Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком ыкластуулук. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Уламалардын көз карашында эң негизги ыймандан кийинки эле бүткүл парздардын улуусу- бул намаз. Жана Кыямат Күнү да амалдардан эң биринчи болуп намаз суралат. Намаз- диндин түркүгү. Намаз момун үчүн- нур. Намаз- бул Аллаhтын чоң рахматы. Адамдын башына кыйынчылык келген кезде да, кубаныч келген кезде да намаз окуу керек. Пайгамбарыбыз (с.а.у) да качан кубанганда, Аллахка шүгүр кылып, намаз окуучу. Ал эми башына кыйынчылык келген кезде да, Аллахка кайрылып намаз окуур эле. Аллах Таала да Ыйык Кураанда бул тууралуу:

Сабырдуулук жана намаз аркылуу жардам сурагыла. Чындыгында намаз корккондордон башкалар үчүн өтө оор”. (Бакара:45)*

  1. 💎Чындыгында намаз чоң дөөлөт. Аллахтын ыраазычылыгынан башка көптөгөн кыйынчылыктан кутулуу үчүн да себеп болот. Ибну Сириин (рахматуллохи ъалайхи) айтат: “Эгер мага бейишке баруу жана эки рекет намаз окуу , бул экөөнүн бирөөсүн тандоо ыктыяры берилгенде, мен эки рекет намазды тандамак элем. Анткени, Бейишке баруу- бул менин ырахат алуум үчүн, ал эми намаз- Аллахтын ыраазычылыгы үчүн!”- деген экен. Карачы тууганым! Азыркы кезде биздин да ниетибиз бир Аллах ыраазычылыгы үчүн болуп жатабы же…?
    Ар бир адамдын ниети ар түрдүү болот. “Ар бир амал- ниетке жараша болот”- дегендей, Аллах Таала кылынган амалдын ихластуулугуна (ниет) жана анын такыбалыгына карап баалайт. Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айтты: “Ар бир иште ихласка жакшылап көңүл бур, анткени, ихлас менен кылынган аз гана амал , өтө чоң иш болуп эсептелет”. (Муъаз (р.а.) риваяты)

Намаздагы ихлас тууралуу Аллах Таала Кураанда:

“Азап (болсун) намаз(ды начар) окуучуларга. Анткени алар намаздарын унутуп коюшкан. (Анан да) алар (намаздарын) эл көрсүнгө жасашат(окушат)” (Мааун:4-5-6).*

✨ Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айтты: “Эки жүздүүлүктүн хушуъсу- сырттан караганда хушуъ болгондой көрүнөт, бирок, жүрөктө хушуъ жок. (Абу Дарда (р.а.) риваяты)_
Катада (р.а.) айтат: “Жүрөктүн хушуъсу- бул Аллахтан коркуу жана көздүү ылдый кылуу”._
Хушуъ- бул намазда кыймылсыз туруу.

🔵Пайгамбарыбыз (с.а.у.) айтты: “Эң жакшы намаз- анын рекеттери узун болсо. *”Аллахка кунут (моюн сунуу) менен тургула”*- деген аятты Мужахид (рахматуллоохи ъалайхи) мындай деп түшүндүрөт: “Рүкүнү туура кылуу, хушуъ, узун-узун рекет, көздү ылдый кылуу, өзүн көрсөтүп текеберленип туруудан сактануу, Аллахтан коркуу- ушулардын баары аяттагы ”кунут (моюн сунуу)”деп өкүм берилген сөздүн маанисине кошулат”.

Оо, тууганым! Эми өзүңө карачы?! Биздин намаз хушуъ менен окулуп жатабы. Намазыбызды эл көрсүн үчүн эмес, Аллаh үчүн, купуя окуп жатабызбы? Ар дайым намазыңды окуурдан алдын ихласыңды оңдогун. Канчалык сен Аллах менен байланышканда берилгендик менен байланышсаң, сен ошондо гана анын даамын сезе аласың. Бул дагы купуя окуунун бир түрү.

Ъата (рахматуллоохи ъалайхи) айтат: “Мен бир жолу базарга барсам бир адам күң аял сатып жаткан экен. Ошол сатуучу күң аялды ~’Бул акылсыз’~ деп айтып жатты. Мен аны 7 динарга сатып алып үйгө алып келдим. Түндүн бир канчасы өткөндөн кийин карасам, баягы аял турду да, даарат алып, намаз окуй баштады. Анын намаз окуп жаткандагы ыйдаганын көрүп, бул өлүп калат го деп ойлодум. Намаздан соң ал мындай деп дуа кылды: “Эй, менин Роббим! Сен мени жакшы көргөндүгүңө ант ичем, Сен мага ырайым кыл!” Мен мындай деп анын сөзүн бөлдүм: “Мен сени жакшы көргөндүгүмө ант ичем”- деп айткын. Менин сөзүмдү угуп, ачуусу келип: “Аллахка ант ичем! Эгерде ал мени жакшы көрбөгөндө, сен таттуу уйкуга батканыңда мен Аллах алдында туруп ибаадат кылбайт элем?!!”- деди да саждага жыгылып, бир нече сап ырларды айтты:_
“Чыдамсыздык аша баштады,
Жүрөк жалындап бара жатат.
Сабыр да кете баштады,
Ашыктыктан болгон көз жаш дарыя болуп агып жатат.
Сүйүү чыдамсыздыгынан тынчтана албаган кишиге,
Кантип тынчтык келмек эле?!
Эй, Аллах! Эгер жакшылык болсо ушуга бер дагы, мага да жакшылык кыл!”.
Эй, Аллах! Бул экөөбүздүн ортобуздагы жашыруун (купуя) нерсе болчу. Азыр бул Сенин пенделериңе билинип калды. Эми менин жанымды алып кет!”- деп дуа кылды да, катуу кыйкырып көз жумду.

