам сурап барган кезде, алар аны таш менен уруп шаарынан кууп чыгат. Ошондо денесинен аккан кан бут кийимине толуп турган  Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жибрийл периште келип: «Эгер уруксат берсең тоо периштеси эки тоону бул элдин үстүнө томкоруп таштасын» - деп айтат. Ошондо  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки колун асманга көтөрүп: «Аллахым, буларды кечир, келечекте булардын урпагынан Өзүңө эч кимди шерик кылбай сыйына турган адамдар чыгат» - деп, дуба кылган.  Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечиримдүүлүгү, боорукерлиги жана адамдарга жасаган жакшы мамилесинин натыйжасында дин бүт ааламга тарады.  Азыр да Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүмүн деген адамдар бул сыпаттарды үйрөнүүсү керек. Адамдын кек сактоосу, кечиримсиз болуусу – анын ыйманынын алсыздыгын билдирет. Өзүн ыймандуумун деп эсептеген ар бир адам, кечирим суроону жана кечиримдүү болууну үйрөнүүсү зарыл.

 

Кечиримдүүлүк тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:

Аллах Таала айткан: «…ачуусун сабырдуулук менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор ( мына ошолор Аллах сүйгөндөр)». (Аалу Имран, 134-аят).

Аллах Таала айткан: «Кечиримдүүлүктү карман, адамдарды тууралыкка буйру, наадандардан алыс бол». (Аьраф, 199-аят).

Аллах Таала айткан: «...Андыктан, аларды кең пейилдүүлүк менен кечир». (Хижр, 85-аят).

Аллах Таала айткан: «Кечиргиле жана элдешкиле. (Силер эмне) өзүңөрдү Аллахтын кечирүүсүн каалабайсыңарбы?» (Нур, 22-аят). 

Аллах Таала айткан: «Бирок, ким сабыр кылса жана кечире билсе, чындыгында, мына ушул улуу иштерден». (Шуура, 43-аят).  

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) карап:

- Оо, Аллахтын элчиси, эгер мен кадыр түнгө туш болуп калсам кантип дуба кылайын? – деп сурады.  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Аллахым, Сен - Кечиримдүүсүң, кечиримдүүлөрдү жакшы көрөсүң, менин да күүнөлөрүмдү кечир - деп дуба кылгын, – деди. (Муслим).

Абу Аюб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Эки мусулманга үч күндөн артык таарынып жүрүү адал эмес, алардын жакшысы - биринчи салам бергени» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Дүйшөмбү  жана  бейшемби  күндөрү амалдар көбөйтүлөт. Аллахка шерик кошпогон адамдардын күнөөсү кечирилет, бирок бир тууганы менен душмандыгы бар адамдардын күнөөсү кечирилбейт. Аллах Таала: «Бул экөөсүн жарашканга чейин жөн койгула деп айтат» - деген. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Бир мусулмандын экинчи мусулманга үч күндөн ашык таарынып жүрүүсү адал эмес. Ким үч күндөн ашык таарынган абалда кайтыш болсо Тозокто азапталат» - деген. (Ибн Маажих)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте,  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Көп адамды жеңе алган адам – күчтүү эмес, өз ачуусун жеңе алган адам – күчтүү» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Кечиримдуу бол сенин абалын чиркей менен пальмадай болсун.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы бактыныздын багыты ! Бизге катталыныздар ".

Технологии Blogger.