Мынакей махабат! Оо, тууганым! Аллахка болгон сүйүү үчүн көзүбүздөн жаш чыгып жатабы? Саждага барганда Аллахтан жалынып, күнөөлөрүбүз үчүн, сүйүү үчүн ыйлап, көз жаш төгө алабызбы? Бул окуялар биз үчүн чоң үлгү! Аалымдар жазышкан, чындыгынада намаз- бул Аллах Таала менен байланышуу, сүйлөшүү. Намаздын көпчүлүк бөлүгү зикир жана Кураан окуу. Оо, тууганым! Намазга ар дайым көңүл бур. Намазды өз жолу менен окууганга аракет кыл. Аллах Таала ар бирибиздин намазыбызды бекем жана кабыл кылсын!

Запись НАМАЗ БЕЙИШ АЧКЫЧЫ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🍃Бир сооп үчүн он сооп жазылып, ал жети жүз соопко же андан да артык соопторго көбөйүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми бир күнөө бирөө эле болуп жазылып, балким Аллах аны да кечип жиберет.

“Сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл”. (31:17)

Бийик даражага жетүү кыялдануу менен болбойт, түш көргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.
Сен мөмөлүү дарак сыяктуу бол! Адамдар сага таш ыргыткан кезде, сен аларга жемишиңден бер. Бул дүйнө 5 күндүк. Сага канчалаган жаман сөздөр, амалдар жасалса да сен аларга жакшылык менен жооп бер. Эгер алар сенин жакшылыгыңды түшүнбөсө, Аллах бар! Аллах Билүүчү! Балким сен алардын ыйманга келишине себепчи болосуң!

📜 Малик бин Динар хазреттеринин яхуди кошунасы бар эле. Бул яхуди душмандык кылып, үйүнүн ажатканасынын чуңкурун Малик хазреттеринин бөлмөсүнүн артына такап жасайт. Бөлмөсүнө ажаткананын суусу өтүп, жагымсыз жыттар чыгып, тынчын алчу. Малик бин Динар хазреттери күн сайын өткөн сууларды кургатып, сүртүп, жаман жытты кетирүү үчүн атыр жыттуу нерселерди сээп койчу. Ал бул нерсеге сабыр кылат эле. Яхиди Малик хазреттеринин тынчсыз абалда жүргөнүн билчү. Бирок, арызданып келбегенине таң калчу. Чыдай албай, кошунасынын үйүнө барат. Жаман жытты сезгенде: “Эй, Малик! Мына бул эмненин жыты?”- деди.

– Бул бөлмөдө жыты чыккан нерселерди тазалап жүрөм”
-Жок, бул ажаткананын жыты, кара, дубалдан тамчылап турат. Эмне үчүн мага айтпай жүрөсүң?
-Эгер айтсам сен таарынмаксың. Биздин динибизде кошунаны (мусулман бир тууганды) таарынтпоо жана андан келген кыйынчылыкка чыдоо, сабыр кылуу деген бар- деп жооп берди. Яхуди бул сөздөрдү уккан соң: “Азыркыга чейин Ислам динине душман элем, азыр болсо Ислам динине таң калдым. Мындай көркөм мүнөздүү мусулман болуу үчүн эмне кылуу керек болсо баарына даярмын. (Яхуди калимаи шахадатты айтып, мусулман болду).

📌 Эми, бул окуядан үлгү алгын тууганым! Биз азыркы учурда ушундай нерсеге сабыр кыла алабызбы? Биз эмне, ушундай каапырлар суктана тургандай сыпатка ээ болсок болбойбу? Балким, сабырдуулугубуз менен башка бир адамдын хидаятка келүүсүнө себепкер болоорбуз.
Качан гана биз кечиримдүү болсок, ошондо ийгиликке жетүүчүлөрдөн болобуз. Анткени сабыр менен кечиримдүүлүк бир тууган сыяктуу! Эгерде сен кол алышып кечирген болсоң, анда сен дүнүйө жана Акырет шарапатына жетесиң. Аллах Таала Кураанда:

“Ким кечирсе жана жарашса, анын сообун Аллах берет”. (42:40).

Кыйынчылыктарга сабыр кылуу, жана адамдарды кечире билүү- жакшы инсандардын мүнөзү. Инсан ар күнү жатаардан алдын баарын кечире билүүсү керек. Күнү бою ким ага жамандык кылып, зыян жеткизген болсо да. Мына ошентип ал Аллахтын Кечирим, Мээримине да оңой жете алат. Жамандыктарды кечире билүү дүйнөдөгү эң жакшы даары болуп саналат, бул да Аллахтын китебинен алынган даары:

“Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун”. (41:34)

“Ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор- (ушулар такыбалар)! Аллах- жакшылык кылуучуларды сүйөт”. (3:134)

Оо, тууганым! Жүрөгүңдү жети жолу кечиримдүүлүк менен жууп, сегизинчисин таза кечиримдүүлүк менен жууп сал. Бирөө сага жамандык кылса, жакшылык менен жооп бер. Бул тууралуу Аллах Таала Кураанда айтып жатат.

Нуриза Кармышакова, атайын “Formula.kg” сайты үчүн. 

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись 🌳Мөмөлүү дарак сыяктуу бол! впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.